Бала чакта улуулардан  бир кыйла  аңыз, уламыш-болмуш угасың. Арийне, ошолордун  баарын агызбай-тамызбай эстеп жүрмөк кайда!? Азыр  баягыларды  кайталап бежиреп  бергенге  катарыбызда  жанагы  жомокчу карыялар жок. Эчен-эчен  даанышман ойлор, өтмүштөгү далай-далай  окуялар  эсил кайран маркумдардын алтын  башы менен түбөлүк кошо жатканына  абыдан кеч өкүнүп,  бармагыбызды кырча тиштеп калат окшобойбузбу.

«Олжобай – ойноо  бала эле, Кишимжан – марсек кыз эле» — деп башталат  чоң энем Сабыркандын салттуу  баяны.   “Эне, «марсеги» эмне?  — дейм.  «Жаш» дегени, Олжобай жээн,  Кишим сулуу муштай-таштайынан чогуу өсүптүр». Чамамда, «марсекти» «эселектин» эскирген  түрү  сыпатында  чечмелесек  туурадай.

Кээде байбиче кечки тамак  үстүндө, дасторкон четинде,  оңдонуп отуруп алып,  «Сегиз жарым дегенде, Сегиз жарым» деген абандуу өлөңүн сыздата созот. Сегиз –  ыраак жактагы, бөтөн, балким, кун  доолашып, кек  кечирбес уруунун  азамат уулу.  Күнү кечээ касам ичишкен, демек, убада бекитип, антташкан  ай чырай  асылын  каш-кабактын капшабында   балекет-мээнет чырмамагын  элес-булас  түшүндө  аяндагандан уламбы, аманат жандан аша кечип,  айрыкча  ашыккан жолоочунун  узакка чапкан күлүгү  болжолдуу марадан оолак  зоругат:

Алыс, алыс,  эң алыс  жол келгенден,
Атым өлүп калбаспы зор келгенден…

Ананбы, селкинин журтуна  илкип-калкып араңдан зорго жөө  барса, анын жаатчыл, сокур намысчыл  урук-тууганы  сүйгөн теңинин  ырыстуу ысымын көөдөн тепкен добушка  кошуп, көкөлөтө жардаган  байкуштун көзүн алеки саатта тазалап, арыдан бери көөмп ташташат экен:

… Көр топурак шилеп алып көрөйүн дейм,
Чачтарыңды кырк көкүл өрөйүн дейм.

Биздин Шоро-Башатта абалкы  “Ак Мактымдын”,  а түгүл   ушу тапта  казак калкына таандык   “Кыз  Жибектин”, ага улай   “Жалайыр жалгыздын” келте-келки  үлгүлөрү, үзүндүлөрү ырдалганын мурда-кийин  жазгамын. Ал эми өткөн чакта өрөөнүбүздө  Курманбек кыраанды   Курманбай атап, өзгөчө бир муңдуу мукамга  салып, узун элдин учуна, кыска элдин кыйрына  жайылткан  апыздар  жашаптыр:

Ашып келдим Анжирдин даваныдан,  эй-эй,
Сары өтүгүм жыртылды таманыдан, эй-эй,
Колго түштүм атымдын жаманыдан, эй-эй.

Курманбайың алганы эжеси экен, эй-эй,
Эжеси өлүп алганы балдызы экен, эй-эй,
Курманбайың атадан жангыз экен,  эй-эй…

Ушундай-ушундай сүрөттөөлөргө  “маа бербеген Телторуңду, кулдарың жайдак минип, көчкөндө уй айдасын, эй-эй” дегенчелик Тейитбекке багышталган каргыш  жалгашат. Итабар икая.

Дагы бир Өзгөн тараптык, тилекке каршы, аты-жөнү мага али белгисиз,  ырчы зайыбы  өлсө, минтип кошот дейт:

Жакшы болсоң, бир эчки,
Соёр элем Гүлжарым.
Эки авара –бир табак,
Коёр  элем Гүлжарым.

Бир табак аш эки кишиге тартылса, “эки авара”, төрт кишиге тартылса, “төрт авара” деш  агымдагы адабий тилибизге аралашпаган  айтымдыр. Некин, берегиңиз   өз ордунда  жамиятка  жакшы  түшүнүктүү.

Өспүрүм   кезимде  Жолон Мамытовго тырмак алды  поэзия сындуу  уйкаштарымды сынатсам,  кашкөй  акын чоң атам Сатыбалдыдан үйрөнгөн эпиграф эсебиндеги  төрттүккө  аялдап,  көңүлүн  бурду да,  мунуңдун  толук варианты төмөндөгүдөй  дегенчелик Барпычасынан,  күтүүсүз “төгүп”  ийди:

Көзүңдөн деймин мен сени,
Көр богур (болгур) дейсиң сен мени.
Мен – көр  богур, сен – таза,
Көр богурда бар маза.

Кашыңдан деймин мен сени,
Кар богур дейсиң дейсиң сен мени.
Мен – кар богур, сен таза,
Кар богурда бар маза.

Не Жээрде атка, не Кашка атка учкашып, Жазы дарыянын кечүүсүн издеп, асыресе,  ылайка  суу катуу кирген  жаз маалында  анын Чыгыш жагындагы көпүрө аркылуу  биртке айланып, Заргер өзөнүн тайыздап кесип, мунаралуу калаага, базарга аттанганыбызда же базардан артка тартканыбызда  чоң атам сапарыбызды  кыскартмакабы, таң, угулар-угулмаксан кыңылдап бастырат:

Бүргөн, бүргөн, бүргөндүр,
Бүргөндө түлкүң үргөндүр.
Сен-сен деген жигиттер,
Кан жөткүрүп жүргөндүр.
Жеке парың жалгандыр,
Жардан көңүл калгандыр…

— Муну Назар атаң, Сатыбалды  чоң атаңдын кичик бир тууганы,  куп келтирет болчу, — дейт авам Пазыл, —  жайгерчиликте кайсы бир өзүбүзгө тикелей  тийиштүү  ырыбыз  аткарылса. – Толгон ай, топ жылдыздуу түндө, кырманда, шалы (күрүчтүн эгини)  кайтармакка түнөчү кезметтерибизде ар кыл казалыңды какшатат эле  го, ыракматы?!  Соңунда согушта жайрады, шордуум, үйлөнгөнгө үлгүрбөдү.

Кошунабыз,  Садык авам, почточу,  кыркынчы жылдардагы дүйнөлүк экинчи уруштан аман-эсен кайткан момун, мойлоочон (мурутчан), мойсопут  киши анда-мында  комузунун кулагын каадалуу  бурап, кыңгырата  күүлөп, тамынын айбанында – түркүктүү ачык середе  “Паризатты” элпек  чертет. Арада топ куугандан, беш таш ыргытып-тоскондон   саамага алаксып,  оозу жабылбай аңырайган мадырабаштарга  ширин  шиңгил  ыроологонду  да унутпайт:

Паризат ов, Паризат эй,
Сага ашык болгондо,
Кош талдан чымчык сайраган эй,
Өрүктөр гүлүн байлаган эй…

Ооба, топудай кыштактагы фольклорду ыктыярдуу  топтоп, азыноолак “адабиятташтырып”, окурмандарга тартуулоого белсенген кезеңдерим  дагы бар.  Кайсы бир жылдары “Кырчын”  (мурдагы “Жаш ленинчи”) журналына “Биздин айылдын жомоктору” аттуу орток теманын астында бирин-экин жыйган-тергенимди   жарыялагамын. Алар булар:

* * *

Илгери-илгери эки тарабы тоо, ортосунда суу күрпүлдөгөн чоң  өрөөндө адамдар беш жүз жылдап өмүр сүрүшчү. Өтө  карыганда киши кичирейип, коңуздай, көгөндөй болуп, чөп-чардын арасынан көрүнбөй дыңылдап калат дешет.

 Бир сапар Жараткан Эгем асмандан өзү түшүп келиптир дейт береги өрөөнгө. Тияк-биякты чалып баратса тырмактай абышка «кулун чагыңда жайрадың, кулун чагыңда жайрадың» деп ботодой боздоп турат. Жараткан Эгем кайрылып собол узатыптыр:

— Арманың  не, кулпендем? Кулун чагында жайраган кимибиз? 

Анда абышка өксүй-өксүй муңканат:

— Балам. Кагылайын, балам ай…

Жараткан Эгемин жаны ачып, балким, наристесин кайра тирилтип берүүгө жардамым тиер дегенчелик минтип сурайт:

— Кулпендем, чүрпөң канчасында чарчады, ушуну айтчы?

— Быйыл араң жүзгө толуп, жүз бирге караган. Алдагы чөптү  түбү  менен жулуп алып, кулун кылып, кунан кылып, аралай чаап чуркаар эле.

— Өзүң  да кыйла өмүр сүргөндүрсүң, кулпендем?

— Эсебимде туура беш жүздүн тамагын жеп жатам.  Бирок  адамдын жашоосу улагадан төргө өткөндөй тез тура.

Абышка ошентип айтып токтобой, өчөшкөнсүп өңгүрөй бериптир.

— Ко-ош, — Жараткан Эгем башын тырмап, чекесин бырыштырат, — пенделерим убакытка тойбой, бөлүнгөн мөөнөттү азсынып, ынсаптан куржалак турбайбы. Мындайда өмүр кор болот, анын баркына эч ким түзүктөп жетпейт. Үй курбай, чөптүн түбүнө баш калкалагандарын карабайсыңарбы?!

Тигинтип оозун жыйып, Жараткан Эгем Азрейилин чакырат, жүз жаштан ашкан киши баласынын жанын түгөл тартууга буйрук берет. Ошол күндөн ушул күн адамзаттын өмүрүнүн жеткен чеги жүз жыл менен өлчөнөт. Ал эми тигил өрөөн «Кулунчак» делинип, дүйүм калктын кулагына сиңип кеткен. Баягы бала ойногон, баласынан ажыраган аксакал түбүнө конуп-түнөгөн  чөп да ушундайча аталат.

Балким, жарык дүйнөдө армансыз жашаган жанагы маке чал баласын жоктоп эмес,  жарым кылым ары жактан өзүнүн сүттөй ууз курагын сагынып, кайран балалыкты  кол менен жасоого болбой турганына алейне ынанып, арийне, жазмыштын салганына биротоло моюн суна албай, «Кулунчагын» кайталап,  сыздай берген белемдир.

Өрөөндүн аты учурунда анда жашаган адамдардын муун-жүүнүн титиреткен карыянын ыйынан келип чыгышы ыктымал. Башта ыры да болгондур. Кийин унутулуп калгандыр. Себеби, ый менен ыр эриш-аркак эмеспи.

                                               * * *

Илгери-илгери байдын уулу менен өнөрлүү кедей жигит кезектешип аш жешмек болуптур.  Мелдештин шарты боюнча  бир күнү бирөө, экинчи күнү экинчиси палоо демдетип, бирин бири сыйламагы шарт эле.   Ошентип,  экөөнүн кимисинин байлыгы мурда түгөнсө, башкача айтканда, палоо бастырганга мүмкүнчүлүгү келбей калса, ошонусу жеңилмек да, жардаган күбөлөрдүн кашында ышпалдасы чыгып, өлөр-өлгүчө тили кыскармак.

Дөгүрсүгөн бай баласы томоякты утуп алаарынан шек кылмак беле. Атасынын казынасынан күрүч, мурч, эт, май ташытып, өз кезегин бейкапар өтөй берди.  Өнөрлүү  кедей жигит да өнөгүн бош кетирбей, убагында палоосун дайындаганынан жазбайт.

Арадан далай мезгил өтөт экен.  Байдын казынасы кемигенден кемий, бөксөргөндөн бөксөрө бериптир. Кедейдин дегеле итке минээр түрү  жок дейт. Тескерисинче, күндөрдүн бир күнүндө, убакты-сааты жеткенде байдын баласы атасынын ошончолук мал-мүлкүн чачып бүтүп, бир казан палоо жасатканга карайлап эчтемеси жок отуруп калыптыр.

Ошондо көргөн эл сурайт имиш өнөрлүү жигиттен:

— Мынча байлыкты кайдан, кантип жыйгансың?

Анда өнөрлүү жигит айткан тура:

— Менин бар байлыгым – өнөрүм. Байдын эрке талтаң уулундай даярга тап койбой, бекер оокатты качырбай, өнөрүмдү аркалап, палоого керектүү азыкты күнүнкүсүн күнүн бешене  терим менен иштеп таап турдум.

«Өнөрлүү өлбөйт» деген накыл сөздүн теги ошол окуядан улам.

Эми минтип  аваларым, оболу  баба-бубаларым мурастаган  “Эр Шамамат” эртегин –жомогун  ак  барактын  бетине көчүрүүгө   ниеттендим.  Ий-е,  мунубуз мага үзүл-кесил  жеткендей шекилдүү. Балким, бара-бара башкалардан береги  ооз эки чыгарманын  айрым бүткөн бир нускасы табылышы  деле ыктымал.

Менимче,  жандырмак коштогон чакан дастанчада Кокон хандыгынын тушунда оожалган  окто-текте көрүнүштөр  зерттелет. Бөрү заманда  ордону  адеп  дүрбөлөңдүү кырдаалга  кыстап, ага кадыресе  коркунуч туудурган Эр Шамамат бир курдай  үйүр-үйүр жылкы тийип келатып, буктурмага кабылат да, чарта-чурта чабышта тулпары чалынып мүргүп, эриксиз  туткундалат. Андайда, албетте,  тажик тайпасынын зору  Ашира калча – Шум калча  баатырга опурулуп, опузалоону амалга ашырбайт  бекенби:

Эр Шамамат эрбисиң,
Энди тооба дербисиң?
Кула кашка жылкымды,
Кууп жеген эрбисиң?
Куугунга барган балдарды,
Куу казыкка аштантып,
Куп кыбланы баштантып,
Таштап кеткен эрбисиң?
Кара кашка жылкымды,
Кармап  жеген эрбисиң?
Камоого  барган балдарды,
Как казыка аштантып,
Как кыбланы баштантып,
Таштап кеткен эрбисиң?
Энди тооба дербисиң?

Баатырдын жообу мындайча:

Эр Шамамат эр өзүм,
Энди тооба дээр өзүм.
Кула кашка жылкыңды
Кууп жеген эр өзүм,
Куугунга барган балдарды,
Куу казыкка аштантып,
Куп кыбланы баштантып,
Таштап кеткен эр өзүм.
Кара кашка жылкыңды,
Кармап жеген эр өзүм.
Камоого  барган балдарды,
Как казыкка аштантып,
Как кыбланы баштантып,
Таштап кеткен эр өзүм.
Кандай кылсаң – шондой кыл,
Катындар
казанга жапкан нандай кыл?!

Аңгыча, айтмакчы, Шамамат жоого айбат көрсөтүүдөн жалтанып,  безүүгө белен үзөңгүлөш агасына кайрылып, миңген атын  сурайт:

Акбурда аке,  тура тур,
Атыңдын башын бура тур?
Сайдырсам – сенин намысың,
Сайсам – сенин муратың.

Анда суу жүрөк Акбурда:

Акбурда акең тура албайт,
Атынын башын бура албайт.
Кара ашына сойдурат,
Кайратына койдурат.

Ашира калча – Шум калча  Эр Шамаматты “бир сындырым нан, бир пияла чай” менен  бейдарек зынданга буйруптур, — дешет жомокчулар. – Антип  ал   далай жылдар бою дайынсыз жоголот.  Ошо ортодо  Ысмайыл аттуу күйүшөр досу атарапты түп көтөрө жойлоп-тинтип, баатырды эч кайдан кезиктирбей же  өлүү-тирүүсүн  ачык билбей, абыгер чегиптир. Күндөрдүн бир күнүндө чарчап-чаалыкандан  сарталаадагы жалгыз түп дарактын саясына тер кургатмакка өбөктөсө, тигиндейрээк чуңкурдан тааныш доош жаңырат:

Тын Ысмайыл, тын досум,
Жан Ысмайыл, жан досум,
Төгөрөктүн төрт бурчун,
Төрт айланта кыдырдың,
Ичегини сыдырдың.
Мадинанын беш бурчун,
Беш айланта кыдырдың,
Ичегини сыдырдың.
Тын Ысмайыл, тын досум,
Жан Ысмайыл, жан досум.

Этегинде Эр Шамамат Ысмайылдан карачечекей эркек перзентине дубай-саламын жолдойт:

Алты күнү турсун де,
Алты сан кошуун жыйсын де,
Жети күнү турсун де,
Жети сан кошуун жыйсын де.
Алты күнгө толгондо,
Жетинчи күн болгондо,
Жер ортосу Боз-Дөбө,
Боз-Дөбөгө
Боздотуп чаап чыксын де.

Эр Шамаматтын туягы “алты күнү турду дейт, алты сан кошун жыйды дейт, жети күнү турду дейт, жети сан кошун жыйды дейт, алты күнгө толгондо, жетинчи күн болгондо, жер ортосу – Боз-Дөбө, Боз-Дөбөгө боздотуп чаап чыкты дейт,  айкайлаган айкашта Ашира калча-Шум калчанын асабасын жыкты дейт”:

Төрт сайганым пайдадыр,
Төрөм атам кайдадыр?
Беш сайганым пайдадыр,
Бегим атам кайдадыр?

Анда калчылдаган калча:

Төрт сайганың пайдадыр, балам,
Төрөң атаң чайдадыр, балам.
Беш сайганың пайдадыр, балам,
Бегиң атаң чайдадыр, балам.

Эр Шамаматтын орунбасары атасын зындандан куткарып, сакал-мурутун серптирип, кийим-кечеден сарпай жаап, атына учкаштырат да, туулуп-өскөн конушуна жөнөйт. Калчанын эсе канына забын болуудан  этияттап, тезек арткан качырга тетири миңгизип, чомуна таңып, биябан чөлгө тентитип  жибериптир.

Баса, “Түштүктөн кат” аттуу аңгемемде “Эр Шамаматтагы”  “дабыр-дабыр дегенде, дабыраган көп караан, дүбүр-дүбүр дегенде дүбүрөгөн көп караан” өңдүү кас  аскердин сан  түмөндүгүн кыйыткан  жорго сүйлөмдү  пайдаланды элем. Эжем Бүсадаттан эшиткен саптар дагы каармандын кусасын тереңдетип чагылдырууга жараган:

Сагынычтуу салам кат,
Сагынганда жетсин бат.
Сагынганда жетпесе,
Саргайып кетсин ушул кат.

Кайсыл  бир кылымда, чектелүү бир аймакта, демек, белгилүү бир говордун –жергиликтүү тилдин кыртышында каймактап  жаралган эстетикалык нарктарды жазмага өткөргөндө  тигилердин кунары азыноолак өчпөй койбойт эместир. Маселен, колдонуудагы алфавитибизде “а” арибинин ичке түрү жоктугунан “маза” кагазга Барпы менен Жолон сүйлөгөндөй так катталбайт.  “Жигиттерди” туюнтканда  чоң атам көөнө тилибизде оозангандай  “ж”нын ордуна “й”ды кантип чийем? Мейлиге,  дегиңкиси  жердештеримдин эстутумундагы көркөм дүйнөнүн сыры кетсе деле, сыны кетпесинчи, рухий угутубуз унутулбасынчы?!

… Алигиде, Ошто, облустук гезитте эмгектенчүүдө үй-бүлөбүз түгөл  Шоро-Башатка бат-баттан каттайбыз. Баш-аягы алтымыш чакырым аралык. Айрыкча ишемби, жекшембиде ата-энебизге саламдашып, учурашмака, анчейин  шамалдамака – жарп  жазмака ашкере беленденип, ашыга  бүлүнмөй адатыбыз. Бирде, ушундай камылганын убагында  агезде башталгыч класстардан окуган уулум  Эрбол “ура, Шоро-Башат –шорпо бышат!” деп так секирди. “Мына сага, фольклор!”  дедим ичимден, “акетай, айтса-айтпаса төгүнбү?!”

Үчтүн айы, 2018-жыл

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.