АҢГЕМЕ

Жайдын айлуу түндөрүнүн бири. Күндүз кечке чөп чөмөлөп эси оогон ал береги алачыктын түбүнө чалкалай жата кетти.  Каруусу талыкшып, булчуңдары чымырап ооруп атты. Бир колун желкесине жазданды да көзүн жума терең дем алды. Кечээ гана чабылып, жаңыдан кургап келаткан жапайы беденин жыты аңкып мурун жарат.

Керээлден кечке кулак кужурун алган чегирткенин чырылдагы бир аз басаңдагандай. Аркы колоттон бытпылдык үнү жаңырат. Анын сайраганы бул адырларга кандайдыр жан киргизип тургансып, не бир сырдуу. Теребел үлп эткен желге ыргала каалгып, мемиреп, үргүлөйт. Төмөндө анда-санда бышкыра, күртүлдөтө оттоп Торукашка жүрөт.

Алыстан сүтактын үнү угулду. Бир калыпта тына-тына чыгып, алдагайдан жаңырып атты. Кандайдыр муңдуу туюлат анын сайрашы…

Салкын жел беттен сылагылап, аста гана удургугансып, караган-черди аралап, белден буралган коюу бетегени желпилдете жапырат.

Талыкшыган денеси жазылып, чарчаганы тарап баратты. Жанатан тырп этерге алы келбей, бут серппей уктап калчудай болгон менен уйкусу качып барат негедир. Оңдоно жатып, көзүн ачты. Асманга тигилди.  Түнкү аалам жылдызга толгон экен! Миллиарддаган жылдыздар күндөгүдөн да көптөй туюлду. Ай толукшуп, тиги кырдан жаркырайт. Көңүлү эргий түштү!..

Бала кездеги адатынча Жетигенди издеп, көзү сансыз жылдыздарды саамга аралап жүрдү. Аны көрө сала сүйүнүп кетти негедир. Анан назары  горизонтто созулуп жаткан Саманчынын-Жолуна бурулду.  Адатынча анын уч кыйырсыз ааламына көз жүгүрттү.

Кызык… түнкү аалам баягысындай эле сансыз купуяны кең  кучагына камтып сырлуу, баягысындай эле ары табышмактуу… Ушул чөмөлөгө толгон бийик тескей адырлар, дал ушул эсепсиз жылдыз жамынган бул жердин түнү, беттен назик аймалаган салкын айдарым, тээ алдагайдан жаңырган муңдуу сүтак менен тиги аттын күрт-күрт оттогону, бышкырыгынан аны качанкы бир – мындан он беш жыл ашуун илгерики бала күнүндөгүдөй. Эч нерсе өзгөрбөгөнсүйт. Анда деле ушул адырлардын күңгөй-тескейи, кокту-колоту сүттөй айды, болбосо көөдөй түндү жамынып жатчу эле… Анда деле ушинтип салкын жел ойноп, сүтак сайрап, бөдөнө бытпылдыктачу…

Ушуларды ойлоп атып, оор улутунду. Удургуган ойлор аны куюндай алып учуп, заматта тээ балалык күндөрүнө – так ушул чөп чабуучу өрөөндө ушинтип ай-ааламга тигиле карап, укмуштуу кыялдардын артынан бучкактай түшкөн түндөрүнө алып келип таштап салды…

Ушул чөп чабыкта өткөн анын ар бир балалык күнү, таттуу кыял, күлүк ойлору тизмектеле көз алдынан чубура баштады.  Ал кезде бешинчи класстын окуучусу. Иниси өзүнөн бир жаш кичүү. Экөө ушундай аптаптуу жайда жармадан кере жутуп, атасы ашарга чакырган кишилер менен  шыпыра чаап кеткен беттеги солдорду ылдый карай түрүп, чөмөлөөчү эле. Бийик беттен түрүлүп, тоголоктолуп келаткан солдор калыңдап, калдайып, оор болуп, андан ары тоголотуп кете албай айлалары кетер эле. Күн катуу ысып акактатканда бул жерде көлөкөлөй калар бир дагы бак-бадал жок боло турган. Таңдан туруп чөмөлөөгө киришкен алар тырмалаңдап атып, түш оой тиги чөп алачыкка корголой соолуктап жатып калышар эле. Анан канистрдеги жарма, анын артынан чалабы да түгөнүп, кудум кызыл эт балапандай акактаган сааттар келет дейсиң!

Капталдагы колоттун төрүнөн жазында жарылып булак акчу эле. Жазда созулуп агып коктунун оозуна жеткен менен жайкысын ал кургурун соолуп дайынын таптырбай калат. Ат менен сайдан суу апкелүүгө эки сааттай убакыт кетет. Анан алар сайга барып отурмак беле. Канистраларын көтөрүп алып дегдендеп чуркап, балтыркан, кымыздык менен киши бою өскөн чөп аралаш караган-черди аралап, коктунун таманы менен төрдү карай жөнөшөт. Суу издеген мал ары-бери каттай берип, туяктары менен кара топурактуу саздак колотту калбыр кылып салган. Камырдай жуурулган кара топуракты кууп отуруп, булактын көзүнө алеки саатта жетип барышат да, аны оңдоого киришет. Себеби, мурунку күнү балтыркандан кесип түтүк жасаган чоргону уйлар талкалап бузуп койгон болот. Аны шашпай көлчүк кыла чым менен тосуп, чоргосун жаңылашат да, тунгуча күтүп отурмай. Качан гана булак киргилинен арылып туна түшкөндө экөө эки жактан төбөлөрү тийише жата калып шимиришет. Булактын суусунун мээ какшаткан муздактыгы кандай керемет ээ?!

Суусун мыктап кандырган соң, кайрадан чөмөлө менен алпурушат. Колдойгон эпсиз айры менен жулмалашып, жайнатып жиберишет өпөйгөн үймөктөрдү. Элдин боз үйдөй дүпүйгөн үймөктөрүн көрүшүп, ошолордой кылгылары келип, кайрадан жулмалашып, үймөктөрдү ташып бири-бирине кошуп убара тартышар эле. Эртели-кеч өйдө-төмөн  каттагандар тиги тырмаңдаган чычкандай экөөнү көз албай карап, кобураша :

— Мобунун балдары тырмактай болуп алып кыйын экен, эй.- дешет тигилер жакка ээк жаңсай.

Муну кулактары чалган алар өзүлөрүнчө маашырлана көңүлдөрү жай.

Кечке жуук атасы келет айылдан тамак-аш алып. Анан курсакты кампайтып, уйкунун камын көрмөй. Чөп алачыкты жакшылап бекемдеп, алдына жибектей жумшак тулаңдан төшөй салып, атасы менен иниси үчөө тери тондун ичине баш катышар эле. Ичи түгүл жакасы, жең ичи да көрпө тондун жыты бир укмуш! Жыттай эле бергиңди келтирет….

Көп өтпөй каш карайып, салкын жел леп-леп уруп, кырдан ай көрүнүп, сүтак сайрап….

Билинер-билинбес болуп, акырындан коюуланып бараткан жылдыздарга алачык оозунан көз жүгүртө терең ойго батчу. Бала кездеги кыялдын күлүктүгү, бөтөнчөлүгү — ошо кыялкечтин жомок сыяктуу көз алдыга тартылган дүйнөгө ишенгендигинде эмеспи. Бирок ал  ой-чабытын жомоктон бөлүп, кандайдыр реалдуу дүйнө катары кароочу.

Уч кыйырсыз ааламдын нак ошол – уч кыйырсыздыгына айран болор эле. Андагы асман телолорунун сансыздыгычы! “Бу түпсүз дүйнөнүн башы кайда да, аягы кайдан түгөнөт? Мейли бул “Галактика” деген жылдыздын корунда биз жүрөбүз саякаттап, а анын барар жери кай жер? Бул чексиздикте дагы миңдеген галактикалар бар дейт, а ошолордун системасында бизге окшогон жумуру баш, айры бут макулуктар жашайбы? Биз жалгызбыз дегендин өзү аңкоолуктур… Адамдын өнүгүүсүнө миллион жылдар талап кылынып, өткөн кылымда гана Айга учуп барып конбодубу? Башка галактикаларды жөн коёлу, ушу биздин “Күн системасындагы”  планеталарды, маселен “Марсты” адам буту качан басат? Же ал планеталарды изилдөөгө адамзат үчүн дагы миңдеген  жылдар керек болуп жүрбөсүн? Деги эле бизди жараткан жөн жаратпаган чыгар…”

Жоопсуз суроолордун бардыгына кыялында жооп тапчу. Табышмактуу, ары сырдуу суроолор анын түн уйкусун бузуп, кээде чындап санаага салаар эле.  Жайлоодо же чөп чабыктын түнүндө ачык асман алдында жатканда ушундай  укмуштуу ойлор анын чыныгы эрмеги, чыныгы айтып бүткүс, ойлоп бүткүс темасы.

“Космонафт”, “астроном” болом дечү ал чын ниетинде. Бирок мындай аруу тилегин эч кимге айтчу эмес. Эгер айтып жиберсе эле анын тилектери кабыл болбой калчудай коркчу.

“Анан эмне болду?” – деп суроо узатты ал азыр өзүнө өзү. Баягысындай жоопсуз суроолорго азыр да жооп издей баштады. Бирок анын мунусу таптакыр андай эмес эле – бул карандай актануу болчу. Ооба, өзүнө өзү актанып атты: “Эмине болмок эле? Мезгил өттү зымырап. Өзүнүкүн алды! Убакыт өткөн сайын анын кыялдары менен идеялдары караманча алмашып кетти. Ал ойлоп жүргөн космос – чыпачын эле “космос” тура! Ага жетмек кайда. Турмуш дегениң ал кыялың менен тилегиңди ары өкчөп, бери өкчөп эле заматта төңкөрүш кылып коёт турбайбы! М-даа, турмуш, кендирди кескен турмуш…“

Салкын аба муздап баратты эми. Башына жазданган колун тери тонго катып, кырданды. Кылкылдап көзүнө толо түшкөн жаш сызылып кетти жаак ылдый. Ары түйшүктүү, бирок да бактылуу убак – балалыктын кайталангыс керемет кез экенине ичи ачышты.

Баятан ызылдаган чегиртке менен бытпылдыктын мукам доошу угулбайт. Мемиреген теребелди ого бетер көшүлткөн бир гана – сүтак. Тээ алда кайдан угулуп атты. Кандайдыр аянычтуу анын сайрашы. Бир калыпта, тына-тына чыгып жаңырып атты анын үнү. “Сүта-ак… сүта-ак…” – деп жалынып аткансыды. Ансайын бул өрөөн бетегеси белден буралып турса да, эч жеринен сүт түгүл, ар коктудагы булактарынын көзү соолуп,  сүтактан баарын аяп, аны өгөйлөп, эч нерсени ыраа көргүсү келбей  аткансыды.  Бирок сүтак көздөгөнүн бербеген көк бет тура: “Сүта-ак… сүта-ак” – деп сайрашын эч токтоткон жок. Ал эми өрөөн болсо ага боор ооруп, ийимек тургай кайра мемиреп, терең уйкуга көшүлүп баратат. Бир гана сүтак уктаган жок. Түнү бою зар какшап чыкты.

 

3 Replies to “Залкар Назарматов: Сүтак”

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.