<<<<< Башы

Бирөө келип ажыкыздана тийише баштады:

– Эй акам, бизди кечирип коюң, саал кызуучулук болуп кетти. Жаман көрүп атасыз окшойт а?

– Менин сага айтаар кебим жок, тур ары, ушунчаңарда кетип калгыла.

Бирдеме дейин деп барып сурум бузулуп турганын көрдүбү же проводниктерге тийишпеш керек, кокус тийишип алса мунун арты жаман бүтөөрү эсине келе калдыбы, иши кылып бурулуп басып кетип калды.

Петропавловск

Петуховодо турабыз. Баш чыгарып карап турсак капкара кара таандай топ аркы баштан олтурду. Жетелеп алган иттери бардай көрүндү. «Өлдүк» деди Макем. «Ооба» дедим мен. Булар Курганга чейин барышат. Поюз жылды. Сборщик да учуп келип калды. Жан кире түштү. Сборщик келди деген сөз демек сүйлөшүлдү деген сөз. Күтүп отурабыз. Сборщик келип жыйнап кеткен жыйначусун, бирок баары бир жүрөксүйсүң.

Бир маалда эңгезердей болгон чаар формачан, итчен орустар тапырап кирип келди. Чөнтөк фонариктери менен ары-бери жарык кылышып тинтип киришти. Камера менен тартып бирөө жүрөт. Рейд экен көрсө. Кулагы шалпайган эки машке ит көрүнгөн жакты искегилеп Марат экөөбүздүн чатыбызга чейин тумшугун салды (аякта асылып турган бирдемени жулуп кетеби деп жан жок). Челноктор да козголуп, документтерин даярдап, күңкүлдөп сөгүнүшүп атышты. Бүттү эми, уйку ушуну менен болбойт. Таң атпай Курган деген шаарга жетишет, булардын көбү ошоерден түшүп калат да, Тюмень, Сургут, Ниже-Вартовск сыяктуу нефтичилердин бапырап акча жаап турган шаарларын көздөй электричкеге отуруп жөнөп кетишет. Аякка каттаган кыкеңдердин айтымында соодадан праблем жок, алпарганыңды шарт урасың да, артыңа кайта бересиң.

Тапыраган комиссия, кудая шүгүр, биздин вагонду тинтип бүтүп ары кетти.

Петухово

Эртең мененки беш жарымда Курганга жетип токтодук. Орустун криминал шаарларынын бири. Москва тараптагылар буларды «провинция» дешип мурун чүйрүп, экинчи сорттогу адамдардай санаган менен бул чөлкөмдөн чыккан бандиттик топтор өзгөчө жан кечтилиги, эч кимди аябаган ырайымсыздыгы менен москвалыктардын жүрөгүнүн сары суусун алып турушкан.

Бул шаардан ХХ кылымдагы орустун криминал дүйнөсүндөгү белгилүү фигуралардын бири, Александр Солоник (кличкеси Македонский) чыккан. Солониктин өзгөчөлүгү бардык пенде сыяктуу эле эт менен сөөктөн бүткөнүнө карабай, ит жандуу бышык, катылгандын катыгын берген чогоолдугу, анан көздөгөнүнүн көзүн чыгара аткан мергендиги жөнүндө али күнгө чейин уламыштар айтылып жүрөт. Жараткан кудайдын өзү мунун колуна тапанча карматып, баары эле пендеге бере бербеген төтөн шык, жөндөмдү ыроолоп дүйнөгө апкелгендей тобо… Өзү мурда милийса болгон экен. Солоник аткарчу парзын аткарып, бир күн болбосо бир күн мындай тагдыр өзүнүн да башына албетте келээрин жүрөгү менен түпөйүл сезип жүргөн. Жарыктагы жашоодо кубаңдаган көлөкө сымал эчак тирүү өлүккө айланса да, жан деген, жашоо деген таттуу эмеспи, башын алып алыскы Грецияга корголоп качып барып, бекинип жашап жүргөн жеринен КГБнын эле жаналгычтары сууруп чыгып, «акыретке кетээрдин алдынан тобо кыл, ит» дешип тизелетишкен. Күнү бүткөнүн ачык түшүнгөн жалаңкыч киллер, бир эле ысмын укканда не бир «крутой» мафиоздор сийип жиберчү ушул Солоник ошондо чочкочо чыңырып, жан соогалап чөгөлөп турду дешет.

Бирок башка маалыматтарга таянсак, Солоник пластикалык операция жасатып таптакыр башка киши болуп момун пенде кейпинде кумурскага зыяны жок жашоо кечирүүдө. Ай кайдан… Ошончо кишинин канына забын болгон неме жер бетинде көпкө басып жүрмөк беле…

№205 Бишкек – Екатеринбург поюзу таң эртең келип Курган шаарында бир саат турган убакытта ушуларды ойлоп турдум. Анткени Солоник ушул шаардан чыккан киши болгон экен.

Россия, Курган

Орусиянын туңгуч Президенти, кайран СССРдин түбүнө жетип, миллиондогон адамдарды улуу мамлекетинен ажыраткан айтылуу Борис Ельциндин Ата журту Свердловск шаарына саналуу сааттан кийин жетебиз. Кайсы бир орус гезитинен окуган жерим бар эле, ушу кишинин чоң аталарын бир кездерде совет бийлиги кулакка тарткан дейби, ошондон улам мунун совет бийлиги менен эскиден келаткан өзүнүн «эсеби» бар деп жазыптыр алиги гезит. Ошондуктан М. Горбачев Рим папасы менен жытыгышып, элден оолак жолугушуп, эзелтен СССР менен элдешкис келаткан АКШнын чоңу Рейган менен табышып, улуу державанын пайдубалына «суу куя» баштаганда кеткен жараканы бул Ельцин ого бетер чоңойтуп отуруп, акыры Беловеж токоюнда үчөө чогулуп алып биротоло жайлап тынышты. Эми Горбачев Батыштагы эң популярдуу адам катары мартаба күтүп, өз мекенинде болсо чыккынчы аталып жек көрүндү болуп турган чагы. Ошондо Гыкычыпы дегени чыкты. Анысы бокко жарабай кууп таратылган соң, Союз туурасындагы үмүт биротоло өчтү. Мен ошондо райком партияда уюштуруу бөлүмүндө ЖоКенин экс мыйзамчы депутаты Самат Бөрүбаевдин кол астында иштеп жүргөм. Өзү да ишке баш-оту менен берилген, баскан сүйлөгөнү түз, талапты катуу кое билген мыкты жетекчи кадр эле. Баткен облус болуп жаңы уюшулганда алгачкы оор жүктү тартышкандардын бири болуп, облкеңештин төрагасы болуп жүрдү.

Муну караң, бул Свердловскини сөз кылам деп көп нерселер көңүлдөн, сарсанаадан сапырылып кетти да баччагар.

Шаарга кире бериштеги Кольцово деген кичинекей бекетке токтоп калдык. Болгон жүк ушу жерден түшөт экен. Беттери табактай, чылгый кара кайыштан кийинген далдайган орус балдар ар ар жерде топтошуп турушат. Булар «братвалар» рекетерлор. Ар челноктордун өзүнүн «родной» рекетчилери бар дешти. Анысын көргөндө челноктор атасын көргөндөй сүйүнүшөөрүнө таң калдым. Рекэт деселе мен ойлоп жүрөм да баса калып тоноп, шыпырып туруп таштап кете берет деп. Көрсө, булар канаттууга кактырбай, тумшуктууга чокутпай «өз клиенттерин» жылуу жайына узатып коюшат экен да, чай пулун алып кете беришет экен. Рекэтке бергиң келбейби, анда «бир тууган» деген милийсаңа бересиң үч эсе кылып. Алып алып шарт бурулуп кетет да калат, артынан башка «бир тууган» даяр болот. Андыктан аты рекэт болсо да алганы халал (халал — нак, өзүн актап) экен деп калдым.

Свердловскинин перронуна кирип баратабыз. Бир орус болсочу, капкара өзүбүздүкүлөр. Бишкектеги вокзалдан айырып болбойт эй! Бирин-экин милийсалар гана жүрбөсө… Бул жерде Москвадагыдай 9-10 саат бутту асып жатып албай 2 саат турат экенбиз да артка тартмай.

Шадринск – Екатеринбург, Россия

Свердловскиден кайра чыктык. Оор жүктөн бошонгон поюз жеңил сызып баратат. Кайра кайткан челноктор көөнү ток, кушу курсант, жүк-мүгү жок, чөнтөгү толтура доллур болуп, поюздун оо анчадан бери жуула элек шыбына түкүрүп, бапырап бакылдап келатышат. Жолдон мүшөк, мүшөк кылып алып чыгып сатылчу орустардын капкара картөшкөсүнөн алышат, (биз деле алабыз) аны нары жактагы казактарга уруп ийишет да, ого бетер кубанычка бөлөнүп (анткени жол киресинин акчасы чыгып калат), андан ары анан төлкө жүз граммдардын акесин таанытып кете беришет. Картөшкө деле жаман бизнес эмес. Бир чакасы 5 рубль (бизче 7 сом) мүшөгү 25 рубль (эми андай баа жок – авт.) эле. Капкара болсо да даамы сонун.

Кайра келатып Казакстанга кирген Таинча деген бекеттен токтоп, жерге түшсөк жумуртка, сары май, каймактын мекени ушу жер экен. Макем экөөбүз бир чакадан жумуртка алып алдык. Баса, Свердловскиден чыккандан бери биздин вагондо «ЧП» болду. Болгондо да катуу болду. Биринчи купеге бир аял бир эркек, эки киши түштү Свердловскиден. Экөө тең элүүдөн ары аттап, улгайып калган немелер. Билеттери бар экен Бишкекке чейин. Алар жаңы эле жайгашып отурса эки жигитче келип түштү үстүлөрүнө. Булар да билеттери менен, булар да даканса барышат. Бат эле камыр-жумур

аралашып, таанышып, көп өтпөй үстөл үстүнө тамак аш жайнап, мойну узун «Черная смородина» аттуу «крутой» арак пайда болду. Жигитчелердин айрыкча чечекейи чеч. Мындай абалда азыр дурус акча таап кайткан челноктор гана болот дебедимби, булардын да калың доллар менен келатканы биздей ренген көз проводниктерге көрүнүп эле турду.

Кадимкидей туугандашып «Ырас болдуле ырас болдулашып» бажырашып отурушту. Аял өзгөчө шыпылдаган эже экен, жөн эле шуулдайт. Бир топту көргөн катын экен деген ой көңүлүмдү бир сыдырып өткөнсүдү. Бизди да унутушкан жок, улам чакырышып сыйлашып. Берки эки бала бир топ эле кызып калышты. Түнкү саат 12лер ченде бир карасам экөө уктаптыр, балдар көрүнбөдү. Ресторан тарапка кеткен бойдон дайынсыз. Бирин бири жөлөп, оо түн оогондо келип жатышты окшойт.

Таңкы саат бештерде Петропавлга келип токтоп, сыртта тамеки тартып турсам, жанагы аял менен эркек экөө түшөбүз деп калса болобу… Түшүнбөй калдым. Эмне болуп кетти десем, Алматынын поюзуна которулабыз, анан бир жерге тийип кетпесек болбойт дейби, иши кылып болбосо болбостур, түшсө түшсүн орун бошойт, «коен» салам деп мен калдым ичтен кымылдап. Анткени билеттери аягына чейин сатылган да, эми башка киши түшпөйт бул орундарга. Мени менен катуу кайырлашып, колума бир бөтөлкө коньяк карматышты да калып калышты. Поюз жылды. Таң атып саат тогуз, он болду. Көкчөтоодон өтүп Целиноградка (Астанага) жеттик.

Целинограддын (эми Астана) тынбай зырылдата соккон шүмшүк шамалына далымды салып, жерде тамеки тартып турам. Бир маалда бир аялдын чаңырганы угулуп калды.

– Товарищ проводник, там у вас двое убивают друг-друга!

– Где?

– В том тамбуре!

Чуркап жетсем жанагы биринчи купеде келаткан эки жигит бирин-бири былчылдатып атыптыр. Маспы десем сопсоо. Жакшы эле келаткан буларды кайсыл кара теке сүздү дейм, бир туруп оюм булар жанагы чөптөн өлө тартып алган болуп жүрбөсүн деген жакка да ооп кетти.

Жетип арачы түштүм, болушпайт. Бирин-бири келбет кемелдерин бир топ эле «кооздошкон» экен, тамтыгы жок. Бирин бери түртүп, бирин напарнигим Маке ары сүйрөдү.

– Эй, эмне панкратион кылып атасыңар биерде?

– Байке, сиз сурабаңыз, мен айтпай эле коеюн.

– Айтпасаң айтпа, тряпкени ал да вперед, тамбурду тазалап жууп кой, карачы канды.

Түшүнбөгөн кээ бир акмактар «Бу проводниктер тамбурга козу союптур» дебейби? Давай бол!

– Брат, бизди жайлап кетишиптир жанагылар.

– Кимдер?

– Баягы эже менен күйөөсү, экөөбүз эки миңден төрт миң долларыбызды берип койгонбуз, катып коюңуз эже, Бишкекке барганда алабыз деп. Эртең менен турсак эле жок. Түшүп кетишиптир да Петропавловскийден. Напарнигиңизден уктук, сиз уктап атыпсыз.

– Ооба, түнкү саат үчтө түшүп кетишкен алар.

– Кеп ошондо болуп атпайбы? Мурат берген да, кой дегем. Экөөбүз ошончүн мушташып атабыз да байке, эки миң доллардын күйүтү оңойбу, эй шеф?! Өз колдорубуз менен чөнтөктөрүнө салып берип атпайлыбы? 4000 доллар үчүн экөөбүз не деген азап-тозокту тарттык, жо, мен чыдай албайм, өлтүрөм тиги козелду, эмнеге арачаладың эй брат? Кое бер мени!

– Өлтүрөсүңбү, тирүүлөй бышырып жейсиңби, бирок поюзда эмес. Бишкекке жет, жерге түш, анан өзүң бил. Дагы бир чаңдатчу болсоңор өзүңөрдөн көргүлө!

Отура калып өңгүрөп жаш баладан бетер ыйлап жиберди. Өпкөсү өпкөсүнө батпайт, карап туруп бир бооруң ооруйт, бир туруп жиниң келет. Булардын шапар тээп жүрүшкөндөрү башкача эле.

Түнү менен нары-бери жетелешип, составдан сулуу кыз уулап, ресторанда шапар тээп, таңга маал келип жатпайбы ордуларына. Долларларын болсо мурдале соо кездеринде тиги аялга карматып коюшкан турбайбы… Жоготуп койбойлук деп сактанышты да байкуштар. Ата-энесиндей адамдарга ишеништи да анан.

– Эй братишка, болду эми, ыйлагандан пайда жок, долларларыңар эми тү-тү болуп киши колдуу кетти. Эми аңдып жүрүп кармабасаңар… же милийсага бербейсиңерби?

– Сүйлөйт экенсиз да брат, кайдагы милиция?

– Милийсага үмүтүң аз болсо, анда криминалдарга берип ташта. Алар буларды жердин жети кабатынан болсо да сууруп чыгып, астыңа тизелетип туруп акыйкат сот кандай болоорун көрсөтүп беришет. Бирок эми кызматтары үчүн ыраазы кыласың да, итак-итак чыгаша болосуң! Зато акчаң бир аз кемисе да кайтат колуңа! Жүдаа ысык болуп келаттыңар эле, таанышып алгансыңар да адрес-мадрестерин алып?

– Жалалабаттыкпыз дешкен.

– Силердин мээңер иштеген эмес эй! Мага эле берип койбойт белеңер? Мен вагондон качып кайда барат элем. Эч кимге айтпа, бери бол жакыныраак, 30 миң доллар передача алып келатам азыр. Такай эле ишеничтүү адамдар ушинтип ишенип беришет.

– Түй энең, алжыган экенбиз да сизге эле берип койсок эмне?

– Ооба да! Кой эми капа болбо үкөм, акча табылар, дагы иштейсиңер дегендей.

Ушинтип эки байкуш бала 4 миң долларынан кол жууп, күйүтүнө өрттөнүп поюзда келатыры. Мен болсом булар жоготпой эле өзүм жоготконсуп, ичимен бушаймандана сөгүп келатам жанагы эки шүмшүктү. Жок энең, кыргыздарың бу кейпи менен оңолооруна көз жетпейт! Кантип колу барат дейм да, мейли башка улут болсо да бир жөн эй, кыргыз кыргыздын көтүнө суу куйган эмне заман келген?.. Ушу сакалың өрттөнгөн эки акмакты эми кайсыл мыйзам, кандай сот менен соттосо болот? Аянттын как ортосуна тизелетип туруп, так көгөргөн мээлерин чачырата атаар элем. Булар баары бир колго түшөт, жер деген тоголок эмеспи, бир бурчтан болбосо, бир бурчтан баары жүз караша турган маал өзү эле ушундай бир келе калат дейсиң… Анткени жаман жакшыны өйдөтөн тескеп турган кудурети күчтүү алла-тааланын бар экенин унутса кыргыз өзүнөн көрсүн… Уурдап жеген тамак эч качан аш болбосун элүүнүн кырынан эчак оогон, өзүлөрүн сакалдуу санашкан ушул экөө кантип билбейт?.. Билет.

Екатеринбург – Астана

Дагы Свердловскийге жөнөмөй, дагы быкылдаган эл, быкылдаган жүк, ызы-чуу перрон… Луговой, Чу, Жарыкка чейин поюз жиндикана менен жиндикана болуп теңселип отуруп, ары Карагандыны көздөй оогондо гана биртике эс алдык окшойт. Челнокчулар да «Опасный жерлерден аман-соо өтүп кеттик, эми кудай Петуховодон сактай көр» деп баратышат. Биз «барон» деген кличкеси бар цыган Толиктин аялы Оля экөөбүз тээ куйрукта, эң арткы вагондо келатабыз. Кытайдын килейген жыйырма баулун жүктөп алганбыз, акча деген тизеден. Толик өзү болсо бир вагон бизден бери, өзүнүн «дутый» вагонунда. Бул рейс көп ызы-чуусу жок, тынчыраак болду окшойт деп ичтен сүйүнүп келатабыз.

Түнүчүндө Петропавлдан өтүп эми Курганга чейин биртке эс алып, уктап алайын деп жаңы эле кыйшая жата кетсем эшиктер карс-курс ачылып, вагонго бирөө чуркап киргендей болду. Тура калсам составдын аркы башында бараткан Эдиктин жардамчысы, дядь Миша аксакал экен. Өзү алтымышты таяп калган бул адам кара курсактын айынан чай ууртап, төрдө тердеп отураар чагында минтип куурап поюзга жармашып, проводник балдарга жардамдаш болуп чай-сай кайнатып, вагон жууп, от жагат, бирөө менен иши жок эптеп кыбырап биз менен каттап жүрөт.

Ошо аксакал эми өңүнөн кан сөл жок купкуу болуп, шапкесин колуна мыжыгып бирдемеден өтө катуу коркуп алган түрү бар.

– Дядь Миш, не болду?

– Өлтүрүп келатыр, качыңдар!

Ошентип бир айкырды да дядя Миша урган бойдон биздин вагондун куйругуна чуркап кетти. Эң акыркы вагон да биздики, бу чунак киши болсо эшикти ач, акырындаганда секирип кетейинчи деп безилдейт.

– Дядь Миша, кто кого өлтүрдү?

– Жаның таттуубу, кач, Эдикти уже жайлашты!

– Ким жайлады?

– Спецназ, ОМОН.

– Какой ОМОН, ты че абышка, совсем крышаң кетип калганбы? Түшүндүрүп айтчы ыйлактабай. Ким алар?

– Спецназ, орустар.

– Кай вагондо?

– Казир сиздердин вагонго да келетин, вай качайык Бахажан! Өлтүрөтүн. Ар бири эки метрлик орустар, бариси маскачан.

– Маскачан?

– Ооба да, оружиясы дагы бар. Калашниктер.

Напарницага келсем ал уже баш жакка чуркап кетиптир. Бир маалда келип калды.

– Баха, дела плохи. Короче пять человек, в форме омона, у всех оружие, все в масках. И все пьяные. Чертово знает кто они. Подряд всех проводников избивают. Идут сюда. Все амбалы как на подбор, натуральные шкафы.

– А с Эдиком что?

– Эдик оказывается с бородой был?

– Как с бородой?

– Ну умер у него кто-то из близких. Они же не бреются при таких случаях. Вот и Эдик небритый был.

– И что?

– Эти сели в Макушино прямо в вагон Эдика и увидели его. Один из них крепко выругался мол, якобы эти бородачи ему еще в Чечне осточертели и ударил Эдика то ли ногой, то ли прикладом автомата. Так что ты давай лезь на вторую полку и спи, а у меня морда то русская, не тронут, наверное…

Мен болсо үчүнчү эле полкага чыгып кетейин дедим бирок уялдым. Экинчи полкада жатам күтүп. Оо бир кезде келишти.

– Нифига себе, русского человека вижу в первые в этом поезде, – деп жиберди бирөөсү напарнигимди көрүп. – Ну здорово сестричка родная!

– Здравствуйте ребята, проходите пожалуста в купе, присаживайтесь. Чайку не хотите?

– Хотим и бутылочку хотим.

Автоматтарын шарактатып бурчка жөлөштү, чечинип, маскаларын алып отурушту окшойт. Напарница болсо, буту бутуна тийбей чай даярдап жүрү.

– Да че ты суетишся сестричка, айда садись с нами.

Отурушат. Бөтөлкөлөрүн коюшту.

– Че за «Карабалты арагы», че за пойло такое у них? Мы сейчас узнаем что это такое? Если плохое то всем им конец!

– Это очень хорошая водка ребята, давайте я Вам налью, – деп калды напарницам.

– О гитара! А чья? Твоя сестричка.

– Нет напарника.

– А где твой напарник?

– На верху спит, отдыхает.

– А ну давай его сюда, эй бабай, нука подъем, спускайся сюда живо!

Түшүүгө туура келди. Катуу ойгонуп тургансып сыр бербей жерге секирип түштүм:

– Здорово мужики!

Көп болсо 19-20 жаштагы боз балдар, баары чаар кийимчен. Мас.

– Этот че то на тех не похож. Кто по нации?

– Киргиз я!

– Аа, ну садись раз киргиз. Мы вот шли по составу, одни турки. Вот только в этом вагоне Вы другие?!

Кыпчылып отура калып арак куюп, бат-баттан таанышып, гитараны ала коюп Высоцкийдин бир ырын согуп жибердим эле «оо братишка, давай ещелошуп» эрип кетишти, кадимки эле орустун балдары болуп чыга келишти. Көрсө, булар кайсы бир поюздан куралдуу кылмышкерлерди талкалап, жөнөтчү жагына жөнөтүп спецтапшырмадан үйгө кайтып, биздин поюзга чыгып калышыптыр да. Челябинскийлик спецназданбыз дешти. Арасында бирөөнөн башка төртөө Чечняда болуп аман кайтышкан экен. Ошондуктан сакалчандарды же төшүн түк баскандарды көргөндө булардын каны башына тээп кетет тура. Бажырашып кадимкидей туугандашып отурдук: Афганский ырлардан бир экөөн ырдап берсем кадимкидей ыйлашып (мас да) ыракмат айтышты.

Ошо күнү Курганга чейин уйку көрбөдүк. Эртеси Кургандан өткөн соң басып барсак балдардын көбү токмок жептир. Бир Турик деген түрк дос бала бар эле, өзү кирпиктерине чейин сапсары, мурду коңкойгон неме. Жанагылар кирип келип:

– Ты кто? – дешсе, байкуш коркконунан эмне дээрин билбей «я хахол, я беложопий» дейт имиш. “Ах ты сука, хохляцкая морда!» дешип уруп (өзү да арык тыртыйган неме), оозуна наскийлерден тыгышыптыр. Бека деген (бу да түрк) дос уйкусурап, служебкада жамбаштап жатса бирөө кирип келип, бутка тепкен экен тура калыптыр. Жакадан муунтуп, жерден бир карыш көтөргөн далдайган ОМОН айтыптыр: «500 рублей сука, живо!» десе, «Есть» деп жиберген экен, коюп жибериптир. Иши кылып, баарын бир сыйра майкандап уруп, анан биздин вагонго барып отуруп калышыптыр да. Ошондон кийин жанагы спецназды экинчи кайра көрбөдүк.

Ст. Каргаполье, Россия

Бул дүйнөдө акмак адамдар көп. Акмак деген он жашында акмак болсо 70ке келсе да ошо бойдон кала берет экен. Эң коркунучтуусу – аялдын акмагы бул дүйнөдө эркектин башына келген чоң бактысыздык, энесинен жеткиликтүү тарбия албаган, катын жасачу ишти жасаганга нодок мындай карөзгөй ургаачылар өзүнүкүн дайыма туура, дайыма ак деп эсептейт да, башкалардыкын уруп да койбойт.

Мындай арганы кетирген арамдыкка каршы тура алаар бу дүйнөдө али эч бир күч табыла элек. Акмак катын жүрүп-жүрүп бир жери кычыша кеткенде тура калып, куру доомат менен болсо да бирөөнү коколоп, жарга такаганды чоң өнөр көрөт, андан кадимкидей ырахат алат… Андан да коркунучтуусу, акмак катын эч жерде иштебей, даяр тамактын үстүндө отурганы. Каалаганча түшкө чейин уктап, ныксырап турат да, тамакка кардын тойгозгон соң күйөөсүн күтөт. Эрмеги ошол. Ал шордуу чарчап келеби, кыйналып келеби, ал жагын уруп ойногон жери жок, ар кайсынын башын келжиреп отуруп, өзүнө жакпай калган кенедей сөз айтылып калса болду, ошол бойдон жаңжал чыгарат. Анткени максаты ошол. Издегени жамандык.

Мындайлар поюзда да толтура жүргөнүн көрдүм. Өзгөчө ушу рейсте болгон окуяны көпкө унутпайт окшойм. Иш мындай болду. Төртүнчү купеде бир аял кетип баратат, жанындагы кошунасы жашы алтымыштарга келип калган киши. Бишкектен чыкканы экөө кызуу аңгемеге кирип «карындаш, байкелешип» таанышышып деле ынак келатышкан. Жалмаңдаган деле кейпи жок, дурус, нормалдуу, орус айткандай «порядочный» эле катындай көрүнгөн. А берки байке болсо көл менен көлдөй кенен ажайып, жоомарт адам экен, «по всем статьям» алганда сонун киши экени көрүнүп эле турат.

Балекет жүргүнчүлөр топурап Целинограддан (Астана) жерге түшүп, тамак-ашын камдап кайра чыгып, поюз перрондон жыла берээрде башталды. Жанагы катын «Акчам жогеле акчам жок» деп чаңырыкты салбаспы… Чач башы саксайып, кебетеси кеткен бойдон бизге чуркап келиптир.

– Эй правадниктер, акчам жок!

– Бизди уурдап алды деп турасың го? – напарнигим Мурат тура калды.

– Силерди алды дебейм, бирок силер балянын баарын билесиңер, ким алганын да айтасыңар азыр! Менин жанымдагы чал кайда?!

Бир далай убактан соң абышка да келип калды. Биртике «согуп» алганы көрүнүп турат, чечекейи чеч, бакылдап алыптыр.

– Поюздун турмушу жагат да кысталак, өзүнчө эле романтика эй балдар!

– Романтиканы азыр сага тетиги катын көрсөтөт, бар ордуңа абышка, жаңжалга даярдана бер. Бирдеме болсо эле бери көздөй кач.

– Эмне болуп кетти анчалык? Тынччылыкпы?

Оозун жыйнай электе нары жактан жанагы аял чуркап келип чаңкылдап кое берди:

– Акча жоготтум ай байке, тамашалашып алган болсоңуз ордуна коюп коюңуз сыйыңыз менен!

– Эмне дейт, кайдагы акча? Эй карындашым, элдин көзүнчө тилиңди тарта сүйлө, эмне деп турасың?

– Бас, сомкеңди көрсөт! Тилимди тартпайм этпейм. Силер эле алып алдыңар, кечээ күнү санап атканда көрүп тургансыңар!

– Тууй ата, бу сен таза ит кылмай болдуң го кишини? Мен алган жокмун эй карындаш, менда кудай деп жүргөн адаммын. Ары-берини карабай түз эле качырганың кантип болсун?

– Албасаңар балаңар менен каргангыла!

– Ой сен таза акмаксың го? Кылбаган айыбыма балдарым менен каргангыдай мен акмак эмесмин! Мен вообшум эле эч качан карганып көргөн адам эмесмин!

– Көрдүңбү, сен эле алгансың?

– Сенсиребе эй аял, сенсиребе!

– Милийса азыр келсин, силер менен башкача сүйлөшпөсөм элеби? Каратып туруп алдырып ийгидей мен эмне, билесиңер силер да правадниктер, баляанын баарын билесиңер…

Андан ары айым алкынып-жулкунуп болгон «өнөрүн» көрсөттү, тиги абышканы беттен апчып тытып сала жаздады. Арачага түшпөсөк абышка байкуштун абалы бир топ мүшкүл болмок экен. Шордуунун ичип келген жүз граммы да бир жеринен чыгып кетти окшойт. Матрасын көтөрө чаап, шейшебин сыйырып алып башка купеге көчө качты. Ал ортодо милийса келе калып, бир топ жүдөтүп жиберди элдин баарын. Иши кылып ызы-чуу менен гүрү-гүү болуп бир топко чейин бардык.

Кеч кирип эл жатаарда бир карасам тигил аял уктап аткан. Бир маалда туруп келиптир. «Акчамы таптым» деп күнөөлүүдөй жер карайт. «Кайдан таптың, ким алыптыр?» десем, «өзүмдөле экен» дейт. Кечирип койгула дейби десем ал оюна да келбеди сыягы, кайра баягыдай жайдаңдап эчтеме болбогонсуп, шакылыктап жүрдү. «Бар жанагы абышкага бар, ошону таап кечирим сура!» дедим. Кеткен.

Бир оокумда тыңшап турам, абышка ашатып атат, ашатып атат, тим эле түтүнүн чыгарып жибергичекти сөктү. Мелтейип угуп турду уялбай. Ошондо ойлобатам, бу куру дооматың жаман нерсе экен, эски кишилер «Эй кудай, куру дооматыңан сакта» деп кудайдан ошончүн тиленет тура, эми түшүндүм.

Ст. Каменск Уральск, Россия

Свердловскийден кайттык. Поюз ээн, жүгү жок. Бир нерсени эстеп күлүп коюп келатам. Напарнигим шаар кыдыралы деп шаарга чыкпайбызбы Свердловскийге, бир жеринен аралап келатсак, сонун гүлбагы бар экен, ичинде пийва саткан да точкеси бар окшоду. Кой бир крушкеден соголу деп кайрылып калдык. Кирип баратсак эле бир кызык көзгө учурады. Орто жашап эле калган орус төрт аяктап турат, үстүндө болсо бир кыз, бир жигит экөөсү отургучта отургансып жайбаракат чылым үйлөшүп, тигинин үстүндө отурушат. Оозум ачылып Муратты жеңден тартып, токтоп делдейип калдык. Жанагы экөө болсо тамекилерин тартып бүтүштү да туруп баратышып тигиге акча карматкандай болушту. Мужик ордунан тура бою-башын түзөй электеле дагы экөөсү келип чөктүрүп (көнүп калышкан окшойт) кайра минип алышты. Биз да тиктеп турабыз кетпей. Булар бат эле ары-берини сүйлөштү да, туруп кетелекте эле чычайта тамеки тиштеген кодурайган эки чычым пайда болду. Мен аларды кубалап ийип орусту кепке

тарттым.

– Мужик ты че делаешь?

– Работаю.

– Как работаешь?

– Вот так и работаю, скамейкой.

– Аа… Много ли платят?

– Когда как. Но на хлеб и на водяру (аракты айтат) зарабатываю. Ни у кого не прошу ведь!

– Ну ты даёшь? – сүйлөшүп турабыз.

– Ар кандай акмактар көп кездешет биздин жумушта, – дейт Саня салабаттанып, – эл катары отуруп кетишсе эмне, жо, обзятельно тамекисин менин чекеме же арт жагыма, көчүгүмө басып өчүрүш керек, көрчү чекемди» дегенинен карасак, чын эле байкуштун чекеси бир нече жеринен күйүп, печет түшүп, так болгон жерлери бар экен. «Кээде төрт буттап турбай, дөңгөч сымал узунуман да жата берем. Ничего не поделаешь, клиент эмне десе, эрки менен болууга туура келет» дейт. Отургучуңдун акысына кандай акча төлөшөт деп сурасак, «негизи жарым саатка 5 рубль, бирок 1 саат отуруп, 1 рубль карматкан итибайлар көп, бирдеме деп көр, көгала кылып сабап, кайра өзүң араң качып кутуласың» дейт.

Шумдугуң кур! Кадимки эле адамды адам үстөл кылып мингени акыр заман эмей эмне, жо карасаң эй, ойлоп тапканын отургуч болуп иштейт имиш!..

Екатеринбург, Россия

Мен челноктор деселе мурдун чүйрүп, аларды экинчи сорттогу адамдар катары баалагандарды көп жактыра бербейм. Эсимде, анда Москвага каттап жүргөм. Бир жолу менин вагонумда Москвадан бир орусташып кеткен кыргыз аял келди Бишкекке чейин. Илим дейби, бирдеме жактайм деп барган имиш Москвага, күйөөсү болсо бир чоң кызматта иштеген неме экен айтканына караганда. Рязандан өткөндөн кийин түнкү саат үчтөргө жакын служебкада үргүлөп отурсам, акырын тыкылдатып келиптир. «Мени башка купеге которуп коюңузчу», «Эмнеге?», «Биздин купеде ужасна тер жыттанып атат». Мен которалбайт экемин сизди дедим. «Вы поймите, я как культурная женщина, терпеть не могу этих коммерсантов» дейт. Ошенткенделе жиним кайнап кетти. Эмне, алардан сенин бир жериң алардан ашык болуп турабы айымгүл, булар деле сендей киши десем, «Ну не могу, они так едят грубо и разговаривают так, как будто у себя в кишлаке» дейт кайра. Эми алар сендей аспирантурада окушпаса, культур-мултур менен иштери жок жөнпенделер болсо… анда эмне, поюзда жүрбөшү керекпи? Болбойт ыйлактап. Мен айттым, «баланча купедеги аялды сенин ордуңа котором, сен болсо анын ордуна өтүп ал». Ошентип кутулдум.

Бирок мигранттардын баарысы эле тупой, караңгы адамдар эмес. Үчүнчү купеде үч жигит келатат. Экөө бир жерде туруп соода кылабы же бир базада жүк түшүрүшөбү, айтор айрылышпас жандар экен. Үчүнчүсү болсо буларга жол шерик болуп жаңы кошулган. Берки эки дос поездге отуруп аткандале кызуураак болушчу. Мени таңгалдырганы алардын кызуулугу эмес, бирдемени талашып, бири экинчисине: «Эй достум, сен значит, классикалык гуманизмдин принциптерин кабылдабайт турбайсыңбы? Эсиңдеби, Гумбольдттун айтканы?» десе, наркысы: «Мен албетте Гумбольдтту сыйлайм дечи, бирок аныңдын: «Маданият бүтүндөй бир ширелишкен бирдик» дегени көбеле жага бербейт» дебатпайбы. Билет текшерип аткан напарнигим, Меркенин карапайым жигити Марат болсо оозу ачылып, түшүнбөй, булар Гумбольдт деген «коен» (билети жок) ээрчитип алганбы дегенчелик кылып: «Кириңдер, кириңдер жылдам, Гумбольдту не кыласыңдар аныңдар ким еди?» деп койду. «Ээ достум, али Бишкекке жеткенче далай салгылашабыз, сенин Макиавеллаңды да, Монтескьеңди да, Ницше, Кантыңды кошуп туруп талкалабасам карап тур» дейт беркиниси вагондун астанасын аттап кирип баратып. «Баары бир, коомдун жана жаратылыштын жалпы мыйзамтуурулугун мен сага далилдеп берем» деди тигиниси да жөн калбай. «Байке, манаулар не деп туру шешеңди, чо ту ни то гой булар, сак болуу керек – деди Макем, – жанагыдан урып алган жокпа буларың?»

Мен болсо асман астындагы кара жумуштан тотуккан булардын кейиптерине жана учурашканда кесилип туурулган орой колдоруна карабай, неси болсо да оңой жигиттерден эмес экенин туюп турдум. «Настоящий интеллигенттер Маке, мен мындайларды аз жолуктурдум, буюрса, менттерге тийгизбей жакшылап алып баралы» десем Макем: «Неси интеллигент, стройкадан келатыр гой булар көптүн катарында. Аларга мынча ичиң жылып туру байке? Иче берип жүдөтпөсө болду, көрдүңбү сүйлескендери да не то» дейт. Булардын үстүнө дагы бир жигит кошулду. Накта колхозбай, карапайым жигит экен, бирок дымагы ай чапчып турат. Поюз перрондон күүлөнүп шаардан суурулуп чыкканда алардын купесине баш бактым. Үчөө бир шише аракты жаңы бузуп, отуруп калышыптыр. Тааныштык. Акыл менен Адылбек «философтор» бири Чүйдөн, бири Оштон экен, үчүнчүсү болсо бу да түштүктүн жигити болуп чыкты. «Философтор» Москванын Тушино деген жеринде чоң пиво базада жүк түшүрүшөт экен, аркы дос болсо Измайловка базарында стройматериал сатам деди окшойт унутпасам.

– Кел эми шеф, – деди Акыл стаканын кармап, – кстати, адамдын бактысы эмнеде билесиңерби, жагымдуу сезимдерде жана анын бардык табигый керектөөлөрү моминтип аз-аздап болсо да канааттандырылгандыгында, ошончүн, анан таанышкандыгыбыз үчүн алып коелу.

– Туура досум, бирок сенин Оуэниң бу маселени эң примитивдүү гана алкактан алып караган, кечиресиз, биз ушинтип кажыша беребиз Баке. Анткени экөөбүз тең философторбуз, экөөбүз тең бул илимдин кандидаттарыбыз. Эми турмуш экен, философия багалбай калбадыбы, грузчик болуп кеттик биерге келип. Бирок мунсуз (философиясыз) экөөбүз тең жашай албайбыз, колубузда пиванын жашиктери болсо да, оозубузда Юм, Кант, Аристотель, Моррелли. Жумуштагы кожоюндар бизге Сократ, Платон деп ат коюп алышкан. Кээде жондон жон, колдон кол калбай төрт бүгүлүп калганда урдук, кетебиз Бишкекке, эптеп күн өтөөр деп калабыз. Анан эле ай сайын колубузга 500-600 бакстан карматканда (ашыкча иштегениңди өзүнчө төлөйт) кыйналганды унутуп калабыз, шүгүр дейбиз. Ушинтип убакыт өтүп атат.

Мына сага! Айтпадым беле булар жөн балдар эмес деп. А берки үчүнчү жигит болсо «Бишкекте подполковник милийса досу бар экенин» бир айтып бир койбойт, булар бээ десе, тиги төө деп сөзгө аралаша калып атты. Боорум эзилет.

Жанагы «челноктордун буту сасып атат» деген илимпоз, таза катынды ушулардын үстүнө кийирип койдум. Адеп өңү-башын тырыштырып атып кирген, эртеси «бесподобные люди, я таких умных людей еще не встречала, класс, фантастика!» деп калыптыр. «А третий как?» дейм. «Аа этот, у которого друг подполковник? Я кроме того, что у него друг в Бишкеке подполковник, ничего о нем не знаю» дейт. Чын эле байкуш кайра-кайра айта берип, көп өтпөй өзү «подполковник» атка конду. Бир баш баксам берки Адылбек сайрап атыптыр: «Геологиялык убакыттын өлчөмү менен алып караганда, адамзат эң эле көп болсо бир миллион жыл жашады. Эсепсиз кылымдар бою күн азыркыдай эле чыгып, батып, ай алмашып, жылдыздар күйүп, өчүп турганы менен бул нерселер адамдын пайда болушу менен гана таанылды да» десе, берки Ашырбай айтып атпайбы: «Точно эй, бир жолу саунада отурганда Бишкектеги подполковник досум да ушуну айткан эле». Өлөсүң да өлөсүң, өзүнчө эле анекдот…

Ст. Таинча, Казахстан

«Жаңы» кыргыздар кызык эле калк болот экен. Чынында кечээ эле челнок болуп алыс жолдун эки учуна чапкылап, чаар сумке көтөрө берип колу туурулуп, жону бетонго айланган бир кыргыз күндөрдүн биринде эле поюздан түшө калып, эртеси карасаң көчөгө «жаңы» болуп чыга келгени дурус дечи. Үйү, машинеси, кийген кийими, атүгүл аялына чейин жаңы. Иши кылып сыртынан карасаң баары эле окшошуп, келишип тургандай сезилет. Акча көп болсо кыргызда, өзгөчө «жаңыларда» каада да көбөйөт эмеспи. Жүйөсү болсо болбосо эки күндүн биринде опур-топур болуп бири-бириникине мейманга, зыяпат уулап бармай, келмейден башка иштери болбой калат окшойт.

Күн сайын казан асылып, тамак-аш жасалып, ал көп учурда желбей ачып-кычып мусурга ыргытылат, ошо эле убакта бир сындырым нан таппай, жан-жакадагы ачкасынан теңселген бомужга «ме, момуну сен же» деп койгонго киши жок. Булардын иттери да тамакка карагысы келбей калат экен, жадагалса өзүлөрүнүн ит экенин унуткандай, үрсөмбү үрбөсөмбү дегенсип көктү тиктеп жатканы жаткан. Мен «жаңы» кыргыз болдум деген бир адамдын үй-бүлөсүнөн мисал келтирип атам, анын ылымталаш катнаш адамдары да так эле ушу кишиникинен ныпым айырмасы жок турмуш кечиришет экен. Буларга аралаша калганда көңүл топук алаар бир гана нерсе – каалаганыңды ичип-жеп, жок дегенде физиологиялык муктаждыгыңды канааттандыра аласың, духовный же руханий жагы болсо орустардын тили менен айтканда «смертельная тоска». Сен төө десең булар бээ дейт же тескерисинче, кыскасы бул чөйрөдө тышы жаркырап турган адамдардын ички дүйнөсү жок, ал болчу жерде баштапкы жапайы инстинкттен, акча жөнүндөгү бүтпөс-түгөнбөс сөздөрдөн, өзгөлөрдү сындагандан башка таш балекет да таппайсың.

Бир жолу ушундай «жаңылардын» бириникине коноктоп барып калдым. Үй ээси, торсоюп кызара бөрткөн «жаңы» кыргыз тынбай бапылдап, аборотундагы жүгүртчү акчасына, жакында базардан сатып келген кавказ овчаркасына чейин айтып келип бир кезде силерге камдаган сюрпризим бар деп калды. «Карап турсаң, азыр 50 бакстан падарке таратат болуш керек бу келесоо» деди жанымда жанатан бери каадалана отурган керсейген неме жактырбаган тейде. Мындай кабардан көңүлү шат боло түшкөн калк дароо ураалап, стакан кагышып, эмнеси болсо да алдыда күтүп турган жагымдуу бирдеме бар экенин туйду шекил, отуруш ого бетер жандана түштү. Чала кызый баштаган бир айым улам эле чөнтөк телефонун чулуңдатып, ачык эле обу жоктонуп баратты, чала-бучук орусча аралаштыра согуп, телефонунан тынбай сүйлөшө берип отургандарды да жадатты, акырая, акшыя карагандарга көңүл да буруп койбойт, өзүнчө эле «вумен леди» атаңгөрү.

Ошентип отуруш ортолоп, элдин алагүү бажылдагы кызып табына чыкканда үйдүн кожоюну коошпогон, жарашпаган, жаман спектаклдеги начар ойногон артисттин кейпи менен «Сүйрүприз начинается» деп жар салып калды. Андан ары «Внимание, азыр будущий Болот Миңжылкыев, менин балам, келечектеги гениалдуу ырчы, азырынча Тамчик!» деп 12-13төрдөгү балакайды ортого алып чыкты. Ошо замат аны унутуп, кымбат акчага мугалимдерди жалдаганын, алар да муну түз эле жөн бала эмес, тубаса гений деп өзүлөрүнүн бүтүмүн чыгарганын, эми иностранецтерге көрсөтөөрүн, атасынын гөрү, колдон келип турганда жогеле дегенде Москвадан окутканга аракет кылыбатканын узундан узун жарамазанга айлантып айтып кирди. Бала байкуш чоң кишилердин көзүнчө сүрдөп, бир туруп мурдун чукуп, бир туруп тияк-быягын тырманып, не кылаар айласын таппай, акырында үстөл четине отура калып тамак жеп кирди. «Тамчик, бол азыр конокторго ырдап бересиң» деди атасы акыры сөзүн токтотуп. Шашкалактаган балакай өйдө боло берип, килейген сок куюлган стаканды үстүнө оодарып алды.

Жанында отурган аял өлөөрүнөн араң күлүмүш этип, сок жаба берген кымбат баалуу көйнөгүнөн өңүрүн бир силкип алды да, үйдүн кожоюндары тарапка жылаанча иймеңдете мойнун созуп, «Эчтеке эмес» демиш болду. «Ырдатса батыраак ырдатпайбы ары» деп ышкыра заар үн катты кошуна киши менин кулагым жакка эңкее берип.

Гений деп мактаган балада өзгөчө деле эчтекеси жок экен. Баладай эле бала. Чыйылдаган жагымсыз үнү менен Бектин кайсы бир ашмалтайы чыккан ырын созуп эле жатып калды. Анын да сөздөрүн улам унутуп, атасы, энеси бир жактан ашар кыла кошулуп, ырдашып атып эптеп чогуу бүтүшкөндө, жанатан бери жүдөп кеткен эл ырга эмес, эптеп бул кыйноодон кутулганына көбүрөөк сүйүнгөндөй суйдаң суюк алакан чапкан болду. «Ой Куке, мунуң чын эле анык Миңжылкыев турбайбы» деп калды менин кошунам таң бергенден көрө какшыгы көбүрөөк үнү менен. Балакай мурдун көтөрүп көрдүңөрбү дегенчелик кылып эдирейип турду. «Эми жуп кылалык, Тамчик, баягы «Жегениң шакалатты» сокпойсуңбу?» дегенде бержактагы угармандардын ындыны өчө түшкөндөй тымтырс боло түшүп, кимдир бирөө «Мынчалык болду, эми ыркесе кылбайлыкпы?» дегенде араң турган калк «Ооба, идея, давай, Тамчик да эс алсын кичинелеп» деп колдоп кетишти. Араң кутула жаздап бараткан конокторду Тамчиктин чыйылдаган үнү токтотту: «Ооба, ооба бул сенсиңби, кандай салам… тааныдыңбы, тааныдыңбы жүрөм аман».

Кеп андан ары жалаң ушак айың менен жүрдү, «Баланчанын тамы үч кабат экен, түкүнчө министрдин катыны Англияга эс алганы кетиптир, Ашматтын кызы «Мерседестүү» болуптур, Ташматтын баласы баланча кридит алыптыр» ж.б. жадатма кептердин арааны жүрүп, тамшанган, суктанган, үшкүргөн кажылдак менен кошо арак да суудай акты.

Ошентип буржуй жаңы кыргыздын үйүндөгү үлпөт отуруш тээ түн жарымынан ары оой созулуп, ырчылар ырдап, температурасы абдан ашып кеткен боксчулар бокусташып тебишип, картежниктер айда карта чабышып, тырмактуулар бир сыйра тытышып, иши кылса жашоонун, буржуй турмуштун жыргалын таң аппак агарып кеткичекти катыра татышты. Иши кылса, ар ким өзүнө жараша өнөрүн аянбай көрсөтүп, акыры таң кылайып баратканда туш келди үй ичине чачылып, ар кай жерде томолонуп, тоңкоюп-туңкуюп жатып калышты.

«Аппак алалы эле, аппак алалы» деп түнү менен бапылдап, элдин баарын, өзүн да аракка сугарган тамада жигит акыркы жолу «аппак» деп оозун ачып баратып жалп «өчкөн» экен, ошо бойдон оозу аңырдай ачыла оор уйкуга кетиптир. Кыскасы, буларыңдын деле отуруш зыяпаты кадимки эле карапайым кыргыздыкындай тура. Баса, эртеси эл уйкудан туруп, чайга отурганда кечээки телефону бар аял кокуйлап калды. Сумкесинен бир кымбат баалуу буюмун бирөө шилтеп кеткен имиш! Жаңы кыргыздын үйүндөгү зыяпат ушинтип ЧП менен аяктады. Мен болсо ичимде мындан ары бир да жаңы кыргыздыкына отурушка барбайм деп чечтим.

Свердловскийге жол тартчу №205 поюз перрондо турат. Посадка же болбосо жолдош жүргүнчүлөрдү вагонго отургузуу жүрүп атат. Тартиби жок жолдош жүргүнчүлөр болсо кырылышып, сүрүшүп, эптеп вагонго кирүүнүн камында.

Билеттерин колуна кармаган бирин-экин орустар четке сүрүлүп, бу жапайы төө бастыны жек көрүү менен карап турушат. Биз болсо эшикти кеңири ачып таштаганбыз, бириң өлүп бириң кал дейбиз. Негизи минткенге акыбыз жок, биз деген эшик алдында «пажалста ваш билет», «кириңиз мархамат» деп ийилип турушубуз керек. Жолдош жүргүнчүлөр болсо ыраазы боло жылмайып бизди алкап адегенде балалуу катындар, чалдар, жаш балдар, анан калган калк кириши керек. Бизде атасынын чокусуна андай болобу, күн башка жактан чыгып кетпейби андале. Жок, бизде биринчи очеретте сүзө качырып букадай болгон буура сан жигиттер кирет вагонго, жанагы катмар, чал-кемпирлер, балалуу, боюнда бар аялдар, жаш балдар эң акырында үлгүрсө кирди, үлгүрбөсө кала берди ошоерде.

Жүргүнчү калса калсын, бирок чаар сумкелер калбаш керек. Чаар сумкелерди жүктөтпөй коюшса алар такси менен поюзду кубалап отуруп болсо да жетип, баары бир жүктөшөт. Темир жолдогу кеңкелес инструкторлор бир-эки байкуштукун поюзга салдырбай коюп (акча бералбагандардыкы да) укмуш тартипке салдым деп керсейгендери менен, ал чаар сумкелер инструктор кабинетине жөө басып жеткичекти эле поюзду Шопоковдон кууп жетип, вагондорго култ-култ эте кирип кеткен болот.

Кыскасы, поюзга адамдарды отургузуу башаламан, чаң-будуң. Анан эмне кыласың, эшикти кенен ачып таштап, ары басып кетесиң, киргени кирди, кирбегени өзүнөн көрсүн. Вагондун жанында деле караан болуп турайын дейсиң, бирок жанды коюшпайт. Инструктор келет, ага жогеле дегенде 100-200 сом берүү керек. Ичи менен жашынып, чоң жылдыздуу менттер тооруп келет, аларга да «отметка» керек, өфф, эми кутулдум деп турсаң өзүңүн рейске чыгалбай жүргөн проводник шериктериң, анан бомждар, кайырчылар даяр болот. Баарына эле бер, бер, бер… Поюз жылып чыкты дегенче кайра башталат, иши кылса алыскы рейске барып келгичекти көргөн турмушуң ушул, рейс сайын кайталана берет, кайталана берет, көкөйүңө көк таш болуп тие берип, акырында качарга жер таппайсың…

Шопоков бекети, Кыргызстан

Жанымдагы төртүнчү вагондо проводниктер – аялы менен күйөөсү чогуу кетип баратышат. Демейде Москвага жүрчүбүз дешет, бир жолу Свердловскиге суранып баратышыптыр. Күйөөсү күржүйгөн албеттүү неме ачуусу да чукул экен, аялын жарым сөздөн илип чыркырата сөгүп, колуна эмне тийсе ошону менен каңк дедире басып жиберет окшобойбу. Өзүнүн шорунанбы же бактысынанбы, аялы болсо өлүп баратса тилин тартпай ышкырып турган бир кокуйкүн дейт. Иши кылып бул экөө үйдө да, поюзда да кубалашып, чабышып, тебишип өмүр бою келатышат, бирок бири да мындай жашоого тойдум, урдум деп, бу кезге чейин лам деп бир ооз ачканы да жок, аны ойлоп да коюшпайт шекилди.

Ток этээри – экөөнө ушу жашоо кызыкпы кызык. Мен бул түгөйдүн турмушу жөнүндө мурда балдардан көбеле уктум эле, эми өз көзүм менен көрүп баратам. Таң эрте Карагандыга кирип токтобойбузбу. Мен кошуналардын тамбуру жактан түшөйүн деп аякка өтсөм, аялы тим эле чаңырып атыптыр. Кимди эмнеге каргап-шилеп атат ит билсинби. Ай, эмне болду десем: «Карачы, чайга деген отунду, жыйнап койгон бош бөтөлкөлөрдү бүт бомждор шыпырып кетиптир, тиги «өлүк» болсо (күйөөсүн айтат) кечээ ичип келген бойдон сулк жатат» деп дагы толгон-токой ыпылас сөздөр менен тынбай каргай берди, каргай берди, токтоор кейпи жок. «Ээй бас үнүңдү! Азыр өзүм барып басам!» деп барк этип калды тияктан «шеф». Ага болбой эле бежиреп атат, тил деген болсо бир километр болуп тетиякты көздөй кетти. Кудай сактай көр деп мен турам бери жакта. «Жаткан полкаңан учуп арка мойнуң астыңда калса кана» деп ошондон кайф кармап, жөөлүгөн аял сөзүн бүтүп бүтпөдү, ары жактан аюудай атырылган күйөөсү чыгып келди да, бир колу менен алкымдан экинчи колу менен курсак ылдый апчый кармап жерден таптак үздү да, мүшөктөн бетер тамбурдун дубалына даңк урду.

Бул иш ушунчалык бат болду, аял өзү да эчтеме сезген жок. Бок, сийдиги аралашып өпкө боору үзүлүп кетти го деп эй баланча кой дебейимби… ал мен жакка карап көп болсо 2-3 секунд бурулган болду, ошо арада… шумдугуң кур… талпак болуп тамбурга күбүлүп түшкөн аял мышыкча шып бутуна туруп, күйөөсүнүн колтугунан жылаандан бетер суурулуп чыкты да, айлана качып вагонго кирип кетти.

Дегеле жол шерик болуп жүргөн жубайлар темир жолдо бир топ эле. Биздин бригадада да Тимка (Тимур) келинчеги менен жүрөт. Алыскы жолдо нелер гана болуп кетпейт, бир жолу ушу Тимка Москвага баратып болбогон жерден «косякка» кирип калат. Угушума караганда Пензанын милийсалары вагондун кайсы бир кычыгынан бирөөлөр качандыр бир тыгып коюп унутуп (же балким алалбай кеткен) калышкан эски наша таап алышпайбы. Булардын көктөн издегени минтип жерден, болгондо да Тимканын вагонунан табылып атса, «Была бы лишь вина а статья найдется» дегендей шымалана түрүнүшүп, Тимканы келинчеги менен кошо түн жарымында поюздан түшүрүп, милийсаканага алып келишет да, ал анан, ошоерден катуу кысмакка (прессинг) алышат. Экөөнү эки бөлмөгө бөлүп отургузуп алып, улам бирөөнө алмак-салмак «Күйөөң мойнуна алды», «Келинчегиң мойнуна алды, бүттү кол кой» дей беришет. Жөн пенденин баары эле мындай психологиялык чабуулга такат кылалбайт, далай «төбөсү боштор» буга чейин мындай фокуска илинип, тырмактай күнөөсү жогеле өз баштарын өзүлөрү кыя чабышкан. Милийсалардын бул өнөрүн туйбаган-билбеген Тимка бекен, «Жена уже призналась, давай ты тоже» дегенделе «Мойнуна алса алсын, камап салгыла, менин андай аялым жок» деп кесе айтат.

Тимкадай жигиттин келинчеги да оңой неме эмес, ал да так ошондой жооп айтып туруп алат. Таң аткычакты суракка алышып акыры айлалары кеткен оперлер буларды кое берип жиберишет. Тимка аны (нашаны) көрбөсө, колуна кармабаса, өзү алгач ирет таңгалып атса, анүстүнө жолдо жүрө берип, анык көкжалга айланган неме, тигилер канча кысса да дың дебей отуруп бүпбүтүн, аман-соо чыгып кетип атпайбы. Орусиянын милийсалары эчтеке колго илинбей же чөнтөккө акча түшпөй калганда, убал-сооп дегенди уруп ойнобойт, өзүнүн чөнтөгүндө дайыма атайлап салып жүрчү тырмактай нашасын ыргытат да, сенден таптым деп чыга келет. Адамдын кайраттуулугу, токтоолугу, бекемдиги ушунда бир сыналат дейсиң, мындайды көрбөгөн, башы бышалек жаш проводниктердин айласы алты куруп, бурчка камалып өзүлөрүн жоготуп, жем болуп бергендери сансыз. Кыскасы жолдун жолдой азабын көтөрүү үчүн эрк да, жүрөк да, темирдей катуу нерв да керек, бул үчөөсүнөн куржалак пенде проводник болуп алыскы каттамдардагы поюздарда жүрүшү кыйын, өтө кыйын.

*     *     *

Проводниктин турмушу жалаң бүтпөгөн рейстерден, бирде ачык, бирде бурганак, бороон чапкын болуп турган жолдордон турат. Бул жолдо ага медер, караан, жөлөк болоор жан да, жол да – шериги, напарниги. Анан бул жумуш башынан аягына дейре бүтпөгөн ызы-чууларга, мээни кургаткан психологиялык ар кандай кырдаалдарга, түйшүктөргө, сарсанаага толтура болгондуктан проводникти мындан алаксытаар арак болуп саналат.

*     *     *

Каалайсыңбы, жокпу, бул ичимдик чынындале узун жолдо проводниктин «мээси кыйшайып» кетүүсүнөн сактап кала турган бирден бир каражат. Проводниктер арасынан көп адамдар ичпесе да, баары бир жанагыдай кыйчалыш кырдаалдарда кан басымы чыңалып, шакардай кайнаган жиниң, ызаң кысып келгенде өзүңдү коерго жер таппайсың. Бир стакан аракты тартып жиберсең жаның жай ала түшөт. Жолдун түйшүгү бир азга болсо да жеңилдеп калгандай болот. Бирок… ар нерсенин бирогу бар дегендей, ушинтип аз-аздан иче коюп жүрсө боло берет экен деген нечен сонун жигиттер, кыздар пассивный ичкичтерден активный аракечтерге кантип айланып кеткенин өзүлөрү да билбей калышат. Ошентип жүрүп биротоло шишенин түбүнө чөгүп, аяктан кайра чыгыш, өх, кандай оор. Жашоонун болгон бүткөн жыргалы ошо гана жерде деп эсептеп калышат окшойт. Кудай сактасын, адамзаттын турмушуна биротоло кирип орноп калган бул өнөкөттү ар бир пенде өзүнүн башы менен гана (мээси, акыл-эси) башкарып турбаса, мунун аркасы көр, арты туюк түпсүз туңгуюкка кептелээрин ар ким туюп турса да, баары бир акылга салайын дебейт.

Бир тартып жиберген соң ичти куйкалап өтүп, көз тумандай, жан-тениң көлкүп, айлана-тегерек бир башкача көрүнө түшкөн ирмем өзүнүн кучагына пендени бир кысып, таманына бир басып алган соң кайра кое бериши кыйын окшобойбу… Проводниктерде деги аракты тынбай ууртап турганга жүйө толтура. Биерден чыгып баратып, о кудай, аман-соо барып келгенге жол бере көр десе, кайра келгенде да о кудай аман-соо үйгө кайттык деп туруп ичип коюу керек. Ал эми ушу экөөнүн ортосунда эмнелер гана жатат. Кыскасын айтканда түшүндүңөр да… Кыргыз аракка өзү ачуу болсо да, ниети таттуу деп, өзүнүн кең пейил философиясына ылайыктап аныктама берип койгон. Жакшылык да, жамандык да араксыз өтпөйт, араксыз негедир көркүнө чыкпайт. Ошонун сыңарындай, узун сапардын да мунсуз кызыгы жок, мунсуз көңүлсүздөй. Бирок кээ бирөөлөр бар, мындайлар негизи өзүлөрү эле туулганда жүз грамм ичип туулгандай. Кудай мына ушундайлардан сактасын, таптакыр эле жинди болуп калышат.

Бул рейс Свердловскийден чыкканда биздин кошуна вагондо жүргөн Акмат аттуу жигитке 4-5 челноктор доллар-передача берип атышыптыр. Кийин билсем 20 миң доллар экен. Акмат кайран аны бирден шашпай эсептеп белине түйүп алып келатат. Мен болсо, бери жакта эле жүрөгүм түшүп, өзүмчө опкоолжуп келатам. Анткени мен аны жакшы билем да, жүз грамм ичти дегенде иш өлдү, “чуркап барып бетон дубалды сүз, сенин башың мыкты” деп койсо, бул келесоо күүлөнүп туруп эч ойлонбой чуркап сүзөт ошо бетонду!

Акчанын өзүнчө бир кудурет кубаты, деми болот эмеспи, ал чөнтөктө жатса жан дүйнөң тынч, телегейиң тегиз, баскан кадамың шайдоот, сүйлөгөн кебиң да бакылдап бекем болот экен. Сырт ааламда үңүрөйүп күндүн көзү ачылбай түнөрүп, бозмолтой боло бозоргон асмандан майда, көңүлсүз жаан себелеп турабы же дүйнөнү топон суу алып атабы, сенин дүйнөңдө жадыраган күнөстүү көктөм. Анткени дүйнөнү ошо түстө көрсөтүп турган акча окшобойбу пендеге.

Акылдуу, зирек адамдар чөнтөгү кампайган сайын андан бетер ар тарабындагыларга ийилип, ылдыйлап, акчасыз айылды айланып өтпөй, колдон келишинче ажат ачып дегендей, иши кылып «Пенде акчанын эмес, акча пенденин кулу болушу керек» деп атам замандан бери айтылып келаткан даанышман кептин чийининен чыгышпайт экен. Менин Акмат досума окшогондор болсо 20 миң аманат баксты белине түйүп алып, кудум өзүнүкү сымал көрүнгөнгө мактаныч кыла көрсөтүп, ошонун деми менен көөп келатыр ушу рейсте. Астанага чейин анчалык билинген эмес, Караганды жакка бери ылдыйлаганда Акмат аракка катуу кирип кетти. Ичип алса жинди дебедимби муну. Шарактаган эки казак кызды колтуктап улам ресторанга өтүп, аларды кайра вагонуна жетелеп жүрдү. А берки кыздарга эмне, Акматтын арагын ичип, тамагына тоюп, шапар тээп бир топ жерге барышат да, бир кичинекей бекеттен секирип түшүп кайра келаткан поюзга отура калып айылдарына келе беришет. Кыргыздар азыр айылдан айылга ат минип каттаса, булар поюзду минип алышкан, эч ойлонбой биринен бирине секирип жүрө беришет.

Ары-бери сандалып баса бергенинен Акматты токтотуп бир балекетке жолугалекте койсоңчу дедим. «Братка, грамм кейибе, я за себя отвичаю!» дейт. Табына биротоло келип калган экен. Аны мындан билдим, жаак эттери тырышып, тиштери кычырап калыптыр. Иш бүттү, эми бул бирдеменин ичинен чыкпай койбойт! Акырын басып барып напарнигине айттым, тиги келесоону кара, жанагы белиндеги акчаны алдап алып катып кой десем, ал мени укмак беле байке, өзүңүз көз салып койбосоңуз иш чатак дейт. Андан кайтып жаңы эле служебкага кирсем (Карагандыга келип калганбыз) Акмат ары жактан өзү келатыптыр. Оозу башынан тамтык жок, канжалап калыптыр. Колунда төрт бурчтуу бирдеме мыкчып алыптыр, анысы кызыл жаян кан. Кирпичти чүпүрөккө ороп алган экен дедим. Анысы менен бирөөнү башка чапкандай, болбосо мынчалык канга боелбос эле. Көздөрү айнектей тунарып өчүп калыптыр, тил деле күрмөөдөн калган, буту гана чалыштап басып жүргөнү болбосо, орустар айткандай «ходячий труптун» өзү. Мени тааныдыбы жокпу билбейм, жөөлөп өтүп баратат. Эй токто десем унчукпай кайрылып туруп жанагы колундагы нерсе менен тартып жибербеспи… Тумшугумду тарта калсам эшикти каңк дедире бир урду. Жиним келип көтөрүп туруп жерге бир чаптым да колундагы кирпичин жулуп алдым. Сол колу менен жакамды бир кармады эле, ошо бойдон карышып чыкпайт эч. Тарткылап тарткылап темир калак менен бир чапсам да болбойт, «мертвый хватка» менен жабышып калыптыр. Экөөбүз коридордо тытмалашып чочкодон бетер ооналакташа күрөшүп атсак биздин балдар келип калышты. Арачалашса да тигинин колу жакаман чыкпай койсо… Ошо сүйрөшкөн бойдон служебкага кирдик.

Жанагы чүпүрөккө ороп колунда жүргөнү кирпич эмей эле алиги долларлар экен! Былчылдап канга чыланып, теңинен көбү кыпкызыл. Кызыл долларды али көрелек элем, жүздүк, элүүлүк банкноттор кара күрөңгө айланып, акча эмей эле түшүнүксүз бирдемеге окшоп калыптыр. Буларды эми кургатып да, сүрсүтүп да болбойт, а тиги Бишкекте болсо бу бакстарды 4-5 адам зарыга күтүп жатат. Эми эмне болот? Акмат болсо колу менин жакама жармашкан бойдон өлүү тирүүсү билинбей анда-мында кыңкыстап коюп жатыр сулап.

Мен эми түшүндүм, эмнеге мунун колу жабышып клей болуп калганын. Өчүп бараткан аң сезиминин бир бурчегинде акча алып келатам, аны жоготпоом керек деген ой калса керек, анан мен жулуп алганда жандалбас жабышканын көрбөйсүңбү, үч төрт саат өтүп кетти, дагы эле колун тартпай чапташып жатат. Ошентип, оо бир маалда барып Акмат катуу коңурукка киргенде колу ажырап, жакам бошой түштү. Долларларды иреттеп, бир сыйра санадык. Каны тимеле сиңип калыптыр, анча-мынча жетпейт, кыскасы Акмат чоң «касякка» кирди окшойт.

Бишкекке келсек 5-6 адам дароо чуркап келишти Акматка. Үчөө кыргыз, калганы ар улуттан, орусу, кариси (кореец) бар. Акмат булганган долларларды алып чыкты эле чалкасынан кетишти. Экөө омуроолоп, түз эле коколоп киришти. Биз бержакта страховкада турабыз, не бар, не жок, непадам бирдеме болуп кетпесе экен дегендей. Бир сыйра ызы-чуу түшүп алган соң алар вагонду ээрчип тупикке келишти. Кайрадан разборка башталды. Бир маалда коргонуунун эң жакшы ыкмасы чабуул дедиби, Акмат күпүлдөп өзүлөрүнө атырылды, «Силер мага берип коюп артыман киши салып биротоло «грузить» эткиңер келген, мен болсо мына, айла жок коргонуп минтип дене башыман жаракат да алып калдым, алсаңар алгыла баксыңарды, болбосо экинчи көрбөйсүңөр» деди. «Мен банкка алып барып сопсонун кылыбеле алмаштырып алам» дегенде тигилер бири-бирин тиктеше түшүп, мокоп калышты.

Ошентип Акмат койгулашып атып жанагы талаада калган долларларды ээлерине эптеп өткөрдү, кийин эч кимиси кайра келген жок, демек банктан таза долларга алмашып алышса керек.

Караганда, Казакстан

Бу рейсте биздин вагондо бир наркоман кетип баратат. Анын мындай «өнөрүн» көрүнгөн тешикке мурдун тыгып, бары жоктун баарынан кабардар болуп турууга дилгир орус кемпирлердин бири айтып келди. Поюздун дааратканасында көпкө отурган жигиттен шектенип атайын аңдыган го, тиги оо бир маалда көзү аңтарылып, араң бут шилтеп чыккан имиш. Кемпир акырын кирип караса, шприцти тешикке ыргытып, туалеттин педалын чала тепсе керек, анысы кычыкка кептелип туруп калыптыр.

Кемпир айткан соң, неси болсо да бу баңгибаздардан этиет болушубуз керек, көттөрүнөн көк түтүн чыкканча тартып алган акмактар эч нерседен кайра тартпайт. Деңиз көзүнө көлчүк болуп көрүнгөндөргө поюзуң эмне болуптур, жаалына дүүлүксө маңдайынан чыга калгандарга тап берип кол салып жибериши мүмкүн. Буларың ар кимиси ар кандай жинди болот экен, жанагы немеден «ургандан» кийин, бирөөлөрү ахалап каткырып, өзүнөн өзү боору эзиле жерге томолонсо, бирөөлөрү бопбоз тарта бозоруп, турган жеринде жансыз селейип же көк мээ болгон калкоздун ак коюндай бир эле жерде сыймаланып тегеренгени тегеренген. Кудай жанагы кара жаалдуулардан сактасын, поюзду астын-үстү түшүрө сапырып, оодарып да жибериши ыктымал. Кебетесин карап турсаң куучуйган эле бирөө, катуураак урсаң чачылып кетчүдөй болуп турганы, бирок күчүнүн ашып-ташканына таң бересиң, көрсө бул баңгичөп дегениң кай бирөөлөргө буканы көтөрүп урган ажаан, кара жин берет окшобойбу…

Биздин жанагы байбиче байкаган баңгичибиз да тыржыйган, эти шылынган эчкидей неме көрүндү эле, ким билет дагы «табына» келгенде эмне «керемет» көрсөтөт… Кемпирди ээрчип акырын басып барып карасам жылаандай тасмача оролуп жаткан экен, уктап жаткандай түрү бар, бирок көл-шал түшө чыпылдап тердеп чыгыптыр. Өңдөн өң жок, дубал бери жакта калсын, купкуу тимеле. Анча-мынча кыймылдаганы болбосо өлүк эле жаткандай. Бу Бишкектен отурганда эле жаккан эмес мага, өзүнө окшогон «скелет» достору келип салып кетишкен перрондон. Жолдун теңин өтсөк да сулк жатып келатат же бирдеме шам-шум эткенин көрбөйсүң, ичкени жалаң суу. Тиги кемпир ырас байкаптыр, эми аны «ответственный» кылып байлап койбосом, орус байбичелер мындай иштерди катырат эмеспи… Ким билет, мүрдөдөй жансыз жатканы менен ички кыялында бул буту жерге тийбей каалгып учуп, өзүнчө лаззатка батса батып жаткандыр да…

Жанында бир аксакал келатат, аксакал болбой кара жерге кирсин, тынбай шакылдап сүйлөп, жаш келиндерге улам тийишип ошондон «кайф» кармап баратыры. Өзү мурда майда класстарга сабак берген мугалим экен, ошондон уламбы, кулк-мүнөзү да мадырабаш окуучуларыныкындай болуп калыптыр. Антпесе ар эки сөзүнүн бири «ой маладес эй» болобу… ошол майда батинкелерди окутам деп жүрүп өзү да жаш курагын өткөрүп жибергенин эми эстегенби, минтип чал куракка оогондо поюзда өзүн жигит сезип келатса керек. Курбалдаш аялдарга дегеле карабайт мурдун чүйрүп, э койчу деп койгонун кантесиң… Жалаң өңдүү түстүү жаш аялдарга жанашып, жаналы калбай аңгедот айтып күлдүрүп, бири шайыр адам экенсиз деп койсо, такыр эле жалжактап болбой калды. Атан төө мас болсо, тайлак төө менен дос болот дегендей бу чал да кичине кызып алгандан кийин «менин бардык жагым нормальный» деп, эч ким сурабаса да өзү жөнүндө түз эле «справка» берип кирди. «Бардык жагым» деген ишарасы айтпасак деле түшүнүктүү да, берки ойрондор кыткылыктап күлүшүп, атасы менен теңкур бул «жигитти» ар кайсыл сөз менен чымчып, ишкылса узун жолдун эрмегине айлантып алышканын өзү түшүндүбү, жокпу маалим-челнок марттыгы кармап кетип, зыпылдап чуркап ресторанга барды да бир килейген «Кара-Балтаны» койнуна колтойтуп салып жетип келди. «Бир отуруппуз да карындаштарым» деп койду арагын бузуп атып. Ии дешти беркилер.

Биринчи купедеги бул зыяпат поюз Көкчөтоодон өтүп Петропавловскиге бет алган ээн жайык талаада кетип баратканда күч алды. Аксакал өзүм тос айтып коеюнчу деп бирдемелерди айткан болду да «кана эми, аткриткенин артындагы шул ширин, дежур сөздөр үчүн алалы» деп туруп ыстыканды оозуна беймарал көңтөрдү да, ичкен мамындай дегенчелик кылып стаканды каңк эттире үстөлгө коюп койду. Оо деген үндөр чыкканы, оңбогон чал кадимкидей канатын жая бүркүт отурушка салып кекейип калды. «Класс!» деген үн чыкканы карасак, алиги баңгибаз жигит ойгонуп туруп калыптыр. Чалдын суру бир аз бузулуп барып оңолду. Ошоерде отурган формачан эки проводникти бул чал киши эмес эле сөлөкөт деп түшүнсө керек окшойт, неси болсо да жанатан бери отуруштун гүлү болуп жалгыз өзү келатса, тиги бурчтагы неменин (кантсе да жаш эмеспи) туруп калганын жактыра бербеди окшойт да. Нашакор оо, ништяк-миштяк деп бир сөздөрдү айтып, бөтөлкөнү өзүнүн скелет манжалары менен кармап этикеткасын көрүмүш болду, «клево сидим, кайфово» деп койду. Андан да беркинин күйбөгөн жерин күл кылып «эй чал, куйбайсыңбы» деп жибербеспи…

– Оозуңду карап сүйлөсөң сен үкам, мен байкең болом! – десе тиги:

– Какой байке, запарил старик! – деп ого бетер беркинин кычыгына тийди.

Ансыз да кеңгиреп башы тумандаган неме шаарда өскөн орусча пейил кокуйгүн окшобойбу, жымсалдап этпей эле чалды түз эле кыр көрсөтө кагып, экөөсү аз жерден жакалаша турган абалга келип калышты. Адамдын жырткычы адам беле, же адам бири-бирине карышкыр деп кайсы бир билерман айткандай, булар биринин этин бири жеп жиберүүгө даяр эле, аялдар, табийгат жараткан алсыз жандар, бирок жолдо жүрө берип карышкырга айланган айымдар бири карт, бири жаш эки эркектин бул эрегиши эмне болуп бүтөөр экен деген гана кызыгуу менен көз салып отурушту.

Менин напарнигим Мурыч буларды карап турду да, бир маалда «наркошаны» шак эле желкеден алып сыртка, тамбур тарапка сүйрөп жөнөдү. Мен артынан чыккычакты болбой тамбурдун эшиги карс жабылып, Мурычтын сөгүнгөнү угулду да, тарса-турс боло түштү. Каны кызуу (неси болсо да түпкүлүгү кавказ эмеспи) Мурыч беркини тепкилеп ийиптир. Көрсө, тиги жигит ага секирип өзү өлалбай атып «всех вас проводников…» деп «деловойлонуп» Мурычты баягы бетиң кургур начар үч тамгага айдап салган экен. Ал үч тамгага кете берчү Мурыч бекен, мына эмесе деп туруп тумшукка баскан экен. Берки абышканын болсо бул окуядан көңүлү бир топ көтөрүлүп, кекиликче сергек жорголой кыдыңдап «Карабалтага» дагы барып келе калыптыр. «Петропавловскийге чейин дагы бир жарым сааттай жол жатат. Бүгүн буюрса, «толк чыгарам» деп акырын менин кулагыма шыбырап, мен болсо астыртан акырын байкап отурам. Наркы четте терезенин түбүндө отурган жаш келинчекке улам-улам тийишип, комплимент ыргытканына караганда оңбогон чал асылсаң да жыгачка асыл дегендей, болсо болуп калды, болбосо атасынын башы деп аракетти катуулаткан окшойт. Жаны жай албай туйлап атып ошонун жанына өтүп кыналыша отуруп да алды. Бу эркек дегениң (өзүбүз деле эркекпиз дечи) кызык макулук болот окшойт, көрбөйсүңбү, алтымыштан ары тоголонсо да дөбөт сезими башына чаап, жыйырмадагы боз уландан бетер ойку-кайкы боло оштонуп, ургаачыкумарга арбалып отуру. Арак алтымыштагы карган казелду аяп коебу, көздөрү жымшыйып, кебетеси келишип калыпыр, бирок ошого карабай полный вперед деген окшойт.

Эркектердин түшүнүгү менен караганда бул мактоого татырлык иш, ошондуктан биз анын бул аракетине пейилди кең таштап сүрөп, колдоп, «маладес чал» деп ичибизден таң берип аттык.

Эмне экен, колунан келеби, эбин табабы сөз жок, ысык мөрөй аныкы, турмуштун айтылбаган заң мыйзамы ушундай, кала берсе жетимиштеги чал – жигит, (акчалуулары дегеним) жыйырма бештеги жигит болсо – «крит» болуп отурган бул заманда буга таң калып деле кереги жок. Адеп-ахлак дегениң орноктуу былк этпес, пенденин мойнуна түгөл илип койгон тумар эмес го, тээ жаралгандан бери башы күнөөдөн чыкпай келаткан адамзат баласынын мына, бир өкүлү өмүрүнө күүгүм түшүп баратканы менен иши жок жанындагы кызы, балким келини менен тең аялзатка жеталбай көзү ала чакмак боло тунарып, ыңгайлуу бир учур гана келе калсачы деп кудайдан тилеп келатат.

Француздун Ги Де Мопассан деген айтылуу жазуучусу «эркектин бүткүл өмүрү аялзатын багынтуунун жан кашайткан аракетинен жаралган» деп айтып кеткен сөзү бар экен го, мына ошонун кашкайган бир далили, пожалста, биздин вагондун биринчи купесинде отурбайбы…

Петропавловскийге чейин негизи милийсалар отурчу эмес эле, кайдан-жайдан эки мент пайда болду. Төрөпөттөрүнө караганда кызуураак. Мындай «залетный» иттерди карт проводниктер бир карап эле билишет. Казак балдар. «Баяке, биз келдик гой?» «Келсеңер эмне кылалы?», «Азганакай жумыс истейли?» «Иштей бергидей сен кимсиң?» Мокой түшүштү. Жөн эле каңгып жүргөн немелер да. Формачан болсо эле ойлошот проводниктердин жүрөгү түшүп калат деп. «Ушуларды кармап тапшырбайлыбы?» деп калды Мурыч. Мен давай дедим. Акырын тамбурдун эшиктерин кулпулайын деп вагондун аркы учуна барып эле эшикти тартсам ачылбайт, нары жагынан кимдир бирөө тырмышып кармап тургандай, кобур-собур бирөөлөр сүйлөшүп аткандай. Күчкө салып эшикти жулкуюн деп барып тыңшасам аялдын кыткылыктап күлгөн үнү чыгып калды, аны эркек коштоду.

Тарс эле түшүндүм, кайран биздин чал келинчекти нерабочий тамбурга «свиданиеге» чакырган тура. Поюз шакылдап угузбайт же, мага болсо аксакалдын эмне сүйлөп, аркы айжаркынды кантип «эритип» атканы кызык. Милийсалар да эстен чыгып кетти. Кудай жалгап, встречный келатат шекилди, поюз тык токтоп калды. Тып-тынчтыкта ана, экөөнүн сүйлөшкөнүн угуп ал. Өзүнчеле анекдот. Тозоку абышка өзүнүн болгон опутуна салып, арактан дурус эле булдуруктап калган тилине ээ болалбай, өпкө боорун чаба келинчекке кечиккен поюз махабатын айда арнап аткан экен. Албетте, бирөөлөрдүн сөзүн аңдыган дурус иш эмес дечи, бирок биерде таптакыр башкача, кишини, болгондо да чөнтөк дептер толтуруп жүргөн мендей жазмакерди өлө кызыктырган учур болуп атпайбы… Эшиктин артында жыйырма жаштагылар турса түшүнөсүң, бул өөн эмес, туура турган маалы, алардын эмне сүйлөшкөнү кызык деле эмес. Буларчы… отузга кирип кирелек келинчек менен алтымыштан ары тоголонгон майсопуттун казактын кайсы бир талаасында учуп-күйүп кетип бараткан поюздун үстүндөгү «махабаты» кызык да…

– Мен сени… Элмиричка… жанагы кандай десем… Уф, тердеп да кеттим, иши кылып… баягычы, жактырып калдым да куп. Тээ Бишкектен поюзга отурганделе сени көрүп бир жерим (туй энең, сөзүн карачы «бир жерим» имиш) чымыр дей түшкөн. Ии, ооба, ырас. Мындай нерселер редкий болот да турмушта. Туурабы? Мына мен… кандай десем, жашым 60тан кии-чине эле өттү дечи эми. Мен жанагы мектепте иштеп жүргөндө бар го, келишкен жигит элем, ошондо бар го, анча-мынча начальный класстын эжейлерин тоготуп да койчу эмесмин. Далайы артыман көз артып, чуркап сыздап калды го чиркин, али эсте турат, ошондо…

– Энди кое туруң, айтсаңыз эй, мени көргөндө каериңиз чым деди а? – берки ойрон келин кыткылыктап калды. Чалды ачык эле эрмектеп, жинди кылыбаткандай сезилди.

– Ээ-э, эми бул өтө тонкий нерсе да Элмиричка. Можут жүрөгүмдүр, жүрөк кургур дайыма жаш турат экен да, не кылабыз эми…

– Жо айтсаңыз, каериңиз чым деди, жүрөгүңүзбү, сакалыңызбы же…

– Койчу ай, мага али сакал коюуга эрте да…

– Биздин түштүктө өзүңүз жакшы билесиз, эркектер кырктан өткөнделе чал болуп алышат, сиз курактагылар болсо, бир жери чымыр демек турсун, сапсим эле старикке айланып, поюз эмес сөрүгө араң чыгышат. Сиз болсо маладес экенсиз…

– Болду болду, жүрөгүмдү эзип жибердиң… Кой, андан көрө сүйүү жөнүндө кеплешеличи?

– Сүйүү жөнүндөбү?

– Ии ооба, ооба дал… дал үстүнөн түштүң Элмиричка!

– Пулуңуз көппү? – келин кокусунан акырын суроо узатты.

– Бул не дегениң, сүйүүнүн акчага кандай тиешеси бар?

– Прамой тиешеси бар. Менин базардан тапчумду төлөп берип турсаңыз, мен ойлонуп көрөт элем, – келинчек «деловой» соодага өттү окшойт үнүнө караганда.

– Ке кой жаным, зачем кереги бар, мындай махабат болбойт да. Пулга да сүйүү болчу беле?

– Еще как болот! Заман азыр ошондой аке. Акча бар сүйүү бар, жокпу, сүйүү да жок, түшүндү?

– Кое турсаң, мисал үчүн азыр акча берсем, азыр… алеги… махабат иши… жакындашып калабызбы?

– Канешно, сиз эмне деп ойлодуңуз эле?

– Жо… мен алеги… аввал кичинеден ухаживать этип… анан …Бу жүда кызык болду го, шарт эле… Анан канча акча беришим керек?

– Канча болсо да не жалка. Айттым го базардан бир күндүк тапканымдын орточосу деп.

– А сен канча табасың, ону мен кайдан билем? Балким үч эсе ашырып айтып коет чыгаарсың?

– А жоок аке, 300-400 рублге чамалайт, ар кандай да базар…

Чалдын козголуп алган напсиси биротоло ээледи окшойт, бир маалда «мен макул» деп жиберди. Ошол замат келинди кыса кучактап, оозуна жабышты, таза бир кызык маалына келгенде келинчек кокусунан башын чулгуп:

– Оозуңузду бир чайкап алың, наспайыңыз көңүлүмдү айлантырып жиберди, – деди. Чал урган бойдон туалетке зуу койду.

Уландысы>>>>>>

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.