Т.Сыдыкбековдун «Тоо балдары» деген романы сынчылар, окуучулар тарабынан жылуу кабыл алынды, ар түрдүү пикирлер айтылды. Бирок Омор акенин образына эч ким кеңири токтолбоду. Жазуучулар союзунун пленумдарында кээ бирөөлөр Омор акени биздин турмуштун чыныгы тиби эмес, автордун фантазиясы гана деп жемелешти. Чынында, дайыма коомдук типтер талаш-тартыш чыгарат. Убагында көп адамдар коомдук типтердин социалдык маанисин терең түшүнө алышпайт, көп маселелер менен чатыштырып жиберишет.

Ошондой эле Омор аке жөнүндө түрдүү ой-пикирлер айтылып жүрүшү жаман жөрөлгө эмес. Келечекте Омор аке жөнүндө көп сынчылар пикир айтышы мүмкүн. Ошолордун бири катарында биз дагы өз пикирибизди айтмакчыбыз. Бул кичинекей макала: Омор аке ким, оморчулук деген эмне, ал кайдан келип чыкты деген суроолорду чечүүнү алдына максат кылып коёт.

Автор Омор акени романдагы башкы каарман катарында эсептебейт, Омор аке Сабырдай, Аскардай күндөлүк турмушка активдүү катышпайт. Ал жардамчы катарында тоо балдарынын арасында таягын сүйрөп, «тээк» деп гана «бош» жүрөт. Ошого карабастан Омор аке романдагы эң күчтүү образга айланып, окуучунун көңүлүн өзүнө бурат. Омор аке — романдагы окуяларды, каармандарды тыгыз бириктирген пружина. Эгер Омор акени убактысынча сызып таштасак, романдын тереңдиги алда канча бөксөрө түшмөк. «Тоо балдарын» окуп бүткөнүбүздөн кийин биринчи кезекте негизги каармандар Аскар, Динар, Орусбектер элестебей, биздин көз алдыбызда Омор акенин алп карааны сүрдүү болуп калдайып турат. Чыныгы реалисттик чыгарма окуучуну ойлонтот, кубантат, шыктандырат, окуучунун турмушка болгон көз карашын кеңейтет, анын логикалык ойлоосуна азык болот. Окуучулардын ойлоосуна азык болгон образдардын бири — Омор аке.

«Омор бардык касиетин чын сактап, менменсинген куу карагайдай татаал» деп автор баяндама берет. Жок, автордун Омор акенин жансыз куу карагай менен салыштыруусуна биз алымсынбайбыз да, макул боло албайбыз. Ал менменсинген куу карагайдан татаалыраак жана бекемирээк. Себеби, куу карагайдын тамыры жер менен гана байланышат. Омор акенин тамыры доорлор менен байланышкан, анын тамыры кыргыз элинин басып өткөн жолу менен байланышкан. Ал жолду балталап салууга мүмкүн эмес. Мораль, насаат, аны тарбиялоого алсыздык кылат. Омор аке ошондой даражага өзү жетип алган жок. Обломов, Обломов болгондугу үчүн айыптуу эместей эле, Омор аке Омор болгондугу үчүн өзү айыптуу эмес. Анда ким айыптуу?

«Тип — бул коомдук көрүнүш» — дейт Максим Горький. Айта кетчү нерсе, бардык эле типтер коомдук көрүнүш боло бербейт. Нурбай, Ыманбайлар — коомдук көрүнүш. Белгилүү типтер аркылуу ошолордун жашаган мезгили жөнүдө, аларды жараткан шарты жөнүндө түшүнө алабыз. Себеби, аларды жараткан коомдук окуя тарыхый мааниге ээ.

Оморду кыргыз элинин мурдагы тоо арасында жаатташып, такымга союл, чочмор кыстарышып, камчы үрөшүп жашашкан жайдак уруучулук турмуш жаратты. Омор аке — тарыхый доордун өкүлү. Энгельстин «типтүү характерлер типтүү шарттарда жаралат» деген жобосу Омор акенин пайда болгон шартына туура келет.

Печорин — бир гана орустук тип. Эч качан же Францияда, же Кытайда ошол кебетеде жаралбасы шексиз. Ал баштан аягына чейин орус турмушунун шартында өнүгүп, өсүп чыккан тип. Ошол сыяктуу Омор аке дагы бүт каны-жаны менен кыргыздык тип. Аны кыргыздын илгерки тарыхый доору жаратты. Эгер ишенсеңер, Омор аке аркылуу экономист кыргыздын мурдагы турмушунун кайсы укладда экенин, тарыхчы болсо кыргыздар кандай формацияда жашагандыгын биле алар эле. Омор акенин тибин союздук социалисттик республикалардан — жолуктурууга мүмкүн эмес. Анткени, революцияга чейин алардын экономикалык турмушунун уклады биздикинен бөтөнүрөк болгон, б. а. бизден жогору турган. Омор акедей тип революцияга чейин кол өнөрчүлүктөн, бакчылыктан алыс, мал чарба менен күн өткөргөн элет элде гана болушу мүмкүн.

Омор аке өз мезгилинде алдыңкы, акылдуу киши болгон. Ар бир адам өз заманынын алдыңкы гражданини болууга милдеттүү. Кээ бирөөлөр көрүнүктүү иш кылбай, көзгө көрүнбөй өз мезгилинин уулу боло албай, тынч конок катары жарык дүйнөдөн көзүн жумат. Омор аке андайлардан эмес. Анын агын дарыядай күрпүлдөгөн мезгили биз жарала элек кезекте, элибиз караңгылыкта эрксиз сандалып жаткан күндөрдө өттү. Жазуучу анын революцияга чейинки турмушу жөнүндө китептин эч жеринде ооз ачпайт, атайы баяндама берип, глава коротпойт. Бирок, Омор акенин өз кемпири Берметке жана пионерлерге айтканына карап, анын эски турмушу менен толук болбосо да, анча-мынча таанышып, Омор аке аз мезгилинин, өз шартынын эр көкүрөк акылдуу адамы болгонун байкайбыз. Ал колунан келишинче кыргыздын патриархалдык көчмөн турмушунда өз мезгилинин уулу болуп, чочмор көтөрүп, чуу салып, Омор атакка ээ болгон десек.

Бирок, биздин азыркы гүлдөгөн улутубуз ал кезекте уруучулуктун тушоосундагы патриархалдык доордо жашаган эл болчу. Ошондой караңгы элдин таалайы үчүн өмүрүн арнаган Чернышевский, Добролюбовдой билимдүү, тап күрөшүн толук түшүнгөн күрөшүүчүнү күтүүгө болот беле? Омор аке ал доордо Омор акедей гана болуш керек эле. Омор аке ал кезекте жасагандарын өзү да жашырбайт, жашырмак турсун, өтө сыймыктанып, уулу Орусбек өзүн тартпай торпоктой мөөрөп, үйүнө ыйлап келгенине өкүнөт.

«Орусбектин жашында ууруга аттанганмын. Каракчылар менен чабышканын. Сарымсак байдын үстүнө чымын кондурбаган айгырларын кулактап минип үйрөткөмүн» — дейт өзү. Омор Акенин бул жоругу — биздин замандын көз карашы боюнча каракчылык. Бирок, байлар чааракерлердин, томаяктардын канын соруп, акысын бербей, күн-түнү кызмат кылдырганы — бул жылкы уурдагандыктан өткөн ууруулук. Омор аке байлардын залимдигин өз көзү менен көргөн, адилетсиздигин билген адам. Ошон үчүн ал байлардын жылкыларын уурдаган.

Казак Көпбайдын кызына кыргыздын кедей уруусунан чыккан Чымыр деген жигит кайын түшүп калат. Көпбай Чымырдын мүлдө кыргыздын жылкысынан озгон Сур коён күлүгүнө көзүн артып чылбырын сурайт. Чымыр макул болот. Бирок, кырсыкка учурап, Суркоёнду Көпбай ууруга алдырат (күлүктү дагы бир Омор уурдады да).

«Кыргыз өзүң алдың. Сур коён кайрылбаса кыз берилбейт» деп Көпбай чатак сала баштайт. Астындагы күлүгүнөн, көңүлүн жубатуучу жардан ажырап, Чымыр: «Атаганат, шум тагдырым мени томсортмок белең, — деп үшкүрүнүп турганда, Омор камчысын таянып ойлоно калып: «Чымыке, менин алдымда жакшы ат, коштоодо Сарымсак байдын айгыры болсун. Кааласаңыз кошо жүрүңүз, болбосо жеке жарайм. Арысы жети, бериси беш жигит жолдошум болсун. Не сайда өлүгүм калсын. Не намысты сактап, күлүп кайтамын» — деди. Айтканындай эле Омор аке дегенин орундап, казактын күнөөсүз перзентин орто кылымдын эрежеси менен зордоп ээрге өңөрүп качып кетишет. Көрдүңөрбү, Омор аке бирөөнүн көз жашын төктүрүп, боздотуп, намысымды, эрдикти алып берди. Ушул жоругун Омор аке эрдик, намыс деп ойлоп, ушул күнгө чейин мадырайып жүрөт. Бул жорукту биздин муундар эрдик, же ар-намыс деп эсептебейт.

Дайыма доордун белгилүү шартында, ата-энелер балдарынын жүрүш-турушуна, жасаган ишине алымсынбайт, балдар ата-энелердин акыл-насаатына, салтына макул болбойт. Анткени, замана канаттуу куштай өз доорунда турбай алга озуп, эски салттар өз ордунда туруп калат. Балдарды өстүргөн ата-энелер өздөрүнүн перзенттерине өздөрү өскөн жоруктарды, салттарды үйрөткүсү келет, бирок жаңы мезгилдин балдары жаңыча жашоону каалайт, ага умтулат. Омор аке да ушуну эңсейт, ушуну каалайт. Бирок анын карама-каршысындагы Сабыр жаңыча жашоону элге үйрөткүсү келет.

Оморчулук биздин учурга жаман таасирин тийгизүүдө. Бирок, ал жаратты XXI кылымдын адамкерчилиги менен дарылап, таптаза айыктыруу керек. Бизде дагы болсо, кээ бир байыркы оморчулуктун көлөкөсүндө калгандар тарабынан сүйүү маселесине каракчылык менен карап, кыз менен макулдашпай, алып качып кеткен учурлар бар. Алар келечек турмуш, ынтымактуулук жөнүндө аз ойлошот. «Аял болгондон кийин кайда бармак эле, туйлап-туйлап өзү эле баш иет» деп коюшат. Аялдын назик жүрөгүндө кандай тактар калгандыгы, кандай жашыруун аялдык максаттар бар экенине көңүл бөлүшпөйт. Эгер ал аял аны чанып кетсе жеңил ойчул деп, аялга наалат айтышат.

Омор аке өтө жүрөктүү, эр жүрөк киши. Ал пионерлерге не он бир, не он экисинде боорунда жаткан жылаандан чочуп койбой, анын башын мыкчый кармаганын, эр жеткенде томаяктардын таламын талашып, Айдаралы байдын жуундукорлорун сабаганын айтып берет. Бирок Омор акенин ал эрдиктери бизди алымсындырбайт. Биз өз заманыбызга жараша эрдик кылышыбыз керек. Оморчулук, Омор аке биз үчүн үлгү эмес. Ырас, Омор аке өтө акылдуу, зирек киши, эгер ал биздин күндө жаралган болсо, бизчилеп университеттен окуган болсо, мүмкүн, эң акылман жетекчи, окумуштуу болор беле? Анын баарына сабатсыздык айыптуу. Омор аке өзүнүн революциядан мурдагы жапайы жортуулдарда бирөөнүн тебетейин учура чапкан «эрдигин» биздин бөбөктөргө таңууну каалайт. Аларды оморчулук менен сугарууну эңсейт. Бирок, ал оморчулукту жаман сапат деп эсептебейт. Оморчулук биздин коомго зыян келтирип жатат деп ойлоп да койбойт.

Омор башынан аягына чейин эле зыяндуу геройбу? Жок, ал ак жүрөк, жаштар үчүн, башкалар үчүн үлгү болсом деген адам. Биздин жаштар Омор акедей элин-жерин бекем сүйгөн баатыр, өз сөзүнө туруктуу болсо эң жакшы. Адатта тетири каарман жамандык ишти атайылап аң-сезимдүүлүк менен жасайт. Буга тетири каармандардын классикалык типтери Тартюф, Яго, Кабаниха, Дикий, Половец, Тейитбек мисал болот. Ал эми Дон — Кихотту, Онегинди, Печоринди, Обломовду аң-сезимдүү тетири каармандарга киргизүү өтө кыйын. Алар — белгилүү доордун оорусу, турмуштан ордун таппай кейип, кайгырып жүргөн адашкан типтери.

Омор аке да ушулардын бири. Ал жүзү кара, кара ниет эмес, ал биздин доорубузду сүйөт, бирок биздин жакшынакай моралдарга алымсынбайт, түшүнбөйт. Анын оморчулуктан алда канча артыкчылыгын байкабайт. Омор аке ошол эски турмуштун адаты, акылы, философиясы менен тарбияланып, анын тушоосунан бошоно албай кашайып жүрөт. Ал үчүн Омор аке өзү да арманда. «Аттигиниң, алтымыш жыл мурун мени шашып төрөгөн энеме наалат. Болбосо ушул балдарды өзүм баштап сууга сүңгүбөйт белем» дейт.

Бирок Омор аке өзү андан бошоно албайт. Ага окшош кишилерди сиздер дагы эле Тянь-Шандын, Ысык-Көлдүн айылдарынан, түштүктүн тоо райондорунан жолуктурасыздар. Жазуучунун баяндамасына караганда: «Ал оюндагысын кишиге бербеген бир мүнөздүү өжөр, эр көкүрөк, кайраттуу, күжүрмөн, бек-бек сүйлөгөн адам».

Тарыхый шартка байланыштуу мурда элибиз өзбек туугандардай учпас тоок, көчпөс там куруп дыйканчылыкка, кол өнөрчүлүккө, бакчылыкка ыкташып, оңтойлуу тиричилик түзүшө албады. Мал салкынды көздөп, тоо жакалай кача берди, элибиз Нурбайга окшоп, малдын туягын жата калып санап отуруп, эң жакшы кесиптерден кур калганы өкүнүчтүү иш. Кыска мөөнөт ичиндеги Ала-Тоодогу прогресс үчүн биз Октябрь революциясына орус элине, Ленинге, Коммунисттик партияга гана милдеттүүбүз. Эч болбосо, элибиз эң элементардуу кесип, малярдыкты азыр үйрөндү (дагы эле толук өздөштүрүп, баркына жете элекпиз). Бул жөнүндө биздин эң таланттуу акыныбыз Алыкул Осмонов «Маляр» деген ырында:

«Касиеттүү мындай кымбат кесиптен,
Менин атам, билбейм неге кур калган», — деп өкүнгөн.

Албетте, биздин мал чарбачылык, турмушуна ылайык «Манастай» теңдеши жок эпос түздү. Муну менен биз сөзсүз сыймыктана алабыз.

Биздин эл башка элдерден таланттуу болгондугу үчүн «Манасты» көп кылымдан бери оозеки сактап калды деш, объективдүү чындыкка жакындашпас. Эгерде кыргыз эли революцияга чейин сабаттуу, дүйнөлүк маданият, адабият менен тааныш болсо, «Манасты» оозеки жүзүндө сактабай, бизге мурас катарында реалисттик искусстводо калтырары шексиз эле. Сөзсүз, алгач «Манасты» эң таланттуу киши түзгөн, андан кийин эпостун алп мүнөзгө өсүшүнө биздин элдин караңгы, сабатсыз болушу себеп болду. «Манас» — кыргыз элинин ичиндеги бугун, максатын, мүдөөсүн, тилегин, идеясын жыйнаган маданий корабль.

Ошол мезгилде элибиздин Аалы Токомбаевдей, Бөкөнбаевдей, Осмоновдой, Үмөталиевдей, Токтомушевдей, Маликовдой акындары болсо, Түгөлбай Сыдыкбековдой реалист прозачысы болсо, «Манасты» оозмо ооз айтуунун зарылдыгы тыйынчылык жок эле. Эмне үчүн азыр «Манастай» эпос жаралбайт? Эгерде кээ бир жолдоштордун макул болгулары келбесе, эмне үчүн орус эли XIX кылымда «Манастай» эпос түзбөй, Пушкиндей, Гоголдой, Толстойдой улуу художниктерди жаратты.

Кантип эле дүйнөдө биринчи жолу пролетардык диктатураны орноткон улуу Лениндин улуту биздин элет турмушунда Ала-Тоодо жашаган элден талантсыз болсун? Октябрь революциясынын жарыгы өз убагында Ала-Тоого нурун чачпаса, улуу орус эли колун бир туугандык менен сунбаса, кыргыз эли эл болуштан чыга жаздап калган эле. Октябрь революциясы биздин элди ошол кыргындан сактап калды. Октябрь революциясы кыргызды тымтыракай болуп, тоо-ташта, кытай жеринде тентип жүргөн жеринен, феодалдык орто кылымдык турмуштан колунан жетелеп, социализмдин эшигине киргизди. Ошол эл менен Омор аке да кирди.

Баарына белгилүү: биздин эл орус, грузиндердей капитализмдин дарбазасын майыштыра баспай, орус элинин жардамы аркылуу 18-кылымдан (феодализмден) 20-кылымга секирип өттү. Биз социализмдин дооруна орус элинин сүйөөсү аркылуу жыгач соко, боз үй, колубуздагы жыгач таяк менен кирдик. Эгерде биз Россияга окшоп капитализмди басып өтсөк, Омор акелер азыр биздин арабызда болбос эле, жашаса да башка формада кезикмек. Омор акенин түп-тамыры ошол жакта жатат. Анын тамыры элдин тарыхы менен чырмалышкан.

Биздин эл социализмге кол өнөрчүлүктү, дыйканчылыкты өздөштүрбөй, малдарын айдап кирди. Кыргыз эли үчүн дыйканчылыкты өздөштүрүү — бир революцияга барабар болду. Омор акенин тибинин пайда болушуна ушул шарттар себеп болду. Ал социализмге мурдагы акыл-ою, философиясы, тарбиясы менен келип, биздин доордун таламын түшүнбөй калды. Ал социализмдин доорунда кыргыздын мурдагы жайдак турмушу, тарбиясы менен жүрүп, Омор аке оморчулукка айланды: ал оң образдан жаңы шартта терс мүнөзгө өтө баштады. Ал жакшы кылам деп, биздин социалисттик турмушка пайда келтирем деп жүрүп, кантип зыян келтиргенин өзү да билбей калды.

Сөзсүз Омор аке ак көңүл дардактаган адам, бирөөге чын дити менен жамандык ойлобойт. Баланы артыкча жакшы көрөт. Бирок, сылап-сыйпалап эркелетпейт. Өз эшигинин алдындагы дөбөчөгө олтуруп алып, ойноп жүргөн балдарды өзүнө чакырып алып, «А кудагыйдын баласы, колума түштүңбү? Келбей качасың ээ? Мен киммин ыя?» — деп баланын жазасын берет, эгер болупгчаак энелер чуркап чыкса: «Эмне! — дейт Омор аке ызаланып. — Мен бала коркутуучу карышкыр эмесмин ээ? Атаңарга наалат чоң, кыргыздар. Булар жадаса баланы эркелете билишпейт, «үфү», «үфүлөп» үстүнө үйрүлө беришип, балдарын арпа жарманын каймагындай былжырак өстүрүп алышат».

Көрдүңөр го, Омор акенин баланы кантип тарбиялоо жөнүндөгү көз карашын, жасап жаткан жоругу үчүн ал, сөзсүз, өзү айыптуу, бирок аны мойнуна алмак турсун өзүндө күнөө бар го деп күмөн кылып койбойт. Омор аке ар бир жасаган ишин эң жакшы жорук деп эсептейт. Эгер ал жаман жоруктары биздин жаш муундарга зыян келтирип жатканын түшүнсө, дароо жаңы жолго түшүүгө далалат жасамак. Омор акенин, оморчулуктун биринчи трагедиясы ушул жерде уюп жатат. Ал баланы эр жүрөк кылып өстүрүү үчүн кыргыздын эмки, азыркы доор үчүн жарактан чыгып калган методдорун колдонот. Омор аке ал тарбиясын абадан алып жаткан жери жок, анын агып жаткан булагы кыргыздын эски турмушунда жатат. Ал мындай дейт:

«Бала дегенди бешиктен бели чыга элек кезинен жаагынан кайыш алып үйрөтсө, союл тоотпос өрт өсөт. Ыраматылык чоң атам мени эркелеткенде: жакамдан муунта кармап, эки жаагымды ысыта-ысыта чабуучу. Рас, адегенде ыйлачумун, кийин мен да көнүп кеттим. Ал чапкан сайын: «Дагы чап, чоң ата. Эки бетим калың болуп баратат» — деп, көзүмдү ирмебей тике карачу болгомун».

Омор аке ал балдарды кара ниеттик менен эркелетип жаткан жок. Ушул замандын балдары «суу жүрөк» болбой, өзүнө окшоп эр жүрөк өссүн, кечегидей, эрте-кеч душман капыстан кол салса, Чолпонбай менен Дүйшөнкулдай ишке жараса деп ойлойт. Баласаак энелерге кыжыры кайнап: Мен эр жеткен кезимде эки жаат болуп чабышсак: булдурсун камчы тийсе да бетим түктүйүп койчу эмес. Э атаңарга наалат, чоң кыргыздар, мен силердин балдарыңарды киши болсун деймин. Менден корксоңор айыл конбой койгула?» — дейт.

Ар бир ата-эне маңдайына бүткөн баласы мыкты киши болсо, бизди эл-журттун көзүнчө уятка калтырбаса дейт. Бирок кээ бирөөлөрү кантип адам кыларын билишпей, жаман тарбиянын азабынан бузуп алышат. Ошолордун бири биздин Омор аке. Ал Орусбегин кыргызчылыктын жортуулдуу союлу менен эр жүрөк, тайманбас кылгысы келет, бирок Орусбек союлдуу доордун капчыгайында эмес, социализмдин атом кылымынын заманында окуп жатканын, ошого жараша ага окуу, тарбия, өнөр керектигин түшүнбөйт.

Берметтин көпкө чейин согончогу канабай, Омор какбаш аталып, ичи күйгөндө дөбөгө отуруп алып, кудайды тилдеп жүрдү. Омордун ушул сөгүнүүсү чыныгы кыргыздык тип экенин дагы бир жолу далилдейт. Биздин эл (түндүк жагыбыз) коңшу элдерге караганда кудайсызыраак келет, анткени бизге ислам кеңири тараган эмес. Тарабагандыгынын себеби да жортуулдуу, бир жерге отурукташпай, бак-дарак, эгин эгип, дыйканчылык кылбай, ат жалында жүргөндүктөрүнөн болуш керек. Акыры Бермет советтик врачтарга көрүнүп жүрүп, жашы кырктардан ашканда эркек бала төрөдү. Какбаш аталып, перзент дегенде кабыргасы кайышып жүргөн Омор аке аябай кубанды. Элүүдөн ашканда эркек перзент көрсө, ким кубанбасын!

«Бу, оңкойгон эргулдар сонун эл тура көрсө. Тоодогу кыргызга трактор жиберди. Жадаса төрөөтү калган катындарды минтип четтен төрөтө баштады!»

Байкуш Омор аке улуу орус элине сүйүүсүн, урматтоосун, ыраазылыгын билдирип, перзенттин атын Орусбек койду. Айлар өтүп, суулар агып, Орусбек мектеп жашына толгондо сельсоветтен каттоочу келди.

«Тек! Уйчуга окуунун кереги не! Малды окуу тосо албайт. Көк союл тосот. Окуп, окуп акыры уйчу, койчу болсо, менин Орусбегим окубай ок деген адам болот. Бара бер жигит» — деп, Омор көктүгүнө, кара өзгөйлүгүнө салып, баласын бир жыл окутпай койду. Омор аке өз баласы эмес, бир кезекте жаңыдан окуу издеп, караңгылыктан жарыкка умтулуп жүргөн азыркы мектептин директору Сабырды далай бузган.

«Мен өз айлымдын козусунан кочкор агытканды жакшы көрөм, Сабыржан. Окууну окуй берсе, акылдуу кишинин да мээси айнып калат деген. Эсептесем мектептин эшигин ачканыңа далай болуптур. Бир башка жетишерлик билим алдың. Тил ал, Сабыржан. Ушунчаңда окууңу токтот. Дагы он жыл окусаң, көп болсо, ачендик болорсуң. Тилимди ал, биздин айылга часовой милиция бол да, окууңду бүтүр. Алдында ат, үстүндө көк жака. Өгүнү бир серке союп, терисин бербей койсом актисин жазышты. Э дүйнөдө мен ушул часовойдон чоңун көрө албадым. Тапанчасынын боосун салпылдатып, деле ар түрдүү иштин баарына көз салат экен өзү. Тил ал да, ошол часовой болуп ал!»

Омор акенин минтип милиционерге таң калганынын да жөнү бар. Элетте өскөн элге тапанчасын тагынып, көк жака формада ар бир ишти текшерип жүргөн киши өтө чоң көрүнөт. Кээде билими тайкы милиционерлер чочоңдошуп, карапайым элдин үрөйүн учуруп да коюшат. Ошондуктан, бул замандын эң чоңу ушул милиционер деп ойлошуна толук мүмкүнчүлүк бар. Ушунун бардыгы эле элибиздин өткөндөгү тарыхы менен түшүндүрүлөт.

Бизде социализм жеңген, колхоз чарбасы дүркүрөп өсүп, эзүүнүн тагы калган жок, элибиз жакшы турат, бирок көкөйүбүздү кескен, каргашалуу оморчулуктан дагы эле кутула элекпиз. Али оморчулук кээ адамдардын аң-сезиминде жашап жүрөт. Айылды аралап көргүлөчү, көп жерден оморчулуктун формаларын кезиктиресиңер.

Бизде кээ бирөөлөр билим бир гана мекемелерде иштегендерге керек, башка карапайым колхозчуларга чоң билимдин кереги не деп ойлошот. Текши билимсиз коммунизмге бара албастыгыбызды сезишпейт. Ошон үчүн Омор аке «Уйчуга окуунун кереги жок деп отурбайбы?» Албетте, ал үчүн Омор акени кылдай күнөө коюп, айыптоого акыбыз жок. Омордун өмүр бою көргөн билими жайдак турмуш болсо, аны кантип айыптоого болот. Бирок, оморчулук менен Сабырчылап аоёсуз күрөш жүргүзүү — биздин милдет.

Бир күнү Орусбек өкүрүп, көз жашын бурчактатып үйгө ыйлап келди.

— Э, эмне ыйлайсың? — деди атасы.

— Окуган балдар мени шылдыңдашты.

— Эмне деп?

— Окубаган торпок-торпок дешет.

— Ой кайраты жаман, — деди Омор уулуна. — Алар торпок десе, сен ого бетер торпоктугуңду билгизип, үйгө мөөрөп келесиңби? Экинчи мага жашыңды көргөзбө «Жалгыз болсоң чогоол бол, көп жанынан түңүлсүн» — деген. Сени торпок деген балдарга кыргыйдай тий! Маалим болушса маа айт, мектебинин эшигин жулуп ыргытканымды бир көрсүн».

Эч бир ата-эне перзентин ууру, баш кесер, чөнтөк кесер, кошаматчы бол деп ойлошпойт. Өз баласына конгон чымын бизге консо, ага тийген суук бизге тийсе деп ойлонушары шексиз. «Анда уурулар, бейбаштар, кошаматчылар, аракечтер кайдан жаралат?» деген закондуу суроо пайда болот. Өспүрүмдөр ошол кебетеси менен жарык дүйнөгө жаралбасы чын. Күн сайын төрөлүп жаткан балдардын ар бири күнөөсүз. Кээ бир ата-энелер балдарынын күлгөнүнө, басканына, чулдурап татынакай сүйлөгөнүнө жан алы калбай кубанышат, бирок күнөөсүз баланын келечек тагдыры жөнүндө аз ойлошот.

Өспүрүмдөрдүн ар бир күнөөсү, кыянатчылыгы үчүн биринчи ирет ата-энелер, сөөккө сиңген оморчулук айыптуу. Али пайда менен зыянды даана ажырата элек балдардын көзүнчө ата-энелер урушат, талашат, тилдешет, беймаза сөздөрдү сүйлөшөт. Кээде беш-алты жашар балага зордоп «элүү грамм» жуткуруп да коюшат. Ушунун бардыгы коомчулук үчүн кылган кыянатчылык.

Балага адамгерчилик, өлкөгө кызмат кылуу, уят-сыйыттуу болуу жөнүндө сүйлөп, ага үлгү, нуска болуунун ордуна, Омор акечилеп: «Сага тийген бала болсо, тумшугун канда! Алың жетпесе өлүп бар!» Же болбосо: «Те-ек жайына койгула, былчылдашсын, кайсы баатыры менин уулум» деп демитип, «кайраттандырып», «шыктандырып» отурса ойноок бала өлүмдөн баш тартпас. Айрыкча, биздин кыргыздар «карынын сөзүн капка салышат». Карыларыбыз Оморчулап отурса, жаш муундар эмне кылышмак? Атасы Омордой болсо, ар бир бала Орусбектей өсүп, кежир, көк болору шексиз. Оморчулуктун зыяндуу трагедиясы ушунда турат.

Омор аке дөңгө отуруп алып: «Бакчылар, бакчылар! Бакты көчпөс там, учпас тоок болгон шаардыктар асырайт. Айрек, айрек» деп күүлөнө берет. Сыдыкбеков дайыма реалист жазуучу катарында кыргыз элинин жакшы сапаттарын көрсөтүү менен бирге, элибиздин кеселдерин, кемчиликтерин көрсөтүүдөн баш тартпайт.

«Кыргызыбыздын ата-бабасы мал менен өткөн» деп коюшат. Биз мал өстүрүү менен чектелбей бак тигип, ар бир айланабызды көрктөндүрүүбүз зарыл. Башка эл эмне тиксе, эмне асыраса, ошону биз үйрөнүшүбүз керек. Биздин башка элден кандай айырмабыз бар? Омор акени алып көргүлөчү? «Жаз келсе үйүнүн артына бир жарым түп тал саят. Күз келсе, бирин өзү кесип таяк кылып алат. Жартысын эчки мүлжүп салат». Ушул кесел кээ бир кыргыздын канында бар. Ушул жөнүндө директор Сабыр минтип өкүнөт:

«Жадаса өзү көктөгөн талды да тигип албайбыз: Биздин өрөөндүн кыргыздары али баягыдай. Булардын жалгыз билгени — мал. Бир үйдөн бир үйгө жөө жүргөндү намыс көргөн эркектер али да бар. Алар короо бышыктоого, бак-дарак отургузууга таптакыр жат көз менен карашат». Сабырдын бул сөзүнө Россиядан келген, улуу элдин кызы, мугалим Нина Леонтьева ийнин кагып, аң-таң калып сурайт. «Эмне үчүн ошондой? Бул тегерекке бардыгын өндүрүүгө болот ко? Жемиш бактары мөмө берип, огороддорго жер-жемиш жайнап турса, береке эмеспи? Ведь, балдардын өсүпгүнө витаминдер керек ко?».

Кыргыз айлында өскөн, оморчулуктун, кыргызчылыктын, шартын ийне жибине чейин түпгүнгөн Сабыр, аргасыздан күлдү да: «Витамин… Витаминди түшүнсөк, анда сөз башка эле да» — деди өкүнүп.

Ошол айылдын кызы мугалим Сеитова андан кызык аңгемени, атасы Мурадыл жөнүндө баяндайт:

— «Ырас эле, мен кечеги бала чагымды эстесем ичим күйөт. Азыркы Алтын-Булактын оозундагы челекчи Афанас бүйрө адам го. Алма-өрүгүн көрсөк көзүбүз кызарчу. Үйгө келем. «Ата огородго жемиш бак тигели» дейм. Атам колун сыртка силкип, айтканымды жактырбайт. «Ээй, балам, жыгачтын башына карап олтуруш шаардыктардын иши. Ата-бабам ат жалында өскөн. Тек! Тетиги улактарыңды көздөп ал, жамырап кетпесин».

Кийинки жылы совхоздон көчөт алып келип тиктим. «Ата менин отургузган жыгачтарымды мал кемирип салбасын. Чырканак менен курчатып коюңуз» деп, кат жазып өтүнөм. «О садагасы балам» деп атам да кез-кезде кат жаздырып турду. «Кайраты жок уул, кыз үй-жайын көп эстечү. Бери жакты карабай окууңду көздө. Сенин отургузуп кеткен жыгачтарың өз жайында». Жазгы каникулда келсем, отургузган көчөттөр чын эле эбак өз жайына кетиптир. «Ата, мен олтургузган көчөттөр кана?» десем, атам жамбаштап жаткан калыбында колун тескери силкти: «Э балам, төрт аягы тең бош мал жүрөт. Аны ким кайтарат? Кокоюп бири калган эле өрүктүн жыгачы бек болот дегенинен, түбүнөн кесип алып, сопкамчыга сап кылсам, сынып калды, иттики». Кайра мени шылдың кылгансып атам корс-корс күлгөн. Көргүлөчү, көчөттүн жок болгонуна кейибей, сопкамчыга жакшы сап болбогонуна өкүнүп, корс-корс этип шылдыңдап коёт.

Сыдыкбеков Мурадыл акеге китебинде көп орун бербейт, бирок биз Мурадыл акени Сейитованын оозунан, Аскарбектин күндөлүгүнөн окуп, анын өзүнчө эле катышып жүргөн образга жетип барганын байкайбыз. Мурадыл аке баёо болбосо, шаарда окуп жаткан студент инисине: «Жеңеңдин көйнөгү жок, тыйын жибер» деп кат жазабы?

Ала-Тоого социализмдин келгенине көп жыл болду. Дагы эле Омордой, Мурадылдай сөздүн толук маанисиндеги кээ бир кыргыздар куурайдын учун сындырбай, кымыз ичип, эт жегенине ыраазы болуп, ат мингенине кубанып, курсагын сылап жүрүшөт.

Качан мындай кыргыз дыйканынын короосунда кызыл, сары, жашыл гүлдөр өсүп, түптүү жемиштер: жүзүм, анар, анжир, алча, шабдаалы эзилип турар экен? Ошондо Ала-Тоо андан бетер кулпунбас беле?

Биздин таланттуу акыныбыз маркум Алыкул Осмонов ушул кемчиликтерди көрүп, «Атбашы» деген ырында:

«Эрээн кылба, бак тиккиле дегенди,
Баркын байкап, бак кадырын билели.
Кыргыз жери ырдын гана жери эмес,
Эгин, малдын, кендин, бактын жерлери» — деп, бак тигүүгө чакырган.

«Отурукташып, бак тигүү шаардыктардын жумушу, кыргыздар жемишсиз эле жашап келген» деп коюшат кээ бирөөлөр. Биздин эл Октябрь революциясына чейин эзилип деле жашап келишкен. Мал багып, айран, сүт ичип деле жашап келишкен. Самолётсуз, поездсиз, завод, фабрикасыз, университетсиз, академиясыз, тракторсуз, билимсиз ушул Ала-Тоодон алыс чыкпай жүрүшкөн.

Эч убакта турмуш токтоп калбайт. Заманыбыз канаттуу куштай бизден зуулдап оозуп баратат. Элибиз заманынын талабына жараша жашоону үйрөнүшү керек. Омор акенин дагы бир кесели ушунда. Канаке анын баласы Орусбекти алып көрөлүчү? Орусбек атасынын бакчылыгы жөнүндө дөбөдө отуруп алып сүйлөгөн «акылын» укпай койду дейсиңерби?

Бир күнү мектептин пионерлери көчөт эгише баштады. Орусбектин оюна атасынын «салмактуу» акылы кылт эте түштү да, көчөт тигип жаткан балдардын ар бирине асылып: «Бакчылар, бакчылар. Бакты көчпөс там, учпас тоок болгон шаардыктар асырайт. Айрөк, айрөк» — деп, кыйкырып ар бир көчөт тигип жаткан балдарга жолтоо кылды.

Ушул үчүн Орусбек айыптуубу? Жок, Омор, оморчулук айыптуу.

Орусбек өтө жөндөмдүү бала, аны тарбияласа ар кандай ишке жарай турган зээндүү бала. Орусбек орус тил сабагына түк көңүл койбой, окубай койду. «Эмне үчүн тапшырманы жаттабайсың? — деп мугалим сураса, эч нерседен тайманбай: «орус тилин билген киши — чочконун этин жеп кетет» — деп жооп берет. Орусбек бул акылды асмандан алды дейсиңерби? Ал чочконун эти «жаман» экенин, анын койдун этинен эмне айырмасы бар экенин кайдан билет!

Омор аке шаарга барып үйүнө келгенде мештин түбүнө отуруп алып, келген кишилерге Орусбектин көзүнчө төмөнкүчө кеп салган. «Шаар деген жакшы болот экен. Түнү күндүзгүдөй, көчөлөрүндө машиналар зымырап, дүкөндөрүндө чай батпай калыптыр. Бир жаман жери — шаардагы кыргыздар орус тилин билип алган соң ашкананын тамагын ылгабай кетишиптир. Чочконун эти болсо керек, чнитсел деген бирдемесин алдырды эле, кесип жиберсем кан жая берди» — деп сүйлөгөн.

Кыргызда ата сөзү балага закондой сезилет. Ошон үчүн Орусбек орус тилин окубай койбодубу? Бул үчүн да Омор аке, оморчулук айыптуу.

Дагы бир күнү түштө Мурадыл акенин сарайынан өрт чыгып, аны убагында өчүрүп алышты. Ага жүрөгү тоодой кайсы азамат от койду экен? Ушундай кылмыштуу ишке кандай таш боордун колу барды? Албетте, бул баягы атанып чыккан Омор акенин тентек Орусбеги да. Ал үчүн да Орусбекти айыптоого болбойт. Ал алты жашында тентек кылса, Мурадыл аке адилеттүү бол деп жаакка чапкан. Эрке талтаң Орусбек өкүрүп атасына арданып ыйлап келген. Омор уулунун аянычтуу кебетесин көрүп: «Эй, жашык адам мөөрөп келет үйгө. Киши болбойт ушул. Мен сен болсом Мурадылдын сарайына өрт коёт болучумун» — деген. Атасы ушинтип «кайраттандырып» колуна союл берип турса, ээликкен Орусбек сарайга өрт коймок турсун Мурадыл акени жыга чаап салуудан да баш тартпас. Орусбек таң алдындагы ажары ачылган таптаза гүл эле. Омор аке жапайы турмуштан алып келген зыяндуу сапаттар менен чаңдаштырып аны бузду. Эгерде Сабырдын билгичтик мамилеси болбосо Орусбектин келечек тагдыры өтө кайгылуу болор беле?

Орусбектин ар бир жасаган тентектиги үчүн Омор аке, оморчулук айыптуу. Омор акенин максаты: «Карыганымда чекеме бүткөн жалгыз уулум чогол өссүн! Мен баламы кыргыздан алган эмесмин, орус берген. Мен бул кыргыздын «ата, ат, чана тартын» окутпаймын. Баламды алып тиги совхоздогу орус мектебине беремин».

Омор акенин дагы бир кесели ушул кебинде жатпайбы?

Азыркы кыргыз жериндеги прогресстин булагы орус элинен келгенин түшүнбөйт. Анын бул кеби кыргыз мектебине караганда, орус мектебинде балдарды жакшылап окутуп, а бизде эптеп септеп билим бергендей түшүнгөндүгүн баяндайт.

Омор аке азыркы биздин эң билимдүү адистерибиз, окумуштуулар, жазуучулар, көрүнүктүү ишмерлерибиз ошол «Ата, ат», «чана тарттан» өсүп чыкканын түшүнбөйт. Омор аке дагы эле күрпүлдөп жүрө бермек, бирок «башаттын көзүнөн дүркүрөп көктөгөн жаш чынардай алп» Сабыр өтө чеберчилик менен Омор акеге Аскардын күндөлүгүн окуп берип, терең ойлонтту. Омор акеге өз кемчилиги, оморчулугу али тумандуу күүгүмдөй эле, ал тумандын арасында калып, жаркыраган чындыкты, күндү өз көзү менен көрө элек болучу. Ошол убакта Орусбек мектептен келди. Омор аке ызырынды эле: «Урушпаңыз жолдош Карабашев» деп Орусбек мурдагы Омордун өзү үйрөткөн зыяндуу «акылдарын» төкпөй-чачпай айтып берди. Омор ушул жерде гана өкүнүп, кечирилгис кемчиликтерин ойлоду.

«Эй, кеңеш бер, энеси? — деп Омор алда кимге тан берүүчүдөй илгери обдулуп сүйлөдү. — Алдагы тобо-о. Мен бардыгына жакшылык ойлоп жүрсөм, баскан изимдин бардыгы тескери чыгат ко. Орусбектин айтпаганына таң калам ой» «өзүң өрт кой деп айтпадың беле» — дешин кара.

Омор аке өзүнүн акыл-насаатынын калтыс экенин баамдап, терең ойлоно баштады. Ага мектепте Сабыр менен кезигишүү таасир берди. Омор аке үчүн Аскардын күндөлүгү, уулу менен жекеме-жеке беттенгүү, Сабыр менен жолугушуу — турмушундагы чоң бурулуш болду.

Омор аке мектептин бакчысына күзөтчү болду. Бир күнү алма уурдап жүргөн Сабырдын кызы Берметти кармады. Жаш наристе кызга: «Тажрыйба мөмөлөрүнө колуңду тийгизбе» деп акыл айтты. Наристе кыз экинчи жолу колун тийгизбей, оозун тийгизди. Омор аке экинчи жол кармаганда: «Мен колумду тийгизген жокмун. Тишим менен тиштедим» деди Бермет.

Ошол жерде Омор аке көзүнө жаш алып, жаңылгандыгын эстеди.

Келечекте Омор аке жаңылат, адашат, өзгөрөт, ар түрдүү калпактарды, чепкендерди жамынып жашай берет. Оморчулукту университетти бүтүрүп значок тагынып жүргөн кээ бир мулагимдерден, кызматкерлерден, колхоз активдеринен да көрүүгө болот. Бир сөз менен айтканда Оморчулук бизге ата-бабадан калган жаман оорулуу мурас.

Сыдыкбеков оморчулук маселесин биринчи жолу «Тоо балдарында» козгоп жаткан жери жок. Ал өтө сезгич жазуучу катарында «Тоо арасындагы» бөөш Ыманбайда да оморчулуктун кээ бир сапаттарын көрсөткөн. Ыманбай да Оморго окшоп коом жараткан эң оригиналдуу образдардын бири. Экөө бир-бирине окшобойт, бирок биз Ыманбайчылыктан оморчулукту көрүп жатабыз. «Сен экөөбүздүн баш кошконубузга жыйырма жылдан ашты. Колтук созуп кетменди батыра сокконуңду көрө элек Бүбү» — дейт Ыманбайдын аялы. Омор аке да, эшигинин алдына бак-дарак тигүүнү намыс көрөт. Ыманбай да кетмен чабууну эрээн көрүп, дайыма Сараланын жонуна чочоюп минип жүрөт.

Омор аке Ыманбайга караганда эр көкүрөк, сөзүнө бекем баатыр киши. Ал Ыманбайдын ордунда болсо Саадаттардын жазасын бермек, бирок Омор аке ал мезгилде кайсы багытта болушу күмөндүү иш. Күз башында Ыманбай кепесин адеп жаба салып, Сараланы жетелеп киргизгенде, кепенин төбөсү сараланын өркөчүнөн жарым кездей бийик турганын көрүп, кудай жалгап ээр-токумдуу ат кирсе да жарайт экен кепем, — деп кубанган. Кыш жарымы өткөн кезде, Сараланын өркөчү кепенин төбөсүнө тийип турчу болду. Аны көргөн Ыманбай: «Сараланын сөөгү өсүп калган белем?» деп кубанган. Жалкоо Ыманбайдын жарым кынжа чейин Сараланын тезегин күрөп койбогонуна таң каласың. Ушунун өзү эле биз айткан оморчулук.

Дагы бир мисал. Ыманбайдын базарга беш пуд алып келип, түшкө чейин сата албай Сапарбайга жалдыраганы, анын канчалык «бүйрө» киши экенин далилдейт. «О кокуй, бу базарында киши жүнү жейт тура. Жыйылган кап-кечеден таразага өтө албай жатышкан эле жан. Базарда шактын каны жерге тийбейт тура. Арпаны сураган киши жок» дейт. Сапарбай болсо анын арпасын оңой эле сатып жиберди.

«Ой сарт! Тетиги атилесиң канча? — деп бир топ шайыны көрсөтө берди. Демейде элди өзүнө чакырып туруучу сатуучу жигит Ыманбайга кыжырлана карады.

— Не дейсиз, оозуңузга караңыз, кыргызбай аке?

— Эмне атаң көрү, мен сага кыргызбай эмесмин. Ыманбаймын, — деди ызаланып.

Чын эле Ыманбайга өз буюмун сата албай делеңдөөчүлүк, жалкоолук, бирөөгө орой тийүүчүлүк кайдан тийди?

Ушунун баары — биздин эл илгери, мал чарбалуу болуп, тоо-ташта жайлоолоп, уруулашып чабышып жүргөнүнүн саркындысы. Эгерде биздин эл отурукташып, дыйканчылык, бакчылык, соодагерчилик кылган эл болсо, ушундай ыманбайчылык, оморчулук болмок беле? Биз Ыманбайдын кээ бир жоруктарынан оморчулукту көрөбүз. Деги бизди ушунчалык убара кылган оморчулук деген эмне?

Ким, баласына жакшы, азыркы заманыбыздын деңгээлине жараша тарбия бербей, анын көзүнчө аны-муну цензурасыз сүйлөп, өзүнүн эскирип, мезгилибизге туура келбеген «эрдиктерин» күнөөсүз бөбөгүнө үйрөтүп, аны Орусбектей бузса, бул оморчулук.

Ким, «биз ат жалында өскөнбүз» — деп азыркы замандын үлгүлүү маданиятын кабыл албай, колун тескери булгаса, бул оморчулук.

Ким, балдарынын окуусуна шарт түзбөй, анын үстүнө «көп окуу адамды жинди кылат» — деп үгүт жүргүзсө — бул оморчулук.

Ким, жайдак турмушта бак тигип айлыбызды, мекенибизди гүлдөтүү ордуна «Бакчылар, бакчылар, бакты көчпөс там, учпас тоок болгон шаардыктар асырайт. Айрөк, айрөк» — десе бул барып турган оморчулук.

Ким, эмгекти сүйбөй Мурадыл акече эки карыш жерге жөө баспаса, аны намыс көрсө, бул ата-бабадан калган жаман салт — жарамсыз оморчулук.

Биздин оюбузча Ала-Тоодогу оморчулуктун бир канча түрлөрү романда көрсөтүлгөн эмес. Эгер автор эрикпей отуруп оморчулук жөнүндө роман жазса, чоң иш болор эле. Оморчулук бул чоң тема.

Сөзсүз, оморчулук менен биз сыймыктана албайбыз. Жеткинчектер үчүн Омор аке үлгүлүү киши эмес. Биздин жаштар Сабырдай иштин көзүн билген чарбачыл адам болушу зарыл. Ала-Тоону көрктөндүрүү Оморлордун, Мурадылдардын, Ыманбайлардын колунан келбейт. Ала-Тоону өзгөртүү Чаргындардын, Аскарлардын, Орусбектердин, Сабырга окшош күрөнгүүчүлөрдүн колунан келет. «Эрегишкен эки алп сыңарында айрыкча элеттик кыргыз айлында эски менен жаңы (Омор менен Сабыр — К.Б) алиге бой тирешип жүрүшөт. Эски-куду күзгү туман кейиптенген көңүлдү чөгөрүп, көздү караңгы кылсам дейт. Жаңы — жаздын күнүндөй жайнатып, жылуу мээрим берип кабакты жарык кылсам дейт. Жаңы эскини сүрүүдө, жеңүүдө. Бирок, эски да тез жыгылбай тыталап кармашууда» — дейт Сабыр. Сабырдын бул пикирине биз толугу менен кошулабыз. Эскичилик — Оморлордо, жаңычылык, күрөш, жеңиш — Сабырларда.

Оморчулукту жеңиш үчүн Сабырдай эр азамат күрөшүүчүлөр керек. Андайлар арабызда ийгиликтүү иштеп жүрүшөт!

[1] «Кыргыз адабияты»: талдоолор жана ой жүгүртүүлөр. Түзүүчү — С. Байгазиев Б.:«Мектеп>, 1991, 128-146-бб.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.