“Ч. Айтматовдун мен окуган чыгармасы” сынагына

Экологиялык көйгөй бул бири-бирине көз каранды, жалпы жана локалдык, улуттук кызыкчылыктарды бириктирген өтө татаал система. Экологиялык коопсуздук бул курчап турган айлана-чөйрөнү эле коргоо эмес, жалпы элибиздин саламаттыгынын коопсуздугу эмеспи! Чыңгыз Айтматовдун “Кыямат” романы – планетанын башына түшкөн ошол глобалдык мүшкүлдөрдү, өтө кыйын экологиялык кырдаалды, айрыкча адам ыманынын экологиясын талдаган, азыркы адам менен табигый дүйнөнүн ортосундагы улам тереңдеп бараткан жараканы, карама-каршылыктарды ачып көрсөткөн албан чыгарма болду. Романдын көтөргөн жүгү алда канча салмактуу, философиялык өрүшү кенен – жалпы эле адамзат коомун кооптонткон орчундуу маселелер жөнүндө. Алар: табият жана адам темасы, жашоодогу жамандык менен жакшылыктын, ымандуулук менен кара ниеттиктин ортосундагы кагылыштар.

Ааламга жол айылдан башталат дегендей эле кичинекей Шекер айылында төрөлгөн Чыңгыз Айтматов өзүнүн чыгармалары менен бүткүл дүйнөнү багынтты. Чыгармаларынын бири: “Кыямат”романы. Чыгарманын башкы каармандары Бостон менен Базарбай. Базарбай салт боюнча өзүнүн өлгөн байкесинин аялын алат. Эркек аялын чапкан күнү эркек деген атынан айрылат дегендей эле, Базарбай аялына күн көрсөтчү эмес. Көрсө, кишини киши эзгенден өткөн кордук болбойт тура. Деги эле кишинин кишилик касиети – ошо өздөрү бири-бирине жылуулук берүүдө эмеспи. Ошентсе да, кишиде пендечилиги күчтүү дечи. Акбара менен Ташчайнар бөлтүрүктүрүнон үч жолу айрылат. Биринчисинде камыштан өрт чыгып бөлтүрүктөрүн куткара албай, өздөрүнүн жанын араңдап алып калышат. Экинчисинде болсо, сууга агып кетишет. Үчүнчүсүндө болсо Базарбай аттуу киши бөлтүрүктөрүн уурдап качат. Жашоо – толкун, өмүр өксүтмө –чапкын тура ушундай. Эми, кызыктын баары ушул жерден башталат. Базарбай тоо этек жагынан өтүп бара жаткан кезде, бир дабыш угула калды. Көрсө, алар бөлтүрүктөрдүн үнү экен. Аны уккан Базарбай алардын үңкүрүнө келип, бөлтүрүктөрдү биринин артына бирин сала түштү. Төртүнчүсүн болсо желкесинен апчый кармап, сыртты көздөй жөнөйт. Бул жерден таң калганым, Базарбайдын колунда эч куралы жок туруп, түз эле үңкүргө кирип барганы. Андан соң бөлтүрүк көрсөтөбүз деп Бостондун үйүнө кирип барышат. Баягы бөлтүрүктөрүн издеген бөрүлөр изден адашпай таап келишет. Ошентип жүрүп күндөрдүн бир күнүндө Акбаранын түшүнө бөлтүрүктөрү кирет. Түшүндө төртөө тең энесинин жанында, эмчегин соруп боорунда жаткан кез экен. Ушу жерден Акбара ойгонуп кетет. Андан соң ал шылдырап агып жаткан суунун жанына келип, Бөрү энеге даттангансып озондоп улуйт: ”Оо, кудай эне – Бөрү эне, мени карачы бери, мына мен, Акбара, муздак тоолордун арасында шорлуу болуп, жалгыз олтурам. Өрттөнүп-күйүп бүттүм! Көз жашым төгүлгөнүн көрүп атасыңбы? Өксүп-өкүрүп улуганымды угуп атасыңбы? Ичимди жалын каптап, эмчектеримди сүт тээп жарылганы турат, кимди эмизем, бөлтүрүктөрүмдөн айрылдым”.

Эне – дүйнөдөгү эң кымбат, эң ыйык асыл зат. Эне үч тамгадан турганы менен өзүнчө эле бир керемет сөз.

Акын болуп, ыр жазып данктай алсак,
Ардактасак, төр берип барктай алсак,
Адамбыз деп айтышка акыбыз бар,
Энелердин ак сүтүн актай алсак.

Энеке кантип таазим этпейм сизге,
Жашоомдо асыл зат жок сизден башка.
Кымбатсыз, баа жеткиссиз сиз мен үчүн
Өзүңүздү теңей албайм эч бир жанга.

Эненин сүтүнөн, дилинен, тилегинен балага келген ак пейилдиктен, боорукердиктен өткөн эч нерсе болбойт тура.

Баягы бөрүлөр Бостондун үйүн айланчыктап эле калышат. Чыдамы кеткен Бостон акыры аларды өлтүрүүгө барат. Ташчайнарды өлтүрөт да, Акбараны атканга үлгүрбөй калат. Ташчайнар өлгөндөн кийин, Акбарага бул жарыкчылыктын наркы, кызыгы өчтү. Көп өтпөй, Акбаранын көзүнө Бостондун кичүү уулу Кенжеш илинет. Кенжеш келип, Акбаранын башынан сылап, ойной баштады, Акбара да анын бетинен жалап койду. Ичинен бук болуп аткан Акбара бүткүл мээримин балага төгүп тургансыйт. Баланын наристе жытын жыттап: “Ушул кичинекей адамзаада үңкүрүмдө жашаса” – деген сезим келди. Ошентип баланы жонуна алып бара жаткан Акбаранын артынан Бостон кууп:

– Токто! Токто Акбара! Токто дейм! – деп үнүнүн болушунча кыйкырды. Бирок, ал дагы жардам бербеди. Мылтыгын асманга атты, ал дагы жарабады. Аягында бөрүнү атам деп баласын атып алат. Капталынан жыгылышты. Барып караганда бөрү али тирүү болчу, анын жанында көкүрөгүн ок көзөп өткөн баласы сулк жаткан. Мына ошентип кыямат болот.

Көрдүңөрбү, керек болсо айбанда дагы энелик мээрим болот экен да.

Келгиле, жаныбарларды жок кылуунун ордуна, аларды көбөйтөлү!

Балыкчы шаарынын №4 гимназия мектебинин 8классынын окуучусу Мазарбекова Алия

Өспүрүмдөр чыгармачылыгы боюнча конкурс жыйынтыгы чыгарылды

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.