<<<<<<< Башы

— Эки тилдүү эмес, бир гана орус тилдүү кыргыздар мамлекеттик структураларда абдан көп. Эл башкаруу чөйрөсүн кыргыздаштырууда алар ата-теги кыргыз болгону үчүн бийик өкмөттүк мансаптарды ээлеп калбадыбы. Маселен, Коргоо министри Эсен Топоев кыргызча жазмак түгүл, сүйлөй албайт. Мындай кыргыз эсебин көбөйтүп жүргөн «тили буруулардан» энесинин же атасынын тилин үйрөнсүн деп талап кылууга болбойбу?

— Топоев өзүн сыйлабаган («самоуважение» дегени жок) киши турбайбы. Ал сыяктуулардын башына «ушул мансаптарды паспортубузга «кыргыз» деп жазылганы үчүн ээлеп отурабыз, Кыргызстан союздаш республика бойдон калса, туземецтердин тилин билбей койсок деле эчтеме болмок эмес, эгемендүү болуп алды, кой, ата-энебиз болбосо да, чоң ата-чоң энебиз сүйлөгөн тилди үйрөнөлү» деген ой такыр эле келбейт окшойт. Ар-намысы бар киши он жыл ичинде кыргыз тили эмес, кытай тилин 10 миң иероглифи менен кошо үйрөнүп албайбы. Менимче, мамлекет өз чиновниктеринен, биринчи иретте кыргыздардан эне тилинде сабаттуу жаза алышын да, таза сүйлөй алышын да болушунча катуу эле талап кылууга акылуу. Илгери биздин айылдын аксакалдары: «Сарт саймайынча билбейт, кыргыз кыйналмайынча билбейт», — деп калышчу. Эне тилин үйрөнүүгө мажбурлоо ар кимдин башында бар кыргыз жалкоолугун, илээндилигин азайтууга көмөк көрсөтөр эле. Бирок орусташкан кыргыздарды «эне тилиңди билгиле!» деп курулай кысмакка албай, алар үйрөнө турган жакшы окуу китептерин, эң оболу «Кыргыз тилинин практикалык стилистикасы» дегендей китепти, сөздүктөрдү, кыргызча өрнөктүү тексттердин жыйнактарын даярдап берүү керек. Тилекке каршы, булардын бардыгын бийик деңгээлде жазып берчү тилчилерибиз жок, кокус жазып-тайып алар жазылып калса, бастырып чыгаргыдай өкмөттүн акчасы жок. «Окшошконго мушташкан» дегендей бир кеп.

Ошентсе да кыргыз чиновниктер эне тилинде шыдыр сүйлөмөк түгүл, сабаттуу жаза билүүгө тийиш деген талапка кошулам. Баса, алардын басымдуу көпчүлүгү орусча буйдалбай сүйлөгөнү менен, чачыратып жаза деле албайт.

Мамлекет кызматтарына талапкерлер, дегеле чиновниктер кыргыз тилинен Аскар Акаевичтей конкурстук сыноодон өтсүн дегендей берене жаңы «Тил мыйзамынын» долбооруна киргизилген турбайбы.Сиз мындай сунушка макулсузбу?

— Жалпысынан каршы эмесмин. Дегинкиси эл башкаруу системасында иштеген адам логикалык маданияты өнүп-өөрчүгөн, эне тилинде катасыз жаза алган, анан да бөтөн улуу тилдердин бирин эне тилиндей билген интеллектуал болушу керек ко. Бирок экзаменди кимдер алат? Андай сыноолор айылдык өкмөт башчыларын жана сотторду аттестациялагандай өтсө же ЖОЖдордогу кирүү сыноолорундай паракордук менен булганса, эмне кылабыз? Кыргыз тукумдары чогулуп бир жумуш жасаганда, анын ырааспасын чыгарып, орусча айтканда, профанация кылып тынчу эле. Кыргызчылык аралаган жерде иш илгерилебей, кедерине кетмей салты да бар. Андыктан мен «тил сыноолорунан» бир аз заарканам.

— Канцелярия документтеринин кыргызча жазылышы көптөн бери талап кылынып келатпайбы. Эмне, бу маселе кыргыз тилинин эң маанилүү маселесиби?

— Прибалтикалыктар иш кагаздарынын улуттук тилдерде гана жазылышын көмүскө максат менен талап кылган. Ушу жолдон алар республикалык мамструктуралардан орус тилдүүлөрдү кууп чыгуу мүмкүнчүлүгүн көргөн. Биз прибалттарды сокур туураганбыз. Балким, бу маселе совет доорунун аяк ченинде актуалдуу болгондур, анткени ал кезде биздеги эл башкаруу системасында иштегендердин 48%и эле кыргыздар экен. Шүгүрчүлүк, азыр республикадагы мамчиновниктердин 99%и кыргыз тукумунан. Тили буруулардын өкүлдөрү бирин-серин. Демек, бу жагынан маселе актуалдуулугун алда качан жоготкон. Сыягы, шарттардын таптакыр өзгөргөнүн тил күйөрмандары» билбейт же билгиси келбейт окшобойбу. Же алар мамструктуралардан ата-бабасынын тилин билбеген маңкурт кыргыздарды кууп чыгып, орундарын орусча такыр билбеген кокуй кыргыздарга тартып берүү ниетин көздөшөбү?

Экинчиден, канцелярия документтеринин анча-мынчасы (балким, жүздөн бири) гана басма сөздө жарыяланбаса, калгандары мекемелердин тиешелүү бөлүмдөрүндө убактылуу сакталып, архивге өтөт. Алар мектептерде окутулуу үчүн басылып чыкпайт. Өкмөттүн жана парламенттин чечим, токтомдору гана аз тиражда жарык көрөт, көпчүлүк эл тарабынан окулбайт. Дегинкиси канцеляриялык стиль улуттук жазма-басма тилдин биринчи планда турган салаасы эмес, алтынчы же жетинчи катардан орун алган спецификалуу элементи. Биринчи планда булар: таалим-тарбия стили, илимий стиль, журналисттик стиль, көркөм адабият стили.

Албетте, канцеляриялык стиль да жакшыртууга муктаж. Себеби басылып чыккан өкмөттүк иш кагаздарынын кыргызча тексттери орусчадан сөзмө-сөз, натура, олдоксон которулган себептүү орусча билбеген кыргыз баласына түшүнүксүз. Аларды кыялда кайра орусча таржымалап гана бүдөмүк аңдоо мүмкүн. Ошондуктан иш кагаздарынын терминологиясын, стилдик сөз айкалыштарын, синтаксистик репертуарын орусчадан чампалап көчүрмөлөй бербей, тектеш казак, өзбек, татар, түрк тилдеринин тажрыйбасына таянуу менен, эне тилибиздин ички мүмкүнчүлүктөрүн жана жайдары мүнөзүн пайдалануу менен жаңыдан иштеп чыгыш керек. Протокол, арыз, справка, отчёт, программа жазуунун кыргызча стилин, штамптарын, эрежелерин мектепте жана ЖОЖдо үйрөтүү зарыл. Булардын баарын кыргызча мыкты жазылган атайын окуу китептери аркылуу гана жүзөгө ашыруута болот. Андай китептерди тиешелүү деңгээлде жазып ийчү тилчилер барбы бизде?

Анан да иш кагаздарын баштан-аяк кыргызчалап калган райондордун жана облустардын документтери кандай жазылып жатканын иликтеп көргөн тил күйөрмандары барбы? Алар, менимче, маселенин ушундай маңызына түк да ыкылас койбойт. Аларга иш кагаздарынын сабатсыз болсо да, балдыр-салдыр чыкса да, кыргызча эле жазылып турганы (демек, маселенин маанисиз тыш тарабы) гана керек белем.

— Кыргыз тилинин ушу тапта эң актуалдуу деп алдыга сүрүп чыгарчу проблемалары кайсылар?

— Дагы кайталайлы: орус журтташтарыбызды кыргызча зордоп сүйлөтүү проблемасын күн тартибинен биротоло ыргытыш зарыл. Болжолу, 500-600 миң чамалуу славяндарыбыз эле калды го. Алардын 300-350 миңдейи Россияга көчө албай турган пенсионерлер. Баарын тең мен алдыдагы 14-15 жыл ичинде наркы дүйнөгө ээрчите кетем. Демек, жакын арада «тил күйөрмандары» алардан да, менден да кутулуп тынат. Кадыры жам болсун. Азыр мектепте, ЖОЖдо окуп аткан орус жаштарынын басымдуу көпчүлүгү (балким, түгөл баары) Борис Иванович Силаев кетеринде телевидениеден да, газетадан да «перспективасыз өлкө» деп атаган Кыргызстанда калбайт. Анда биз, эмне, кары-жаш орустарга «силерге наркы дүйнөдө же Россияда пайдасы тиет» деп кыргыз тилин таңуулап үйрөтөбүзбү?

Экинчиден, эл башкаруу чөйрөсүнүн иш кагаздарын бүтүндөй кыргызча жаздыруу үчүн жүрүп жаткан жалындуу күрөштүн темпин да бир аз басаңдаткайбыз. Иш кагаздарын кыргызчалатуу эне тилибиздин учурдагы эң маанилүү проблемасы эмес. Мамлекеттик документтер кыргызча жазылгандан малыбыздын башы, эгиндин түшүмү көбөйбөйт, мамструктураларда коррупция тукум курут болбойт, өкмөттүк бюджет акчага тунуп калбайт, окуу жайларында таалим-тарбия жакшырып кетпейт.

Кыргыз тилинин Кыргызстан коомунда (чынында Бишкекте эле) экинчи катарга сүрүлүп келатканын айтып боздой бергенден да баш тартар мезгил жетти окшобойбу. Ушул тапта эне тилибизге байланыштуу өз элине күйүмдүү, билимдүүлөр каңырык түтөтүп боздоп, жер сабап айгай салчу бир гана орчундуу проблема бар. Элеттик кыргыз балдарынын «дүйнөлүк информация мейкини» дегенден тышкары калып атканына тиешелүү проблема. Тилекке каршы, муну акылы менен айкын туюнган, жаны ачып кыйкырган киши бизде жокко эсе. Баса, орусча билбеген кыргыз окуучуларынын өркөнү өскөн өлкөлөрдүн балдары азыктанып жүргөн информациядан азыктанбай, алар окуп жүргөн окуулуктардан, илимий-популярдуу китептерден жана журналдардан, энциклопедиялардан, справочниктерден пайдаланбай өсүп атканына «аттиң!» айтып кайгырып, жаны күйүп айгайлап, атайын маселе көтөрүп чыккан «тил күйөрмандарын» көргөнүңөр барбы?

Реалистче карап бакканда, бадырайып көрүнөт: айыл-ападан же кыргыздары көп шаарлардан Интернетке байланган жана кыргызча пайдалуу информация жүктөнгөн компьютерлер кадыресе орун-очок алганга али кыйла заман бар. Биздин шарттарда элеттик кыргыз балдарын интеллектуалдык артта калуучулуктан куткаруунун жападан жалгыз мүмкүн жолу — алардын эне тилинде дүйнөлүк илим-билим таянып турган өзөктүү, омоктуу, негизги түшүнүктөрдү, идеяларды, маалыматтарды баяндаган тексттердин жазылышы, которулушу, басылып чыгышы.

«Кыргыз балдарына бүгүнкү информация эне тилинде жеткирилсин!» деген талап кыргыз тилине күйөрмандык кылуунун күн тартибинен түшпөс урааны, көзөмөлдөн тайдырылбас магистраль багыты болууга тийиш. Ушул маселенин чечилиш жолунда, тактап айтканда, мүлдө адамзат иштеп чыккан илим-билимдин эң керектүү маалыматтарын жаш муундар үчүн кыргызчалоо процессинде эне тилибиз өргө чаап өнүгүүгө аргасыз болот. Дагы кайталайлы: ар кандай тилдин илим-билим байлыктарын жүктөнгөн жазма-басма вариантын бабырап сүйлөө, иштебеген мыйзамдар алуу, боздоп жер сабоо, обу жок уу-дуу чыгаруу, желбаш сөздөр, сапырылган жыйындар өткөрүү менен эмес, илим-билим ташыган тексттерди жан-тен чымыркантып, жаратмандык эргүүгө тартылып, акыл азабын жеп жазуу менен гана өстүрүү мүмкүн.

— Болуптур, ушул коомдук зарылчылыкты туюнган жоон топ патриот илимпоз ар кыл илим тармактарына тиешелүү окуу-педагогикалык, илимий, илимий-популярдуу китептерди жазып салды дейли. Бирок ушул тапта ар бир автор өз жазганын өзүнүн же спонсордун акчасына бастырууга аргасыз болуп атпайбы. Мындай кырдаал өзгөрбөй өкүм сүрүп турганда апенди же көзү жок баатыр эле “чыкпаса деле мейли» деп жаза бербесе, прагматик илимпоздун балдар үчүн керектүү тексттер жазып жиберери күмөндүү. Сиздин «жаш муундарга эне тилинде илим-билим жеткирилсин» дегениңиз деле тил күйөрмандарынын «иш кагаздары кыргызча жазылсын» деген ач кыйкырыгындай эле суу кечпеген ураан бойдон калбас бекен?

— Ырас, айрым авторлор китептерин эптеп чыгарып атат. Тек, аз гана тираж менен. Көпчүлүгүнүн тиражы 100-500 нуска, анча-мынчасыныкы 1000 нуска. Албетте, 300-500 нуска менен чыккан китептер көпчүлүккө жетпейт. Китептер кокус көбүрөк тираж менен жарык көрсө, сатылбай сүрсүп жатып калат. Мунун себептери көп. Эң башкысы ушул: китеп чыгарууда керектелүүчү материалдар (кагаз, пленка, боёк ж.б.) бизге бүт бойдон дүйнөлүк баа менен тыштан алып келинет. Аларга чегарадан өтөрдө бажы салыгы, китепке айланып чыгарда дагы бир салык, сатыларда дагы бир салык очойто салынат. Натыйжада, китептердин баасы опсуз көкөлөп кетет. Албетте, андай китептердин сатылыш жагынан өтүмдүүлүгү нөлгө түшпөй койбойт. Демек, ушул тапта кыргыз коомунун алдында илим-билим маалыматтарын элге жеткирчү тексттердин кыргызча көбүрөк жазылышын, көп тиражда басылышын, бир кыйла арзан сатылышын сөзсүз камсыз кылуу проблемасы калдайып турат. Эне тилине чын эле күйгөн билимдүү, айрыкча мээсинде шооласы бар депутаттар, саясый партиялардын лидерлери, алдыңкы журналисттер жана жазуучулар тарабынан массалык маалыматтарда үзгүлтүксүз талкууланып, расмий органдардын алдына кырынан коюлуп, бир жаңсыл чечилгенче коомдук уу-дуу менен коштолуп турууга арзыган лингвистикалык проблема — дал ушул гана проблема. Мунун чечилиши болсо эң оболу жаш муундарга эне тилинде билим үйрөтүүчү, көпчүлүк элге илим-билим маалыматтарын жеткирүүчү китептерге, газета-журналдарга жумшала турган типографиялык материалдардын бардык салыктардан куткарылышы менен түздөн-түз байланыштуу. Ошондуктан калайык-калкка илимий таалим берүүгө багытталган басылмалардын салыктардан бошотулушу үчүн билимдүү журтчулук тынымсыз күрөш алып барууга милдеттүү.

Анан да мамлекетибиз өз букараларынын, биринчи кезекте жаш жеткинчектеринин интеллектуалдык өсүшүнө жар болчу китептерди же прессаны чыгарууга адистешкен жеке менчик басма үйлөрүнүн (орусча «издательство» дегендердин) кескин көбөйүшүнө жана эркин өнүгүшүнө шарттар жаратышы керек. Себеп дегенде мамлекеттик басма үйү монополист болууга доомат кылып, кызматкерлерин опсуз көбөйтүп, алардын айлыктарын арттырып, өзү пайдаланган типографиялык материалдарга салыктар салынбай жатса деле, чыгарган продукциясынын баасын асмандатып отура берет. Ал эми жеке менчик басма үйлөрү көп болсо, элге керектүү басылмаларды арзан чыгаруу жагынан конкуренция жүрөт. Мамлекетибиз ошондой эле китеп соодасынын да жеке менчик статуста жана конкуренция кырдаалында өнүп-өөрчүп, бир далай кыргыз кесип кылган бизнеске айланышына көмөк көрсөтүшү зарыл. Акырында мамлекет мектеп окуучулары үчүн альтернативалуу окуулуктардын, илимий-популярдуу китептердин жана журналдардын кыргызча арзан чыгышына колдоо түрүндө өкмөттүк бюджеттен жыл сайын дотация бөлүп берип турушу да шарт. Шек жок, утопиялуу жактары жокко эсе ушул идеялар же сунуштар эл-журттун өтүнүчү, талабы, басым-кысымы менен ишке ашып кетсе, илим-билим ташуучу кыргызча басылмалар, совет доорундагыдай ит бекер болбосо да, азыркыдан алда канча арзандап, көп тиражда сатыла баштайт эле.

Эгер мамлекетибиз өзүн жашатып турган улуттун азыркыдай чала моңол билими менен кала беришин, өзгөчө жаш муундардын «дүйнөлүк информация мейкини» дегенден тышкары делдейип жүрө беришин каалабаса, жогоруда айтылган өтө маанилүү коомдук проблеманын күн тартибине коюлушуна жана чечилишине демилгечи, демөөрчү, кызматчы болууга аргасыз.

Көбүбүз айкын аңдай албай келаткан армандуу чоо-жайыбыз ушул: өзүбүз Борбордук Азиядагы эң аз сандуу калк экенбиз, тоо-таштуу туюк ата-журтубуз нефть, газ, металл, жыгач сыяктуу кымбат баа табият байлыктарына жана берекелүү түзөң мейкиндерге жарды экен. Алла Таала бизге цивилизациялашкан эл бийлөөчүлөрү, чиновниктери, милисалары бар колу-коңшуларды да ыраа көрбөптүр. Мындай кысталаң жагдайда биздин укум-тукумдар колун да, башын да тындырбай иштетип, ата-бабаларынын теңирден тетири үрп-адаттарын чанып, адамзат авангардынын илимий, техникалык, технологиялык табылгаларын дурус өздөштүрсө гана азыркыдай жакырчылык ичинде чайналбай күн көрө баштайт. «Аппак кызга кара кыз багы менен теңелет» дегендей, болочок муундарыбыз чыныгы билимдүүлүгү, өнөрчүлүгү, акылдуулугу, чыйрактыгы менен гана Борбор Азияда кайрадан калыптана баштаган орто кылымдык шарттарда муңбай жашап кетиши мүмкүн.

Эгер адамды жаңы информация булактары гана эстүү кылары эске алынса, анда англисче же орусча окууга эч кандай мүмкүнчүлүгү жок кыргыз балдарына дүйнөлүк илим-билимдин акылга азык болор дөөлөттөрүн эне тили аркылуу жеткирүү зарылчылыгы биздин мамлекеттин, атпай эл-журттун, өзгөчө интеллигенциянын биринчи пландагы максаты, парызы, карызы катары жар салынууга тийиш.

— Илгери Москвадан башка союздаш республикалардын, биринчи кезекте Россиянын эсебинен кыргызча илим-билимдин өнүгүшү үчүн көп эле акча берилип турганда деле кыргыз илимпоздору балдар үчүн коомдук жана табият илимдерине таандык китептерди жазып бере алган эмес. Азыркы эгемендүү бийлик кокус чочугандай эл камын ойлоп жиберип, кыргызча илимий, илимий-популярдуу, дагы башка акыл өнүмдөрүн алып жүргөн китептердин басылып чыгышына салыктардан бүт бошотуп, жеке менчик басма үйлөрүн жана соода точкаларын жамыратып койсо деле биздин илимпоздордун шымаланып китептер жазып иерине ишенчилик жок. Жазса деле жарытып бирдеме чыгарарына көз жетпейт. Кээ бир окумуштууларыбыз кыргызча тексттерди жазып же орусчадан которуп, жарыкка чыгарып жүрбөйбү. Мен ошолордун бир тобун окуп көрүп, илимий чыгармаларды кыргызча жатык тил менен түшүнүктүү, мазмундуу, кызыктуу кылып жаза алган кыргыздар али чыга элек окшойт деп калдым. Же мен жаңылышып атамбы?

— Жаңылышсаң, жакшы эле болбойт беле. Мен да математика, информатика, химия, биология, тарых, социология ж.б. илимдер боюнча кыргызча жазылган же орусчадан которулган китептерди окуп жүрөм. Чилистендерибиздин баш терисин байкап көрүү үчүн ошентем. Себеби кимдин акыл көрөңгөсү, билим дасмиясы канча экени жазганынан эле башбактап чыгып турат эмеспи. Арийне, кыргызча жаратылган илимий тексттер, айрыкча окуу китептеринин тексттери сүйлөмдөрүнүн чычырканактай тикендүүлүгү, сөз айкаштарынын дөңгөчтөй одонолугу, маанилик калпыстыктардын жана орфография-пунктуациялык каталардын көптүгү менен айырмаланып, көңүл иренжитет. Бирок ойдогудай болбосо да эне тилинде илимий тексттер жазып аткан окумуштууларыбыздын аракетине «бали-бали!» дешибиз керек. Тек гана алар өз тексттерин жазуу менен улуттук жазма-басма речтин пайдубалын коюуга жана дубалдарын тикелөөгө түздөн-түз катышып, тарыхта пионердик роль аткарып, патриоттук жумуш жасап атканын кадыресе айкын аңдай алса, өз лексиконун (сөз баштыгын) байытуута, эне тилинин туйдуруу-билдирүү мүмкүнчүлүктөрүн үйрөнүүгө, сөз менен ноюбай тыкан иштөөгө атайын маани бере баштайт эле, сүйлөмдөрүн грамматикалык жактан туура гана эмес, жатык, сулуу, жугумдуу кураштырууга аракет кылат эле.

Дегинкиси улуттук жазма-басма речибиздин кемелине келе албай өксүп турганынан улам кыргызча илимий текст жазуу иши өтө мээнеттүү. Себеби тил, адабият илимдеринен башка илимдердин колдонулууга жарамдуу терминологиясы, бай стилистикалык репертуары (даяр сөз айкалыштары, синтаксистик калыптар, фразеологиялык штамптар ж.б) алигиче иштелип чыга элек. Булардын бардыгы орус тилинде алда качантан бери бар, дапдаяр. Ошондуктан орусча илимий текст жазган окумуштуу белен-белен келки блоктордон, арматуралардан, эшик-терезелерден, шыбактык жана полдук материалдардан пайдалануу менен там салгандай жумуш кылат. Кыргызча текст жазууга киришкен илимпоз болсо өз колу менен топурак казып, кирпич куюп, өзү эшик-терезелерин, устундарын, такталарын жасап, өзү дубалын тургузгандай иш бүтүрөт. Демек, кыргызча дурус текст жаратыш үчүн орусча жазгандагыга караганда үч-төрт эсе көбүрөк эмгектенүү талап кылынат. Тилекке каршы, кыргыз баласынын генине мээнеткечтик өткөн эмес. Акыл эмгеги жаатында чымыранып, жанын жанга уруп, баткакка баткан КамАЗдай буксовайт этип, артынан көк түтүн бурулдагыча иштеген улутташтарыбыз сейрек.

Бирок кыргыздар, асыресе интеллигенттер түбөлүк ыкшоо бойдон кала албайт, анткени биз аста-аста кирип келаткан капитализм куду табияттай катаал, ырайымсыз, адилетсиз келип, элдин басымдуу көпчүлүгүн бар күчүн салып, башын кызылдай мээнетке байлап иштөөгө аргасыз кылат.

Эгер экономиканын китеп чыгаруу жана соодалоо тармагына мамлекет тарабынан эркиндик, жеңилдик, жардам берилсе, бизде деле китеп басуу жана сатуу рыногу сөзсүз жанданат, ушул жумуштарга адистешкен бизнесмендер чыгып, китеп рекламасын жана соодаланышын өөрчүтөт, натыйжада коомдо бара-бара китептерге талап пайда боло баштайт. Канткен менен элибиз кайрадан сабатсыз акыбалга келе элек, кыргызча окутчу мектептер жабыла элек, көпчүлүктүн бала-чакасын билимдүү кылууга ниети да, аракети да өчө элек эмеспи.

Китеп рыногу кадыресе иштеп кетсе, логикалык маданияты аксаса да, кыргызчабы же орусчабы, айтор, речь аркылуу жан багып жүргөн билимдүү кыргыздар эне тилинде текст жазууга, жазгандарын китеп чыгарчу ишкерлерге сатууга мажбурланат. Мындай болоруна калкынын саны биздикинен саал көбүрөк же азырак финвдердин, литвалыктардын, латыштардын, эстондордун эне тилдеринде китеп рыногун өөрчүтө алгандыгы кепилдик кылат.

— Эсил кайран совет доорунда күйдүргү анекдоттор көп чыгарылып, алардын авторлугу дайын-дареги жок «Армян радиосу» дегенге шилтенчү эмес беле. Ошол анекдоттордун ичинде кыргызга тиешелүү бирөө бар болучу. «Армян радиосуна»: «Арменияда токой жок, бирок Токой министрлиги бар, бул эмнеси?» деген суроо түшүптүр. Анда «Армян радиосу»: «Кыргызстандын деле маданияты жок, бирок Маданият министрлиги бар эмеспи!» деп жооп айтыптыр.

Мен да ошонун сыңарындай бир суроо таштайын. Сиз «илим-илим» деп эле безилдейсиз, деги бизде чыныгы илим барбы, «илимпоз-илимпоз» деп эле какшанасыз, чыныгы илимпоздор барбы?

— Кыргызстанда илимий мекемелер, ЖОЖдор бир кыйла замандан бери жашап келатпайбы. Аларда илимий даража, окумуштуулук наам алган жоон топ кыргыз иштеп келет. Илимий иштер да жазылып атат. Тилекке каршы, республикада илим тармактарынын кандай жаралып, кандай өнүп-өскөнүн, азыркы абалын иликтеп чыккан киши алигиче жок. «Науковедение» деген илим салаасы бизде азырынча дайын-дарексиз.

Арийне, артта калган кичине элден илимий кадрлардын чыгышы абдан машакаттуу. Мисалы, 1950-жылга чейин беш-алты эле кыргыз илимдин кандидаты, жалгыз кыргыз илимдин доктору болгон экен. Кандидаттардын да бири кан майданда курман болуп, бири «улутчул» деп айыпталып сүргүнгө айдалыптыр. Илимдин бир катар тармактарынан кандидат, докторлор 1950-жылдардын орто ченинен көбүрөк чыга баштап, соңку 20-25 жылда саал калыңданган социалдык катмарчага айланды. Эң зээндүү, мээнеткеч, көк кыргыздар медицина жаатына ооп кеткен белем же ал илимден илимий даража алуу оңоюрак белем, айтор, ушу жактан кандидат, докторлор көп чыгыптыр. Тарых, философия, социология, политология дегендердин ар биринде доктор кыргыздардын саны математик докторлордукунан аз экен. Анан да техникалык илимдерден кыргыз докторлор көп экен, акетай!

Демек, бизде нарк-нускалуу орус илиминин алкагында жазылып, анча-мынча көрөңгөлөнүп калган илим бар. Бирок биздин илимдин Россия илиминин чет жакасындагы (перифериясындагы) үйрөнчүк, тууранды, жармач бучкагы бойдон калып жатканы да кашкайган факт.

— Табият жөнүндөгү, техникага, айылчарбага, экономикага тиешелүү илим тармактары практикага түз чыга турган тармактар эмеспи. Ушул илимдер боюнча диссертация коргоп, атүгүл патент алып келаткан кыргыздар бар экени белгилүү. Бирок алардын илимий-техникалык табылгаларынан бирди-жарымы республиканын өндүрүштүк сферасына киргизилгени же чет жакка сатылганы жөнүндө эмгиче көпчүлүккө жар салына элек. Гуманитардык илимдер жагынан орусча жазылган диссертациялардын деле кыргыз элинин жаңы билимдерге муктаждыктарын канааттандырууга кызмат кылганы бүдөмүк, алардын орус же англис тилине тамчыдай кошумча кошту деген кабарды деле эмгиче уга элекпиз. Жасаган эмгектери өз улутунун маданий турмушуна эч кандай таасир бербесе, дүйнөлүк илимге кылчалык үлүш кошо албаса, илимпоз кыргыздар диссертацияларын эмне үчүн жазып жүрүшөт? Алар кыйналып-кысталып орусча диссертация жазууга жумшаган күч-аракетин дүйнөлүк илимде катмарланып чөгүп жаткан, орусча илимий жана окуу китептеринде системага салынып жалпыланган илим-билим байлыктарын кыргызчага жатык тил менен жазып берүүгө сарп кылса, эне тилинин жазма-басма речин жакшыртууга эмгек сиңирип, өз элинин маданий жактан өсүшүнө шарапаты тие турган жумуш жасашпайт беле?

— Илим негизинен алп элдердин тилдеринде өнүп-өөрчүйт эмеспи. Аз сандуу элдерден азыркы илим дүйнөсүнө кирем деп чыккан киши ошол улуу тилдердин биринин этегин кармоого аргасыз болот. Тагдырдын амири экен, кыргыздарга чын эле улуу орус тили тийип калыптыр. Ошондуктан кыргыз тили, кыргыз адабияты, кыргыз тарыхы, айрым илимдерди мектепте окутуу методикасы боюнча диссертациялардын жарым-жартылайы кыргызча жазьшганы болбосо, калган илимдерге тиешелүү илимий иштер бизде бүт бойдон орусча жазылып келген, жазьшып да жатат.

Ырас, кандидат, доктор болгон кыргыздардын басымдуу көпчүлүгү үчүк диссертациялар жазуу илимий чындык издеп табуу багытында кетип, ой азабын, сөз азабын тарттырган, акыл-эсти чымыркандырып жаналакетке салган чыныгы жаратмандык жумуш эмес, жөн гана орусча илим казынасындагы даяр идея, методология, стиль калыптарын колдон келишинче өздөштүрүү, механикалык түрдө белимчилөө далбасасы бойдон кала берген. Экинчиден, биздикилер үчүн диссертация жазуу орус илимине деле, кыргыз коомуна деле пайдасы бары күмөндүү, интеллектуалдык эрмекке, илимий даража-наамдарга жетип, айлык көбөйтүү, аздыр-көптүр кадыр-барк табуу амалына айланган деп да айта атабыз. Мындай абалдын дагы эле сакталып жатканын да көрүп турабыз.

Арийне, кыргыз коому эне тилинин кадыресе жазма тил, таалим-тарбия тили, илим, саясат, укук тили болушуна аябай муктаж. Муну бизге өзүбүздөн башка эч ким жасап бербейт. Андыктан ар бир билимдүү кыргыз, айрыкча илимпоз кыргыз орус же англис тили аркылуу дүйнөлүк илимден өздөштүргөндөрүн кыргызча кагаз бетине төгүп, элине сунууга милдеттүү. Бизде илимдин өнүгүшү башынан эле дал ушул багытка салынууга тийиш эле. Эгер совет доорунда дүйнөлүк илим-билимдин уюткусун сузуп, каймагын калпып алып, талаптагыдай кыргызча жазып бергендерге илимий даража-наамдар берилип отурса, эмдигиче көп илим кадыресе кыргызчаланып калмак эле, жазма тилибиз алда канча өсүп-өнмөк, улуттун жомоктук аң-сезимден суурулуп чыгышына омоктуу өбөлгөлөр жаратылмак эле.

Өзбек, тажик элдеринде дал ушул жол менен кеткен аалымдар көп чыккан. Мисалы, Ташмухаммед Кары-Ниязи 1930-жылдары ЖОЖдор үчүн өзбекче математика окуулуктарын, Мухаммед Асимов 1950-60-жылдары тажикче «Диалектикалык материализм» жана «Тарыхый материализм» деген эмгектер жазып бергени үчүн илим доктору даражасын, профессор жана академик наамдарын алган. Экөө тең ошол китептерин жазганда орус тилиндеги көп сандаган терминдердин, сөз айкалыштарынын, сүйлөм курулуштарынын өзбекче жана тажикче эквиваленттерин издеп табууга, ойлоп чыгарууга мажбурланган. Албетте, алар дүйнөлүк илимге кире турган эч кандай жаңылык ачып жиберген эмес, тек гана дүйнөлүк илимдин табылгаларын эне тилдеринин аңызына көчүрүп өткөн, бири математиканын өзбекче, экинчиси философиянын тажикче терминологиясын, стилдик калыптарын жаратып берген. Алардын китептери азыр, балким, мазмундук элементтери жагынан эскирип калгандыр, бирок ал экөө тапкан терминдердин, фразеология бирдиктеринин, синтаксистик курулмалардын өзбекче, тажикче кийинки эмгектерде жашап, көпчүлүк пайдаланган улуттук жазма речке сиңип кеткенинде шек жок.

Өкүнүчтүү жерибиз ушул: Касым Тыныстановдон кийин илим тармагын кыргыз тилинде сүйлөтүүгө өмүрүн арнаган илимпоздор кыргыздан чыккан жок. Мисалы, философ Асылбек Алтымышбаев менен тарыхчы Бегималы Жамгырчинов орусча жазылган диссертациялары үчүн илим доктору даражасын алган соң, орус тилинде бир нече монография жарыялаган. Ал эмгектер өз убагында орус тилиндеги илимге кыпындай кошумча кошо алган эмес. Алар азыр кайта басылууга жарабаган, эч кимди кызыктырбаган пайдасыз тексттерге айланды да калды. Эгер Асылбек Алтымышбаевич же философиянын терминологиясын жана стилдик калыптарын кыргызчалап, философиянын теориясына жана тарыхына тиешелүү китептер жазса, же дүйнөдөгү классик философтордун чыгармаларын которуп берсе, же кыргыз балдарына философия эмне экенин түшүндүргөн китептер сериясын жаратса, улуттук жазма речтин өнүгүшүнө эмгек сиңирген болор эле, жазгандары да кайра-кайра басылып авторунун атын унуттурбайт эле. Бегималы Жамгырчинов да дүйнөлүк же региондук тарыхый окуялар жөнүндө кыргызча мыкты тексттерди жазып жарыяласа, тарых илиминин стилин иштеп чыгып, өз аты-жөнүн узак замандар эл эсинен чыкпай турган даражага көтөрөр эле. Тилекке каршы, эки аалымдын тең жасаган жумуштары сая кетип, 20-30 жыл өтпөй эле унутула баштады. Белгилүү го, ар кандай калемгерди өрнөктүү иштелген тексттер гана экинчи өлүмдөн сактап калат.

Илим менен иришип жүргөн ар бир кыргыз айкын түшүнүшү керек: орус коому менен кыргыз коомунун арасында оркойгон сапаттык айырма бар. Орус илимпоздору биздикинен алда канча алдыга озуп кеткен, орус коому муктаж болуп турган турмуштук маселелерди иликтеп чечүү менен алектенет. Ал эми биздин окумуштуулар төмөнкү цивилизациялык деңгээлдеги кыргыз коому акактап чаңкап, зарыгып сурап турган практикалык проблемаларды чечүүнүн, асыресе кыргыз тилин илим-билимге каныктыруунун ордуна орус илимпоздорун белимчилеп туурап, сокур ээрчип, изилденсе орус тил илимине жарашчу темаларды иликтөөгө тамтаңдап далбас урат да, орус илимине да, кыргыз коомуна да пайдасы тийбеген диссертация, монография, макалаларды орточо же андан төмөн сапатта бүтүрүп жүрүшөт. Демек, алардын жасаган жумушу түпкүлүгүндө кысыр жумуш. Ошондуктан биздеги илимий иштерди кыргыз коомуна кызмат кыла турган өнүмдүү жолго буруу зарылчылыгы бар.

Ушуга байланыштуу бир эле маселе келтирели. Жалпыга маалым го, психология илиминин эчтемеси азырынча кыргызчалана элек. Бишкектен орусча китептер саткан дүкөндөргө кирсеңер, психология проблемалары жөнүндөгү ондогон наамдагы илимий жана илимий-популярдуу чыгармалар тизилип турганын көрөсүңөр. Булар ушу темага арналып Россияда жарык көргөн китептердин жүздөн бири гана болсо керек. А кыргызча психология илимине тиешелүү бир да китеп жок азыр! Ушу кейиштүү улуттук өксүк «тил күйөрмандарынын» капарына да келбейт. Эгер психология илиминин терминдерин ойдогудай иштеп чыгып, окуучулар же студенттер үчүн окуулугун жазганга илимдин кандидаты даражасын, ошол эле киши андан ары илгерилеп, психология илиминин жаралыш жана өнүгүш тарыхы, ал илимдин багыттары жана корифейлери тууралуу баяндаган китептер жазып берсе, психология терминдеринин энциклопедиялык сөздүгүн жаратып койсо, ага илимдин доктору даражасын, профессор наамын жалтаңдабай эле ыйгаруута, илимдер академиясынын мүчөлүгүнө өткөрүүгө болот, себеби ал эргул бүтүндөй бир илимдин маалыматтарын кыргыз элине тартуулап атпайбы!

Ушундай жол менен гана илимдин көп тармактарын кыргызча сүйлөтүп, кыргыз жазма-басма речин калыптандыруу ишин илгерилете алышыбыз мүмкүн.

Сомолоп айтканда, кыргыз жазма речи билимдүү кыргыздардын басымдуу көпчүлүгү илимий, илимий-популярдуу, педагогикалык тексттер жазууга шымаланып киришсе, анан андай тексттердин жазылышына, жарыяланышына, сатылышына мамлекет да, жарандар жамааттары (граждандык коом) да моралдык дем-шык берип, материалдык көмөк көрсөтсө гана өнүп-өсө алат. Андыктан эне тилинин, биринчи кезекте кыргыз жазма-басма речинин өргө чаап өнүгүшүнө пайда издебей адал күйөрмандык кызмат кылчулар үчүн төмөнкүдөй ураандар алдыга сүрүлүп чыгып, актуалдуу болууга тийиш: кыргыз окумуштуулары эне тилинде илим-билим ташыган тексттер жазсын! Өкмөт жаш муундар таалим-тарбия алчу китептердин басылышына жана сатылышына салык жагынан жеңилдиктер, акчалай жардамдар (дотация) берсин! Жарандар жамааттары, алардын парламентке жөнөткөн өкүлдөрү, массалык маалымат каражаттары жеке менчик негизде китеп басуу-сатуу бизнесинин өөрчүшүнө кенен жол ачылышын мамлекеттен талап кылсын!

Кыргыз тилине тиешелүү көп сандаган проблемалардын дал ушул тараптары алдыга түртүлүп чыгып, коомдук уу-дуу менен коштолуп, улуттун болочок тагдырына тиешелүү маселелер катары кырынан коюлса, эне тилибизге күйөрмандык кылуу кыймылы оң жагына тегеренер эле.

— Ушул айтылгандардын тууралыгында, кыргыз журтунун түпкү мүдөөлөрүнө шайкеш келеринде шек жок. Бирок алар деле суу кечпеген сунуштар, көңүлгө жагымдуу тилектер, аткарылбас талаптар бойдон калбас бекен?

— Менимче, ар бир кыргызга, бөтөнчө билимдүү кыргызга ойлонсун деп берилген го баш. Улуттук жазма речти өстүрүү зарылчылыгын мен оюмдан сыгып чыгарганым жок, эне тилибиздин коомдук милдет аткарыш аймагынын кеңейишине, тереңдешине байланыштуу көп проблемалар бар. «Тил күйөрмандары» алардын мааниси, актуалдуулугу, коомго пайдасы азырактарын алдыга сүйрөп чыгып, масс-медиа аркылуу чуулдатып жүрөт. Алардын чуулдатканы жалпы элдин ою сыяктуу мүнөз алып калууда. Мен болсом ал проблемалардын унутулган өзөктүү жактарын көпчүлүккө таанытуу үчүн далбас уруп атам. «Маселенин туура коюлушу анын жарымдай чечилишине барабар» деген сөз бар философияда. Элге күйүмдүү окумал кыргыздар түшүнүүгө тийиш: кыргыз тили өзү жөнүндөгү мыйзамга, тили буруу журтташтарыбыз тарабынан үйрөнүлүүгө, сөзсүз эле иш кагаздарында колдонулууга жутап турган жери жок. Ал биринчи иретте дүйнөлүк илим-билимдин пайдубалы, таянычтары, кабыргалары, устундары сыяктуу маалыматтары менен каныгууга муктаж. Ошентсе гана эне тилибиз жазма-басма тил сыягында калыптана баштайт. Улуттук жазма тилдин дурусурак илим-билим тилине айланышы гана орус же англис тилин эне тили кылып албаган кыргыз балдарын чала моңол сабаттуу, карапайым аң-сезимдүү, патриархалдык психологиялуу бойдон «Манас» дастанын кучактап кала берүүдөн куткарат.

— Жаш жеткинчектерге илим-билим эне тилинде жеткирилишин камсыз кылуучу практикалык чаралар көрүү зарылдыгы катардагы билимдүүлөрдү, популист депутаттарды, тагдыр чечер өкмөтчүлөрдү кызыктырарына, ойлондурарына, конкреттүү иштер жасоого түртөрүнө мен анча ишене бербейм. Сиз какшанып айтып аткан идеяларды биздин аш-тойго ынак элибиздин оюн-тамашага, салтанат-сайранга кумар билимдүүлөрү такыр эле таңазар албай койсо эмне кыласыз?

— Кыргыз мектептеринде таалим-тарбия иштери өтө эле начар экени студенттерибиздин билим дасмиясы жукасынан эле байкалат. Бул факт расмий түрдө да айтыла баштады! ЖОЖдор деле жаштарга жарытылуу билим бербей атканы жашырын сыр эмес. Ошондуктан бизде талаптагыдай таалим-тарбия көргөн интеллигенция эмдигиче курала албай келатпайбы. Ырас, билимдүүлөрдүн жалпы саны жагынан адамзаттын алдыңкы катарындабыз. Үч миллиондой кыргыз элинин бештен бирдейи (болжолдо жарым миллиондон ашуун) жогорку билимдүү. Атайын орто билимдүү кыргыздар да 250-300 миңдей болсо керек. Сыртынан карагандарга чын эле билимдүү элдей көрүнөбүз. Анан ушунча билимдүү кыргыз боло туруп, өздөрүнүн да, өз элинин да кедейликтен кутулушуна, эркин экономика майданына киришине, демократия нормаларынын коомдо тамырлашына көмөкчү, арка-бел боло албай атпайбы. Жакшы жашаганга жардам бербеген билимдин баштарда уялап жүргөнүнөн кандай ийги, кимге кереги бар, билим деп атанууга кандай акысы бар? Бай Батыш дүйнөсү: «Силер жер жүзүндөгү эң кедей элдердин бирисиңер» деп жыл сайын көзүбүзгө сайып көрсөтүүдө. Биз болсо: «Жок, кедей эмеспиз, кедей эл ар жылы дүңгүрөтүп аш-той өткөрчү беле?!» деп арданып, чамгарактап терс сүйлөбөйбүз. «Ооба, кедейбиз» деп шылкыйып моюнга алып, артынан: «Келе, карызга акча бер!» деп кол сунабыз. Бай Батыш дүйнөсү: «Билимиңер жок үчүн кедейсиңер, анткени билимдүү эл эч качан жакыр жашабайт» деп бетке чабарлык кылбайт, бирок ошентип ойлоп турат. Ошентсе да биз кедей экенибизди ырастап, билимсиз экенибизди ырастагыбыз келбейт. Шек жок, өзүбүз жөнүндө жалган элестер, феодалдык түшүнүктөр, патриархалдык мифтер менен жүрө берсек, жакын арада эле жалпы улуттук кырсыкка учурабай койбойбуз. Андыктан башыбызды катырып ойлонгонго, өзүбүзгө өзүбүз сын көз менен караганга, бүткүл улутка орток проблемаларды айра тааныганга, алардын ичинен биринчи иретте мектептен жана ЖОЖдон чала билимдүү, орусча айтканда, функционально неграмотный жаштар койдой чубатылып чыгып атканын таамай көрүп, моюнга алганга мажбурбуз. «Өнүмдүү ички саясат сөздүн чынын сүйлөгөндөн башталат» дейт Батыш дүйнөсүнүн философиясы. Биз да, эгер азыркы бечара ал-жайыбызда кала бергибиз келбесе, өзүбүзгө тиешелүү ачуу чындыкты моюнга алып, жаш муундарга таалим-тарбия берүү системасынын түпкү улуттук мүдөөлөргө жооп бербегенин чынчылдык менен тастыкташыбыз керек. Ошентсек, кыргыз мектептеринде окутуу ишин жакшыртуу маселеси коомдун алдына көлдөлөңүнөн коюлат да, биздеги билим берүүнүн драмалуу абалда калышынын себептери иликтене баштайт. Натыйжада эне тилинде илим-билим булактары какшып турганы үчүн кыргыз балдары мектептен примитивдүү билим менен чыгып атканы калдайып көрүнөт.

Демек, эл агартуу жаатындагы өтө кейиштүү акыбалдын оңолушуна багытталган чаралар табуу зарылчылыгын өткүр туюнган, айкын түшүнгөн, жан-дили менен колдогон кишилер улуттук интеллигенция арасынан кур дегенде 100-150 чамалуу чыкпаса, анда кыргыз элинин келечегинен түңүлө берсе болот.

Алым ТОКТОМУШЕВ

«Агым» гезити, 24-октябрь 21-ноябрь, 2003-жыл

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.