Кымбаттуу өспүрүмдөр, 8–11-класстын окуучулары!

Сиздер үчүн Жогорку Кеңештин депутаты Абдывахап Нурбаев демилгелеген дилбаян сынагы улантылат. Эл өкүлү Айтматовдун чыгармаларына жалпы окурмандардын кызыгуусун козгой турган жакшы жөрөлгөнү салтка айлантууну көздөйт.

Абдувахап Нурбаев менен уюштуруучу топ кеңешип, сынакка “Айтматовдон алган сабагым” деген теманы тандады.

Жакшы демилгени чын ыкластан колдоого алган “РухЭш” сайты биринчи жолкуда кетирилген кемчиликтерин эске алуу менен, сынактын жаңы жобосун сунуштайт:

Бул жолу сынак эки баскыч менен өткөрүлөт.

1-баскычы 2019-жылдын 1-сентябрынан башталып, 2020-жылдын 29-февралына чейин жүргүзүлөт. Дилбаяндар ruheshsaity@gmail.com дареги аркылуу кабыл алынат. Сурап тактоо үчүн 0770 35 55 07 номуруна чалыңыздар!

Дилбаян жазуу талаптары:

  1. Дилбаян компьютерде жазылышы шарт.
  2. 12-кегль менен эки беттен ашырбоо кажет.
  3. Ө, ң, ү тамгалары менен жазылуусу зарыл.
  4. Дилбаянда катышуучунун аты-жөнү, жашаган жери (облусу, району, айылы), мектеби, классы жана байланыш телефону толук көрсөтүлүп, сүрөтү сөзсүз тиркелиши шарт.

Кол жазмалар, эки беттен ашык жазылган жана ө, ң, ү тамгалары жок, аты-жөнү, дайын-дареги толук жазылбаган дилбаяндар кабыл алынбайт!

Дилбаянды баалоо үчүн коюлган талаптар:

  1. Айтматовдун өмүр баянына токтолуунун кереги жок.
  2. Темага ылайык, Айтматовдун кайсы бир чыгармасынан, каарманынан же идеясынан кандай сабак алганы, ал сабакты турмуштук кырдаалдарда кандай колдонуп келаткандыгы чечмелениши шарт.
  3. Баалоодо дилбаяндагы көркөм ой чабытка, идеялык мазмунга басым жасалат. Катышуучунун жеке ой толгоосу байкалган дилбаяндарга артыкчылык берилет.
  4. Албетте, орфографиялык, пунктуациялык, стилистикалык жана синтаксистик сабаттуулукка баа берилет.

Мына ушул талаптарга жооп берген дилбаян ээлери сынактын 2-баскычына көтөрүлөт.

2-баскычы март айында Бишкек жана Ош шаарларында өткөрүлөт. Экинчи баскычка өткөн окуучулар эки борбордун (Бишкек жана Ош) ыңгайына жараша чакырылып, калыстар курамы жана уюштуруучулар тарабынан берилген эркин темада дилбаян жазышат.

Биринчи жолку конкурста айрым окуучулардын даяр текстти көчүргөнү; эже-агайлары жардам бергени баамга учураган дилбаяндарды сынактан четтеткен элек. Ушундан улам, аталган конкурс калыстыктын негизинде өтсүн үчүн жогорудагы талаптар толук аткарылууга тийиш.

Калыс баалоонун дагы бир кепилдиги үчүн, калыстар тобунда кимдер боло турганын сынактын жыйынтыгы чыкканга чейин жашыруун кармоону чечтик. Биринчи жолкудай эле, калыстарга дилбаян ээлеринин аты-жөнү көрсөтүлбөй, номерлер менен гана жиберилет.

Калыстар тобу жогорку компетенттүү, агартуу тармагында мол тажрыйбасы бар инсандардан куралды.

Жалпы байге фонду:

100 000 (жүз миң) сом.

1-орун – 10 000

2-орун – 9 000

3-орун – 8 000

4-орун – 7 000

5-орун – 6 000

6-орун – 5 000

7-орун – 4 000

8-орун – 3 000

Байге фонддун калган суммасы калыстар курамынын чечимине ылайык кызыктыруучу сыйлыктарга жана кайсы бир артыкчылыгы менен айырмаланган дилбаян авторлоруна өзгөчө байге катары ыйгарылат.

Сынактын максаты – өспүрүмдөрдү өз алдынча ой жүгүртүүгө, оюн жеткиликтүү баяндоо үчүн сөз байлыгын арттырууга шык берүү.

“РухЭш” сайты өспүрүмдөр арасында экинчи жолу уюштурулуп жаткан конкурстун демилгечиси жана демөөрчүсү, КР Жогорку Кеңешинин депутаты Абдывахап Нурбаевге терең ыраазычылык билдирет!

 

1. Алимбекова Акбермет: Классикалык чыгармаларды сүйөм 

2. Саламат кызы Анара: «Ак кеменин» таасири

3. Муркамилжанова Мухлиса: Мугалим болгум келет

4. Козубаева Хожинисо: Биринчи мугалим

5. Нурболот кызы Арууке: «Ак кеменин» таасири

6. Мамутова Аймүрөк: Бирин жазсам, бири калат

7. Тайлаков Байсал: “Ак кеменин” негизги идеясы – адамгерчиликтүүлүк

8. Нурдинова Диора: Саманчынын жолундагы таасир

9. Уматкул уулу Байжигит: Сөзсүз жакшы адам болом…

10. Закиралиева Зарина: Мен окуган Айтматов

11. Алтынбекова Самира: Жакшылыкка тоскоолдук көп

12. Азизбек кызы Аделя: Келечекке жол көрсөтүүчү

13. Назарова Алия: Толгонай Жанболот үчүн жашады

14. Талантбеков Улан: Кадийча жана Үкүбала

15. Ахадова Фатима: “Эрте келген турналар” таасири

16. Абылова Айзирек: “Биринчи мугалим” жашоомду өзгөрттү

17. Жаныш уулу Каныбек: Үйдөгү карынын Балага айткан жомогу

18. Алтынбек кызы Айдай: Айтматов — түрк дүйнөсүнүн улуу инсаны

19. Абдыкадырова Сюита: Айтматов кумирим

20. Уланбекова Сирена: “Жамийла” повестиндеги ишенимдүүлүк жана чечкиндүүлүк

21. Адылбекова Айназик: Акбаранын күнү-түнү боздоп улуганы

22. Зарипбекова Аделия: Эмне үчүн адамдай болуп жашай албайбыз?

23. Ильяз кызы София: Айтматов ааламы

24. Иминова Хуснида: Айтматовду гений деп билдим

25. Мырзажанова Элина: Орозкул баланы багып алса болмок

26. Тилебалдыева Бермет: Бирөөгө жагалданбай жашоого үйрөнөлү

27. Дүйшөнкул кызы Алина: Жакын адамдарсыз бул жашоо – жашоо эмес

28. Акылбек кызы Айпери: Эң мыкты мурас – тарбия-

29. Отунбаева Мадина: Кыргызстандын экологиясын бузганды токтот!

30. Рахматуллаев Абдурашит: Айтматов – деңиз сымал кең аалам

31. Бакытбек кызы Айхан: Биздин үй-бүлө үчүн Айтматовдун таасири чоң

32. Тилебалдыев Тилек: «Делбирим» мени турмушка тарбиялады

33. Акпарали кызы Бактыгүл: Айтматов – менин улуу тарбиячым

34. Галбаева Гүлүмкан: Айтматовдун эң чоң темасы бул – сүйүү

35. Мунарбек уулу Айтбек: Ар бирибизде Чыңгыз атабыздын гени бар

36. Нурланбек кызы Гаухар: Кантип адам болобуз?

37. Карагулов Акылбек: Адамзат тааныгысы келбеген Кассандра тамгасы

38. Амангелди кызы Асел: Адамдын адамдыгы чындыкты туудай тутунгандыгында

39. Талантбек уулу Элнур: Кыргыз адабиятынын даанышманы 

40. Нурбекова Гүлдана: Бакыт өзү басып жаныбызга келбейт

41. Мурсалиева Бегимай: Патриоттук деген эмне?

42. Анвар кызы Асел: Айтматов жашоо жөнүндө эң бийик түшүнүк берет

43. Шүкүрбек кызы Саипжамал: Дүйшөндөй мугалим болгум келет

44. Мээрим Райымбекова: Адамдык сапатты бийик коюуга чакырам

45. Орозали кызы Бегимжан: Толгонай эненин мээрими

46. Нурланбекова Дилшат: Айтматов биздин чексиз мактанычыбыз

47. Бактыбек кызы Нурия: Мен Дүйшөндүн жолун жолдойм

48. Усубакунова Арзуу: Ата-эне мээрими бала үчүн баа жеткис

49. Жекшалиев Тагай: Сабаты төмөн болсо да, адамгерчилиги жогору

50. Аалиева Алтынай: Ар бир адамга сабак болчу адам

51. Иличбекова Айгерим: Жашоонун энциклопедиясы – Ак кеме

52. Жолдошбек уулу Бектур: Азыркынын Майсалбектери кайда?

53. Кубатов Дастан: Орозкул өзү күнөөлүү

54. Самудинова Малика: “Биринчи мугалим” окууга үндөдү

55. Токторова Жаркынай: “Бетме-бет” тайманбас болууга чакырат

56. Кожоева Ырысгүл: Танабайдын бейнеси – чыныгы адамдын бейнеси

57. Таштанова Перизат: Айтматов – мотивация берүүчү

58. Улукбек кызы Каныкей: Толгонайдай энемден таасирлендим

59. Максат кызы Айназик: Жаратылышка кайдыгер мамилем менен кош айтыштым 

60. Нурланбекова Каныкей: Калемдин курчу – изденүү менен акылдан 

61. Жыргалбаева Айдай: Айтматов – менин мугалимим

62. Бекболотова Нурай: Энелик сезим

63. Акималиев Бекзат: Эне жүрөгү – чексиз  сүйүү

2 Replies to “Айтматовдон алган сабагым: Өспүрүмдөр арасында конкурс!”

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.