Адам өз өлүмүн кантип тосуп алууга чечим чыгара билүүсү керек.

♦ ♦ ♦

Кыйынчылык менен алынар иштин сага берилишине жол бербе!

♦ ♦ ♦

Дайыма окуучу боюнча калган адам, демек мугалимине карызын төлөй албайт.

♦ ♦ ♦

Музыкасыз жашоонун катасы жык.

♦ ♦ ♦

Тирүүлүк – дабасыз дарт.

♦ ♦ ♦

Ийгиликтин аягы – жалгыздык.

♦ ♦ ♦

Жөнөкөй пикир – ээсин жок кылат.

♦ ♦ ♦

Сөз уккан – өзүн укпайт.

♦ ♦ ♦

Үмүт – коркунучтуу оору. Ал кордукту көбөйтөт.

♦ ♦ ♦

Өлтүрбөгөн азап – мени күчтөндүрөт.

♦ ♦ ♦

Өзүмчүлдүк – рүхтун негизги пайдубалы.

♦ ♦ ♦

Искусство – чындыктан да маанилүү.

♦ ♦ ♦

Аз билген, аз ойлонгон адам көп сүйлөйт.

♦ ♦ ♦

Эң катуу жаңгак да сынгысы келет.

♦ ♦ ♦

Рухтун артынан кубалагандын руху жок.

♦ ♦ ♦

Мени өлтүрө албаган бардык нерсе – мени күчтөндүрөт.

♦ ♦ ♦

Ахлак, керектүү, бирок ал коркунучсуз эки жүздүү.

♦ ♦ ♦

Жаза – адамды тарбиялабайт,  жөн гана утурумдук жоошутуу.

♦ ♦ ♦

Убагында сезүүнү жана унчукпоону билген адам чыныгы дос.

♦ ♦ ♦

Атасы жашырган мүнөз уулунан көрүнөт.

♦ ♦ ♦

Учканды үйрөтө албасаң, жыгылганды үйрөт.

♦ ♦ ♦

Адамды күмөн саноо эмес, чындык жинди кылат.

♦ ♦ ♦

Адам, досун душманынан да кеч кечирет.

♦ ♦ ♦

Өздүн сөзүн укпаган, бөтөндүн буйругуна баш ийет.

♦ ♦ ♦

Чыныгы улуу ийгиликтер бактылуулук менен таанышкысы келбейт.

♦ ♦ ♦

Коркуп жашасаң, жөн гана көрүүчү болосуң.

Англис тилинен которгон Мээрим САЙДИЛКАН

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.