Имдат Авшар: Биздин үйдүн кыбыласы

АҢГЕМЕ Маңдайында мажүрүм талдар өскөн жайы кышы буркан-шаркан болуп аккан чоң суу. Кашаанын жанында бойлогон кызыл сары ашкабактын гүлдөрү, кашааны ашып терезелерге чейин жеткен кыпкызыл чырмоок гүлдөр… Акиленген дубалдар мажүрүмдөрдүн арасынан жылмайып тургансычу. Төрт мезгил тең түтөп турчу очок үй. Бөлмөлөрү бака-шака, беш балалуу үй эле. Эшиктери күн чыгышты көздөй ачылчу. Кыбыла дубалы таштан, үч жагы кирпич… Төрт бөлмөсү бар эле: чоң бөлмө, кичине бөлмө, очок үй, отурган үй. Сайма жаздыктар, килем жер төшөктөр жана токума таарлар менен төшөлгөн чоң […]

Дилазык: Идеалдуу дүйнө

Бир король идеалдүү дүйнөнүн сүрөтүн ким мыкты тартып келсе, чоң байгенин ээси болорун жарыялайт. Королго көп сандаган сүрөтчүлөр өз эмгектерин алып келип жатышты. Алардын ичинен король эки сүрөттү жактырып тандап алды. Эми эки сүрөттүн кимисине байге ыйгарышты чечиши керек эле. Биринчи сүрөттө тоо арасындагы көл тартылыптыр. Күзгүдөй көл бетинде бир да толкун жок, үч тарабынан курчаган баштарын ак мөңгү баскан кереметтүү кооз тоолор анын тунук бетинде чагылышат. Көпкөк асман, ак мөңгүнүн алдында ак кебездей созулган ак булуттар. Бул сүрөт адамды […]

Айдарбек Сарманбетов: Акшакалдар!

АҢГЕМЕ — И, баягы кудай алгыр чыкты, тигине, түз эле бизди көздөй келатат!- деп кол жаңдаган Осмондон улам олтургандардын бардыгы ал жаңсаган тарапка чочулай жалт карашты. Ал, Калыс экен. Тажатма Калыс, төмөнкү көчөдөн бери бурулуп, бул тарапка оолжуй басып келатыптыр. Эригип олтурушкан бул шериктерин көргөн шекилдүү. Көрөгөч эмеспи. — Тим эле кой, дегеле, каадалуу эле киши… — Тумшугуна “бирдеме” илинип калган го, чайпалат… — Ушунун мурду дегеле жытчыл! — деди Муктар не суктанганы, не жактырбаганы билинбей, — Эми келип мазгибизди […]

Филиппин эл жомогу: Эмне үчүн деңиздин суусу туздуу

Карылардан укканыбызга караганда качанкы бир заманда деңиздин суусу тузсуз болуптур. Азыр эми ит ичкистей ачуу. Буга Ангалону чагып алган кумурска күнөөлүү дешет. Ал эми Ангало ким дебейсиңерби… Ал бир эбегейсиз зор дөө экен. Чоңдугун ушундан билгиле: деңизди кечсе суу тизесине зорго жетип, тоолор кызыл ашыгынан араң келчү имиш. Бир күнү адамдардын тузу түгөнүп, айласы кеткенде Ангалого кайрылышат: — Ангало аке, тузубуз түгөнүп, тамагыбыз даамсыз болуп калды, деңиздин аркы өйүзүнөн туз алып келели дедик эле, бир айла кылып жардам бер. — […]

Атактуу Афанасий Фет Кожогелди Култегиндин котормосунда

Атаңгөрү-ай десе, 19-кылымдагы орустун арзуу-ашыклыгын кара, ошол арзуу-ашыклыктын адеп-ахлактуулугун, ыймандуулугун кара! Жок дегенде өбүшүү да чагылдырылбайт. Өбүшүү жок болгон менен өрттөй сезим алоолоп турат! Ардактуу акурман, ажылдакты ары ыргытып, аруу, таза Афанасий Фетти оку?! ЭГЕР ТАҢДЫ ТОСКОН БОЛСОҢ Эгер таңды тоскон болсоң күлүп сен, Белгилериң болсо ишенген, асыл баа – Бир аз убак, утурумдук сүйүп сен, Бир букет гүл тапшырып кой акынга. Ошол жетет, дүйнө айбынан арылат, Оозун жапкан сыяктанып ызанын. Букетиң ал ырларынан ар убак Буруксутуп чачып турат жыпарын… […]

Жашоо сабактары: Индия элинин акылга бай макалдары

Ак кууну туурап басам деген карга, каргача басканды унутат. ♦ ♦ ♦ Жазында сокур болгон адам тегерегинин баары жашыл чөп деп ойлойт. ♦ ♦ ♦ Сынык карапада деле кант салынып турушу мүмкүн. ♦ ♦ ♦ Эки бирди катар койсо он бир болот. ♦ ♦ ♦ Эгиниңдин баарын чымчыктар жеп кеткен соң, ыйлаганда не пайда? ♦ ♦ ♦ Оң колуң кылган жакшылыкты, сол колуң билбесин. ♦ ♦ ♦ Тагдырың алакандагы чийиндерге байланыштуу болбойт, колу жоктордун деле өз келечеги бар. Которгон Абийрбек […]

Сабыр Иптаруулу: Кыргыздын мүдөөсү – Эл, мүшкүлү – Улут

Сүрөт Майрамкул Асаналиевдин кыл калемине таандык. Улуу Кыргыз жери Эр Манастын эли Кучагыңа ал мени, Боорум… (Мухтар Шаханов) Бүгүн ар бир элдин, улуттун, мамлекеттин келечеги материалдык бардар турмушка жетүүнүн ыңгайлуу жолун ыкчам өздөштүрүүгө гана эмес, ага шайкеш бакубат рухий парасатка ээ болуунун да өрүштүү усул-ыкмаларын табууга түздөн-түз байланыштуу болуп турат. Тилекке каршы, биздин өлкөдө базар баалуулуктарын үйрөнүүгө басымдуу көңүл бурулуп, ал эми элдин түбөлүктүү мүдөөсү жана дөөлөттөрү, улуттардын тагдыры жана таламдары сыяктуу руханий көйгөйлөргө жетик маани берилбей келе жатат. Көп […]

Лев Толстой: Адилет сот

ЖОМОК Алжирдин падышасы Баукас, анын шаарларынын биринде адилет сот бар, ал чындык менен жалганды жаземдебей билип, бир да шумпай анын жазасынан кутула албайт имиш  дегенди угуп, өзү текшерип көрмөк болот да,  көпөсчө кийинип, жакшы көргөн жоргосун минип жөнөп кетет экен. Айтылган шаарга кире бергенде, бир майып адам кайыр сурап отурган болот, ага тыйын таштап, жүрө берейин десе, кайырчы жармашып коё бербейт. “Дагы эмне сурайсың, кайыр бердим го? – дейт Баукас. – “Кайырды го бердиң. Дагы бир жакшылык кылчы. Аттар менен […]

Бери караң: Эки мүнөт ичинде уктоо ыкмасын үйрөнүп алың

Кыргызча түшүнүктө муну куш уйку дейбиз. Кандай шартта болбосун, мындай ыкма америкалык аскер учкучтарынын турмушта колдонулуп, ишке ашкан ийгиликтүү ыкмасы экенин эскертебиз! Уйкусуздук менен чала уктоо эч кимге пайда алып келген эмес. Эгерде эртеңки болор-болбос иштерди ойлоп, сансыз санаада төшөгүңүздө чабалактап, ары-бери ооналактап жатсаңыз, анда америкалык аскер учкучтарынын ыкмасын байкап көрүңүз, жардам берип калса ажеп эмес. Бул ыкманы колдонгондор эки мүнөткө жетпей, эмчекке тойгон наристедей мемиреген таттуу уйкуга кетет. Бад Винтердин ыкмасы Дүйнөлүк экинчи согушта америкалык аскер кызматындагылардын чукул арада […]

Дүйнөгө белгилүү инвестор Уоррен Баффеттен байлыгыңды көбөйтүүгө аралжы алты кеңеш

Биринчи эреже: акчаны эч качан жогото турган ишке салбагыла. Экинчи эреже: биринчи эрежени эч качан унутпагыла. Эгерде кереги жок буюм сатып алсаңар, жакын арада өзүңөргө керектүү буюмдарды сата баштайсыңар. Тобокелчилик – кылып жаткан ишиңерди жакшы билбегендиктен келип чыгат. Башкалар сараңданган жерден корк, башкалар коркуп жаткан жерде сараң бол. Өзгөчө жыйынтык алам десең, акчаңды өзгөчө иштерге салба. Которгон Абийрбек АБЫКАЕВ

Таштанбек Чакиевдин ырлары Калмамат Куламшаевдин түркчө котормосунда

«Нуска» котормочулар тобунун тажырыйбалуу адиси, филолог-түрколог, түрк тилин изилдөө боюнча доктор, акын жана котормочу Калмамат Куламшаев зирек окурмандарга түрк тилдүү тектеш элдердин морфонологиялык базасын компьютердик программага киргизүү жаатында жигердүү эмгектенип келатканы маалым. Анын көркөм мазмундагы чыгармаларды кыргызчадан түркчөгө, түркчөдөн кыргызчага эркин таржымалдоо камылгасына жетишкендиги кубандырат. Бүгүн биз Калмамат Куламшаевдин түркчө котормосундагы акын Таштанбек Чакиевдин ырларын окурман сынына койдук… UYGARLIK / ЦИВИЛИЗАЦИЯ 1 UYGARLIK ЦИВИЛИЗАЦИЯ Sürünen bir Мен  — үлүл,                   salyangozum,                   боортоктоп жылган, Abanmış olan Боржоктоп жаткан                      yüzyıla […]

Кыргыз эл жомогу: Акылсыз хан, нускалуу байбиче

Өткөн бир заманда байлыгына сан жетпеген хан болуптур. Байлыгы көп болгону менен элге ырайымы жок, катуу баш, акылы тайкы экен. Эмне кыларды билбей, бир жолу мындай деген жыйынтыкка келет: – Балам, жакынкы айылда өтө акылдуу аял бар экенин уктум. Ошону мага чакырып келип берсең, жакшы кеңешин угайын, мен дагы акылдуу, көрөгөч болгум келет. Бирок бул жөнүндө эч кимге айтпагын, экөөбүз гана билгендей бололу, – дейт. Баласы атасынын айтканына макул болуп, акылдуу аялды чакырып келүү үчүн хандын вазирин жиберет. Аны алып […]

Фридрих Ницше: Эмне үчүн аялды терең ойлуу эсептешет?

Кудайдын да өз тозогу бар, ал – анын адамдарга болгон сүйүүсү. ♦ ♦ ♦ Элдир-селдир жашоосун актагысы келген адам Кудай алдында шайтандын да жактоочусу болууну үйрөнүүсү керек. ♦ ♦ ♦ Эмне жакшы? Бийликке болгон сезимдин, эрктин, адамдагы бийликтин жогорулашынын бардыгы. Эмне жаман? Алсыздыктан келип чыккан нерселердин бардыгы. ♦ ♦ ♦ Адам бул – туңгуюктун үстүндө жаныбар менен жеткилең адамдын ортосундагы тартылып турган аркан. Адамдагы эң маанилүү нерсе анын максаты эмес, анын көпүрө болуп турушу. ♦ ♦ ♦ Өзүңдүн жаман адеп-ахлахыңдан […]

Дилазык: Чач тарачтар жок

Бир чач тарач чачын алдырып аткан адам менен Кудай тууралуу сүйлөшүп калат: – Эгер Кудайдын бар экени чын болсо эмне үчүн бул дүйнөдө оорулуу адамдар көп? Эмне үчүн жетим балдар толо? Акыйкатсыз согуштар эмнеге токтобойт? Эгерде анын бар экени чын болсо, ушунун бардыгы болот беле? Адам баласын өз сүйүүсү менен жаратканы чын болсо, мындай нерселер болбойт эле да. Боорукер Кудай ага жол бермек эмес. Мен Кудайдын бар экенине ишенбейм, – дейт чач тарач. Анда тиги жооп берет дейт: — Билесиңби? […]