Чыныбай Турсунбеков – ийгиликтүү ишкер гана эмес, акыркы он жыл ичинде көрүнүктүү саясатчыга да айланган инсан. Бирок жашоодо да, саясатта да дайыма карманган калыс, токтоо позициясы, ар окуяга өзүнүн бекем көз карашы бар, табиятынан жаратман, ким менен болбосун, иштиктүү кызматташтыкка даяр бул инсанга сын тагып, анын атына көө жапкысы келгендер да жок эмес. Биз Чыныбай Акунович менен жолугуп, көздөгөн максаттары, саясат, кандай саясий топторду колдоору жана башка туурасында кенен маек курдук.

— Чыныбай Акунович, сизди өлкөдөгү эң таасирлүү ишкерлердин бири катары билебиз. Саясатка кандай максат менен аралашкансыз?

— Мунун чынында бир канча себептери бар. Мени саясатка жашоо-турмуш өзү алып келди. 2005-жылдагы талоончулукта ири, орто, майда ишкерчиликтин өкүлдөрү абдан жабыр тартышкан, алардын катарында биздин компания да болду. Анткени биз көптөгөн соода түйүндөрүнө продукция жеткирип турчубуз. Ошол кезде мен Ишкерлер Союзунун башкармалыгында болуп, кийин жетектеп калгандыктан, көп ишкерлер жардам сурап кайрылышкан. Биз колдон келген жардамдын баарын берип, Союздун алы келбей калган учурда, жадагалса, өз каражатыбызды да аяган жокпуз.

2010-жылдагы апрель окуяларынан кийин да ушундай эле кырдаал кайталанды. Кандайдыр бир сапаттуу өзгөртүүлөргө жетишүүнү кааласак, кырдаалды көзөмөлгө алууга тийиш элек. Мындай чечимге келишиме ата мекендик ишкер чөйрөнүн өкүлдөрү да түрткү болушту. Мени саясатка алып келген жашоо-турмуштун өзү болду деп жатканым ошондон.

Ошол эле маалда буга Алмазбек Атамбаевдин да таасири болгон. Ал 2010-жылы апрелден кийин адегенде «министрликтердин бирин башкарып бер» дегенде мен баш тарткам. Күзгө жакын шайлоо өнөктүгү башталып, мага ар кайсы партиялардан сунуштар түшө баштаганда Атамбаев кайра чакырды. Ушул жерден бир нерсени белгилей кетейин: Алмазбек Шаршеновичте адамдын намысына тийип, ийге келтирүү жөндөмү күчтүү. Мага ошондо «өзүңө жетишерлик оокатың бар, сендей өзүн баккан тың азаматтар элди да багат, элибиз кыйналып турганда кантип четте турасың? Өлкө сендей адамдарга муктаж болуп турганда, каалабайм, барбайм дегениң болбойт ко, же өз элиңе жардам бергиң келбейби?» деди. Талуу жерден кармап туруп айткан мындай сөздөрдү уккандан кийин ар кандай адам намыстанат, жоопкерчилиги ойгонот. Мен макул болдум.

— Саясаттан утканыңыз, уттурганыңыз эмнелер болду?

— Саясат мени өлкөнү, адамдарды түшүнүп билгенге үйрөттү. Адамдардын оң да, терс да касиеттерин, ар кайсы кырдаалда эмнеге жөндөмдүү экенин көрдүм. Өлкө экономикасындагы абалды, кадр саясатындагы, эл аралык, инвестициялык жана башка маселелердеги көйгөйлөрдү ийине жеткире түшүндүм. Көп нерселерди системага аралашкандан кийин гана билет экенсиң. Андыктан саясаттан мындай баалуу тажрыйба алганым үчүн, иш үстүндө нечен туура, таза жүргөн, кесипкөй, патриот адамдарды кездештиргениме ыраазымын.

Чынында, бизде ишкер адам саясатка аралашса, бизнесин коргогону келди деген түшүнүк калыптанып калган эмеспи. Эл баарына тараза, балким, мунун чындыгы бардыр, бирок менде мындай ой дегеле болгон эмес, азыр деле жок. Тескерисинче, менин саясатка аралашканым, учурда үй-бүлөм алектенип жаткан бизнеске залакасын тийгизип жатат.

Чыныбай Турсунбеков: Адам кылсын Кудайым!

— Парламентке келгенден кийин Атамбаев менен болгон мамилеңиз кандай уланды?

— Ачыгын айтайын, менин бир кемчилигим бар. Мен адамдарга чексиз ишенем, алар катачылык кетирсе да, туура эмес кылса да, дагы бир мүмкүнчүлүк бергим келет. Өзгөчө канатташ, катарлаш, өнөктөш болуп калган адамдарга. Мен Алмазбек Шаршеновичтин өлкөнү жакшы жагына өзгөртөм деген тилегине чын дилимден ишенгем. Бирок эч качан анын айткан жагына басып көнгөн адам болгон эмесмин. Негизи эле ар кандай нерсеге токтоо, сын көз караш менен караган туура.

Бул же тигил окуяга, маалыматка карата ачык айта турган оюм, ээлеген позициям бар. КСДПнын парламенттеги фракциясынын башчысы болуп турганда, фракциядагы депутаттардан, штабда иштеген партиялаштардан келип түшкөн өлкөдөгү абал, кадр саясаты, же президенттин тегерегиндеги адамдар аралашкан коррупциялык учурлар боюнча ар кандай кайрылууларды угуп, кабылдап, айтылган маселелерди Атамбаевге койчумун. Мындай кайрылуулардын ичинде Икрамжан Илмияновго тиешелүү да маселелер болор эле.

— Ал буга кандай реакция кылчу?

— Алмазбек Шаршенович абдан эмоционалдуу адам. Ал буркан-шаркан түшүп, анан кайра басылганда, кечирим сурагандан да арданбайт. Бирок Илмиянов туурасында кандай айтышпасын, эмне дешпесин, дайыма анын таламын талашып турчу. Мага Икрам менен талашып-тартышкан же аны менен кагылышып калган бир катар партиялаштарды, фракция мүчөлөрүн Атамбаевдин ачуусунан коргоп калууга туура келген. Маселе кээде: «же Икрамдын айтканын угасыңар, же мандатыңардан, кызматыңардан айрыласыңар» деп түз эле коюлчу. Арачылык жапкан кезде мага да бир-эки жолу Фарид Аблезимович аркылуу «андай болсо, мандаты менен жооп берет» деп айттырган учурлары болгон. Бирок мен позициямдан тайбай, кесиптештеримди дайыма акыр аягына чейин коргоп жүрдүм.

— Демекчи, кадр саясатын жүргүзүү жаатында кандай иштештиңиздер?

— Чынында, бул абдан маанилүү маселе. Кадр маселеси боюнча Алмазбек Атамбаев менен пикир келишпестик чыгып турчу. Менин түшүнүгүмдө кадр үчүн күрөш – бул кызматка өз кишилерди, тууган-туушкан, тааныш-билишти эмес, чыныгы профессионалдарды, патриотторду тартуу. Анткени саясатта болуп келаткан мезгил ичинде турмуштун катаал мектебинен өткөнүм мени адамдарды жакшылап билгенге үйрөттү. Баса, менин ошол принцибимди билген Атамбаев акидей асылган айрым тааныштарын «Акунович каршы болуп жатат» деп жолго салып койчу.

— Атамбаев менен ортоңуздарга жарака кетирген ушулар болгон экен да?

— Ушу да болду окшойт. Анткени 2012-жылдан тарта Атамбаевдин тегерегиндеги адамдар мага компромат издей башташты. Мен муну даана билем. Алмаз Маткасымов деген адамга ушул ишти атайын жүктөп да коюшкан. Ал жигит болгон инстанциянын баарына чуркап, мен жөнүндө бирдемелерди чукуп чыкканга катуу аракет кылды. Аны таап туруп, «эмнеге минтип атасың, муну сенден ким суранды?» десем, оозу-мурду кыйшайбай туруп: «Чыныбай Акунович, сиз биздин лидерибизсиз, ошондуктан артыңызда анча-мынча иштер болсо, тазалап турайын деп өзүм демилге көтөрүп атам» деп күлкүнү келтирген кепти айткан. Бул бир былжыраган сөз да. Анткени биринчиден, менде эч кандай тазалай турган иштер болгон эмес, экинчиден, мындайды өзүнүн демилгеси менен ким кылмак эле?

Атамбаев экөөбүздүн жолубуз эки ача кетишинин башка бир себеби, менин Текебаевге карата жасаган жакшы мамилем да болду деп ойлойм. Дегеле мен ким менен болбосун, тил табышып, камыр-жумур аралашып, сыйлашып-урматташып иштешкенге аракет кылам. Бир жолу Нарында эл менен жолугушканда мага «саясаттагы устатыңыз ким?» деген суроону беришкенде, мен «эки устатым бар, бири – Атамбаев, экинчиси – Текебаев» дегеним бар. Ошол айтканым маалымат каражаттарына чыгып кетти. Анан калса Текебаев менен 7-кабаттагы кабинеттерибиз жанаша болгондуктан, тез-тез кирип-чыгышып турар элек. Мага компромат издегендер, мени Атамбаевден алыстаткысы келгендер үчүн менин Текебаевге болгон оң позициям оңтой берди болгонунда шек жок. Ошондо айрымдардын мени отургузуп коюу максаттары болгону да байкалган. Өзгөчө Текебаев, Отунбаева, айтор, Убактылуу Өкмөттүн бир катар мүчөлөрү жөнүндөгү өзүнүн билдирүүсүнөн кийин ал менин маанайымды баса белгилеп сураганда, мен Текебаев маселеси анын тынчын канчалык деңгээлде алып жатканын жакшы түшүнгөм.

Бул 2016-жылдын 31-августундагы президенттин белгилүү сөзүнөн кийин эле. Андан көп өтпөй Атамбаев 60 жылдык мааракесин белгилеп, президиумда премьер-министр, Бельянинов, «Кыргызгаздын» бир аксакалы болуп отурушту. Ал эми протокол боюнча Жогорку Кеңештин төрагасы ошол жерде болушу керек эле. Атайылап ал жактан көпчүлүктүн арасына айдашканы түшүнүктүү. Мен буга арданган деле жокмун, бирок бул эң башкысы мамлекет үчүн, биз сыймыктанып жүргөн «парламенттик өлкө» деген түшүнүк үчүн ачык сокку эле. Мына ошентип жеке мамилелер жалпы эрежелердин үстүнө чыга баштаган.

Ачыгын айтканда, 2015-жылга жетип-жетпей эле биздин жеке мамилелер ойдогудай болбой калган. Ошого карабастан, 2017-жылы апрель айында Алмаз Шаршенович мага эки жолу телефон чалып, «президенттик шайлоого даярдан, өзүм эл кыдыртам, өзүм Ишкерлер жыйынын өткөрүп берем» деп айтканы азыр да ар кандай ой жорууларга түртөт. Анын биринчиси республикада бардык бийлик бутактарынын жана эл аралык финансы институттарынын өкүлдөрүнүн катышуусу менен өткөн Экономикалык форумдагы менин катышкандардын жандануусун жараткан сөзүмдөн кийин болгон эле. Атамбаев ошондо адатынча өтө катуу таасирленүүнүн натыйжасында, телефон чалган беле, же кандайдыр бир ой-жүгүртүүдөн улам сунуш кылганбы, айталбайм. Мага болгон ошол телефон чалууга менин өлкөнүн экономикасын көтөрүү жөнүндөгү баяндамамдагы алгылыктуу пикирлерим себеп болгон деп ишенгим келет.

Мага каршы күчтөр азыр деле Текебаевге карата болгон ошол позициям үчүн жана Бабанов менен сүйлөшүп алганбы деген божомол аркылуу бир жээкке сүрүп чыгып, алардын душмандарына же саясий оппоненттерине кагылыштырууга аракет кылып жатышат.

— Бул сизди 2020-жылда боло турган парламенттик шайлоого катышуудан баш тартууга аргасыз кыла алабы? Негизи эле сиз кийинки чакырылышка депутаттык үчүн ат салышайын деген оюңуз барбы? Кимдер, кайсы саясий күчтөр менен барууга ниеттенип жатасыз?

— Чынымды айтайын, азырынча бир чечимге келе элекмин. Албетте, каалоо да, күч да бар. Бирок жалгыз адамдын колунан эч нерсе келбейт, андыктан пикирлештер, менин экономикалык өнүгүү боюнча позициямды колдогон күчтөр менен барсам дейм. Өлкө үчүн жакшы иштерди жасасак деген тилегим бар. Бирок ар кандай саясий оюндар менен алектенип, тымызын күрөштөргө аралашам деген ниетим жок. Бул колуман да келбейт, ага каалоом да жок. Өзүмдүн позициямды, принциптеримди, көз караштарымды алмаштыргым келбейт.

Биздин чакырылыштын мөөнөтү аяктаарына аз эле убакыт калды. Саясий териштирмейлерге ушунчалык баш-отубуз менен кирип кеттик, эң маанилүү болгон экономика оор абалдан чыга элек. Канчалык аз убакыт калганына карабай, биз кырдаалды жакшы жагына өзгөртүү үчүн колдон келгендин баарын жасап үлгүрүшүбүз керек болуп турат. Парламенттин кийинки чакырылышына келе тургандар эмне кыларын так билишкени абдан маанилүү.

— Чыныбай Акунович, деги экономиканы көтөрүү үчүн кредит менен грант күтүп отурбай, инвестиция тартуунун, акча табуунун башка кандай жолдору бар?

— Албетте бар. Инвестицияларды тартуунун, арзан акча табуунун жолдору арбын. Мисалы, Германияда жыл сайын 400 миллион евродон ашык акча артып калат. Кайда жумшаарды билишпейт, бизге болсо бергиси келбейт. Анткени Кыргызстан сыяктуу өлкөлөрдүн рейтинги төмөн, акча бере алчу институттар ишенбейт. Себеби биз экономика менен эмес, негизинен саясат менен алпурушуп калганыбызды көрүп турушат. Кредит, гранттарды алып да келатабыз, бирок бул каражаттарды көзөмөлдөп, натыйжалуу иштетүү жагы ойдогудай болбой жатпайбы. Коррупциянын тамыры толук кыркыла элек. Андай учурда ким акча бергиси келет? Маселен, ошол эле «Кумтөрдүн» 600 миллион доллардан ашык акциялары кыймылсыз жатат. Андай эл аралык деңгээлдеги акцияларды пайдаланып, керек болсо «Газпром» сыяктуу дөө-шаалар Европанын каражатына иш кылып жатпайбы!

Мунун аркасы менен Кыргызстан да Европадан арзан акча алса болот (ред. ушул жерден Чыныбай Акунович жандана түштү, интонациясы да өзгөрдү жана өзү курган ишканага байланыштуу мисал да айтып жиберди). Ишеним деген улуу кыймылдаткыч күч бар, бирок ал өтө чоң күч-аракеттин аркасы менен келет. Ошондуктан бул багытта иштеп, Кыргызстанга болгон ишенимди көтөрүү керек деп эсептейм. Билсеңиз керек, Нэш деген гениалдуу үй-бүлө (атасы менен уулу) бар. Улуусу тең салмактуулук теориясы менен АКШда дүйнөлүк деңгээлдеги корпорациялардын жаралышына илимий негиз түзгөн. Ага ылайык, адамдар биригип, ынтымакка келгенде гана бир максатка жетише алат же ала турган пайдалары, жете турган жеңиштери чоң болот. Бул бүт тармакка тиешелүү. Экономика гана эмес, саясатта да упайды көбөйтөт. Кичүүсү арам акча менен адал акчанын эмнеге жеткире турганы боюнча теорияны ачкан деп жалпак тилде түшүндүрсөк болот.

Видео: Чыныбай Турсунбеков менен жетеленме парламент жөнүндө сөз

— Шайлоо жакындаган сайын «компроматтардын согушу» күч алууда. Буга сизди да тартууга аракет кылгандар жок эмес. Мисалы, Бишкек арак-шарап заводун арзан баада менчиктеп алган деген активисттер чыкты. Бул чынбы?

— Мен бул суроого бир гана сөз менен жооп бергим келет. Бул заводго тиешелүү адамдардан тактап алышса туура болмок. Кошумчалап айта кетейин: мен баштаган бизнес адам баласы үчүн эң зарыл, ата-бабалар ыйык деп эсептеген нерсе менен – ун менен байланышкан. Тегирмен, ун деген түшүнүктөр элибизде дайыма өзгөчө орунда болуп келген. Мен мына ушул бизнес менен баштагам, азыр да ошол багытта ишти улантышууда. Башкача айтканда, таза нерсеге ыпластыкты эч качан аралаштырба деген принцип туура. Активист боюнча болсо, жалган маалыматты жана мыйзамсыз иш-аракеттери үчүн УКМКга арыз менен кайрылгам.

Албетте, жөндөн жөн эле жабыша берген кимге жагат, бирок мен мунун маңызын түшүнүп турам. Кыязы, бирөөлөр менин буга туталанып, актанышымды каалап турса керек, андай болбойт. Мени кайсы бир күчтөр менен кагылыштырууга, же болбосо кайсы бир күчтөр менен кызматташууга аргасыз кылууга кызыкчылык бар экенин сезип турам. Анткени бул күчтөр менин саясатчы, атуул катары ордумду, кадыр-баркымды жана башка мүмкүнчүлүктөрүмдү билип турушат. Ошондуктан мени өзүлөрүнүн оюндарынын эрежеси менен ойноого аргасыз кылгылары келишет. Мен конструктивдүү күчтөр менен кызматташууга жан дилим менен барам, өзүмдүн тажрыйбам, байланыштарым, билимим менен бөлүшүүгө даярмын. Анын үстүнө менин Европада, Орусияда, Казакстанда, Кытайда, Түркияда бизнес, саясат жаатында калыптанып калган байланыштарым бар. Мен мунун баарын өлкө кызыкчылыгы үчүн максималдуу пайдалануубуз керек деп эсептейм жана Кыргызстандын экономикасын өнүктүрүүгө, мамлекеттүүлүгүн чыңдоого андай байланыштар абдан чоң роль ойнойт деген бекем ишенимим бар. Акырында бир нерсени баса белгилеп кетким келет: менин саясий позициямда эң башкы ниет – кимдир-бирөөгө атаандаш же оппонент болуу эмес, биздин өлкөдөгү мейли татаал, бирок позитивдүү өзгөрүүлөрдү жаратууга активдүү катышуу.

— Маегиңизге чоң рахмат, ийгилик каалайбыз.

Батыр МУРЗАЛИЕВ

Чыныбай Турсунбеков:  Кумурскадай мээнеткеч «РухЭштин» негиздөөчүсүнө тилектешмин

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.