Оңдон: Абдурасул Токтомушев жана Юнусалиев Болот \Жунушаалы уулу Бекболот\

 

<<<<<<<Башы

ДЕТДОМ ОКУУГА ЖИБЕРДИ

1928-жылы окуу биринчи майдын алдында эле токтотулуп, жайкы дем алышка тараганбыз. Биз Токмок шаарындагы экинчи балдар үйүндө алтымыш беш бала барбыз, мунун ичинен бешөө штаттан тышкаркы балдар, майда барар жери жок болгондуктан ушунда орноштурулуп коюлган. Калган балдар пионерлер жана комсомолдор. Мени комсомолго 1927-жылы өткөрүшкөн. Ошондон бери ушул балдар үйүнүн алдындагы Нариман атындагы пионер отрядынын вожатыйымын, комсомол уюмунун катчысымын. Бул отрядда Алыкул Осмонов, Баян Аламанов, Керимкул Орозалиев, Жүзүмкул Кудайбергенов, Абдылда Маркатаевдер бар. Балдар эң тартиптүү жана демилгелүү, окуунун жүрүшү эң жакшы, республикада алдыңкы, үлгүлүү балдар үйү болуп эсептелчү. Облоно жана жергиликтүү уюмдар айрыкча көңүл салып, кем-карчыбызга көңүл буруп, талабыбызды орундап, алпештеп мамиле кылышар эле. Фрунзеге, ичкери шаарларга окууга бала жибергенде а дегенде эле ушу биздин детдомго разверстка \бөлүштүрүү\ келер эле. Жакшы окуган, тың, чоңоюп калган зээндүү балдар алды менен окууга жөнөтүлөт. Муну балдардын баары билет, ошондуктан жакшы окууга, тартиптүү, ак ниеттүү болууга дил коюшат.

Жаз алды менен эле быйыл окууга ким кетер экен деген ой ар кимибизде болор эле, сүйлөшүп ой бөлүшөр элек. Кай бир учурларда окууга жиберилген балдар сыноодон өтпөй калып, кайра келгендери болду. Коркунуч да, өкүнүч да мына ушунда. Бул абалдан чыгыш балдардын өзүндө, жакшы окуп, жакшы даярданса жеңип чыгышат. Бардык сабак кыргыз тилинде \орус тилинен башкасы\ болгондуктан, балдар ичкери шаарларга барганда такалып калышат, сыноодон өтө алышпай кулап калышат. Муну биз өтпөй келген балдар аркылуу билебиз. Бизди чочуткан, көңүлдү түпөйүл кылган да ошо. Ошондуктан жакшы окууга, кандай болсо да аракет кылып орус тилин анча-мынча үйрөнүп алууга тырышабыз.

Чүй райондук эл агартуу бөлүмү үч айлык курс ачты. Буга айыл кыштактагы башталгыч мектептерди ийгиликитүү бүтүргөн жаштар тандалып алынды. Бул курс биздин детдомдун алдында уюштурулуп, окуу май айынын орто ченинде башталды. Бул курстун алдыга койгон максаты — ичкери шаарлардагы техникумдарга, орто окуу жайларына даярдоо эле. Курстун ачылышына демилгечи болуп жана анын иштерине көз салып турган азыркы  эмгектин ветераны, ошол кездеги Чүй райондук партия комитетинин уюштуруу бөлүмүнүн башчысы, мурдагы айыл мугалими Садык Төлөгөнов агай эле.

Курска туш-туштан балдар келе баштады. Окуу жайы, жатаканасы биздин детдомдо болду. Кирип-чыгып биз аралашып жүрөбүз. Кичи-Кеминден арыкчырай, кара тору  жапкак көз бала келди. Ал Юнусалиев Болот \Жунушаалы уулу Бекболот\ экен. Мен курска өтүүгө өтө дилгирленип канчалык аракет кылсам да алынбай калдым. Өтө кайгырдым, ыйладым. Себеби, мындай болду: биздин детдомдон жашы менден улуу Осмоналиев Тойгулу, Токтонов Абдырасул жана детдомдун башчысы Артыкбай Жолдошевдин бир тууган кайниси Абдыкадыр Тарыкчиев, агасынын баласы Акматаалы Имановдор алынып, штат толукталып, окуу башталганына бир айга жакын болгондо мен Ок-Торкой жайлоосунан келдим. Пионер вожатыйы болгондун “залалы” тийди. Алыкул Осмоновду баш кылып, ал алдыда барабан кагып, бир нече балдарды жайлоого лагерге алып кеткен элем. Бул лагерди да Садык Төлөгөнов уюштурган. Бизге кылган камкордугу үчүн биз бул кишини жакшы көрчүбүз.

Ошентип кечигип келип курска алынбай калдым. “Эми мен быйыл окууга шаарларга кетпей калдым, курсту бүтүрүүчүлөр кетишет, менин шорум али арылган эмес” экен деп, ичимен зар ыйлап, бирок жакшылыктан үмүт үзбөй, курстун программасы менен таанышып, Болот менен жердеш болгондуктан бат эле ымалалашып алдым, кээде кандай сабак алып аткандарын түкшүмөлдөп сурап калам. Ал көңүлү келе калганда айтып берет, кээде айтпайт, анткени аны-муну жобурап олтурууга убактысы жок. Өзүмчө ошентип ойлойм.

Курс бүтүп, август айынын ысык күндөрү убап-чубап өтүп жатты. Райононун алдындагы окууга жиберүү комиссиясы ишин баштады. Курсту бүтүргөн балдар окууга жиберүүнү сурап арыздарын беришти. “Мен курсту бүтүргөнүм жок, арызымды кабыл албайт” деп ойлодум. Ошентип айтып да жатышты. А мен жакшы үмүт менен тобокел деп, арыз берип  өзүмдү байгеге коштум. Арызымды кабыл алуу комиссиясы эч нерсе дебестен кабыл алды, ошого да сүйүнүп калдым.

Таң атса сыноо күнү, “эртең эмне болор экемин” деп көпкө чейин чырм этпедим.

Сыноо башталды, комиссияга бирден чакырып атат. Бир кезде мен чакырылдым. Багелегинин жээгине кызыл лента бастырылган, көк турсы, чолтойгон шым, жеңи кыска, ак жол көйнөк, бутумда сандалет, кызыл жагоочон вожатый формам менен \башка кийими жок\ мен кирдим. Мени көрө салып эле Жолдошев Артыкбай: “Бул бала курста окуган жок, билими жок, жарабайт”, — деди чебеленип. Мен ыйлап жибердим.

Комиссия төрагасы Шарбаев \казак жигит\ САКУда окуучу. Жайкы дем алышта практикага келип, партиянын райкомунун биринчи катчысынын милдетин аткарып жаткан, дем алышы бүткөндөн кийин окуусуна кетет \ошол кезде ушундай тартип эле\ ошол жигит:

— Жылама карагым, кел бери, неге жылайсың? — деп жанына чакырып, жөн-жайымды кунт коюп сурады.

— Агай, бул биздин директор,- деп сөзүмдү баштап келатканда, Артыкбай сүйлөтпөй сөзүмдү буруп жиберди.

— Бул бала,- деди ал, кызарып-татарып \сары чийкил киши эле\ мага суук карап, — мына бул арызды бирөөгө жаздырып алган, өзү мындай сулуу жаза албайт, курсту бүтүргөн балдар өтүүгө тийиш эмеспи, бул аны бүткөн жок. Сыноодон өтө албайт.

Мен директордун иниси менен кайнисинин окууга өтүшүнө тоскоол болот деген оюн түшүнүп турсам да, ал жөнүндө айткым келген жок. “Алар да окушсун, ким өтсө ошол окууга кетсин” деп ойлодум.

— Агай,- дедим жаныма батып, — директор карасанатайлык кылып, калп айтып жатат, арызды өзүм жазгам, ушу жерден кайра жазып берейин!

Шарбаев директорго карады:

— Неге антесиң, акел арызын! — Алып окуду. Комиссиянын бир мүчөсү мени доскага чыгарды.

– Арызды кандай жаздың эле, доскага жаз!

Мен дароо түшүндүм, комиссияга жазган арызымды доскага жаза баштадым. Кичине жаза түшкөндө эле:

— Болду, болду! — токтоттуруп коюшту. Кол кой дешти, кол койдум.

— Өзүнүн эле колу турбайбы! — дешти комиссиянын мүчөлөрү.

Анан сыноодон өтө баштадым. Ошо жерден эле натыйжасын Шарбаев угузду:

— Өттүң карагым, алыска, үлкен калаага, Ташкенге барасың! — деди.

Эми сүйүнгөнүмөн ыйлап жибердим. Комиссия мүчөлөрү баары мага сүйкүмдүү карашты. Алардын ичинен Кереева деген аял \райондук аялдар бөлүмүнүн башчысы\ мен ыйласам кошо ыйлап:

— Барагой, бактың ачылсын! — деп эркелетип сооротту.

Көзүмдүн жашын чала сүртүп эшикке чыктым. Сагалап турган балдар:

— Эмне болдуң, эмне болдуң? — дешип тегеректеп алышты. Алар: “Сыноодон кулап ыйлап чыкты го?” деп ойлошуптур. Кантишсин, мага боору ооруган да! Мен кубанычтуу жооп кайтардым:

— Өттүм, балдар!

*      *      *

Болот Юнусалиев камчы салдырбай өттү. Директордун кайниси менен иниси өтпөй бозала болуп чыгышты. Карап олтурган директор эмне болду экен. “Менин иним эле, кайним эле” деп айта алды бекен? Антип ойлосо да айталган эместир, бети ачылып калбайбы? Жанакысы да жетишер!..

Районого келген үч орунга канча бир балдар экзамен беришти. Балдар үйүнөн жалгыз мен өттүм. Атейке айлынан Сүйүнчалиев Жапар деген бала өттү. Ошентип үчөөбүз тең Ташкендеги Орто Азиялык суу чарба политехникумуна жөнөдүк. Алдыда мындан да чоң сыноо турат. Бирок көңүлүбүз куунак да көтөрүңкү. Эл агартуу бөлүмү жол каражатыбызга жети сом элүү тыйындан акча берди. Балдар үйү мага кант, тегерек чоң ак бөлкө берип, аны салып алууга жаздыктын тышын берди. Балдар вожатыйыбызды узатабыз дешип, Алыкул барабан чалып, Сапаргалый бала сурнай тартып короонун ичин жаңыртып, дарбазадан узатып чыгышты. Ошентип Болот экөөбүз алыскы ак жолго чыктык.

*      *      *

Токмок шаарынын түндүк жагынан батышты карай Чүй дайрасы өтөт. Дайранын түштүк жээгинде мал базар бар. Жума сайын базар болуп, башы Чоң-Кемин, Кичи-Кемин болуп, Атейке менен Чымкоргондон, Бурана менен Шамшыдан, аркы өйүзү Казакстандан мал келе берип, төрт түлүк мал базарга батпай, сайга топ-топ болуп толуп кетет. Мындай күндөрдө жалдаптардын, соодагерлердин, касапчылар менен ашпозчулардын күнү тууйт. Алыстан мал айдап келгендер кайра айдап кеткиси келбей, иши кылып сатып кетүү аракетинде болушат, анын үстүнө сооданын ыгын, малдын наркын билбеген алыскы элет кишилери: “Бүгүнкү базарда мал арзан болду” — деп соодалашып олтурбай, чыккан жерине кармата берип, “кудайдан жетсин…” деп кете беришет. Токмокту берекелүү шаар дешет.

Так ушу базарга жакын жерде качантан берки кербен сарай бар. Мында уйгурлар, дунгандар ээлик кылышат. Касапчылар, наавайчылар, чачтарачтар, жеке дүкөнчүлөр баары уйгур, өзбек, дунган, татарлар. Бул кесиптердеги бир да кыргызды көрө албайсың. Биз ашпозго кирип бардар кишиче компоюп лагман жеп чыктык. Кербен сарайды көздөй бараттык. Аерден кире тарткан арабага түшүп, буюрса Фрунзе шаарына шак дей түшмөкчүбүз.

Көчөдө баратып:

— Биздин кыргыздардан эмне үчүн ашпозчу, наабайчы, чачтарач болбойт, — деди Болот кейигенсип.

— Кыргыздар шаарда турушпаса, акча табуунун ыгын билишпесе, мал багууга башын байлап коюшса, ошо да, — дедим, — эми экөөбүз Ташкенден үйрөнүп келебиз. Мен ашпозчу болоюн, сен чачтарач бол!.. — Экөөбүз тең өз сөзүбүзгө өзүбүз күлсөк болобу? Бизди ким тыйып жатыптыр, көңүлүбүз шат. Болоттун чечекейи чеч, тиги сөздүн  артын кайра улады:

— Кыргыздар ашпозчу, наабайчы, чачтарач, касапчы болгонду намыс көрүшөт…

— Алар соода кылганды, акча кармаганды билишпейт,- дедим өзүм көрүп-билип жүргөнүмдү ачык айтып, — ошондуктан ата-бабабыз кылбаган кесиптин кереги жок, залал тартып калабыз деп коркушса керек?..

Болот башын чайкады:

— Кап, ушул сыяктуу кесиптерди “майда-чүйдө” дебестен үйрөнүшсө жакшы болмок.

Мен биртике унчукпай туруп, анан:

— Болот! — дедим, кызык экенсиң, бир жерге баар албай, там-таш күтүп, тал сайбай тоодо, ар кайсы жерде малын айдап көчүп жүрүшөт, кайсы жерге ким ашпозчу, ким чач тарач, ким чайканачы болмокчу? Кыргыздар акчасы жок эле биринин чачын бири ала берет, чай-нанын бекер берет, ашпозчу болуп тамак сатпайт да, тамагын катпайт, кымыз, бозо, айран-сүтүн тыйынсыз берет, бул кыргыз элине адат болуп калган. Мунун эмнеси жаман?

— Береке, касиет ошондо! Эми Ташкенге барып эр болсоң акчасыз жашап көр? Ал жер шаар. — Болот ошентти да, бөлкө салган баштыкты жогору кармап “күл азык!” деп жылмайып койду. Детдом ага да бир бөлкө берген, жаздык тышты мен бергем.

Сүйлөшүп олтуруп сарайга келдик. Фрунзеге барчу арабаны таптык. Арабакеч дунган жигит экен, эки ат чеккен, догосуна кызыл-тазыл лента байлап кооздоп коюптур, чүмбөттүү араба, бир аттын мойнунда жылаажын, көкүлүндө көк-кызыл лента салбырап турат. Мен дунганча сүйлөшө кеттим, тилимдин кидиргиси жок, өзүм да окшошмун. Болот таң калып, карап эле калды. Ал менин дунганча тилди так биле турганымды кайдан билсин? Жаңыдан таанышып олтурбайбызбы, экөөбүздү окууга болгон бир талап бириктирип, жолго чыгарбадыбы?

Бир аздан соң Болот тилге кирди:

— Абдырасул, сен дунганча суудай билет турбайсыңбы. Кайдан үйрөнгөнсүң?

— Кийин айтып берем, узун. – Ал макул болду.

Арабакечибиз: “Төрт киши болады болсо, мен барады, эки киши болсо меники бармайды кыял бар!” деп сүйлөшө баштаганда, мен мунун тамтаңдатпайын деп дунганча сүйлөп киргеним ошол болчу.

Кеч кирип кетти, биз кайра детдомго барганыбыз уят, ушул арабанын ичине түнөп чыгалы деп макулдаштык да, мен кайра арабакеч  менен дунганча кажылдашып баштадым. Дунганча сүйлөшкөнүм үчүн арабакеч мага ылым санап калды. Төрт кишиге Фрунзеге чейин нарк бир сом экендигин а дегенде эле айткан. Эми үйүр алыша түшкөн соң:

— Болот экөбүздөн кырк тыйын ал, биз алыска окууга баратабыз, акчабыз аз, — дедим. Ал башын чайкады. — Ниси нежи көгөми \сен менин байкем эмессиңби\ дедим. Ал жибий түштү, күлдү да, макул болду.

Бизден он беш тыйынга кем алмак болгонун жана арабага түнөп чыгууга уруксат эткенин Болотко айттым.

— Иш жакшы башталды! — деди Болот, жүзүнөн күлкү жайнап.

Аңгыча дагы эки бала арабага түшмөкчү болуп келип калышты. Алар өздөрүнчө окууга өтүү тилеги менен кетип баратышкан экен. Арабакеч эртең менен эрте келүүгө милдеттендирип жиберди. Бизчилеп соодалаша кетишкен жок, айтканына макул болду. Чайканага конмокчу болуп кетишти. Кийимдери начар, экөө тең жылаңайлак, сыйкы жетим окшойт, элет балдары, момпоюп жоош, бечаралар… Мени баштан аяк карап, кеп катышкан жок, шаардык экенимди чачыман, галстугуман көрүп турушат. Алар чач коюшпаптыр, көйнөктөрү да көркү жок шөмтүрөйт. Окуу издеп саңсып жүргөн бул өңдүү кыргыз балдары көп. “Булар шаарга барганда адашат” дедим, өз ичимен бышыксынып. Антип эмне кылат экемин?.. Детдом болбосо…

Таң азандан арабанын дөңгөлөгү кылдырттап Фрунзеге карай чимирилди. Жол уңкул-чуңкул, ийри-муйру, кээде дөңгөлөк чуңкурга “чулп” дей түшөт, арабакеч сөгүнөт, бизге эмне, ооруган жерди кол менен басып тим болобуз. “Ушу аты чарчады, сеники балдар түшөдү болсо, жакшы болады!” — деп арабакеч ара-чородо түшүрүп кыйла жерге жөө бастырат. Арабадан чыккан чаң көккө созулуп, көптөн кийин тарап кетет. Күн кактап турат, ошондой болсо да “мынадан көрөк жөө кетсек болмок экен” деп да калабыз. Арабага түштү деген гана аты. Бирок көңүлүбүз куунак, алдыда бизди бир жакшылык күтүп тургандай. Ташкенге бир күндө эле жете тургандай айла болсо дейбиз, курулай ой жүгүртүп…

Эки күндөн кийин шаарга жеттик. Эртеси шаардык кассадан Ташкенге билет алдык. Ат араба түштөн кийин кетет экен, аны билип алдык бир күн мурда. Пишпек станциясына эртерээк бардык, август айынын орто чени, күн сызгырылат. Вокзалда темир жолдо вагондор чубалып тизилген, сонун көрүнөт, мурда көрө элек болчубуз. Биздин вагонубуз көрсөтүлгөн эмес, кайсынысына түшүрсө кайылбыз, иши кылып барар жерибизге жетсек болгону. Ат араба жүргөнчө дарбыз жеп алалы деп, ошол эле ат арабанын жанында дарбыз саткан карыяга келдик. “Ширин дарбыз!”- деди. Үч тыйынга эки чакан дарбыз алдык. Бирин жарып жеп жатканыбызды, дарбыз саткан кыргыз карыя:

— Кайда баратасыңар, балдар! — деп сурап калды.

— Ташкенге! — дедик экөөбүз жарыша.

— О, ботом, жүрүп кетмей болбодубу, чуркагыла! — деди шаштырып.

“Ташкенге барчулар түшкүлө!” — деп качан айтарын күтүп отурганбыз. Заңылдатып темирди каккылап жатканды көрүп, анын бизге тиешеси жоктой түшүнгөнбүз. Көрсө түшкүлө деп чакырганы ошол тура. Бүтүн дарбызды көтөрө чуркадык, келсек сыртта бир да жүргүнчү жок, баары вагонго кирип, орунду ээлеп алыптыр. Болот экөөбүз эле калыптырбыз. Энтигип кирип келдик. Билет сураган жана эшикти тоскон эч ким жок, баары жайланып калышыптыр. Эң үстүңкү кабаты бош экен, шапа-шупа чыга калып жай алдык, сүйүнүп кеттик. Көрсө бул жер киши олтурбай, буюмдарын коё турган жай экен, бизге ошол эле жетиштүү көрүндү. Бөлкөнү башыбызга жазданып, дарбызды да баш жагыбызга коюп, чалкабыздан түшүп кобурашып, жыргап көңүл жай жатып алдык.

Бизди күтүп тургансып кара бука \паровоз\ биз вагонго кире бергенде эле көк түтүнүн көккө бүркүп ачуусу келгенсип булкуп алып, шарактатып жетелеп жөнөдү. Биздин өмүр жолубуз башталды.

*      *      *

Ташкен жердин түбү көрүндү… Үч жарым суткеде жеттик. Чоң шаар экен. Көчөлөрүнөн трамвай зуулдап жүрөт, ушундай шаарга жиберди, эми окууга өтсөк экен деп чоң тилек менен туш-тушка көз чаптырып келатабыз.

Сыноо башталды. Чоң залга толтура балдар. Өзбек, казак, кыргыз, тажик, түркмөн, орус, корей жана башка улуттардын уул-кыздары. Бир убакта Кыргызстандан барган балдарга кезек жетти. Комиссия четинен чакырып, сыноодон өткөрүп атат. Угуп, карап олтурабыз ачык комиссияда. Эми жалгыз гана медициналык комиссия калды, ал эртең. Болот “азамат” дедим өз ичимен кубанып. Ал жаркылдап кабагы ачык. Баардыгынан эң жакшы баа менен өттү. Болот ишин бүтүрүп сыртка чыгып кетти. Эмки кезек мага келди. Жүрөк токтотуп, кайраттанып бардым. Доскеге чыгарды, эсеп берди, таанымал эсеп, биз чыгарган эсептин бири, жым эте түштүм, чыгардым. Жакшы баа алдым. Орусча окуу жана оозеки суроо беришти. Ата-тегим жөнүндө сурашты. Айтып бердим. Өттүм.

Сыртка чыксам Болот күтүп турган экен:

— Эмне болдуң? — деди жайдары карап.

Шердене жооп кайтардым:

— Өттүм! Биздин ошондогу кубанычыбызга чек жок окшоду. Жетелешип жүгүргөн бойдон кеттик.

Ошентип, Орто Азия суу чарба политехникумунун окуучусу болуп калдык. Эми окууга өтөбүзбү, өтпөйбүзбү деген сар-санаа ойлор эстен чыгып кетти. Кыргызстандын башка жактарынан да бул техникумга балдар, кыздар келишти, көпчүлүгү өттү. Тээ алыскы Кетмен-Төбөдөн Койчуманов, Ысык-Көлдөн Байсымак Алиев, Чүйдөн Кулболду Ормотоев, Таластан Файза Эркинбаева жана башкалар окууга өткөн кыргыз жаштарынын катарын толукташты.

Балалык… Биз ушу аты чыккан балдар чогулуп, эртеси медициналык кароодон өтмөкчү болуп баратсак, арабыздан бирөө мынтип айтты:

— Сүт ичип алса доктор эч кандай ооруну таба албай калат экен… Ошентпейлиби?

Жабыла күлүп калдык, анткен менен макул болдук. Айран-сүт саткан кичинекей  базардын жанында баратканбыз, сүттү көрө коюп айткан окшобойбу? Кичинекей карапа идиштерге куюлган сар каймактанган бышкан сүт кишини кызыктырат. Баарыбыз тең каалашыбызча ичтик. Курсакты бөрсөйтүп алып медкомиссияга шатырап жетип бардык. Чечиндирип катар тизип коюп, врачтар балдарды көрө баштады. Өзбек, түркмөн балдарынын курсактары сыйдаң, а кыргыз балдарынын курсактары чедирейет. Дейч деген чоң доктор менин курсагымды коомай басып көрүп, анан дарбыз черткенсип чертип, өңүбүзгө жылмая карады да, суроо берди:

— Эмне үчүн силердин курсагыңар чоң, мына бул балдардын курсактарын карагылачы, жылмакай?!

Мен озунуп жооп бердим:

— Алар көк чай ичишет. Биз кыргыз балдары сүт ичебиз, курсакта толтура сүт бар.

Кыраан-каткы күлүп калышты.

— Молодцы, вы киргизские ребята, — деди башкы врач, түтүгүн тыңшап бүтүп.

— Кызык жооп бердиң,- деди Болот, мен анын оюндагысын тапкандан бетер…

Биз эми техникумдун өз баласы болуп, жатаканадан жай алууга жөнөдүк. Бирден темир керебетке ээ болдук. Болот тактай тандап жүрөт. Үч керебет коюла турган бир бөлмөгө жайгаштык. Оспан деген казак баласын кошуп койду. Матрац менен жаздыкка самандан аябай шыкадык, үстүнө ак шейшеп, одеял жаап көркүнө чыгарып койдук. Эртеси эле бизди күтүп тургандай кийим тигүүчүлөр келип, баарыбыздын бою-баш, бутубузду ченеп кетти. Окуу башталганча кийимиңер даяр болот дешти. А күнү майда-чуйдаларды: бала башына бирден тумбочка, кооз кружка, тиш порошогун щеткасы менен, самын, ботинке май, майлай турган щетка, бирден сүлгү, ич көйнөк, дамбал, мончого чек, чачтарачка да чек, үч маал тамакка чек берип бардык жагынан камсыз кылышты. Мындай жыргалды ким көрүптүр. Эми окуу гана калды. Болот экөөбүз тике маңдай жатабыз. Ал коңурук тартат. Тартканда дагычы… өкүртөт. Оспан катуу уктайт, коңурукту тоотпойт. Мен алгачкы күндөрдө өгөйлөп жүрүп, анан көнүп кеттим. Баары бир болуп калды. Кулакты тосуп коюп уктай берем.

Кечинде сабакты бирге даярдайбыз. Бир класста окуйбуз. Болот бардык сабактан жакшы окуйт. Ал башка балдарчылап оюнга кызыкпайт, тияк-биякка көп барбайт, сабагын даярдагандан кийин гана каалаган жакка чыгат, балдар менен көп анчалык убакыт кетирип ойнобойт, колуна китеп алып обочолонуп жүрөт, эркин болгонду, өзүнчө жүргөндү жакшы көрөт. Оюн-зоок кружогуна катышпайт. Мен кружокко катышам, жетекчи сөрөймүн, хор баштайм, өздүк концерттерге катышам, ырдайм, кээде оюнда роль аткарам, жаным тынбайт.

Техникумдун алдында бир нече тилде: орусча, өзбекче, тажикче, түркмөнчө жана кыргыз менен казакча \бирге\ кереге газета чыгат. Газетабыз: «Суу чебери» деп аталат. Мына ушул газетке редактор болуп он беш жашар Болот Юнусалиев шайланды. Биз үчүн бул чоң, жооптуу иш көрүндү. Чын эле, чыккан бардык кереге газеттерден күчтүү, көркөмдүү, сүйкүмдүү, көлөмдүү да кызык кабарлар жазылчу болду. Ошол 1928-жылдын 7-ноябрына арналып чыккан «Суу чебери» үчүн техникумдун дирекциясы менен профкомдон Болот алкыш алды жана китеп менен сыйланды. Өз ишине берилип, кылдат эле. Тырышчаак болчу.

Окуу башталганда кыргыз эне тили мугалими жок, биз өзүбүзгө тектеш тил деп казак балдарына кошулдук. Балайбаев Салыкен деген САГУну бүтүргөн жогорку билимдүү, келишимдүү казак жигит окутат. Бир күнү үйгө мындай сабак берди: «Ар кимиңер келерки сабакка сөз башына «А» тамгасы келген 25 сөздөн жазып келесиңер!»

Менин жанымда Акежан деген бала олтурчу. Ошого тийишип, тамаша ирээтинде минтип жазып келдим: «Акежандын айлакер атасы ашкере акыл жүгүртүп, азандан туруп аттанып, аркан-жип алып адырга барып, атасынын акысы бардай ач көздүк менен арчадан аябай артынып, алды-артына карабай, амандыкты ойлобой адыраңдап айылды көздөй келатып, арыктан аты аттаарда аласалып кетип, астында калып, акыреги чыгып, арка-мойну үзүлүп, араң-араң деми чыгып, азабын жеп, аркы-беркини айтаар адам жок, айла-амалы түгөнүп, арманы ичте жалындап, аргасыз анан акыретке кетиптир, кайран киши…» \25тин ордуна 37ни жазыпмын.

Кыраан-каткы күлкү чыкты. Мугалим:

— Карагым, Абдырасул, кайра окучу! — деди. Кайра окудум. Күлкү өкүм сүрдү. Салыкен агай күлкүсүн тыя албай, бетаарчы менен көзүн сүртүп, суроо берди: — Бир нерсе жазасыңбы?

— Жок, агай, жазбаймын.

— Осы сенден бир нерсе шыгады карагым!

Классташ курбуларым, анын ичинде Болот көздөрүндө күлкү ойноп мени карашат, көрбөй жүргөнсүшүп. Абдан жакшы баа алып кубанычтуу болдум. Окуу кызуу башталып жатканда пахта терүүгө алып кетти. Пахта-Арал деген жерге, жаңы уюшулган совхозго алып барып, бирден таар белдемчи, бирден чоң мешок берип, баргандын эртеси таң заардан эле күнүгө канча килограммдан терүү керектигин айтып, катуу милдеттендирип, кардай болгон ак талаага балдарды жабылтып жиберди. Жабыла кирдик. Биз түндүк тараптан барган кыргыз балдары пахтаны ошондо көрдүк.

Бирибизден-бирибиз озуп өтсөк, тапшырылгандан арбын терсек деп эле эки колдоп, эки жакка көп карабай, ыпылдатып-шыпылдатып терсек да ойдогудай болбойт. Кай бирде норма толсо, кай бирде жетпей калат. Кечинде таразага тартканда баары айкын-ачык. Мен канчалык тез-тез терип аракеттенсем да, нормам бирде толсо, бирде кем. Көпчүлүк балдардыкы ошондой болуп чыгат. Ал эми Болот болсо нормасын ашырып терет, күндө ошол. Бүгүн ким алга чыкты деп, кечки жарым сааттык жарыялоо чогулушунда кулакты түрүп турабыз. Дагы баягы Болот Юнусалиев болгондо да техникум боюнча. Биздин техникумда жети жүз элүү окуучу бар деп эсептелет. Бул жолу алдыңкы курстагылар келген эмес.

Бир нече жүрдүк. Эми өтүлбөй калган сабактарды кууп жетүү керек!.. Өзүбүз чарчап, кирдеп кеттик. Бирок жеке эле биз эмеспиз. Ташкенде окуу жайлары көп, андагы окуучулар жазында пахта чабыкка, күзүндө теримге жардамга жиберилип, терим бүтпөй калган жерлерге кышында да жиберилип турат. Сабак толугу менен убагында өтпөй. Ушул жолу биздин техникум менен мелиарация техникумунун окуучулары пахта терүүдө социалисттик жарышка чыкканбыз. Бул Далберзин совхозунда болду. Чоң жарыш, бардык күч-аракетти жумшоого чакырык болду. Кошмо чогулуш болуп, жыйынтык чыкты. Биздин техникумдун окуучулары мелдеште жеңип чыкты. Ушул чоң жарышта, нечен жүздөгөн окуучулардын ичинен эң биринчи эпкиндүү болуп Болот Юнусалиевдин ысмы аталды. Сыйлыкка сонун өтүк алды. Болот бардык жерде алдыда, арыкчырай, жапкак көз, дунган кебетеленген, сабырлуу жүргөн, оргу-баргы сөзү жок, бир мүнөздө жүргөн улан.

1929-жыл келди, жайкы эс алышка тарадык. Мени Кой-Сары курортуна жиберди. Мен курорт деген эмне экенин билчү эмесмин. «Барбаймын, көрбөгөн жерде эмнем бар, ал жакта үйүм жок» — деп тарткынчыктадым.

— Кызык бала экенсиң го, эл жете албай жүрсө, сен барбайм дейсиң. Медкомиссия чечими боюнча ден соолугуңа байланыштуу жиберип жатабыз. Ал жер сонун жай, Ысык-Көлдүн жээгинде, бекер тамак берет, бир ай жыргайсың, жөнө! — профком путевканы колума карматты.

Болот Юнусалиев, Мүсүр Рысалиев, Мукаш Чоңбашев, Айтууганов жана мен болуп бир техникумдун балдары чогуу Фрунзеге келип түштүк. Болот экөөбүздөн башкасы Ысык-көлдүк балдар. Жакшы окуп оозго алынган. Фрунзеге келип Орозбек атындагы чайканага токтодук. Болот өз бетинче жакын тууган-тааныштарына кетти. Кечинде Дзержинский көчөсүндө ары-бери басып сейилдедик. Биз башка шаардан келген окуучулар экенибиз кийимибизден таанылып турат. Кай бирлери кайда окуйсуңар деп сурайт, сыймыктана айтып беребиз.

Кечинде Дыйкандар үйүнө барып, арабакечке убадалашып, санаабызды тындырып келгенбиз. Эрте бардык. Арабакеч жаңыдан атын чеккени жатыптыр, сүйүнүп кетти, башка арабакеч менен кетип калышабы деген окшойт. Бир аздан кийин сол жак көкүрөгүнө ВЦИК деген значок тагынган, беш жашар чамасында эркек бала жетелеген, жакшы кийинген, салабаттуу, жылдыздуу, эткээл кара киши жаныбызга келди. Биз тааныбасак да, урмат менен жабыла салам айттык. Көңүлдүү алик алды да:

— Кайда барасыңар, жигиттер? Ысык-Көл тарапка бара турган араба бар бекен, кайдан табууга болот? — деди жагымдуу карап.

Ошол жерде: «Токмок ким барады?» — деп турган арабакеч бар эле, жетип келди. Сүйлөшө келгенде Балыкчыга чейин  барууга макул болду. Алиги кишиден:

— Сиз ким болосуз, агай, кай жактан келатасыз? — деп сылык сурадык, кичипейилдик менен:

— Мен Жандосов деген болом, Алматыдан келатабыз, кыргыздын Кой-Сары деген курортуна баратырмыз.

— А сиз Ороз агай турбайсызбы?!

— Сизди билебиз, агай, укканбыз,- деп жибердим чынын айтып. Ошентип жаңыдан сүйлөшүп турганыбызда дагы бир мыкты кийинген, көкүрөгүндө тагылган Жандосовдукуна окшогон значогу бар ак жуумал казак жигит эки татар аял менен келип калды. Учураштык, тааныштык адабият сынчысы Габбас Токжанов экен. Берки аялдары.

Биз чүмбөттүү эки арабага төрттөн бөлүнүп түштүк. «Оо-оо-ойт!» деп арабакеч короодон шапалак ойнотуп чыкты. Жылаажын кетип баратканды кабарлады. А күнү эрте чыксак да, күн бата Ысык-Ата бекетине жеттик. Аерден эртеси таң заарынан чыгып, кечинде Токмок шаарына келип, кербен сарайга түнөп чыктык. Бул сарай мага тааныш, өткөн жылы Болот экөөбүз түнөгөнбүз. «Ак жолтой сарай» дедим, өз ичимен. Бүгүнкү жол азабын айтпа… Айрыкча тигилерге кыйын болду. Аялдары кыңкыстап, араба токтой калган жерде эле жолду тилдешет. Айла канча, жол жаман экени чын, атчан жүрсө билинбейт, арабага анчалык эмес. Өңгүл-дөңгүл, уңкул-чуңкул, оркойгон-соркойгон таштар, кээ бир жерлери ийри-муйру. Ошондой болсо да биз тилдебейбиз, бизге жаман деле көрүнбөйт, же өзүбүздүн жол болгондуктанбы?.. Таанымал жол.

Кантмек элек? Тигил эки аял жолду тилдесе эле, бизди, биздин жаратылышыбызды тилдеп жаткандай сезилет. Эркектери антпейт, аялдары эле кобурап-жобурап жактырбай өздөрүнчө чыртыйышат. «Кайдан бул жакка келдик эле?» — дешип күйөлөрүн жемелешет. Өз ичимен: «Чоёкелер» деп мен да бош келгеним жок…

Күн кактап турат. Арабанын дөңгөлөгү кыйчылдап, таштак жерге келгенде дөңкүлдөп ого бетер кыйнап жибергенде түшө калып жөө басабыз. Бизди көрүп тигилер да жөө басышат. Ошол кошула калган ара-чолодо жакшы таанышып алдык. Казакстан менен Кыргызстанга белгилүү Жандосов Ороз агай менен таанышканыбызга абдан кубандык. Жолдошу жазуучу, сынчы экенин билдик. Ороз агайдын аялы арыкчырай, көзү кыпыңдап турган киши экен. Берки Габбастын колуктусу да татар кызы, балкыйган ак жуумал жубан. Керилип-чоюлуп боюн түзөп зымпыйып жүрөт. Ороз агайдын уулунун аты Едиге, муну энеси чакырганда билгенбиз. Жөө басканды, чуркаганды, таш ыргытып, көпөлөк кууганды жакшы көрөт. Жолдо жайнап жүргөн кекилик, кыргоолдорду көргөндө «кармап бер!» деп чебеленет, кууп жөнөйт. Энеси:

— Жыгыласың, жыгыласың, Едиге, жүгүрбө! — деп артынан жөнөйт.

Жел-Аргынын оюнда баратабыз. Ээн талаа. Бир да үй жок, биз түшкөн эки гана араба мейкинде илээлеп, аттар ылаалайт. Теребел тып-тынч, эл жайлоодо. Тээ Чүй дарыясынын аркы өйүзүндө бир атчан киши кыбыратып Чоң-Кеминди көздөй кетип баратат, анда-санда камчыланып. Эки Кеминдин тоолору көзүмө эң эле жакшы көрүнөт, көңүлүм сергек тартып, тоолор мени чакырып жаткансыйт. «Бул жер менин жерим» деп койдум өз ичимен компоюп…

Боом капчыгайынын оозуна жакындаганда, булуңда бир чоң короо кой жайылып, биздин бет алдыбыздан жолду кесип өтүп баратты.

— Бир козу сатып алып барган жерде бир жаш сорпо ууртабайлыбы, сагындык го,- деп жолдошторума кайрылдым.

— Сонун болор эле! — деп жиберди Мүсүр Рысалиев,- ошентели, тигилер кошулар бекен?

Арабаны токтотуп жабыла түштүк, жерге түркүн гүл жайнап, жашыл чөп бөтөнчө түр берип жер мактанып турат. Тигилердин ою да ошондой экен:

-Жигиттер,- деди Ороз агай, биз жакка карай басып келатып,- сендерге эп болсо, бир козу сатып алып, түнөгөн жерде сойбойлубу, не дейсиңер?

— Макулбуз!

Бул жер менин өз жерим, өз элим дегенсип, атчан турган кебелтең койчуга барып учураштым. Сөз баштадым:

— Козу сатасыңбы? Бир козу керек!

— Сатам.

Соодалаша кеттик.

— Мынабу беш жүзгө жакын кой, ичинен тандаган козуңду ал, үч сом бересиң. Алсаң ошол, албасаң жок.

Мен койду кичине аралай түшкөндө, куйругу килеңдеген кызыл күрпөң көзүмө түштү. Аңдып барып шыйрактан алдым.

— Таптың,- деди койчу,- мал тааныйт экенсиң.

Акчасын берип жатып минтип айттым:

— Мен дагы койчу болгонмун.

Куйругу жаргылчактай болгон кыргыз койдун козусу. Ал убакта жалаң кыргыз кой багылчу. Үч сомду сегиз кишиге бөлдүк. Биз бүт төлөп коёлу десек, чөнтөгүбүз тайкы болчу, техникум ат арабага барыш-келишине «литер» акча ордуна кагаз берген.

Козунун бутун бууп, арабага салып, кылдырттатып жөнөдүк. Боомдун ичине кире бергенде менин жеримдин көркүн, каршы-терши чуркап өткөн баёо кыргоолдорду, жайылып жүргөн кекиликтерди, улам бир жерден булт этип чыга калып, элеңдеп таңыркагансып, кишини аңкоолоно карап олтура калып, калдайган кулагын кыймылдатып анан чочугансып так секирип тура жөнөгөн талаанын сур коёндорун көргөндө: «Керемет жер экен гой, неткен адеми жай!»- деп эки аял  суктангандай болсо, чен жок, кечээки жолду тилдеп, «неге келдик бул жакка» деп эрлерине жеме койгондорун унутуп коюшат. Капчыгайды тең бөлө жарып Кочкор суусу Чоң-Кемин суусуна кошулуп, андан ары Чүй суусу делинип, кең өзөн сайда күркүрөп батышты көздөй сапар тартып баратат. Бул жакка биринчи жолу келаткан жолоочу-меймандар жер-суунун көркүнө таң калып суктанышат. Дагы бара түшкөндө, Көлдү көргөндө эмне дешер экен?.. Аялдар өздөрү билишээр…

Капчыгай ичи ээн. Аркы өйүздөгү беттен элик качты бакырып, токтой калып биз жакты  аңырая карап, анан кыраңды жайга ашып кетти. Ободо үзүктөй кара бүркүттөр каалгыйт. Бизден башка бул керемет капчыгайдын тынчын бузган бир да атчан же жөө жүргүнчү көрүнбөйт. Капчыгай ээн… Окторулуп аккан дайранын күрүлдөгөн үнү гана тоо арасында өкүм сүрөт. Тентек дайранын шапатасы, салкын жел көңүлдү кушубак кылып, бир ажайып дүйнөнүн кучагына алынганбыз.

Мына, тоо арасына көлөкө түшүрүп күн бүгүнкү жумушун бүтүрүп, уктаганы кетип баратат. Капчыгайдын ичи улам салкындап, кичинекей Едиге жука пальтосун кийип, аялдар да жеңил, жылуу кийинип, маңдай-тескейге кызыга карап, өздөрүнчө бирдемелерди айтып келатышат.

Ороз агай:

— Кай жерге түнөйбүз, кыргыз аулдары көрүнмейди гой,- деп түн караңгысы тоонун ичине түшүп келатканын көрүп  тынчсыздана бизге суроо жөнөттү.

— Аз калды, азыр Кыз-Күйөөдөн өтүп, кызыл көпүрөгө жетебиз. Ошол жерге конобуз,- дедим, — козуну соёбуз, этине тоёбуз. Салкында арабанын ичинде, дайранын шарын тыңшап жатып уктайбыз, агай!

— Ойбайау, адеми сөйлеген бала экенсиң гой,- деди Ороз агай мага сүйкүмдүү карап.

Токмок калаасынан тан азандан чыккан элек, шыдыр жүрүп олтуруп Кызыл-Көпүрөгө күүгүм талаш келдик. Жүргүнчүлөрдүн токтой турган мерчемдүү жери ушул. Бооланган чөп үйүлүп, берирээк жагында көөнөргөн боз үй турат. Чөптү арабакечтерге сатат, дунган арабакечтер аттарына салат, алар аябай тапташат. Арабалар келип токтогондо үйдөн жупуну кийинген албоорундай болгон киши чыга калды. Бул кишини жакшы тааныймын, Бейшеке кыштагынан, Абдылда деген киши. Менин таякелерим ушул бейшекеликтер, мен ушул айылда Чынасыл ажыныкында, Назар уулу Дүйшөнүкүндө киринди бала болуп жүрүп кеткемин. Ошол шордуу бала чагым эсиме кылт эте түштү, кайра чыйралып, Ташкенден окуп келатканым көңүлүмдү эргитип жиберди.

Мен Абдылдага салам айттым, кичи пейилдик менен алик алды. Бизге, жолоочуларга эмне дээр экен дегенсип карайт.

Четке чакырып минтип айттым:

— Мынабу кишилерди көрүп турасызбы, тиги Жандосов. Ушундай конобуз.

— Уккам, ошо кишиби? Кайда баратасыңар, кап! — карбаластап калды. — Колдо эч нерсе жок эле…

— Эч нерсеңиздин кереги жок,- дедим, көңүлүн тынчытып. — Тигил кызыл козуну сой. Арабанын дөңгөлөгүнө байланып турган козуну көрсөттүм. Лам дебей макул болду, сүйүндү окшойт. Үйдө Абдылда аялы экөө эле экен. Этек-жеңи элеп болуп кызмат кыла башташты. Козу эшиктен мууздалып, үйгө алып кирип оттун жарыгына союлуп жатканда, Жандосов агай мени сыртка чакырып чыкты. Атымды бая козу сатып алган жерде сураган болчу.

— Абдырасул, өзүң жөндөмдүү бала экенсиң,- деди мактоого алып, — энди былай кыл, үйдеги аялдар сурап жатыр: казанды таза жубуп, шөмишти \сузгуну\ таза жувсын, сорпанын тузын татканда ууртаган сорпанын артын казанга кайра куймасын. Этти шыгарганда кол менен устамай, вилка менен шыгарсын. Бизге өзимизге бир бөлек, ал өз жолдастарың мен бир баска болуңдар!

Мен үй ээсине түшүндүрдүм. Козунун эти чоң казанга толду. Чий көбүгүн өз маалында калпып, улам сапырып, ак сорпо кылып эзилте бышырды дейсиң. Чай чыны менен шорпо берип, Абдылданын зайыбы «каеримен кыйкым табар экен» дегенсип, астыртадан кылдат байкап олтурду, камыр жасаган жок, козунун этин ынак жемек болдук.

Чоң чагарактуу чарага вилка-депкир менен чыгарылды. Куйругу эле өзүнчө бир чара… Килкилдейт. Эт чыгар алдында Абдылда экөөбүз сыртка чыктык. Мен ага мындай тапшырдым:

— Этти эки табакка тепетең бөлүп жаса да, куйрук-боорду тең бөлүп үстүнө кой, башты Жандосовдун табагына сал. Куймулчакты, өпкө-жүрөгүн, ич этин, мойнун, боконосун, күң жилигин, майда-чүйдөсүн өзүңө алып кал. Туурап жейби, бүкүлү жейби — өздөрү билсин, а биз өзүбүз билебиз.

— Козуга кимиңер төлөдүңөр? — деп сурап калды Абдылда, — силер окуучу балдар экенсиңер!..

Жооп кайтардым:

— Тең төлөдүк.

Ал башын акырын ийкеп койду. Эмне үчүн аны билгиси келди экен?

Эт айтылгандай тартылды, табак титирейт. Биз өзүбүзчө, алар өздөрүнчө. Козунун  кабыргалары ипичке болуп калыптыр.

Абдылда:

— Сүт эмген шеринелик козу экен, саал кымбатка алыпсыңар,- деди куймулчактан ысык чыкка малып бир сугунуп жиберип.

Чоңбашев Мукаш айта салды:

— Ташкенде мындай козуларды он сомдон кемге бербейт. А ашпозчулардын колуна тийсе андан да ашырып жиберишет. Айтууганов да аны жактады, жото жиликтин чүкөсүн омкоруп жатып: — Ооба, арзанчылык биякта тура.

Мүсүр менен Мукаш эт туурап киришти, мен куйрук боорду татынакай кылып, калыпка салгандай кесе баштадым. Чыктын тузу да өз жайында экен, эки кесимден алып жибердик.

— Бир жылдан бери чыкка кол тиелек эле, кана, алгыла! — дедим,- өз акчабызга келген куйрук-боор… Баары күлүп калышты. Куйруктун чети оюлган жок.

— Мынау куудыл бала экен,- деди Ороз агай, жактырган түспөлдө.

Биз өзүбүзгө кең-кесири жетерлигин кыра туурап алып, ысык чыктан баса куюп, кадимки  өзүбүзчө кол менен алмак-салмак тарттык. Мүсүр экөөбүз чөгөлөй түшүп эки жолу келтире сугундук.

— Мынау кыргыз балаларын  карашы,- деди Ороз агай,- типти  азаматтар экен!..

Уйдун ынак жууратына жасалган «ак серке» келди. Ыкчам экен, бир-бир чыныдан тартып жибердик. Алды менен Ороз менен Габбаска сундук, алар ууртап  көрүп  тартып жиберишти. Берки эки аял мелдешкенсип ичпей коюшту. Этти да анчалык жешкен жок, чымчылап-үзгүлөп кара кесек жеринен жеген болушту. Бул меймандар бизчилеп  туурап жешкен жок, бөртө-бөртө кесип жешти. Куйрук боорду да бөртө кесип кичине жешти.

Башты Ороз алып, кармалап, аржак-бержагын карап, бир кулагын кесип табактын  четине койду да, \Едиге уктап калган\ биртике мүлжүп, бир көзүн оюп жеди. Анан бир көзүн Габбастын чынысына салып койду да, башты бир кулагы менен, чала мүлжүгөн бойдон, мээсин албастан дасторкондун четине таштап койду.

Ал устуканын элеп-желеп болуп кызмат кылып жүргөн, козуну сатып алууну уюштурган жана даярдап алдыга тартууну уюштурган, бирге келе жаткан жолоочулардын кичүүсү мага берет ко, ушу кишинин колунан бир устукан алсам деп үмүттөнүп да, эңсеп да олтурган элем. Же үйүнө кондуруп колунан келишинче меймандап жаткан Абдылдага берер деп ойлоп олтурган элем. Дасторкондун четинде калды. Эт корогон жок, табактагы этти ошо бойдон, үстүнө башты коюп үй ээсине узатты.

Биз акылдашып, бул жол азыгыбыз болсун деп, өзүбүзгө тийген этти куйругу менен гезитке ороп алдык. Чүмбөттүү арабанын үстүнө түнкү салкын желге жайып койдук. Эртең менен араба жөнөрдүн алдында этти баштыгыбызга салып алдык. Баштыктарда нан, кантыбыз да бар.

Арабага түшөрдүн алдында Мүсүргө айттым:

— Сен, менин жанымда бол, мынабу мен «таяке» деген киши менен сүйлөшкүм келди, жолуга албай жүрдүм эле, оңтою келип турат, экөөбүздүн ортобузда чоң окуя бар, сен угуп олтуруп таң калышың мүмкүн. Көңүл коюп угуптур, бул мага аябай иттик кылган, мен а дегенде эле айтып жибербей, этиеттик менен көз алдынан чубуртайын, ал танаар бекен же танбас бекен, сен байкап тур. Ыгы келген жерде сен да туура сөзүңдү айтуудан тартынба, мунун ким экенин ушу жерден билесиң. Макулсуңбу?

— Макулмун.

Мен Абдылданы чакырдым, ал арабакеч менен сүйлөшүп турган.

— «Таяке!» — Ал жалт карап алды, көңүлдүү экен. — Бери келиңиз, жээн-таяке сүйлөшөлү!

Күлмүңдөп илбериңки басып келди, ынтаасын коюп укмакчы болгону көрүнүп турат. Жалпак таштын үстүнө көчүк койдук.

— Таяке, түндөгү козу үч сомдун акыбетин кайтардыбы?

— Акыбетин ашыра кайтарды. Сүт эмген, шеринелик ириктей болгон козу тура, жалаң куйругу эле бир чара болду. Унутулгуз болду, кемпирим экөөбүз кыйладан бери шорпо-шилең ууртабай, тузсураган койдой болуп калган элек, тим эле жыргаттың жээн! Куймулчагын титиретип өз колуң менен менин табагыма салып койгонуңда, чекемен тер чыга түштү, ичимен сени алкадым, өз ичимен: «Энеге жакын кыз күйөт» деген ушу дедим, айланайын жээн, окуп жүргөн турбайсыңбы?..

— Таяке, сиз мени тааныйсызбы, Бейшекеде Чынасыл ажынын үйүндө, Дүйшөнүн үйүндө жүрбөдүмбү, баягы жылдары сиз Дүйшөнүкүнө көп келчү элеңиз, Токотбүбү таажеңем менен тамашалашып, күлдүрүп кетер элеңиз.

— Ооба, ооба! Атың ким эле жээн?

— Атым Абдырасул эмеспи.

— Ооба, ооба! Кубаңдаган арык бала эмес белең, чоң жигит болгон турбайсыңбы? Ташкенде окуп жүргөн турбайсыңбы, азаматсың, жээн!

— Сиз көк шыйрак Норузбайдын «Барыңкел» деген көк тайганы менен, жаныңызда ээрчиген бир киши бар, кыштын күнү түлкү алдырам деп казактын Жың-Ичке тоосуна баражатып, Токмоктун маңдайындагы, Шабдан баатырдын ашында күлүктөрдү айдап келип түнөткөн Ниязбектин коргонунда турган Жалпетек таякемдикине келип конбодуңуз беле. Ошондо, жатардан мурда конок болуп олтуруп айтпадыңыз беле, ошону эсиңизге салайынбы?

— Айта кой!

— Ошондо минтип айткансыз: «Казактын Жың-Ичке тоосунда аң-карышкыр, түлкүлөр көп болот экен, Норузбайдын Барыңкел тайганын колколоп алып он беш күнгө сурап келдим. Бербей жатып араң берди, «Жоготуп жибересиң, арыктатып коёсуң, ачка калтырасың, көралбаган бирөөлөр чаап ийип бутун сындырып коёт», — деп дагы бирдемелерди айтып бербей жатканда байбичеси Асыл эпке келтирип араң берди, а болбосо бербейт эле дегенсиз. Анан дагы минтип айткансыз: «Барыңкел түлкүнү бурчатпайт, көкжалды эмес аюуну да алат, мындай тайган башка жакта жок»… Эсиңиздеби, чын айтып атамбы? Колуңарга сууну мен куйбадым беле?

— Ооба, ооба? Чын айтып атасың, жээн, эсиме түштү.

Мүсүр мага суроо берди:

— Сен аерде эмне кылып жүрдүң эле?

— Жалпетек таякем Токмокко көчкөндө: «Катыным Талжан жалгыз бой, окуу башталганга чейин каралашып турсун, көйнөк алып берем, окуу башталганда жеткирип коём”, — деп мени Токтобүбү таажеңемен сурап ала кеткен, отун алдырып, суу куйдуруп жибербей койгон, ошол үйдө жүргөм. Окуудан калгам. Абдылда таякем Жың-Ичке тоосуна барамын дегенин угуп олтуруп, ошо Жың-Ичке тоосунда казак Абитай дегенде эжем Батма \Карасарттын эжеси\ бар десем, таякем ошо жерден эле минтип айтты: “О, жээн! Андай болсо мени менен жүр, аякта биздин таанышыбыз жок, мен учкаштырып алайын, ошондо конолу!” Мен сүйүнүп кеттим, макул болдум. Эртеси эртең менен Жалпетектин үйүнөн жөнөп кеттик. Мени учкаштырып, көк тайганды ээрчитип, жаныңыздагы киши менен жанаша бастырып жүрүп кеттик. Ошентпедикпи ээ, таяке!

— Ооба, ооба! Ошенттик, унутпапсың жээн?

— Унутканым жок, таяке.

— Жездең ошол жердик болгон соң жер уусун билет, жакшы болбодубу! — деп жолдо айтып баратпадыңызбы!

— Ооба, ошондой жээн! Унутпапсың.

— Ананчы, кээде ойлой калып жүрөм таяке… Сиз дагы унутпай жүргөнүңүз жакшы экен.

— Анан бардыңарбы? — Мүсүр сурады.

— Ошону айтайын деп атам. Кыш күндөрү кыска, жүрүп олтуруп, жүрүп олтуруп Жың-Ичке тоосунун коктусун өрдөп кыраңга чыгып, анан коктуга түшүп, андан дагы бир кыраңга чыгып, дегеле бир үйдүн караанын көрө албай, бир кыштоо көрүнсө экен деп, кечки суукка калып, ак карлуу тоолорго караңгы түшүп, кыйма-чийме кыя жолдор башты адаштырып, кайсынысына түшөрүңдү билбей бараттык ээ, таяке?!

— Ооба, эсиңде экен.

— Албетте. Ошентип баратканда жаныңыздагы киши экөөңөр акырын сүйлөшө калып, мени аттан түшүрүп: “Чурка алдыга, төмөн кокту жакка көз жүгүрт, түндүктөн от көрүнөт, эл жатканча коно турган үй таап алалы, сен болсо эжеңдин үйү кайда экенин билбейт экенсиң”, — дебедиңизби, таяке! Ошол эсиңиздеби?

— Ооба, капкайдагыны эске түшүрдүң, жээн! Ошо сен белең?

— Мен элем. Бутумду жылытып алайын деп чыйыр жол менен Барыңкелди ээрчитип чуркап, биртике бара түшкөндө сиз Барыңкелди чакырып алып, каргысынан чылбыр менен байлап жетелеп кетпедиңизби, ошондо жылдыздар жайнап, тоолор калдайып караңгы көрүнүп калбады беле, чынбы, таяке!

Таякем унчукпай калды.

— Анан силер жолдон шарт бурулуп кетип, артыңардан кыйкырып чуркап жетпей калбадымбы. Чыңырып-бакырып тоолорду жаңыртып, ыйлап атсам үн чыгарбай, караңгыга житип кетпедиңерби. Эмнеге анттиңер экен?!.

Таякем жер карап унчукпайт. Ордунан туруп кетмекчи болду.

— Олтуруңуз! — дедим, көзүм жашылдана түшүп. Ошондо ошол баш-аягы эчен күнчүлүк узак, бийик, татаал ээн тоолордо карышкырлар короодо койду талашып, талаада тайды жарып, жылкыларды жара тартып, ач чөөлөр үйрү менен улуп-уңшуганын өзүңүз айтып келатып, караңгы түшкөндө эч качан көрбөгөн ээн жерге тирге байлагансып сербейтип жалгыз таштап, буйтап качып кеттиңер. Башка жүк болот дедиңер, кыйкырсам үндөбөй, карааныңарды көрсөтпөй үзүп кеттиңер, он эки жашар кезим эле, ушул жорук адам кылар ишпи? Ал өттү-кетти. Эми айтыңызчы, кудайды карап? Билем: Бу тентиреген баланы өзүбүз коноорго үй таппай жүргөндө башка жүк кылып алып жүрүүнүн не кереги бар деп адаштырып таштап кетпедиңерби? Кудайды кантесиз? Ошондо мени карышкыр жеп кетсе сиз, таяке, кызыл козунун куймулчагын, бүлкүлдөгүн түндө жебей калат элеңиз? Эмне дейсиз, бир ооз жооп күтөм! Мен азыр он жети жаштамын, Ташкен шаарында окуймун, чоң шаар.

Абдылда өңү кубула түшүп, бир мени, бир Мүсүрдү карап жалтактап, шыпшынып, эски, кунары жок калпагын бүктөй кармап туруп айтты:

— Эми анын эмнесин айтасың, жээн, эр жетип калган турбайсыңбы, аман бол!

Баятан бери демин ичине тартып унчукпай олтурган досум Мүсүраалы Талканбай уулу Ырсалиев тилге кирди:

— Түшүнүктүү, Абдырасул, калганын жолдо бизге айтып берерсиң, кеттик.

Жандосовдун арабасы жүрүп кетти, биздин араба күтүп калды!

ЖОЛ БОЮНДА

Биз Кызыл-Көпүрөдөн өтө бергенде эле:

— Жанагы сөздүн аягын ула! — деди Мүсүр. — Коркунучтуу окуя экен сенин башыңан өткөн, кантип аман калдың, ошону айтчы, сен айтып жатканда тула боюм дүркүрөп турду, ал сен айткандын бирин да төгүнгө чыгарган жок. Ошо бала сен экениңди билип, дабдаарып калды. Балким, сени ошондо карышкыр жеп кетти деп ойлоп, түнүлүп калгандыр, Абыке! Бактың бар экен, кантип ошондо аман калганыңды айт, баш жагын буларга кийин айтып берерсиң!

Мен арабага бир аягымды сунуп оңтойлоно олтуруп, алдыда бараткан Жандосов агайдын арабасына бир карап алдым да, жаай гана айта баштадым:

— Эч качан мени көрбөгөн, кечке маал ак тон жамынып алгансып көрүнгөн тоолор эми карарып, калдайып, асман басып калгансып бир укмуш көрүнөт ой… Терең кар баскан, туш-тушка кеткен кыйма-чийме чыйыр жолдору бар, ызгаар ызылдап турган жайдак тоодо каргадай болуп жалгыз караан мен турам. Кайсы жакты көздөй барарымды билбей, эс-акылыман ажырап, калтырак басып турам. Малдын үнү, иттин үнү угулар бекен деп, ыйымды токтотуп кулак тосом. Кишенеген жылкынын, маараган койдун, үргөн иттин, же кишинин үнү угулбайт. Кулак-мурун кескендей айлана жым-жырт. Мына ошондо мага ого бетер коркунуч келди. Киши жашабаган, мал туягы баспаган жерге келиптирмин дегенден башка ой келбей калды, чачы өсүп кеткен башыма. Асманда жыбыраган калың жылдыз, тоонун чокусуна жакын келип балбылдап тептегерек ай турат. Анын жарыгы тоолордун бир жагын капкара кылып, бир тарабын жалтыратып, аксаргыл алтын тон жапкансып көрүнөт. Коктулар эң эле коркунучтуу көрүнөт. Мен кадам шилтесем эле тоодон учуп кетчүдөй болуп, кайсы тарапка бет алсам да алдым туюк, кадам шилтөөгө батына албай, эми мени карышкыр сугунуп коёт деген ой эсимди оодарып, үнүмдүн бардыгынча кыйкырдым: “О-о-о, а-а-ай! О-о-оо, а-а-аай!..”

Тоолор, зоолор мени туурап кошо жаңырып, туш-тушуман угулат. Кишинин же иттин үнү угулар бекен деп тыңшайм да, кайра кыйкырам. Ошол эле мен, ошол эле жаны жок тоолор, зоолор мага кошулуп жан кирип, бир добуштан кадим эле мен кыйкыргандай, мени шылдың кылгансып же жардам кылгансып оң жагыман да, сол жагыман да үн чыгарышат, кошул-ташыл кылып. Бул үндөрдү уккан карышкырлар кырдан кыр ашып жоголду дей бер… Ушундай ойго да келип чыйрала түшөм. Анан кайра кыйкырам: “О-о-о-а-а-а-аай! Киши барбы-ы-ы?!”

Ушинтип улуу тоонун үстүндө теребелди титиретип үнүмдүн, күчүмдүн бардыгынча кыйкыра бердим. Башка кылар айлам жок. Эртең менен аттанаарда Жалпетек таякемдикинен \өсүктүн баарын таяке дей берем\ Абдылдалар менен чай ичкем, бир сындырым нан менен, жолдо кардым ачкан болчу жана үшүп келаткам, эми анын баары билинбей калды, бир гана тилек: кишиге жолугуу!

“О-о-о-а-а-ай, о-о-ай!” – токтой калып тыңшайм, бир жактан үн угулаар бекен деген үмүттө! Кудай, кудай деп олтура калдым, тээ алда кайдан кишинин үнү, ага кошулуп иттин үнү угулгансыйт. Кулагымды тосуп дагы кыйкырдым: “О-о-а-а-аай,о-о-ай! Карышкыр, карыш-кы-ы-ыр! О-о-ай!” Алиги үн улам мага жакындап келатат. Мен эмнеси болсо да деп ошол үн чыккан жакка, айдын жарыгында кадам шилтедим. Бийик беттеги катып калган терең кардын үстүнө олтура калып, тонумдун эки этегин кармап алып, жылгаяк тээп төмөн айкын бет менен жанталашып жөнөдүм. Бир топ жерге барганда эки бутум карга сөңгүй түштү, думбаланып токтоп калдым. Олтуруп дагы кыйкыра баштадым. Төмөнтөдөн үн угулду:

— Ээ-ээй, сен кимсиң?

— Мээн, мэ-эн, мен.

— Ойбайау, баланың үни секилди, сен баршы! — деп улгайган киши үн салып бирөөнү мени көздөй жумшады.

Эки дөбөт арсылдап коктуну жарып мени карап үрүп атат. Жабалактап төрт-беш чоң-кичине кишилер эшикте турушат мага таң калып. Жанагы киши дагы үн катты:

— Эй-эй, бала, ордыңда тур, ит барып талап кетеди, тек тур! Бар, акел, тез бар,- деп бир кишини мени көздөй жиберди да, иттерди жибербей турушту. Мага келген койчу жигит экен, ал:

— Кайдан жүрген баласың эй, кыргызмысың? Жүр эндише! — деп жетелеп алды. Мен кадимкидей кайратыма келе түштүм, короодо кою ыңкып жаткан дөөлөттүү казактын үйүнө туш келдим, өз ичимен жакшы адам экен деп алкадым.

Кайдан келгенимди, бул абалга кантип туш болгонумду сурап жатышты, мен төкпөй-чачпай жобурадым. Үй ээси алиги карыя экен. Өзү собол берип, айткандарыма кунт коюп угуп олтурду, катуу кейиди үй бүлөсү менен. Менин кабак-кашыма карап туруп жаай гана сурады:

— Абдылда нең болады, карагым?

— Таякем.

— Нагашыңба?

— Ооба, таякем…

— Бир баур нагашыңба?

— Жок, кыйыр, апамдын төркүндөрү тараптан, өсүк деген элден, мен «таяке» дей берем.

— Бешара, ойтпегенде кайтеди,- деди кепта кыячан чарчы бойлуу келин мага боор ооруган көз карашта.

— Солай, солай!.. — деп койду карыя башын ийкеңдетип, Абдылданын ким экенин, канчалык жакын экенин эми түшүндү окшойт. Анан ураган көңдү кычкач менен ордуна коюп өзүнчө сүйлөдү: — Ол оңбаган адам экен гой, сенден казактын тамагын кысканып, басыма жүк кып жүрмейин деп көк жалдын жолына белендеп коюп кетиптир ов.. .адырак аткыр…

Кептакыя кийген келин жакшы сөзү менен дем берди:

— Жылама, карагым, аман калдың,аке-шешең анау кыргыздар үрккен алаамат жылдарда кайтыс болган шыгар?

— Ооба, ошол үркүндүн кесепетинен кырылып калды.

-Бул жакка неге келе жатыр эдиң?

-Биякта апкем\ эжекем\ бар, ошого келаткам.

-Апкең казакка тийгенби, аты ким?-деп карыя кызыгып сурап калды.

— Апкемин аты Батма, жездемин аты Абитай, ушу Жың-Ичке тоосунда турат дегенин угуп, келатам.

— Ойбайау!-деди карыя кабагын көтөрүп,-эркек танагой! Издеп жүргөнүн кара?!.

— «Кыргыздан катын алса паланчанын…Абитайы» деп, оңой эле билип коюшту. Кандай жол менен баруум керек экендигин айтып беришти. Бул мен келип олтурган оокаттуу, короо толгон коюу бар, салабаттуу жакшы адам экен. Курут катыктаган таруу көжө ичтим. Талпактын үстүнө бүкүлү бойдон жаттым. Эртең менен эрте туруп ач карын жолго түштүм. Көк тиреген Жың-Ичке тоолорунун жылга-жылгаларынан суу агат экен, булуңдарда, суу жээгинде, ыктоо жерлерде казактын кыштоолору, боз үйлөрү бар экен, суу бойлоп чыккан сары тал, кайыңдар ак бубак басып, көбүргөн сүттөй дүпүйүп турат. Күзгүдөй тунук суулар муздун астынан да, үстүнөн да шыңгырап агып атат. Түндөгү мен келген тоолор кар басып, тээ асмандын астынан көрүнөт, зоолордо бүркүттөр калдайып каалгып учуп жүрөт, кой короодон жаңы чыга баштады тоону карай жайылып, улам эки жагыма көз жүгүртүп кетип баратам. Конгон үйдүн ээси аты-жөнүн айткан жок, сураганга менин кудуретим жетпеди.

— Мына, ушундай болгон эле жолдоштор!

Баятан бери уюп тым-тырс олтурушкан жолдошторум олтурган орундарынан күйшөлүшүп тилге киришти:

-Абдыш!- деди Чоңбашев Мукаш терең улутунуп:-ушундай абалга да жолуккан экенсиң ээ? Эч нерсе эмес, өтүп кетиптир, өкүнбө! Баарыбыз бирге окуп жүрөбүз, билим алып киши болуп кетебиз, ал сен көргөн күндөр мындан аркы өмүр жолуңа сабак болот!

Мүсүр жана берки жолдошторум Мукашты жактап кетишти. Анан Мүсүр кошумча суроо берди:

— Казактагы эжеңди таап алдыңбы?

-Ооба, баса, таап бардым. Коктунун ичи узак экен, ар кайсы жерде кыштап аткан казактар. Уй эң эле көп жайылып жүрөт, мен казактар уйга бай экен деп ойлодум. Көрсө таптакыр андай эмес экен, ал уйлар Кара-Коңуздагы дунгандардын уйлары экен, казактар багышат тура. Уй өлсө, жоголсо төлөп, төлдөтүп, жайы-кыш багып, баккан акысы үчүн сүтүн гана ичишет экен, канча уй тууса ошончо сүт баккан кишиники. Ар бир кедеймин деген дунганда жети-сегизден уй, кээ биринде отуз, кырктан ую бар, сатууга же аш-тойго  керек болгондо четинен алдырып алышат. Кара-Коңуз болушунун чарба эсебинде бул малдардын бири да катталбаган, мамлекетке чыгым төлөшпөйт, казак болуштары\ айыл кеңеши, чыгым салуучу органдар бизге тиешеси жок деп\ налог салышпайт экен, муну Абитай жездем менен Батма эжем айтып олтурушат, дунгандын булары бар эмеспи, кудай берген эл деп тамшанып олтурушат.

«Дунгандар эбин табат,кыргыз-казактар антип оокат кылганды билишпейт» деп Мукаш арабадан секирип түштү. Биз артынан жапырт түштүк да, арабанын артынан ээрчий басып, мен акыркы сөзүмдү минтип бүтүрдүм:

— Эжемдин үйүндө уйдун мүйүзүнө илинээр эч нерсеси жок экен, бекер эле барыптырмын, кеч байыган уйдун желинин чоюп, бир аяк сүт чыкса ошого кубанып оокат кылып атышыптыр. Түнүчүндө төшөнчү жок калтырап чыгып, күндүз уйдун көңүнө жылынып олтуруп араң төрт-беш күн жүрдүм. Карасарт  ошо жерде экен, «элди сагындым, бирок барар жерим жок» деди, үлүрөйө карап. «Берейин десем эч нерсем жок, балакетиңди алайыным, жок дегенде тамакка да жарыган жоксуң, аман бол, үркүн түбүбүзгө жетпедиби…» деп шолоктоп ыйлап, Батма эжем бетимен өөп узатты. Мурдакы жайыма кайра келдим. Бир аз күндөн кийин Дүйшө Токмокко келип Жалпетектикинен учкаштырып кетти. Мен ошол үйдө жүрүп, кийин туугандарыма кошулдум.

*      *      *

Биз башка сөзгө өттүк. Ороз Жандосовдун арабасы тээ алдыда бара жатты, алар биздин эмне жөнүндө баш оорутуп баратканыбызды  кайдан билсин, тезирээк Кой-Сарыга жетүүнү ойлоп бараткандыр, арабанын төрт дөңгөлөгү араң кыбырайт. Ушул боомдун ичи эң эле кооз экен. Жашыл тоолор, тоолорду маңдай-тескейлерге бөлүп алдас уруп бараткан Чүй дайрасы көйрөңдөнүп ээ-жаа бербей жээгиндеги сары талдарды ыргап өтүп, кашатка, жарга бир тийип чамбыл-ала болуп жыландай окторулуп баратат.

Ай-и-и-й!-деди Мүсүр, — ушундай да сонун жер болот экен ээ! Кыргоолдорду, кекиликтерди, тиги сереңдеп чуркаган коёндорду карачы! Абасынын салкындыгын, тазалыгын нетесин, ушундай жерде өскөн элдин да арманы бардыр ээ!..

Капчыгайдын ичинде биз бараткан эки арабадан башка кыбыр эткен жан жок. Алдыңкы арабага жете келдик. Тиги эки аял жер-сууга таңыркай карап келатышат.

Арабанын дөңгөлөгү араң эле аласалат. Арабакечтер экөө тең дунган жигиттер. Алар менин дунганча таза сүйлөй турганымды билишпейт, менин жолдошторум да билишпейт.

Биздин арабкечтин аты Маанар экен, шайырданып ырдап баратат:

«Хырхызы кызы Майшакан, а-а,

Суу барады хожыхың,а-а!

Нейгежи көз пхони,

Сеники көзи хожыхың…а-а.

Оо-оо,ойт!»

Шапалагын тарсылдатып, өзүнчө ыраазы болуп арабасын айдайт. Биртике бара түшүп эле чочугансып кыйкырып калат. Анын ыры мага түшүнүктүү: «Кыргыз кызы Майшакан, сууга барып жолуккун. Анын көзү жакшы эмес, сенин көзүң эң сонун!..»

Муну мен блокнотума лып жазып ала койдум да, обонун ичимен кайрып аттым. Ал эки-үч жолу ырдаганда обонун «кагып» алдым. Ырдайын дедим да, Маанар ызаланып уруша кетеби деп тартындым. Жолдошторума айтсам: «Коркпо, ырдай бер!»-деп сүрөп коюшту.

Мен өзүндөй кылып ырдадым. Кыраан-каткы күлкү. Маанар өзү да эзиле күлдү. Алгач:

— «Сеники ушул ыр биледими?»- деп чочуп кетти. Алдыңкы арабага үнүбүз жетти. Бирок эмнеге мынчалык күлүп жатканыбызды алар билишпейт.

Баятан бери араң эле турган окшойт, Маанарды балекет басты, көңүлү эмнегедир айнып кетти. «Сен ырдама! Ушул ыр сен ырдама, сен ырдайды болсаң, меники араба айдамайды…» деп, кежирленсе болобу. Чын чыкпасын деп токтотуп койдум. Анткени менен үйрөнүп алдым, ичимен кайрып атам.

Тээ Көтмалдыга жакындаганда, жолго жакын эки боз үй көрүндү. Арабакечтер аттарын отко коюшту. Малдын туягы тиелек жердин чөбүнө аттарын тушады. Өздөрү шаркыраган сууга кирингени талдын далдасына кетишти.

Биз чогулуп, аркы-беркини сүйлөшүп турсак, Ораз Жандосов жаныбызга келип, -Карагым,-деди мага карап. -Анау үйлерден чай ише кетүвге болама, жолга эч нерсе алмаптырмыз. Балыкшыга  кай убакытта жетемиз?

Мукаш жооп кайтарды:

— Балыкчыга аз калды. Арабакечтин айдашы билет.

Биз арабанын ичинде келе жатып, каалаган убактыбызда эт менен нан жеп, жол боюнда таш түбүнөн оргуп чыккан муздак  тунук булактан чуркап барып шыңгытып алып, жыргап келатабыз. Тигилер түндөгү бойдон экен, көрбөгөн жолго, тааныбаган жерге чыкканда тиги чаң жугузбаган эки аял шам-шум эте турган бирдеме ала жүрүшсө болмок экен. «Жол азабы, көр азабы» дегенди билишпесе керек…

Эки үйгө жеттик. Жолго жакынына кайрылдык. Бир гана аял бар экен. Мен кичипейилдик менен жайыбызды айтып, чай кайнатып берүүнү сурадым.

Ал аял уялыңкы карады: «Даяр нан жок эле, айланайындар, кап?»

— Нан өзүбүздө бар.

Самоор алдыга келди. Биз эт, наныбызды баштыктан чыгарып, гезитти жайып бетине койдук. Тигилер жебейт ко деп ойлодук, анткени эт менен нанга колубуз тийди, анын үстүнө жаздыктын тышына салып келдик…Эми чөнтөгүбүздөн  макини сууруп чыгып, кесип жей баштадык. Түндөгү сөздөрүнө караганда кол тийгизбей коюшубуз керек эле…Уятко, берсек!..

Жок, андай болбоду. Балалар, бизге де беришиңиздер эт, наныңыздардан. Жолго биз эч нерсе алмай шыгыпбыз!-деп, Ораз агай айткан соң, биз: — келиңиздер, алыңыздар!-дешке укуктуу болуп, алдыларына койдук.

Алиги эки арабакечтин ат откоруп жүргөнүнөн пайдаланып, Маанардын «Майшаканын» ырдап бердим. Баары кыраан-каткы күлүштү. Габбас Токжанов:

— Жарайсың, дунганшаны да биледи экенсиң гой!-деп, чери жазылып, эки аял тең мага, бул ырым үчүн сүйкүмдүү карашты. Ораз агай өңгөдөн артыкча күлдү. Маанардын «Майшаканы» жеңишке ээ болду…

Жол тарттык. Балыкчыга кечке жакын жеттик. Фрунзе шаарынан төрт күндө жетесиңер дегендери чын экен. Мүсүр, Мукаш, Айтууганов жанагы эле араба менен Караколду карай кетишти. Мүсүр Кара-Ойдо  калат, үйү ошо жерде. Ташкенден кездешебиз деп коштоштук.

Кызык, мен билген эмесмин, пароходко итке да билет алат экен. Жандосовдун лөкүйгөн сүрдүү овчаркасын Алматыдан бери арабага өздөрү менен бирге ала келишиптир. Тил алгыч ит экен, олтур десе олтурат, тур десе турат, жат десе жатат. Кишилерди сүрдүү карайт. «Едиге бул итти жакшы көрөт, ошондуктан алып жүрөбүз»-дейт энеси,  овчаркасын башынан сылап. Мына ушул итке Кой-Сарыга чейин билет алды.

Мен литер менен бекер түштүм, ал окуучулар үчүн акча ордуна жүрөт, техникумдун бухгалтери берген.

Пароходко биринчи түшүшүм жана Ысык-Көлдү биринчи көрүшүм, курорт дегенге да биринчи келатышым. Ысык-Көл учу-кыйры жок чалкыйт жарыктык. Айланасын көк мелжиген тоолор курчап алыптыр чыга качып кетпесин дегенсип…Биз көлдүн бетинде баратабыз, түбүнө жылдыздар түшүп калыптыр. Жылтылдайт. Учуп-конуп ак чардактар, каскалдактар, өрдөктөр көл бетин каптап кыйкуулап, канаттарын чапкылап кубалашып сайрандап ойноп жүрүшөт. Үзүлүп түшкөн кебездей ак куулар мойнун койкойтуп, келбээрсип сүзүп, жүрөт. Карап эле тургуң келет. Ушундай да дүйнө болот экен ээ дейм, ичимен…

Пароходдун палубасына кыркалай олтуруп алып жүргүнчүлөр көл бетин,  ачык асманды, кырка тоолорду суктана карап, ар кимиси өзүнчө ыракат алып өз ара табигый көрүнүштөрдү, акыл жеткис кооздукту кеп кылып баратышат. Эртеден бери чар тарапка көз жүгүртүп унчукпай келаткан Жандосов агай:

— Ойбайау, мынау кыргыздын Ыстык-Көли калай биткен керемет, не деген рахат жай!- деп, учуп-конуп жаткан ак кууларды жанында олтургандарга сөөмөйү менен көрсөттү. Менин кубанычым ичимде.

Түштүк жээк менен күндөп-түндөп олтуруп бир жарым суткада Кой-Сарыга келдик. Пароход бизди түшүрүп таштап, Каракол шаарын карай жүрүп кетти. Көлгө жакын кашаттын үстүндө, жээкте кыркалай тигилген боз үйлөр. Чычырканактарды жулуп таштап, кумдун үстүнө тигилген экен. Бир үйдө үчтөн темир  керебет, ортосунда  стол, үч отургуч. Атайын жасалгансып керегенин башы  биздин кийим илгичибиз. Курорт жаңы ачылыптыр, али турак жайлары салына элек экен, канторасы боз үйдө, бир гана ашкана тургузулуптур, а да жыгач  менен тактайдан. Мени «15 боз үйгө жайгаштырды. Бардык эшиктерге  номер кадап коюптур.

Бизден обочолонуп чоң ак боз үй турат. Бул даңкайган ак үй Ораз Жандосовду, Габбас Токжановду күтүп турган экен. Аларды пристандан эле чамадандарын көтөрүп, сестралар, башкы врач ээрчитип барып, ошол үйгө кийирди.

Эс алуучулар аз экен, кырк чамалуу киши. Биз ушу 1929-жылдын июнь айынын орто ченинде барганбыз. Кой-Сары Каракол шаарынан 25 чакырымча алыстыкта күн батыш тарабында  экен. Жети-Өгүзгө бараткан жолдон кыйла бурулуш. Алтын кумдун үстүндө күнгө кактанып, көлгө түшүп сайрандап жүрөбүз.

Ким да болсо, Кой-Сарыны мактайт. Ден соолукка сонун жер. Кайыкка түшүп эртели-кеч көлдө жүргөнүң  канча ыракат! Жол бурулуш болгондуктан эс алуучулардан башка киши келбейт.

Эт комбинаты, муздаткыч деген ойго келбейт, жок. Мал ошол эле столовойдун жанында союлат, тамак жаш эттен жасалат. Ичишиң билет. Сапатычы, кемтик таба албайсың. Бал кымызы бир башка. Тейлөө жагы андан бетер жакшы. Ушундай жайда эс алсаң…

Бизге ар бир эс алуучуга  кымыз куйдуруп алыш үчүн беш литердик чоң бөтөлкөлөрдөн «кеткенге чейин» деп энчилеп берген. Күнүгө эртең менен тоодон чанач-чанач кымыз келет. Биз идиштерибизди алып барып куйдуруп алабыз. Кимдир бирөө бизге минтип айткан болчу:

«Кымызыңарды түгөтө албай калсаңар кумга төгүп, идишиңерди бошотуп келгиле. Булар кымызды түгөтө алышпайт экен» деп, норманы кемитип алып келишет. Кымызды байлар беришет, аябагыла! Түнөп калган кымызды төгүп, жаңы кымыз алып тургула!»

Ким кымызын ичип түгөтө албай калышса, ушундай кылышат. Курорт кызматчылары аны байкашпайт…Тамак-аш деген ченемсиз. Курорттон тышкары чакырыктар, союулуп жаткан козулар, сар чанач кымыздар канча…Жандосовдорга болуп жаткан сый-урмат башкача. Баары көңүлдөгүдөй.

Бир күнү Жандосов турган үйдүн жанына ошого окшогон дагы бир чоң ак боз үй тигилди. Түндүктөн кызыл желек көрүнүп турду. Бул үйгө дем алууга Каракол Кантордук партия комитетинин биринчи катчысы Кулматов Сатар келе тургандыгын уктук. Жеңил араба менен зыпылдатып келип калды.  Көп турган жок, аялы менен бир аз күн туруп бат эле кетип калды. Жандосовду урматтап көңүлүн алуу үчүн келсе керек деп калышты аердегилер.

Сатар Кулматов кеткенден кийин тез эле: Москвадан Кожакан Шооруков, Фрунзеден Сыдык Чоңбашев, Текеев дагы башкалары келип калышты. Булардын эрмеги өздөрүнчө…Чып этме менен бута атып ойноо. Анан кээде эриккендеги эрмеги мен, Боогачынын «Үкөйүн», арабакечтин «Майшаканын» ырдатат. Мен тартынбайм. Алардын көңүл ачып күлүп олтургандарын каалайм. Мени бир жакка барса ээрчитип жүргөн, жакшы көргөн Көл баласы Акматкан Молдогазиев деген жаш жигит бар. Бул маанайы жарык, эң кишиликтүү, кичипейил, бой көтөргөндү билбеген, илим-билимге чын дитин койгон, орусча тилди мыкты билген, мага дайым жакшы насаатын айта коюп жүргөн, САГУнун медициналык факультетинин мыкты студенти эле. Экөөбүз бир шаардан келгендиктен, бир туугандай болуп таанышып алганбыз. Акматкан кийин 1934- жылы Кыргызстанда эң биринчи болуп медициналык илимдердин кандидаты болгондугун угуп, жаны-маным калбай кубанган элем, а кийинчерээк, 1937-жылы ак жеринен камалып жок болуп кеткенин угуп, кайгырып жүрдүм. Азыр да ичим ачышат. Ушул жигит мени «чоңдордун» алдында концерт берүүчү «артистке» айлантып жиберди. Анын айтканына макул болчумун. Ушу кишилердин алдында бетим ачылып кетпесин деп ийменем. Сайрандаган күндөр бүтүп, жай-жайыбызга жөнөдүк. Ораз Жандосов Каркыра аркылуу элине кетти. Мен Токмокту көздөй жөнөдүм.

*      *      *

Ошентип, Кой-Сарыны «оттоп», эми Токмок шаарына, былтыр мени кастарлап окууга жөнөткөн балдар үйүнө келдим. Башка кайда барсам болот?..

Келдим, тааныш балдарды издедим. Алыкулду «Шаардын башында, алма бактын ичинде лагерде»-дешти. Таптым. Алыкул мени көрүп,-Абдырасул!-деп сүйүнүп кетти. Мен да сүйүнүп кеттим. Кубанычтуу күлкүлөр…

Калың алма бактын ичине керебеттерин катар коюп алышыптыр. Тамак-аш койгон бир гана чатыры бар. Бийлик Алыкулда экен, ал лагерге жетекчилик кылып, көңүлдүү дем алууга үйрөтүп, былтыркыдан быйыл кыйла чыйрак, билгич болуп калганы мамилесинен, кылган иштеринен, жүрүм-турумунан көрүнүп турат. Байкашымда бою анчалык өспөптүр.

Ок-Торкой жайлоосунан күн алыс келип, балдар кымыз ичип турушат экен. Тамак-аш комиссиясынын төрагасы да Алыкул өзү экен. Мени кымыз менен сыйлады. Кой-Сары жөнүндө кыскача айтып бердим. Балдардын көпчүлүгү тааныш. Жаңы келген балдарды Алыкул тааныштырды. Баары тең мага окшоп ичкери шаарга барсак, окууга өтсөк деген илгери үмүттө, ойлору максаттуу. Мен «Майшаканды» ырдап берсем, балдар боору калбай, кай бир кичинекейлери тыбырчылап жер тепкилеп күлүштү.

Алыкулдун каалоосу боюнча Ташкенге кайра кеткенче ушул жерге жатып жүрүүгө макулдаштык. Балдардын баары макул болушту. Караан болуп, кобурап- жобурап, кээде ырдап берүүнү алар аябай каалашат.

БАЙ МЕНЕН СОТТОШТУМ

Эртеси шаарга түшүп, өзүмдүн мурдагы үйүмө\балдар үйүнө\ келип, тияк-биягын карап, сагынганымды жазып, көчөлөрдү аралап чыктым. Токмоктун көчөлөрү, үйлөрү, тал-теректери жакшы көрүнөт. Мен аларды карабай эле алар мени карап тургансыйт…Чоң-Кеминден тааныш киши жолугуп калар бекен деп баратсам, алдыман Осмон чыкса болобу. Эртели-кеч жолугуша калганда аркы-беркини айтып сырдаша коюп жүргөн жигит. Ташкенде юристтер техникумунда окуйт. Жөн-жайыбызды сураштыра кеттик.

— Мен жайкы үч айлык каникулга келип,-деп сөзүн баштады.- Кайра кеткенче акча таап алыш үчүн Чүй райондук эл сотуна катчы болуп иштеп жатам. Башкача айтканда практикада жүрөм. А сен айылыңа баратасыңбы?

— Айылда барар жерим жок. Эне-атамды жаштайыман жутуп койгом…кескин айттым. Ал муңая түштү.

-Сен жакшы жерде иштеп жатыпсың, акча таппайлыбы, көп акча,-дедим. -Мен Чоң-Кеминге өмкө деген байдын койчусу болуп жүргөм, акымды алган эмесмин. Ошону сотко бербейлиби? Убактыны өткөрбөй!

— Сонун болот, ишти бүгүн эле баштайбыз!-деп, Осмон мени соттун канторасына ээрчитип барды. Акыл айтты: — Жалган иштебе, жооптуу болуп каласың!

Чечкиндүү жооп бердим: — Мен сага калп айтмак белем? Чын болгондуктан айтып олтурам.

Мага ишене тургандыгын айтты да, төмөнкүлөрдү талап этти: Айыл кеңешинен койчу болгон деген күбөлүк кагаз, бир-эки күбө болчу киши. Мен буларды даярдап келген соң, сотко арыз киргизе тургандыгын түшүндүрдү. Кечиктирбей иштөө керек экендигин кошумчалады.

Чоң-Кеминге барыш оңой эмес. Ал жакка араба барбайт, эч ким кире тартпайт, иши бар кишилер гана атчан каттайт. Менин Чымкоргондо Насир Чойтемиров жана Абдымомун деген өзүмө теңтуш, балдар үйүндө сырттан окуп жүрүшкөндө таанышкан досторум бар. Алар элетте турушат. Жайымды айтсам бир, эки күнгө ат таап беришер деген үмүт менен Токмоктон Чымкоргонго чейин жөө бардым. Насир жок экен. Абдымомунду таптым, ал жаны-маны калбай, Ташкенден окуп келгениме сүйүнүп, үйүнө ээрчитип барып, кеч кирип кеткендиктен кондуруп койду. Кунанын үйгө жакын аркандап коюп, эртеси мингизип жөнөттү.

Чоң-Кеминдин капчыгайы туюк, жол жок, атчан да, жөө да киши каттабайт. Жол-Булакка салсаң алыстык кылат, айланып каласың, Чүй суусу күкүктөп кирип атат, кунан менен кечип өтүүгө Жылтыр-Кечүү да жол бербеди. Мен тегеренип Семен көпүрөсүнөн өттүм да, Оро-Башы менен Чоң-Кеминге ашып кеттим. Справка алганы баратам.

Кечке жуук жеттим. Кунанды кыйнаганым жок, малдын туягы тийбеген жердин чөбүн оттотуп, басмайылын бошотуп, тоо суусунан сугарып, кардын ачырбай келдим. Басыгы чыга элек, дөңкүлдөп желген жылкы экен. Ак бакай чалыш кунан. Канатын Жел-Аргынын оюнда биртике кердиргем. Бийик беттен жакшы баса албайт экен, сыйкы түз жерде өссө керек. Тоо жылкысы зыпылдап кетет эмеспи.

Эртеси эрте туруп, аркы өйүздөгү Карал-Дөбө айылына бет алдым. Чоң-Кемин айыл кеңешинин мекемеси ошо жерде дешти. Ар кайсы жерде төш таяна конгон боз үйлөр. Издеп жүрүп таптым. Айыл кеңештин кеңсалары боз үйдө экен. Кирип барсам ичинде эки табуретка \отургуч\, үстүнө эски кызыл чүпүрөк жабылган тартмасы жок чакан стол. Бар бүткөнү ошол. Аңырайып карап турдум да, кайра чыктым. Кунанымды жетелеп алып ары жакта музоо айдап келаткан көк көйнөкчөн келинден сурадым:

— Айыл кеңеши ушул жерде иштейби?

— Ооба, сен кирип чыкпадыңбы, ошол үй,-деди, мага кадала карап. -Алар бул үйгө көп келишпейт. Эл жок эмеспи, баары туш-тушка жайлоолорго көчүп кетишкен. Кеңсаларын\ кагаздарын\куржунга салып алып, катчы баланы ээрчитип Кебек эл кыдырып кетет.

-Аларды кайдан табам?

Келин сөөмөйү менен көрсөттү: -Тээтиги, төштөгү үч үйгө барышты, кымызда болушу керек…

Мен ылдамдай бастырып үч үйгө жеттим. Кебекти издеп келгенимди айттым. Ал жерде жок экен, кетип калышыптып.

— Тээтиги Көк-Дөбөнүн желкесиндеги айылга кетти, жогору бастыра түшсөң көрүнөт, балким?-деп, эски көк чыт чапанын желбегей жамынган чокчо кара сакал киши менин бүткүл боюма чейин карады.

«Ай эми таптым го» деп барсам, аерде да жок. Кайсы коңулга кирип кеткенин билбейм…

— Эми эле Кебектин үч киши менен капталда кетип баратканын көрдүм. Узай элек, кыяга түш!-деди , ак калпагын баса кийип, чоң тору ат минген күржүйгөн киши.

Кууп жөнөдүм. Ат байланган үйгө түштүм. Үстүнөн чыктым, кымыз ичип олтурушуптур. Салам айтып кымызга олтурдум. Кымызга канча канса да, желебоодон аттап өткөндү кыргыздар жактырбайт. Аны билем. А булар эртеден бери канча желебоого түшүп аттанышты болду экен деген ой көңүлүмө келе калса болобу…

Алиги төрт кишинин бири Ишенаалы батрачком экен. Сүйүнүп кеттим. Мен Берик уулу Өмкөнүн койчусу болгонумду жакшы билет, бир айылдык. Ушу кишинин жардамы менен айыл мектебине баргамын. Эми кара, эң керектүү учурда туш келип олтурганын. Өз ичимен: «Жолум болот экен!» деп көңүлдөнүп кымыз ичип олтурдум.

Кебек аксакалды мен тааныймын. Бу киши батрак болгон, чала-була кат билет, төмөнтөн көтөрүлгөн кызматчы. Көп жылдан бери Чоң-Кемин айыл кеңешинин кебелбес төрагасы болуп келатат. Ак ниет жакшы адам, эл ичинде кадырлуу. Катты чала билгени менен, ишти жакшы билет.

— Ташкенде окуп атам, справка сурап келдим эле!-деп, Кебекке кайрылдым.

— Кандай справка?-деди ал, жай сүйлөп.

Мен жооп бердим: Окуган жериме керек болуп жатат. Жумушчу менен батрактын балдарына стипендияны арбыныраак берет. Мен Өмкөдө үч жыл кой кайтаргам, ошол жөнүндө \ сотко керек дегеним жок\ справка.

— Бу киши билет!-деп, жалтактабай батрачкомду көрсөттүм.

— Билем, койчу болгону чын, справка беребериңиз, жетим бала, окусун!-деп, Ишенаалы туурасын айтты.

Кебек аксакал жүзүмө жылуу карап жакшы сөз айтты: — «Жакшы окуп адам болуп кел!» Ошентти да, койчу болгонумдун ай, жылын тактап, катчысына справка жаздырып, араб тамгасы менен кыбырап шашпай кол коюп, чоң бешмантынын сырткы чөнтөгүнөн чүпүрөккө оролгон мөөрүн сууруп чыгып, бетине шилекейин бүркүп, сыя карындашты кайта-кайта сыйпап, алаканын кагазга төшөп мөөрдү басты да колума карматты. Мен ыраазычылыгымды билдирип жолго чыктым.

*      *      *

Чоң-Кеминге бир конуп, эртеси Чымкоргонго келип Абдымомунга кунанын тапшырдым. Анын чоң жакшылык кылганын айттым.

Токмокко келип бир түнөп, Осмонго кенсалар ачылар замат барып, справканы унчукпай  туруп кастарлап сундум. Ал окуп көрүп мындай деди: -Жарайсың, күчтүү справка, эми бир  күбө тапсаң болду, байды чөгөлөтөсүң!

Ал эл сотунун заседаниеси боло турган күндөрдү карады. Жоопкерлерди чакыра турган күн такталды.

Мен кубө издеп айылга барганым жок. Ошол эле өзүм жүргөн балдар үйүндө Ешим деген орус баласы бар. Муну Адыке деген киши асырап алган. Менден кичүү, ал Өмкөнү бала-чакасына чейин жакшы билет. Адыке менен бир айылда короосу короолош, малы өрүштөш, бирге көчүп, бирге конуп жайлоону чогуу жайлашып жүрүшкөн кишилер. Биз ушулардын коюн  кайтарчубуз. Мен иштин жөн-жайын түшүндүргөндөн кинин Ешим:-Сөзсүз күбө боломун. Сотко кестирип акыңды ал!-деди мурчуюп.

Арызды кандай жазууну Осмон үйрөттү. Справка арызга тиркелди. Ешимди да сыноодон өткөрдү. Ал тыкылдап, кыска-кыска сүйлөп,  көргөн-билгендерин көз алдынан чубуртту.

— Соттун алдында так ушинтип айт, жарайсың, Ешим!-деп, Осмон аны курчутуп жөнөттү.

Көк-Ойрок жайлоосунун Кара-Бээ деген жеринде ээн- эркин чыңыртып кулун байлатып, кара сабаадан тундурма ичип, кыргыз козусунун кабыргасын сыйрып жеп чардап жаткан жеринде «балекет» болуптур. Милиса сотко чакырган кагазды алып барып колуна тапшырганда, бир топко чейин тилсиз олтуруп, анан: — Бул эмнеси?-дептир, Берик уулу Өмкө бай, кумсарып. -Ууру кылган жок элем, ушак айткан жок элем…

Аны сотко барганда көрөсүң! Кийиниңиз, аттаныңыз. Бүгүн күнү-түнү жүрүп олтуруп Токмокко жетип, эртең түшкө жакын соттун сурагында болосуң, аттан!-деп, милиса айдап жөнөптүр. Айылдагылар да эмне үчүн сот чакыртканын билбейт.

1928-жылы 10-майга карата детдомдун балдарынын көйнөк, турсыларын, галстуктарын тиккен машинечи Кармыш кызы Жамыйла эженин үйүнө конгон элем. Ал кишинин үйү Каракол көчөсүндө, борборго жакын, анын үстүнө жогору жактан келген атчандар ошо көчө менен өтүшөт, жол ыңгайы ошондой. Көчө тар, терезеден баары көрүнүп турат. Мен аларды ушу көчө менен өтөт го дегем. Ошондой болду. Күн шашке чен, терезеден карап тургам, күндүн ысыгына каршы тебетейин баса кийип, күпчөктөй болуп калың кийинип алып иниси Койчуман менен өтүп баратат. Артында милиса.

— Эже,- дедим Жамыйланы чакырып,-тигине, Өмкө баратат. Бүгүн сот болот. Мен аны менен соттошом.

*      *      *

Ошол кезде элет мугалимдеринин район боюнча жыйналышы өтүп жатыптыр. Азыркы Кемин, Чүй райондору анда бир эле район. Чүй болчу, Чүй канторуна карачу. Мугалимдер көп экен. Кызык, «детдомдун баласы менен бай соттошот экен, кимиси жеңип чыгаар экен, айтышканын угалы?»- дешип, бир тобу келиптир. Кимден угуп алганын билбейм. Эмнеси кызык болду экен?..Короонун ичине ачык сот болду. Мен, Ешим, Өмкө үчөөбүз алдыңкы жооптуулардын скамейкасында олтурдук. Судья келатат дегенде жапырт турдук.

Сурак башталды.

Соттун төрагасы мени тургузуп сурады:

— Бу ким, тааныйсыңбы?

-Тааныйм, ал Өмкө Берик уулу.

Ешимден да ошентип сурады, ал дагы мен айтканды кайталады.

— Доочу Абдырасул Токтомушев сүйлө! Сүйлөдүм: -Мен ушу кишинин коюн эки жарым жыл кайтардым. Акымды берген жок, алып берсеңиз экен!

— Эмне акың бар?

— Акча менен эсептегенде бир жүз элүү сом.

— Кой кайтарганыңды ким билет? Делодо Чоң-Кемин айыл кеңеши берген күбөлүгүм бар, анан күбөм бар.

— Күбөң ким?

-Пионер Ешим.

— Пионер Ешим тур, сен бул жөнүндө эмне билесиң, чынын айт!

— Абдырасул Өмкөнүн койчусу болгонун жеке эле мен эмес, тоо-таштын баары, айылдагылардын баары билет\ залда күлкү\.

— Өмкө Берик уулу тур! Бул балдар эмне дейт? Абдырасул Токтомуш уулу сенин коюңду кайтарганы чынбы? Сага коюлган доомат туурабы, чыныңды айт?

-Кыштын күнү окучу эле.

— Кыш эмес күндөрү эмне кылчу эле?

-Э, анда мал четине чыгып, кой кайтара коюп жүрчү эле, мындай болорун билгенде…

— Мындай болорун билгенде эмне кылмак элең?

-Кайтартпайт элем…

-Олтур.

Соттун төрагасы мага удаа-удаа суроо берди:

— Кийим  берчү беле?

— Жок, эч кандай.

-Дем алыш күн берчү беле?

— Жок, эч кандай.

-Жылыга отпуска берчү беле?

-Жок, эч кандай, билчү да эмесмин.

*      *      *

Соттун өкүмү угузулду.

«Абдырасул Токтомуш уулунун пайдасына Өмкө Берик уулунан эки жүз элүү сом өндүрүлүп берилсин.»

Эл сотунун төрагасы Жылкычиев Төрө мени Өмкө менен көздөштүрүп туруп мындайча тапшырды: «Үч күндөн кечиктирбей туруп жүз сомун төлөйсүң, калганын эки жуманын ичинде сотко өткөрөсүң. Бошсуң, бара бер».

Мага мындай деди Жылкычиев:- Бери жакын кел! Сен билдиңби, сага кийим, отпуска, дем алыш күн бербегендиги үчүн ашык кестим, сен ага таң калба, ал сенин эмгек акың. Эми сага айтарым, сени алдап, «жарашалы» деп сөзгө алышы мүмкүн. Сен алданба, жарашпа!

Мен жооп кайтардым: — Эч качан жарашпайм. Сизге чоң рахмат агай, эч качан унутпайм. Бир өтүнүчүм бар. Тиги акчаны эки жуманын ичинде алып келмек болбодубу, балким, андан да кеч келиши мүмкүн.. Менин отпускам бүтүп калды, окуу башталарына чукул калды, убагында жетишим керек, акчаны күткөндө кечигип калам.

-Анда мындай кылалы сен макул болсоң,-деди Төлө Жылкычиев жылуу мамиле кылып,-жүз сомду алгын да Ташкенге кете бер, жолуңан калба. Акчаңды сотко алып келет эмеспи, мен аны почта менен сага жиберип жиберем, адресиңди калтырып кет. Жакшы оку, тың бала экенсиң, эми акчалуу болуп калдың. Үнөмдөп жумша, балдарга, кыздарга алдатпа!

Мен салабаттуу, ак ниет жакшы кишинин алдында олтурганыма, ыраазы болуп, берилип угуп олтурдум да, ичимен жакшы көрүп,-макул агай, Сиз айткандай болсун, Сизге чоң рахмат!-деп ыраазычылыгымды дагы билдирдим.

Адресимди берип, кол алышып коштоштум.

Осмонго жолугуштум, жүз сомду тез алыш үчүн ээрчитип Өмкөгө бардым. Алар көчөнүн бурчунда, соттун канторасы жакты карап\ мени акмалап\ турушуптур, төрт киши. Өмкөнүн  бир тууган иниси Койчуман, жакын инилери Жаманкул Солтобаев анан САКУнун студенти коммунист Апас Жоке уулун\ туугандыгы мага жакын\ой-боюна койбой айылдан ээрчитип келиптир.

«Абдырасулду тыйып койгула, айылга келсе бир козу союп конок кылайын, силердин тилиңерди алат»- деп, мени менен «тууганча» сүйлөшмөкчү болуптур. Өмкө ат көтөргүс  чоң кара киши, ысыктын күнү  тебетейин баса кийип, калың  бешмантчан арыктын жээгинде малдаш токунуп олтурат.

— Жүз сомду бүгүн-эртеңден калтырба!-деп, Өмкөгө катуу тапшырды да, Осмон мага акырын айтты: «Бирдеме болсо маа айт, жарашпа!» Ал кызматына кетти.

Биз көчөнүн бурчунда кыжылдашып калдык да, чайканага бардык.

— Мага оор кестирип койдуң,-деди Өмкө, Теңин кеч! Өзүбүздүн бала эмессиңби?.. Эртели-кеч жүз көрүшөбүз… Азыр Токмоктун базарында чыгаан бээлер элүү сомдон ашпайт, кой болсо, жети-сегиз сом, көрдүңбү, сен канча кестирдиң? Сот туура кескен жок. Сен кечпей турган болсоң, мен Боронзого барып, бустурам. Андан көрө жарашалы!

— Мен кескеним жок, адилет сот кести, жарашпаймын,-дедим, ызырынып, мага тил кирип. -Кайсы жакшылыгыңызга кечемин? Баягы жылы айт күнү, атыңыздын\ көп жылкынын ичинен\ бир күнкү күчүн аяп, аттанып баратсам жыгып алып, өзүңүздүн дөөпүрөс балаңыз Мусаканга мингизип, мени ыйлатып талаага таштап кеткениңиз үчүнбү? Ошондо айылдагылар мендей балдар ат минип ойноп жүрүшсө- мен ызама чыдай албай айылды аралап ботодой боздоп, көргөндүн көбүн ыйлатып Чоң-Кеминден тоо ашып Токмокту карай жөө кеткеним үчүнбү? Эки жарым жыл коюңду кайтарсам да, атыңдын бир күнкү күчүн аяп, айт күнү ызалаганың үчүнбү? Бер акчамды азыр! Бербесең, сотко кайра барам.

Ошентип, Өмкөнү сүйлөтпөй койдум. Жоругу унутулар эмес.

— Сөз түшүнүктүү болду, -деди, Жаманкул агай капаланып. Баятан бери угуп олтуруп сай-сөөгүм сыздады деп келип, Өмкөнү жапырып кирди: «Киши эмес турбайсызбы, наадан киши турбайсызбы бай. Тырнактай баланы эмне кылгансың? Кайсы бетиңиз менен бизди «жараштыр» деп ээрчитип келдиңиз. Мен эмне демек элем?

Жаманкул мага кайрылып мындай деди:

— Абдырасул, киши болот деген ушу, чоң шаарда окуп атасың, сага капалыгым жок, акыңды биз алып бере албайт элек, сот алып берип атат, ала бер! Окуп, киши болуп кел, замана сеники.

— Сотто да угуп олтурдум, эми да Абдырасулдун өз оозунан угуп олтурам деп, Апас чебеленип ордунан тура калды да, попуросунун түбүн ыргытып жиберип Өмкөгө жүз бурду:

— Бай, көзүңүзгө айтайын, копол киши экенсиз. Мага башкача айттыңыз эле, андай болбой чыкты го? Абдырасул айтып жатканда менин көзүмөн жаш кылгыра түштү. Кантип эми балага бирдеме дешке болот? Акчасын бериңиз! Ал эми сизден аттын күчүн сурабайт.

Мен ошол жерден жүз сомду алдым да, Осмонду карай тыз койдум.

— Сага жолукканым жакшы болуптур, ишибиз оңунан  чыкты, калган сөздү Ташкенден сүйлөшөрбүз,-деп, Осмонго бүктөлгөн кагаз сундум. Ал ачып көрүп: «Ала-Тоодой ыракмат, кенен жетет, ашып кетет, жыргаттың мени!-деди сүйүнүп.

Мен ал жерден Алыкулга бардым. Жанаша коюлган темир керебетте жаттык. Жаттар алдында бай менен кармашканымды төкпөй-чачпай айтып бердим. Ал кубанычтуу минтип айтты:

— Жакшы кылыпсың, биздин Ешим күбө болуп чоң ишке жараптыр, андан уктук. Ташкенге качан жүргөнү жатасың?

— Эртең,-дедим. Кобурашып жатып уктап калдык. Алманын жыты буруксуп турат. Балдар жыргал жайда экен. Тырп этпей уктадым. Керилип-чоюлуп күндөгүдөн кеч турдум. Көңүлүм куунак. Кечээки кымыздан ак бөлкө менен ичтик, жатаарда: «Быйыл мени дагы детдом окууга жиберебиз деп жатат» деген Алыкул, жакшы үмүт менен. -Бар, аракет кылгын!-деп кошумчалагам мен.

— Окууга ичкери шаарга кетип калсаң керек болот,-деп, ал сурабаса да беш сом бердим. Ал: «Чын эле ушунча акчаны берип жатабы?»-дегенсип, кичине тартынды. Базардан эмес, колдон алса бир койдун акчасы, көп акча.

-Ал, менде акча жетишет,-дедим компоюп, бир чети мактанып, көңүлүм ток.

Алыкул ыраазы болуп шаарга чейин узатып келди.

Мен Ташкендемин.

1929-жылдын август айынын ысык күндөрү, эки окшош ат кошкон  извощикке түшүп, жалгыз, акчанын күчү менен компоюп, чоңдорчо менсинип, мурда жөө басып жүргөн жолдо эми зымырап жөнөдүм. Алыкул узатып жатып: «жарайсың, кумардан бир чыкчы!»- деди, өңүнө күлкү нур берип.

Арабага түшкөндө эки күндө келмекмин, ал эми бир эле күндө Токмоктон Фрунзеге шак эле дей түштүм, каада күтө калганымды кара…

Ташкент. Балдар чогулуп калыптыр. Болот, Мүсүр, Мукаш үчөө менден эки күн кийин келишти. Көңүлдүү, жайлоодо болушуптур, беттери борсоёт. Кечинде кыздар менен киного барып келдик. Баарынан байы мен, чайканадан шириндиги тилиңди кесип жиберген, жыты алдагайдан буруксуп өзүнө тартып турган тордомо коон, баланын упчусундай мөлтүрөгөн жүзүм, аппак аби нандар менен тамактандык, кочурашып, күлүп олтуруп. Баары дем алышын көңүлдөгүдөй өткөрүп келишиптир.

Баягы окуучулук турмуш, жатаканадан жай алып, матрацка жаңы жыттуу самандан торсойто шыкап, ак шейшеп жаап темир керебетти көркүнө чыгардык.

Былтыркыдай кылбай, Болот экөөбүздү бөлүп жиберди. Башка сыныпка олтурдук, окуу кызуу башталды.

Бир күнү мага почтадан тултук кат келди конверттин баш жагына: \Здесь сберегательная книжка\ деп орусча жазып коюптур. Ача салсам, баягы Токмокто калган акчамды Төлө агай менин наамыма сактык кассасына салып, книжкасын жиберген экен, мурда мындай «сактык касса» дегенди көргөн эмесмин. Сүйүндүм. Эч кимге билгизбей чөнтөгүмө каттым. Төлө агайга алдым деп, ыраазылыгымды кайра-кайра айтып кат жибердим.

1928-1929- жылдар: жүзүмдүн килосу 9 тыйын, францус булочкасы да 9 тыйын, аби нан 5-10 тыйын, тамак-аш кең-мол жана арзан. Ташкен палоо менен коон жыттанат, жыргал.

1930-жылы, жыл башында поэзияга жүз буруп, ак тилек менен «Дыйкандарга» деген биринчи ырымды кагазга түшүрдүм да, «тобокел» деп Ташкен шаарынан «Кызыл Кыргызстан» газетинин редакциясына жөнөттүм. Он сегизге караган курак. «Кызыл Кыргызстандан» кээде: «Кооз адабият», «Көркөм адабият» делген атайын уюштурулган беттерди окуп калам, кызыгам, толкундайм, кандайдыр  үлүш кошуп, үн чыгаргым келет, гезетке чыккан кай бир ырлар мени өзүнө тартып турат, ачылбаган, ачылуу жолун таппаган ички сокур сезимимди кытыгылайт да турат… Бир сокур сезим тынчымды кетирет, жазгым келет. «Кызыл Кыргызстан» үндөп, шыкак берип тургансыйт. Мен ал гезитке жана «Ленинчил жашка» 1929-жылы жайкы каникулдан Ташкенге кайтып баратканымда жазылып кеткем, мунун өзү да бир ардактуу чоң иш сыяктуу сезилчү, анткени ал кезде гезит окуучулар сейрек болчу. Республикалык ушул эки гезит ошол күндөн тартып мага эң сүйүктүү болуп калган.

Ошентип, күндөрдүн биринде «Кызыл Кыргызстандын» бетин ачсам: 3- бет бүт бойдон көркөм адабиятка арналыптыр, арасында менин тигил ырым да кыпчылып жүрсө болобу! Ушунчалык сүйүндүм дейсиң, «жашасын, Кызыл Кыргызстан!» деп жиберипмин. Жанымда Болот, Мүсүр, жана башка балдар бар эле, чоң данеписке чыкканбыз. Болот жанаша калып: Эмне,-деди. Мен сөөмөйүм менен ырды көрсөттүм. Мүсүр экөө ырга карашты. Эркинбаева Файза сүйүнүп мени кучактап жиберди. Балдар тегеректей калышты, ырды окуп атышат. Гезиттин ошол саны менин көзүмө ушунчалык сүйкүмдүү болуп турду. Казак балдарына да жарыя кылып жиберишти. Ошол ыр:

Унааны шайлап,

Дың бузуп айдап,

Сеп тукумду, дыйкандар!

Күчтү жыйнап,

Карап кылдат,

Жеңет шайдоот чыккандар.

 

Мезгилди бил,

Артелге кир,

Трактордон кур калба.

Түпкө жеткен,

Жекеликтен,

Кутул. Жаңы кур чарба!

 

Тап тегиңди,

Айда эгинди,

Өз күчүң менен оокат кыл.

Жыйна элиңди,

Айт кебиңди,

Келди кызык жаңы жыл.

 

Майын сыгып,

Эмгек кылып,

Жер кыртышын талкала.

Жакшы чыгып,

Дыйканчылык,

Өөрчүй берсин даңктала.

\»Кызыл кыргызстан» 1930-жыл, 31-январь\.

Ошондон кийин мен «Кызыл Кыргызстан» менен «Ленинчил жаштын» кабарчысы болуп калдым, кабар жаза коюп жүрдүм.

1930-жылдын башынан тартып араб тамгасын колдонуудан калтырып, Кыргызстандын бардык жерлеринде иш жаңы латин тамгасы жүргүзүлсүн деген Кыргызстан өкмөтүнүн тарыхый чечими гезит аркылуу бизге мурда эле жеткен болчу. Бирок кай бир жерлерде, кай бир кызматчылар тарабынан толук колдонулбай жүргөн болчу. Ташкендеги радио борбор алдында «Бирикме чарба» аттуу кол менен жазылып, радиодон окуп берилүүчү кыргыз тилинде гезит бар эле. Андагы иштеп жаткан жолдоштордун одоно бир кемчилигин көрүп: «Кызыл Кыргызстанга» ыр менен жазып жибердим:

Андагы кээ бир азамат,

Арапчага маш экен.

Жаңы иш, жаңы тамгага,

Телчиге элек жаш экен…

 

Жаңыча түшкөн макала,

Арапча менен жазылат.

Конок деген сөз болсо…

Кокуйкүн…болуп басылат.

 

Өздөрү чала кат билет,

Көздөрү кантип ачылат?

Эскертип айтып жатабыз,

Көңүлүн бөлүп азыраак?!

 

Билерман санап өздөрүн,

Байкабайт антип кеткенин.

Башкалар көрүп кеп кылып,

Жүрүшөт чымчып беттерин…

Жаңы латин тамгасын өздөштүрө албай, арапчанын туткунунда жүргөн айрым кишилерге сын катары жазган бул кабарымды 1931-жылы «Кызыл Кыргызстан» өз бетине жарыялады. Бул кабар өз мезгилинде Ташкенде окуучулардын арасында ооздон-оозго өтүп, кызыгууларды  туудурган.

Биздин 1929-1930-окуу жылыбыз кайра-кайра \кышында пахта терүүгө бара берип, чынын айтканда үзгүлтүк менен бүттү. Далберзин талаасында жүрүп бир топ бала ооруп келди. Ошонун ичинде мен да бармын. Колхоз курулушу башталды. 1930-жылдын башынан азык-түлүктүн, тамак-аштын мааниси кетти, береке качты, баары кымбаттап акчанын күчү шүмүрөйүп, кунары кетти. Окуучулардын турмушу баштагыдай болбой калды. 9 тыйындын жүзүмү, булочкасы, 5 тыйындын аппак аби нандары кыялы эңсөө болуп калды. Бул оор абал ичиңде жалындайт, сыртка чыкпайт, ошондой болсо да «турмуш сонун» деп мактай бермей. Эр болсоң турмуш «начар» деп көрчү.

Картычка тартиби киргизилди. Бетинде кант, эт ж.б. жазылып турганы менен колго тийбейт, болуп калар бекен деген үмүт менен «жыргап» жүрөсүң… 1928-1929-жылдар заматта эле көздөн учуп калды… Балдар окууну таштап, четинен кете баштады. Ден соолуктан айрылып калса жана окуу улам үзүлүп турса эмненин окуусу?

1931-жылдын башында мен врачтын кеңешин алдым, төмөнкү ырды жаздым.

ТОБОКЕЛ…

Түбүмө жеткен экен жетимчилик:

Тамакты өп-чап кылып кеч ичирип.

«Шаардан кет, жашоо керек болсо!»деди,

Жооп кыска. Докторго мен айтам нени.

Азапты берсе боло кечиктирип.

 

Окууга жаңы эле мен кирген элем,

Жаңы эле санаам тынып, сергип денем.

Аттиң аай, кетип калсам, калат окуум.

Кетпесем, мезгили жок өчөт отум…

Азапка төрөптүрсүң курган энем!..

 

Тобокел, тарта жүргөн көр азабым…

А балким, тоо таянсам көп жашармын!

Ден соолук берер мага туулган жерим!

Жетимчең, билбейт башка эмне дээрин.

Бак айтса: канат сермеп ыр жазармын.

 

Кош эми, кетмек болдум, Мүсүр досум,

Бет алып дартка даба кыргыз тоосун.

Окуурмун, ден соолугум болсо кайра!

Амал жок, калса, досум, болбой айла.

Көздөйүң кырчын жаштын эсен-соосун!

*      *      *

Пушкин көчөсүнүн баш жагында Солар суусунун боюндагы биздин жатаканабызга жакын, каалаган учурда бара коюп чайканага Болот, мен, кыздардан Файза, Каныйпа болуп төртөбүз бардык. Кыздар алгач тартынышып, кылыктанышып:

— Өзүңөр эле баргылачы,-дешти.

— Курулай сыпайгерчилик,-дедим мен Болотко шыбырап.- Булар эмне ысык нан менен ширин коонду жегиси келбей турат дейсиңби?

Болот жылмайып:- Жүргүлө кыздар, ширин коон жейбиз деди, алга кадам таштап.

-Казак балдары «ээрчишип жүрүшөт» деп кеп кылышат…

-Казак балдары эч качан антишпейт, өзбек балдары ошентери чын, кыздардын жанында басыш, кыздар менен сүйлөшү о-о, кымбатка турат…мен ушинтип ачыгын айттым. Күлүп калышты.

Кыңырылып, ойдолошот. Булардын оюнда бизди жалынткысы келип турат, бааланышып…

— Жүргүлө,-дедим мен, -Болот кылчактап туруп калды.Силер эмне коон белеңер биз жеп койгудай?!

Ойкуштап-кайкыштап жөнөштү. Чайканага кире берер жерде тамга такай катар-катар тизилип коюлган сокудай-сокудай болгон агыш жана алтын сары коондор көргөн кишини өзүнө үндөп кызыктырып турат. Кайсынысын алсаң да ширин, пулуң текке кетпейт. Коонду өзбектер тааныйт, пулун да келтире алат, ибр тыйын жедирбейт. Мен көз жүгүртүп, сокудай болгон агыш коонду көтөрүп, Болот эки ысык аби нан алып Солардын жээгине кеттик. Коон желкесиндеги сабагы үзүлгөн чуңкурдун четинен кичине жарылган экен, ал шириндиктин белгиси. Ошо жерден жыты буркурап турат. Өзбектер коонду аларда жытташат.

Болот күлүп:

— Коонду тандай билесиң ээ!-деди, кыздардын алдында мактап…

Дасторконубуз гезит, көк майсаңга жайып салдык да, коонду жарып салдык. Шириндигин айтпа. Түгөтө албай, улам бирден тилип алып суу бойлоп  басып жүрүп, «Ойтобону», жана казактын ошол кезде аябай жайылган «Кара торгайын»ырдап, ыракаттандык. Ошончодон Болот гана ырдабайт. «А-а!» деп койчу десем:

— Сен ырдап жатпайсыңбы, жетет!-дейт да күлөт. Кыздар да жаалап ырдаталбай коюшту.

Жанараак бизди ээрчип баскандан кымырылып, алиге чейин бетине жаандын муздак тамчысы тийбегенсип, өздөрүн кир жукпаган жаңы кардай назик кармап, коонду да кылыктанып «жукараак тилгилечи!»деп, каштарын учуруп, чыпалактарын чычайта кармап, үлпүлдөгөн кичинекей кол жоолуктарын ооздоруна тиер-тиймексен коомай сүртүп, кыз кылыгын көрсөтүп, бизди жаңы көргөн балдарча тартына мамиле кылып жатты эле, эми көңүлдөрү ачылып, мен Боогачынын «Күйгөнүн» ырдасам, алар мен укпаган сүйүү ырларын ырдап атышат, биринен-бири калышпайт акетай…Үндөрү да коңгуроодой тунук экен.

Ошентип Солар суусунун жээгине кыргызча чакан концерт бердик. Өзүбүзчө көңүл ачып кайттык.

Мен Болотко мынабул ырды ошол жерден тапшырдым. Кыздарга окуп бергеним жок. Алар кейип-кепчип жүрүшпөсүн деген ой менен.

Ишенем окушуңа боорум Болот,

Болбосун оору-сыркоо жолуң тороп!

Мен болсом кетип барам үмүт менен,

Эрдедим ден соолукту келсем оңоп!

 

Баратам Чоң-Кеминдин абасына,

Сейилдеп карагайдын абасында,

Улардын үнүн угуп, бүркүт көрүп,

Көркүнө табыйгаттын канасың да.

 

Күмүштөй, атырылган тоодо дайра,

Кайтарып ден соолугум берер кайра!

Жердигим ак жалгаган журт эмеспи,

Сар саамал, кымызынан болор айла.

 

Кечиксе кат-кабарым күдөр үзбө,

Сандалган сар-санаага бөөдө түшпө!

Жүрө бер кадимкиңдей ойноп-күлүп,

Сагынсаң элес-булас көрүп түштө.

 

Жолугам толгон күндүн кандайына?

Көңүлгө жамандык ой албайын да.

Тобокел, жүрөк заада болгум келбейт,

Ар кимдин жазганы бар маңдайына.

БОЛОТ МОСКВАГА КЕТТИ

Болот техникумдан кетти, бирок ал окууну таштаган жок. Билим алуу үчүн бардык мүмкүндүгүн жумшап, чымырканып Москвага багыт алды. Мен айылга барып бүткүл аракетим ден соолукту сактап калууда болду. Көк-Ойрок жайлоосуна чыгып кеттим. Таза аба, сүт-айран, сары саамал, ууз кымыз, күчтүү тамак, жакшы ат минип эркин жүрүү, карагай, арчаларды аралап эликке мергенчилик кылуу ден соолугумду бат эле бир кыйла оңоп койду. Туулган жердин касиети-ай!

Картаң чал-кемпирлер гана эмес, чач учтугун шарактатып, менменсинип суйсала баскан табылга бет келиндер да кат билишпейт. Сүйлөсө тилдеринен жалын чыгат, ыр деген ушуларда, тоону- зоону жаңыртып тартынбай ичине «чок» түшүп ырдашат. Бир гана эң кымбаттуусу- сабаттуулук жок. Сабатсыздыкты жоюу урааны бардык жерде катуу коюлган. Кат билген кадрлар жетишпейт, шаарлардан окуучулар жайкы дем алышка келгенде районо менен айыл кеңешинин кабагы ачылат, окуучулар жер-жерге мугалим болуп кетишет. Мен Чүй райондук комсомол комитетинин жиберүүсү боюнча Көк-Ойрок жайлоосунда сабатсыздыкты жоюуга дилгир катышып жүрдүм. Эл көп, кымыз менен эт да көп. «Колхоз алып коёт» деп кой-козуларын бырчылдатып атышат.

Эттүү боло малдарын бел ашырып, Алматы базарына түн ката айдап жөнөшөт, ушундай кылууга багыт берген…бирөөлөр бардай сыяктанат. Кай бирлери «колдо мал барында…»дешип, тээ алда качан кытай жеринде алдын-ала берип, бир жерден экинчи жерге консо козу жетелеп өрүлүктөшүп, «боз балдар шеринеси», «үй шерине», «чал-кемпир шеринеси» дешип жана «түштөнөбүз» дешип топтошуп, чокмороктоп кай бир эшикте ат байланып турганын көрөсүң. Өз малдарына өздөрү суук колдорун салып жаткансыйт. Айыл кеңеши, комсомолдор үгүт-насыят иштерин жакшы эле жүргүзгөнсүп жатышат, бирок натыйжа аз. Үстүнө көйнөк кийгенче мал өстүрүүнү артык көргөн мал саак кыргыздарга эмне болгон? «Колхоз алып коёт» деп ушуну кылып атышат. А кээ бири: «эртең башка түшкөнүн көрөрбүз, атадан калган мал барбы..?» дешет. Мен өзүмчө ошолорду көрүп, угуп туруп ойго батам:

«Мурда эл мындай эмес эле го? Бир-эки жылдын ичинде эле кулк-мүнөзү тескери аңтарыла түшкөнү эмнеси? Мурда арыз бергенди да билишчү эмес эле. Эми: «Ичип койду…», «Жеп койду…»деген арыз жазышчу болуптур. Буга тоскоолдук болгон «мыктылап» арыз жаза билген сабаттуу кишилердин ар бир айылда жоктугу…»

Көк-Ойрок жайлоо кеңешинин кызыл үйүндө иштеген келин Токмокко баратыптыр, кызыл үйгө керектүүлөрдү алып келүүгө.

Мен андан:- Детдомго бара келесизби, мага кат келмек эле!-дедим.

Ал тийише сүйлөдү.

— Кыздарданбы? Ала келейин секет!

— Жок, балдардан эле.

— Аердегилер сөзүмдү ала качып кетишти…

— Жашырып атпайбы, туура! Бирге окуган…

Детдомго келген кат кызыл бурчта кагаз кутучада турат. Алыкул азыр аерде жок, лагерде, билем.

— Балдардан сурасаңыз айтып берет!-дедим, келин дагы эмне дээр экен деген кыязда.

Ал башын ийкеп күлө карады.

Мен Көк-Ойроктун Дөрө жайлоосунан келип кат алдым. Мүсүраалы менен Болоттон келиптир. Бирөө Ысык-Көлдөн, бирөө Москвадан. Аябай сүйүндүм. Болот рабфактын акыркы бүтүрүүчү курсуна өтүптүр. Бир кыш окуп анан борбордук жогорку окуу жайынын бирине өтө тургандыгын баяндап, менин ден соолугумду сурап, «кымызды көп ич, атчан жүр, мергенчилик кыл, «чып этме» менен таамай атчу элең го!»дептир. Айылга келер, келбесин айтпаптыр.

Мүсүраалы болсо: «Ташкенден үйгө келер менен эле Ысык-Көлгө чуркадым!»дептир.

Мүсүр Рысалиев да, Файза Эркинбаева да ж.б. окууга барбай калышты. Турмуштун начарлыгы көкүрөккө түртүп турат…Адам тагдыры ар түркүн болот тура…Мүсүр Рысалиев республиканын совхоздор министри, тамак-аш өнөр жай министри болуп жана башка жооптуу кызматтарда иштеп жүрүп, акыркы дем алышы токтогонго чейин постуда жүрүп көз жумду. Ал жаңы гана республикалык персионалдык пенсияга өткөн эле. Ошол пенсиясынан ооз тийбеди, алууга үлгүрбөй калды. Абалы катуу болуп, Фрунзедеги квартирасынан Ысык-Көлгө, туулган айылына алып кетип жатканда: — Ысык-Көлдү көрүп жан берсем арманым жок эле…деди да, жары Нуруйлага кайрылды: -Ушул ай үчүн партиялык акымды төлөп кой, унутпа!

Болот экөө эң мыкты окуган, оозго алынган балдар эле.

Баарыбыз бир техникумда окуп, комсомолдук бир уюмда туруп, келечек тилегибизди айтып, ой бөлүшүп, коңшулаш Өзбекстандын ак алтын талаасына күлкү калтырып, жүгүрүп ак алтын терип, калаасынан окуп таалим-тарбия, билим алган элек. Мага калем карматкан Ташкент эле.

Сүйүктүү, берекелүү Ташкент!

Ошол жылы Ташкенден Ала-Тоону карай от арабада баратып, ырдаган эки түрмөк ырым эсиме түшөт:

Үмүткер чыктык сапарга:

«Калбасак экен башка элден!»

Кошот деп билим катарга,

Жүрөбүз окуп Ташкенден!

 

Кечигип көзүн ачкан эл,

Сүт аккан тоодон келгенбиз!

Эрте-кеч согуп атыр жел,

Ден соолук берген жерденбиз.

*      *      *

Аракетим талаага кетпей, ден соолугум кыйла оңолуп, 1931-жылдын декабрь айында Чоң-Кеминден Фрунзеге келип, бир жердешимди издеп жүрсөм, досум Мүсүр олтурат, бир столду жеке кучактап. Каткыра күлүп учураштык. Кыргыз АССРинин Борбордук айыл чарба кеңешинин \ЦСНХ\ кадрлар бөлүмүнүн башчысы болуп иштеп жатыптыр, жыйырма жашта.

Ден соолук сураштык, бирге окуган балдар жөнүндө кеп кылдык. Анан: — Келгениң жакшы болду,-деди Мүсүр, башыман аягыма жеткире карап.-Кызматка турасыңбы? Ылайыктуу киши табылбай, бир жакшы орун бош турат. Жергиликтүү кадр керек.

Ары сүйлөшүп, бери сүйлөшүп олтуруп, мени Кыргызстан курулуш материалдар \Кирстроймат\ мекемесине кадрлар бөлүмүнүн башчысы кылып жиберди. Биерге Кыргызстан обласстык комсомол комитетинин путевкасы менен кеткенимди айтты.

Бардым, мекеменин жетекчиси, коммунист Гребнев жакшы кабыл алды. Партия жергиликтүү кадрларды көтөрүп жатканын айтты. Ишке көңүл коюп иштесең көнүп кетесиң деди. Биздин республика ал кезде РСФСРдин карамагында болчу. Иштеп жүрөм…19 жаштамын. Эмнени билет экенмин…Анык ачык оозмун, кылган ишиме өзүм алымсынбайм.

Ошентип жүрүп бир күнү жетекчимен мени кызматтан бошотуп коюуну сурадым.

Ал күлүп: -Иштей бер, үйрөнүп кетесиң, кыргыз кадрлары керек! Мени менен кеңешип тур,-деп, жакшы кеңешин айтты. Мен ошондо кичине жеңил сезе түштүм.

УЧКАН УЯМ

Ошентип жүргөн күндөрдө, 1932-жылдын башында Жумушчу-дыйкан кабарчыларынын республикалык 1-слету болду Фрунзеде. Мен делегат болуп келдим.

«Кызыл Кыргызстан» газетасынын жооптуу редактору Калим, Обкомго маселе коюп: жөндөмдүү кабарчылардан газетанын аппаратына кызматка алууга уруксат алыптыр. Слеттун аягында ал киши ушуну жалпы катышуучуларга билгизип, эки кабарчыны алып кала тургандыгын айтты да, Кекиликов Түкөй менен мени атады. Слеттун катышуучулары бул кабарды жактырышты.

Мени токтотпостон Борбордук партия Комитетинин Орто Азия бюросунун алдындагы басма сөз кызматчыларынын үч айлык курсуна Ташкенге жиберди. Мен аны «эң жакшы» деген баалар менен бүтүрүп келдим. Калим ыраазы болду, адабият кызматчы кылып ишке алды. «Эми мага жол ачыла баштады» деп ичимен кудуңдап, күчүмдүн келишинче ак ниетим менен ишке берилип, чоң коллективдин бир мүчөсү болуп калдым. 1935-жылдын август айынын аягына чейин иштедим. Түштүк Кыргызстан боюнча газетанын атайын кабарчысы, аппаратка адабий кызматчы болуп төрт жылды өткөрдүм. Ушул жылдары редакция мени эмгекке үйрөттү, республиканын бардык жерлеринде турмуш менен тааныштырды, мунун болсо кийин чыгармачылыгыма чоң пайдасы тийди.

Мен иштеп жүргөн жылдары газетаны үзгүлтүксүз убагында чыгаруу кээде кыйынчылыкка учурар эле. Ариф кол менен терилет, кыргыз терүүчүлөрү жетишпейт, типография азыркыдай эмес, редакциянын кызматчылары да билими жана журналисттик жагынан тайкы. Редакцияда жогорку билимдүү делип эсептелген эки гана киши бар. Газетанын редактору Калим Рахматуллин менен орун басары Сраждин Сарманов. Коллектив ынтымактуу, демилгелүү.

Калим чоң кадырлуу, баарыбыз жакшы көрөбүз. Ал билгич, уюштургуч, камкор. Маселени ачык-айкын коё билген көрөгөч, эмгекти абдан сүйгөн, адамды баалай билген адилет большевик эле. Үлгүлүү сонун сапаты менен айырмаланып, адамга сүйкүмдүү таасир берип турар эле. Ушундай коммунист редактор болгон «Кызыл Кыргызстандан» ырларыма күл азык алгам.

Ал кезде редакция азыркы Киев көчөсү менен Дзержинский бульварынын бурчундагы басмаканын 2- кабатынан орун алган. Кээде кыштын күнү от жагылбай калат, контора суук, газета чыгарабыз деп түнөп калган учурларда катуу кыйналабыз. Ушундай күндөрдө белсемдүү иштеген, газетанын техникасын жакшы билген, даярдыгы, билими бар, жазуучу жана мыкты котормочу Мамасаалы Абдукаимов бүт аппаратка ак ниет эмгеги менен үлгү көрсөтүп турат. Башыбызга подшивка \тиркелген газеталарды\ жазданып, чарчап уктап калган күндөрү Стардубова деген санитарка кемпир келип ойготот. Мамасаалы экөөбүз туруп, бири-биздин галстугубузду бирибиз оңдоп, күзгүнүн милдетин аткарабыз. Комсомолдук жалындаган күндөр.

«Кызыл Кыргызстандын» ошол кездеги кызматчыларынан Саткын Сасыкбаев, Жума Кыпаев, Масыраалы Кырбашев, Стамкул Эдигеев көп жылдык бирге иштеген эмгектери менен эсте турат.

Көркөм айтканда: мени окуткан мугалимим, үйрөткөн устатым, таптаган мүнүшкөрүм, канатымды жетилтип поэзия асманына учурган уям «Кызыл Кыргызстан!»

Редакцияда ошентип иштеп жүргөнүмдө мени редакциянын алдындагы комсомол уюмунун секретары кылып шайлап коюшту. Иштеп жүрдүм. Ошол чакта комсомол уюмдарынын \Фрунзе шаарындагы\ орчундуу милдеттеринин бири шаарды көркүнө келтирүү эле. Жаздын алды менен дем алыш күндөрү шаардык комсомол комитетинин демилгеси боюнча шаардагы бардык комсомолдор, жаштар көчөлөрдү бойлото, арыктарды кыркалай тал, терек, кара жыгач чырпыктарын саябыз. Комсомол ячейкаларынын ортосунда, жаштар тобунун арасында өз ара социалисттик жарыш бар. Иштеп жаткан жерде чакан кереге газета чыгара салабыз. Анда эпкиндүүлөр, жалкоолор көрсөтүлөт, иштин жүрүшү жөнүндө кабар берилет. Бул иштердин башында Болот Юнусалиев жүрөт. Ал Фрунзе шаардык комсомол комитетинде инструктор болуп иштөөчү. Тынымы жок жигит, ишти күн мурунтан бышыктап коёт, жаштар менен аралашып бирге иштешип жүрөт.

Ал бир күнү тердеп-тепчип жер казып жатсам мага минтип айтты:

— Ташкенге да тал сайдык, Абдырасул, эми өзүбүздүн таштак Фрунзебизге тал сайып өстүрүп жатабыз!

-Биздин колубуздан сайылган чырпык чынар болуп чыгат, — дедим, мен.

-Ооба, эмгек чыгарат,-деди ал,- Сен Маркстин: «Эмгек-Ата, Жер-Эне» дегенин билесиңби? Ырга айландырчы, кана!

Мен толкундай түштүм. Ал жакшы тема берди. Кыска дем алыш жасадык, жаздым дедим ага, окудум:

Болот айтты эми эле,

Колдогудай жөн эле:

Чынар болот чырпыгым,

«Эмгек-Ата, Жер-Эне».

Ал кубанып, күлүп колумду кысты. Башка жолдошторум да ошентишти. Биз «Кызыл жылдыз» \Панфилов атындагы\ паркка, көчөлөргө жыл сайын жаз келер менен жаш чырпыктарды сайып, түбүнө чакалап суу куюп, суу жайып, өсүшүнө азык берер элек. Бул кичинекей жумуш болуп көрүнөөр.

Чырпык сайса-чымчык конот, Чырпык өсүп чынар болот!

ТАГДЫР КАЙДА АЙДАДЫ

Окусам деген ой жүрөгүмдү дайым өйүп жүрдү. Калим Рахматуллин редакциядан бошоп кетишиме жол бербеди. «Сага окшогон кызматчыны кетирип жиберип, газетти ким менен чыгарам?..»деп коёт. Мен аны түшүнүп турам. Жумшак тил менен көтөрө салып алдап атат. Өзүмчө басып кете албайм, комсомолдук тартип күчтүү. Убакыт ошентип өтө берди, жаш өсө берди. Жазууга да редакцияда убакыт жок. Норма бар. Бүгүн иштебей койсоң, эртең газет чыкпай калат, эртең иштебей койсоң бүрсүгүнү чыкпай калат. Татаал иш. Тартипти бузгум келбейт. Ошентип жүрүп кичинекей алган «билим» сөрөйүмдү да жутуп коюптурмун…Эми эмне кылчумун?..

1935-жылы Калим Кыргызстандын мамлекеттик басмасына директор болуп кетти. Ордуна Акматбек Жумабаев келди. Менин кандай кызматчы экенимди ал билбейт. Мен отпускадан келдим да, ага калп айттым, башкача айтканда алдадым. «Москвага барып, институтка өтүп келдим, бошотуңуз!»дедим. Ал ишенди.\Документ сураса бетим ачылат деп чочуп олтургам, кудай жалгап аткени жок. Эч нерсе дебей бошотуп жиберди. \Наркомпростон развесртка\бөлүштүрүү\кагаз\алып, Москвадагы Карл Дихбнехт атындагы пед.институтка кеттим. Барып сыноодон өтө албай куладым. Сыноонун акыркы күнү келипмин.

Керимкул Орозалиевге Москвадагы Кыргызстан элчисинен жолуктум: Бардык жерде кабыл алуу бүтүп калганда келипсиң, эмне мынча кечигип келесиң? Мурда келсең бир жерге өткөрүп коёт элем,-деп кейиди.

-Колума кагаз тийип, келишим эле ушу болду, дедим, ичимен тынып.

Ой мени жетелеп алды, өзүм менен өзүм сүйлөшөм: «Абдырасул, киши болбой калдың?..Элге эмне деп барасың? Жок, ыр жазам, районго кетем, убакыт болот…»

Москвадан Лейлек райкомунун биринчи катчысы Акун Мыктыбековдун адресине: «Силердин газетте иштөөгө барамын, акча жибертиңиз!» деп телеграмма жөнөттүм. Мурда мени газетке чакырганда Калим жибербей, Камчыбеков Жумабайды жиберген. Редактор Чолпонбаев Касым мени жакшы билет, мурда бирге иштегенбиз.

Үчүнчү күнү телеграф менен көп акча, төрт жүз элүү сом алдым. Эртеси түштөн кийин от арабага түшүп, термелип кетип бараттым.

*      *      *

Дарго мир станциясынан түшүп калдым да, Сүлүктүдөн көмүр ташып келүүчү чиркелген кичинекей вагондорду күтүп, каш карайганча олтурдум. Көмүрдү станцияга төгүп таштап, кайра кеткенде жүргүнчүлөрдү ала кетет экен. Алдында киши түшчү жалгыз вагонго билет алдым. Түн катып Сүлүктү шаарына жеттим. Шаар уйкуда. Паровоздор гана көк түтүнүн көккө бүркүп, каршы-терши бакырып манёвр жасап жүрүшөт.

Өзөндү жарык кылып, сандаган электор шамы жылдыздай жыбырап, кокту-колотту, бетти-тектирди укмуштай көрккө келтирип, бир ажайып дүйнөнү көз алдыма тартты. «Кара алтын кени ушерде экен да», дедим ичимен: Рысалиев Мүсүрдүкүнө келдим, ал Эрик деген эркек балалуу болгон, Москвадан балага жана энеси Асылга ала келген кичинекей белегим бар. Москвадан чыгаарда телеграмма бергем, сүйүнүп күтүп атышкан экен. Баласын колума алып, эркелетип мурдунан чымчып өптүм. Мурда да булар Сүлүктүгө көчүп келелекте Осмонов Алыкул экөөбүз ушулардын үйүндө турганбыз. Фрунзе шаарында Пионер  көчөсүндө, азыркы № 6 орто мектеп турган жерде короонун ичинде болчу. Мүсүр ЦСНХдан которулуп, Фрунзе облисполкомунда иштеп жатканда орусча жакшы билет, котормочу керек деп, Калим Рахматуллин Кыр.обком аркылуу «Кызыл Кыргызстанга» алып алган. Ошол кезде Алыкул Осмонов турмуш шартына байланыштуу окууну токтотуп, «Кызыл Кыргызстанда» иштеп жүргөн. Баарыбыз «К.К»да чогуу иштөөчүбүз. Алыкул мен аркылуу, мени менен бирге Мүсүрдүкүндө турат. Ал кезде квартира кайда? Мүсүр Асылга жаңы үйлөнгөн. Бир гана чакан бөлмөдө турабыз. Турмуш оор кези, карточка менен нан алчубуз. Бирок кабагым-кашым дебей иштечибиз.

Ошентип жүргөн чакта, «ата-тегиңди жашыргансың, бийдин баласы экенсиң» деп, Рысалиев Мүсүрдү Кыр.обком: «Оңолуп келсин үчүн жумушчулардын арасына, Сүлүктү кенине жиберген. Ал шахткомдун орунбасары жана Сүлүктүдө кыргызча чыгуучу газетанын редактору болуп иштеп жаткан,\орус тилинде чыгуучу газетаны кыргызчага которуп койчу\.

1935-жылы Октябрь айында Лейлек районундагы «Колхоз турмушу» газетасына жооптуу секретарь болуп дайындалдым.

«Колхоз турмушу» газетасынын биринчи санына чыгарууга журналист Камчыбеков Жумабай катышкан. Анын биринчи редактору Касым Чолпонбаев. Токтоо, салмактуу, жайдары жана киши менен жакшы мамиле жасаган, өз ишин  жакшы билген киши болчу. Мурдакы батрак, САКУдан окуп келген. Кийин ал Улуу Ата Мекендик согушта курман болду. Булар экөө тең «Кызыл Кыргызстан» редакциясынан жиберилген.

Кийин Жумабай менен жолугуша калган бир учурда «Колхоз турмушу» жөнүндө сөз боло калып, ал газетанын эки-үч номерин чыгарып берип, уюштуруп коюп Фрунзеге кайра кеткенин айтты. Мен барган учурда Фрунзедеги педтехникумда окуп келген Жумакадыр Балыкбаев \Нарындан\жаш комсомолец бүткүл аппараты ошол эки кишиден турат экен.

Ошентип, иштеп калдым. Биз үч киши болуп калдык. Сүлүктүдө турабыз. Квартира жок. Редактор эки бөлмө жер тамда квартирант болуп турат. Балыкбаев ошол үйдө кошо турат. Сүлүктү кен башкармасынын орун басары Рысалиев Мүсүрдүн үйүндө мен турам. Боймун. Газета шаардык Сүлүктү басмаканасынан басылып чыгат. Көз каранды сыяктуубуз. Газетаны договор менен ошондо да аке-жакелеп жатып чыгарабыз. Редакциянын эң кур десе бир бөлмө канторасы жок. Турган үйлөрүбүздө иштейбиз. Басмакананын директору Сулейманов деген киши татар эле, ичкенди жакшы көргөн, кээде таптырбай кеткен.

Сүлүктүдө жаңы, сонун клуб курулду.Клубдун сыртында бурчта, кичинекей, асты тактайланган,эшиги түндүктү караган жалгыз терезелүү бир бөлмө бош турду. Мен мунун Лейлек райондук партия комитетинин биринчи секретары Акун Мыктыбековдун атынан жана өз наамыман Исфанага көчкөнгө чейин редакцияга кантора кылып алууга Рысалиевден сурап алдым. Жазуу столубуз да, олтура турган отургучубуз да жок. Сатып алууга дүкөндөн да, базардан да табылбайт. Басмакананын эски бир кычыраган столун убактылуу сурап алдык. Үстүн газета менен жаап, кобурашып иштей баштадык, шарт түзүлүп калгандай болду…

Бизди катуу кыйнаган нерсе, арип терүүчүлөр бизге баш ийбейт. Сулеймановдон буйрук болмоюнча газетанын материалдарын кай бир убактарда токтотуп да коюшат. Лейлек районуна басмкана ачып беришсе көчүп кетебиз го деп жүрдүк. Ошондо да бизге өзүбүздүн арип терүүчүлөрүбүз керек эмеспи. Алдын-ала кадр даярдоого кириштик. Сулейманов менен макулдашып, «Колхоз турмушу» газетасын басып чыгарган каражаттын эсебинен эки арип терүүчү даярдоону туура таптык. Мен Таңги-Башы кыштагынан анча-мынча кат билген эки кыргыз уланын үндөккө келтирип, басмаканага үйрөнчүк жумушчу кылып өткөрдүм. Алар менен иш алып барууда кыйын болду. Ошондон улам, бул жаштарды комсомолго алып, талапты күчөтүү максатында Лейлек райондук комсомол комитетине барып, маселе койдум.

Бул 1936-жыл эле. Райкомолдун жооптуу секретары Дүйшөнкул Көлбаев бул талапты колдоду. Документтерин мен даярдадым, дагы бир арип терүүчү кыз болуп үчөө Ленин комсомолунун катарына алынды. Ошентип, «Колхоз турмушу» газетасынын алдында беш комсомолецтен турган комсомол уюму уюшулду. Анын секретары мен болуп калдым. Иш мурдагыдан жандана баштады.

Баарыдан мурда газетаны убагында чыгарып туруу керек болуучу. Басмаканада ариптер жана башкалары жетишпей жатты. Лейлек райондук партия комитети газетанын иши жөнүндө биздин отчетубузду уккан кезде Исфанага редакцияны көчүрүп келүү жана өз алдынча басмаканага ээ болуу жөнүндө сөз козгодук. Бирок маселелер ошол жылдардын шарты боюнча дароо чечилбеди.

Республиканын башка райондорунда чыккан газетанын бир санына бөлүнгөн гонорар 30 сомдон эле. Мен келгенге чейин «Колхоз турмушу» газетасынын гонорар фондусу ушундай болгон. Райондук партия комитети басмакананын иш шарттарын, райондун чачкын жана чоң экендигин эске алып, газетага кабар-макала жазгандарды кызыктыруу үчүн жергиликтүү бюджеттен дагы 20 сом коштуруп, газетанын ар бир санына төлөнүүчү гонорар эсебин 50 сомдон кылып бекитти. Бул кийинки сумманы Лейлек райондук финансы бөлүмү\ анын башчысы Исманов деген киши эле\жергиликтүү бюджеттен камсыз кылып турду. Мындайча айтканда, райондук партия комитетинин ошо кездеги биринчи секретары А. Мыктыбеков, райондук аткаруу комитети жана райондук башка жетекчи кызматкерлер газетанын убагында чыгышына, анын ролунун жогорулашына чоң жардам беришти.

Лейлек району ал кезде жаңыдан өнүгүп келе жаткан, маданий деңгээли кыйла артта калган, айыл кыштактарда караңгылык-сабатсыздык өкүм сүргөн, кыштактары чачыранды, колхоздору майда, жана айыл чарба техникалары эң эле жетишсиз, түрдүү адистеги кадрлары жок, элдин турмуш деңгээли төмөн эле. Мына ушундай мезгилде Кыргызстан областтык партия комитети районго өзүнчө газета-курч курал берип эң туура иш кылган.

Ошентип, «колхоз турмушу» газетасы Сүлүктү шаарында, кичинекей формат менен эки бет болуп айына төрт бет кылып чыгарчубуз.

1936-жылы кеч күздө басмакана өрттөнүп кетти. Газеталардын чыгышы токтоп калды. Райондук партия комитети мени төрт айдан ашык убакыт кетирбей койду, газетанын кайрадан чыгышын күттүрдү, айлыгым толук сакталып турду. Ушул учурдан пайдаланып, «Какшаалдан кат» поэмасын ошол Лейлекте жүрүп, 1936- жылы жазып бүттүм. 1937-жылы кеттим.

*      *      *

КАТ ЖАЗУУГА СЕБЕП БОЛДУ

Атамдын бир тууган эжеси Салыйкандын\Бозгунчу\ кызы Бүбүсейит 1916-жылы үркүндө какшаалда кытай жеринде калган. Ушул кыз жөнүндө атамдын улуу эжеси Арууке апам\ 102 жашка чыгып дүйнөдөн кайтты\ ар дайым кулагыма куюп: «Атаңдын керээзи, чоңойгонуңда Бүбүсейитти элге алып кел!»-дей берер эле, жарыктык. Ыйлаар эле, сооронор эле…

Мен өзүм бой көтөрө албай телмирип ар эшикте жүргөнүмдө, чыканактай болгон Арууке апам ушундай тапшырмаларды  берет. Бу киши азапты чеги жок тартты. Жалгыз баласы Бообек Алматыдан окуп келип дүйнөдөн кайтышы, бир туугандары: Желдең, Кенжетай, Токтомуш, Абдырайымдан; сиңдилери Алымкан, Салыйкандан ажырап калышы мөгдөтүп салган. Мен ал кишинин көңүлүн калтырбаш үчүн «макул» деп койчумун. Көргөн-билгендерин жобуратып айта берчү, ал болсо кайгылуу эле, мен өзүм көргөн кайгылуу күндөрүм бир арабага жүк эле.

Унутпайм, 1931-жылы, биздин айылдын бөксө жайлоосу Көк-Жондо кымыз ичип олтургам, жалынып-жалбарып жаныма келип, баякы айткандарын дагы жобурап келип мындай деди:

— Былтыр, сен Ташкенде окуп жүргөндө түш көрсөм, Бүбүсейиттен кат келип жатыптыр. Окуй турган киши жок, Абдырасулум келгенде окуп берет деп, элечегимдин бүктөөлөрүнө катып алдым. Ал элечекти сенин атаң алып берген, тиги дүйнөгө көйнөк кылып кийип кетейин деп катып жүрөм…

Мен кичине жашый түшүп басылдым. «Кат келди» деген сөз жүрөгүмдү булкуп алды…Көңүлүм кандайдыр бир уйгу-туйгу боло түштү. Мен ал кытайда калган эжемди алып келе албайм. Ошол кыздын атынан чын эле элге кат жазсам кантет? деген кызык ой ошо замат кылт этти. Бул ой менин тынчымды алып жүрдү. Кийин Лейлекте иштеп жүрүп, бул ойду ишке ашырдым. Акжолтой Лейлек Бүбүсейиттин каты «делинип , кашаанын ичине («Какшаалдан кат») поэманын үзүндүсү бир подвал болуп «Кызыл Кыргызстан» \1937-жыл, 21-март №65\ басылып чыкты латин тамгасында. Маркум Арууке апамдын жобураганы, ыйы,түшү- «Какшаалдан катты» жазууга себеп болду, түрткү берди. Мүрзөсүнө башымды ием.

*      *      *

УШУНДАЙ  КАНТИП   БОЛСУН

Күндөр өз жолу менен өтүп жатты. Болот илимдин артынан сая түшүп алган. Алыкул ыр берметин издеп өзүнчө алек. Бир шаарда жүрүп деле көпкө чейин жолугуша албай да калабыз.

Баягыда от арабага түшкөндү билбей калып кала жаздаган Болот экөөбүз эмес элек. Эми андагы Болот жок. 1954- жыл, Кыргыз мамлекеттик университетинен папка көтөрүп чыгып келатканда жолуктум, салам айтып мындай дедим: — Илимдин доктору болгондугуң менен куттуктайм! Кучагымды кең жайып сыга-сыга кучакташып өбүшө кеттик. «Жан дилим менен куттуктайм» деп кайра айттым. Анан сөз коштум:

— Сен болсоң, Болот, чоң илимпоз, элге пайдалуу киши болдуң, а мен болсом киши катарына кошулбай калдым. Ал жылмайып күлдү да, жай гана:

— Сен, Абдрасул, киши катарына менден мурда эле кошулгансың,-деди. Мен какшыктап жатасың дегенсип, суроо жөнөттүм:

— Кантип?

— «Какшаалдан кат» менен.

— Оо, киши укпасын! Андай ырды эри өлгөн кыргыз катыны тескери карап олтуруп заматта кошуп коёт…Сөз аягы күлкүгө өттү.

Биерде бир кеп бар, айтпай коюуга болбойт, анткени күтүлбөгөн нерсе, ким болсо да «ушундай кантип болсун?..деп бир чети кейип, бир чети ишенбей маңадор боло турган окуя. Балким, ушактап жатабы деп да ойлой турган иш. Бирок чын, аттын кашкасындай чындык. Ал мындай:

1963-жылы 5-октябрьда Болот Юнусалиевдин 50 жылдык юбилейи өтүп жаткан. Конокторду үйүнө чакырыптыр, короосу кең, бир нече бөлмөлөрү менен особняк жайда турат. Мен дагы аялым менен Бопонай менен чакырылган меймандардын катарында үйүнө бардык. Эң жакын кишилерин ошол күндү арнаптыр. Асман ачык, күн салкын, таза кийинген жайдары кишилер, кооз кийинип үлпүлдөгөн аялтар. Мен элдин көзүнчө акү-чүкүсүн карабастан токтонуп тура албай кулачымды бүркүттүн канатынча калдайта жайып бакылдап барып кучактап, «канча каааласаң ошончо жашка чык!» деп жан-дилим менен куттуктадым. Болотту тегеректешип жанында турган жакын жана эң жакшы көргөн ардактуу кишилери биринчи класстан туртап окуткан, А-Б тамгаларын биринчи тааныткан мугалим, тарбиячы, нускоочу агалары Садык Төлөгөнов жана Копобаев Мүсүралы аркы-беркини сүйлөшүп турушкан экен. Болоттон бошонуп чыгып, алар менен учурашып, сөзгө аралашып кеттим. Алар Болоттун бул торколуу тоюна абдан кубанып, чечекейи чеч болуп олтурушуптур.

Мен короодон кирип келатканымда эле:

— А Абдрасул келатат!-деп Садык байкемдин айтканы кулагыма шак дей түшкөн. Мен буларга мурда учурашканымча Болот алдыман тосуп чыгып кармалып калбадымбы. Болот юбиляр болсо да, жол тигилердики болчу. Кечирим сурап, анан эсендикке өттүм. «Кудай тил билген менен алсын» дегендей, булар билимдүү, тарбияланган, көрөгөч, бай тажрыйбалуу кишилер эмеспи. Эмне айтсам ошонун баарын эп көрүп, дале болсо эркелетип, эмне кылып жатканыбызды сурап, сылыктыкты, жибек мүнөздөрүн көрсөтүп турушту. Мен өз ичимен:

-«Болот экөөбүздү ушул кишилер окуткан!» деп сыймыктанып турдум. «Айтпай коюуга болбойт» дегеним эмне эле? Ооба, айтпай коюуга болбойт. Ал мындай:

— Абдрасул!-деди Садык ага, чай чынысын жылдырып коюп,-бу силердин шаарда бир кесмелик ун жокпу? Силер кесме ичесиңерби? Болот тоюна боорсоктук а тургай бир кесмелик ун таба албай чый-пыйы чыгып олтурат. Мындайыңарды билгенде айылдан эптеп бир кесмелик ун ала келет элек дечи!..

— Жолдогу тосмолордун биринен болбосо, биринен кармалмаксыңар, алар бир кашык ун, бир ууч буудай жибербейт, -деди ар жактан бирөө, — а убара кылганы канча?

— Коюн-кончко катсак да алып келет элек го!..

Мен уялып кеттим да, токтоосуз айттым:

-Ун табылат байке! Тирүү жан эмеспизби!

-Ошондой десеңер!

Ар жакта той түйшүгү менен жүргөн Болотту Садык агай чакыртып алды:

-Ун бар экен, Абдрасул менен сүйлөш!

Болот чын эле капаланып, ушундай кантип болсун деп бушайман болуп турган экен.

Мен күлүп туруп айттым:

— Ун керекпи, жолдош юбиляр?!

— Кесмелик ун керек, эч жерден таба албай койдук, беш-алты кил ун керек!

Мен оюн-чынга аралаштырып сөз тизгинин кичине чоюп койдум:

— Кыргыздын чоң атактуу окмуштуусу, академиги 50 жылдык тоюна бир кесмелик ун таба албай коюптур деген эмне тамтык?..

— Ошону айтсаң, бир тоголок дан, чымчым ун саттырбай базарды жаптырып, магазиндерди какшытып таштабадыбы Хрущев. Оорулуу кишилерге бир сындырым ак нан табылбай калды. Кичинекей балдарга, кары-картаңдарга да убал болду. Тиштесең тишиңдин изи түшкөн , чайнагың келбей кыйналып жеген кара нанга араң жетип калдык. Дан сатууга катуу тыйуу салынып калганын ким каалап жатыптыр, Абыке?

— Айтпадымбы, ун керекпи?

— Ук, кичине угуптур! Шаардын аягындагы тегирменден табылат дегенинен киши жиберсем, «он кило буудай алып келсеңер, сегиз кило ун беребиз» деп директор жолго салыптыр. Анан дагы минтип эскертиптир:

— «Юбилей өтүп жаткандыгына байланыштуу он кило буудайды ун салдырып берүүнү сурайбыз!» деп тийиштүү мекемеден директордун наамына кагаз ала келгиле, ансыз буудайыңарды ун салдырып берүүгө акыбыз жок».

— Мына ушуларды уккан соң, төбө чачың тик турат. Мен ошол айтылган буудайды Төкөлдөш кыштагынан түтүнүн түрө кыдыртып таптыра албай койдум. Бирөө минтип барган кишини шылдың кылыптыр:

— «Айланайын, оозуң жакшы экен, буудай сатабыз деген кайда экен?..»

-Иш ушундай Абыке! Мага ушул учурда  ун таап берсеңиз, аябаган баалу подарка ошо болор эле! Давлением да көтөрүлүп турат, эс алууга убакыт жок. Боорсок, кесмеси жок эмне деген кеп?..эмне деген той?..

— Ушул окуяларды Хрущевке жазып жиберсе эмне болор эле?

Болот күңк этип койду, бет аарчысыны алып сүртүнүп,- эркелетет эле башыңыздан сылап…Мага да «шарапатыңыз»тиер эле…

Бирөө ун алып келатканды күндүз көрүп, билип койбосун деп иңирди күттү. Эгер суук көзгө чалдыгып калса баляа…

Болот киши кошуп берди, Бопонай экөөбүз үйгө келип, сырдалган чоң көк чакага басып, шыкап туруп үймөлөп  жүзүнчү электин унун бердик. Келген боз уландын алдына жүзүм коюп, ундун кайда экенин көрбөсүн деп алаксытып ортоңку бөлмөгө олтургузуп койдук. Ун балкондо. Чаканын оозун марли менен жаап, курчап бердик. «Билгизбей алып бар!» деп эскерттик.

Бир аздан соң Бопонай экөөбүз ээрчий басып Болоттукуна бардык. Дасторкон короонун ичине жасалгаланган. Салкын кеч, ачык асман. Болот Бопонайга ыраазчылык билдирип кымыз сунду.

-Жеңе, ак жалгасын! Менин колуман ушу кымызды ичип коюңузчу! Ажат ачтыңыз, суусап келгендирсиз? Ынак кымыз. Кеминден келди, суу кошулган эмес, менин заказым боюнча болду, жеңе!

Бопонай ак чыныдагы мелт-калт кымызды кармап туруп, Болотко жагалдана карап, сызылган жумшак үн менен:

— Окумуштуу ини-кайним, \Кеминдиктин кызы\ кыргыздар башынан эле биринде жогу биринен табылып, ынтымакташып келаткан жакшы салты бар эл эмеспи! Табабыз, дагы эмне керек!-деди.

Болот кичине шашкалактап:

-Жо-жок, жеңе, эми эч нерсенин кереги жок, баары жайында!

Жанында тургандар кыраан-каткы күлүп калышты.

Биз баятан бери юбилярга арнап тост көтөрүп жатабыз. Мен төмөнкү бир түрмөк ырым менен тост арнадым:

Окудуң агайлардан таалим алып,

Өткөрдүң жаш өмүрдү күйүп-жанып.

Мен сага Улукмандын жашын тилейм,

Бекболот, эл алдында жүзүң жарык!

Жунушалиев Бекболот, Адилов Ахмед, мен Ташкенде бирге окудук эле. Болот академик, чоң окумуштуу, Ахмед Казакстанда министр-экөө тең өз республикасынын мыкты уулдарынан болуп чыга келишти. Ахмед Болоттун жаны бирге досу, досунун торколуу 50 жылдык тоюна сүйгөң жары Гүлбахрам менен келиптир. Экөө тең шайыр, сөз тапкыч, күлдүргүч, тамашакөй адамдар экен. Бирге олтурсаң кумарың канат. Ахмед момпойгон  кара тоголок бала эле, эми…

Тойду кыскача сөз менен Төлөгөнов Садык аксакал ачты:

— Бекболот, биз Мүсүраалы экөөбүз аябай ыраазы болуп, сенин ушул даражага жеткениңе жетине албай, толкундап, эмне деп айтарга сөздүн ыгын келтире албай, ичибизден алкап, маңдайыбыздан кубанычтын тери чыгып олтурабыз. Кичинекей арык бала элең, Абдрасул Токмокто детдомдо эле, экөөңөр тең менден окудуңар эле, ошо жерден окууга Ташкенге бирге жөнөткөн  мен элем. — Ойлоно калды да кайра сөзүн улады. — Силерди адам болсо деген аракет, тилегим эми  ишке ашканын көрүп олтурам. Экөөңөргө тең ыракмат, көшөгөңөр көгөрсүн, кагылайындарым, бизди жер караткан жоксуңар. Бардык эле окуткан балдарыбыз билимдүү, мыкты болсо дейбиз, бирок андай болбойт тура!-деп келип, кана, чөйчөктөрүңөрдү алгыла, көп сүйлөп ийдим окшойт, киши карыганда көп сүйлөп калат экен, өмүрлүү бол, тилеген максатыңа жет!- деп Болот менен стакан тийиштирип шампанды тартып жиберди.

Садык аганын сөзү олтургандарга аябай жагып калды.

— Сөзге шебер, көпти билген, өзи келисимдүү жаксы адам экенгой, Болот пен Абдрасул калай адам боп шыга келди десе…осы кисиден окып таалим алып аттанган дар экенгой,-деди Ахмед оюн-чынын аралаштырып.

-Жас шагында калай жигит болды экен ау!..

Гүлбахрамдын бул сөзүн Ахмед илип алып, көринип тургой, жигиттиң-жигити болганы! Ол кезде сен жарык дүйнеге келмеген шыгарсың?!-деп күйдүргү сөздүн четин кылтыйтып баратканда тост көтөрүлүп калды.

Болот акыркы сөзүндө меймандарына ыраазычылык айтып атып, мени чымчып өттү:

— Абыкең кичинекейинен жетим калып, кедейдин кактооч атындай болуп бышып калган эмеспи!..Бопонай жеңем бактылуу, бала-бакырасынын кардын ачырбай камбылдык кылып ун камдап бергенин карабайсыңбы? Сиз берген ун Бопонай жеңе, менин тоюмдун дасторконунун көркүн ачты, ак боорсок жайнап калбадыбы! Бул баарынан баалуу подарка болду. Олтургандар дуу күлүп, Бопонайды урматтап кол чаап коюшту.

Түн бир оокум болгондо той тарады. Той көңүлдүү, жакшы өттү. Кызык куттуктоо сөздөр айтылып, ким сөз тапкыч, чечен экени да көрүнүп турду. Ушундай тойлор көп болсун дешип ак ниет каалоолорун айтып күүлдөп-дуулдап кайтышты.

*      *      *

Эртең менен Болот машинасын жибериптир. Бардым. Алыстан келген төрт мейманы бар экен. Конуп калышкан. Кайра чогулушуп олтурдук. Аңгемелешип эркин көңүлдүү олтурабыз.

Сөздөн улам сөз чыгып, ыгы келе калганда Садык агай  Болоттон сурап калды:

— Сенден бир сураарым бар эле, кайра келемби, жокпу өз оозуңан угуп кетейин. Молдо Кылыч менен Касым Тыныстановдун чыгармаларын жарыкка чыгаруу керек деп Борбордук Комитетке барып маселе коюп, ошолордун таламын талашыптыр, анан анын талабын Раззаков четке кагыптыр деп угабыз.

Болот бет аарчысыны колуна алып сүртүнүп, чай үстүндө жооп кайтарды:

— Ошондой болгону чын, укканыңыздар туура. Мен Раззаковдун алдына ушул маселени ачык койгом. Бирок ал киши чечүүгө батынган жок. Авторлор улутчулдар, чыгармаларында болсо идеалык саясий каталары бар деген айыптоолорду бетке кармап, жуутпай койгон. Ушул маселелерди козгогонум үчүн мага жеңил эмес чара көрүлдү…

Төлөгөнов Садык суроосун кайра улантты:

— Биз Молдо Кылычтын, Касым Тыныстановдун чыгармаларын окуганбыз, балдарга окутканбыз. Касым жалаң акын гана эмес, чоң окумуштуу да эле го? Жазган окуу китеби, эне тили бизге кымбат эмес беле? «Жакшы жагы бул», «жаман жагы бул» деп ачык айтып, чыгармаларына сын көзү менен карап, талдоо жүргүзүп, өздөрүнүн керт башындагы каталыктарын да көрсөтүп эле элдин алаканына салып берсе жаман болмок беле? Сонун илимий жана көркөм эмгектерди, ушундай табылбай турган асыл мурастарды бир беткей карап жокко чыгаруу маданияттуу элдин кылар иши эмес. Акыйкаттап кылдат карап, мындай мааниси зор тарыхый чыгармаларды кийинки муундарга берсе, атаганат, жакшы болбос беле!

Садык агай өкүнүп сүйлөдү.

— Бул азырынча агымга карата болуп жаткан окуя,-деди Болот жай сүйлөп,- Мен маселени ачык жана туура койдум. Сиз айткандай Молдоке\ Садык агайды Молдоке дейт экен\Молдо Кылыч менен Касым Тыныстановко окшогон чоң таланттар эч качан өлбөйт, аларды эл жоготпойт, качандыр болбосун бул жөнүндөгү менин оюм, талабым ишке ашат. Мен ага ишенем, көрүп турам.

Мен «Саятчынын Буудайыкка тор жайган» жеринен жана «Жаңыл Мырза» поэмасынан үзүндү айтып бердим.

— Ой байау, керемет кой!-деди эртеден бери сөзгө кулак төшөп уюп олтурган министр Адилов Ахмед. -Булай талантты байлыктарды колдан шыгарып жүберүв өкиниш.

Эртеден бери башын анда-санда ийкеп коюп, маңдайын анда-санда сылап коюп таң калгансып унчукпай олтурган Мүсүраалы Копобай уулу, мен да бир ооз сүйлөйүнчү деди:

— Уккандарыбыз чын экен, Болот менен Садыктын айткандары калетсиз!

Мен эки дүлөйдүн кантип сүйлөшкөнүн айтып берип күлдүрүп, меймандар менен коштоштум.

БОЛОТКО ГҮЛДЕСТЕ

1

Кашыктап көлдөн терең алып билим,

Гүл ачты кылдат бүткөн эне тилиң.

Укумдан-тукумуңа мурас калды,

Эл-журтуң сага ыраазы, Болот иним.

 

2

Өтпөгөң кимдер дүйнөдөн жарык?!

Айтпасаң, айтсаң бир өлүм анык.

Кылымдан-кылым эске алып даңктап,

Өчүрбөйт бийик ысмыңды тарых.

 

(Уландысы бар)

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.