“Дүйүм тамак жайнаган дасторкон көрсөм, буктурмадан безгек, муун дарты, шишик сыяктуу далай оорулар мени аңдып тургандай элестейт”.
Жозеф АДДИСОН

Адам күн бою короткон ал-күчүнүн ордун кайра азыктануу аркылуу топтойт. Топурактан жаралган денеси (Ыйык жазмалардан эмеспи) топуракта өскөн мөмө-жемиш менен улам калыбына келип турат. Демек туура азыктануу – саламаттыктын түздөн-түз себепчиси. Бул жаатында көйгөй көп – себеби адамдарды азыктандырууну эмес, акчаны жеңил жана көп табууну алдыңкы орунга койгон өндүрүүчүлөрдүн атаандаштыгы күч.

Өлкөбүздүн чабал экономикалык абалынан улам элдин карапайым калың катмары азыктын арзанына ыктап, зор эмгек талап кылган табигый өнүмдү эмес, жеңил өндүрүлүп, ошого жараша арзан бааланганына суроо-талап көп. Өкүнүчтүүсү, ошону менен алар үнөмдөбөй эле, тескерисинче орду толгус жоготууга учурап – ден соолугуна залал келтирип жатышкандыгын түшүнө беришпейт. Мындай учурда азыктын табигый өстүрүлүп, таза болушун, пайдадан дагы керектөөчүлөрдүн ден соолугунун камын көбүрөк ойлогон өндүрүүчүлөр мактоого, алкоого татыктуу.

Анан да Кыргызстан коррупциянын эле өлкөсү эмес, кыргыздар деле өндүргөндү билишерин, Кыргызстан бай, кооз, берекелүү өлкө экенин так ушул өндүрүүчүлөр тааныта алышат. Өлкөнү өнүктүрүүдө өндүрүштүн орду чоң эмеспи. «Кыргызстанда жасалган» деп дүйнөнүн булуң-бурчуна кыргыздын аты аталса жакшы го. Анан албетте, мындай ата мекендик өндүрүүчүлөрүбүздү үлгү кылып, ардак тактага алып чыгып сүрөп туруу абзел.

Ушундай саналуу гана өндүрүүчүлөрүбүздүн бири – “БайЭлим” азык өндүрүүчү ишканасы.

Таза азык күжүрмөндөрүнүн бири – Бейшенбек Бекешовдун “Айыл азыгы” дүкөнү тууралуу угуп, атайын барып калдым. “БайЭлимдин” өнүмдөрү менен да мына ошол дүкөн аркылуу тааныштым. Татымалдардын (соус) үйдө жасалгандай даамына тамшанып, ыраазычылыгым да, кызыгуум да артты. Фейсбуктагы лентамдан анын ээси Рысгүл Акимжанованын өнүмдөрү тууралуу постун көрөрүм менен суроо узатып, жыйынтыгында мына ушул маекти сиздерге сунуштап турам.

Жетиген Асанбек: Азыктарыңыз абдан даамдуу экен, ушундай эмгегиңиз үчүн алкышка татыктуусуз. Мекемеңизди «БайЭлим» атаганыңыз тилегиңизге шайкеш болсо керек? Эмнеден баштаганыңызды айтып берсеңиз.

Рысгүл Акимжанова: Эмгегибизди баалаганыңыздар үчүн рахмат. 2002-жылы “ЖИ Акимжанова” ишин баштаган. Кийинчерек кеңейиш керек болгондо ЖЧК (Жоопкерчилиги чектелген коом) түзүп, анын атын биринчи балам Байэлдин атынан атаганбыз.

Ж. А.: Биздеги атактуу ишкерлер көбүнчө соода жагына ыктап, өндүрүү жагын колго алгандар өтө сейрек. Эмне үчүн өз өлкөңүздө чоң өндүрүш ачпайсыз деген суроого капчыктуу саясатчыларыбыздын бири биздин өлкөдө ишкерлик кылуу кыйын деп жооп берди эле. Сиз кандай кыйынчылыктарды жеңип өттүңүз, өтүп атасыз?

Р. Акимжанова: Чындыгында Кыргызстанда ишкерлик, өндүрүш өтө оор. Конкуренция, коррупция, контрабанда көп. Бирок 17 жылдан бери бир гана сапат менен керектөөчүлөрүбүздүн купулуна толдук! Ийгилигибиздин сыры ушул гана. Кадам артынан кадам таштап, акырындан алдыга жылып отурдук. Башкалардай малекетти уурдабадык, пара албадык, менчиктештирип пайда көрбөдүк. Элдей асмандан же алдамчылыктан акча тапсак, биз деле байып жатып калсак керек эле.

Ж. А.: Жашылчалардан ар түрдүү татымдарды чыгарасыздар. Негизи эле бардык өнүмдөрдүн атын атай кетсеңиз.

Р. Акимжанова: Кант рафинадын, уксус кычкылдарынын түрлөрүн 17 жылдан бери чыгарып келатабыз. Томат, кетчуп, соустарды бир нече жолу чыгарып, утуру ар түрдүү бут тосуулардын айынан үзгүлтүккө учурап атты. Акыркы беш жыл ичинде үзбөй чыгарып келатабыз. Өнүмдөрүбүздүн сапатындагы негизги сырыбыз: бардык нерсени МС (ГОСТ) менен, дүйнөлүк стандарт менен чыгарабыз. Азыр ЭКО деген атты алып жүрүп атабыз, ошол атыбызга затыбыз жарашсын деп аябай тырышабыз. Чыгарган жана импорттогон өнүмдөрдүн баарынын сапаты өтө жогору. Арзан болбошу мүмкүн, бирок сапатка көңүл бурабыз.

Ж. А.: Ден соолукка зыяндуу кошулмаларсыз азыктар азыр өтө эле азайып кеткенсийт. Кирешеге кызыккан ишкерлер көпкө сакталуусуна, арзан, жеңил өндүрүлүшүнө карап сапатсыз өнүмдөрдү шыкап салышты окшойт. Ал тургай табигый жемиш такыр кошпой эле ширелерди чыгарышары белгилүү. Арзанына карап, элдин калың катмары так ошолорго суроо-талап түзүп берип атканы өкүнүчтүү. Бул келечек муун үчүн абдан кооптонуу жаратат. Саламаттыктын негизи таза азык эмеспи. Азыктарыңыздын сапаты тууралуу фейсбук баракчаңыздан окуп, кызыгуубуз артты. Окурмандарга сапаты тууралуу айтып берсеңиз.

Р. Акимжанова: Бизнестин башында бир ишкерлер менен биргелешип иштеп калдым. Бардык ишибиз, кирешебиз теңге бөлүнчү, бир жылга жетпей алардан бөлүнүүгө туура келди. Акчаны жакшы таап аттык, мамиле, бизнес жакшы эле болуп аткан, бирок бир нерседен көз карашыбыз туура келбеди: ал сапат эле. Технология менен жасабай, ар түрдүү арзан, адамга зыян нерселерди кошо бергенде чыдабай, өзүмө тийиштүүмдү алып чыгып кеткемин. Кийин өзүм баштадым. Буюрса, эл алдында жүзүм жарык. Таза азык чыгаруу өтө оор, кирешеси аз, бирок ошого карабай 17 жылдан бери эл тандоосун биздин пайдага чечишти. Элди бир алдайсың, бирок дайыма алдай албайсың.

Жылда жер-жемиштерди дыйкандарга заказ берип өстүрчүбүз, ар ким ар түрдүү болот экен, ар кошулма, семирткичтерди кошо берип жадатканда, өзүбүз өстүрүп, өзүбүз каалаган сапатта жер-жемиштерди алганга жетиштик. Соода фирмалары атайын лабораториядан текшерип, сапатыбызды жогору баалап атышат. Өзүбүздүкүлөр билбесе да, башкалар сапатыбыздан улам бизди тандап атканы мен үчүн зор сыймык.

Бизге көптөгөн консерванттарды саткан фирмалар продукцияларын сунуштап келишет, бирок бири менен да иштешпейбиз. Биз эч нерсе албайбыз десек таң калышат, анткени биздин азыктарга химикат кошулбайт.

Ж. А.: Демек, өзүңүз чыгарган азыкты өзүңүз дайыма колдоносуз?

Р. Акимжанова: Албетте, балдарыма өзүм чыгарган гана азыктан берем. Анткени 200% ишендирип кетем, химикат жок.

Технология боюнча консервацияга уксус, туз туура кошулуп, анан стерилизация туура болсо гана эч кандай бузулбайт, микробдор өспөйт. Бирок башка компаниялар уксус, электроэнергия (стерилизация) үнөмдөшөт. Ошонун айынан ар түрдүү химикат кошушат. Ошонун жыйынтыгын көрдүңөр. Технология туура жасалганда азыктын өздүк наркы да көтөрүлөт.

Ж. А.: Абдан жакшы. Эми ишкерлигиңизден сырткараак бир суроо: сизди биринчи көргөн адам сулуулук салонунда же моделдик мекемеде иштейт деп ойлошу мүмкүн. Сурай келсе эле, беш баланын энеси, дыйкан дагы болуп кетесиз. Бул жагынан да үлгү кылсак болот. Сулуу болуп жүрүш оорбу?

Р. Акимжанова: Менин досторум таң калышат: үйдөн челек-челек косметика таппайсыз)))). Сулуулук салонуна барганга убакыт деле жок. Спортзалга бир күнү, бассейнге бир күнү барам. Аларды калтырбайм. Генден го дейм. Таенем жаш көрүнчү, апам да жаш көрүнөт.

Ж. А.: Ишиңизге береке, элиңиздин алкоосуна татып, бакубат жашаңыздар!

Р. Акимжанова: Рахмат, сиздерге да ийгилик!

Жетиген АСАНБЕК

2 Replies to “Атамекендик өндүрүштөн айланып өтпө”

  1. Чындап эле бул фирманын продукциясы аябай сонун экен! Силердин макаланы окуган сон атайын барып Перец деген продуктун алып татып кордум. Керемет экен! Жашасын кыргыз ондуруучулору!

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.