(Повест-поэма)

«Фащизмдин айынан биз, немис эли дүйнөлүк коомчулуктун моралдык-рухий кысым кордугуна кабалып, эл караган жүзүбүз, жер карады»
(Н.Гиталло кошунам, немис карыя)

«А-буга көнбөй кыйыктана берсем, апам: «Ана, немис-пишис келатат, жеп коёт!» деп коркутчу»

(Атасы согуштан кайтпай калган агам Шырдак уулу Султандын айтканы)

ПРОЛОГ

1942-жылдын кеч күзү. Темир жол станциясына шыкала толгон эл, жүнүн жеп, батыш тарапты кооптоно «элең-элең» карап, толкуган көлдөй чайпалат ары-бери. Таңкы ызгырык жел чыйрыктыра жүткүнөт коюн-кончко. Балдардын чыңырыгынан, аялдардын ыйынан, карылардын муңунан онтой солкулдайт жер. Адашып кеткен жакындарын алактап издегедер мындан көп, кайсыл вагонго чыгаарын билбей дабдыраган андан көп. Аламанды жирей кыйкырган куралчан жоокерлер:

— Братья, по вагонам!

— По вагонам!

Ушу чакта алыстан оор замбиректерден удаама-удаа атылган октордун зарпынан титиреп кетти теребел. Ансыз да эстерин жоготкон көпчүлүк үрөйлөрү уча тыгылды вагондорддун тамбурларына.* Көп өтпөй сымжыгачка кадалган керней-радиодон* офицердин өкүм буйругу жаңырды:

— Внимание! Внимание! Эшалон отправляется в путь!!

Аны коштой чыңырды паравоз:

Пу-пу-у-уп! Пу-пу-у-уп!

Пу-пу-у-уп! Пу-пу-у-уп!

Эшалон оор жыла козголду ордунан. Ичкериге шыкала кирген кары-жаш көчүк коёрго жай таппай атса, кимдир-бирөө өкүнгөн таризде шак этти:

— Замбректер ойронун чыгарып атат бир жердин!

Ага какшык узатты колунда баласы бар келин:

— Менин туугандарым немис-фащистердин замбиректери десең тергебей!

— Үчүнчү бирөө каяша сүйлөдү келинге:

— Немистердин бааары эле фащист эмес!

Нарыдан дагы бири:

— Тек!! Кирерге ийин таппай атып, акыйнек айтышкандарын бул шордуулардын!

Күшүлдөй кыйкыра күүлөнө беррди эшалон.

Пу-пу-у-уп! Пу-пу-у-уп!

Кү-ш-ш, кү-ш-ш!

Та-ак-та-ак, та-ак-та-ак…

Так-так-так-так-так-так…

Пу-пу-уп! Пу-пу-уп!

Темир жолду жандай чубалган узун көчөдө адам эмес, ит-куштун карааны илешпейт көзгө. Адебей узундан-узун көпүрөөгө баш бакты паравоз. Көпүрөө титирей заңылдап, огеле жаңыра күчөй берди коогалуу добуш.

Кескелдирик куйругундай бултаңдаган акыркы үстү ачык жүк вагондо бараткандардын бири жаш акын Иохан Кунц. Көөнү гаш, көкүрөгү таш, жан дүйнөсү кум. Жүрөгү чоюн дөңгөлөктөрдүн дүкүлдөгү менен жарыша «дүк-дүк!..» Умсуна, көздөрүн тирмийте үңүлдү көпүрөө астына. Жыбырайт түндүн боз тонун кийген Волга суусу. Эми башын көтөрө, зарыга кылчайды артына. Саратовдон өйдөрөөк жээкте Энгельс шаары. Акыркы жолу көздөрүнө сүртүп калгысы келди, тулуп-өскөн калаасынын бараандуу да касиеттүү караанын. Туңгуюк караңгылык… Эч нерсе илешпеди көз учугуна. Туруп калды саамга нес абалда. Те, өзөк тереңинен үшкүрүнө күбүрөндү:

— Аттиң десе, туулган жерден түбөлүк айрылуу деген ушулбу? Жок дегенде караанын акыркы ирет көрүп калуу да буюрбаса!» Башы маң, көзү туман. Дилине тизиле калган ыр саптарды эрдин кыбарата, шыбырай күңкүлдөдү.

О, оопасыз заманың кургур,
Заманды бузган адамың кургур.
Жер бетин жексендеген,
фащисттерди урсун кусур!

Паравоздун ачуу чыңырыгы келтирди эсине. Тунуй түштү бозоргон көздөр. Көп өтпөй поёзд жете келди Чыгыш жээкке. Ушу тапта анын кым-куут түшкөн дүйнөсүн ыр саптары гана жоошутар эле

Көз алдында болуп аткан окуялар көңүл чөктүрөрлүк суз, коркунучтуу көрүнүштөр жүлүн тамырынан сызып чыккан кусалык сезиине жуурулуша, дарыя сымал «шар-р» жүрөгүнө агып, ыр саптарына айланды. Ордунан «шап» тура, Күн Батышка жүзүн бура жаңшыды:

Кош бол, туулган жерим!
ага бер, Волгам улуу суу.
Силерден эрксиз куулуп,
жегеним желим, ичкеним уу

Аман болсом кайтармын,
күндөрдүн бир күнүндө.
От жагып, түтүн булатып,
жашаармын ата үйүндө!

Орун-очокторунан эрксиз сүрүлүп, мукурап бараткан жүргүнчүлөр Иохандын ырын угуша, орундарынан «шап-шап» тура калыша, наркы жээкти карашты тегиз. Көз жаштары «шыр-шыр»… Кыйбастык, арман күүсүн черткен жаш акындын үнү шамал эпкининен шуулдаган дарак жалбырагындай «дир-дир…»

Куулгудай өз жерден,
күнөөм менин эмнеде?
Тамырым жарым жулунуп,
жарымы калды жергемде!
Көктөп кетээр бекемин,
бөтөн жерде, башка элде?

Анаконда жылааны кейиптене убала-сойлогон эски эшалон, шумгуй бой урду казак талаасынын кең кучагына. Күн кыйла көтөрүлсө деле доо-дараксыз куу талаа мисирейе, салкын желге чыйрыгышкан жүргүнчүлөр бири-бирине ынтагат. Жо-жок, булар жүргүнчүлөр эмес, өз үй, өлөң төшөктөрүнөн куулган сүргүн мусаапырлар.

Паравоздун аркама-арка пупулдаганы, темир дөңгөлөктөрдүн басылбаган дүкүлдөгү ийнедей сайылып атты жүрөгүнө. Ал кулагын алакандары менен калкалай, нааразылана күңкүлдөдү:

Ай-ай, ушу эшалондун
ышкырык, ызы-чуусу
тийип бүттү меддеме[1].
Көкүрөктө зил, күйүт,
көөнүмө сыйбайт эчтеме!

Жайчылык күндөрү Иохан поёзд менен далай жолу жер кезген, жетип жердин четине, чөмүлгөн Жапан деңизине. Жаш акындардын Бүткүл Союздук «Усирия жазы» фестивалына катышып, ырларын окуган. А кездерде күлгүн чак, ак жүрөк жигит, Пегас канатына кыялдана мине чабыттачу, уч-кыйырсыз аалам чегине. Поёздин чоюн дөңгөлөктөрүнүн бир ыргактагы ыр саптарын калпып алчу. Көзүнө көрүнгөндүн, колуна урунгандын, сезимине илешкенди баары түгөл ыр болуп туюлчу да жаңырчу.

А, бүгүн куралчан солдаттан ыдык көрүп, үйүрүнөн ажыраган азоо жылкы кейпинде. «Көк бөрү» оюнунда ойнолчу «улакча» ыргытылат кең Азиянын кайсыл бир бурчуна. Мынобу жан дүйнөлөрү иримдеп, сезимдери боткодой «кайнап» бараткан пенделердин бири болуп, чоочун жер, бөтөн элде мусаапыр тонун киймекчи. Ушуну ойлогондо кудум кызыган майга ыргытылган тооктой жыйрыла түштү денеси. Мына, маңдайында отурган жашы сексенден ашып калган карыя куюлган көз жашын алаканы менен сүртөт улам-улам. Шордуу чал ушул азыр өзүнө кудайдан башка жардам берер жан жоктугун сезип, көкүрөк чөнтөгүндөгү кипкичине крести аярлай колуна ала, эрдине тийгизе чокунду:

— Святой дух, отец и сын, храни нас!

Баары чокунуп киришти анын артынан:

— Святой дух, отец и сын, храни нас!

— …отец и сын, храни нас!

— …храни на!

— …храни!

Небересин тизесине отургузуп алган кемпир бышактап:

— О, Господ! Раз тебе нужен душа, бери мою! Но не трон внучкин душ!

Кемпирдин сөзүнөн улам, деми ичине түшүп кеткен Иохан, өткөн түндө Саратов вокзалында жүз берген кейиштүү көрүнүштү эстеди…

Вокзал. Бирөөгө-бирөө карабаган баш-аламандык. Кым-куут. Кимдир-бирөөнү издеп, ары-бери алдастап жүгүргөн өз карааны жүрөт, котологон эл арасында. Нарыраакта алча гүлдүү көйнөгү каалгый, кимдир-бирөөнү алактап издеп жүргөн кыздын карааны. Иохан көпөлөк кууган балача, ал тарапка чуркады эле, алдын торой калган куралчан солдат: сөгүнө-кагына буркулдады:

— Эй, немис, анука быстырээ входи вагон!

Паравоз ачуу «пупулдап» жиберди ушу тапта. Ал чочуй түштү, көздөрү «пар-р» ачыла. Жел кууган булуттай өзүнүн да, кыздын да элеси кайым болду көз алдынан… Вагондогулардын бири күрс-күрс жөтөлсө, экинчиси онтоп, дагы бири шылкыя үнсүз.

Анаконда-эшалон сойлоп барат, жойлоп барат Күн Чыгышка.

Пу-пу-у-уп! Пу-пу- у-уп!

Так-так!-так-так-так-так!

Дүк-дүк-дүк-дүк-дүк-дүк!

Пу-пу-у-уп! Пу-пу-у-уп!..

Жүрөк заарканат, паравоз ачуу, чыңыра «пупулдаган» сайын…

Жиниге соккон бороон,
жинди өңдөнө кутуруп,
айдап келди мени Ала Тоого,
камгактай калдактата учуруп.

Иохандын көкүрөгүнө ушул ыр саптары уюду, чокулары асман тиреген кар-мөңгүлүү толордун койнуна жетип келгенде. Кыргызстандын Талас жери буюрду Иоханга, Улгайган орус темир устага шакирт. Араба жеңди колу бош убактарда. Айтор, кыйла бошонду ичин «жеген» муң-бугунан. Бирок, бирок, фащисттерден ыдык көргөн элдин, төтөнчө майдандан «кара кагаз» келген үй-бүлөлөрдүн айрымдары «Сен фащисттин тукумусуң!» деп жектешет. Мындай дене-боюн ичиркенткен сөздү уккан кезинде, айылга эмес, сыйбай калып жүрдү өз терисине.

Дегинкиси кыргыздардын алабарман, ак көңүл калк экенине жылыды ичи. Бир жылда тил үйрөндү, дил үйрөндү. Сиңип эле калды элге. Бирок, «кара кагаз» келген сайын анда жүрөк жок. Эч ким күнөөлөбөсө деле, ичи муздап, айыптуу сезет өзүн. Жаз күндөрүнүн биринде районго келип, Түштүк Кыргызстанга барууга уруксат алды. Шөнтүп, «Сен фащисттин тукумусуң!» деген ачуу сөздү угуудан көңүлү калган жаш акындын тынч жерди көксөп качкан жери.

*      *      *

Ал темир жол станциялардын биринде вагондон түшө, тоо тараптан буудай тартып келген арабага отура, те ак кар, көк мөңгүлүү тарапка бет алды. Арабакеч да, өзү да үн катпай, жол жүрүштү кыйла. Мойсопут[2] арабакеч чочугандай суроо узатты бир маалда:

— Эй жигит, сен орус?

— Жок, немисмин.

Көздөрүн алайта карап:

— О, кыргызча билесиң?

Башын ийкеди Иохан.

— Сен Гитлердин уругунан экенсиң да!

Иохан не жооп айтаарын билбей, эрдин кыбыратып туруп калды. Ичи кат-кат түрүлө муздай күңкүлдөдү: Кай жерге барсам — Мамайдын көрү. Кутулбас болдум бул заар сөздөн. Таң-күн жолдо жүрө, бети туурулуп кеткен арабакеч оң колунун сөөмөйүн анын колтугуна такай:

— Хенде хок! Мен немисти аткам. Ал, мени аткан! — Эми такымын сөөмөйү менен нукуй,— Мына биериме тийген иттин огу!— Бети бозоро түштү тизгинин чукул тарта — Тр-р-р! Кана, түшүп калчы арабадан! Сендей немисти арабага салып алганымды бирөө-жарым көрүп, угуп калса, жектебейби мени!

Арабадан түшөөрүн же түшпөсүн билбей экилене туруп калды Иохан. Же айтар сөзү жок оозунда.

— Тууган, мен советтик немисмин. Гитлер капут!

Наркы дулдуя аны арабадан түртүп түшүрө, «чып-чып» камчы басты кош аттарга:

— Чу-у! Чу-у!!

Араба калдырап-калдаңдап учуп баратты таш жолдо. Күйбөгөн жери күл болду Иохандын. Сөгүнүп алды. Ич алеми тышына атып чыга, кимдир-бирөөлөргө ызырына:

— Жексурлар. Миллиондордун канын төккөнүңөр аз келгенсип, улуу немис элинин эл караган жүзүн жер караткан акмактар!

Акын жан ич алемин жай сөз менен айтса, канат албайт, ов! Маңызы ачуу ыр саптары куюлду көмөкөйүнөн: Муштумдарын кыса-түйө:

Күн Чыгыштан жойлогон тажаал,
жалмаган Күн Батышты.
Күн Батыштан сойлогон фащист,
Мойсоп атат Күн Чыгышты.
Бул эмине, кек куубу сөөк өчтү?
Же кербенби, же көчпү,
бакыт издеп Күндү ээрчиген?

О, жок!
Кербен эмес, көч да эмес.
Пенденин напси тойбогон.
Оозу — аң, түбү— оюк,
окаеанды сорсо толбогон.

Адам-эй, шордуу макулук,
Өз бутуңду өзүң кескен.
Суктугуң калар бекен,
келемиштей жерди тешкен?

Атак-даңк, байлык күсөп,
Өзүн Кудай сезе койкоңдогон.
Отрар, Вавилонду[3] ойрондогон.
Тперасполь[4], Москва тозоңдогон

Адам туруп адамды аябаган,
жыгылса сүйөмөлөп таябаган,
жакшылык кылууга жарабаган.
Андайлардан артык, ов,
төрт буттуу мискин-айбан?!

Кимге экенин өзү да билбейт, арийне, таарынды кимдир-бирөөлөргө. Ырдан чыгарды алемин:

«Немиссиң!» деп жек көрө,
түшүрүп салды арабадан.
Улуу немис перзентин,
адам деп санабаган.

Аздан соң ичинен тына жоошуй, арабакечтин ич дартын түшүнө, кечирди анын жоругун.

Бул байкуштун согушта,
окко учкандыр жакыны
Өзүнүн да минадан
үзүлө жаздаптыр такымы.
Ие, ие согуштун,
беймаза, ачуу татымы.
Бузулганда  замана,
Көсөмүң четке сүрүлүп,
Бийликке келет саркынды.

Анан эле кууш сайдан чыга, кең түздүккө баш бага, тык токтоду. Көз алдында керемет көрүнүш. Суктана карады туш тарабын. Акындык илхамы козголо, саамга унутту жол азабын, арабакечтин мазагын. Колдорун көккө көтөрө, жайкалган буудайды аралап жүгүргүсү келди. Балалык чагында Саратов талаасындагы көк майса буудайзарды аралай чуркап, жашынмак ойношчу теңкурлары менен. Күзөтчү алыстан кыйкыра кубалачу аларды. Бала деген пайда-зыянды билчүбү. Күзөтчү узап кетээр менен, оюн башташат кайреле. Балдар-кыздардын арасында көңүлүнө ынаган классташы Лена да бар. Экөө бири-биринен алысташчу эмес. Мынобу көз алдында жайкала-чайпалган буудайзардан Ленасынын элес-караанын көргөндөй болду. Кыз андан-мындан башын көтөрө коюп, кайра көрүнбөй калып аткандай… Элес, элестер… Өмөрүңдү ээрчиген караан элестер… Ыр саптары сызды жүлүн тамырынан өйдөлөй:

Көйкөлгөн буудайзарлуу,
жер куну асыл экен!
Төбөңө тийип турган,
асманы жакын экен!
Көз жетпейт көк жээгине,
мейкини закым экен!

Кайра тизмектелди элестер көз алдына… Волга жээги, Энгельс шары, сүйгөн кызы…

О, Ленам, жан ашыгым,
элесиң көз алдымда.
Кана эми, ушул азыр,
болсоң ээ, сен жанымда!
Куушуп ойноп жүрсөк,
Жел ойногон таң салкында.

Карегинде башын эгиз тоо этегине жаздап, аягын сары адырга сунган кең түздүк. Те төрдө созок айыл. Ага кеткен чоң жол айланыш экен кыйла. Жолун кыскартууну көздөп, башы өң буруп калган буудайзар ортосун тилип өткөн жалгыз таман жолго салды. Буудайзар тоо тараптан «гыр-гыр» соккон желге ыргала-чайпала «шуу-шуу…» Иохан кудум Саратовдун уч-кыйырсыз буудай талаасын аралап бараткандай сезип кетти өзүн. Алыс-алыстагы туулган жери менен мынабу эми эле бутун койгон бөтөн жер окшоштой ич туюмунда.

Буудайзардын как ортосунда сопойгон боз үйдөй дөбөчөгө чыга, эс алгысы келди азга. Чар тарап алаканга салгандай көрүнөт экен биерден. Көк челген чокуларга конуп алган ак булуттар, андан ылдый шөкүлө кийген келиндер сымал сымбаттуу арча-карагайлар, андан төмөндө караган-черлүү чап. Мал жайылып жүрөт бери төштө. Кыйыры көккө жалгашып жаткан түркүн боёктор менен кештеленген көк-жашыл, ак-сары, пушту-кызыл жер аалам. Айылга кире бериште чоң алма бак. Жадына сиңген ыр ышкысы огеле демите, эргүү-толкуу бийлеп алды боюн.

Дарыя, бөксө-талаа уч-кыйырсыз,
өз жерим Ольга жерине окшош экен,
буудайзарлар чайпалат алтын-сары.
Бейиш төрү, ажайып көз сүйүнткөн,
кеңдигичи керемет, салкын жазы.

Эрте жаздын жанга жагым жылуу желинең кубанычтын, толкундануунун шоокум дарыясы «шар» агып атты өөнө боюнда. Аттиң, мусаапыр жан экенин саамга унута, эргий-көлкүгөн абалы созулбады көпкө. Капылеттен как төбөсүнөн «шуу-шуу!» учуп өткөн эки куш бузуп жиберди таттуу кыял-эңсөөсүн! Алдыдагы качып баратканы айылга жетип-жетпей, жан далбастай кайкый кайтты артына. Ага куйрук улай кууган чоң куш алдын торой шумгуйт улам. Алынын жетишинче андан кутулууга жан үрөгөн алсыз кипкичине куш. Качып-кууй мунарыкка сиңе кайым болду көздөн… Ыр саптары айттырбай тизмектелет мындайда:

«Ие, ие! Замана зордукубу?
азап-кору мага окшош шордукубу?
Кара күчтүн өкүмү басмырлаган
Кандай күн да, кандайча кер заман бу?

Мусаапырмын, айылга батаар бекем?
Эли мага кучагын жазаар бекен?
«Фащисттердин тукуму, жогол!» дешсе,
босогодон артыма кайтаар бекем?

Жүрөгү түпөйүл тарта, көкүрөгүндө күдүк…

*      *      *

Чү дегенден көзүнө урунганы, Батышта жүрүп аткан алаамат кыргындын «сүрөтү» бадырая тартылыптыр, ушу тоо таянган айылдын жүзүнө да. Суздук. Эл кабагы бүркөө. Оту өчүп-өчпөгөн, үмүттүү көздөр. Көчөгөйдө ары-бери баскандар сейрек. «Алда не болуп кетер экен?» деше, те Батышка элең-элең кылчактаган эле адам. Бирок айыл эли бир кулак, бир тилекте өткөрүп атыптыр согуш «сыйга тартуулаган» катаал күндөрдү. Иохан, ыраматылык атасынын: «Эл жайчылык заманга караганда, кыйын кезеңде бири-экинчисине далысын жөлөп жашайт» деген сөзүн эстеди.

Колхоз башкармасы Жантемир Карабаев Иохан сунган жогор жактын «жолдомо кагазын» энтелей окуй берип, үтүрөйө сууй түштү ырабдайы:

— И-и, сени көрүп, оорумду колдон, жеңилимди жерден алат десем, — азга үн катпай туруп,— бизге сендейлердин кереги жок эле. Жоготуу мүшкүлүнөн жандары түтөп турган айылдыктар сенин немис экениңди билип, өрт алып кетишпейби. Каап десе!

Тулку бою катый, башы муз Иохандын. Жантемирдин кекээр, какшык, чочулоо, жек көрүү даамданган «немис турбайсыңбы!» деген сөзү көзөп жиберди мээсин. Какшык сөз көкүрөгүнө «эн тамга» болуп басыла турган болду. Кай жерге барса, ушундай каакым даам кеп угат. Качан кутулар экен денесин уулаган заар мыскылдан?

Башкарма колундагы «Жолдомо кагазга» тиркелген экинчи баракка үңүлө, төмөндөгү жазууларды окуду: «Гражданин Иохан Кунцту сенин колхозуңа жөнөттүк. Белдүү жигит экен, бир ишиңе жарайт. Эскертем, (Ушул сөздүн астын сызып коюптур) анын тагдырына башың менен жооп бересиң. Фрунзедегилердин гана эмес, Москвадагылардын көзөмүлүндө бу гражданин» деген тапшырмасы курутту алын. Демек, кайтарып жибере албайт

— Мейли, бизде жашап, иштейсиң.— Иохандын тулку боюна дагы бир ирет көз тиге.— Айтмакчы, бирээр өнөрүң барбы?

— Темир устамын, араба айдадагам.

— Жакшы, араба да айдайсың, темир устачылык да кыласың.— Анан табышмактанта,— Айтып коёюн, элге көп аралаша бербей, этият болуп жүр…

Кайра кыжаалат тартты Иохан. Эмне күнөөсү үчүн, кимден этият болот? Адам өлтүрбөсө? Ууру-кески, безери болбосо.

Эки уулу согушка кеткен кемпирдин үйүнө жайгашты. Үй ээси бели эки бүктөлгөн, чүкөдөй мээрман жан экен. Жадырап-жайнай жылуу кабыл ала, жазган дасторконуна тапканын койду. Анан ойлоно түшүп:

— Уулдарым уруштан келсе алдына коём деген ниетте катып койгон ак кантым бар эде, жылдызың ысык жигит экенсиң, чайга малып жеп ал!

Эне дасторконго муштумдан кырдуу кесек кант койду. Узак сакталгандан саргара баштаптыр. Көптөн бери мындай жылуу сөз уга элек мусаапыр жигиттин каткан көңүлү чайга салган ак канттай эрий-жибий түштү. Кыйладан бери күлкү көрө элек ууртуна жылмаюу уялады.

— Эне! Кудай буюруп, азамат уулдарыңыз аман-эсен кайтып келишет!

— Тилегиңе ыракмат, уулум! Тартынбай-нетпей жүрө бер. Уулдарым уруштан эсен-сак келишсе, үч келиндүү болом, кудай кааласа!

Жапайы чөп басып кеткен короодон бир тутам отун урунбады көзүнө. Малкананын бир ныптасы* урап калыптыр. Жүнү түлөп, жүдөгөн арык ит жатат босого астында. Ал узак жол баса чарчап келгенине карабай, ылдыйдагы суу жээгинен бир көтөрүм куу отун тере келип, улуулата от жакты очокко. Очок башында күймөнүп жүргөн кемпирдин түнөрүп, кезерип турган жүз-эрини алоо отко кызарып, учкун жылтылдады карегинде. Иханга жылуу ырай менен карап:

— Уулум, атың ким?

— Иохан.

— Не дейсиң, Рахим дейсиңби?

Иохан жылмая:

— Ооба эне, атым Рахим.

— Мени Кайры эне деп жүр. Кудайдын өзү жөнөттү сени мага. Экөөбүз эки жарты— бир бүтүн болуп тиричилик кылабыз.

Кемпирдин ээги кемшиңдеп, титиреп турду. Бирок көз жашы сызбады, суусу какшыган сайдай кургак көздөрүнөн.

Иохан эртеси малкананын ураган дубалын бүтөп, чөп-чардан тазалады короо ичин. Итти жууп-тазалап койду эле, жылтырап чыкты жүнү. Өзү да сүйүндү жасаган ишине. Бирок бир муздап, бир ысый берди көкүрөгү. Кемпирдин жүдөгөн абалына ичи ачыша, ичинен кайра-кайра сөктү Гитлерди.

О Гитлер, канкор, анткор,
сени да Кайры энедей
бир эне төрөдү беле?
Бактыңды, өмүрүң тилеп,
бешикке бөлөдү беле?
Элиңе кызмат кыл деп,
кудайдан тиледи беле.

*      *      *

Үчүнчү күнү устакананын ачкычы тийди колуна. Эки атты тарап-тазалап, жем-чөбүн бергенден соң, арабаны бир сыдыра көзүнөн өткөрө, оңдоп-түзөдү бузулган, кыйшайган жерлерин. Анан аттарды арабага кошо, азырынча кандай жумуш өтөөрүн биле элек болсо да, айыл араламакчы боло, эки чылбыр, бир тизгинди колуна ала, демитти суулуктарын чайнап турган кош атты.

— Чү, жаныбарларым!

Араба жай кылдырап, Иохандын көңүлү куунак, башын ийкейт өткөн-кеткенге. Бирок, бирок… алик алган жан жок анын саламын. Өмүрүндө немисти көрбөгөн айылдыктар, бир саамга таңдана карашат да, анан жек көргөн таризде көздөрүн алайта тиктеп, жүздөрүн үйүрүшөт андан. Андан көздөрүн ала качып, жүз үйрүшөт. Мындайда көңүлү пастап, колунан түшө жаздап атты камчысы. Жантемир айылдагыларга «келген жигит неме немис экен. Жакшылык келбейт колунан!» деп балп этип салган шекилди. Бир аз жүрө сустая кайтып келди идарага[5]. Аердеги бирин-серин жолуккандар да шол эле кейипте. Түнү уктай албады ойдолоктоп. Эл минтип жүз үйрүп турса, кантип жашайт да, иштейт бул жерде? Гитлерди жекире сөгө берип чарчады, бул жолу оозуна алууну каалабады анын ысымын. Тек, ыр саптары менен тынчыткысы келди иримчиктеген көңүлүн:

Өз журтунун жүзүнө көө сүрткөн,
адам сымал жырткычтан жийиркенем.
Даңазалуу элимди жер караткан
оозго алсам ысымын ичиркенем.

Колхоздун күнүмдүк жумушун аткарып, арабага жумуш чыкса кош атты чегип, устаканада узанып дегендей, тыным жок кечке. Көп узабай тектир-түздүн бетин бербеген буудайзар өң кайтарды туташ.

*      *      *

Орум-жыйым башталды адебей. Үстү тегиз, бир эмес эки-үч кырман сыйган жана шамалдын «көзү» экен Кырман-Дөбө. Дөбөнүн шамалдан далдаа күнгөй этегиндеги тектирчеде үч кепе. Биринде Иохан менен бригадир Сарыбай. Экинчисинде ашпозчу келин Акнур менен табелчи[6] аял. Үчүнчүсү ашкана. Нарыраактагы таш тамда жашашат эки мойсопут, төрт өспүрүм кырманчылар.

Бригадир Сарыбайдын жашы отуздарда. Согушта оң колун мина жулуп кетип, айылга кайтып келгенине жарым жылдай болуптур. Кишиликтүү, кечиримгөй да, боорукер. Чоңбу, кичикпи «сиз» деп кайрылган мулайым* пейилдүүлүгү өзгөчө. Баази-баазиде* аксакалдар аны жүзү сары чийкилдигинен Сарыбай-мала[7], көздөрү жашылдыгынан айнек көз деп эркелете айтышат. Колхоздун иши деп, күн-түн үй бетин көрбөй, өйдө-ылдый жүгүргөнү жүгүргөн. Немистер менен бетме-бет ташып келгениненби, ушу кең пейил, алабарман жигит да адегенде Иохандан сескенгендей боюн ала качып, жүзүнө шектүү карап жүрбөдүбү. Анысын жашырганга далалат жасайт, бирок аны сезип калган Иохандын кумурска чаккандай ачышып чыгат көкүрөгү. Бирок Сарыбай кыңыр оюнан тез эле кайтып, ишенимдүү жан шерик болуп, жакын ымалада болуп кетишти экөө.

Ашпозчу келин Акнур жарык маңдай, жылдыздуу жан. Жаштайынан ата-энесиз калып, Оштогу балдар үйүндө чоңоюптур. Ошол жерде табышыптыр күйөөсү экөө. Нак согуш башталардан бир ай мурда тою түшкөн. Жаш аялметтердин бири-бирине болгон танимайрамдык ышкы-кумарлары кана электе согуш башталып, майданга аттанган өмүрлүк жолдошу. Келин боюн канчалык токтоо, сабырдуу кармаса деле, жаш неме күйөөсүн сагына куса болгону баскан-турганынан, өң-жүзүнөн көрүнүп турат алейне. Колу ширин, бышырган тамагы кушкер[8], таптуу. Демдеген чайы маңдайдан тер чыгара ысык да, ичимдүү. Согуштун экинчи жылы элди өзөртө берип, азык-түлүк тартыш боло баштап, бышырган тамагы чакталуу: атала, оошак[9] ыстык, пиява[10] шорпо Кээ-кээде эттүү тамак жеп-ичип калышса, кырманчылар үчүн майрам. Курсактары жылып, куунак боло түшөт көңүлдөрү. Мусаапыр жигит Иохан Кунцтун азырынча биердеги бир гана кубаныч үзүрү— Акнурдун жерге төшөгөн пөстөгүнө[11] көчүк баса, жайган таптаза дасторконуна көзү кана, кушкер тамагын лазаттана татуу. Башка ыракат алаар не бар, согуш зардабынан көкүрөктөрүнө гүл-гүлө[12] түшүп, оор жумуштан каржалган чоң-кичик көз алдыда турса. Анын үстүнө кырманчылардын андан «үркүп» тургандары жанына батып…

Кызык, табиятынан жайдары мүнөз, ак пейил Акнур да көз кыйыгы менен өзүн шектене карап, турганын эки-үч жолу байкап калды Иохан.

Башкарма Жантемир кырк жаштарда. Жаштыгында теңкурлары менен Көксууга киринип, буту суу астындагы таштарга кыпчыла, сол бутунан сылтый басып калган. Сылтып басканы менен түлкүнүкүндөй кыйык көзү гана кичине өөндөй көрүнбөсө, өң-келбети келишкен эркек. Мүнөзү катаал, өз билгенин бербеген жөкөш. Ар качандан бир кача, чоң-кичиктин алдында миң кайталап айткан сөзү бул:

— Иштен кечиксеңер же бир ууч буудай уурдасаңар, күнүмдүк энчи наныңардан кур каласыңар. Кокус ишке келбей калсаңар, кыш чилдеде жоон саныңарга жеткире суу кечтирем. Ага да көнбөсөңөр, Сүлүктүгө ФИЗОго* айдаттырам! Анда деле оңолбосоңор, аскердик трибуналга кетесиңер.

Колхоз райондогу кырк бир колхоздун ири алдыда. Демек, Жантемирдин жыйындарда укканы мактоо, алкоо. Мындан келди, ити чөп жеген маал. Акнурдун Жантемир тууралу минтип айтканын уккан Иохан:

— Раис боору таш, көзү жаман, напсисин тыя албаган арам киши. Өткөн кышта эки келинге тийишип, айтканына көнбөй коюшса, болбогон шылтоо менен кыш чилдеде эки сааттай жоон санына жеткен сууну кечтире жазалаган. Экөө тең буттарын сүйрөй басып жүрүшөт бүгүн. Корком андан…

Табелчи аялдын ысымы — Ташмама. Жашы кырктар чамасында. Арык, өңү кумсарыңкы, бакыраң көз жана эркек мүнөз, анан кара далы. Кай бирөөлөр аны артынан «Эркек сабиз» деше какшыкташат. Чоң-кичик бойлорун ала качып турушат андан. Бетке чабарлыгы жанда жок. Бирок күзөтчү да, табелчи катары өз ишине тың. Күн-түн кырмандан көзүн албай, ким чөнтөгүнө бир ууч буудайды солоп алат экен деген таризде, акмалаганы акмалаган келген-кеткенди. Шон үчүн башкарма аны азил-чыны аралаш, тийише алкап калат:

— Азаматсың, Ташмама! Сен менин көзүм да, кулагымсың. Согуш бүтсүн, сени Жармат койчунун койнуна салып берем!

Алиге эркек аттунун койнун көрбөгөн ургаачы неме, Жантемирдин мындай сөзүнө ичи «кымыңдап», жыйылбай калат жамажайы.

— Раис аке, Жарматыңыз тоодон түзгө түшпөсө, кантип аныңызды эр кылам?

— Эркектин койнун көрсөң, тоо эмес, чөлдө, атүгүл гөрдө да жата калып жашайсың, карап тургун!

Мындайда Ташмаманын орсок тиши эрининен бери орсоё чыга, жыргай күлүп калат.

*      *      *

Табелчи аял тез эле бетке чабарлык көрсөттү Иоханга:

— И-и, немис! Не максатта келдиң бизге?

Эси ооп кала жаздады мусаапыр жигиттин. Жооп таппай шылкыйтты башын.

Аял:

— Не, тилиңди жутуп алдыңбы, үндөбөйсүң?

— Немис болсом эмне экен. Силердей эле СССРдин гражданимин.

— Колуңдан жакшылык келбейт дейм да.

— Көрө жатаарбыз ал жагын, эжеке!— өзүн токтото албай, ичи түрүлө, ызырына сүйлөдү: — Эмне, немистер адам эмес дегени турасызбы? Башка элдерден ашса ашат, кем жери жок. – Денесин майда калтырак басып, кубарып чыкты ак жүзү. Каар учкуну жылтылдады көк көздөрүнөн.

Раистин кылганы бул. Өгүнү кырманчыларга балп эткенин угуп калган:

— Бул итиң немис экен. Этият болуп жүргүлө!

Айыл элинин ушундай өгөйлөгөнүнө сезими жанчыла, эрки мокой, өз терисине өзү батпай жүрдү. Азырынча эрмеги, алаксытаар, көңүл көйгөйүн жоошутар досу — баш көтөртпөс жумуш. Анан көкүрөгүн жылыта, ичинен толкуткан ыр саптарын издөө, тизмектөө.

Ал бүгүн көңүлсүз кайтты үйгө. Кайры эне анын суз өңүн көрө:

— Рахим, не болду саңа? Ооруп калган жокпу бир жериң?

Көңүл чөгөт жооп каты Иохан:

— Жок эне, жакшы элемин.

— Анда неге кубарып турат өңүң?

— Табелчи аял «сен, немис, колунан жакшылык келбейт!» дебедиби.

— Анавы шалпык ооз, кара далы тебелчиби? О, ыраңы өчсүн анын. Шондой мерез ал. Сен уулум, немис болсоң не экен. Ар бир пенде өз эли менен сыймыктанат. Анан калса, баарыбыз Жараткандын пендесибиз. Гитлер немис болсо эле, бардык немис эли жаман болуп калабы…— Өңү суз тарта, үңүлүп турган Иоханды айай карап: — Жаман – ар бир элде бар.

Иохан ашыктай кипкичине, арык кемпирдин жүйөөлүү да, парасаттуу сөзүнө жибий, суктана карап койду бырыштуу да, жылдыздуу жүзүнө. Мындай ыр саптары куюлду көмөкөйүнөн:

Жашоону да, бирин-бири сүйүшкөн,
пенделердин тынч турмушун бүлүнткөн,
О фащистер!
Не кылдыңар, не максатка жеттиңер.
өтүк менен адам канын кечтиңер.
Өрттөп, таптап буудайзарды көйкөлгөн
талааларга ажал үрөнүн септиңер.
Бүт дүйнөгө өнөр-билим жайылткан
Немис элдин намыс-арын тептиңер.
Миң немистин бири болуп мен дагы
сен «ыйгарган» азап-муңдан эчкирем.

*      *      *

Кырманда буудай жанчуунун кылымдык өз эреже-тартиби бар. Үч кырмандын ар биринде эки ат, төртөн эшектин моюндарына камыт салынып, аркан менен катарлаша чиркелет. Аркандын экинчи учуна таңылган шакек кырман ортосуна бекем орнотулган момукка[13] илинет. Анан өспүрүм балдар ат-эшектерди айдактап, айланып-тегеренмей, айланып-тегеренмей, буудай самандан ажыралып бүткөнгө дейре. Андан ары буудайды самандан ажыратуу үчүн сапыруу. Акырында көз сүйүнтүп, көңүлдү ток кылган кызыл дан үймөктөлөт кырман ортосуна. Ошондо кырманчы кары чөк түшө ичинен минтип дуба окуйт:

— О кудай, кары-жаштын мээнети менен бүткөн бу кызыл дан урушта жүргөн жоокерлерибиздин жүзүн кызартып, денелерине ал-күч берип, жоону таш каптырсын, Оомиин!

Карыянын артына чөк түшө отурушкан Иохан, бригадир Сарыбай, төрт өспүрүм да алакандарын жүздөрүнө тийгизе, жакшылыкты тилек кылышат ак дилдеринен. Ар сапар кызыл дан кырман ортосуна үйүлгөндө кайталанат бул айныгыс салт. Акыркы жумуш Сарыбай менен Иохандын энчисинде. Капталган буудайды станцияга жеткирүү.

Райондон келген өкүл, башкарма, бригадир, табелчи — төртөө тикчие карап турушат ар бир орокчу менен кырманчынын көчүгүн жер искетпей. Төтөнчө Жантемир адам убал-сообунан коркпогон неме.

Акшам убак. Иохан арабанын дөңгөлөктөрүн майлап аткан. Нарыдан Жантемир он үч-он төрт жаштардагы өспүрүмдү мингичинин алдына сала айдактап келип калды. Жонуна кызыл камчы «чып-чып» тийген бала, чыңыра ыйлап келатат. Кырмандагы чоң-кичик кылчая карап калышты аларды. Жаалы чыккан тиги:

— Неге аңыраясыңар! Жумушуңарды кыла бергиле!

Жүзү муздап, ыржайган табелчи аял кырманчыларды табалай:

— И-и, өзүңөргө аз болсун, ушул сөздү тилеп!

Башкарма баланы алдына сала айдап кетти идара тарапка. Кырманчы аксакал секин күңк этти:

— Ушу табелчи аялдыкы өттү. Баланы башкармага ушактаган да шол!

Эртеси угушту, бир чөнтөк буудай үчүн сөөгү ката элек баланы ФИЗОго айдатып жибериптир. Мунун түп сыр-түйүнү жайында кимдир-бирөөгө шалп этип салыптыр Ташмама. А, сөз дегениң кадим су, жылчык таба тышка сызып чыгат.

Көрсө, башкарма күйөөсү согушта окко учкан аялга напсисин агытыптыр. Көнбөй койсо, тигинтип баласын бир ууч буудай үчүн шахтага айдап жатпайбы. А, Жантемир менен «жеген погу» бир табелчи аял, ал тууралуу көрүнгөн жерде минтип «шалп» этип жүрдү:

— Раис акем антпей эле, дардин[14] маңа айтканда, кара катын Канышың канзаада болсо деле, салып бермекмин койнуна!

*      *      *

Орум-жыйым башталгандан бери орокчулар шак-шактарда[15] түнөшүп, ошерде жеп-ичишет аш-чайын. Таң азандан жаткан жерлеринен тура-тура, орокторун колдоруна ала, «шыр-шыр-шыр-шыр…» Күндө жуунуп-таранып, күзгү колдорунан түшпөгөн кыз-келиндер жүдөштү жүздөрү шамалга торуга, күнгө күйө.

Оңдой берди болуп, башкарма районго жумуш менен кетсе болобу. Айтуусуна караганда эртең кайтат экен. Ушундан пайдаланган Сарыбай:

— Рахим, ( Кайры эненин Иоханды тили келбей Рахим деп атап алганы, элге унай[16] берген) кечке жакын орокчуларды арабаң менен Көксууга алып бар. Жуунуп-тазаланып алышсын. Антпесе орум-жыйым башталгандан бери денелери суу көрө элек.

Күн кыр башына оой бергенде, Иохан кыз-келиндерди, өспүрүмдөрдү арабасы менен алып барды дарыяга. Туулган күндөрүнөн дарыянын шоокумун угуп, толкундары менен жарыша чабак атып ойношкон өспүрүмдөр дырдай жылаңачтана, жыргады дейсиң! Кыз-келиндер көйнөктөрү менен сууга түшө, кыраан-каткырык, бири-бирине суу чапчый шоктоктошту. Кызыл, ак, пушту, айтор, түркүн-түс упузун көйнөктөр суу бетинде калкый, кадим көктөн канаттарын жаза каалгый, көлгө түшкөн ак куулар. Согуш салдары: жүрөктөрүнүн үшүн алган «кара кагаз», күйөөлөрүн, ата, ага-инилерин күтө кусага баткан сагыныч, түн-күнү токтобогон оор жумуш, айтор, баары-баары унутулду саамга.

Денелери жибип, аруулана, суу чачтары балтырларына жете төгүлө, суйкая супсулуу болуп кетишти. Деңиз толкундарынын үстүндө көпкө кайкый уча, жээкке «дуу» коно калган ак чардактар сымал, акыры кашатка тизиле отурушту перилер. Бирин-бири кытыгылай, шакаба чеге башташты эми.

— Пай-па-ай, Акнур! Жөн эле чырайың айдай ачылып кетти го, чиркин! Ушу кечте күйөөң уруштан кайтып келип калса, жыргамак-ов!

Акнур:

— О-о, анда үйдөгү бар төшөктү калыңдата салмакмын!

— Ие, күйөөңдүн койнун сагына, куруп бүттүң-го, кесел[17]!

— Өзүңчү, жаздыгыңды мыкчый кучактап, түн уйкуну көрбөй жүргөндүрсүң!

Анда кыздардын бири:

— Коюңуздарчы, уят эмеспи!

Тиги келин:

— Э-э, кайын сиңдим десе, төшөк жыргалын, эркек койнун көргөн жоксуң да-а, аттиң!

— Ха-ха-ха-а-а!

— У-ху-ху-у-у!

Сай ичи күлкүгө лык…

Иохан Кунц деле акыркы жолу Лена кыз менен Волга суусуна түшкөндөн бери кенен-кесир сууга боюн ура элек. Опурулуп-сапырылган толкундар менен жарыша сүзө, аркы жээк, берки жээкке көп жолу чабак ура өтүп, балык-балык болду кайран. Анан жээкке чыга, арыда ызы-чуу түшө киринип атышкан кыз-келиндерге суктана, кызыга карады. Мына, көз алдында Көксуу те өз дарыясы Волгага, кыз-келиндер өз хуторунун кыз-келиндерине айлана кубулду… Ызы-чуу түшө суу чапчый ойноп аткандардын арасында өзү менен Ленанын караанын көрдү. Кыздын алтын түтүү суу чачтары далысына, төмпөйгөн төшүнө төгүлгөн. Асман көк көзү ойноктоп, упузун кирпиктеринде суу тамчысы. Ана! Экөө жарыша бойлорун сууга таштай сүзүп баратышат, толкундарды жирей-жирей.

Каап, көз алдындагы ширин элестер «пыр-р-пыр-р» учуп кетти, нарыдан Сарыбайдын үнү чыкканда:

— Болгула-а! Кайтты-ык!

Өр жолдо араба тартып бараткан эки аттын богоктору көбө, суулуктарын чайнаша, ооздорунан көбүк чыга кышылдап-бышылдап барат. Көңүлдөрү гүлдөй ачылган кыз-келиндердин. Оболу бир-бирден, экиден, анан чогуу созолонто ырдашып, жаңыртышты эки бет асканы. Ээн жолдо ич дарттарын чыгарып алууга дилгир баары. Эми экиге бөлүнүп алыша, бир тарабы «жигиттер», бир тарабы кыздар болуша алым сабак айтыша кетишти. Адегенде ыр сайды жаңырткан шаң менен башталды. Кыз-келиндер бирин-бири чымчылай тийише, күлүп алышат жыргай.

Кайкып учкан көпөлөк,
Асманга жетти көкөлөп.
Тоготпой койсом жигитти
Бечара калды өпкөлөп!

Кайран күндөр өттү шок,
шол жигитим бүгүн жо-ок.
Караанына зар болуп,
Жүрөмүн өзөк жалын-чок!

Анан эле арман-асиретке айланып кетти ырлары:

Келиндер:

Кыр-кырдан нары кыр экен,
Кыңылдасаң ыр экен.
Лазатын көрбөй эриңдин, ов!
Жүргөнүң ашкавар[18], муң экен!

Селдин башы сел экен,
Селкинин көркү эр экен.
Куруп бир кеткир уруушуң
Көздөй көргөн эркекти
ала жатчу гөр экен!

«Жигиттер»:

Силер анда, биз мында-а,
аралык деген бир кыйла.
Ок «жебесек» бир күнү
— барарбыз тууган айылга.

Төшөк эмес, окопто,
кар төшөнүп жатабыз.
Жубайлар жазган каттарды
көкүрөккө катабы-ыз!..

Баары:

«Кара кагаз» каңшаарың
суусун алды жүрөктүн.
Куруп кеткир уруш, э-эй,
гүл жашоону жүдөттүң!..

Сай жаңырткан ыр тып басыла, араба дөңгөлөктөрүнүн кыйч-куйчу… Жанараакта эле кыз-келиндер шаңдуу ырларын уга эргип бараткан Иохандын муздай түштү көкүрөгү. Кош атка кезек менен камчысын домдой «чү-чүлөгөн» үнүндө ичтен сызуунун каңырыгы…

Сарыбай сыйга берген эки сааттык жыргал мүнөттөр, Жантепмир-Үзү жоктун тартуулаган чыры менен жалгашып кетсе болобу! Кийинки күнү кечке жакын кайтып келген Жантемир Көксууга барып келгендерди от жакпай, казан аспай куурду өз майына

— Баарыңды тирбуналга берем! ФИЗОго айдаймын!— Камчсын көрүнгөнгө кезей жаалдана. — Бул жоругуңар үчүн эки күн бир сындырым нан бербеймин!

— Жантемир, орокчулар кыйладан бери шак-шакта жатып-туруп, суу көрбөй кыктап, шордоп кетишкенден жуунуп-тазаланып алышсын дедим. Өзүбүздүн эже-карындаштарыбыз, келиндерибиз, балдарыбыз-го булар!

Башкарма эми ары жакта кош атты арабадан бошотуп аткан Иоханды кекетип кирди:

— Эй, немис! Саңа ким укук берди, колхоздун унаасын минтип туш келди айдашка. Кетип жогол, келген жагыңа!

*      *      *

Иохан ойдолоктоп жатты уктай албай. Кабагы карыш салына, ичи тыз. Башын катып жатты төшөгүнө. Түн катып СИЗОдон кайтып келген Сарыбай кепеге кирип келе:

— Рахим, не болду саңа? Тур, данды кампага жеткирели.

Башын төшөктөн чыгара, минтти Иохан:

— Мен кетем.

Бригадир төшөк кырына отура калып:

— Каякка кетесиң, каякка батасың, мындай мүшкүл күндөрдө?

— Кекиртегиме жетти раистин эки күндүн биринде «сен, немис!» дегени. Ансыз деле мен мусаапырмын. Кетем башым оогон жакка. Шүгүрчүлүк, алты саным аман калды.

— Эч кайда кетпейсиң, жооп бербейт биердеги туугандарың. А, ЖЖүзү жокшондой, адамдын өң-жүзүнө карабай сүйлөгөн арам. Ага да нообат[19] келээр.

Иохан төшөгүнөн тура, көкүрөгүн Сарыбайдын төшүнө баса:

— Ыракмат, боорум!

Ал Сарыбайга сүйгөн кызынын айынан болгон окуяны айтып берди…

*      *      *

Иохан классташ кызы Ленаны сүйчү. Ак-сарынын сулуусу эле ашыгы. Чачы алтын түспөл, балбылдаган пияладай-пияладай көк көздөрү таңкы көлдөй туптунук. Кирпиктери булак жээгинде өскөн чечек гүл мисал. Хутордогу көп жигиттер ага ашык. Иохан уландардан муш да жеген анын айынан. Буга да кайыл эле сүйгөн кызы үчүн. Анан эле кыргын согуш башталып кетти. Алгачкы «кара кагаздар» келип, үшүн ала баштады элдин. Согуш улам Чыгышка жылып, каптап келатты улуу өрт. Негедир хутордогулар немис улутундагыларды шектүү карап, алардан четтей башташты. Окуучулар буудай орумда жүрүшкөн. Лена экөө жанаша. Ушу чакта классташ балдардын бири кер какшык айтты ага:

— Иохан, сен Гитлердин тукумусуң. Тиги немкаң Аннаны ыктасаң жарашат.

Өмүрүндө биринчи жолу сөз уусун татыган жаш улан, али ойлоого үлгүрө элек суроолорду берген өзүнө: “Оруспу, немиспи, казакпы – айырмасы эмнеде?”

Лена болсо, анын артынан калбай ыйлактап, тиги улан менен кер-мур айтышканга да үлгүргөн.

— Немис болсоң эмне экен. Сени сүйөмбү — сүйөм.

Класстагы орус, казак, татар, немис классташтары — баары Иохан тарап болушкан ошондо. Мектепте жыйын болуп, бакан ооз кеби үчүн айыпташкан жанагы уланды. Бирок айтылган сөз — атылган ок экен, айыкпас жараат так калтырган анын жаш жүрөгүнө.

Окуяны кунт коё уккан Сарыбай:

— Элди бөлгөн маскүнөмдөр[20] бардык жерден табылат. Ошондойлордун азабын тартып келген адамзат. Кудум бүгүн да дөйнөнү өрттөп атышат андайлар.

*      *      *

Иохан кыр боорунда чалкасынан жата, көз тикти түн көгүнө. Айсыз, жылдызсыз кара түн. Кооптуу дүйнөнүн кооптуу түнү… Ал Александр Блоктун «Түн» аттуу ырын кайталады күбүрөнө:

«Мрак. Один я. Тревожит мой слух тишина.
Все уснуло, да мне-то не спится.
Я хотел бы уснуть, да уж очень темна.
Эта ночь — и луна не сребрится…»

Бул жердин Күнү да, Айы да Саратовдун Күн, Айына караганда жакындай туюлду жерге. Айсыз түндө заңкайган тоолор сүрдүү. Туулуп өскөн жеринде мындай асман тиреген тоолор жок. Жапыс дөңсөөлөр, кокту-колот, шалбаа, жапжашыл талаалар. Көз тайгылткан мейкиндик… Россиянын вена тамырындай буркурап аккан Волга, майда тамырларындай ага куйган суулар. Атасы экөө түнү кайырмак менен балык кармашчу. Айдың кечте балыктар суу бетине «чулп-чулп» секире ойноктосо, бала Иохан жыргап калчу, кайырмагын унута.

Атасы теректей узун бой, эл айтмакчы килтейген немис болчу. Эңгезердей чоң адам болгону менен, бала кыял, ак пейил. Анан ыр жандуу эле.

Кемедеги каютасында немис акыны Гейне, Шиллер, Гёте, орус акындары Пушкин. Есенин, Блоктун китептери. Колу бошой калган учурларда, Иоханды тизесине отургузуп ала, ташпанардын жарыгында үн чыгара эргий окучу акындардын ырларын. Кээде баарын унута, көзү жашылдана, алыскы деңиз, океандарда сүзүүчү чоң кемелердин капитаны болуп, жер шарын айланбай калганына өкүнүп калчу. Өзү да ыр жазчу, бирок эч кимге, атүгүл Иоханга да окуп берчү эмес. Бир гана жолу бир куплет ырын окуганы бар:

Чоң кеменин капитаны болсом кана,
Океандарды жирей сүзүп жүрсөм кана!
Чарк айланып жер шарын суу жолунда
Магелландын изине түшсөм кана!..

Айтор, атасы жетпеген максатына. Отуз жашында Ленинграддагы аскер-деңиз окуу жайында окуп жүрсө, финн согушу башталып, биринчилерден болуп аскерге чакырылып, окко учту. Анан эле Ата Мекендик согуш өртү каптап, минтип Чыгышка сүрүлдү Иохан өзү.

Атасынын шык булагынан Иохандын көкүрөгүнө ыр ширеси тамганбы, айтор, өспүрүм кезинен ырга ыктап, көкүрөгүнө ыр саптары тизмектеше баштаган. Бир жолу Лена экөө кечки Волганын бийик жар кашатында кыналыша отурушкан. Жанында көңүлүнө ынаган супсулуу кыз, төмөндө айтып, анан арасында өз дилинен сызып чыккан ырларын кошуп коюп атты.

Лена байкаган жок мунусун. Акырында көңүлү түтпөй кетип, минткен:

— Лена, өз ырларымдан айтып берсем угасыңбы?

Лена аны таңдана карай берип:

— Ыр жазасыңбы?

Иохан тартынчыктай:

— Ооба.

— Кана, айтчы!

Ал тамагын кырына, үнүн түзөй, бурала эшилип агып аткан улуу суудан көздөрүн албай:

— О Волгам, касиеттүү улуу дайрам,
«жыбыр-жыбыр» агасың түн койнунда!
Лена экөөбүз сырдашып отурабыз,
сени сүйө, жар кашаттуу боюңда.
Сүйгөнүмө сүйүнчүлөп коёюн,
үй салгым бар ушул жээкке оюмда.

Лена ордунан тура калып, анын маңдайынан өбө:

— Ой, ырың укмуш экен! Ооба, дал ушерге салабыз үйүбүздү! Сен буюрса чо-оң акын болосуң! Ар бир жазган ырыңдын алгачкы окурманы түбөлүк өзүм болом!

Иохан маңдайы Ай нуруна чагыла, алтын сары түспөл чачы көздөрүнө түшүп турган айман кыздын ууртуна аяр тийгизди эрдин.

— Ооба, жаным! Дал ушерге салам экөөбүздүн үйүбүздү. Таңды-кеч улуу суунун деминен азык ала, ынтымактуу жашайбыз!

— Мен сага он бала төрөп берем!

— О-хо-о! Анда мен дүйнөдөгү эң бай, эң бактылуу ата болом!

Ал Ленаны шап көтөрө, сокмок жол менен түшүштү жээкке. Жүздөрүнө суу чайышты. Салкын сууга черлери жазыла сергек. Кыздын маңдайынан назик сылай берип:

— Жаным, ушу улуу суудай улуу дөөлөт, соолбос өмүр сүрөлү!

Лена үн катпай сүйө бакты аны. Көпкөк асман, океанда сүзгөн аппак жел кайыктай Ай, ак нурлар бетине чагылган жарлуу кашат, жымырап агып аткан улуу суу — Волга. Анан эки ашык. Башкалары түн лаззатын татый ширин-ширин уйкуда… Ай нуру чагыла, суу түбүндө шоктоно ойногон сансыз чабактар. Экөө балыктардай кууша ойноп, жар бетинде жаңырып атты ширин-ширин күлкүлөрү.

Минтип заман аласапыран болуп кетип, ал ыр жазуу эмес, өзүн таппай калды. Ар бир ырынын тунгуч окурманы болом деген Ленасы бүгүн кай жерде экени дайынсыз. Анын көкүрөгүнө уялаган жалгыздан-жалгыз жан шериги — ыры бүгүн. Өз ырынын угарманы да өзү шу тапта.

Бийик чокунун артынан «булт» эте чыга калган токумдай кара булут тосуп калды, чокуда илинип турган Ай жүзүн. Караңгылык каптады аңыз талааны. Шол токумдай кара булут Гитлердин кара шинелине окшоп көрүндү көзүнө. Чочуп кетти ал. Токумдай булут чоңоюп, кеңейип отуруп, Ай, Күн жарыгын биротоло тосуп, жерге жарык тийбей калса не болот. Гитлердин капкара шинели жер бетин жаап калсачы. О, кудай бетин көрсөтпөсүн анын! Иохандын бырыша түшкөн маңдайы жазыла электе «жарк!» эте чыга келди Ай. Токумдай кара булут кайып болду каяккадыр. Анын те өзөк тереңинен ыр саптары жылжый көмөкөйүнө куюлду:

Көктө ыдырап кеткен кара булуттай,
житип кетсин фащистердин карааны.
Бетховенди, Гётени жараткан
Немис элим адамзаттын алдында
айыптуудай тартпасынчы санааны.
Адамзатты жарга түриткөн Гитлердин
оюлсунчу кан тепсеген таманы…

Түн күзөтө атырды таңды. Ай сөнө, жылдыздар суюла, асмандын чыгыш чети агыш тартта, буттарын кең ааламга жаза-суна ныксыраган Эне-Жер ушалады көздөрүн. Кыр боорундагы чоң түп шыбак астынан эки торгой «шуу-шуу!» эте көккө атып чага, безеленип кирди:

Чүрү-лүй! Чүрү-лүй!
Чүрү-лүй! Чүрү-лүй!

Экөө эки чекит, канаттары кадим чимирилген пара. Сайраны бир жакшына! Кудум жаңы тили чыккан бөбөктайдын чулдурундай жагымдуу да, уккулуктуу күлкүсүндөй. Анын артынан башка куштар… Көңүлү көкөлөй түшкөн Иохан кош аттын жем-чөбүн бере, сууга тутту. Баштарынан туяктарына чейин шашпай тарап-тазалоо күндөлүк айныгыс да сүйгөн жумушу. Эки жылкы эгиздей окшош, ак кула, ары күчтүү, сулуу. Биринен-бири озо баштарын жөлөйт Иохандын көкүрөгүнө. Аттар эркелей кишинеп, өздөрүнөн алыстаткысы жок аны. Бүгүн түш ченде Сарыбай аке экөө дан жеткиришмекчи темир жол станциясына.

Таңкы айдарым жел жүрө, кары кишилер данды жыгач күрөктөрүнө сүзүшө, сапыра башташты. Жерге «шыр-р-шыр-р» түшкөн данды саманынан тикен шыпыргы менен улам ажыраткан өспүрүм балдар. Дан сапыргандардын үндөрүнөн шаттык, үмүт, муң менен санаркоо, тынчсыздануу менен күтүү ыргактарын угуп атты Иохан. Таңкы жел тынымга жүрбөй калса, кырманчылар кыбылага карашат:

— Ке-ел, Айдар, ке-ел! Алтын данды ажырат саманынан!

— Шамалдын пири, Айдарым, ке-ел-кел!

— Ке-е-ел, Айдар, ке-е-ел! Жигиттерибиз фронтон эсен-аман кайтып келишип, өздөрү сапырсын буудайды!

Көккө ыргыткан буудай “койнун” аралаган таңкы жел топонун ажырата, «шыр-р-шыр-р» куюлуп атты кыпкызыл дан. Иохандын көзүнө дан эмес, Күн жуткан кыпкызыл ыр саптары болуп туюлуп, ыр саптары акты эргип-көлкүп алган Иохандын көөдүнөн:

Айдарым жел «гыр-гыр»,
сапырылган кызыл дан
«шыр-р-р… шыр-р-р…
Кырманчынын көзү күлө
чертилет сезим күүсү,
ачылган көңүлү гүл-гүл.

Кызык… Шырылдап куюлуп аткан кызыл дандар адамдарга окшоп көрүнүп кетти көзүнө. Төрт жыл бою согуш мүшкүлүн тарткан өзүнө тааныш, бейтааныш замандаштарына окшош…

Сапырылсын шамал-желге,
ырыс-кешик кызыл дан.
Бороон сокпой жер бетинде
Ата берсин күлмүң таң.

Тигине Акнур даярдап атат таңкы чайды. Кыймылы шагдам. Сүйкүмдүү келин. Жаш айымдын күйөөсү кайтып келсин фронтон. Ал чакыра берди кырманчыларды чайга:

— Чайга келиңизде-ер! О, нанүштага келиңизде-ер!

Үнү бир жагым жылаажын шыңгырындай! Эми Иохан тарапты кариай:

— Рахим аке-е, чайга-а!

Күн чашкеге чейин сапырылып бүттү буудай. Жыты буркурайт, мурун танооосун кытыгылай. Ушуну эле күтүп тургансып, «тык» басылды Кара-Кыяк тараптан сокчу таңкы жел. Кырман толо кызыл дан. Бели ийиле баскан кары кырманчы өспүрүм небересин чакыра:

— Уулум, сен баштап берчи!

Бала сүйүнө, топусуна данды толтура салды капка.

— Ыракмат уулум, уруш бүтсө, сен кырманыбыздын башкы дан сапыруучусу болосуң! — Ал кыбылага карай дуба окуду ичинен:— О Эгем! Ушул буудайдын нанын жеген жоокер уулдарым каруу-күчкө толуп, баскынчыларды жеңип келишсе, өздөрү болушсун кырман ээлери! А, биз алардын үзүр-кызматын көрүп, карылыктын бактылуу доорун сүрөлү! — Небересине кайрыла.— Энди сен капты ачып тур, мен салайын.

— Шыр-шыр-шыр-шыр!..

Кырмандагы дандын жарымы каптарга салынып, арабага жүктөлгөн маал. Акнур адаттагысындай жадырап-жайнап, ак дили менен дасторконун жайып, түштөнүүгө чакырды баарын. Кырманчылардын урматына бул сапар кымтып-топтоп жүргөн майна каттама даярдаптыр. Жаш келиндин өзүндөй солкулдаган шипширин каттаманы оозуна салган Иохан, көз кыйыгы менен Акнурду уурдана карай, ийкеп койду башын. Мунусу «каттамаң шипширин!» дегени. Тиги да ийкеп койду башын секин. Мунусу «Ыракмат, Рахим аке!» деген ишаараты.

Мойсопут кырманчы:

— Айланайын келиним, колуң ширин сенин. Максатыңа жет. Күйөөң уруштан эсен-аман кайтып келип, очор-бачар бүлөө күткүлө!

Акнур жаркылдай:

— Ыракмат аба!

Ушу мерзимде почточу чал келип калды нарыдан. Кабагы суз, салкын айтты саламды:

— Ассалоому алейкум, кырманчылар. Кырманга береке!

— Алейкум ассалам! Өмүрүңө береке! Кел-кел, жакшылык кабар мененби?

Ал дасторконго отурууга шашыла бербей, жанагы мойсопут кырманчыны нарыга чакыра, шыбыраша кетишти экөө. Алардын муздай түшкөн өңдөрүн көрүп, отургандардын шаабайы сууй, каттамасы оозундагысы — оозунда, колундагысы – колунда калды. Мойсопут кырманчы секин бирок, угуза сүйлөдү:

— Мүшкүл заман. Жашырганда не, Акнурдун күйөөсүнөн «кара кагаз»…

Суук кабар кулагын кызытып, жүрөгүн муздатып жиберген Акнур:

— А-а-а! — деген бойдон кирип кетти кепеге.

Дасторкон бетине кыроо да аяз түшүп, нес басты отургандарды.

Казандагы майдай сызгырыла ыйлап атты бейбак келин:

— А-а-а! А-а-а! Өлүп кет фащист! Өлүп ке-ет немис!

Ичи эзиле эшилип турду Иохандын. Немис уулу болгону үчүн өзүн күнөөлүү сезди жапжаш келиндин алдында.

Кырманчы карыя үшкүрүнө:

— А-а энди, мүшкүл заман баарыбыздын энчибиз! Кабыргабыз кайышса да, чыдабаска айла жок! Карагыла Акнурду, эш болгула жанына!

*      *      *

Тирүүнүн иши — тиричилик. Көк көйнөк[21] кийип, көк жоолукчан салынган Акнур эки күндөн соң, эч кимдин айтуусуз, чакыруусуз кырманга кайтып келип, кайрадан очокко от жагып, кайната баштады казанын. Аза күтүп отуруп алчу заман эмес. Иохан келиндин көзүн тике карай албай кыйналып жүрдү. Муну сезип калган зирек келин:

— Рахим аке! Өткөндөгү сөзүмдү көңүлүңүзгө албаңыз.

— Кайсы сөзүңдү?

— Күйүтүмө чыдабай өлүп кет немис дебедимби.

— Неге көңүлүмө алайын. Ырас эле немис жоокердин огунан каза болду да күйөөң.

— Ошентсе да мени кечирээрсиз?

Баш ийкеди Иохан. Ашык сөзгө орун жок мындайда. Бирок ичинен кыйналды Иохан. Ооба, мени айрымдардын «сен немссиң!» деп жектешкенине да түшүнөм. «Бирдики — миңге, миңдики — түмөнгө» дебедиби өткөндө кырманчы карыя. Гитлердин, анын санаалаштарынын жоруктары немис элинин жүзүнө сүртпөдүбү кара көөнү.

Ал Акнурдан эрте туруп отун даярдап, самоорго от жага каралашып жүрдү… Кез-кез Акнурдун ууртуна билинер-билинбес жылмаюунун изи түшүп, анысы кирдеген кабагына чайыла, ыраазылыгын билдирет ага:

— Жардамыңызга ыракмат, Рахим аке!

Акнурдун ушул сөзү жетишет ага. Көкүрөгүндө көктөп кеткен көк балырды жууп, дабаа сыздатып жүргөн жүрөк дартына секин башын ийкей жооп катат келинге.

Чоң түздүктөгү буудайзар аңызга айланып, бир кыр нарыга жылышты орокчулар. Буюрса түшүм мол. Жакшылыктын жышааны деп жорушту муну карылар. Орокчулар алыстап, ээндей түшкөндөй болду кырман атарабы. Кызык, Жантемир кырманга көбүрөк каттай турган болуп алды негедир. Түнөп да жүрдү Иохандар менен. Анын жоругу Иоханга адегенде кадими көрүнүштөй туюлду. Бир сапар кечки чай үстүндө минтип калды Жантемир:

— Акнур келиним өз ишин мандалуу[22] аткарган бышык жан. Чайынын ысыктыгы, даярдаган тамагынын татымы, баары жакшы!

Сөзүнүн артына катылган мандем бар. Жүзү жоктун күн санап ачыла берди адепсиздик, уятсыздык жүзү… Акнурга көздөрүн кылгырта карап, ашканага да кирип барчу болду акыркы күндөрү. Мындайда бейбак келин ооз ачпай, жүзүн муздатпай да жылытпай, үн катпай кутулат.

*      *      *

Күн кызара жашынды кыр артына… Иохан кайтып келатты станциядан. Бет алдыдан соккон кечки салкын шамал жүзүн аймалап, көтөрүлгөн чаң көздөрүнө толуп алды мазесин. Адебей акшам жылып келип, батыш көк жээкти каптаган жошо кызыл ыраң акырындап карара берип, түн кучагына алды жерди. Жылдыздар «жылт-жулт»… Ай көрүнө элек али. Арабанын «калдыр-кулдурунан» чочуган парандалар «пыр-р!» эте учуп атты… Негедир опкоолжуп алды жүрөгү. Күн алыс каттаган ушу жол ага сүрдүү, кооптуу туюлуп, «элең-элең» каранат туш тарабын. Жол узаргандан узарып… Араба Кепташка* баш бакканда, ый угулду кулагына. Чөө бөрү улуп атабы, шамал ышкырыгы дейин десе, сыдырым гана жел согуп турат. Же адамбы, айтор, ажырата албай кыжаалат тартты Иохан. Аттар алды жакты тикчие карай бере, үркө кишенеп жиберди. Иохан эки жагын элеңдей карап, үңүлдү түн тереңине. Эчтеке урунбады көзүнө. Көрсө ышкыра улуган шамал экен. Көңүлү жайына түшө, улантты жолун.

Кырман-Дөбөгө түн оогон чакта келип, кош атты арабадан бошото, жабдыктарын көтөрө баса бергенде, наркы кепеден табелчи аялдын шак эткен үнү угулду:

— Эриңди босо жедиң! Энди бейбак катынсың, башың бош, багелегиң таш. Кой-аң дээр эгең жок.

— Анпеңизчи, эже! Күйөөмдү мен өлтүргөн жокмун. Ага чейин канча «кара кагаз» келди айылыбызга!

— Ооба, сендей кара жол келиндерге келди шол «кагаз»! — Бир азга тынчып калышты. Акнур бышактап атат. Кайра какшанып кирди тиги. — Жантемир саңа көптөн бери көзү түшүп жүргөнүн өзүң билесиң. Койнуңа кирсе шондой сулуу эркек кирет да. Неге кекирейесиң, түзүк эле нерсең барсынып! Анык көк катын экенсиң.

— Болдучу, эже!

Тышка качып чыкты Акнур. Иохан кайда басаарын билбей сенек. Тиктеше калышты экөө саамга. Шып кирип кетти ал кайра ичкериге. Эми кичине жумшара сүйлөдү табелчи аял:

— Акнур, мени уксаң. Мынчалык көгөрөсүң, Раис деген чоң адам. Анын көңүлүнө ургаачы дегендин баары эле түшө бербейт. Ырас ышкы-көңүлү саңа куштар болуп калыптыр, көксөөсүн кандырып кой. Сый үстүндө жүрөсүң. Жеңил иштерге дайындайт.

— Жок, андан көрө ФИЗОсунда өлөм!

— Кер аяк ургаачы экенсиң. Кана энди, Жантемир менин койнума кирсе. Ачып бермекмин бар дүйнөмдү!

— Башка сүйлөбөңүз, эже. Таң атсын, кетем!

— Каякка барасың шу күндө?

Иохан боз үйгө кире, кынтайды төшөгүнө. Каары ичинде кайнап, түйүлдү муштуму. Ары жок неме турбайбы табелчи аял. Жантемирчи. Эл башчысы имиш! Ойдолоктоп, уктай албай, көңүлү кара. Төшүнө балчая отуруп алгандай кара мышык. Укалап-укалап алды көкүрөгүн. Өзөгүнө өрт кете, алем, от аралаш түтүн «буркурайт» оозунан. Отура калды. Ырда күйүтү:

О адамей, мынчалык карөзгөйсүң!
жылаан сымал жүлүнүмдү өрдөйсүң.
Көзүң ачык, көкүрөгүн сокур, ов,

бөтөндөрдүн кайгы-муңун карбөйсүң!
Өзүмчүлдүк, кераяктык пейлиңден
элге мүшкүл, жерге мүшкүл үйгөйсүң.
Ал анткени, кара мүртөз, жексурсуң,
адам туруп, адамдарды сүйбөйсүң!
Акыр түбү жолбун иттей көчөдө
элден чыгып калаарыңды билбейсиң!

Адамдын пейилине доо кетсе, дөбөт мүнөз күтүп, карышкыр кейпин кийип калат тура. Алдыда эмне болорун сезбей да, аңдыбай калат шекилди. Иохан Кунц бул «оюндун» акыры эмне менен бүтөр экен деген кыжаалат ойдо.

Ал уктай албай койду шол кечте. Жүрөгү адаттагыдан тез согуп, ойдолоктой оодарылат төшөгүндө. Экөөнүн ортосуна түшө алабы? Акнурду коргой алабы? Сабыры түгөнө, уйкусу кача чыкты тышка. Тигиле карады көктү. Кеңирсийт да түнөрөт түн көйнөгү кийген көк аалам. Бу асман дегениң мынчалык аңкоо болбосо! Жердеги адам макулуктун ит кылбас жоругун көрүп туруп, баса жыгылбайбы үстүнө? Дал ушул кезде Акнурдун чыңырыгы угулду:

— А-а! Уятыңыз барбы, раис аке! Туруңуз! А-а! У-у! Рахи-им аке-е!

Иохан эки аттай кирип барды үйгө. Өчө жаздаган ташпанар. Уйпаланган төшөк. Бышылап-кышылдаган башкарма. Кийими тытмалана, чачтары сапсайган Акнур. Каары көз чарасына толо түшкөн Иохан Жантемирди жакадан ала булкуй, сүйрөп чыкты сыртка.

— Тез кетип калыңыз, болбосо!..

— Э-эй, неми-ис! Сеники өттү! Сени менен үзүл-кесил сүйлөшөм эртең!

Биринчи жолу качыра тиктеди Иохан аны.

— Сүйлөшсөк сүйлөшөлү, жүрүңүз мындайыраак! — Алаканын кекиртегине кыя коё.— Кылык-жоругуңузга момундай тойдум! Же сиз бар, же мен бар!

Тиги шалдая түшүп, ары баса, тушалган мингичин бошото минип, кирип кетти караңгылык койнуна. Ичкериге кирди Иохан. Акнур төшөгүнө чүмкөнө өпкөлөй бышактап, калтырап-титиреп атат аза бою.

— Мындай кордукту көргөндөн көрө өлгөнүм артык!

Эриндери титиртеп, ичи ысып, каар-алеми бетине калкып чыккан Иохан келинди не деп жоошутарга сөз таппай тышка чыкты. Ушу адам-раистин ыплас жоругун көргөнүнө кейий, өзүнүн да адам экенине уялып турду.

О, адамей!
Башкалардын намыс-арын тебелеп,
муз жүрөктүк кыялыңды койбойсуң.
Жарым кашык напсиңди эч тыя албай,
сүйбөгөндүн коюнуна жойлойсуң.
Жетекчинин «ала тонун» жамынып,
фащист болуп кеткениңди билбейсиң.
Кор кылгандай адамдарды мынчалык,
арам көркоо, сен өзүңдү ким дейсиң?

Кара түн бүгүн Акнурдун жан дүйнөсүндө, тыштан кирип келген табелчи аялдын киримтил өңү оголе кирдеп, мисирейе, табактай баткабак[23] жүзүндө мыскылдуу жылмаюу. Акнурга кекээрлене:

— Өлүп кет! Өз башыңа өзүң мүшкүл үйдүң.

Эртеси Акнур Иохандын жүзүн карай албай уяла унчукту:

— Рахим аке, сизге ыраазымын.

Жакшы келин. Ыймандуу да нысаптуу. Таза дил, аруу жан. Кызык, кийинки күндөрү анын карааны көрүнсө, жүрөгүн майда калтырак басып, каны кызып бараткандай немис жигиттиңдин! Ага ыктоо, көңүл агызуу оюнда жок тегеле. Бирок, бирок, те өзөгүнүн тереңинде бир жылуу агым сызыла ага башталгандай… Шол кылдай ичке жылуу агым барып-барып Гольфстрим[24] агымына окшоп улуулап, кеңейип да, тереңдеп кетпес бекен? Мезгил көрсөтөр ал жагын. Убакыттын алдына түшүп алып, чуркабай туралычы!

*      *      *

Жер айдоо кезеги. Сегиз өгүз, төрт кош. Таласта кош айдап жүргөнүнүн пайдасы тийип, төрт кошчунун бири болду Иохан. Экөө кары кишилер, төртүнчүсү Каныш эже. Кыйын болду ошого. Анын ордуна кырман күзөтчүлүгүнөн бошонгон көр-Шапакты дайындаса болмок раис. Андай жасоо оюнда жок болсо керек шумпайдын. Мунусунда да бир мандем бар деп болготту Иохан. Акнур дале очок башында.

Кош айдоо оор жумуш. Колдоруң талып, буттарың шилтенбей, абзалга[25] ооруңду салып, белиң үзүлө жаздайт таң эртеден кеч куптанга чейин. Кечинде кош өгүздөрдү тойгузуу да кошчунун мойнунда. Аял киши Канышка кыйын. Эмчектеги баласы бар анын үстүнө. Иохан Жантемирге айтты ал тууралуу:

— Жантемир аке, Каныштын ордуна Шапак кош айдаса кантет?

Үтүрөйө түшкөн тиги:

— Көр-Шапагың жарайбы кош айдаганга?

— Эркек эмеспи, көзү менен айдабайт ко кошту.

— Бүттү, өз ишиңди бил!

Көк неме бир айттыбы, кудайды да укпайт. Иохан ара-арада ал Канышты эс алдыра, ага бөлүнгөн жерди да түн ката айдап жүрдү. А, Жантемир ага алыстай көз салып, мойлоосун жана ыржаят. Муну көрүшкөн Иохан менен эки кошчу карыянын жаны оозуна келет.

Бейбак аялга ичи ачышкан Акнур:

— жЖүзү жокраис Каныш эженин эркин майтарууну көздөп жүрөт…

Бир жумадан соң көр-Шапак кошчу болуп, Каныш мал короолорду оңдоп-түзөп жүргөн колхозчуларга ашпозчулукка дайындалды. Кошчулардын жумушунун эсебин чыгарганы келген табелчи аял Акнурга какшыктай минтти:

— Сен эси жок, бир кесим этиңди намыска теңеп, кур жалак калдың баарынан. Тиги Каныш…

— Болду эже, сизден көңүлүмдү көтөргөн сөз укпадым сира!

— Өлүп кет, аяп жүрсөм сени!

Көр-Шапак Каныштын үйүнө жарым кап буудай түшүрдү түнү. Көпчүлүк билбей калабы, шыбыр-шыбыр сөз болду эртеси.

Жыл жыйынтыгы менен кырк бир чарбанын ичинен Күнгөй колхозу алдыңкы орунга чыкты. Өлүгүн ит жебей калды Жантемир раистин. Мышыгын «пыш» деген жан жок. Бул ийгилик деле жумшартпады анын катуу колдугун. Кыш башталып, кар түштү тизеден. Какаарым аяз жалап-жуктайт бети-колду. Отун тартыш, суук мандаш токуна отуруп алган үйлөргө, балдар көк муштум. Кыз-келиндердин жарымы короо-сарайларды тазалап, жарымы суук үйлөрүндө жоокерлерге жүндөн бут, кол байпак токуу менен алек. Акнур ашпоздуктан алынып, короо тазалагандардын катарында. Жүзү жок анын да эркин майтармак ниетинде окшойт. Эгер эле ага колун тийгизсе, өткөндөгүсүн кайталаса, ал өлбөгөн жерде калат. Ушундай чечимге келди Иохан. Өзү да таң калды ушул чечимине. Кубанды мунусуна бир чети. Келиндин карааны оттой ысык көрүнө баштады ага. Адагы арабанын алды жагына, Иохандын кудум далысына отурат күнүгө. Кээде араба ары-бери оосо, Акнур эрксиз сүйөнө калат ага. Мындайда жигиттин көк көздөрү күйүп, албыра түшөт ак-сары жүзү. Келиндин назиктиги, куш пейилдүүлүгү окшоп кетет Ленасына. Тек Ленанын көздөрү көк. А, Акнурдуку капкара. Айтор, экөө тең сүйкүмдүү!

Түкүрүк жерге «зың-ң» деп түшкөн аяздуу күн-түндөр. Кой-эчки төлдөп, он чакты кыз-келин түнөй башташты короо-короолордо. Койлор көбүнчө түн ичи төлдөп, уйку эмес, тыным жок. Иохан жем-кашек ташып, арба үстүндө күн-түнү.

Түн жарым. Акнур өзү жалгыз жаңы эле туулган козунун мурдун сыгып аткан. Суук колун койнуна сунуп жиберди кимдир-бирөө. Иохан болсо керек деп ойлоду келин. Чочуй:

— Ай, ким бул?

— Чү-ш! Менмин!

Тиги Акнурду оодара сала, жатып алды үстүнө.

— А-ай! Туруңуз, уятыңыз жок экен сиздин, келиниңизге кол салып.

— Тек, тез эле!..

Ал келинди өбө баштады тамагынан, бетинен. Мамагына кол сала мыжыкты. Акнурдун деми кысыла жатып калды бир азга. Анан өзүнө келе, бар күчү менен эки буттап тээп калды үзү жокту. Чалкасынан оодарыла кулаган Жантемир, аласын кармай жатып калды онтоп.

— Жалап десе! Жедиң мени!

Акнур ордунан тура, шыпылдап чыгып кетти тышка. Чачтары сапсая, ийининде салбырайт жоолугу. Тез оңдоно-түзөнө, үйүнө жөнөдү түн ката. Жумушка чыкпады эртеси. Кийинки күнү таң эртеде раис жаалы чыга, айкырды анын эшигинин түбүндө:

— Акнур, чык бери!

Аны заарканган эшик түбүнөн уккан Акнурдун оозуна тыгыла түштү жүрөгү. Эшигин ачты коруна-үркө. Кара өңү оголе карарып түтөп турат маңдайында раис.

— Кечээ эки козуну өлтүрүпсүң! Ал аз келгенсип, ишке чыкпадың бүгүн. Жазаң катуу болот, түнү суу кечесиң жоон саныңдан!

Шарт артына кайткан шүмшүк, мингичине коно, бастырды ары. Ич-ичинен калтырай-титирей ыйлады келин.

— О-о кудай, уруштагы азаптан өттү го үзү жоктун жоругу! Болду, аябаймын энди. Жан жерин жулуп алып, итке ыргытам!

Өмүрү мындай сөздү оозуна албаган Акнур ушинтти. Түрү сууктун жоругун кимге айтат? Сарыбайгабы? Жок! Көр-Шапаккабы? О, жо-ок! Ойлоно калды бир азга. Тапты, Рахимге айтат! Дагы ойлоно түштү. Башын чайкай, ал муусаапыр неме не демек. Районго арызданабы? Үзү жоктун иши алдына дөңгөлөп, итин чөп жеп турса, кайдагы бир келинди ким укмак. Баары кан майданга тапкан-тергенин жөнөтүү түйшүгүндө жүрсө, менин арман-асыретим менен кимдин иши бар.

Жантемир короодогу кыз-келиндерди топтоп, какшана минтти:

— Акнур кечээ түнү эки козуну карабай өлтүрдү. Бир күн чыкпады жумушка. Жазасы — эки саат суу кечет!

Бүттү, чечим айтылды. Аны биердегилердин эч кимиси кайтара албайт артына.

Көйнөк-ыштаны өйдөгө түрүлгөн Акнур санына жеткен сууга түштү. Өлө суук суу сөөгүн какшыта, мээсине жетти. Эч ким ара түшө албады ага. Иохан бул мезгилде короого чөп жеткирип, кайтып келаткан. Чоң арыктын жайык кечүүсүнө жеткенде, алая түштү көздөрү. Көйнөк-ыштаны жоон санына чейин түрүлгөн Акнур арык ортосунда турат катып. Көргөн көзүнө ишене бербей, ачып-жумуп алды. Акнур! Өпөзү! Арабадан ыргып түшө, өтүгүн чечпестен кирип барды сууга. Акнурдун беттери көгөрө, көздөрү айнек. Көз жашы музга айлана катып калыптыр. Иохан аны ийинден «шап» арта, кашатка чыга, аярлай жаткырды арабага. Келиндин үйү айылдын аркы башында. Ага жеткенче катып калат шордуу. Өз үйү жакын, ошоякка бурду кош аттын башын. Таш жолдо октой уча калдырттаган арабаны көргөндөр турган-турган жерлеринде нес, «Не, немиске жин тийгенби?» деген таризде. А, Иохандын денеси калч-калч, жүрөгү лака-лак. Жайлатты арабаны. Бириндеп ээрчий башташты айылдыктар. Буга шердене түшкөн неме ордунан тура калып, үнүн бийик чыгара көчө менен бир боло ушул көз ирмемдерде көмөкөйүнө куюлуп аткан ырын үнүн бийик чыгыра төктү:

Э, адамей!
Жаралгандан жырткыч мүнөз,
бөрүсүңбү азуу тиштүү?
Куулугу жок жашабаган,
түлкүсүңбү шыйпаңдаган?
Сойлоп жүрүп иш бүтүргөн
жылаансыңбы уусун чачкан?

Анан неге жүрөк согот төшүңдө?
Анан неге сезим агат жүлүнүңдө?
Анан неге акыл уюйт мээңде?
Ооба, ооба! Баарын-баарын
билип туруп жасайсың!

Башын чайкай, алакандарын жаза:

Бирок, бирок эч качан,
бөрүнү бөрү өлтүрбөйт.
Айлакер жана куу болсо да,
түлкүнү түлкү башынан
муунтпайт да чөктүрбөйт.

Адам гана кызганчаак,
адам гана кекчил, зулум,
бирин бири өстүрбөйт.
Адам гана кордоп адамды
ар-намысын тепкилейт.
Адам гана адамды
жоюп, кырып кескилейт…

Арабанын артынан ээрчий узатып келаткандар, көчө четинде жүрөктөрү сыздай карап тургандар баштарын чайкаша, ызырына, түйүлө, жан сезимдери менен каршылык көрсөтүп атышты бүт айылды мукураткан башкарманын ашынган жоругуна. Ээрчигендер көбөйө берди улам. Эми Иохан мусаапырлыгын, бул айылда жалгыз немис экенин, эртеңки тагдыры эмне болорун унута, үнүн огеле бийиктете, муштумун «кычырата» түйө ырын жалгады:

Эй, күнгөйлүктөр!
түтүндөй быксыбастан
от болуп жангылачы!

Эки колунун манжаларын оболу кең жаза, кайра мыжыга:

Үзү жоктун колкосун
минтип жулуп алгылачы!

Көпчүлүк Акнурду көтөрүп кирди Иохимдин үйүнө. Жаш келинди гырт бойдоктун, болгондо да бойдок немистин үйүнө алып кирип атышканын ойлошподу ушу мерзимде. Бири печкеге от жагып, бири төшөк салып, бири чай коюп, ар кимиси кол кабыш кылуу ниетинде.

Сарыбай:

— Пай-па-а! Укпай да, көрбөй калганымды! Үзү жоктун арам кыялына мындан ары чыдабайбыз! Райкомго барам эртең!

Аялдардын бири:

— Шөнт, биргадир!

— Биз да барабыз сени менен!

Кырманчы карыя толкуп тургандарды бир сыдыра көзүнөн өткөрө, олуттуу, ойлуу:

— Балдарым, мени уккула!

Жалт карашты баары.

— Шашпагыла. Тиякта кыргын болуп атса, бүт эл жеңиш үчүн жанын берип атса, биз өзүбүз жөнгөрүп коё турган иштин өтөсүнөн чыга албай, районго арызданып барганыбыз туура эмес ко? Фащист бир эле Германияда дебегиле. Ушул эле Жантемирдин жоруктары фащисттердикинен кем эмес..— Бир саамга ойлонуп туруп.— Ырас, Үзү жокту жазалашат. Биз жазаласак, этегибиз жаман жерден жыртылып калат.

Сарыбай:

— Анда не кылалы?

— Өз сырыбыз тышка чыкпай, айылыбызда калсын. А, Жантемирди жазалоонун элибиз илгертеден элди көзүнө илбегендерди жазалаган салттык жолу бар. Эртеңден баштап өз жумушуңарды адаттагыдай аткара берерсиңер. Бирок Жантемирдин бетин карабагыла, салам айтпагыла, саламына алик албагыла. Үйүнө кадам из койбогула. Берген чайын ичпегиле. Эртең согуш бүтүп, эл оңолсо маареке-тойлор башталат. Ошондо анын ысык-суук маарекесине жолобогула. Мындай салтты журт элден чыгаруу деп коёт. Элибизде мурдатан эл безерлерди, пенденин убал-сообун билбегендерди ушинтип эл катарынан чыгарып жазалашкан.

Унчукпай баш ийкешти угуп тургандар.

Карыя:

— Акнур Иохандын үйүндө калбасын, өз үйүнө ала барып карагыла. (Иоханга жылуу ырай менен карап). Сен, уулум, азамат экенсиң. Күнгөй айылынын абийр-намысын сактап калдың.

Эл Акнурду алып кетишти өз үйүнө. Иохан кызык абалда калды, кудум колуктусун үйүнөн жулуп алып кетишкендей. Алем, толкундануу, кыйбастык, айтор, жан өзөгүн удургуй кайнап атты:

О Жараткан!
Артыкча сүйгөнүңдөн пенделерди,
тартуулапсың: акыл, сезим, парасат.
Жашоонун кызыгына батсын деп,
ыйгарыпсың ширин кыял, ой, максат.
Кишиликтин барк-баасын сезсин деп,
мээрим, ызаат, кадыр-баркты бергенсиң.
Табияттын ыракатын татсын деп,
Күн, Ай, Жылдыз, тоо-токой да аба-сууну
алмустактан сыйга берип келгейсиң.
Бирок, бирок!
Сүйрү баштуу, айры буттуу макулугуң,
өлчөөсүз жакшылыгың танып-чанып,
көрнаамек болуп жүрбөсүн??

*      *      *

Ийнени капка катып болобу. Жантемирдин жоругу жетиптир райондогуларга. Үч күндөн кийин райкомдун пленумунда катуу сөгүш берилди ага. Кызматынан шыпырылган жок, бирок шондо деле оройлоно, басмырлап жүрдү колхозчуларды. Буга итиркейи келген Сарыбай минтип калды:

— Бу Жантемирдин мурдун балта кеспейт ко…

Токтоо гана жооп катты кырманчы карыя:

— Тим койгула азырынчы… Ал элдин касиет-баасын сезе да, биле да элек. Аз калды мурдунан эшек курту түшөөрүнө. Анда кеч болуп калат баары.

Ошентип Күнгөй айлында жүз берген бир жамандын уят жоругу атпай журтка жайылбай кала берди. Ушуга жетине албай сүйүндү кырманчы карыя.. Ал эл чогулган жерде:

— Бир адамдын абийри – бир айылдын абийри. Бир айылдын абийри – жаамы журттун абийри. Ушак кууп, сөз аңдыгандан эттият болгула, балдарым. Эл наркы ушул. А, жаман өз аягы менен жоголот.

*      *      *

1945-жылдын жазы. Кара бороондой долуланган заман алаарын алып, коёорун коюп, моокуму кандыбы, жоошуй түштү чаалыккан азоо жылкы сымал. Жээгин жыра кутуруп аккан дарыя төрдөгү кар-мөңгү кору байып пасая, кадимий нугуна түшө, чээнине кирген өңдүү, кектешкен тараптардын асман-жерди аласапыран кылган кагылышуулары кан буугандай токтоду тык. Киши-маңкурт, адам-фащисттердин акыл-эссиз жоруктарынан табаар пайда бул болду: жүз жылдап толбос мүрзөлөр төрт жылда толду адам жасатын.

Көрүстөнгө айланды жер. Ажалынан эрте өлгөн пенделердин жансыз жасаттарын көтөрө албай, онтоп жатып калды Эне-Жер. Эми адам-апенделер өз эрки, өз колдору менен жараткан мүшкүлдүн азабын өздөрү тартып, кыйратып-жойгондорун кайрадан орду-ордуна коюу убаракерчилик түйшүгүндө. Ие, киши баласы анык апенди экен, бардын ойронун чыгарып, жокту жаратам деген!

Согуш аяктаганы менен, мүшкүл заман мыжыга түйгөн муштумун жазууга үлгүрү элек.

Иохандын өзү да, арабасы да, кош аттар да тына элек али. Кой төлдөгөн кез. Бүгүн да эртелеп кыштоого жөнөштү кырманчы карыя экөө. Сакманчылардан кабар алышмакчы. Араба секин кылдырап барат өр жолдо. Чурук этишпей, өз-өз ойлору менен алек экөө эки жерде.

— Токтоңуздар! О, токтоңуздар!

Селт этти Иохан, күтүүсүздөн чыккан добуш тарапка үңүлө. Бирөө жатат жол ортосунда көмкөрөсүнөн.

Отурган жеринен тура калган кырманчы карыя:

— Не дейт? Ким экен беймаалда талаада жүргөн неме?

Иохан жерге секире түшө кала, көмкөрөсүнөн жаткан адамды оодара коё, кулагын тосту көкүрөгүнө. Билинер-билинбейс согуп атат жүрөгү! Тааныды, өткөн жайда Жантемир бир чөнтөк буудай үчүн ФИЗОГО айдаткан өспүрүм. Териси сөөгүнө жабыша, жаактары куушурула, көздөрү чанагынан чыга жаздап, кудум арбак. Ким экен деген таризде тааныбай турган карыя:

— Тирүүбү?

— Ы-гы. Каныш эженин уулу, ФИЗОдон кайтып келаткан окшойт шордуу. Ачкадан өлгөнү калыптыр! Бирдеме жедирелиби?

— Жок, өзөрүп калган. Оболу аздап атала ичирип, сөлдүү азык жалгатпасак, жегени өзөгүнө түшүп кетип, адам болбой калат. Тез жеткирели айылга.

Иохан өспүрүмдү арабага жаткыра, артка кайырды аттардын башын. Териси сөөгүнө жабышкан шордуу кагаздай жеңил. Катуу айдаганга болбойт арабаны. Ушу чакта алдыдагы тумшуктан «булт» чыга келди атчан бирөө. Мингичин алкынта жетип келди тез эле, Жантемир раис экен. Арабага жанаша бере, салам-сааты жок бак этти:

— Ы-ы, Иохан, Кароол-Жай өтөгүнөн кайттыңарбы? Канча кой тууптур?

— Жок, ушерден кайтты. Мынобу баланы жеткирип, кайра келебиз.

Селейе түшкөн раис жекире:

— Не дейсиң? Кимди жеткиресиң айылга?

— Каныш эженин баласы экен. Араң жаны бар.

Ыраңы бузула түшкөн неме, булкуна бурк этти:

— Баланын жаны бар болсо жин урбайт. Оболу сакманчылардан кабар алып, анан жеткиргиле.

Чыйпылдап жиберди кырманчы карыя:

— Раис, өспүрүмдү тезирээк үйүнө жеткирип, атала ичирип, өзөк жалгатпасак өлүп калат.

— Өлсө шончо өлгөндөрдүн бири! Согуш деген шундай. Бирөө өлөт, бирөө ач, бирөө ток. Тирүү калганыңарга шүгүр деп, ишиңерди кылгыла. Кана, Рахим, кайтар арабаны!

Иохан сулк жаткан өспүрүмдү бир карап койду да, эрдин тиштене аттарга камчы басты удаама-удаа.

— Чү-ү! Чү-ү!!

Аттар алкына, араба калдырттап учуп баратты, ана кулайт-мына кулайт болуп.

Жантемир сөгүнө-кагына кууп келатат арттан:

— Э-эй, Рахим! Кайт арттыңа! Ка-айт дейм! О, оңбогон немис, шунтет дегем бир күн болбосо, бир күн!

Иохим демите камчылай берди аттарды. Жиниккен кош ат ылдыйыш жолдо зымырап, дөңгөлөктөрдүн бири огунан чыга, арабанын алдына түшө дөңгөлөнүп баратты. Тизгинди тартты Иохан. Араба жолдон чыга, ооп барып, чаңызгыта токтоду. Иохан колуна ала койду өспүрүмдү.

Жетип келген Жантемир, чачылып жаткан арабаны карап, ыйлап жибере жаздай өкүрдү:

— О, жаныңды жеген акмак! О пириталактын баласы! Фащистин тукуму!

Араба тактайына тизеси катуу урунуп, сыздаганына карабай башын көтөргөн кырманчы карыя:

— Эй, Жантемир! Адиңден ашып кеттиң! Рахим эмес, кудум сен фащист экенсиң! Адам убалы бир пул экен саңа!

Көздөрү канталаган раис ага камчысын кезей, бирок, чаап жибербей, эсин жыйууга үлгүрдү.

— Көрсөтөм мен силерге! Түрмөдө чиритем сен карыган какбашты, сен немисти!

Алаңгыча булут артына жашынган Күн чыга келип, Жантемирдин төшүндөгү ордени «жарк-журк» эте, көзүнө чагылды карыянын. А, тиги жаалданган ачуусун мингичинен чыгара, «чып-чып» камчылай чаап кетти кыштоо тарапка. Карыя ызырынган тейде раистин карананан көз үзбөй карап тура берди кыйлага. Тынчтыкты Иохан бузду:

— Ава, өзүңүз баса аласызбы, же?..

— Ы-ы, уулум. Мен кексени жин албайт, бала аман калсын. Баса бер жолуңдан калбай.

— Жок, ава. Талаага таштап кетмек белем сизди. Аттар соо экен. Минип алабыз.

Иохан баланы алдына ала бир атты минип, экинчи атты минген карыя башын чайкай берди кайра-кайра. Булдурай сүйлөп, заарканып алган.

— Пай-па-ай! Жантемир мурда эле дурус эмес эде, энди бир жолу болбой калыптыр кызыталак, адамдарды көзүнө илбей. Көкүрөгүндө орден. Райондогулар алдыңкы раис деп беришкен го.— Саамга башын шылкыйта унчукпай, эми Иоханга карай.— Кимдин кимдин заманы — Жантемир раистин заманы! А-а энди, Жантемир бүгүн атак-даңк көбүгүнө чөмүлүп турган чагы. Ал кимдердин аркасы менен ушундай кадыр-барк күттүм дегенге паам-парасаты жетпейт же жетсе да, мойнуна алгысы жок бачагардын. Шундай кылык-жоругу менен жүзүнө наадандыктын кетпес да, өчпөс кара тагын чегип алды. Эр жигит канчалык төбөсү менен жер казып иштебесин, ал мээнетин адамгерчилик, жоомарттык пейили менен шөкүлөбөсө, мээнети Кокон тыйын[26]. Акыбети — элден чыгып калат. Эмгегин эли бааласын. Антпесе, алган ордени жөн эле темирдин погу.

Жете келишти айылга. Мына, жакын келип калды Акнурдун үйүнүн маңдайына. Иохандын жүрөгү катуу сого, алеп-жалеп боло баштады көңүлү. Кийинки күндөрү ушул сезим биротоло уюп алды көкүрөгүнө. Кудай деген пенде экен Иохан. Үйүнөн «лып» чыга калса болобу айман-келин! Аны зарыга, сагына, арзып карап турган түрү бар. Тык токтоп, карай берди ак маралдай керилген жубанды. Карыя менен колундагы өспүрүмдү саамга унута жаздаган түрү бар кургурдун. Мунусуна ичинен уяла, эрксиз кадам таштады алдыга.

О, курусун ушу тирүүлүк деген! Кайгы-асирети менен кубаныч-шаттыгы кошо жүрөт тура, жанаша аккан Көксуу менен Аксуудай.

Акнур деле Иоханга кош көңүл эмес. Көбүнчө жумуштан колу бошоп, жалгыз жаздыкка баш койгон кечтерде кыялдана ойлойт ал тууралуу. Сары чачтуу жигиттин күлмүңдөгөн, мээр төгүлгөн көк көздөрүнөн өпкүсү келет. Өзүнүн парпыраган капкара көздөрүн өптүрүп, кулундай туйлап эркелей түн күзөткүсү келет, жазы маңдай, бойлуу да келбеттүү ак-саргыл жигиттин ыпысык койнунда! Бир жарым жылдан бери без болуп катып калган төшүн эздиргиси келет! Көк-карасы аралаш көздүү балдарды төрөп бергиси келет ага. Иохан баланы көтөргөн бойдон наркы көчөгө бурула, карааны көрүнбөй калганча узата карап тура берди артынан. Өзүнө өзү сүйлөп атты:

— Ие, эки жылдан бери элге колунан келген көмөгүн көрсөттү. Отуну жоктун отунун, суусу жоктун суусун ташып берди. Бир өзүнө канча жолу тийди жакшылыгы.

Эми ал Иохандын күндөлүк түйшүгү жайында ойлонду. Бечара жигит жалгыз бой, мүмкүн айылда ал жактырган бирөө-жарым бардыр, кир-когун жууп, тамагын бышырып, түнү көкүрөгүнө башын жаздап, төшөгүн жылытаар? Көзүнөн өткөрө баштады айылдагы кыз-келиндерди. Салкынайбы? О, жок. Анын Жантемир менен болгон жоругун билет. Жатемирдин карындашыбы? Ага жолобой калсын! Күлмүңбү? Ал аскердеги жигитин күтүп жүрөт. Дагы кимдер калды? Өзүчү? Кызып чыкты бети, жүрөгү тез-тез дүкүлдөп… Жок! Аны бербеймин эч кимге! Өзүмдүкү!

 

 

 

ЭПИЛОГ

Согуштун бүткөнүнө элүү жыл. Кудайдын буйругун кара. Жантемир Карабай уулу менен Иохан Кунц бир түндө аттанса боло түбөлүк дүйнөгө. Эл жол боюндагы раистин коргонуна эмес, айыл четиндеги Иохандын үйү тарапка агылды таң эртеңден. Жык эл короонун ичи-тышы. Бири казан асса, экинчиси от жага, үчүнчүсү дасторкон жазып, дагы бири алыс-жууктан келген батачыларды тосуп алуу менен алек. Бир мойсопут баш болуп, беш жигит жай казганы кетишти жайканага. Иохандын үч уулунун ийинине кезектеше тон жабышып, кыздарына берилген көйнөктүк ишиндей[27] кездемелердин эсеби жок. Маркумду христиандык ырасым менен жерге берүү эч кимдин эсине келген жок. (Келгенде деле биердегилер андай үрп-адатты билишпейт болчу) Иохан Кунцтун жаны бирге адамы эски бригадир Сарыбай аксакал баш болуп, үч эркек сөөктү майрам сууга алышкан соң, эки молдо дөөрага[28] кирип, ак кепинди бычыша, сүрөө окушту «Курандан». Анан жакасы жок, жеңи жок кийимин кийгизишип, дөңгөлөксүз арабага миңгизише жөнөштү жай башыга.

Ие, жакшы адамдын сөөгүнүн да кадыры, жүрөк жылыткан касиети, сыйкыры болот белем! Кары да, жаш да шатыны ийинине көтөрүүнү, эч болбосо колун тийгизип калууну ак дилинен каалап атты. Топурак салынып, мүрдө* жерделген соң, үстүнө уулдары кресс тактайды сайышты.

Молдо:

— Бул не кылганыңар, мусулмандардын жайканасына крести сайып?

Сарыбай аксакал:

— Молдоке, көңүлгө албаңыз. Ооба, Иохан христиан динин тутунган. Шондуктан, ныспын* кылганыбыз эле ылайк ко. Өзүнүн арбайына да, бизге да жеңил. Анан адамдын асылы эде. Крестин орнотулганы – биздин ага болгон сыйыбыз болсун!

Туура дегендей баштарын ийкешти көпчүлүк. Кайтышты жай башыдан. Иохандын чоң уулу Генрих (айылдыктар Генже деп атап алышкан) элге кайрылды:

— О, журт, атам кандай адам эде?

— Кудай ыракматына алсын, асыл адам эде.

Экинчи уулу:

— О журт, менин атам кандай адам эде?

— Алла алкышына алсын, адамдын адамы болчу!

А, маркум Жантемирдин короосунда эл суюк. Жакын тууган-уруктары гана күйпөң-күйпөң. Сөөк шатыга алына элек. Элдин аздыгынан даяр боло элек түбөлүктүү «үйү». Балдары эл агылып келээр бекен деген үмүттө, кылчак-кылчак карашат сырт жакты. Көчө да бош, короо да бош Иохандын тажиясында баары. Жантемирдин уулдарына атасынын каза болгону бир эсе журттун батага келүүгө шашылбай атканы, бир эсе ичтери тыз-тыз эңшерилип… Тирүүнүн тою менен өлүктүн тажыясы калың эл менен, ов! Иохандын сөрүсүндө асир намазы окулгандан кийин, Сарыбай аксакал минтти:

— Койгула, минтпейли. Эл деген жакшы-жаманы менен бүтүн. Көпчүлүктүн көкүрөгү кең, жакшы-жамандын баарын батырат. Суутпай жерге берели Жантемирди. Анан алыс-жууктагылар угушса, «Күнгөйлүктөргө не болгон, өлүгүн жердегенден качып?» дешпейби.

Кеч кирип кетип, эртеси жарге берилди сөөк. Жайканадан кайтыша бергенде, элге кайрылды раистин чоң уулу:

— О, журт, атам кандай адам эде?

Тым.

Укпай калыштыбы дегендей, дагы кайталады уулу, ичи эшиле-эзиле:

— Бир боор журтум, атам кандай киши эде?

Дымыйт көпчүлүк.

Үнү буулуга кайталады тиги:

— Атам кандай адам эде?

Күңк-мыңк эткен көңүлсүз үндөр угулду андан-мындан.

Те согуш мезгилде бир чөнтөк буудай үчүн Жантемир ФИЗОго айдаткан бала, бүгүн Жантимиштин кырындагы мойсопут өз үнүн өзү араң уккудай унчукту:

— Эми жакшы-жаманын Маңкүр-Наңкир өз сурагына алып, тирүүсүндө жасаган жакшы-жаман амалдарын тескеп, эки эшиктин бирине киргизет да…

Эки уулунун көздөрүнө жаш толуп, буулуга-бурала ыйлап кетип атышты. Сабоодой-сабоодой жигиттердин буркурап ыйлаганын көрүп турган көр-Шапак аксакал бурк этти адатынча:

— Ие, муну атанын жаман жоруктары үчүн балдарынын намыска жыгулуусу дейт.

Сарыбай аксакал көр-Шапакты нукуй зекиди:

— Чүш-ш, оозуңду жап! Сен өзүң эле ким эдең!.. Көзү өткөн адамдын артынан жаман сөз сүйлөө – пенделикке жатпасын ата сакалың оозуңа бүтсө деле үйрөнбөгөн сени ким десе болот?! Баягы бойдон калыпсың, тууган!.

Иохан Кунцтун акыркы ыры

Кара бороон сокпосо экен,
кайталанып Батышпы же
Күн жүрүшү Чыгыштан.
Тирандар да ажаандар,
жоголсо экен зымстан[29].

Ач көздүктүн азап-корун
тартпаса экен калың эл.
Кайсарлардын жоругунан
Алаалып кетпесе экен,
Касиеттүү Эне-Жер.

Фащист болор жөжөлөрдү
Жанчкылачы мойнун жулуп.
О адамдар, сак болгула,
эс барында этек жыйып…

О пенделер!
хан алгычтар Юлий Цезар,
Зулканрайын, Чынгых ханды,
Темирлан, Напалеонду
жана дагы Гитлерди —
жерге-сууга тийгизбей
көкөлөтө мактайсыңар.
Атаңардын канын соргон
жексурларды даңктайсың.
Аны көргөн кийинки
журт башчылар, атак күсөп,
көзүнөн учкан даңк күсөп,
жашооңорду топон-сууга
айлантып, канкорлордун изине
жазбай, етпей түшүшөт…

[1] Медде көңүл калуу, жанга тийүү.

[2] Мойсопут — орто жаштан өйдөлөгөн адам.

[3] Отрар — Казакстандагы, Вавилон — Ирак аймагындагы байыркы шаарлар.

[4] Тперасполь — байыркы Персиянын борбор шаары.

[5] Идара — чарбанын кеңсе жана ат-көөлүк, шаймандары жайгашкан коргон.

[6] Табелчи — эмгек акынын эсебин чыгаруучу.

[7] Мала — сары жүздүү.

[8] Кушкер татымдуу, ичимдүү.

[9] Оошак ыстык — күрүчтүн майдасынан жасалган мастава.

[10] Пиява — май пияз, суудан гана даярдалган шорпо.

[11] Пөстөк — эчкинин жүндүү терисинен жасалган талпак.

[12] Гүл-гүлө — кыжаалаттык, ташпиш.

[13] Момук — кырмандын ортосуна тургузулган жыгач.

[14] Дарди — каалоосу, бул жерде көксөгөнү деген мааниде.

[15] Шак-шактар — эгин тилкелери.

[16] Унай берди — жага берди.

[17] Кесел — кургур. Кеселим, ай! Кургурум, ай!

[18] Ашкавар — тозок, азап.

[19] Нообат — кезек.

[20] Маскүнөм — өзүнөн кетип ныксырап калуу, көзү бүтүү ж.б.

[21] Көк кийүүБаткендик кыргыздарын аза күтүү кийими.

[22] Мандалуу — жыйнактуу, ирээттүү.

[23] Баткабак — бул жерде орою суук, жүзү кара деген мааниде.

[24] Гольфстрим — Атлантика океанынын түштүгүнөн түндүгүнө аккан жылуу агым.

[25] Абзал — кош соконун тиши.

[26] Кокон тыйын — Кокон хандыгынын акчасы кагаз басы менен тең болуп калганынан ушундай сөз калган.

[27] Ишиндей — кийим болуп тигиле элек кездеме.

[28] Дөөрага — молдолодун майрам суу, арапча махрам — өлүктү сууга алуу.

[29] Зымстан — дайынсыз жоголуу, мунарыкка сиңип жок болуу.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.