Кыргыз эл жомогу: Кийик менен койчу

Илгерки өткөн заманда койчу өзүнүн кой-эчкилерин жакшынакай жайытка жайды. Жайкалган чөп, таза аба, тунук булактын суусу малга да, адамга дагы кандай жагымдуу. Бир күнү койлоруна караганы жок бийик жерге жайып, кечинде короосуна айдап келди. Абайлап караса, тоодон бир кийик кошо келип, короого кирип калыптыр. Аны көрүп, бир чети таң калып, бир чети кубанат. Ал мейманды жем берип, жакшылап коноктоду. Анын максаты өзүнө үйүр кылуу керек эле. Эртеси күн чайыттай ачык болду. Кой-эчкиден мурун баягы кийик тышка чыгып, тоону көздөй куюндады. […]

Эсенбек Мамбетакунов: Улуу акылман жөнүндөгү эмгекке учкай сөз

Менин колумда филология илимдеринин кандидаты, доцент Назгүл Шаршеналиевна Турдубаеванын “Жусуп Баласагын жана анын “Кутадгу билиг”дастаны (дастандын изилдениши жана анын түрк тилдериндеги котормолору)”[1] деген  окуу куралы турат. (Бишкек. “Ариет-принт” басмаканасы, 2016. -168-б). Басманын берген маалыматына караганда, бул окуу куралы КР Билим жана илим министрлиги тарабынан сунуш кылынган. Ал эми китептин техникалык маалымат берүүчү бетинде “Жогорку окуу жайларынын филология факультеттеринин окутуучулары, студенттери, мектеп мугалимдери жана кызыккан окурмандар үчүн окуу куралы” деп жазылып турат. Бирок бул эмгекти Министрлик кандай статуста бекиткени белгисиз бойдон […]

Дүйшөн Керимов: Көрүстөнгө алпарчу жол

АҢГЕМЕ Эсиңдеби, ошол кышта биздин босогону аттадың. Кыш суук эле. Үйүбүз да… Ошондо сени менен кошо азалуу үйүбүзгө жылуулук кирди. Үйүбүз шаңдана түштү. Атам өлүп, аскар тоом аңтарылып, Айлам кетип, жакшылыктан каңтарылып. Турган кезде үстүмдө кара булут, Кол сунгамын өзүңө караан тутуп… Оо, кийин ойлоп жүрөм, ал кезде мага кыйын болгон экен. Муну убагында түшүнгөн эмесмин да. Шарт ошондой эле. Же сүйүнүп кете албай, сүйүнөйүн десем, окшосочу. Же кайгыра албай. Кызык болдум, жаман болдум… Бир жума өттү. Айылдык келиндердин салты […]

Баарыбыз үчүн: жан-дүйнө дартына даба болор жомоктор

<<<<< Башы 3. Жаакча 12-17 ЖАШТАГЫ ӨСПҮРҮМДӨР ҮЧҮН Өзүн башкалардан төмөн сезген, сырт келбетине нааразы болгондорго… Чечүүчү фраза: «Менин кебетем суук!» Кадимки эле күндүн нуру, адамдардын “кол бошобойт” же “эртең жууйм” деген шылтоолорунун айынан бозала болгон кадимки терезенин айнегинен тепчип өтүп, кадимкисиндей эле кимдир-бирөөнүн жаакчасын жылытып жатты. Бирок ал Жаакчаны кадимкидей эле жаак деп айтышка болбойт. Таптакыр болмок эмес. Ал башкалардан айырмаланып, көп нерселерди жасаганга жөндөмдүү болчу: бир кызарып, бир бозоро алчу, бүдүрөйө түшчү, анын да кандай абалда болорун болжоп […]

Людмила Молдалиева: Не оставляй меня, мама…

«Государство обязано создать достойные условия для развития детей, улучшая их материальное положение, социальную поддержку и защиту», — так записано в  Указе Президента при объявлении 2020 года «Годом развития регионов, цифровизации и защиты детей» от 8 января 2020 года. Не успели «высохнуть»  чернила Указа, не  закончился еще первый месяц  наступившего нового  года, как пришли  страшные сообщения  о трагический гибели годовалой Ясины  на Иссык-Куле и двухлетнего мальчика из Сузакского района. Дети погибли не в результате теракта, стихийных бедствий или по неосторожности, или […]

Дүйшөн Керимов: Үч сом

АҢГЕМЕ Атайбек баш калаадан келатат. Мезгил кеч күз эле. Таң эрте болсо да айлана кечки ымыртка окшоп, калың тумандын кучагында төнүп жатат. Аба ным, көңүлсүз. Жана автовокзалга келгенде бир аз жеңилдей түшкөндөй болду эле, сарсанаа аралаш кусалык кайра эле жолдогата коштоп келатат… Колуктусу бир айдан бери ооруканада. Төрөттөн кийин сыркоолоп жүрүп, дартка чалдыгып алган экен. Врачтар ушундай дешти. Калыйдын ой-боюна койбой, ушуякка алып келгени жакшы эле болуптур. Жакында операция жасалат, буюрса, бардыгы ордуна келет. Врачтар ушундай дешти… Автобустун жумшак орунтугунда […]

Эркалы Өскөналы: Акын жөнүндө сөз

О, кайран гана алтынжаак, жезтаңдай акын, Дайырбек Стантегин, өлбөй кал! Узакка созулган оорунун кесептинен улам, өткөн жылы жайында, акындын көзү сүзүлүп, жүрөгү үзүлүп калбадыбы, аттиң! О, бир ташы кем, дүнүйө! *     *     * Мен аны бала чагымдан бери жакшы билээр элем. Өзүн көрө электе, ырлары менен таанышкам. Дале эсимде… Мектеп босогосун аттап, бирдеме окуганга жарап калган кезимде, жумгалдык жаш калемдин ысымы жүрөгүмө уюп калган, акылыма агылып, эсиме эгилген. Ошо кезде “Кыргызстан пионери” жана “Жаш ленинчи” деген гезит-журнал бар эмес беле… […]

Ризван Исмаилова: Уйкашса, жупташса эле ыр десеңиз, адашасыз

Макалада учур адабиятынын өкүлдөрү Бекмурат Келдибаев менен Маматыйса Абдыкаимовдун чыгармачылыгына карата сын айтылат жана бүгүнкү күндөгү адабияттын оош-кыйышы туурасында учкай кеп уланмакчы… Кийинки  учурда жаштардын жаңыдан чыгарууга бел байлаган ырлар  жыйнагын  дасыккан  калемгерлерге окутуп, же чыгармачыл  чөйрөдө талкуулатып,  кандай болбосун  бир канча пикирлерди угуп,  кемчилик  менен  мүчүлүштүгүн  оңдоого болгон аракетти  байкоо кыйын. Буга азыркы адабияттагы  калемгерлердин  убактысынын жоктугу же кайдыгерлиги, кандайдыр бир тааныштык же болбосо жеке мамиледен улам окубай туруп эле  баш сөз же каалоо жаза  коюу  өнөкөтүнүн  күч алганынан […]

Улут адабияты тууралуу үч суроого жазуучу Абдыкерим Муратовдон жооп

Кезинде “Кыргызстан маданияты” жумалыгында акын-жазуучуларга анкета түрүндө үч собол узатылып, ошол үч соболдун тегерегинде омоктуу ойлор, ал тургай адабий полемика мүнөзүндө жанданган омоктуу ой-пикирлер окурман журтунун бүйүрүн кызытып турар эле. Ошол саамалыкты мындан ары “РухЭш” сайтында улантууну эп көрүп, “чү” дегенде сөз тизгинин азыркы тапта аргымактай тер чачып, адабий ишмердүүлүк менен катар көркөм чыгармачылыкта өндүрүмдүү иштеп келаткан белгилүү жазуучу жана публицист Абдыкерим Муратовго узаттык…   Улуттук адабиятыбыздын ооматы качан келет? Деги келеби, же өтүп кеттиби? Жооп: Адабият деген эл турмушунун […]

Нурланбек Мусаев: Демократия жана Евробиримдиктин баалуулуктары – 4

Англия революциясы (1640) <<<<< Башы Америка материгинин ачылышы Англияда бир топ эле экономикалык өзгөрүүлөргө себеп болду. Феодалдык система алсыздап, өндүрүш күчөп, шаардан элет жерине бара баштады. Натуралдык экономикадан эл аралык экономикага өтө баштаган Англияда жаңы байыган буржуа катмары пайда боло баштады. Көбүнчөсү  алып сатуу менен иш кылган буржуалар өндүрүшкө өтүп Батыш Европа өлкөлөрү менен атаандаша турган продукция чыгарууга өттү. Орто кылымдардан бери (1200) Англияда “Чоң жер тилкелеринин ээлери” кеңеши бар болчу. Калктан жыйналчу салык сыяктуу иштерде король ошол кеңеш менен […]

Олжобай Шакир: Шоркул

1. Алдындагы айдаган апапакай койлору. Чабан эле аксайлык, ак койдон ак ойлору. Кара кочкул-кыпкызыл, кайрагачтай беттери… Ойдо-кырда чапкылап оорубаган эч жери. Жаркылдаган жан эле, жаны Аксайга жаралган. Эриндери кесилген каткырыктан, шамалдан. Кызык нерсе барбы деп кыштак жакка тийбеген. Айлык акы дегенди айлап, жылдап билбеген. Түк ойлонбой жүрчү эле түйшүк барын, жогун да. Үшүтпөгөн качанкы куу тону бар жонунда. Алып кел деп айтпаган тапкан маңдай акыны, далдасында бар эле, дал өзүндөй катыны. Жүзү-башы туурулуп, жүрүп, жүрүп мал менен укту кабар бир […]

Орозали Сайдилканов: Баланын бактысынан ыйык, улук эч нерсе жок

Күчтүү, айбаттуу, кадыр-барктуу өлкө болуу калк саны менен аныкталбайт,  мыйзамдуулуктун үстөмдүк кылышы, адам укугунун, эркиндигинин ыйык сакталышы менен аныкталат. ♦ ♦ ♦ Жашоодогу эң коркунучтуу нерсе – жалганды чын, мыйзамсызды мыйзамдуу кылып көрсөтүүдөн уялбагандык. Жараткан ушундайдан сактасын. ♦ ♦ ♦ Эң туура! Конституциянын улуулугу адам укугунун жана эркиндигинин салтанат курушу менен, мыйзамдуулуктун урматталышы менен аныкталат. ♦ ♦ ♦ Тилди, дилди таза сактоодон ыйык баалуулук жок! Акылдын чени да ушулар! ♦ ♦ ♦ Ар бир адамга өзүн таануу жана өз кадырын […]

Диляра Тасбулатованын икаялары: Окурмандар жана жазуучулар

Музыка – ыйык Адабият – ал да ыйык анан театр сыяктуу жана башкалар. А юмор үчүн дайым эле тумшукка, тумшукка… Сулуулук дүйнөнү сактап калат Бир жолу  Россия Федерациясынын президенти жазуучуларды кабыл алыптыр: орус адабиятынын келечеги тууралуу сүйлөшкүсү келген го, сыягы. … Мен президент болсом, мен да жазуучуларды кабыл алып турмакмын. Маселен, өзүмдүн дачамда дегендей. Анан аларга өз “икаяларымды” окуп бермекмин. Ошондо Толстой (кадимки эле Лев Николаич) менинин икаяларымды угуп, кубаттап башын ийкеп турмак. Эми Лев Николаич  абийирдүү адам катары, принцип […]

Баарыбыз үчүн: жан-дүйнө дартына даба болор жомоктор

Терапиялык жомоктор нагыз укмуштарды жаратат. Алар жашоонун ар кандай жагдайларында келип чыккан балдардын көйгөйлөрүн чечүүгө жөндөмдүү. Балдарга жомок окуп берсеңиз, аларга жакын болуп, бири-бириңерди жакшы түшүнө баштайсыңар. Алар жөн эле алаксытып, көңүл ачпайт, алар сөзсүз көп пайда алышат. Анткени өспүрүмдөр кыйынчылыктар менен күрөшүүнүн жолдорун үйрөнүшөт, өз алдынча болууну адат кылып алышат. Бул жомоктор 9 жаштан 16 жашка чейинки өспүрүмдөргө арналган. Эгерде, ал өзүн чоңоюп калгандай сезип, жомок уккусу келбесе, анда жомок деген сөздү кызыктуу окуя, үлгү болор тарых деген сыяктуу […]