• Көп окуганга караганда, көп иштеген адам алдыга озот.
  • Ыйык нерсени арзан баада айта бербеймин. Ыйык нерсе ар кимдин кеп-сөзүнө айланбай, ар кимдин көңүл табына, таза идеялына айланышы керек.
  • Кечээги кулду жөнү жок мактай берип, бүгүн аны ажыдаарга айлантып алабыз.
  • Чычалоо, итиреңдөө, сөгүшүү – жеңил баа кишинин иши.
  • Бу тирүүлүктө сараңдык эмес, жоомарттык жеңерин, бирөөнүкүндө белен сүйлөп, белен ичкен киши бирөөгө белен бере да билиши керек.
  • Дөөлөт тоголок болот, бир кылт этсе эле тоголонуп колуңдан түшүп калат. Мээнет жалпак болот, бир жабышса андан ажыраш кыйын.
  • Көзүмдүн тирүүсүндө ашкере мактаган адамдар – көзүм өтөөрү менен биринчи болуп жамандашары ырас. Биздеги эң жаман адат – көзүң өтөрү менен жакшы жагыңды эмес, начар кемчил жагыңды гана издеп калышат. А кемчилик кимден кетпейт? Эч нерсе иштебеген жана өлүп жерде калган кишиден гана кетпейт.
  • Кулпу күчтүү эмес, ачкыч күчтүү.
  • Тамыры кыркылган дарак, өзү эле куурап түшөт.
  • Көзүң тирүүсүндө душманың сырттан чыкса, көзүң өткөндөн кийин душманың ичтен чыгат.
  • Адам ушунчалык татаал жаралган жан экен го жандуудан, сөзүн угуп, көзүн көрүп, бирок оюнда эмне турганын билбейсиң.
  • Байыркы римдиктер бир маселени үч жолу талкуулоочу экен. Биринчи жолу, соо отуруп, экинчи жолу, аябай ичип алышып, үчүнчү жолу кайрадан соо олтуруп… туура кылышкан. Мас кезиндегидей соо кезинде ички оюңду дайым эле айта албайсың…
  • Башы акылга, талантка бай, бирок чөнтөгү акчага тайыз.
  • Өзгөчө өзгөчөлөнүп, анан да көңүлдү тартып турган буюм таланттуу элде, таланттуу колдон гана жаралат.
  • Дуулдаган жоро-жолдош кээде болор, кээде болбос, бул анча өкүнүчтүү эмес, ал эми жаныңда болбосо да алыста эң жакын, болгондо да жан кыйышпас жакын кишиң болбосо нары кусалуу, нары өксүк экенсиң.
  • Өтө көп жоро-жолдош бу – кур бакылдак, текке кеткен өмүр, текке кеткен убакыт, болбогон жерден көңүл калуу, араздашуу. А жалгыз жүрсөң ойлоносуң, а ойлонуу — алдыга умтулуу, өзүңдү өзүң бышыруу, курчутуу. Түбү келип куру бакылдак, жоро-жолдоштор ашык атпай, эмгектен бышып, эмгектен курчусаң, ошо эмгек сага ашык атат, жан жолдоштой жаныңда турат.
  • Бүлөдөгү туруксуздук болгону бир бүлөнү бузса, саясаттагы туруксуздук бүтүндөй бир элдин, журттун тагдырын бузат.
  • Күндүзү короого кол салган карышкырдын мергенчилери көп болчу эле…
  • Бул дүйнөдө артыңда жарытылуу эмгек калтыра албасаң да, жок дегенде пайдалуу тукум калтырып кетүү парз…
  • Адамдын жылкы пейил дегени ырас экен. Семиргенде тебинип, кээде өз көлөкөсүнөн өзү үркүп калса, ач-жылаңач учурунда тообасына жанып калат тура, ынтымак тартып, бирине-бири жөлөк, өбөк болуп калат тура!
  • Тирүү пенде канчалык акылдуу, канчалык эрктүү болбосун, башынан мансабы тайып, ооматы башкага оой баштаганда баары бир пенделигин кылып, ооматы оогонго ичи тарып, өзүнөн-өзү кыйналып, өзүнөн-өзү чөгө баштайт.
  • Адам эмнеси менен бактылуу? Акыл-эси менен адам болуп жаралып калганы менен бактылуу. Эмнеси менен бактысыз? Эртеби-кечпи өлөрүн билгени менен бактысыз. А айбанчы? Айбан болуп төрөлүп калганы менен бактысыз да, өлүмдү билбегени менен эртеби-кечпи өлүп каларын сезбегени менен бактылуу.
  • Сабаты жок эл, талантты баалабай, чоңдукту баалашат. Адам болуу деп акылы, жөндөмү болсо-болбосо деле чочоңдоп эл башкарууну, чоң болууну түшүнүшөт.
  • Жакшы аялдын жакшы сөзү, жабык кабагы ортону оңдойт.
  • Жаман адам жалганчы болот. Эртеби-кечпи абийри ачылып каларын ойлобойт.
  • Кулдун эки түрү болот. Биринчиси, агымга, заманга жараша өнүп-өсөт, ал эми кулдун экинчи түрү — курсагынын гана кулу. Курсагы үчүн элин-жерин сатат. Тез эле көөп кетет. Бийликке көбүнесе мына ушундай кулдун тукумдары келди. Акылдуулар сыртынан күлөт, ичинен күйөт.
  • Көрүстөн. Эртеби-кечпи баарыбыз келчү, баарыбыз жатып калчу түбөлүктүү айылыбыз, түбөлүктүү үйүбүз. Көрбөгөндү көрүп, кылбаганды кылып, айтпаганды айтып жүрүп эле анан бир күнү ушерде ушердеги бир дөмпөк жер алдында жатып калчу үйүбүз!
  • Жөнөкөй, катардагы адам бу дүйнөдө тирүү жүргөнү үчүн эле, же майда-барат нерсеге эле зор ырахат алат. Ал эми чыгармачыл адам чыгармачылыгынан улам эки ырахат алат. Ушундан уламбы, күндү батышынан мурун күндүн чыгышын көбүрөк самачумун. Анткени, күн чыгары менен жашоо башталат, эмгек башталат. А эмгек — мен үчүн жан жыргаткан ырахат. Адамдын бүткүл бакыты, бүткүл ырахат-жыргалы, менимче бир гана эмгекте.
  • Кимдир-бирөөнү туураган киши, кимдир-бирөөнү өзүнөн жогору койгон киши, өз алдынча эч качан, эч жерде, эч алгылыктуу иш өтөй албайт, алдыга чыга албайт.
  • Чыныгы интеллигент элинин намысын, чыныгы тарыхын бүгүн бар да, эртең жок кызматына алмаштырбайт!
  • Өмүр бою бирөөдөн үйрөнгөн киши өмүрүндө өз алдынча эч нерсе кыла албайт.
  • Кулдук психологиядан чыкпай туруп, алдыңкы өлкөлөрдүн катарына чыга албайбыз.
  • Өтө даңктуу адам менен өтө эрке адам, айрыкча бакыт келип турган учурда өтө чын тийбес болуп кетет.

Даярдаган Мээрим САЙДИЛКАН

Көчкөн Сактановдун «Маркумдар үнү» чыгармасынан топтолгон накыл сөздөр I

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.