Ата-энелер жана балдар жөнүндө

Балдарды тарбиялоодо – акчаны эки эсе аз жумшап, убактыңды эки эсе көп бөл.

*      *      *

Уулду болом деген тилеги аны көп кыздуу кылды.

*      *      *

Көпчүлүк адамдар өздөрү бала бойдон жүрүп эле ата-эне болуп алышкан.

Медицина тууралуу

Оорулуу балага чоңдорго мамиле кылгандай мамиле жаса, оорулу чоң адамды – жаш баладай кара.

*      *      *

Өзүңдүн бактерияңды көргөзчү, мен сенин кимдер менен жүргөнүңдү айтып берем.

*      *      *

Чыдамың канчалык күчтүү болсо, ошончолук көпкө күтүүгө туура келет.

Жашоо тажырыйбасынан

Пенсионерлер жылдан жылга жашарып барат…

*      *      *

Аялдар үчүн кызматтан көтөрүлүү мыйзамы:

  1. Эркектей ойлон.
  2. Өзүңдү леди сыяктуу алып жүр.
  3. Арабанын атындай иште.
*      *      *

Адам баласына жаңылуу, андан да көбүрөк – өз күнөөсүн башкаларга оодаруу мүнөздүү.

*      *      *

Биринчи сүйүү менен акыркы сүйүүнүн айырмасы; биринчи сүйүүңдү – акыркы сүйүүм деп ойлойсуң, ал эми акыркы сүйүүңдү – биринчиси деп ойлойсуң.

*      *      *

Кемчиликтериңдин суммасы туруктуу сан – бирин жойсоң, экинчиси пайда болот.

*      *      *

Жаш бойдон өл, бирок мүмкүн болушунча кечирээк.

*      *      *

Өзүңдү келесоо сезип жатсаң, чындыгында эле ошондой болушуң да мүмкүн.

Которгон Абийрбек АБЫКАЕВ

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.