“Келкел kg” журналынын кезектеги жаңы саны өлкөбүздөгү эң ири Кара-Суу районуна арналып чыгарылды. Журналдын кабарчылары ушул райондун тургуну, белгилүү адабиятчы, “РухЭш” сайтынын “Кызана” чыгармачылык тобунун активдүү мүчөсү, филология илимдеринин доктору, профессор, Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин проректору Садык АЛАХАН агабызга да кайрылышып, киндик кан тамган айылы, ата-энеси, балалыгы, чыгармачылыгы ж.б. маселелелер боюнча суроо салган. Төмөндө ошол дилмаекти “РухЭштин” окурмандарына тартуулайбыз.

Кичи мекен – максаттарга үндөп турган ыйык күч

– Сиз чоңойгон айылды ааламга кантип тааныштырат элеңиз?

– Ар бир адамга киндик каны тамган жер Мисир деп аталат. Мен туулган айыл Кара-Суунун Миялы айылы. Тоо койнунда жайгашкан. Андан кийин Кызыл-Суу айылы болсо, андан ары Ала районунун борбору Гүлчө. Айылыбыз Миялы деп аталып калганынын себеби, мия деген чөп бар. Майдын аягында гүлдөйт. Гүлдөгөндө жыты буруксуп, айылды жыпар жытка бөлөйт. Албетте, кичи мекен өмүр бою сагынычтын, кусанын объектиси болуп, ошол эле учурда бизге дем берип, канат байлап, максаттарга үндөп турган ыйык нерсе.

— Ата-энеңиз тууралуу айтып берсеңиз?

— Ата-эне деген эң ыйык адамдар. Анан калса ата-энесинин экөөнү тең жоготкон мендей адам үчүн көкүрөктө арман менен сагынычка толгон таптакыр башка түшүнүк ата-эне деген. Айылыбыз жогорку жана төмөнкү айыл болуп эки бөлүктөн турат. Жогорку айыл  Киров колхозуна, төмөнкү айылдын жарымы Таширов колхозуна, калган жарымы, биздин айыл “Союз мясо” (“Эт союзу”) деген ишкана болгон, ошо карайт. (Эң кызыгы, бул чарбаны айыл тургундарынын баары “Сайизмаз” деп аташчу. “Эмне деген маанини билдирет?” деп таң кала берчүмүн. “Союз мясо” дегендин айылдаштарымдын тилиндеги аталышы экендигине жакында эле – чарба байкуш алда качан жок болуп кеткенден кийин гана баамым жетип олтурат). Кийин малды бордоп семиртүүчү ишкана болуп калды. Биз ошол кооперативге карап, сельсоветибиз “Катта-Талдык” совхозунда болчу. Атам ошол “Эт союзунда” өмүр бою иштеди. Бирок кат-сабаты жок болуп калды. Себеби, кичинесинен жетим калган экен. 30-жылдары жетим баланы ким окутмак эле? Тайкесинин колунда чоңоюптур. Бирок санды жакшы саначу. Өмүр бою өз мээнети менен жашады. Бизди дагы адал эмгеги менен чоңойтту. Колхоздун ар кандай иштеринде иштеди. Ак кызмат өтөдү. Элдин баары жакшы көрчү, эч кимдин көңүлүн калтырчу эмес. Тууган-урукка жакын болчу.

Апам Кара-Суунун тоо тарбындагы айылдарына белгилүү Кийизбай деген ырчынын кызы. Мен ал кишини көрүп калдым. 9-класста окуп жаткан учурда кайтыш болду. Көп ырын жазып калдым. Учурда басмага даярдап жатам. Таятам атка минип алып, бөйрөгүн таянып ырдай берчү. Таенем өмүр бою үй кызматында болду, абдан жакшы аял болчу. Мен таенемдин атын кайтыш болуп, молдо жаназасын окуп жатканда уктум. Көрсө, аты Ира (басым “а” тамгасына коюлуп айтылат) экен. Таятам байбиче, балдары апа, неберелери эне, биз таене дечүбүз. Ошентип, атын уккан эмес экенбиз. Таятам таенемди абдан жакшы сыйлагандыктан атын эч качан айтчу эмес.

– Классташ, айылдаш дегенде көз алдыңызга эмнелер тартылат?

Мен эки мектепте окуп калдым. Миялыдагы башталгыч мектепте 12-13 бала окуганбыз. Балдардан үчөө-төртөө окубаса, калгандары дээрлик окубай калды. Ата-энем жакшыраак билим алсын дегенби, Кара-Суудагы жатак мектепке (интернатка) беришкен. Адам катары жатак мектепте калыптандык. Жатак мектептин атмосферасы таптакыр башкача. Биринчи кезекте окууну жакшы окутат. Түшкө чейин окуйсуң, түштөнүп, бир аз эс алгандан кийин эртеңки сабакка даярданмай башталат. Окуганга мүмкүнчүлүк жакшы.

Ар кайсы аймактардан балдар келишет. Бир туугандарыбыз айткан өтүнүчтөрдү унутуп калышыбыз мүмкүн. Бирок достор, классташтар айтканды эч качан унутпайсың. Себеби, жатак мектеп ошондой тарбиялайт. Дагы бир жакшы жагы – пунктуалдуу кылат. Жоопкерчилик өтө күчтүү. Ар бир жасаган ишиң үчүн жооп бересиң, ал жерде таяна турган ата-энең жок. Эң башкысы – жакшы билим берет. СССР убагында түштүк чөлкөмүндө эң мыкты үч жатак мектеп бар эле. Алар: Оштогу В.Терешкова атындагы жатак мектеп, Кара-Суудагы биздин К.Жакыпов атындагы жатак мектеп жана Шакавтар жатак мектеби. Айылдык мектептен бүткөндөрдүн ичинен үч же төрт бала окууга өтсө, жатак мектепте окуган балдардын 95 пайызы жогорку окуу жайына өтчү.

 – Сиз ыйык туткан баалуулуктар?

– Ар бир эле эркек бала үчүн ыйык тутканы – бул Ата Журту, анын биримдиги. Айрымдар муну куру сөз катары кабыл алышат. Биздин курактагы адамдар башкача маани беришет. Себеби, башка мекен жок, башка Ата Журт жок. Демек, бир эле учурда төрт мезгилди бирдей көрсөтүп турган Ала-Тообуз эч нерсе менен алмаштыргыс. Биз үчүн ыйыктын ыйыгы деп эсептешибиз керек. Бала-чакабызга дагы дал ушундай насааттарды айтып, аларга үлгү болуп жашашыбыз керек.

– Кимди кумир тутасыз?

– Мен көп китеп окуйм. Куранда да, Библияда да эч кимди ыйык тутпа деп айтылат. Үлгү алып, ошого карап түздөнгөн адамдар көп болот. Китептерде кездешиши мүмкүн. Бирок, кумирди өзүңө-өзүң жасашың керек. Ошондо гана ийгиликтер жаралат. Кумир тутуу деген кимдир-бирөөнүн таасиринде калуу, көлөкөсүндө болуу деп түшүнөм. Өз жолуңду таап, ар нерсеге өз көз карашың менен жетүүгө аракет кылуу керек. Ошондо гана өмүрдүн өтөсү чыгат.

– Сизге өзгөчө таасир эткен ким болду?

– Мен кичине кезимен көп китептерди окудум. Атам шаарга жөнөгөндө баракка китептерди тизмелеп жазып, колуна карматчумун. (Жогоруда айтпадымбы, атамдын сабаты жок болчу да). “Китеп дүкөнгө барып кагазды көрсөтсөңүз, ушул китептерди берет” дечүмүн. Кагаздын башына “Урматтуу дүкөнчү, төмөнкү китептерди берип коюңузчу” деп жазып койчумун. Островскийдин “Болот кантип курчуду”, Чернышевскийдин “Эмне кылуу керек?” чыгармаларын, кыргыз адабиятындагы жазуучуларды көп окудум. Ошондой эле айылдагы жөнөкөй эле кишилердин да таасири күчтүү болот. Бизде кароолчу болуп иштеген киши бар болчу. Согуштун каарманы, мүнөзү катаал эле, колхоз-совхоздун жерин ушунчалык катуу коручу. Биз болсо жаш бала, буудай, беде уурдай каччубуз. Кандай гана адилет, өкмөттүн ишине берилген киши деп таң калчумун. Кийин ошол кишинин таасири болгонун сездим. Анан да кыргыз тили жана адабиятынан сабак  берген Тилемиш деген агайыбыз бар эле. Аябай каардуу болчу. Кийин ойлосом ошол кишинин айткандары, окуткан сабагы, баскан-турганы бизге үлгү болгон экен. Интернаттын директору Хамид Саттаров агай, Абсатар агай.

Студент кезде өзүмдүн устаттарым Муктар Борбугулович, Камбар аке (Бобулов), Салижан аке (Жигитов), Абдыганы Эркебаевичтер бизди жетелеп жүрүп адам кылды. Албетте, ар бир эле адамдын жакшы жактары бар, ошол эле учурда сын көз караш менен карай турган жактары да болот. Бизди оң жолго бас,  адабият деген мындай болот деген сыяктуу акыл-насааттары бизге үлгү болду.

–  Өзүңүздү жеңе албай калган учурлар болдубу? 

Жогоруда айткандай, жатак мектеп адамды прагматик кылып коёт. Идеалистке караганда прагматикалык жакка көбүрөөк калыптандырат. Турмушта ар кандай нерсе болот, жакын адамдарыңдын жаман кылык-жоругун көргөндө “жашоо ошондой” деп, жүрөккө жакын кабыл албайм. Демек, анын жан дүйнөсү ошондой. Же болбосо адабиятта кармашуулар көп болот. Идея үчүн кармашасың, өзүңдүн көз карашың үчүн кармашасын, өзүңдүн чындыгыңды талашасың. Бул сыяктуу нерселер баштан көп өттү. Бул учурда оппоненттериме түшүнүү менен мамиле жасап коём. Ал өзүнүн чындыгын коргогусу, далилдегиси келип жатат деп гана коём, бүттү. Кимдики туура, кимдики туура эмес экенин мезгил көрсөтөт.

– Ата-эне, мекен алдындагы мырзалык парзды аткардым деп ойлойсузбу?

Мунун жообун эч ким айталбайт ко. Мен антип койдум, тигинтип койдум деп айта албайм. Колубуздан келген нерсени жасап келе жатабыз. Эмнеге үлгүрдүк, эмнеге үлгүрө элекпиз, эмнени жасадык, эмнени жасай элекпиз, жасаган нерсебиз кандай деңгээлде болду, мунун баары эл айта турган нерселер, эл баалай турган нерселер да.

Садык Алахандын киндик кан тамган айылы Миялы (Оң жактагы арткы фондо Алахандын дөңү).

– Кайсы элдин, кайсы жердин уулусуң десе эмне менен мактанасыз?

Албетте, биринчи кезекте кыргыздын уулумун, кыргыз болуп жаралуу, жашоо кыйын. Кыргыздык милдетти аткаруу кыйын деп агаларыбыз жазып жүргөндөй, эч качан кыргыз экенибизден намыс кылбашыбыз керек. Анда биз улут катары жок болобуз. Тескерисинче, кыргыз болуп жаралганыбызга, кыргыз экенибизге сыймыктанышыбыз керек. Кыргыздын улуу нарк-насилин туу тутушубуз керек. Кыргыз деген сөз башты бийик көтөрүп, көкүрөккө толтура  аба жутуп алып айта турган касиет.

Ошону менен катар тоо десе тоосу бар, чөл десе чөлү бар жаратылышы кооз, пахтазарлуу кичи мекеним Кара-Сууну, анын мээнеткеч карапайым элин айтам.

 – Сиздин орундалган жана орундалбай калган кыялдарыңыз?

Жаш кезибизде ой-максаттарды тизмектеп ушуларды жасайм деп кыялданат экенсиң. Бирок алардын баары эле аткарыла бербейт. Айрымдары жасалбай, айрымдары максат боюнча калат тура. Адамдын өмүрү өтө кыска. Колдон келишинче өспүрүм кездеги, жигит курактагы, андан кийинки максаттарды аткаруунун үстүндө аракет кылып келе жатабыз. Кудай канча өмүр берсе, мындан кийин да ак кызмат кылууга ниет кылабыз.

 – Эртеңки күнгө, келечекке ой максаттарыңыз?

Адам кандай болбосун оптимист болушу керек. Айрыкча социалдык тармактарды окуп олтурсаң жөн эле капкараңгы түн болуп калат. Өткөндө Орусияда иштеп жүргөн бирөө жазыптыр, үй-бүлөсү менен эс алууга келип кайра кетип жаткан экен. Кыргызстанда айылдарды, шаарларды аралап жүрсөң сонун экен, анан эле социалдык тармактарга кирсең эле кара түн экен  деп жазыптыр…

Мына, карачы, экөөбүз турган жер кандай сонун, бактын ичи, тиги жакта балдар ойноп жүрөт, көчөдөн басып келдик, элдин баары өз турмушу менен алек, демек, бизде жашоо жакшы десек болот. Жөндөн жөн эле “кара түнгө туш келдик, туңгуюкка кептелдик” дегенден жашоо оңолуп кетпейт. Идеалдуу жашоо эч жерде жок. Кыргызстанда салыштырмалуу түрдө жашоо жакшы. Таптакыр эле туңгуюктан чыга албай жаткан мамлекеттер бар. Ошол эле учурда өнүгүп жаткан өлкөлөр бар. Биз ошолорго карай багыт алышыбыз керек. Муну эчак эле элибиз “Пайгамбардын да бир тузу кем” деп даана айтып койгон. Кыргызстан, буюрса, өнүгүүнүн жолунда. Тоннелдин аркы башында жарыктын шооласы көрүнүп турат. Жакшы болот деп үмүт кылышыбыз керек.

Маектешкен Исхак Эргашев

Даярдаган Назгүл Бостонбаева

 

One Reply to “Садык Алахан: Кыргыздык милдетти аткаруу кыйын”

  1. Ак соз, акылы жетик адамдардын баамы, дуйно таанымы да терен. Окуп Союз учуруна барып келгендей болдум. Ден соолукта болунуз!

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.