Маараганын козунун
Чечмеледи Самарбек:
– Орусчалап чакырат,
Апакесин  «Ма-ма» деп!

КЫШТА

Аяздуу кыш кычырап,
Ичиркентти бүт баарын.
«Үшүбөсүн» деп ойлоп,
Китебимди тыштадым.

МАЙРАМДА

Майрам күнү Орозбек,
Онго чейин уктады.
Күрөң аюу сыяктуу,
Түнт чээнден чыкпады.

УЛАКБЕК

Алты жашар Адилет,
Абдан кызык кеп айтты.
Эчкисинин улагын,
«Улакбегим» деп айтты.

ПИЛТАЙ

Кандай сонун тамаша,
Ким угуптур мындайды:
Айтор, пилдин баласы
«Пилтай» болот турбайбы?!

ЭСИ ЖОК

Досторумдун ичинен
Эмилбектин эси жок.
Үйдө калып китеби,
Күндөлүктө «беши» жок!

СҮРӨТЧҮ

Ак барак  таппай Каныбек,
Колуна тартты сүрөттү.
Дүйнөдө сейрек кездешет
Ушундай укмуш сүрөтчү!

ЖЫЛ СҮРҮҮ

Куйма кулак балдарым,
Кагаз, калем кармагын.

Мүчөл жашты билгиле,
Эсиңерге  түйгүлө.

Чычкан, Уй, Жолборс, Коён,
Озунуп чыгат жолдон.

Балык, Жылан, Жылкы, Кой,
Коңшу экенин угуп кой.

Маймыл, Тоок, Ит, Доңуз,
Төрт баатырга  — бир  конуш.

Ушул ырды жаттасаң,
Адашпайсың ар качан!

Балдар адабияты боюнча жаңы конкурс

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.