АҢГЕМЕ

Автобекет – учурашуу менен коштошуунун тоому. Адамдар жакшы үмүттөрү менен аздек тилектерин көөдөндөрүнө катып алып, ушул жерден алыска сапар алышат. Ал эми алыстагылар болсо эл-жерге, киндик каны тамган айылына, туугандары менен жакындарына болгон сагынычын, кусасын жан дүйнөсүнө мелт-калт толтуруп алып, ушул жерге келип түшүшөт.

Ылайым эле адамдын тосуп алуучусу, узатып калуучусу болсо экен. Эмнегедир ушул ой кайып келип көкүрөккө тык этет. Деги эле жолдун табияты ушундайбы, же мен өзүм кыялкеч жанмынбы, ким билсин, айтор жол жүргөндү жакшы көрөм. Кетип бараткан жол эзели түгөнбөсө деп да самап кетем. Андайда өзүмдү башкача сезип, көңүлгө куш конгондой өрөпкүп алам. Күнүмдүк көр оокаттын абыгерчилиги тээ алыста калгандай жеңилдейм. Жол – менин стихиям.

Мына, ушу сампарлап жаап жаткан аппак карды жамына, бүгүн да алыскы сапарга чыкканы турам. Көптөн бери мындай калың кар жаай элек эле. Дал бүгүн, балким, мен үчүндүр, бороон-чапкынсыз, тынч жаап жатканына өзүмчө жакшылыктын жышааны кылып, бараткан сапарымдын байсалдуу болушун ичимден тилейм. Ар кимдин тилегени, күткөнү жакшылык, демек, ар кимдин бет алган сапары байсалдуу болсо экен дейм.

Демейде мында адамдар арбын болуп, катарынан тизилген жеңил машиналар жүргүнчүлөргө толуп, тез-тез эле жөнөп кетчү эле. Негедир бүгүн андай эмес. Таксилер көп, жүргүнчү жок. Тетигил жактан бир кишинин карааны көрүнсө беш-алты айдоочу «Бишкек, Бишкек» деп кыйкырып, утурлай чуркашат. Ал жок дегендей башын чайкап өтө бергенде, демдери суугандай кайра тартышат. Ушу көрүнүштөн улам азыр жок болуп кеткен сары автобустар эске түшөт. Аны канча зарыгып күтпөдүк дейсиң. Антсе деле кээде ошол автобустун жытын, калдырап, шалдыраганын сагынып кетем. Бирок, мезгил дегениң, доор дегениң зымырап өтө берчү нерсе турбайбы. Аны менен кошо турмуш, жашоо, адам өзгөрүп, таанылгыстай болуп калат экен.

Кечээки жок нерсе бүгүн бар, бүгүнкү бар нерсе эртең жок. Ошо сары автобустун карааны качан көрүнөт деп мойнубуз узаргыча карап аткан учурда машинага эмес, тескерисинче, жүргүнчүгө зарылып калабыз деген ой кимибиздин башыбызга келди экен?

Убакыт өткөн сайын чый-пыйым чыгат, бара турган жерге кечигип, атайын чакырган иш-чарага катыша албай калбагай элем деген ой көкүрөгүмө улам сайгылайт. Маршруттук автобус менен кете бербегениме да өкүнүп кеттим. Тез жетейин дебедим, кашайгырдыкы. Кудай жалгап, мен олтурган таксинин тушуна бир такси келип токтоду. Андан эки киши түшүп атканын карап отуруп, «Бишкекке барышса экен» деп тилеп аттым. Шыпылдаган айдоочу илгиртпей барып, карыяны колтуктады, ай-буйга келтире койбой бери жетеледи. Беркиси чоң сумканы көтөрүп, машинанын артына салды.

— Эми бир киши алсак, кеттик, — деди жигит. Карыянын шериги барбайт экен, коштошуп кайра басты, баласы окшойт.

— Көпкө күтөбүзбү, — деп сурады карыя айдоочудан.

— Киши толоору менен жөнөйбүз, ата.

— Тезирээк толсо экен, — деп койду ал. Негедир күлкүм келди.

— Шашып атасызбы, аксакал, — күлкүмдү билгизбөө аракетинде сурап койдум.

— Ээ, иним, шаша тургандай өрттөнүп бараткан иш бар дейсиңби. Антсе деле бу түгөнгүр, карыганда адам убакытка кароо болуп калат көрүнбөйбү, бир мүнөт болсо да текке кетиргиң келбей калат экен. Бирок, колуңдан кайсы кыйраткан жумуш келет дейсиң.

Ал сөзүн бүтүп, жайкалган аппак сакалын сылап койду. Башында жарашыктуу кара тебетей. Кызыл жүздүү, кабагы жарык, маңдайынан нур жанып тургансыган салабаттуу адам экен. Эмнегедир өткөн кылымдын нарктуу карылары жылт эте көз алдыма тартылып өттү. Шаардан мындай көзгө толумдуу, кандайдыр бир сүйкүмү бар адамдарды көрбөй калганым качан…

Бир нерсени эстей калгандай, машинанын эшигин ача берип, айдоочуну чакырды:

— Ай, уулум, бери кел. Жок кишини эми канчага күтмөк элек. Анын жол киресин мен төлөйүн, арабаңды зымырат. Кысылбай, кененирээк да кетебиз.

— Жакшы болот, ата, анда кеттик. — Кымылдаган жигит машинасын дароо от алдырып, алкынтып жөнөдү. Мен да кубанып кеттим. Тигил кишиден озуна, акча сундум:

— Жарымын мен төлөйүн.

— Шашкан шайтандын иши дейт, уулум, тайгак жолдо ашыкпа, жетебиз. Ушу адамдардын тагдыры азыр сенин колуңда.

Кар дале сампарлап жаап жатты. Бармактай бүртүктөр алдыңкы терезеге жабыша калат. Эки щетка аларды тынымсыз тазалайт. Бардык тарап акка тунуп, негедир тазалыктын, кандайдыр бир ыйыктыктын мөлт эткен тамчылары сезимге тып эте түшкөнсүйт. Ойлобогон жерден орус акыны Пушкиндин кыш жөнүндөгү керемет ыры эске түшүп, ээн талаада кош ат чегилген чүмбөттүү чанада бараткан адамдар көз алдыга тартылат. Ошол чанада болгум келип кетет. Ар ким өз ойлору менен алек, жол артка түрүлөт. Мотордун гана пас чыккан дүрүлдөгү угулат.

Машинадагы тынчтыкты бир оокумда карыянын үнү бузду. Ал мага кайрыла карады:

— Сени баягүнү телевизордон көрдүм, иним. Карыган кишинин болгон-бүткөн эрмеги тамак менен эле телевизор болуп калат экен. Үч-төрт жылдай мурда бир китебиңди да окуган элем, алтын таап алган киши жөнүндө. Анын элеси көпкө чейин көз алдымдан кетпей жүрдү.

— Сиз китепти көп окуйсузбу? — Сөз китеп жөнүндө башталып калганына мен кубана түштүм.

— Азыркы жаштар телефонду кандай ардактап көтөрүп жүрүшсө, биз да өз кезегинде китепти ошондой кадырлап көтөрүп, окуп жүрчү эмес белек. Менин жыйнаган китептеримди көрсөң болот эле.

— Жакшы экен, аксакал. Азыркы заман китеп менен эмес, чет элдик кымбат буюм-тайымдар, кабат үйлөр, күн чагылган машиналар менен кубана турган заман эмеспи.

— Калетсиз сөз, иним. Бирок, ошолор адамга опа болуп берсе кана. Китебиңдин каарманы акыры эл-жерге батпай, үңкүрдү байырлап, жинди болуп, бир үймөк алтыны менен жарылып, жер алдында калды го. Байлык деген ошо. Пенде баласынын табияты ошондой жаралган окшобойбу, болгон сайын болсо экен деп жутунат. А ошо байыган сайын жан дүйнөсүндөгү асылдыктар, адамкерчилик, ыйман деген сапаттар акырындык менен желип, түгөнүп баратканын сезбейт. Эң өкүнүчтүүсү ушу.

Бир аздан соң кайра баштады:

— Бу жаагы тынбаган кайдагы абышкага туш келдик эле деп жүрбөгүлө. Жаш өтүп, адамдарга аралаша албай, үйкүчүк болгон адамдын бирөөлөр менен аз болсо да сүйлөшкүсү, көкүрөгүн көлкүлдөткөн нерселерин айткысы келет экен, түгөттүкү. Антейин десең, карынын калжырагын уга турган жан чыга бербейт экен. Бу жазуучу иниме капысынан кезигип, сапарлаш болуп калганыма кубанып турам. Адатта калемгер адамдар сөз дегенде жантыгынан жата калышат эмеспи. Балким, бир кереги тийип калар деген үмүттө аңгеме-дүкөн куруп берсемби деп турам, ылайык көрсөңөр.

— Эң сонун болбойбу, аксакал. Жолду ката эрмек болуп, узак жолду кыстартат элеңиз, бу инилерим деле каршы боло коюшпас. — Мен айдоочу менен тигил жүргүнчүгө карадым.

— Айта бериңиз, — дешти экөө удаа.

— Илгери атчан сапарга чыккандар «ат жалына казан ас» дешчү. Азыркылар «баляй» деп коюшканын кулагым чалып калат. Мунун түз маанисин деле билбейм. Эмнеси болсо да мен эми «машиненин жалына казан асайын». Баса, бу жөнүндө ушу кезге чейин жан адамга оозумдан чыгарбай келаткан элем. Ким билет, түшүнгөнү бар, түшүнбөгөнү бар. Бул чал акылынан айнып бараткан экен, куурагыр дечүлөр да чыгабы деген ой тушап келди. Эми айта берсем болот, удулу келип чыкты.

— Ошентиңиз, аксакал. Кулак сизде. — Мен кубаттап койдум, чынында анын көп нерселерди билерин сезип турдум. Карыя машинаны токтоттуруп, тигини алдыга өткөрдү да, өзү менин катарыма отурду, бир четинен айдоочуну алаксытпайын, экинчиден мени жакшы уксун деди окшойт. Ошентип, карыя баянын тээ алыстан баштады.

*     *     *

Бу пенде баласынын тагдыры кээде таштак жолдо жылаңайлак сапар тарткан жолоочу кебетеленген нерсе турбайбы, куураганда. Ошо таштар тиги шордуунун таманын тилип атабы, кесип атабы, тагдырдын иши эмне, кылы кыйшайып койбойт. Мен да ошо жолоочунун күнүн көрдүм. Адамдын ичээр суусу, көрөөр күнү биротоло соолуп калмайынча кыбырап жүрө берет турбайбы. Антпеске аргасы да жок экен. Үч жашка келип калганымда атам батышка, кан күйгөн майданга аттанган экен, ошол бойдон кайтып келген жок. Энем болсо согуш бүтөр жылы бир бутунан жарадар болуп келген кишиге тийип кетти. Мен чоң атамдын колунда калдым, ал киши да жалгыз турчу, чоң энем мен төрөлө электе эле каза болгон экен. Какаганга муштаган дегендей, көп өтпөй чоң атам каза болду. Өгөй атам менен келише албадым, ал жашаган айылда биринчи классты эптеп бүттүм. Энем түшүндү окшойт, Фрунзенин четиндеги жетим балдар интернатына киргизди. Бир, эки курдай барды да, анан мени унутту. Ошо жерден орто мектепти бүтүп, үч жылдык техникумдун жол куруу бөлүмүнө кирдим. Жатакана, окуу, кечкисин темир жол бекетине барып көмүр, шагыл, башка ар кандай жүктөрдү түшүрүү менен итеңдеп жүрүп, үч жылдык өмүрүм билинбей өтүп кетти.

Айтылуу Арстанбек акын: «Жалгыз өлсө чуу чыкпайт» деп, сөздүн төрөсүн айтып койгон экен, жарыктык. Жалгыз адам тирүүсүндө деле жыргап кетпейт экен. Айрыкча, жетимдер үйүндө чоңойгонуңду билгендер окчундап, сенден алыс болууга аракет кылышат экен. Окуу жайдын диплому колума тийген соң, кесибиме байланыштуу мекемелердин бирине кирдим. Кашка баш, очойгон киши экен жетекчиси. Кайдан экенимди, эмнени бүткөнүмдү ооз учунан сурап койду да, орун жок экенин, караштыралы деген жооп менен узатып койду. Шаардагы чоң ишканалардын биринин жетекчиси да мурдагылар менен кеңешип алгансып, бышыкулак болуп калган жоопту айтты да, сөз бүттү дегендей, алдындагы телефондун трубкасын алды. Менин көңүлүм чөгө, сыртка чыктым. Эшик алдында кужулдашып турган он чакты адамды аралай өтүп, чоң жолго түштүм. Эми кайда барарымды билбей, эки анжы болуп турдум. Айылга кетип калгым келди, бирок, анда маңдайымдан сылай турган жакын туугандарым деле жок болучу. Жетилүү аттестатын колума алгандан кийин, энемди издеп, ал жашаган айылга баргам. Алар эчак эле башка бир жакка көчүп кетишкен экен. Муну кошуналарынан билдим, кайда кетишкени белгисиз. Ошентип, кайра шаарга келе бергем. Андан бери дагы беш-алты жыл өтүп кетти. Айылга барып эмне кылат элем.

Айлам кетти. Эмне кылсам дагы бир жумушка орношуп, иштеп, жан багышым керек эле. Күн сайын кечинде темир жол бекетин байырлап, анча-мынча тыйын таап жашоого болбойт эле. Жанагы мекемеден чыгып, төмөн карай бир нече кадам басып барып, токтодум, жогору басып, кайра токтодум. Эми кайда, кайсы мекемеге барарымды билбей аттым. Атайын жогорку окуу жайынын диплому менен кызмат беришпеген адамдарга өзүмчө кыжырланам. Кайра көңүлүм чөгүп, ыйлагым келди. Дүйнөдө жалгыз калгандай, аргам куруп турду. Ушу чоочун, кайрымсыз адамдардан тезирээк алыстап, бир жан көрбөгөн ээн жакка кетип калгым келди. Кайсы бир бейтааныш чолок көчөгө түшүп, жогору жөнөдүм. Кичинекей, тар көчө экен, нары-бери өткөн эч ким жок. Бир маалда капысынан эле жанымдан бирөө пайда болду, кудум жерден чыга калгандай. Чочуп да кеттим. Ал ай-буйга келбей эле:

— Сен азыр Самат Ишеновичке кир, — деди.

— Эмнеге, мен ошол кишиден чыктым.

— Кайра кир, күтүп атат, — деди тигил эч нерсе болбогондой. Мен аны таң кала карадым. Мурда-кийин көрбөптүрмүн.

— Сиз кимсиз, мени кайдан тааныйсыз, — дедим. Ал мага тең чамал эле көрүндү. Ошондуктан «сиз» деп алганыма өкүнүп да кеттим.

— Кире бер, — деди тигил жигит ишенимдүү. Мен келген жагыма бурулуп карадым, имерилиштен анча деле узай элек экем.

— Эмнеге киришим ке… — Мен сөзүмдү бүтпөй, какап токтодум. Эми эле жанымда турган киши жок эле. Көчө ээн болучу. Бүткөн боюм дүр этип кетти. Туш-тарабымды карадым, жан киши жок. Деги, бул эмнеси, тирүү жанбы, же көзгө көрүнчүбү? Буга жооп таппадым. Селейип кыйлага турдум. Эмелеки болуп өткөн нерсеге ишене албай, деңдароо тарттым. Акылымдан айнып бараткан жокмунбу, деген кайып келген ой селт эттирди. Башымды силкип алдым. Бараткан жагыма кете бердим. Чолок көчөнүн тиги башына жетип, кай жагына бет аларымды билбей туруп калдым. «Кир» деген сөз кулагыма кайрадан угулгансыды. Жанымда эч ким жок эле. Эми эле ошол Самат Ишеновичтен чыккам. Эми кайра эмне деп барам? Кабинетинен кубалап чыксачы? Ыргылжың болуп атып, акыры ал кишинин эшигин акырын, аярлай тыкылдаттым.

— Кел, жигит, бизге сендей адистер абдан керек. — Самат Ишенович ордунан туруп, озуна колун сунду. Беш-он мүнөттөй мурда эле зиркилдеп, орун жок деген кишини тааный албай, эмне болуп жатканына акыл-эсим жете бербей атты. Балким, бул жөн гана түшүм болуп жатпасын деген ойго да чарпыла түштүм. Тигил киши ордуна отура берип:

— Арызыңды жаз, кол коюп берейин, — деди.

Ал кагаз менен калемди мага жылдырып койду. Анан эми эстегендей шаша сурады:

— Баса, сен шаарда турасыңбы?

— Ооба.

— Жакшы, анда үйүң бар турбайбы.

— Үйүм жок, Самат аба.

— Ошондой де, анда кайда туруп атасың? — Мен шыр жооп бере албай, мукактанып калдым. Анда темир жол бекетинин залында жатып аткам.

— Түшүнүктүү. Азырынча биздин ишкананын жатаканасында жашап тур, ыгы келип калса көрөбүз. Ишиң ийгиликтүү болсун, иним.

Арызга кол койгон Самат колумду бекем кысты.

— Чоң ырахмат, Самат аба!

Мен уйку-соонун арасында жүргөндөй сездим өзүмдү. Сыртка чыгып, терең улутунуп алдым. Ушундан соң гана кандайдыр бир оор жүктөн арылгандай, жеңилдеп калгансыдым. Жанагы жигит кайрадан көз алдыма тартылды. Аты-жөнүн сураганга да үлгүрбөдүм. Ал тургай өңү-түсүн да дааналап карап алууга мүмкүн болбоду. Чагылгандай тез келип, чагылгандай тез кетти. Аны кайра көрсөм, тааный албайт элем. Эмнеси болсо да ошо сырдуу, табышмактуу жигитке ыраазы болуп кеттим. Ал болбогондо дагы канчага сүйрөлүп, жумуш издейт элем. Колдогондой эле болду. Капысынан «колдоочу» деген сөз көңүлүмө тык этти. Адамдын жашоо-турмушунда ушундай окуянын болорун, чынында эле колдоочу деген нерсенин бар экенин мен мурда уккан эмесмин. Балким, башка бирөө айтса караманча ишенбейт элем, эми өзүм күбө болуп, минтип, анын колдоосу менен ишке орношуп отурам.

Дарактын бутак-шагы жайылган сайын тамыры жердин тереңин көздөй кете берет. Түбү ошентип бекемделет. Ошо сыңары мен да бир ишканада иштеп, көп адамдар менен таанышып, өзүм да таанылып бараттым. Директор өз сөзүндө туруп, жылга жете бербеген убакта ишканага тиешелүү көп кабаттуу үйдөн бир бөлмө алып берди. Бул да мен үчүн чоң кубаныч, чоң жеңиш эле. Канткен менен, атайын жогорку билимге ээ болуп, адистик алып келгениме карабастан жол жумушчулары менен чаң жутуп, учу-кыйыры билинбеген жолдун бузулган, тешилген жерлерин оңдоп-түзөп, көпүрө салып, ар кай жерде салпактап жүргөнүмө, чынында алымсынбай жүргөм. Эмне үчүн жок деген жол мастерлик ишке койбогонуна ич күптүүм да жок эмес эле. Бирок, мунумду сыртка чыгарчу эмесмин. Эми үйлүү болгонума кубанып, аным артка жылып кеткенсиди. Дагы буйруганы болуп кетер, болгонуна шүгүр кылып иштеп турайын деген ойго бекидим.

*     *     *

Бул күнү жумуштан бир аз эрте келсем экен деген оюм оңунан чыга бербеди. Жумушчуларды алып кете турган машина кечигип атты. Ансайын шаштым кетип, улам жол карайм. Андайда кара басып, жолулаш машиналар да чыкпай калат. Зарыктырган машина бир саат кечигип келди. Үйгө кирерим менен чечинип, ваннага кирдим да, шаша-буша жуунуп, кийинип, сыртты көздөй чуркадым. Эшигин бекитип жатканда жанымда заматта бирөө пайда болду. Анын төмөндөн чыгып келгенин, же жогортодон түшүп келгенин билбей калдым.

— Ага барба, — деди ал кулак түбүмдөн. Мен бери бурулдум. Жанымда өзүмө тең чамал, арыкчырай, узун бойлуу жигит туруптур. Аны бир жерден көргөндөй болдум, бирок, эстей албадым.

— Эмне дейсиң? — Мен кайра сурадым, үнүм кекеткендей чыкты.

— Зуурага барба. — Тигил токтоо үн менен салмактуу айтты.

— Эй, сен кимсиң мага буйрук бергидей, кайда барам, эмне кылам өзүмдүн ишим, сенин кандай тиешең бар? — Кызууланып кеттим, эшик жакка бурулдум.

— Өкүнүп каласың.

— Эй, сен… — Эшикти бекитип, бери шарт бурула берип, селейип туруп калдым. Эми эле жанымда бейкапар турган жигит жок. Кудум абага сиңип кеткендей. Жүрөгүм зырп этип алды. Мурда да ушундай болгон эле. Эстедим, бул баягыда көрүнгөн жигит эле. «Колдоочу» дедим ниетимде. Бир жылдан бери көрүнө элек болучу. Ошондо анын жакшылыкка көрүнгөнүнө ошо күнү эле ишенип калгам. Тымызын күтө турганымды да сезчүмүн. Бирок, бул жөнүндө бир да жанга ооз ачкан жокмун. Эми экинчи жолу көрүндү. Мунусунда эмне болот болду экен? Зуурага барба дегени эмнеси? Аны кайдан билет? Баса, колдоочу деген немелер да периште сыяктуу болсо керек, алар бардыгын билишет го. А эмне себептен мени гана колдоп жүрөт? Буга да жооп таба албадым.

Кечинде Зуура менен кезикмекмин, ушундай макулдашканбыз. Аны менен таанышып алганыма он күндөй болгон. Шаардагы жогорку окуу жайлардын биринде окуган, шайыр, өңдүү-түстүү кыздардын бири эле. Аны көрүүгө ашыгып, алып-учкан жүрөгүм, негедир эми пастай түштү. Бирок, Колдоочунун бу жолку айтканына моюн сунууга канчалык кыйылганым менен, барбай коюшка эрким жетпеди. Себеби аны жакшы көрүп калгам. Көп өтпөй, экөөбүз үйлөнүп, бир коломтодон түтүн булаттык.

Билинбей эле айлар агылып, жылдар жылып өтүп жатты. Зуура экөөбүз үч балалуу болдук. Жанга баткан жалгыздык азабы артта калгансыды. Көп кабаттуу үйлөрдүн биринен өкмөт эки бөлмө үй берген. Бул кезде мен Фрунзе шаарындагы «Кыргыз айыл чарба техникасы» деген чоң ишканада бакыйган кампа башчысы элем. Бир тай чабым келген кенен короодо жаңы тракторлор, комбайндар, айыл чарба шаймандары, ошондой эле чоң имараттын ичи ар түрдүү машиналардын, тракторлордун тетиктерине жык толгон. Адатта колунда наны бар бала сүйгүнчүктүү деп коюшат эмеспи. Анын сыңарындай, мен эми Какеге айлангам. Ар кандай тетиктерге мажбур болгондор алдымды торой Каке, Каке деп турушат.

*     *     *

Түш оой берген маалда мен кабинетиме келип, жумшак креслого чалкалай отурдум. Эртеден бери кампадагы жумушчулар менен ары жак, бери жагын кыдырып көрүп жүрүп, чарчаган элем. Негедир маанайым да пас болуп турду. Ар кандай ойго бир чарпылып, санаам бир ыңгай болбой атты. Зуура дагы кетип калган, бул үчүнчү жолкусу. Эмнегедир ал экөөбүздүн турмушубуз болбойт окшоп калды. Үй-бүлө ортосундагы ынтымакты канчалык бекемдөөгө аракет кылганым менен майнап чыкпай атты. Кыялы чатак, чалпоо аял менен жашоо да азап экен. Эми ага кайрадан баргым келбеди. Балдарымды сагынганым менен Зуураны көргүм, ага жолуккум келбеди. Андан көңүлүм калып бүттү. Бирок, балдарыма жолугуп туруум керек, антпесем болбойт. Баягыда Колдоочу жөн жеринен «барба, өкүнөсүң» деп айтпаган экен да. Ошондо эмне үчүн аны укпадым, ага кол шилтеп койдум. Ага көнгөндө бардыгы башкача болот беле? Баса, ал ошондон бери көрүнбөй калды го, же укпай койгонума таарынып калды бекен? Кайра бир көрүнсө жакшы болот беле? Ушул ойго уруна түштүм. Анда андан кечирим сурамакмын, кечирет беле? Ким билет. Кабинеттин эшиги акырын тыкылдап, мени ойдон алаксытып жиберди.

— Кире бериңиз, — деп, түздөнө отурдум. Бакене бойлуу, курсагы чедирейген, кашка баш киши кирди. Мен ордумдан туруп, утурлай бастым:

— Оу, салом алейкум, Абдыке, келиңиз! Бул тарапты унутуп калды го деп жүрбөдүм беле. Кудайга шүгүр, жаңылыпмын. Отуруңуз. — Мен аны колтуктай кармап, отурууга көмөктөшкөн болдум.

— Бу силерди унутуу — Кудайды унутуу дегендик эмеспи, Каке. — Ал жасалма түрдө каткырып калды. Бул менин жердешим, облустун айыл чарбасы боюнча жетекчи кызматкерлеринин бири Абдыкул эле.

— Көкөлөтүп жибердиңиз го, Абдыке, бала-чака, иштер жакшыбы?

— Кудайга шүгүр, бу жактан силер көз салып, кем-карчыбызды толуктап турсаңар эле иш кайда качмак эле. Кеп чынынан бузулбайт дейт эмеспи, Каке. Бул жерге өзүң келгенден бери биздин айыл чарба техникалары дүкүлдөп иштеп, ишибиз кыйла илгери жылды. Кол ийрисине тартат дегендей, башкаларга караганда биздин облус трактор, комбайн, башка шаймандарды көбүрөөк алып жатпайбы. Бу жагынан сенин көмөгүң опол тоодой эле бар.

— Колдон келгенин иштеп атабыз, Абдыке. Жалпы элдин кызыкчылыгы деп чапкылап жүрөбүз да.

— Туура, бирок, ошо жалпы эл деп чапкылоо үчүн жакшы атың, анын жакшы жасалгасы, ток болушу да керек эмеспи, туурабы? — Абдыкул кайрадан калп каткырды. Мунусун жактырбасам да, коштогон болдум.

— Туура. – Менин маанайымдын пастыгын эми байкаган тигил мага үңүлө карады.

— Каке, сенин көңүлүң суз го, бир жериң ооруп жүрөбү? Өңүң да шапайып турат.

— Камтама болбоңуз, Кудайга шүгүр, ден соолук жайында.

— Ошондой эле болсун. Каке, жумуш күнү аяктап деле калды. Бир тынчыраак, жакшы ресторанга барып, чай-пай ичели. Калган сөздү ошо жерден улантарбыз, кандай дейсиң?

Буга менин көңүлүм чаппай турса да, каршы болуп, тигил кишинин шагын сындыргым келбеди. Үйгө барып, эс алууну каалап турдум эле. Эми Абдыкул менен болуп, анын калп каткырыгын угууга туура келди. Анын жөн келбегенин жана эле сезгем.

— Макул, Абдыке. Жүрүңүз, мен кабинетти бекитип коеюн, баса бериңиз.

— Апбали, ушундай жигит экениңди билгем. Жолдун аркы өйүзүндө апакай «Волга» турат, ошого бар. — Ал жооп күтпөстөн чедирейип басып кетти. Анын өзүнө жарашпаса да, кайкалап, бой көтөрө басканына кыжырым келди. Баягы жылы жумуш таппай, ага киргенде сүйлөшкүсү да келбей, жок деп гана узатып койгон. Эми ошо эсиме кылт эткенде ого бетер кыжырлана түштүм. Муштумум өзүнөн өзү түйүлдү. Бирок, өзүмдү кармадым. Качанкы бир ишти кектегениме уяла да түштүм. Эшикти бекитип, ачкычты чөнтөгүмө сала берип, жанымда турган кишиге урунуп алдым.

— Кечиресиз. – Мен башымды көтөрө берип, катып калдым. Бет алдымда баягы киши, Колдоочу турган, эми аны жазбай тааныдым. Апкаарып калдым:

— Аа, сиз… сен… — Андан ары эмне айтарымды билбей, мукактандым.

— Тиги киши менен барба.

— Эмне үчүн?

— Өкүнүп каласың.

— Айтсаң, сиз… сен кимсиң, атың ким деги?

— Барба. Болбойт.

Ушул сөздү айтары менен көздөн кайым болду. Мен эмне кылаарымды билбей турдум. Колдоочу мени боло турган жаман иштен сактап жүргөнүн түшүнүп калгам. Анын айтканына моюн сунбай коюу бир жаман нерсеге дуушар кыларын түшүнгөндөй деле болбодумбу. Бирок, атайын келген кишинин чакырганына барбай койсом катуу таарынып, анын үстүнө кектеп, ал тургай көөп калган экен деп ойлоп кетсечи? Көңүлүн оорутуп алсамчы? Мен шылкыя басып, сыртка чыктым. Жолдун тиги тарабында ак «Волга» туруптур. Жанында Абдыкул нары-бери салабаттуу басып турат. Мага карап, мен мында турам дегендей колун көтөрүп койду. Мен кай тарапка баш бурарымды биле албай, ыргылжың болуп аттым. Колдоочу жөн жеринен келип эскертип атат дейсиңби? Өткөндө Зуурага да барба деген, акыры эмне болду? Эми буга да… Мен машинамды көздөй бастым. Азыр аны зуулдата айдап, кайдадыр алыска, Абдыкул, деги эле бир жан жок ээн жерге кетип калгым келди. Өзүм менен өзүм болуп, ой-боорумча букулдап ыйлагым келди. Жете бергенде кайра бурулдум. Абдыкул бери баштанып калган экен. Жолдон өтүп, апакай машинага түшүп, жөнөп кеттим.

*     *     *

Табигаттын биз билбеген, биздин акыл-эсибиз али жетпеген кубулуштары аз эмес экенин билебиз. Ошолордун бири ошо Колдоочу болсо керек деп ойлойм. Анын Абдыкул менен эмнеге барба дегенин төрт күндөн кийин эле түшүндүм. Биздин кампага республикалык текшерүү комиссиясынан кишилер келип басып калышты. Баягүнү Абдыкулга, андан мурда айрым адамдарга жең ичинен берген кымбат тетиктердин жок экенин таап чыгышты. Мамлекеттик  чоң өлчөмдөгү каражатты жок кылып, мамлекетке ири өлчөмдө зыян келтиргендиги үчүн деген айып тагылып, ишимден бошотушту да, сотко өткөрүштү. Ошентип, камакта жаттым. Бир күнү тамак ичип жатсак, жаныма Колдоочу келип, унчукпастан башымдан сылап коюп, жок болуп кетти. Аны жанымда олтургандардын бири да көргөн жок. Бул да анын бир касиети окшойт. Ошо жуманын акырында мени бошотуп жиберишти, буга өзүм да түшүнбөй калдым. Көп өтпөй эле башка жумушка орноштум.

Кечинде иштен чыгып, үйгө нан-пан ала кетейин деген ниетте дүкөнгө кайрылдым. Ал кезде аялым менен биротоло ажырашып, жалгыз жашап жүргөм. Балдарым менен жолугуп турдум. Дүкөнгө кире берерде Колдоочу пайда болду. Эми аны жаземдебей таанып калгам, кубанып кеттим:

— Салом алейкум, — деп жибердим. Ал эч нерсе болбогондой мостое карап туруп:

— «Кыргызстан» мейманканасынын жүз отуз бешинчи бөлмөсүнө кир, — деди.

— Эмнеге?

— Айнура деген келин күтүп атат.

— Мен аны тааныбайм да.

Колдоочу эч нерсе айтпай, ийнимден акырып таптап койду да, тигиндей басып кетти. Мурдагыдай жок болуп кетпегенине таң калып, карап турдум. Нары барып, адамдарга аралашып көрүнбөй калды. Эми анын айтканына моюн толгоп болбойт эле. Эмнеси болсо да бара көрөйүн деп, төртүнчү кабатка чыгып, жүз отуз бешинчи бөлмөнү акырын тыкылдаттым. Эшик дароо ачылды. Менин бет маңдайымда апакай халат кийген, узун бойлуу, арыкчырай, татынакай келин турду. Ал жылмая карап, артка жыла берди:

— Келиңиз, саламатсызбы, сиз Кадырсызбы?

— Ооба. Сиз мени кайдан тааныйсыз, — деп сурадым, башка сөз таппай.

— Көрбөсөм да тааныйм, айтышкан. Мындай отуруңуз. — Ал жакшы жасалга көрүлгөн чакан столго жакын коюлган диванды көрсөттү. Анда түркүн жер-жемиштер, тамак, жеңил суусундуктар коюлган экен. Колдоочу бекер жеринен «күтүп атат» деп айтпаптыр да. Мен бадырайган жүзүмдөн оозума салдым. Келин чынында эле татынакай, келишимдүү, маңдайынан шам жанган жан экен. Эмне деп айтып, эмнени сүйлөөрүмдү билбейм. Келбетинен көзүмдү тартып кете албайм. Жүрөгүм алып учат.

— Кызык, ким айтты экен? — Мен ортодогу тынчтыктын узарып баратканынан улам жөн гана сурап койдум.

— Азыр эсимде жок, бирок, айтышкан. Чайдан алыңыз, тамактан алсаңыз, эч тартынбаңыз. — Анын үнү да жылаажындай шыңгырап, абдан жагымдуу экен. Экөөбүз чай ичип отурдук. Бир кезде эсиме түшө калды:

— Баса, мен куру кол эле келип калдым. Кечириңиз, азыр шампан алып келе калайын.

— Жок, убара болбоңуз, менде бар, — дегенине болбой, эркектик намысым ойгоно, чуркап чыктым. Дүкөнгө кирип, таттуу-паттуу, бир жакшы шампан алып атсам, аркамдан экөө келип кучактап калды. Бурула карасам, баягы жетим балдар интернатында чогуу окушкан балдар экен. Алар менен кездешпей калганыма он жылга чукул мезгил өткөн экен. Ачуу-таттууну бирге татып, ый-күлкүнү бирге көргөн достордон элек. Сагынышып калыптырбыз. Кыскасы, мени кое бербей коюшту, шартымды айтсам да болушпады. Шаардын чет жакасындагы кайсы бир ашканада бакылдашып отуруп, кызып калыпмын. Эртеси чоочун үйдөн ойгондум. Достор Кара-Балтага алып кетишиптир. Келип эле жүз отуз бешинчи бөлмөнү кактым. Кыйлада барып эшик ачылды. Жайдак халат жамынган, күрсүйгөн жигит чыкты, кебетесинен жүрөгүм болк этти.

— Кечиресиз, мен Айнурага келдим эле, — дедим мукактана берип. Жигит мени бутумдан башыма чейин сыдыра карады да, кылчайбай туруп:

— Айнура, — деди. Артынан төшүн жагдайткан, чачы уйпаланган, болугунан келген кара аял көрүндү. — Бу сени сурап атат го, — деди киркирей чыккан үнү менен.

— Кечиресиз, мен башка Айнураны сурадым эле, ал кечээ бул бөлмөдө болчу.

— Сиз жаңылып калган жоксузбу, биз мында үч күндөн бери турабыз.

— Бул жүз отуз бешинчи бөлмөбү? — Мен чын эле жаңылыштан башка эшикти кагып алдымбы деп ойлоп кеттим.

— Ооба, эшиктин сыртында турат го номур.

Төмөн түшүп, администратор аялга келдим:

— Кечээ күнү жүз отуз бешинчи бөлмөдө Айнура деген келин бар эле, бүгүн анда башка кишилер бар экен. Айнура кетип калдыбы?

Аял журналын барактап атып, анан бир сапты сөөмөйү менен көрсөттү:

— Ал бөлмөдө Айнура аттуу келин болгон эмес, анда үч күндөн бери Самат менен Айнура деген үй-бүлөлүү кишилер жашайт.

Аңкайып, кыйлага чейин эч нерсени түшүнө албай турдум. Кызык, ошондо мен Кара-Балтада төрт күн болдумбу, деген ойго чарпылдым, жок, кечээ кечинде эле болду го бул окуя. Каап, тиги балдар кезикпегенде жакшы болот беле? Эми Айнураны кайдан табууга болот? Эмнеси болсо да, бул жолу бир бактымдан биротоло кагылганымды билдим.

*     *     *

Жалгыздын жашоосу курусун. Иштен чарчап келсең, үйүң аңгырап ээн, муздак, көңүлсүз. Жылымык чай кылып ичсем ичип, ичпесем жок, жатып алмай. Жатканда эле мемиреп уктап кетсең кана. Кашайып, кирпик ирмелбейт. Ичтен жеген санаадан өткөн азап жок экен. Жалгыз жашап атканыма төрт жылдан өтүп кетиптир. Ара-чолодо балдарыма жолугуп турганым менен, Зуурага кезиккеним жок, каалабадым. Негедир кайрадан үй-бүлө курайын деген ниет да жок. Көз алдымдан Айнуранын татынакай элеси кетпейт. Ошо бойдон көзгө чалдыкпайт. Анын бул турмушта деги эле бар экенине ишене албай да кетчү болдум. Балким, ал деле Колдоочу сыяктанган сырдуу кубулуштур? Же чын эле ал бул турмушта барбы? Болбосо, Колдоочу мени сынагандыр? Баса, ал эмне үчүн мени ошол достор менен барба деген жок? Ал өзү да ошондон бери такыр көрүнбөй койду го. Эмне үчүн? Бул суроолорго да жооп таба албадым. Ошол күнү досторду кезиктирген тагдырыма таарынып, кала бердим. Мындан башка эмне кыла алмак элем. Бир четинен иштерим да кыйчалыштап туруп алды. Улам бир жумушка кирсем эле, мен күтпөгөн, ойлобогон балээси чыгып, бошоп калам. Акыры үйдү саттым да, киндик кан тамган айылга сапар алдым, жогоруда айткандай, жакын туугандар деле жок эле. Антсе деле айыл деген айыл да.

Бир күнү эртең менен уйку-соонун ортосунда жатканымда эшик ачылып калды, ичинен бекитип жатчу элем. Ыргып турдум. Колдоочу экен! Дароо жетип кучактадым. Төрт жылдан бери көрүнө элек эле.

— Баягы Айнурага бар деп кеткенден бери да, ээ, ата? — Айдоочу кызыга сурады кылчая карап.

— Ооба. Ал баягы эле кебетеде болучу, эч жеринен өзгөрүлбөптүр. Ак куба жүзү, шыңга бою, арыкчырай денеси, ал тургай кийими да ошо бойдон. Же аны алмаштырып турабы? Ким билсин.

— Көрүнбөй кеттиң го? — Мен аны менен эми кенен-кесири сүйлөшкүм келди. Ал бир калыпта, мени мостое карап турду. Көз ирмем аралыгында анын капкара көздөрүнөн кандайдыр бир учкундун жылт эткенин сездим. Бирок, унчукпады, менин суроомду укпагандай. Балким, ошондо досторум менен кетип калганыма жини келип, өкүнүп, же таарынып жаткандыр? Ушул ой көөдөнүмө тык этти. Бир кыйладан кийин колун ийниме акырын коюп, көзүмө тик карады:

— Айыл өкмөтүнө бар, жер берет, ошону иштет. — Сөзүн айтып бүтүп, ийнимен акырын таптап койду да, артына бурулуп, салмактуу басып чыгып кетти. Туруп, эшикти карасам ичинен илинүү турган экен. Эми мындай нерселерге таң калбай деле калгам. Ушуга чейин жер алсам, аны иштетсем деген ой башыма келбептир. Деги эле жерди иштетүү менен ишим жок болучу, бул жөнүндө түшүмө да кирген эмес. Эми Колдоочунун сөзү ойго салып койду. Айылга келгени чакан там сатып алганым менен, эмне кыларымды, кандай ишке киреримди билбей жүргөн элем. Ал кезде союз кулап, колхоз-совхоздор жоюлуп, завод-фабрикалар кыйрусун ургандай талкаланып, тонолуп, уурдалып жаткан эле. Жумушсуздук күчөп, кул базарлар иштей баштаган. Ошондой учурда кайдагы жумуш мага. Айла таппай турган учурда Колдоочунун айтып кеткени адашып жүргөн мага чоң жолду көрсөтүп койгондой эле болду. Дароо айыл өкмөтүнө кирдим.

— Айыл аймагынан жер алып, иштетейин деген оюм бар, — дедим. Ал дароо супарадай келген картасын алып чыгып, тырмактын агындай жерди карандаш менен чийип:

— Ушул жер азырынча бош, ушуну ал, — деди. Анын кай жерде, кандай экенин көрбөй туруп, макул болдум. Керектүү кагаздары да май кескен бычактай шыр бүтүп кетти.

*     *     *

Жайдыр-кыштыр мөңгүлөрүнө күн нуру чагылган бийик тоолор. Кудум улуулуктун, бийиктиктин, залкарлыктын уюткусундай көрүнөт. Чаалыккан булут жайыла калып, ошолордон кубат алгандай демдене, андан нары белгисиз жакка сапарын улайт. Анын кай жерге барып, биротоло тамам болору менен иши жок. Карап турсаң, адам деле ушу сыңары, уйкудан көзү ачылгандан тарта көртүйшүктүн куржунун жонго күп эттире артып алып, итеңдеп жөнөмөй. Бараткан жолунда күтүлбөгөн кандай каскак, же кандай табылга жолугарын кайдан билсин. Ошо жакшы үмүт, аздек тилекке жетеленип, дегдеңдеп бараткан сапары кай жерден чорт үзүлөрү капарына да кирбейт. Бир четинен ушунусу да жакшыдыр. Антпегенде жашоо деген асылдыктын бир чымчым тузу кем болуп калат беле. Ким билет, бу жагдайда мен деле баш катырып, ой чарпытып көргөн эмес экемин. Капысынан жер тилкесине ээ болуп калганыма кубандым. Бирок, аны барып көргөнүмдө шалдайып, баягы кубанычымдын күкүмдөрү да калбай, чоң ташка чочоюп олтуруп калдым. Тээтиги көз кайкыткан бийик тоолордун этегинен жайылып келип, эки бийик коктунун ортосунан орун алган анча жайык эмес, узунунан кеткен жер экен. Одур-будурун айтпа. Койдой таштар жыбырайт. Эч нерсе өспөгөн жайдак жер экен. Жогору жактагы жайлоого көчкөн малды ушу жер менен айдап өтүшөт экен. Жол болсо тиги суунун наркы өйүзүндө. Бул жерди иштетүүгө канча күч аракет кетерин ойлоп, шайманым куруй түштү. Бирок, Колдоочу бекер жеринен жер ал дебегендир деп ойлоп, ошого демөөр туттум. Тобокел дедим.

Эч ким алгысы келбеген, жараксыз делген жерди, таштак тилкени айыл өкмөтүнөн кестирип алганыма айылдагылар да таң калып, мыйыгынан күлүп жүрүштү. Айрымдары сөөмөйү менен өз чыкыйын өзү чукулап алып, ошого табасы кангандай, чыйт түкүрө басып кетишти. Мени билген адамдар мага таңыркай да, боор ооруй да карашып, бу бечара акылынан чындап айныган экен, каап, атаң көрү, түзүк эле жигит эле, турмуш деген кургуруң адамды ушуга чейин жеткирип коет тура, каран калгырдыкы деп, шыпшынышты.  Демейде «ит үрө берет, кербен жүрө берет» дейт эмеспи. Анын сыңарындай, мен алардын бардыгын көрүп, сезип турсам да, бет алган жагыман кайтпадым. Кайра көкүрөгүмдө кандайдыр бир өжөрлүк, чымыркануу пайда болгонун сездим. Ошо кубат берип, ого бетер алга сүрөгөнсүдү. Бозоруп, кунары качкан, ар кай жерде торпоктой таштар жаткан жер тилкесине бир карап алдым да, ишке кириштим. Көз коркок, кол баатыр дешет эмеспи.

Ишти боз үй тигип алуу менен баштадым. Кыш келгенче таштарды терип, өөдүк-сөөдүк жерлерин түздөдүм. Жаз алды менен тээ төмөндөн тартып, теректин көчөттөрүн отургузууга кириштим. Анда тиги арык да салына элек. Көчөттөргө чакалап суу куям. Бул күнү да эртеден кечке көчөт отургуздум. Таштак келген жерден чуңкур казуу да бир кыйла машакат экен. Кээ бир жерден чоң таш чыгып калат, андайда башка жерден казууга туура келет. «Эмгектүү кулда чарчоо жок» деп бекер жеринен айтылып калбаптыр да. Мен ошондой эмгекчилдердин бири болдум. Кечке чейин элүүгө чукул көчөттү отургуздум. Эми бүгүнкүгө жетет, деген ниетте күрөгүмдү тигиндей коюп, жалпак ташка көчүк бастым. Ичимден бүгүнкү ишиме ыраазы болуп турдум. Бет маңдайдагы жайдак, майда таштар жыбыраган боз адырды карап олтурдум. Эмне үчүн ушунча жерге эч нерсе өспөй, бозоруп турганына таң калып кеттим. Бир нече чакырымга созулган ушу бетке карагайдын көчөттөрүн отургузса кандай сонун болот эле деген ой көңүлүмө тык дей түштү. Жогору карап баратып, бир маалда селт эттим. Дал бет маңдайымда, жогору жакта жаткан жалпак, чоң ташты көрдүм. Ал жөн гана таш эмес эле, ал мага карап күлүп жатты. Ооба, анын жалпак, тегерек бетине скульптор күлүп аткан адамдын келбетин чегип, атайын жасап койгон сымал эле. Ушунчалык алыстан, анан бийиктен мага даана көрүнүп турду. Ал тургай, мойнун бери созуп, мага карап эңкейип турган сыяктанды. Аны көпкө чейин карап отурдум. Ушунчалык да адамга окшош жасаган чебер болобу? А кимдир бирөө ушунчалык мээнет менен жасап алган нерсесин ушу боз адырдын бооруна коюп кетмек беле? Анын кандай максаты бар? Буга жооп таппадым.

Бир кызык жери, айланада андан башка ошондой көлөмдөгү бир да таш жок болучу. Ошондуктанбы, адырдын бетиндеги калга окшоп, дароо көзгө урунат. Ал сол тараптагы адырдын боорунда жатат. Этектен сексен-токсон метр чамасында бийикте турган түндүк көлөмүнөн чоңураак келген тегерек, жалпак таш эле. Адеп бул жерге келип, тыяк-быягына көз салып жүргөн кезде ал жок беле, же байкабадымбы, ушуну азыркыга чейин ажырата албай, түкшүмөлдөп келем. Туш-тарапка жакшы эле көз жүгүртүп, карагандай болгом. Бирок, көргөн эмесмин. Кайра туруп, жок болсо капысынан эле пайда боло калмак беле, жөн гана байкаган эмес окшойм. Өзүмдү өзүм ушинтип алаксытканым  менен, бары бир көкүрөгүмдө бир түпөйүл нерсе туруп алды.

Чарчаганыма кайыл болуп, төмөн түштүм да, шаркыраган сууга колу-башымды жууп, сууну кечип өтүп, ошол ташты көздөй жөнөдүм. Алыстан кыйла жакын көрүнгөнү менен, баса келгенде бир топ алыс экен. Адыр да тигирээк. Кыйгачтай жүрүп отуруп, акыры жеттим. Кадим күлүп жаткан адамдын келбетинде экен. Бирок, ал чегилбептир, үңүлө карап отуруп, таш чеге турган шаймандын изин таппадым. Жаратылыштын өзү жасап койгондой. Кантип эле ушундай болсун? Мен таң калып, бир четинен кандайдыр бир кооптонуу сезимине да кабыла түштүм. Ошентсе да, андан ажырап кете албай, тыяк-быягын кунт кое карап аттым. Ал жана көрүнгөндөй, чын эле мойнун созуп, төмөн жакты карап, эңкейип турган сыяктанып көрүнгөн. Чын эле, адырдын боорун оюп, анан аны төмөн жакты каратып туруп, бекем орнотуп койгонсуйт. Бирок, муну ким жасады экен, эмне максат менен? Ал кыйла узун окшойт, жерден чыгып турганы бир метрден жогорураак экен. Калган бөлүгү жерге кирип турат. Ал жагынын узуну канча экенин ким билсин. Колум менен сылап көрдүм, бардык жагы текши, жылма экен. Башка таштарга окшоп, бир бүдүрү колго урунбады. Ошол жерде олтуруп, эмнегедир ага «Белги-Таш» деп ат коюп алдым. Себебин өзүм деле түшүнбөдүм. Дагы бир кызыгы: мен ал жерден бир топ жогору басып, үйгө кирерде кылчайып, аны карадым. Дагы бир жолу селт этип алдым. Таш жана адеп көргөн тарапты эмес, бери бурулуп, мени карап турган эле…

Ошо күндөн тартып, таң менен кошо туруп, адеп «Белги-Ташты» карайм, аны менен учурашам. Анын күлкүсүнөн кандайдыр бир белгисиз кубанычтын, жакшы жышаандын жарык нуру көөдөнүмө агылып киргенсип, көңүлүмө куш конот. Күндүр-түндүр алыс кетпей, саксактаган жалгыздыгым, турмуш менен жашоонун күнүмдүк түйшүк менен санаага толгон абыгерчилиги жалтанып, кыйла алыстай түшөт. Мага ушу дем, ушу кубат. Башка нерсенин кереги жок. Кетменимди көтөрүп, шаңдана жөнөйм.

Күн менен түн, ай менен жыл бири-бирине орун алмаштырып жүрүп отуруп, андан бери отуз жылга жакын мезгил өтүп кетиптир. Мезгил кадамы кемибегени менен, адам өмүрү четинен кетилген жыгач табактай улам жемирилип, улам бөксөрө берет тура. Эми мен баягы Кадыр эмесмин. Кара чачты бубак басып, оор-басырык тартып, кыймыл-аракетим жай. Карылыктын айылына чукулдап калган кезим. Жарым жаштыгымды, денемдин күч-кубатын ушул базенде (бу жерди мен ушинтип атап алгам) алды. Ага кейибейм деле. Анткени, бул жер азыр таптакыр башка келбетке, башка түскө келген. Тээтиги кырк метрдей бийиктен, адырдын боорунан арык казып, суу алып келгем, узуну бир чакырымга чукулдайт. Бак-дарак, жер-жемиштин түрлөрүн отургузгам. Тиккен терегим эле алты миң түп. Тырмалаңдап жүрүп, кичирээк болсо да эки кабат там салып, эки-үч боз үй тигип койгом. Алардын айланасы гүлгө толгон. Кайдан-жайдан таап келген скульптуралык нерселер да базенденин көркүн чыгарып турат. Электр жарыгын тарттырып алгам. Айрыкча, балык өстүрө турган чакан көлмөнүн айланасына коюлган таштан жасалган бакалар көргөн адамдын оозун ачырат. Баягы одур-бодур болгон жер жок, бардыгы түздөлгөн. Айланасынын бардыгы бак-шакка оронгон. Кыргыздын көз кумарын кандыра турган кооз жерлеринин бирине айланган. Мунун бардыгы жалгыз адамдын колунан жаралгандыгына дале ишенбегендер көп. Эмнеси болсо да, бул жерден эми адамдар үзүлбөйт.

Ал эми кыш мезгилинде базенде ак карга жамынып, ээнсиреп калат. Антсе деле жарыктык жаратылыштын кышкы келбети да өзүнчө көз кумары канбаган бир керемет го. Тиги чоң сайдагы каңылтыр муздун алдындагы суунун шары күңүрттөнө угулса да, жашоонун бүтпөгөн симфониясындай туюлат. Дүйнөнүн акка тунган ушул алакандай жерин мен кышында да ээн калтыргым келбейт. Тыяк-быягын күрөп, тазалап, бак-дарактардын ашыкча бутактарын кертип, кололоп боолап, очоккана салынган бастырманын алдына жыйнайм. Кыскасы, өзүм менен өзүм болуп, кыбырап жүрө берем. Бирок, жаш өткөн сайын баягы каруу-күч кайтып баратканын сезем.

— Ата, анан Колдоочуңуз ошо жер алгандан бери келбедиби кайра? — Жолго чыккандан бери үнсүз келаткан жигитке жан киргендей сурады.

— Келди. Бир күнү адатымча кетменимди көтөрүп алып, бир нерсе жасап атып, «Белги-Таштын» жанынан кишини көрүп калдым. Мен келгени эзели ал жерден бирөөнүн караанын көргөн жок элем. Ким чыгып барганын билбейм, баса, бул жерге келген ондогон, жүздөгөн кишилердин бири да ал ташты көрүшкөн жок, байкашкан жок. Же мага эле көрүнөбү, муну да билбейм. Таң калып, аны карап  турдум. Ташты бетинен сылап атканын көрдүм. Бир аздан кийин төмөн түшүп, туура мага келди. Колдоочу экен. Жетип кучактайын дегенимде бир кадам артка жылды. Капкара көздөрү менен үн-сөзсүз карап турду да, анан акырын бурулуп төмөн басып кетти.

Ошондон көп өтпөй, канча жылдардан бери катташпай калган балдарым кирип келишсе болобу! Неберелерим менен! Асмандан кут түшкөндөй эле болду. Үй ичи шаңга толуп, жыргап эле калдым. Көрсө, «балалуу үй базар» деп төгүн жеринен айтылып калбаптыр да. Алар эми мен туулган айылга биротоло отурук алып калышты. Буга да Кудайга шүгүр. Келиндерим, неберелерим жайды жайлата кужурашып жанымда болушат. Элдин турмушу оңолгон сайын шаан-шөкөтү да арбыйт турбайбы. Айылдагылар сыйлуу конокторун, куда-сөөктөрүн базендеге чакырып, коноктоп, ушул жерден узатышат. Биринен-бири угуп, коңшу турган айылдардан келип, той-топурларын өткөрүп, бир дуулдап кеткендери да аз эмес. Шаардын ызы-чуу түшкөн турмушунан тажагандар бир, эки күн болсо да мында келип, бак аралап, суу жээктеп, боз үй ичинде жатып дем алып кеткендер көп. Бишкектен келгендери канча. Баягы өз мээсин өзү чукуган адамдар ар жылы жайында бала-чакалары менен келип, эс алып, алма-өрүк, жер-жемиштерден терип кетишет. Мен алардын барын терип эмне кылмак элем, убактым да жок. А келгендерден акча-тыйын деле сурабайм, көңүлдөрүнөн чыккандарын алып, тамак-ашка жумшайм. Тирүү адамдын ырыскысы көзү өтмөйүнчө түгөнбөйт эмеспи.

Бу адам деген түгөтүң жылкы мүнөз болот дегенге анча ишенчү эмесмин, көрсө, анын деле чындыгы бар экен. Базендеде той-топурлар көбөйүп, алардын сыйына аралашып, ичкиликке кантип ооп кеткенимди да байкабай калыпмын. Же ай дээр ажо, кой дээр кожо жок. Айрыкча күз келгенде той-аш күчөйт эмеспи. Кезекке туруп калышчу болду. Бир жолу айылдагы аттуу-баштуу деген адам той берип калды, эмне той экенине кызыкканым деле жок. Жакшы өттү. Тойдун аягында алар менен алагүү болуп олтурган элем. Жаныма жакын келген бир кишини байкап, башымды көтөрүп карадым. Колдоочу туруптур. Кимдир бирөө аны отур дегендей кылды. Кызуу болсом деле «аа, бул башкаларга деле көрүнөт турбайбы» деген ойго келе түштүм. Бирок, тиги отурган жок. Тура калган мени мостое карап туруп:

— Сен ичпе, — деди.

— Эмнеге? — Мен да жөн калбай, кычаштык кылдым окшойт, анын үстүнө ушунча кишилердин көзүнчө мага буйрук бергенине кызып отурган жаным чыдабай кеттим го.

— Сага ичүүгө болбойт.

— Эй, бу сага келип, сени кекеткен ким өзү? Сен мунун үйүндө эмес, өз үйүңдө ичип отурасың го, — деди отургандардын бири.

— Ай, жигит, сен бул абага буйрук бергидей ким деген машаяксың, а? — Кызып алган эрдемсиген жигиттер ай-буй дегиче тура калып, жакалап киришти. Тиги эч нерсе болбогондой мага карап:

— Арак ичпе, өкүнүп каласың, — деди. Ушу сөзүнөн кийин кимдир бирөө аны бет талаштыра коюп жиберди. «Абабызга буйрук бергидей сен кимсиң» деген сөз менин намысымды ойготуп жибердиби, же ичкилик акыл-эсимди биротоло тумандатып жибердиби ким билсин, тура калып аны көчүк жагына тээп калдым. Колдоочу мени дагы бир карап алды да, ийнимден акырын таптап, эшикке чыгып кетти. Эмнегедир эми эле дуулдап аткан үй ичи кулак-мурун кескендей жымжырт боло калды. Ушул учурда бир кемпир кирди, аны бул жерден көргөн жок элем. Бардыгыбызды сыдыра карап өттү:

— Бекер кылдыңар, бул жөн киши эмес эле. Жылаңайлак кетти. Зыяны тийбесе экен, кудурет. Сен билишиң керек эле, Кадыр. Ага кол тийгизбешиң керек эле. Эми болбостур, күтөрүңдү күт эми. — Кемпир чыгып кетти, мен заматта соолуга түштүм. Бул да жөн кемпир эмес окшойт, деген ой мени силкип алды. Артынан кошко чыктым. Бирок, таппай калдым, кудум абага сиңип кеткен немедей жок болду. Эшик алдында жүргөндөр үйгө кемпир аттуунун кирип-чыкпаганын айтып атышты. Эмнегедир «Белги-Таш» жакты жалт карадым. Жүрөгүм шуу этип, бүткүл денем чымырай түштү. Баягы күлүп турган таш эми түнөрүп, кабагын карыш салып, мени заар чача карап туруптур…

Ошол күнү Колдоочуга кол көтөргөн эки киши кетип баратып, чоң ташты сүзүп алып, машинасы талкаланып, каза болгонун жарым саат өтпөй уктум. Үч күндөн кийин кичинекей неберем ойноп атып, сайдагы чоң сууга агып кетти. Анан балам каза болду. Анын кыркын өткөрө электе келиним кайтыш болду. Бу эмне деген тозогу, эмне үчүн өзүмдүн кара башыма көрүнбөй, балдарыма көрүнөт? Балдарымда эмне күнөө. Өз кылганымды өзүм тартайын, мага көрсөт көрсөтчүңдү деп, боздоп отуруп калдым. Ошондон бери ичкилик аттууну оозума алганды койдум. Бирок, мен кыйналып турган кезимде көрүнүп, далай тосмодон, далай кыйынчылыктан өткөрүп койгон Колдоочума мас адамдарга теңелип, эмне үчүн тээп жибергениме, анын каргашалуу кесепети өзүмө эмес, балдарыма тийгенине ичим эңшерилип, кабыргам кайышат. Алардын өлүмүнө өзүм гана себепкер экенимди сезип, жүрөгүм сыздайт. Адатта «төө кыядан өткөн соң, оо дегениң курусун» деп коюшат эмеспи. Иш машагына чыккандан кийин өкүн, өкүнбө эмне майнап…

Карыя шуу үшкүрүп алып, отуруп калды. Терезеден тээ алыс жакты мелтирей карап, жүрүп отурду. Бишкекке жеткенче үндөгөн жок. Жолдон бурула берип, автобекетке жетпей токтодук, берки жигит түшүп калды. Айдоочу жигит артына бурула берип, карыяга кайрылды:

— Ата, сиз кайда барасыз?

— Колдоочуну издейм.

Айдоочу экөөбүз таң кала тиктешип калдык. Ортодо кыйлага чейин тынчтык өкүм сүрдү. Анан машина ордунан акырын козголуп, күрү-гүү түшкөн чоң жолдогу селдей агылган сансыз машиналардын агымына кошулду…

17.02.20.

«РухЭш» сайты жаңы адабий конкурс жарыялайт

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.