Карантин убагында – адабият теориясынан сабактар

Биринчи сабак: Адабият – сөз өнөрү Адабият деген эмне? Адам адам болуп жаралып, оозго тил бүтүп, мээге ой уюп, кеп үйрөнгөндөн кийин анын дүйнөсүн сөз өнөрү – адабият аралай баштайт. Наристе чакта энебиз ырдаган бешик ырындагы: Алдей, алдей, ак бөпөм, Ак бешикке жат бөпөм, — деген саптар менен сыйкырдуу сөз ааламына кошулабыз. Адабияттын пайда болушу тилдин жаралышы менен жашташ. Адам өз оюн тил аркылуу билдире баштагандан тартып эле кебинде адабий чыгарманын алгачкы белгилерин колдонгон, сөздү образдуу, көркөм айтууга жөнөкөй түрдө […]

Видео: Алла деген сөз микробдой жайылып кетти

Ажыкелердин оозун карап отурганча өз алдыбызча ой калчай турган кезең. Өнүгөөр элдер илимий ачылыштарды, илимий революцияларды жаратууда. А биз молдокелердин оозун караган караңгы калкпыз… Бүгүн бир да ажыкенин колунан бок келбейт. Илим гана сактай турганын аңдайлы… Диний фанаттардын армиясы элди коргой албайт. Бир гана илим коргойт. Андыктан кыргыз, илимдүү-билимдүүлөрдү тарбиялайлы!  

Роберт Кийосаки: Бай атам, кедей атам

Кириш сөз Менин эки атам бар эле, ошондуктан менде бири-бирине карама-каршы келген эки көз караштан тандоо мүмкүнчүлүгү болгон. Менин эки атам бар эле: бири бай, экинчиси кедей. Бири билимдүү, акылдуу, илимдин докторлугуна чейин жеткен даражалуу адам эле. Ал баклаврдын төрт жылдык окуусун эки жылда эле аяктаганга жетишкен. Стэнфорд, Чикаго жана Түндүк-батыш университеттеринде өкмөт эсебинен окуган. Экинчисинин сегиз класстык билими да жок болчу. Экөө тең өмүр бою маңдай терин төгүп эмгек кылышты, ийгиликтүү карьера жасашты. Экөө тең жакшы акча табышчу. Бирок, […]

Дооронбек Садырбаев: Оорусун Ата-Журттун мойнуна алып…

Бүгүн, 21-март — улуу акын Алыкул Осмоновдун туулган күнү НЕГЕ, НЕГЕ? Тагдыры төрөлгөндөн азуу жанып, Тар кыя сапар чектеп катуу багыт. Теңирден тилеп алган энесине, Тез эле оо дүйнөнүн мөөрүн тагып. Атасын андан кийин атказыптыр, Алыска акыреттик жолго салып. Ааламдын агын-көгүн биле электе, Азапты жаадырыптыр долуланып. Аз күлүп, арбын ыйлап жаагын жанып, Айылда жездесинин малын багып. Далбасын тирүүлүктүн кылган экен, Далай күн суусун алып, отун жагып. Өңүнө из калтырса, аптап күндөр, Өпкөсүн ызгаары күч суук кагып. Кендири кесилиптир кенедейден, Кээде […]

Махатма Ганди Гитлерге эмне үчүн досум деп кайрылган?

Индустан элинин даркан уулу Махатма Гандинин (1869-1948) нацисттик Германиянын башчысы Адольф Гитлерге жазган каты бар экенин англис тилинде чыккан “Written in History: Letters that Changed the World” деген китептен окуган соң билдим. Китептин түзүүчүсү чыгармалары элүүгө жуук тилге которулган англиялык тарыхчы, жазуучу, журналист  Саймон Себаг-Монтефиореники (Simon Jonathan Sebag-Montefiore). Анын кээ бир чыгармалары; анын ичиндеги Сталин жөнүндөгү изилдөөсү орус тилине да оодарылган. Эгер сиз үчүн кызыктуу болсо, өйдөдө аталган китепте Микаланжело, Даңазалуу Сулайман, Н. Мандела, И. Сталин жана башка көрөсөн тарыхый […]

Роза Айтматова: Он томго батпаган чындык

Чыгыштын акылмандары айткандай, бу дүйнөдө үч нерсени: күндү, айды жана чындыкты жашырууга болбойт. Бул сөздүн чын экенине мен 1991-жылы Чоң-Таш айылынын жанындагы бөксө тоолордун биринде буга чейин белгисиз болгон мүрзө табылып, ал ХХ кылымдын 30-жылдарындагы сталиндик репрессиялардын жазыксыз курмандыктарынын жалпы боордоштук мүрзөсү  экени тастыкталганда ынандым. Бул чындык 53 жылдан кийин билинди. Ал кезде биз – Төрөкул Айтматовдун балдары,  атабыздын сөөгү кайда көмүлгөнүн эми таппай калдык ко деп буга баш ийип калган болчубуз. Азыр ойлосом, биринчи жолу ошол кездеги өлкөбүздүн башкы […]

Ишкерлер чөйрөсү «Апаатка такаат» акциясын жарыялады

«АТА-ЖУРТ КЫЙЫН КҮНГӨ КАБЫЛГАНДА, АЙЛАНСЫН АР БИР ИШКЕР ЧАГЫЛГАНГА!» Урматтуу ишкерлер! JIA Бизнес-ассоциациясы жана «Элим, Барсыңбы?!» коомдук кайрымдуулук фонду «Апаатка такаат!» аталышындагы коронавируска каршы социалдык долбоорду жарыялайт. Дүйнөдөгү Саламаттык сактоо тармагынын тажрыйбасы коронавирус илдети көбүнчө жашы 60тан өтүп калган кары адамдардын ден соолугуна жана өмүрүнө кооптуу экендигин көрсөттү. Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги берген тизмеге таянсак, Кыргызстанда 4500 жакын багар-көрөрү жок кары адамдардын бар экени белгилүү. “Апаатка такаат!” долбоору ишкерлердин колдоосу менен өлкөбүздүн жарандарына COVID-19 коронавирусунун жайылышына бөгөт кылуу максатында […]

Лу СИНЬ: Жиндинин күндөлүгү

Кытайчадан которгон Үмүт КУЛТАЕВА Чыгарманын автору жөнүндө кыска сөз Лу Синь (鲁迅, Lǔ Xùn), кытай адабиятынын тарыхында азыркы кытай адабиятынын негиздɵɵчүсү эсептелет. Ал ХХ кылымдагы улуу жазуучулардын катарында турат. Лу Синь – котормочу, редактор, сынчы, азыркы кытай адабиятында майда жанрды өнүктүргɵн жазуучу жана акын. 1930-жылдан баштап, Кытайдагы солчул жазуучулардын Шанхайдагы лигасын башкарган. Лу Синь солчул идеяны жактырып, партияга өтпөгөнүнө карабастан, Мао Цзедун өмүрү өткөнчө анын күйөрманы болгон. Лу Синь Шаосин шаарында (провинция Чжэцзян) 1881-жылы 25-сентябрда туулган, ысмын бир нече жолу которгон. […]

Сократтын сөзү: Эмне үчүн кемсинип жүргөн адам, башкаларды кемсинтет?

Замандаштар! Биздин арабызда адамдардын боорукерлигин пайдаланып жан баккан, канчалаган сайда саны жок кайырчылар менен кошоматчылар толуп жүрүшөт! Ойлоп көрсөң, жүрсө жүрө беришсин, алар менен сенин эмне ишиң бар? Алардын манерасы ошондой – жалпы элде кабыл алынган кадыр-барктан ылдый жүргөндү жактырышат. Алар жардам алып жатышпайбы. Ошентип нанын таап жеп жүрүшөт да. Алар менен ишибиз болбогон соң, анда эмнеге жөн жүрө бербей, чыйпылыктап, эмне үчүн кайгырабыз? Ал эми Сократ соттун (ал соттун өкүмү менен уу ичип өлгөн) ага боор оорушун каалап, балдарын […]

Коронавирус жөнүндө анекдоттор

*     *     * Сүйүктүү кайненеге: — Апа, мени канча жаман көрсөңүз да сизди баалайм жана сыйлайм! Ошол сүйүүмдү тастыктап мен сизге Миланга жолдомо сатып келдим! *     *     * Башкы дарыгер оорукананы кыдырып жүрөт. — Коронавируска шектелген оорулуунун абалы кандай? — Жакшы эле. Өзүнчө палатага жаткырдык. Атайын диета дайындадык. —  Эмне деген диета экен? — Жалаң эле печенье берип жатабыз. — Эмнеге? — Эшиктин кычыгынан печеньеден башка эч нерсе батпай атат… *     *     * — Уктуңбу, коронавирустан улам Олег Винниктин бүт […]

Сардарбек Рыскулов: Сатылган мүнүшкөр

Кудайберген Сатылган мүнүшкөр менен катыш болчу. Анын өтө чебер, кыл тапкөй экендигине кызыгып жүргөн. Сатылган Аламүдүндүн капчыгайында төрөлүп, ошол жерлерди мекендеп, ошол жерде өскөн адам. Ал жалаң гана мүнүшкөр эмес, куш күйгөн саятчы да болгон. Бир жыл Кудайберген Сатылгандыкына күзүндө келип, жазында араң кетти. Аны жипсиз байлаган — Сатылгандын мүнүшкөрлүгү, куш салгандын кызыгы. Кетеринде Сатылган менен убадалашты: «Келерки жылы Кочкорго көчүп кел. Кышта. Эрмектешип куш салалы. Аты-тонуң, согумуң менин мойнумда болсун. Көңүлүңө биздин эл-журт жагып калса туруп каларсың. Бул жерде […]

Дилазык: Плутарх душмандын пайдасы жөнүндө

Душманыңдын сөзүн ук! Бейкут жашоо менен күн өткөзүү жакшыбы? Тегерегиңдин баары сени мактап, кошомат кылып турса жагабы? Мен ачык эле айта алам, мындай жашоо сөзсүз жакын арада көйгөйлөрдү жаратат. Адегенде көңүлүң жай болуп, көзүңдү май басат, өзүңө өзүң ыраазы болуп, айланаңда эмне болуп жатканын көрбөй каласың, өсүүдөн каласың, ишке жөндөмдүүлүгүң төмөндөйт. А жашоо улам жаңы тоскоолдуктарды жаратып, токтобой алга жылат. Кантип жарга барып такалганыңды билбей да каласың. Ошондуктан, сени көрө албаган душмандарыңды жакшылап таанып ал, алардын сен жөнүндө айткан сын […]

Аскаралы Ражабалиевдин повесть-поэмасы

Таланттуу жазуучу Аскаралы Ражабалиевди мен кыска-нуска таризде «Аскар ава» деп коём. Аскар ава… Ушинтип айтсам, чын жүрөктөн чыгат. Жайдары угулат. Аскар аванын чыгармачылыгын чейрек кылымдан бери жакшы билем. Анын «Сагыныч кушу» аттуу аңгемелер жыйнагын жана башка көркөм дөөлөттөрүн бир дем менен окуган жайым бар. Суу ичкендей жеңил эргип, сергигеним эсимде… Ал эми «Бейиш төр» деген салмактуу чыгармасын окумуштуу Абдыкерим Муратов тамыры терең иликтөөнү жазгандыгы сиздерге белгилүү. Абдыкерим агай кара сөзчү Аскаралы Ражабалиевдин көлөмдүү адабий эмгегин ар тараптуу ачып берди. Абдыкерим […]

Төлөгөн Касымбеков: Талаштын башы

Эски накыл Тилөө Таң куланөөк, боору түктүү кара жер күдүрөйүп, те алыстан улуу тоо кыркалары ак чаңгыл тартып көрүнө баштаган убак. Жандуу атпай кыбырап, мугамыр киши баласы эрте туруп, малын көздөп, жаш эне чукуранган наристесине эмчек салып, кадуудан алты айры бугу үйүрүн баштап маңкайып, калың токой аралап, суу бойлоп жашаңга чыккан. Бир даары боз, бир даары көк, бир даары эскилиги жеткен кара – чачырап конгон көп алачук. Эңкейген кары, эмгектеген бала, эмчектүү эне – баары өз алачугунун эшигине чыгышкан, баары […]