1. Улуттук адабиятыбыздын ооматы качан келет? Деги келеби, же өтүп кеттиби?

Жооп: Мен бул тууралуу мурда-кийин ойлонуп деле көрбөпмүн. Бирок, ушул суроону алгандан кийин ойлонуп отуруп бир нерсени эстедим. Бир жолу түрк элдеринин адабияты тууралуу түрк тилдүү эмгек (китеп беле, журнал беле, же интернетте беле, эсте жок) колго тийип калды. Анан аны барактап отуруп кыргыз элинин адабияты деген жерге жеттим. Мына ошол жерден жалпы түрк элдеринин ичинен биздин адабият кыйла эле бай экени байкалып атпайбы. Мисалы, баштаганда эле “Манас” эпосун жазышыптыр түрктөр. Анан андан кийин эле Айтматовго өтүп, анын да бир канча чыгармасын, ал тууралуу тартылган кинолорго чейин тиркешиптир.

Улут адабияты тууралуу үч суроого акын Тайир Аширбайдан жооп

Салыштырып көрсөм, ошол жерде эң көп бет кыргыз адабиятына бөлүнүптүр. Ал тургай кээ бир элдердин адабиятында эч нерсе деле жок экен. Мына ушундан улам биздин улуттук адабияттын ооматы арылдап эле жүрүп турган экен деп койдум. Бизде жазма адабият пайда болуп, элибиздин кат-сабаты ачылганга чейин эле адабиятыбыз, көркөм сөз өнөрүбүз катуу гүлдөп турган экен. “Манастан” башка канчалаган дастандарыбыз бар. Канчалаган ыр-күүлөр бар. Канчалаган жомоктор бар. Ошонун баары адабият эмей эмне? Сөз баккан, сөзгө маани берген эл болгонубуз тегин эмес турбайбы көрсө. Болгону, чакан эл болгонубуз үчүн дүйнөгө тааныла алган эмес окшойбуз.

Андан кийин эмне болду? Жеке ушул адабият жагынан алганда, элибиз а-бу дегиче тамга таанып, китеп карап баштады дагы, кайра эле дүйнөнү дүңк эттирчү жазуучубузду чыгарып койду. Эми муну дагы жөн эле бир кокустук дегенге болбойт ко дейм. Майлуу сүттөн каймак чыккандай эле, адабиятка чукул, сөзгө чукул эл болгонубуз үчүн Айтматовдой жылдыз эл ичинен чыга келди да. Тигине, чечендер чыр-чатакка жеринен чукул эл болгон үчүн бүгүн күнү тууп, эрежесиз эр уруштарга улам бир мушкери чыгып атат. Тигине, немистер техникага жакын болгон үчүн, учурда кайра-кайра техникаларды ойлоп тапкан, кураган инженерлери чыгып атат. А бизден адабияттын жаркын жылдызы чыкты. Аз эле убакыттын ичинде. Бир ууч эле элден…

Ушундан улам, буюрса бизде дагы эле чыгат, оомат дагы эле келет деген ойдомун. Болгону, ортодо бир аз солгундай түштүк. Өткөөл мезгилди баштан өткөрдүк. Кыска убакыт ичинде эки-үч жолу жашоо нугу өзгөрүп кетти. Кудай буюрса, оозеки адабияттан жазма адабиятка көнө калып, шуулдатып жаза баштагандай эле, калыпка салынган адабияттан, эркин адабиятка шуулдап кирип кетебиз. Керек болсо бир кездеги бизди ооздуктап, тырыштырып тартып турган тизгинден бошонуп алдык, эми эки тизгин бир чылбыр колго тийген соң, кайра эле ошол мурунку, өзүбүздүн чыныгы адабиятыбызды чукулап, ошонун көрөңгөсүн алып, ого бетер көбүртүп-жабыртып, бирде ошол бойдон колдонуп, бирде азыркы жаңы ыкмага салып кубултуп отурсак эле, адабиятыбыз дагы бир канча жолу дүйнөгө дүңкүлдөйт ко дейм.

Айтмакчы, биздин адабият жеке эле түрк тилдүү элдердин арасында эмес, ошол СССР деген империянын ичинде деле салмактуу орунду ээлеп, жазма адабияты эчак эле калыптанып калган орус адабиятына тең чамалап барып калды окшойт. Мунун баары тегин жерден болгон жок дегим келет…

Улут адабияты тууралуу үч суроого акын Назгүл Осмоновадан жооп

  1. Окурмандардын кеңири катмарына жайылтып, базарын кайнатар авторлорубуз барбы, болсо кимдер? Буга чейин мыкты чыгармаларды жазган кайсыл авторлорду жана кайсыл чыгармаларды этибарга албай унутуп кеттик?

Жооп: Окурмандардын кеңири катмарына жайылып, базары кайнаган автор катары Чолпонбек Абыкеевди айтаар элем. Анын бир кездерде жазган “Бриллиант жыланы” ушуга чейин 100 миңдеген нуска менен басылып, колдон-колго өтүп окулду окшойт. Муну балким жеңил-желпи адабият деп баалабай жүрүшөттүр. Бирок, чындык ушул – ал кишинин чыгармасы кыргыз окурмандарын кыйла эле кыжылдатты. Адабият деген ушул да. Бир кезде керек болсо Айтматовду да тепкилеген кыргыз жазуучулары. Аны дагы жеңил-желпи нерселерди жазат, бузукулукту жазат деп сындап, көзүн тазалагылары келген. Бүгүн Абыкеевди дагы ошентип атышат.

Албетте, экөөнүн айрымасы асман менен жердей. Бирок, эл ичинде экөөнүн тең орду бар. Анан калса, адабият дайыма эле Айтматовдун, же Токомбаевдин жазганындай болушу керек деген нерсе да жок. Ал тургай, так ошол Абыкеевдин жазганындай чыгармалар бизде жок болгон үчүн азыркы адабиятыбыз ушунтип быкшып турат окшойт. Ошол кишиникиндей курч окуялуу, андай деле шумдуктанып символика издеп, каймана маани издеп кетпеген чыгармалар жок болгон үчүн эл ичинде китеп өтпөй, элибиз адабиятка анча чукулдай бербей турат окшойт. Себеби, адабият деле ар кандай өң-түстөрдөн, ар кандай даамдардан куралат да. Киши дайыма эле май куйрук, мантуу жегиси келе бербейт. Кээде, жөн эле картошканы чокко кактап, тузга малып жегенди да сагынат.

Улут адабияты тууралуу үч суроого жазуучу Аскаралы Ражабалиевден жооп

  1. Өрнөктүү адабияттын салттуу жолун канткенде түптөйбүз? Деги кыргыз адабияты салттуу жолун тапканбы, же башка улуттар адабиятынын жетегинде эле келгенби?

Жооп: Кыргыздын салттуу адабияты жамандыр-жакшыдыр түптөлгөн. Түптөлгөнү үчүн арасынан өз элибиз да тажабай кайра-кайра окуй турган, дүйнө элине да окута турган жазмакерлерибиз жана чыгармаларыбыз бар.

Ал эми “башка улуттардын адабиятынын жетегинде келетабы” деген суроого мен адабияттын улуту болбойт деп жооп берет элем. Эгер бир кытай жакшы чыгарма жазса, аны бир котормочу биздин тилге жакшылап оодарып берсе, мен аны кытайдыкы дебей, бул өтө сонун адабий чыгарма экен деп окуйм. Ошондой эле кыргыздын дагы адабияты башка тилдерде так-таамай которулса, алар дагы кыргыз экен, жармач эл экен дебей окуйт деп ойлойм. Ал эми андагы мотивдер, кай бир улутка таандык өзгөчөлүктөр, адабияттын гүлдөрү гана. Адабият өзү миң түркүн гүлдөрдөн, тикенектерден, шиберлерден турган флора эмепи. Демек, биз салттуу адабиятыбызды түптөдүк жана ошону менен кылдырап кетип баратабыз. Бирде даңканыбыз чыгып, дүйнөнү дүңгүрөтөбүз, бирде жайыкка чыккан суудай мелмилдеп телмиребиз. Бирок, кандай болсо да алдыга жылып баратабыз.

Улут адабияты тууралуу үч суроого жазуучу, котормочу Абибилла Пазыловдон жооп

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.