Балдар баш көтөрбөй китеп окушат

«Китеп – билим булагы» коомдук фонду уюштурган «Китеп сааты» долбоорунун жардамы менен учурда 500гө чукул бала китеп окуп, окуганына жараша белектерин алууда. Бул долбоорго башынан бери катышкан балдар ушул кезге чейин 9-10дон китеп окушту… Эмесе сөзүбүздү ушул долбоордун негиздөөчүсү Насыпбек Асанбаевге узатсак… — Айтсаңыз, бул долбоор кандай иштейт, каякта иштейт? Эмне артыкчылыктары бар? — Бул долбоордун иштөө ыкмасы өтө эле жөнөкөй.  Эч кандай деле укмуш формуласы, башка жактан алынган алгоритмасы жок. Тагырак айтканда, биз окута турган балабызга ар бир чейректе […]

Тофалар эл жомогу: Айбанаттар кеңеши

Бир курдай Бурхан баардык жаныбарларды жыйнап, айбанаттардын падышасын шайламай болушат. Үкүнү падыша кылмай болушат. Бирок анын көзү бажырайып чоң болгону менен күндүзү көрбөйт эмеспи, ошондон улам үкүнү падышалыкка шайлоо ишке ашпай калат. Коёнду падыша кылалы деп чечишет: бирок ал өтө эле коркок да. Багышты падышалыкка көрсөтүшсө, анысы айтат: – Карышкыр артыман түшүп жүрөт, демек ал менден кыйын. Андан соң аюуга сунуш кылышса, анысы айтат: – Туугандар, мени кантип падыша шайлайсыңар, мен өз курсагымды тойгуза албай жүрсөм. Ал тургай ушул жыйыныңарга […]

Рахат Аманова: «Менин муң-зарлаш сулууларым» котормолор жыйнагы боюнча сын

Котормо – бул шахмат.  Менимче ушундай. Ар бир котормочу кайсы бир чет элдик калемгердин чыгармасын өз тилине оодарып атып, миң алакетке түшөт. Бир эле чыгарманын сөздөрүн,  сүйлөмдөрүн туура таап ордуна коюш үчүн түмөн комбинациялардын түйүнүн чечип, жүрүшүн андан ары улантыш керек. Котормону талдоо иши андан бешбетер азап.  Түп  нускасы орусча болсо мейли, башка чет элдик жазуучу болсо аргасыз орусчага кимиси мыкты которду экен деп,  айласыз орус адабиятчыларын казып чыгасың. Анткени кашайып орусчадан башкага биздин тил да өтпөйт. Дүйнөлүк адабиятты орус […]

Бир ырдын сыры: Арстанбек Буйлаш уулу «Тар заман»

Арстанбек Буйлаш уулунун чыгармачылыгы кыргыз элинин тарыхындагы эң бурулуш учурга – Орусиянын басып алуусуна туш келди. Ошол тарыхый окуя «Тар заман» деген ырынын негизги өзөгүн түздү. Адабиятчы Батма Кебекованын маалыматы боюнча 1731-жылы казактардын кичи жүзү, 1740-жылы орто жүзү, 1846-жылы улуу жүзү Орусиянын карамагына кошулуп, «өлкөнүн административдик бөлүнүүлөрүнө, башкаруу системасына өзгөрүүлөр кирип, патриархалдык-феодалдык түзүлүштүн жол-жобосуна негизделген ата уулдарынын чексиз бийлиги чектөөгө алынат. Ушундай тарыхый кырдаалда замана поэзиясына болгон кызыгуу бир топ жанданып, Дулат Бабатай уулу (1802-1871), Шортанбай Канай уулу (1818-1881), Мурат […]

Төлөгөн Касымбеков: Көкжал (шедевр)

АҢГЕМЕ Күн төбөдө жаркырап турган. Жалы кере карыш көк бөрү, аксак боз канчыгы бирде жер шимший, бирде алдыга өтө, жанында кубаңдайт, а көк бөрү ар убак алдыңкы бир бутун көтөрө лып токтой кала шарпа тыңшай, тумшугун желге тосо жыт издейт да, кайра жулуна желип жөнөйт. Кыраңга чыга берерде боз канчык дөбөтүн алдыга өткөрүп, эки кулагы тикчийе карап, токтоло калды. А көк бөрү дароо бөктү да, ыргалган чөптү жойкун кыла, бирок шырт эткизбей кыраңга боортоктоп чыкты. Чыкты да, те бөрү болуп […]

Конкурска: Аттиң ай! (№76)

Аттиң ай, мен да жалгыз, сен жалгыз. Ааламдагы айда жалгыз, күн жалгыз. Бирикпейт эки кургур эмнегедир, Кылган бейм күнөө! — деген кечире алгыс. Күн ыйлайт төгөт жамгыр булутунан. Ай ыйлайт караңгыда улутунган. Кээде ачат кабак кашын жайдар мүнөз, А бирок кол кармашпайт унутулган. Ай келет күндүн бетин өпмөк үчүн, Он эки ай кырк жылда бир көрмөк үчүн. “Тутулду”, “тутулду” деп ичи тарып, Айдаган шамалдын көр кара күчүн. Ай тосту күндүн бетин жабыркатты, Чак түштө, көлөкөлүү болуп калды, Дегендер бир бирине […]