8-Мартка карата: Сени сүйүп,  мен сүйүүгө айландым

ЭССЕ Сени сүйүп,  мен сүйүүгө айландым…   Аруу сезимдин акыйкаты ушул – сени сүйүп,  мен сүйүүгө айландым,  жаным…   Айлар,  жылдар өттү андан бери…   Дале бактылуумун… *     *     * Аял сүйүүгө айланганда ааламды айланып учуп калат, аягы жер үстүнө тийип-тийбей…  Көөдөнүнө батпай толкуган аруу сезимдери менен гана жашап калат, бул дүйнөнүн агы-көгүнүн кызыгы жоголуп, сүйүүсү менен көккө учуп кетет… *     *     * Ах-х…  жаным… Гүл жыттуу жаз, сүйүү, наздуу мен…  экөөбүз гана… Кудайдын эсеби бар экенине миң мертебе тан берем… Экөөбүз жазда […]

8-Мартка карата: Ал менин апам

Кыш. Чилде. Аяз — суугу чыкылдаган. Төрөт үй. Акушерка тыпылдаган. Бир аял толгоо тартып жатат ана, Кара тер маңдайынан чыпылдаган – Ал менин апам эле. Бир аял толгоо тартат. Жер айланат. Миң сыздап омурткасы. Жан далбаса. «Ыңга-аа!» деп тирүүлүккө салам айтам. Ачылган жарыктыкка ак дарбаза – Ал менин апам эле! Жарк этип Күн көрүндү күлүп турган, Жаркырап жарык болуп күйүп турган. Жер, Ай, Күн, жылдыз, чексиз космос болуп, Элжиреп тиктеп мени сүйүп турган – Ал менин апам эле! Төрөлдүм. Уул […]

О`Шакир: Ушул картинадагы абалга кептелдик

«Деградация» — Айып Алакуновдун кыл калеминен жаралган картина. Береги көрүнүштөн бүгүнкү Кыргызстаныбыздын деградациялык акыбалга кептелгенин көрдүм. Бийликтеги кризис, коомдогу регрессти таамай чагылдырган көркөм туюнтма. Ар мезгилдин өз баатыры, өз акыны, өз каарманы болуп келгендей эле өз сүрөтчүсү чыкмагы бар—ов… Бул картина капысынан көзүмө урунуп калды. Ийиндеш жүргөн иним бар. Атбашылык. Ачылып сүйлөбөгөн жигит. Апырылбайт, сапырылбайт. Сыртынан эмоциясы билинбейт, ичинде кайнап турат. Тек анысын кыл калем учу менен гана туюнтат. Айып Алакуновду азырынча өз чөйрөсү гана жакшы тааныйт. Элибиз болсо пайгамбарын […]

Үмүт Култаева: Эпиграммадан пародияга… (экинчи макала)

<<<<<< Биринчи макала Буга чейин белгиленгендей, Т.Самудиновдун чыгармачылык “үч бурчтугунун экинчи жагы” кыргыз улуттук адабияттын тарыхында белдүү юморист жана пародист катары адабий сындын өзгөчө түрү – көркөм сындын мыкты үлгүлөрүн  жараткандыгында. Албетте, илимий адабияттарда дайыма жазылып жүргөндөй, Т.Самудинов бул жанрды биринчи баштаган жок. Ал өзүнө чейин калемгерлерди чычалата чымчып, окурмандардын кумарын кандыра тамшандырган жана элдин калың катмарына тарап кеткен Мидин Алыбаевдин “Адабияттык парады” менен Салижан Жигитовдун “Дарбыздан дарбыган сөздөрүнүн” салтын улай,   бул жанрды жаңы сапаттык деңгээлге алып чыкты. Калемгердин адамдык […]

Казат Акматов: Шыбага

АҢГЕМЕ Үлпүлдөгөн жука байбиче Насипкан. Мүнөзү тынч, сүйлөгөнү угулар-угулмаксан. Төртүнчү кабаттан сыртка деле көп чыккысы келбейт, кээде гана балконго отуруп аба жутумуш болот. Бар аракети – эч кимге жолтоо болбой, үй ичиндеги майда оокатты тымызын бүтүрө бериш. Идиш-аяк жууйт, балдардын кийиминин жыртык-тешигин жазгап, эч ким жокто үйдүн ичин тазалап, эмеректердин чаңын сүртөт. Үй ичинде аны менен кобурашаар теңтуш жок. Уулу мына үч балалуу болду. Бир кезде ушул жалгыз уулу эрмек эле өзүнө. Кийин, бала чоңойгон соң энесинен өгөйлөп, зайыбына көбүрөк […]

Омор Сооронов: Чүйдөн чыккан чоң акын

Көрүнүктүү адамдардын ысымдары окшош болгондо, бирде бирин экинчиси коштоп, атагын алыска чыгарса, дагы бирде бири экинчисине салакасын тийгизген учурлар да болот. Биз сөзгө алганы жаткан Ныязалы Молдого бул экөөнүн тең тиешеси жок. Анткени Ныязалы Молдо Эсенгул уулу жазма акын катары да, дин илимин өздөштүрүп, сопучулукка (суфизмге) баш койгон адам катары да өз мезгилинде Түндүк Кыргызстанда белгилүү инсан болгонуна карабастан, бул күндө таптакыр эле унутулуп калганы байкалат. Ныязалы Молдонун туулуп өскөн айылы Сынташта жашаган жаштар түгүл орто жаштагылар да «Ал ким […]