Саламатсыздарбы, ата-энелер!

Эстер Войджицки деген ким деп сурайт чыгарсыздар. Анын көп адистиги бар, анын бири – таланттуу педагог. 1984-жылы Пало-Альтодогу мектепте иштеп жүргөндө Стив Жобсту шыктандырган дал ушул айым болгон. “Силикондор талаасынын киндик энеси” деп мына ушул айымдын атын аташат, анткени анын окуучулары ушул даңазалуу жерде өзүлөрүнүн инновациялык идеяларын ишке ашырышкан.

Бирок эң негизгиси, Эстер эне катары өзүнүн супер ийгиликтүү балдарын тарбиялап чыгарган: улуу кызы Сьюзен — YouTube генералдык директору, дал ушул Сьюзендин гаражында Гугл жаралган, кийин дал ошол Сьюзендин кийлигишүүсү менен Гугл Ютубду сатып алган, ортончу кызы педиатриянын профессору, кичүүсү – генетикалык изилдөөлөрдү жүргүзүүчү инновациялык ири компаниянын башчысы.

Эстердин балдарды тарбиялоо боюнча кеңештерин адамдар жата калып угушарын сөзсүз эле айтыш керек бекен? Супер-эненин эмне купуя сырлары болду экен? Анда аны Эстер Войджицкинин өз оозунан угалы.

Балдарга эмне керектиги жөнүндө менин өз көз карашым болгон, башкалар эмне дебесин, мен аны дайыма ошол көз карашыма жараша аракет кылчумун. Көп адамдардын ою боюнча менин балдарды тарбиялоого болгон мамилем, болбоду дегенде уникалдуу деп эсептешет. Бирок көпчүлүгү түшүнө беришпейт.

Мисалы, мен кыздарым менен алар бойго жетип чоңоюп калышкандай сүйлөшчүмүн. Болгондо да биринчи күндөн баштап. Көпчүлүк ата-энелер балдары менен сүйлөшкөндө үндөрүн өзгөртүп, жөнөкөй, кээде аябагандай эле оңой сөздөр менен, ал тургай сөздөрдү бузуп эркелетип сүйлөшөт. Мен эч качан антип сүйлөшчү эмесмин.

Мен аларды эч качан өмүрлөрүнө коркунуч жараткан шарттарга калтырчу эмесмин, ошол эле учурда аларга ар кандай тобокелчиликтерге барып, күчтүү сезимдерди башынан өткөзгөнүнө каршы чыкчу эмесмин. Биз Женевада жашап жүргөндө улуу кыздарым 5 жана 4 жашта эле, аларды анча алыс эмес дүкөнгө нанга жиберчүмүн. Мына ушул кыска көрүнгөн жолдо шартка жараша алар өз алдынча бир нече чечимдерди кабыл алышчу, – жолдон кайдан жана качан өтүш керек, эгер керектүү нан жок болуп калса, ордуна кайсы нанды алыш керек, ушул сыяктуу.

Балдар өз алдынча көп нерселерди жасай алышчу. Кийимдерин тандоодон баштап, өздөрүнүн расписаниелерин түзүүгө чейин өздөрү биле турган. Кыздар курбуларыныкына конокко бара алышчу, ошол эле учурда спорт залдагы машыгууга барышканды да унутчу эмес. Бир кызым алтыга чыкканда мен ага өз бөлмөсүн кандай кааласа ошондой жасалгалашына уруксат бергем. Биринчи кезекте ал чоң күлгүн килемди тандап алган, ал аны 12 жыл колдонду. Ал аны табитинин жана тандоосунун көз карандысыздыгынын символу катары көрүп, аябай жакшы көрчү.

Мен баланы тарбиялоодо эң маанилүү учур – 5 жашка чейинки мезгил деп эсептейм, мына дал ушул учурда аны ар кандай пайдалуу иштерди жасаганга үйрөтүүгө аракет кылуу керек, дал ушул учурда бала өз алдынча ойлонуп, өзү туура чечим чыгарганды үйрөнүшү зарыл. Мага аларды эрте эле сууда сүзгөнгө, санаганга, окуганга, велосипед тепкенге, жашаган жери тууралуу кенен-кесир билүүгө үйрөтүү кызык эле. Балдарга кичинекей кездеринде көп нерселерди үйрөтсө болот.

Мен эне катары, педагог катары көп жылдар бою жыйнаган тажырыйбама таянып, балдарды ийгиликтүү, жөндөмдүү тарбиялаштын фундаменталдуу беш баалуулугун аныктадым. Алар төмөндөгүлөр:

ИШЕНИМ

Биз ишенимдин глобалдуу кризисин башыбыздан өткөзөбүз. Ата-энелер балдары үчүн коркушат, балдар аны сезет жана ага жооп катары алар да коркушат – өзү менен өзү болуудан, тобокелчиликке баруудан, акыйкатсыз иштерге каршылык кылуудан. Ишеним бизден, ата-энелерден башталышы керек. Биз балдарыбыздын чечимдерине көбүрөк ишенип, алардын өз алдынча болом деген талпынууларына тоскоол болбошубуз керек.

СЫЙЛОО

Ар бир баланын жөндөмү бар, бала биздин дүйнөбүзгө берилген белек, биз ата-энелер ошол балдардын жөндөмдүүлүктөрүн өстүрүүгө милдеттүүбүз. Бул биз жасап жүргөн иштерге таптакыр каршы келген нерселер: балдарыбызга кайсы кесипти тандоону таңуулайбыз, аларды кандай жашаганга үйрөтөбүз… Жок, биз алардын өз алдынчалыкты тандап, максаттарын аныктоо учурларында колдошубуз керек.

КӨЗ КАРАНДЫСЫЗДЫК

Көз карандысыздык ишенимсиз жана сыйлоосуз болбойт. Жаш кезинде өзүн-өзү көзөмөлгө алганды үйрөнгөн балдар, чоңойгондо туура чечим кабыл алууга даяр болуп калышат. Андан тышкары, алар ар бир маселени чечүүгө чыгармачылык менен мамиле кылып, түзүлгөн татаал кырдаалдардан чыгуунун мыкты жолдорун таба алышат. Чыныгы көз карандысыздыкка ээ болушкан балдар турмуштун башка салган кырсыктарынан, кокустуктарынан, өз алдынча чыгууга жөндөмүү болушат.

КЫЗМАТТАШУУ

Кызматташуу бир ишти үй-бүлө менен, класстагы окуучулар менен же айланадагы, жумуш орундарындагы адамдар менен биргелешип иштөө дегенди түшүндүрөт. Ата-энелер балдарын кичинекейинен эле маселелерди чечкенге, дискуссияларга катышканга, чечимдерди кабыл алууга катыштыруусу зарыл. 20-кылымда эрежелерди сактоо эң негизги талаптардан болчу, ата-энелер абалды толук көзөмөлдөп турушкан. 21-кылымда мындай мамиле иштебей калды. Биз аларга эмне кылышты үйрөтпөшүбүз керек, биз алардын пикирин угуп, чечимди биргелешип кабыл алышыбыз кажет.

МЭЭРИМДҮҮЛҮК

Эң кызыгы – биз кээ бир учурларда айланадагы жакындарыбызга караганда бейтааныш адамдарга жакшы мамиле кылабыз. Ата-энелер балдарын аябай сүйүшөт, бирок алар дайыма жандарында жүрүшкөндүктөн, аларга көнүп алышып, аларга мээримдүү мамиле кылышты унутуп коюшат. Аны алар ансыз деле көрсөтүп жатабыз, аларга мээримдүү болуп көрүнүштүн кереги жок деп ойлошот. Бирок биз мээримдүүлүктү балдардын аң-сезимдеринде дүйнөдөгү табигий нерсе катары калыптандыруубуз зарыл. Мээримдүү болуу жана кечире билүү, башка адамдарга кызмат көрсөтүү, өзүңдүн коомчулуктагы даражаңды жакшы билсең да, өзүңдү машаяк сезбей, жөнөкөй сапаттарыңды алардын кан-жанына сиңирүү керек. Балдарга дүйнөдөгү эң кызык жана пайдалуу нерсе бул – башкалардын жашоосун жакшыртууга салым кошуу деп көрсөтүшүбүз зарыл.

Балдарды тарбиялоодо мына ушул беш принципти унутпай колдонсок, жоопкерчиликтүү, мыкты муунду тарбиялайбыз. Ойлонуп көрсөк, ата-эне деген адамзаттын келечегин түптөгөн адам. Өзүңүздөрдүн миссияңыздарга жоопкерчиликтүү мамиле кылып, балдардын жетем деген тилегине колдоо көрсөткүлө.

Которгон Абийрбек АБЫКАЕВ

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.