74 жылдык башкаруусунда коммунисттер элди тынымсыз алдап жүрүп отурушкан, алар азыр да бул жалганчыл уятсыздыгын улантышууда.

Коммунисттик бийлик учурунда Совет адамынын кулагын күндө кубандырып турушкан. Бирок курсагы дайыма курулдап ачка жүргөн ал акыры келип, куру убадалардын курмандыгына айланган. Түшүнүктүү айтканда: коммунисттердин таңууланма идеологиялык үгүт-насааты жана алардын жок жерден ойлоп табылган жыргал жашоосу элдин чыныгы турмушу менен таптакыр дал келишкен эмес.

Калп менен зордук-зомбулук коммунисттердин эл массасын басуучу жана аны эрксиздикте кармоочу эң негизги куралы болгон. Коммунисттик большевиктер 1917-жылы октябрда куралдуу төңкөрүштүн арты менен бийликти басып алганга чейин эле калптын казанын кайнатып келишкен. Дал ошол жалганчыл үгүт-насаат көп жылдар бою СССРдей зор өлкөнүн элин кыңк эттирбей башкарганга да жол ачкан.

Коммунисттер элди кантип алдашкан?

Бул суроого жооп табыш үчүн алардын “Жер – дыйкандарга!”, “Завод-фабрикалар – жумушчуларга!”, “Элге – тынчтык!”, “Бүткүл бийлик – Кеңеш өкмөтүнө!”, “Нан – ачкаларга!” — деген сыяктуу ураандарын талдап көрсөк болот.

Бул убадалардын бири да аткарылбаган, анткени алардын баары кооз айтылган калп болчу!

Жерди дыйкандарга беришкен эмес, тескерисинче, жерлүү дыйкандардын жерин кайра алып коюшкан, дээрлик бүт айылдыктарды колхоз кулчулугуна кирүүгө мажбурлап, көпчүлүк дыйкандарды паспортсуз калтырышкан, мындан улам алар колхозду таштап кете алышпаган, демек эрксиз крепостнойлорго айланышкан! Алар акчалай маяна албастан эмгек күнү[1] үчүн гана иштешкен. Согушка чейин калктын 80% түзгөн дыйкандар согуштан кийин анын 50%на араң жеткени көптү айтып турат жана алардын жашоо шарты кулдукуна тете болгонун каңкуулайт.

Паспорт бардык колхозчуларга 1974-жылдагы Совминдин токтому менен 1976-1981-жылдары гана бериле баштаган.

Дал ушул сыяктуу эле жалганчылык “Нан – ачкаларга!” ураанын аткарууда колдонулган. Коммунисттер башкарган кезде өлкөдө ачарчылык өз өкүмүн жүргүзгөн, азык-түлүк таңкыстыгы күчтүү болгон. Ошондо да коммунисттер ачарчылыктын себебин түшүндүрө келгенде кургакчылыкка же  түшүмсүздүккө шылташкан. Падышачылык Орусияда коммунисттерге чейин деле түшүмсүз жылдар болгон, бирок миллиондогон адамдардын өмүрүн алган 1920-1930-жылдардагыдай катуу ачарчылыктар болгон эмес! Бир эле 1932–1933-жылдарда жүргөн ачарчылыктан жана ага байланышкан оорулардан улам Украина, Поволжье, Куба жана Казакстанда 7 миллиондой адам набыт болгон! Ошондо да бул ачарчылыктар атайылап уюштурулган. Кеңеш бийлиги дыйкандардын жылы бою үй-бүлөсүн бага турган данын эле алып тынбастан, алардын жазга сактаган үрөнүн да тартып алган! Мына сага! “Нан – ачкаларга!”. Кооз ураан болбосоң коё кал!

СССР учурунда ошол эле коммунистик жалганчыл үгүт-насаат боюнча алга баштоочу, үстөмдүк кылуучу тап катары даңазаланган пролетариаттын абалы дыйкандардыкынан ашып түшкөн эмес. Албетте, “Завод-фабрикалар – жумушчуларга!” деген ураандагыдай болуп эч ким пролетариатка кандайдыр бир ишканаларды өткөрүп берген эмес. Бардык  завод-фабрикалар мамлекеттин менчигинде болгондуктан жумушчулар Совет бийлигинин көпчүлүк учурунда паек үчүн иштешкен, башкача айтканда, ачкадан өлүп калбоонун далбасасында күнүмдүк тамак-аш үчүн эмгектенишкен.

Дыйкан колхоздо эч кандай акча албастан эмгек күнү үчүн гана иштегени менен ара-чолодо огородун тытмалап жашылча-жемиш өстүргөн, кандайдыр жолу болсо бул өндүргөнүн сата алган, болбосо аны азык-түлүккө алмашкан.

Ал эми жумушчуда мындай мүмкүнчүлүк болбогонун айта кетсек апыртууга же Совет бийлигин курулай жамандоого жатпайт. Советтик-коммунисттик бийлик башкарган доордун үчтөн экисинде (74 жылдын 50 сүндө) жумушчуларга азык-түлүк карточка менен берилген. Ал эми аларга берилген анча-мынча акча максаттуу коротулушу үчүн дүкөн текчелери бош турбай өндүрүштүк да, өнөр жай да товарларына толуп турушу керек эле. Андай болбогон соң бул акчалар жөн гана кагаз катары колдо жүргөн.

60-жылдардын башындагы коммунисттердин абалды өзгөртүш үчүн жасаган аракеттери, жарандарды зарыл товарлар менен жакшырак жабдуу боюнча чара көрүүлөрү кырдаалды бир аз жакшырткан, бирок экономиканы бир топ эңшерип кеткен, бул жагдайдан улам 1972–1974-жылдардан баштап товар таңсыктыгы жаралып,  1980-жылы дээрлик бардык товарлар дефицитке айланган.

“Элге – тынчтык!” урааны да курулай сөз, кооз убада бойдон калган.

Ал тургай бул ашкере апыртылган жалган болуп саналат. Коммунисттер 74 жылдык башкаруусу учурунда бир эле мурунку Орусия империясынын аймагында эмес, бүткүл жер жүзүндө үзгүлтүксүз түрдө согуш жүргүзгөн. Көпчүлүгүбүз Граждандык жана Экинчи дүйнөлүк согушту жакшы билебиз, кээ бирөөлөрдүн эсинде ооган жана фин согушу бар, бирок мындай майда-чоң согуштар ондоп саналарын биле бербейбиз!

1920-жылдагы поляк-совет согушу, 1929-жылдагы кытай-совет кагылышуусу (ар түрдүү жылдарда бул өлкө менен бир нече ирет аскердик тирешүүлөр болгон),  1936-жылдагы испан согушу, 1938-1939-жылдардагы жана 1945-жылдагы Японияга каршы согуш, 1950-жылдагы корей согушу, ошондой эле Венгрия, Лаос, Вьетнам, Алжир, Египет, Йемен, Сирия, Мозамбик, Камбоджа, Бангладеш, Ангола, Эфиопия, Ливан, Куба жана башка биз билбеген согуштар тарых бетинде калды. Бул чоң-кичине кагылышуулардагы курмандыктардын саны он миңден бир нече миллионго чейин жеткен.

Эгер жылнааманы карап, тарых барактары боюнча тактап көрсөк, СССР кайсы бир жерде согуш жүргүзбөгөн жылын табуу кыйын. Элестүү айтканда, коммунисттер үчүн жер жүзүнө согуш отун тутандыруу оюн эле, андагы тагдыры талкаланган адамдар оюнчук болчу.

“Бүткүл бийлик — Кеңеш өкмөтүнө!” урааны жогоркулардан кем калбаган жалганчылыкка жашырылган уятсыз жарнама болчу. Өлкөнү 74 жыл бою бир гана коммунисттер башкарды, Эл депутаттарынын Кеңеши ичи көңдөй, сырты укмуштуудай шөкөттөлгөн түзүлүш эле, ал эми ага карата жүргүзүлгөн шайлоо өнөктүгү элди көз көрүнөө алдаган ыпылас иш-чара болчу.

Партиялык жана комсомолдук активисттер бул шайлоого элдин жүз пайыз катышуусун камсыз кылчу. Шайлоочулар партия дайындаган талапкерди бир добуштан колдошкон. Ушундай жол менен бүткүл эл тарабынан тандалды деп эсептелген депутаттар бир тууган партиясы КПСС чечимдерин жан дили менен жактырышкан.

Чын-чынына келгенде  СССРда эч кандай социализм болгон эмес, бул зор өлкөдө мамлекеттик капитализмдин белгилери бар феодалчылык өз өкүмүн жүргүзгөн. Коммунисттик жол башчылардын феодалдардан айырмасы болгон эмес: Коммунистик партиянын Борбордук Комитетинин генералдык катчысын падышага, БК мүчөлөрүн ак падыша боярларына, ал эми обкомдун секретарларын губернаторлорго теңесе болот эле. Кызыгы, бул түзүлүштөгү укмуштай мансапкордук менен жагымпоздук  1988-жылы тартылган “Кызматчы” аттуу советтик кинодо (режиссёри Вадима Абдрашитов, сценарийи Александра Миндадзе) эң жакшы чагылдырылган.

Фильм XX кылымдын 60-жылдарынын башынан 80-жылдарга чейинки жыйырмадай жылды өзүнө камтыйт. Облус кожоюну (Коммунистик партиянын облустук комитетинин биринчи катчысы) Гудионов өзүнө ит сыяктуу берилген, кандай эркелиги болсо да аткарууга даяр турган айдоочусу Клюевге үй-жай, аял жана хор жамаатын белек кылып, өзүн дирижёрлукка дайындайт.

60-70-жылдарды камтыган Брежневдин башкаруу мөөнөтү   коммунистик феодализмдин катаалдыгы кайта түшкөн кези экенин белгилей кеткенибиз маанилүү. Буга чейин феодалчылык абдан жексур мүнөздө шумдуктуудай өркүндөгөн. Коммунистик “бай-манаптар” өз кошоматчыларын болушунча колдоп, жетишерлик жүгүнбөгөндөр менен өтүгүн жалабагандарды жок кылып турушкан.

Баса, жогоруда кеп кылынган фильмдин авторлору ошол жылдарда бул чындыкты чагылдырган эмгегин жаратчу болсо сурагы жок атылмак. Мындай кинону тартуу жана анын экранга чыгуусу М.С.Горбачев тарабынан жарыяланган ачык-айкындуулуктун шарапаты  менен ишке ашкан. Ачык-айкындуулук саясатынын таза желаргысы коммунисттердин көп жылдык жалганчылыгынын бетин ачкан, жөнөкөй жарандар турмак партия мүчөлөрү коммунистик жомокко ишенбей калган.

Көптөгөн жылдар бою чындай айтылган, кулакка куюлган жалган коммунисттерге өзүлөрүнө каш кайрыгандарга күч колдонууга жол берген, зордук-зомбулукту негиздүү зарылдык катары көрсөтүүгө жардамдашкан. Ар түрдүү жылдарда коммунисттер жалганчыл үгүт-насааттын жардамы менен массалык өлтүрүүлөрдүн, репрессиялардын, кулакка тартып, сүргүнгө айдатуулардын зарылдыгына элди ишендиришкен, ушул эле күчтүү курал менен миллиондогон дыйкандардын эгинин тартып алган, бүтүндөй бир элдерди толук кырган, айдап тентитүү жолу менен орун которуштурган.

Бул жалгандын бети ачылары менен коммунисттик бийликте көйгөйлөр жаралып, коргонуу үчүн же басмырлоо максатында күч колдоно албай калган. Натыйжада, бийликти басып алуу менен аны кармоонун кош куралы жалганчылык менен зордук көрсөтүү аргасынан айрылган коммунисттер бийлигин жоготушкан. СССР ичи чирик көңдөй дарак сымал кулап түштү!

Анан да он сегиз миллиондук коммунисттик партия мүчөлөрүнүн ичинен бирөө да СССРди коргоп чыкпаганы ушундай учурга мүнөздүү көрүнүш болуп саналат. Анткени коммунисттик партиянын катарына эл менен партиянын идеясына берилген, абдан чынчыл, өтө туруктуу жарандарды алгандай болушкан. Бирок бул жараянды да жалганчылык менен жасалмалык жылчыксыз ээлегендиктен ушундай көрүнүш жаралган!

Анда эмесе, бийик делген коммунисттик адеп-ахлактын чыныгы жүзүн көргүн жана баш чайка!

Албетте, СССР бир эле Горбачев тарабынан жарыяланган ачык-айкындуулук, кайра куруу жана демократия шарапаты менен кулаган жок. Мунун эң негизги себеби: социалисттик чарба жүргүзүү системасынын жараксыздыгы болду. Коммунисттер дыйкандар менен жумушчулар өндүргөндөр менен чыгаргандардын дээрлик бардыгын алып турганда экономика кандайдыр бир деңгээлде кармалып турган. Анан бул мыйзамдаштырылган талап-тоноочулуктун көлөмү бир аз төмөндөтүлөрү менен социалисттик экономика тездик менен өчөйө баштаган.

СССР ал тургай нан менен өзүн-өзү камсыз кыла алган эмес: 1961-жылы коммунисттик бийлик эгинди АКШ, Канада жана Аргентинадан сатып алган. Азыркы кезде бир эле Орусия буудайды жылына 15 миллиард долларлык өлчөмдө сыртка сатат! Бул мурда СССР карамагындагы өлкөлөр өндүргөн эгинди эсептебегендеги сан.

Көп жылдар бою биз – СССРдын жарандары коммунисттик бийликтин жалганчылдыгын түшүнүп, көрүп, билип келдик. Ар бир кечте “Время” маалымат программасында дикторлор эл чарбасындагы кирешелердин өлчөмү рекорддук көрсөткүчкө жеткенин, пландар ашыра аткарылып жатканын (СССР тарыхында бир дагы беш жылдык план аткарылган эмес) кайталап айтчу, ал эми чыныгы турмушта биз дүкөндөрдөгү бош текчелерден башканы көрчү эмеспиз. Сыр, колбаса, эт, кофе жана башка азык-түлүктөр көптөгөн жылдар бою кенен жана эркин сатылбаган. Жашоонун тең жарымы эң сейрек түшкөн таңсык товарга жетиш үчүн узун кезекте туруу менен өтчү. Натыйжада, муздаткыч телевизордун үстүнөн ишенимдүү түрдө жеңишке жетишкен.

Советтик жалганчыл ураандар коммунистик идеялардын жараксыздыгын, социалисттик экономиканын жашоого жөндөмсүздүгүн жана коммунисттик режимдин көп жылдар бою уланып келе жаткан кылмыштуулугун жашырыш үчүн жаратылчу. Бирок шибегени капка ката албайсың: эртеби кечпи чындык сыртка чыкпай койбойт, жашыруун иштердин бети акыры ачылат.

Азыркы коммунистер менен СССРди жактоочулардын бул тарыхый чындыкты жашырышы же танышы аянычтуу көрүнүш жана айласыз баш чайкатчу жорук болуп саналат.  Анткени СССР да жашаган миллиондогон адамдар коммунистердин жалганчылдыгынан жабыр тартышканын, кылмыштуулугуна күбө болуп, кыйынчылыктары менен жакырчылыгын баштан өткөрүшкөнүн эстеринен чыгарыша элек.

Булак: https://www.mk.ru/

Которгон Кубанычбек АРКАБАЕВ

[1] Эмгек күнү — 1930-1966-жылдардагы колхоз мүчөлөрүнүн жасаган жумушунун көлөмүн жана сапатын баалоочу бирдик. Колхоз мүчөлөрүнө эмгек акы чектелчү эмес. Мамлекет алдындагы милдеттенме аткарылгандан кийинки киреше колхоз карамагына өтчү. Андан ар бир колхозчу иштеген жумушчу күнүнө жараша үлүш алчу.

 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.