Жакын арада эле бир кызыктай окуя болуп өттү. Бирөө «Ушул автобус СССРге барса чыгат белең?» десе экинчиси, «С удовольствием!» деп жооп кайтарды эле, каңырыгым түтөдү. Бир адамдын мурду канабай, колго тийген эгемендиктин кадыры ушунчалык эле төмөнбү деп кейип-кепчип кала бердим.

Көз карандысыздыкка канча деген эл жетпей жүргөнү менен кыйласынын иши жок окшобойбу. Улуулардын «агезде ширеңке бир тыйын болчу» деп тамшангандарын армансыз угуп чоңойдук. Качан болбосун «илгери союз маалында…» деп кайтып келбес учурга кусалуу, сагынычтуу сөз баштаса, керемет кез болгон го деп койчумун кичинемде. Ошол маалда көпчүлүк жаштардын ойноп-күлүп, эртеңкиге ой жок шарактап жүргөн эмеспи. Ырасында, СССР дүйнөдөгү ири державалардын бири катары дооранын сүрдү. Ошол 70 жылдык доорду бир беткей мактап же жамандоо туура  эмес.

Совет доорундагы Кыргызстандагы абалга (падышалык Орусия тушундагы катачылыктарды, кандуу «Үркүн» окуяларын ж.б. эсепке албаганда) калыс баа берүүгө аракет кылып көрөлү. Негизги жетишкендиктер катары кеңеш бийлиги орногон алгачкы мезгилдердеги агрардык саясат, жер-суу реформалары, кооперациялар жана коллективдүү чарба иштери, өнөр жайлар ж.б. колго алынып, жолго коюлганын айтууга болот. Сабатсыздыкты жоюуга байланыштуу эл агартуу иштерине көңүл бурулуп, мектептер, техникумдар, көп өтпөй пединституттар өңдүү билим берүү мекемелери ачылган. Айыл чарбага жогорку деңгээлде көңүл бурулуп, материлдык-техникалык база чыңдалып турган. ГЭСтер курулган, миңдеген гектар жерлер пайдаланылып, дыйкан чарбачылыгы өнүккөн.

Жазуу жана басма сөздүн өнүгүшү менен А. Токомбаев, Т. Үмөталиев, Ж. Бөкөнбаев өңдүү туңгуч советтик кыргыз адабиятчылары жетилип чыккан. Адабият жана искусство өнүгүү жолуна түшүп, кийинчерээк А. Осмонов, К. Маликов, Т. Сыдыкбеков өңдүү залкар акын жана жазуучулар менен бирге Г. Айтиев, Б. Бейшеналиева өңдүү сүрөтчү жана көркөм өнөр ишмерлери жетилген. 1964-жылдан тарта советтик кыргыз маданияты өнүгүүнүн апогейине жетип, адабиятта Ч. Айтматов, кино жаатында Т. Океев, С. Чокморов, композитор К. Молдобасанов, опера ырчысы Б. Миңжылкиев өңдүү ысымдар СССРге таанылган.

Совет мезгилиндеги саясий жагынан эң негизги утуш деп Түркстан Автономиялуу Советтик Социалисттик Республикасы жоюлуп, улуттук мамлекетибиздин пайдубалы түптөлгөнүн баса белгилеп кетүү керек. Муну Орто Азияны (Түркстанды) бөлүп-жаруу («разделяй и властвуй») саясаты деп баалагандар да жок эмес. Дүйнө тарыхынын нугун өзгөрткөн экинчи дүйнөлүк согуштун жеңип чыгуучуларынын бири катары советтик социалисттик республикалар биримдиктин жана эр жүрөктүүлүктүн бийик үлгүсүн көрөткөн.

Айылдарды ирилештирүүгө багытталган саясаттын аркасында тээ алыскы элет жергесине чейин электр жарыгы жеткирилип, жолдор курулган. Албетте, советтик доордогу жетишкендиктер катары социалдык-экономикалык өнүгүү, агартуу саясаты, ири курулуштар СССРдин жакшы жагын чагылдырган эстелик бойдон кала берет.

Качан гана эгемендикти алгандан соң тарыхка реалдуу карай баштадык. Көрсө СССР маалында кээ бир иштер теңирден тескери кетиптир. Эки-үч муун жазалоого тушугуптур. Биринчиси, советтик доор эми эле орной баштаганда колунда барлар, билерман бий-болуштар, эр жүрөк жоокерлер кулакка тартылып, көз карандысыздык үчүн күрөшкөн улутмандар «басмачы» аталып, замандын адилетсиздигине туш болгон учурларды (1917-1920) айтса болот.

Андан кийин эле «эл душманы», «бүлдүргүч», «улутчул», «конрреволюциячыл», «реакциячыл», туранчы деген жалаалар балээлерди алып келип, Кыргызстан боюнча 40 миң адам репрессияга тушукту (1934, 1936-37, 1938). Мында советтик система тарбиялап өстүргөн, бирок дээринде бар кыргыз интеллигенциясынын ири өкүлдөрү заалымдык менен жок кылынды. Алсак, Ж. Абдрахманов, А. Орозбеков, Б. Исакеев, И. Айдарбеков, К. Тыныстанов ж.б. ж.б. Азыркы тапта «тигил күнөөлүү, бул күнөөлүү, көрө албастар кылган» деген өңдүү бирин актап, экинчисин жектеген пикирлер айтылганы менен, мунун баары кеңеш өтмөтүнүн кара тагы экени факт. Ошондой эле 50-жылдарда да куугунтуктоо жүрүп, Т. Саманчин, Т. Байжиев өңдүү азаматтар сталиндик каарга калганы да тарых.

Бир топ жыл мурун ооруканада бир бейтап: «Эл башкаруу да кандан-канга, генден-генге өткөн сапат. Биздин каймактарыбыз жок кылынган, жалаң кара таман кедейлер менен орокчулардын балдары кантип мамлекет катары жашап кетмек эле?» десе акылынан айныган неме го деп койгом. Көрсө советтик тарыхта кадр саясатында зор кемчиликтерге жол берилип, интеллигенция каймактары куугунтукталып, төмөнкү социалдык катмардын өкүлдөрүн жетекчиликке тартуу өңдүү фактылар катталыптыр да.

СССР учурунда адеп-ахлактык жана нравалык жактан чөгүүнү айтпай кетсек болбос. Мисалы, кыргыз табиятына жат алкоголизм деген балекет селдей каптап, аракечтик оорусу күч алган. Конторбу, көчө-көйбү, айтор ичимдик ичүү кадыресе көрүнүш болуп калган. Кыргыз ССРи  баңгилик же  токсикомания боюнча СССРде 2-орунга чыккан. Кылмыштуулук өңдүү терс көрүнүштөр гүлдөп өскөн. Дагы бир көңүл бурдурчу жагдай, «өнүккөн социализм» тушунда орус улутундагыларга артыкчылык берилгенин байкоого болот. Бул азырга чейин өз таасирин жогото электей. Коомдо орус улутундагыларды чынчыл, калыс деген жогору баалоо бар…

Адабият чөйрөсүндө да кээ бир алешемдиктер ачыла баштады. Мисалы, Токтогулдун тагдыры бурмаланып, ырлары чиймеленгенин эми-эми билип жатабыз. Акындардан «заман» агымынын өкүлдөрүнүн чыгармалары кечээги күндөргө чейин «кара кутуда» жатканы ырас. А тургай «Манастын» тагдыры да олку-солку болгону унутула элек.

Советтик башкаруу тушунда билим берүүгө жогору баа берсек да «идеалдуу» деп айта албайбыз. Кары-жашын ылгабай, эмгекке эзип, илим-билим деле жакшы берилбептир. Мисалы, мектеп окуучусу деле, студенти деле пахта терип, чөп чаап жүрсө, кайдагы сапаттуу окуу? Сырттан окуу бөлүмдөрү ачылып, анда окугандар айда-жылда окууга барса… Анан эле «илгерки окуу башка болчу, агездеги «үч» азыркы «бештен» күчтүү дешсе ичиңден сызасың да киши. Ошо кезде формалдуулук өкүм сүрүп, мамлекетти алдоо калыптаныптыр. Буга мисал, алакандай жерден тонналап пахта өндүргөн «супер-пахтачыларды», 100 койдон 200дөн жел козу алган «супер-чабандарды» айтуу жетиштүү. «Супер-чабандардын» кочкорлору деле эгиздеп тууй берген окшобойбу.

Советтик доордун караңгы жактарын андан ары ачалы. Көпчүлүгү айта бербеген же айткысы келбеген совет доорундагы дин саясаты тууралуу айрым фактылар менен кеп кылуу максатка ылайык.

Орто азиялык мусулман элдеринин диний баалуулуктарын жана маданиятын  алмаштыра турган (же жокко чыгаруу максатында атайын) «илимий атеизм» программасы иштелип чыккан. Коммунисттик идеологдордун көз карашында «илимий атеизм» динге альтернатива боло алмак. Ушул программанын алкагында көптөгөн атеисттик багыттагы басылмалар жарык көргөн. СССРдеги суфизмди изилдеген Беннигсен «Советтик Республикаларда жарым кылымдан бери уланып жаткан динге каршы кампаниянын жыйынтыгында, исламият тараптарларынын маанилүү бөлүгүн жоготкон. Булардын бир тобу исламга маани бербей калса, калган азыраак бөлүгү чыныгы динсиз болуп чыкты» дейт.

Советтер тушундагы динге жасалган мамилени радикалдык этап жана теориялык этап деп бөлүп карасак болчудай. 1917-1920-жылдары динге толеранттуу мамиле жасамыш эткен советтик режим кийинчерээк, коллективдештирүү учурунда өтө катаал мамилеге өткөн. Бул жараян 1928-жылы дээрлик бардык мечиттерди жабуу менен жыйынтыкталган (Караңыз: Alexandre Bennigsen, «Mystics and Commissars: Sufism in the Soviet Union). Түркистанда большевиктер дооруна чейин ишмердүүлүгүн жүргүзгөн 27 миң мечит 1940-жылдарда дээрлик миңге чейин азайган. 14500 диний билим берүү жайлары (медресе, үжүрө) жабылган. 47 миң имамдан 2 миңге жакыны гана аман калган. Дин аалымдарынын көбү камалган же жок кылынган. Кыскасын айтканда, Орто Азия жана Кафказдагы салттуу исламий уюмдарынын дээрлик баары жок кылынган (Караңыз: Salih Pay, Kırgızistan’da İslam’ın Asimetrik Varoluş Mücadelesi.// Orta Asya’da İslam I-III, Ankara-Türkistan 2012, III т.).

Диний билим берүү жайлары демекчи, ушул жерден маанилүү маселени козгой кетели. «Совет бийлиги орногонго чейин кыргыздар туташ сабатсыз болгон» деген маалымат айтылып жүрөт. Совет дооруна чейин статистика боюнча кыргыздардын сабаттуулугу 1 пайызга да жетпейт имиш. Бирок бул көрсөткүч боюнча суроолор көп. Кеңеш өкмөтү тушунда орус-тузем мектебинде окугандар гана сабаттуу деп эсептелинип, арабча окуп-жаза билгендердин эске алынбаганын соңку изилдөөлөр далилдөөдө. Түркстанда, анын ичинде Кыргызстанда көптөгөн диний билим берүүчү уюмдар (медресе, үжүрө, боз үй мектептери) арабча кат таанууну үйрөткөн.

«Дин бул – опиум» деген принцип менен иш алып барган борбордук башкаруу жаштарды колго алууну унутта калтырган эмес. 1926-жылы машстабы кеңейтилген Комсомол уюмдарында (ВЛКСМ) 14-28 жаш арасындагы коммунисттик идеяларга сугарылган жаштар кабыл алынган. КПСС коомдук-саясий, маданий ж.б. түрдүү багыттардагы саясатын  Комсомол аркылуу жүргүзгөн. Динге каршы саясатта да жаштар курал болгон. Мисалы, диний майрам күндөрү атайын Комсомол фестивалдары уюштурулган.  Мунун максаты эч кандай ыйыктык жоктугун, кудайга же шайтанга муктаждыктын болбогонун далилдөө болгон.

Советтик система атеисттик идеологияны жайылтууда акын-жазуучуларды чебер колдонгон. Бул нерсе өз жемишин берген. Советтик кыргыз акын-жазуучуларынын чыгармаларына көз чаптырсаңыз; анти-диний жана анти-менталитеттик элементтерди көп эле учуратасыз. Өзгөчө молдо-кожону, эшен-калпаны шылдыңдаган ырлар көзгө көп урунат. Советтик башкаруучулар басмачылар менен мамиледе болгону үчүн сопулукту каарына алган.

1923-жылы Түркстан Коммунисттик партиясы «Ишанизм менен күрөшүү» деген чечим кабыл алат. Ушундан кийин советтик мусулмандарды зыяндуу-зыянсыз деп бөлүп кароо башталат. Зыяндуу деген категорияга биринчи кезекте эгемендикти эңсеген сопулар (эшен-калпалар) кирген. Тарыйкаттарга «исламдын негизги принциптерин тебелегени үчүн» деген кине коюлуп, аларга каршы күрөш күчөгөн. 1925-жылы улуттук боштондукчулардын (же «басмачылардын») алсызданышы менен исламга болгон душмандык жаңы тепкичке көтөрүлгөн. 1928-жылы атеизмди пропагандалоо максатында «Кудайсыздар аскердик союзу» (Союз Воинствующих Безбожников) түзүлөт. Беннигсендин маалыматына ылайык, 1933-жылы Кыргызстанда «кудайсыз согушчандардын» 1266 мүчөсү болгон.

1929-1940-ж.ж. анти-диний саясат жүргүзгөн өкмөт дүйнөлүк экинчи согуш башталганда динге болгон мамилесин «жумшарткан». Мунун себеби, ислам жана араб дүйнөсүнөн колдоо үмүт кылуу эле. 1943-жылы Орто Азия жана Казакстан мусулмандарынын дин башкармалыгы ачылган. Мунун түпкү максаты мусулмандарды көзөмөлдөө болгон. Бухарадагы «Мир-и Араб» медресеси да ушул жылдарга удаа ачылган. Исламга болгон «жылуу мамиле» согуш бүтөрү менен, тагыраагы 1948-жылдан баштап мурунку кейпине түшкөн. Бирок бу жолу теориялык мүнөздө болгон. Хрущевдин бийликке келиши менен (1953) анти-диний пропаганда катуулай баштайт. 1959-жылы Хрущевдин көрсөтмөсү менен «Илим жана Дин» (Наука и Религия) журналы чыга баштайт. Бардык ЖОЖдордо «Илимий атеизмдин негизи» дисциплинасы мажбурлоо менен окутулган.

Хрущевдин отставкага кетиши менен дин душмандыгы саясаты жумшарса да, атеисттик пропаганда үзгүлтүксүз жүргүзүлө берген. Алсак, СССР ИА алдында Илимий Атеизм институту түзүлгөн (1964). 1966-жылдан тарта ушул институт тарабынан «Илимий Атеизмдин Суроолору» (Вопросы Научного Атеизма) аттуу журнал басыла баштаган. Илимий атеизм пропагандасынын айрым жайылтуучулары радикалдуу кадамдарга барган. Жыйынтыктап алганда, СССРдин дин саясаты катаал болгон. Дин тутуу эркиндиги эгемендиктин шарапаты менен кошо келген олжо.

Дээрлик 30 жылдан бери өз алдынча жаш мамлекет катары жашап келатабыз. Бирок, жалтактап Москваны караганды токтоткон жокпуз. Маанилүү саясий чечим кабыл алынарда Москвага иш сапары менен барабыз же келишет. Шайлоонун алдында ар-намысты жыйыштырып коюп, Москвадан «бата алганы» шагырап жөнөп калгандар андан көп. Бул трагедия эмей эмине? Андан да кейиштүүсү, РФ мамлекет башчысына суктанып, теңдешкис лидер көрүп, пир туткан тенденция бар. Айрым бакшыларыбыз «био-робот» деп таңданса, кээ бир молдолорубуз алакан жайып оомат тилеп отурат СССРди тикелегиси келген кишиге…

Тарыхтан так жана туура сабак алуу зарыл. Өтмүшкө карап, келечекке багыт албасак, карайлап жол таппай каларыбыз кеп эмес. «90 пайыз кыргызстандыктар Россияга кошулууну (колония болууну) каалайт» деп тамтаңдабай, бардык мүмкүнчүлүктү мамлекеттүүлүктү бекемдөөгө, өнүгүп-өсүүгө жумшоо керек. Колдогу эгемендикти барктап-аздектөө ар бир атуулга парз. Көз карандысыздыгыбызга көз арткандардын ою ойрон болсун, тилегин таш капсын! Кызыл туубуз көк асманда кыяматка чейин желбирей берсин.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.