Күлкү – ден соолуктун мүлкү дейт кыргыз. Күлкү көп ооруларды, анын ичинен вирустуу тумоолорду жеңери илимий түрдө да тастыкталган. Жакшы маанайда шатыра-шатман жүргөн адамдын иммунитети илдет менен жакшы күрөшөт. Күлкү көңүл тазартат. Жакшы маанай дүрбөлөңдөн сактап, айыгууга жардам берет.

Демек көбүрөк жылмайып, ден соолукта бололу. Ушул максатта учурда жүрүп жаткан аты жаман тумоого карата чыгарылган еврей элинин күлкүлүү анекдотторун сунуштамакчыбыз.

*     *     *

— Фима, жөндөн-жөн эле дүрбөлөң болбочу. Коронавирус Кытайда жасалган. Демек сапаты жок, бат эле сынат.

*     *     *

— Циля, кандай ойдосуң, беткап коронавирустан сактайбы?

— Тапкан экенсиң, Сара, бизге презерватив да керек.

*     *     *

— Сема, эгер кытайлар Марстан кандайдыр жаныбарды табышса эмне болот?

— Жаңы тамак пайда болот.

*     *     *

Коронавирус да чыккан заманына жараша интернетти жакшы колдонуп, тез таралып жатканын Британ окумуштуулары тастыкташты.

*     *     *

Достор, ушул оңой эмес учурда… бири-бирибизден алыс эле бололу!

*     *     *

Вирус-сирус дешкенинен не бар, не жок деп үйүмдөгү Кытайдан өндүрүлгөн оокаттарды ыргытып бүтүп карасам, үйүм бош, өзүм жылаңач калыпмын.

*     *     *

Банктан эскертүү келди: насыям бар үчүн коронавирус менен ооруганга укугум жок экен.

*     *     *

Өзбек окумуштууларынын коронавируска каршы вакцина ойлоп табууга жасаган ар бир аракетинин натыйжасы даамдуу палоо болуп калып жатат дейт.

*     *     *

— Сара, сен кыз башың менен караңгы көчөдө жалгыз жүргөндөн коркпойсуңбу?

— Коркпойм, күчтүү куралым бар!

— Эмне курал?

— Кытайча беш-алты сөз билем.

*     *     *

Израилде коронавирустан улам алгачкы адам өлдү. Бирге камалган карантиндин бешинчи күнүндө бир аял күйөөсүн муунтуп салды.

*     *     *

Бүгүн Эстонияда чочко тумоосуна карата өзгөчө кырдаал жарыяланды.

*     *     *

— Сема, сен эмнеге беткапсыз жүрөсүң? Коронавирусту жуктуруп алуудан коркпойсуңбу?

— Изя, мен 75темин, гипертониям, простатитим, псориазым, бөйрөгүмдө ташым бар, ал аз келгенсип тахикардиям менен мышыкка аллергиям желкелеп турат. Мени жайлайм деген ушундай оорулардын атаандаштыгында коронавирусуң жөн гана кезекке туруп калат ко.

*     *     *

Одесса көчөсүндө бараткан трамвайда бирөө катуу жөтөлөт.

— Эй киши, сен коронавирус жуктуруп алган жок белең?

— Жок, меники кургак учуктун ачык түрүндөгүсү.

— Кудайга шүгүр!

*     *     *

Вирус, вирус папируска жазыл. Папирустан флешкага, флешкадан Олежкага, Олежкадан Саарага, Саарадан баарыга. Ушул сөздү үч жолу айтсаң, коронавирустан оолак болосуң.

*     *     *

— Кечиресиз, сиз чын эле жаңы дайындалган Саламаттык сактоо министрисизби?

Которгон Кубанычбек АРКАБАЕВ

«КП в Украине» сайтынан алынган анекдоттор.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.