1988-жылдын 13-мартында көрүнүктүү педагог жана жазуучу Антон Семенович Макаренко жарык дүйнөгө келиптир. Ал өзүнүн кыска жашоосунда балдарды тарбиялоо багытында көп иштерди жасаган, анын эмгектери бүгүнкү күнгө чейин актуалдуулугун жогото элек жана мындан ары да элге кызмат өтөй берери айдан ачык.

Ал темир жол мекемелеринин жумушчусунун үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келген экен. Кремчуг шаарындагы темир жол училищасына кирип, ал жердеги мугалимдердин бир жылдык курсун аяктайт. Ошол эле окуу жайында орус тили, сүрөт жана чийүү мугалими болуп эмгектенген. Түштүк темир жолдорундагы мугалимдердин курултайын уюштурууга активтүү катышкан.

1914—1917 Полтавадагы мугалимдер институтунда окуйт (1916—1917  армияга чакырылып, көзү начар болгондугуна байланыштуу аскердик кызматтан бошотулат), институтту аяктаган соң Крюков шаардык темир жол училищасын жетектейт, ошол эле учурда Полтавадагы билим берүү жана агартуу губернялык башкармалыгынын Кеңешинин мүчөсү болгон.

1920–1928-жылдары Полтавадагы жашы жете элек укук бузуучуларды оңдоп-түзөтүүчү колонияны жетектеген. 1922-жылы кыска убакытта Наркомпростун эл агартуучуларды даярдоочу Борбордук институтунда окууга кирип, колониядагы иштерди чогуу алып жүрүү мүмкүн болбогондуктан аны таштоого мажбур болгон. 1927-1935-жылдары колониядагы иштерин таштабастан УССРдин ГПУсуну чакырыгы боюнча Харьковдун жанындагы Ф.Э.Жержинский атындагы Коммуннасында да кызмат өтөгөн. 1935-жылы СССР НКВДсынын эмгек колониялары боюнча башчысы, 1935-жылы башчынын орун басары болуп иштейт. 1936-жылы күзүндө Киевдин жанындагы Бровар деген жерде жашы жете элек балдарды оңдоп-түзөтүү колониясына которулат. 1937-жылы Москвага которулуп, ошол жерден адабий жана коомдук-педогогикалык эмгектерин жазган.

Ал 1939-жылы 1-апрелде “Голыцино” темир жол станциясында вагондо кетип бара жатканда капысынан жүрөгү кармап, күтүүсүздөн каза болгон. Сөөгү Москвадагы  Новодевичье көрүстөнүнө коюлган.

Макаренко өзүнүн педагогикалык тажырыйбасын жана көз караштарын “Педагогикалык поэма”, “30-жылдардын маршы”,  “Мунарадагы байрактар”, “Ата-энелер үчүн китеп” деген көркөм-илимий эмгектеринде чагылдырган.

Анда эмесе анын айрым көз караштарына токтоло кетелик.

Кино, театрлар, музелер, үй-бүлө менен сейилдөө: балдарды жагымдуу нерселер аркылуу тарбиялоо

Кино

Макренко өзүнүн 1943-жылы жазган китебинде минтет: “Биздин мезгилибизде кино балдарды эле эмес, чоңдорду да тарбиялоодо кубаттуу курал болуп саналат”.

Экран бетин бербей ар бирибиздин беш-он өмүрүбүзгө жеткидей сандагы кинолор менен мультфилмдер жүрүп жаткан бүгүнкү күн жөнүндө эмне деп айтсак болот?

Макарено кино көпчүлүк учурларда жогорку көркөмдүктөгү чыгармалар катары, тарбиялык мыкты каражат экенин белгилейт. Бирок, бул балдарга кинону чексиз санда жана көзөмөлсүз көрүүгө уруксат берүү дегендикке жатпайт дейт ал. Бул анын согушка чейинки советтик кинолор жөнүндө айткан ою. Эмнеге ишарат жасап жатканын түшүндүңүзбү? Цензура, катуу талаптар менен сынактан өткөрүүлөр ж.б.у.с.

Азыркы учурда балдарды тарбиялоочу жогорку-көркөм сапаттагы кинону табыш, илгери Союз учурундагыдай 20 тыйынга нан сатып алган сыяктуу эле, жомок. Андай тарбиялык мааниси бар чанда кинолорду балдар эле эмес алардын ата-энелери өздөрү да көрбөй калышты сыяктанат. Телевизорду койсоң бири-бирин атып, сабап жаткан боевиктер, же жылаңачтанып, өбүшүп, эзилишип жаткан каармандар. Мульт фильмдер деле андан ашып кеткен жери жок. Кебетелери суук, баланын эмес чоң кишинин түшүнө кирсе жүрөгүң түшчүдөй желмогуздай болгон немелер. Ошондуктан ата-энелер балдарын чылага батырып, саркындыга малбай өстүрүү үчүн биринчи кезекте өздөрү жогорку маданияттуу, жакшы тарбия алуулары абзел.

Ошол кездеги советтик электен өткөн кинолордун учурунда эле Макаренко  кино балдардын жашоосундагы негизги нерсе болбошу керек деп эскертет. Окууну унутуп, болгон акчаларды киного жумшоо туура эмес дейт. Кинолорду тандабай көрө берүү балдардын кабыл алуу сезимдерин мокотуп, бара-бара экрандагы каармандар менен кошо жашап, алардын эмоциялык абалдарына кошо кирип жашоонун ордуна, жөн гана көз алдында болуп жаткан окуялардын пассивдүү көрүүчүлөрүнө айланышат экен.

Фильм алардын жеке жашоосуна кийлигишпей, алардын алдына чече турган эч суроо койбой калат дейт. Ошондуктан Макаренко бир айда экиден ашык кино көрүүгө уруксат бербеш керек дептир. Анда да 14-15 жашар балдарды киного жалгыз жибербей, ага-эжелери кошуп жиберүүнү сунуштайт. Эмне үчүн? Анткени көргөн киносун талкуулаганга мүмкүнчүлүк болуш үчүн. Ооба, китеп-журналдарды эле эмес кинону да сөзсүз талкуулаш керек экен.

Бирок, таптакыр эле киного тыюу салууга болбойт. Тескерисинче, жакшылап тандап алынган кино тарбиялоонун мыкты каражаты болуп эсептелинет. Өзгөчө илимий-популярдуу фильмдер пайдалуу.

Азыркы учурда кино тарбиялачуу эмес, көңүл ачуучу каражат катары кызмат өтөп калганы байкалат. Бирок, биз тарбиялоо үзгүлтүксүз процесс экенин билебиз, ал биз каалайбызбы, каалабайбызбы, көрөбүзбү, көрбөйбүзбү – жүрө берет. Ошондуктан балдарыбыз эмнени көрүп жатканына көңүл бөлбөй нокто жүгөнүн шыпырып, көзөмөлсүз ээн калтырып коюу таптакыр туура эмес.

Театр

Театр менен иш киного караганда бир топ татаал дейт Макаренко. Бардык айыл-кыштактарда театр деген нерсе жок. Ошентсе да бул көйгөйдү аз да болсо мектеп театрларын уюштуруу аркалуу чечсе болот деп эсептептир улуу педагог. Театр бул – окуя. Ал балдарды искусствого эле тааныштырбастан, аларды этикетке да үйрөтөт. Албетте, пьеса балдардын жашына жараша тандалышы керек. Жаш жеткинчектерди куурчак театрларына, ал эми өспүрүм балдарга Жаштар театрларынын спектаклдерине алып барган максатка ылайык. Бул жерде да сөзсүз оюндан кийин талкуу болуш керек дейт ал.

Биздин шартыбызда театр деле тарбиялачуу функциясын аткара алышы арсар. Балким Макаренко сунуштагандай мектеп театрларын уюштурса туура болмоктур. Бирок, жарыбаган маяна алган мугалимдердин арасынан кошумча күчтү, билимди, убакытты талап кылган акысыз эмгекке макул болгон фанаттар табылар бекен? Ай, ким билет?

Ал эми борбор шаарыбыздагы театрлар искусствого аралаштырса аралаштырар, бирок, этикет жагынан үлгү болот деп ким айта алат? Театр кийим илген жерден башталат дечү элек? Азыр чечинип олтурган чанда болсо керек, базарда соода кылып жүргөн кийими менен адашып келип калышкансып, сырт кийимин, баш кийимин чечпей карала-торала болуп олтурган ата-энелерин көргөн балдар эмне тарбия алышмак эле. Сыягы, улуу муун өткөөл мезгил деп жатып, азыркы ата-энелерди жакшы тарбиялай албай калган окшобойбузбу.

Музейлер жана көргөзмөлөр

Музей балдардын көңүлүн бир жерге топтоп, интеллектисин өстүрүп, терең сезимдерди жаратат. Музейде коюлган экспозициялар олуттуу мамилени талап кылат. Аны карап үйрөнүү үчүн бир күн аздык кылат. Балдарды дайыма музейлерге, көргөзмөлөргө алып баруу керек деген экен Макаренко.

Биздин заманда музейлерге барган ата-эне чанда болсо керек. Ал тургай музей деген нерсе бар экенин жакын арада эле МКК да болуп өткөн ызы-чуудан кийин эстедик окшойт. Бул маселе боюнча ата-энелер ойлонуп да коюшпайт, ошондуктан мектептер аркылуу илгеркидей маданий жүрүштөрдү уюштуруп турса туура болчудай.

Эгерде ата-энелер мектеп менен бирдикте жогорку саналган каражаттарды туура пайдаланышса, алар балдарын тарбиялоодо жана жакшы билим берүүдө жакшы жыйынтыктарга жетише алышмак. Бирок, даяр формуларга эле таянбай өзүңөр да чыгармачылык мамиле жасап, бир нерселерди кошконду унутпагыла: жаратылышка чогуу чыккыла, туулган жердин кооз, тарыхий окуялар жерлерин көргөзкүлө, завод-фабрикаларга ээрчитип баргыла. Спортко, физькултурага аралаштыргыла.

Айылыңарды, көчөңөрдү көрктөндүрүп, бак-дарак отургузкула, китеп окууларды, кичинекей спектаклдерди уюштургула. Өзүңөрдүн жүрүш-турушуңар менен аларга үлгү болгула. Ишке, убакытка так болгонду үйрөткүлө. Деги, кайда барсаңар да кечиккениңерди койгулачы, бай болгурлар! Ар бир кечиккен мүнөтүңөр, бекер кеткен өмүрүңөр экенин балдарыңар түшүнгөндөй болсун.

Эң негизгиси, балдарды тарбиялайбыз деп жатып, аларга пайдалуу деп эле ар кандай нерселерди күчкө салып ары-бери сүйрөй бербегиле. Балдар бардык нерселерге кызыгуу менен карап, кинобу, театрбы же башка жакка барабы, андан ырахат алыш керек. Зордук менен жасалган нерсе эч качан тарбия берүүчү эффект эместигин эсиңерден чыгарбагыла. Бул менин айканым эмес, Макаренконун айтканы.

Даярдаган Абийрбек АБЫКАЕВ

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.