Тайгадан багыш менен кабарга жолугуп калышат. Багыш айтат:

– Сен эмне мындай кичинекейсиң, шалпаң кулак? Алдагы түрүң менен биздин бугулар тукумун бузуп!

Сапсагай түгү үлпүлдөк кабарга, өйдөгө карап айтып турганы:

– Сен колтоюп турганың менен, агер түгүбүздү санаша келсек, сенин жүнүң меникинен аз…

Тайга боюнча өзүндөй чоң жаныбар жок экенине бекем ишенген багыш менменсинет. Ордунан копшолот, чоюлат, керилет. Башын бийик көтөрөт. Мүйүзү те асманды сүзчүдөн бетер калдаят.

– Э-э, эмне дегиң бар, балакай, – дейт басынта сүйлөп. – Жүнүбүздү теңешип көрсөк да болот.

Кимиси түктүү экенин эсептеп башташат. Бир күн санашат, экинчи күнү санашат, санак көпкө уланат. Аныгында, кабарганын түк-жүнү багыштыкынан ашыкча экен.

Багыш арданат буга. Арданганынан кол көтөрүп, кабарганы сокмой болот. Бирок тиги буйтаганга үлгүрөт. Ошентсе да зоңкойгон багыштын колу чычаңына тийген экен, ошол бойдон туяктын изи калып калыптыр.

Намысын кордотпогон кабарга ошону менен багышты жаман көз менен караган бойдон кеткен дешет.

Которгон О`Шакир

[1] Сибирде бугу тукумундагы мүйүзсүз жаныбар.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.