Таланттуу жазуучу Аскаралы Ражабалиевди мен кыска-нуска таризде «Аскар ава» деп коём.

Аскар ава… Ушинтип айтсам, чын жүрөктөн чыгат. Жайдары угулат.

Аскар аванын чыгармачылыгын чейрек кылымдан бери жакшы билем. Анын «Сагыныч кушу» аттуу аңгемелер жыйнагын жана башка көркөм дөөлөттөрүн бир дем менен окуган жайым бар. Суу ичкендей жеңил эргип, сергигеним эсимде…

Ал эми «Бейиш төр» деген салмактуу чыгармасын окумуштуу Абдыкерим Муратов тамыры терең иликтөөнү жазгандыгы сиздерге белгилүү. Абдыкерим агай кара сөзчү Аскаралы Ражабалиевдин көлөмдүү адабий эмгегин ар тараптуу ачып берди.

Абдыкерим Муратовдой сонун талдоо жүргүзө албасам да, өз алдымча чакан адабий иликтөө жасап көрөйүн.

Жакында жазуучу Аскар агабыз «Мусаапыр» деп аталган повесть-поэмасын жазып бүтүрдү.

Мусаапыр (мусофир) — араб тилине таандык сөз. «Башка жерден келген, же бөлөк-бөтөн жерде жашаган адам» деген маанини билдирет. Чыгарманын жанрдык тибин жазуучу «повесть-поэма» деп атаган. Бул – чоң табылга. Алтын менен күмүштүн ширелмеси сыяктуу кубулуш.

Мындай көрүнүш буга чейин кыргыз кара сөзүнүн зергери Мурза Гапаровдун чыгармачылыгында деле кездешкендигин билебиз. М.Гапаровдун «Экөө ээн бакта» деген чыгармасы аңгеме менен жомоктун камыр-жумур жуурулуусунан жаралган эмес беле?!

Ии, баса, Аскар аванын жазуучу катары калыптануусунда, көркөм сөз өнөрүндө өзүнө гана тиешелүү стилди табуусунда Мурза Гапаровдун ролу өтө чоң. Бул пикирибиздин ачык-айкын далили мынакей: А.Ражабалиев «Көпөлөк өрөөн» аттуу повестин өз устаты М.Гапаровго арнаган. («Бийиктик», Бишкек, 2012-жыл).

«Мусаапыр» повесть-поэмасынын башкы каарманы – Иохан Кунц ысымдуу немис акыны. Ал Волга дарыясынын жээгинде төрөлгөн. Улуу ата мекендик согуш учурунда кыргыз жергесине келет. Жергиликтүү калк анын улуту немис болгондугу үчүн, каргашалуу казат жылдарында эмнегедир түшүнбөстүк менен кабыл алат.

Эмне деген сокур сезимдер! Айрымдар аны «фашист» дегенге чейин барышат. Бирок, ал мыкаачы эмес эле. Биз анын образынан арамзалыкты, жексурлукту көрбөйбүз.

Иохан ыр жазат. Анын ырлары (албетте, Аскар ава тарабынан ыроолонгон ырлар) кара сөз түрүндөгү текст менен ушунчалык укмуш ширелип, ички бүтүндүктү түзгөндүгүнө күбө болобуз. Чыгармадагы өзөк окуялар согуш темасында болгондуктан, Иохан Кунцтун төмөнкү ыр саптарын окуп көрөлү:

О Гитлер, канкор, анткор,
сени да Кайры энедей
бир эне төрөдү беле?
Бактыңды, өмүрүң тилеп,
бешикке бөлөдү беле?
Элиңе кызмат кыл деп,
кудайдан тиледи беле ?

Башкы каарман согушка чейин Волга суусунун боюнда жашаган. Күлгүн курагында классташы Лена аттуу кызга ашык болгон эле. Ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңип, сүйгөнүнө жеткен жок. Кийинчерээк Акнур айымды көргөндө, жүрөгүндөгү махабаттын жалыны кайра дүрт эткендей болот.

Чыгармадагы Жантемир раис (төрага) — терс каарман. Оо, мына ушул мансабына манчыркаган, маңкуртка айланган адамды чыныгы душман, ооруктагы фашист десек болчудай. Кычыраган кышта кыз-келиндерди тизеден өйдө муздак суу кечтирүү — капкара кан күйгөн, көңүлгө көк таштай тийген согуштагыдан кыйла оор азап-тозок! Мындан өткөн мыкаачылык болбойт!

Сюжеттин өнүгүшүн психологиялык чыңалуулар жана лирикалык чегинүүлөр коштоп олтурат. Биз Иохан Кунц, Кайры эне, Сарыбай бригадир, Акнур келин сыяктуу персонаждарды бир тууганыбыздай жакын тутунабыз. Алардын жеңилин жерден, оорун колдон алгыбыз келет. Ал эми Жантемир Карабаев, табелчи аял Ташмама, көр Шапак өңдүү каармандардан алыс жүрүүнү каалайбыз.

Улуу драматург Уильям Шекспирдин «Гамлет» трагедиясында көтөрүлгөн «Жашообуз же Өлүмбү?» деген түбөлүктүү суроого орундуу жооп табылды. Элдин жашоосунун шыр уланышы үчүн Жеңиш күнү жетип келди. Арадан элүү жыл өттү. Иохан, мындайча айтканда, Рахим (Кайры кемпирдин тили келбей, бир кезде ушул ысымды койгон эле — Т.А.) деле арыды, карыды. Каны-жаны ичкилик кыргыздарынын ажайып ааламына ажырагыс болуп кошулду. Карапайым калк анын чоң уулу Генрихти «Генже» деген атка кондурду.

Маңдайга жазылган тагдырдан эч ким качып кутулбайт. Ошентип, акын Иохан Кунц менен Жантемир башкарма бир күндө дүйнөдөн кайтышат. Кыргыз жеринде көз жумган немис акынынын жаназасына калың эл кара таандай каптап кирет. Ал эми Жантемир раистин таажиясына манжа менен саналган адамдар келишет. А бирок пейили жайлоодой жайкалган эл, жергиликтүү тургундар экөөсүн бирдей зыйнаттап көмүшөт.

Тескери, тетири, кыңыр ишти жасаган жан алгыч раисти айыл тургундары унчукпастан, үнсүз-сөзсүз жазалашат. Сөз сүйлөбөй, көңүл бурбастык менен жазалоодон, кыл көпүрөлүү кыяматтан Кудай сактасын! Көзү өткөн айылдык атка минердин жан сыздаткан ошол орду толгус жалгыздыгына ары окурман, ары карапайым пенде катары боорум ооруду. Тирүү кезинде катуу сын-пикир укканда, же кечирим сураганда, кылган кыйкымчыл күнөөсү кечирилет беле?!

Чыгарманын тили аптапта бышкан коондун тилигиндей ширин. Ширеси мол! Жазуучунун кара сөз менен ыр жазгандыгына өз көзүбүз менен күбө болдук. Айтор, Аскаралы Ражабалиевдин дээрлик бардык чыгармалары баштан-аяк лирикалуу. Анын прозасында Михаил Пришвин, Константин Паустовский сыяктуу жазуучулардын усулуна окшогон ырга жуурулган кара сөз кашкайып көрүнөт. Жупуну, жасалмасы жок кеп-сөзгө кенен орун берилет.

Аскаралы Ражабалиев: Мусаапыр

«Мусаапыр» повесть-поэмасына назик драмалуулук, ийкемдүү психологиялык чыңалуу, ары хронологиялык, ары концентрдик сюжет мүнөздүү. Маселен, мезгилдин, мейкиндиктин сызыгынан сыртка чыгып, а түгүл улуу акын Александр Блоктун «Түн» деген ырынын төрт сабына жолугабыз.

Мына ошентип, жазуучу Аскаралы Ражабалиев кыргыз адабиятына повесть-поэма тибиндеги жаңылыкты тартуулап олтурат.

Тайир Аширбай, акын, “РухЭш” сайтынын «Казына» тобунун мүчөсү.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.