Эски накыл

Тилөө

Таң куланөөк, боору түктүү кара жер күдүрөйүп, те алыстан улуу тоо кыркалары ак чаңгыл тартып көрүнө баштаган убак.

Жандуу атпай кыбырап, мугамыр киши баласы эрте туруп, малын көздөп, жаш эне чукуранган наристесине эмчек салып, кадуудан алты айры бугу үйүрүн баштап маңкайып, калың токой аралап, суу бойлоп жашаңга чыккан.

Бир даары боз, бир даары көк, бир даары эскилиги жеткен кара – чачырап конгон көп алачук. Эңкейген кары, эмгектеген бала, эмчектүү эне – баары өз алачугунун эшигине чыгышкан, баары жабыла чөк түшүп, бири да үн катпай, бири да былк этпей, күн чыгар жакка телмирип, бир убакта мала кызыл тартып, көлкүлдөп күн көрүнгөндө баары дуулдап, көккө эки колун тең жайып, кай бирөө ыйламсырап, каңырыгы түтөп, баары ак пейилден сыйынып, ырыс, ырайым тилешет:

— О, жарык нур, Көкө Теңирдин жүзү! Мейримиң менен жылытып жоктон бар кылган, каарың менен муздатып, бардан жок кылган, кудурети күчтүү улуу Күн!.. Ырыс бер, ырайым бер кош канаты барыңа, ырыс бер, ырайым бер жер боортоктоп жатканыңа! Ырыс бер, ырайым бер күчү ашынганыңа, ырыс бер, ырайым бер эңкейген кары, эмгектеген жашыңа!..

Эл эки колун тең сунуп, жерге чеке тийгизип, күн алдына, сайылган нур алдына таазим кылышат. Эч ким баш көтөрбөйт. Сакалы белине түшкөн карынын муңдуу үнү ар бир киши баласынын ошол учурдагы көңүлүндөгү болгон санаасын жарыя айтып, оводо калкып жүрөт:

— О, жарык нур! Өзүңдөн башка арга жок, өзүңдөн башка калка жок. Ырыс бер, ырайым бер… Ырыс бер, ырайым бер…

Тилөө бүткөн соң үйдөгү үй тирилигине, тыштагы тыш тирилигине кирет, жолдогу жолун улантат.

Тоюнуп, токой четинде күн табына бой салып турган алты айры бугу жакындаган шабырттан чоочуп, үйрүн баштап буйгага ыктайт. Өңүп келген көк карышкыр атырылып чап салат. Бейпил токой ичи шатырап, аска жаңырыктайт.

Каган

Бийикке тигилген чоң өргөө, капшытына узун шырыкка чачырап чыккан күндүн сөөлөтү бар, этеги ача куйруктуу көк туу илинген, туу желге калкылдап турат.

Кара каган тажаал бүркүт баштанган таажы кийген, үстүндө ындыдан келген карала кымкап, бутунда тумшугу түйрүлгөн көк ныл өтүк. Белине кара чаар жылан кылып токулган алтын кур курчанган. Жайкалган сары сакалдуу, кабагы бийик, канжаа тартып, башы менен катырылган жолборс талпактын кежигесине мине мандаш токунуп олтурган.

Оң жагында чылгый кызыл кийген өңкөй жоогер берен, сол жагында чылгый көк кийинген өңдөй кийиз китепчи билги.

Кара каган:

— И, не кабар бар дүйнөдө?

Кул берен:

— Калың кыдан өз ичинен бузулду дейт. Ушакка ишенип, каганы өзүнүн мыкты берендерин өзү тындым кылды дейт. Жаат куралып, кеткет болуп, тополоңу тоз болуп жатат дейт…

Кара каган:

— И, түзүк! Сага касыңдын гана эмес, досуңдун да эңкейлеп турганы пайда. Мындан жакшы кабар болмокпу?!

Каган өзү бул кабарды «жакшы» деген соң, калган берендер, билгилер жабыла кубаттап, коштоо айтышат.

Даркан билги:

— Эрен каганы күч алды дейт. Отурарына батпай, урунаарга тоо издеп, урушаарга жоо издеп, коңшуларын кордук кылып тепседи дейт…

Кара каган эч кимди тиктебей ойлонуп калат. Баары дымып, эч ким анын оюн буза албайт. Кара каган бир убакта күрсүнөт:

— Э, жаман кабар экен! Досуң көкүрөгүн көтөргөнчө дос, көкүрөгүн көтөрүп алган соң тең ата, сенден өрүш талашат, төр талашат. Же туура эмеспи?..

Нөкөрлөр дагы дуулдап коштойт:

— Кыйкымсыз сөз! О, билги каган, оюңда өөн жок!

Улагадан кабарлайт:

— О, улуу каган! Элчиң келди алыстан…

Кара каган эшик жакты тиктеп, бир аз ойлуу тартып башын ийкеп, келген элчини киргизүүгө ишарат кылат. Эшик ага кетенчиктеп чыгып, ошол замат эшиктен чыканактап сойлоп элчи кирет. Кара каган отурган сөөлөтүнөн былк этпей, отургандардын бири да чук этпей, элчи кагандын буту алдына жеткенче тынч карап турушат. Элчи кагандын тумшугу түйрүлгөн көк ныл өтүгүнө тооп кылат да, дагы эле өйдө карабай, сыңар тизелеп, аптыгып салам айтат.

— О, малы-башың эсенби, журт туткасы?

Кара каган:

— Жериң эсен – мен эсен, элиң эсен — сен эсен! Кел, кел, эл кыдырган элчим, жер сыдырган тыңчым. Аргымак атың арыбай, атан бели талыбай кайрылып эсен келдиңби?

Элчи кагандын этегине тооп кылат. Жаңылык уккусу келген каган шашат.

— Кулагым сенде, эл кыдырган элчим, жер сыдырган тыңчым!

Элчи:

— Даңкы жер жарган Рум! Там үстүнө там салат экен, отурарыңда миң жыл мурда салган тамы күнү бүгүнкүдөй сыры кетпей, сыны кетпей турат экен. Түбүнө барсаң тебетейиң түшөт, үстүнө чыксаң жүрөгүң түшөт…

Кара каган:

— О, чын элеби, шумдук ко?! Ошол миң жыл турган бийик тамды салган ээлери да тирүү бекен?

Элчи:

— Э, жогуңуз, улуу каган, салган кишилер капкачан көз жумган, ким экени да эчак унутулган!

Кара каган ой басып, колундагы адамдын баш сөөгүнөн эрнөөсүн алтындап жасаган чөйчөктү тегеретип карап маани улайт:

— Өлбөстү Теңир жаратпаган, бүлбөстү чебер жарата алмакпы?! Жан кыйнамыш журт окшойт, бул дүйнөгө түбөлүк кала тургансып… бийик, бекем там салып… не тапмакчы?! Теги келип, бир гана түнөп, бир гана түштөнүп өтөр жай гана эмеспи чиркин бул дүйнө?!

Элчи:

— Рум эли эр сымак! Бир карыча кылыч алат, така какпай, үзөңгүсүз ат минет…

Кара каган:

— Мунусу түзүк! Эрдиги – көздөгөнү барлыгы. Кылычы кыска болсо – колу кыска экен, аты такасыз болсо – жолу кыска экен, а үзөңгүсү болбосо — ат үстүндө каруусуз экен!

Элчи:

— О, жарым эс көзү менен көрүп билбегенди эси толо эси менен баамдайт! Так ошондой…

Кара каган ойго батып, бет алдын тиктеген бойдон, эки көзү бир шумдуктуу жалтырап, ичи уйгу-туйгу, былк этпей тунжурайт. Эч ким анын оюн бузууга батынбай, кадырлуу билгилери да, берендери да адеп сакташып, дем тартышпай анын оозунан сөз күтүшөт.

Кара каган баарын бир сыдыра тиктеп өтөт:

— Кул береним, кол башчым, сен ук, жети кабат заманды аңтарган билгим, сен тыңда. Жана да мында отурган көңүлү ынак, көзү түз улуу-кичүү жакшыларым, уландарым, баарың баамда…

Баары тегиз ынтаа коюп, жабыла үн беришет:

— Кулак сенде, дит сенде, о Күн нурунан бүткөн, Теңир уулу, улуу каган!

Кара каган:

— Сактыкка кордук жок дейбиз. Коңшуңдун үйүнөн өрт чыкса, сен этегиңди жыйна. Калың кыдан бузулуптур өз ичинен, бизге сак болуу деркер, шарпасы урбасын, таалими жукпасын!

Даркан билги:

— О, айкөл! Көкө Теңир жалгап, өзүң аман турганда ынтымагыңдан ким качмакчы?! Тушамышың кең, чылбырың узун – ким ыраазы эмес?! Тентекке колуң катуу, укуругуң бекем – ким кер басмакчы?! Кадырың жам болсун…

Кара каган колундагы кишинин баш сөөгүнөн жасалган чөйчөктү ортого чимирип таштайт:

— Жатындашың камчысын экөө кылса, не бар не жок, сен төртөө кылууга камын! Эрен, кушан күч алса, биз отурабызбы кол куушуруп? Ал урунарга тоо таппай, урушарга жоо таппай отурарынан аттанып чыкса, бабасынын мына бу куу башын издеп, биз жакка келип жүрбөсүн?

Кул берен:

— Чөйчөгүң жаңырат!..

Даркан билги:

— Кан төгүшүү жаман жорук. О, Көкө Теңир, андайдын жүзүн нары кылсын!

Кийиз китепчи окумалдар өз таалимчисин күңгүрөнө: «Жүзүн нары кылсын!», «Көкө Теңир сактасын!» — деп жабыла кубатташат.

Кара каган:

— Оң канатым он сан болсун! Сол канатым он сан болсун! Жоо-жарагы шайлансын, үзөңгүсү бектелсин, күлазыгы молдонсун…

Кул берен таазим кылат:

— Сенин эркиң Теңирдин эрки!

Өңкөй берен дуулдап: «Теңирдин эрки сенин эркиң, о журт эгеси!» — деп коштошот.

Билги

Даркан билги менен Кара каган чөк түшүп, колдорун бооруна алып, бет алдын былк этпей тиктеп, сүкүт тартып кадыр түн тосуп отурушат. Ортодо жаткан муштумдай каухар таш акчыл нур чачып, экөөбүнүн ойлуу, санааркаган жүзүн жарык кылып турат.

Даркан билги:

— О, кереметтүү кадыр түн… Сен келгенде чуңкур менен тоо биригип, тегиз болот. Ойлогон ойго, кылган ишке айдай жарык, көлдөй терең маани кошот. Киши баласынын ниети тазарып, бирине бири ыракым, ыкылас кылат. Көр тирилик азабы унут болуп, тар дүйнө кеңип, ыйык да, улук да кыялга термелтип, уйку-соонун арасында магдыратат…

Кара каган:

— Сени уктабай тоскондун кармаганы алтын болот… көңүлүнө ыракым, лабзине топук келет… О, садагасы кетейин, кылайган шоола, ыйык түн…

Экөбү тең башын акырын ийкегилей, көзүн сүзүп, жай теңселип, сүкүт тартат. Мемиреген тынч түн койнунан, «гү-гү-ү!..» деп, үч кайталап, кызыл көз үкүнүн зикири угулат. Те алыстан адырда үйүр талашкан айгыр аңылдашып жаткандай. Кайра тымтырс. Же жаркын эмес, же кара эмес, толукшуп буурул тарткан, жылуу бейпил түн.

Кара каган:

— Э, көңтөрүлүп калгыр ай! Бул түбүң түшкөн дүйнө ушул кадыр түндөй тегиз, бейпил болбой калганын карачы?! Дайыма бири кем, дайыма алакчы… Бирине жетип, бирине жетпей, биринен өтүп, биринен өтпөй, улам алды кыргоолдой кызарып, ошо кызаргандан көз өтүп күйүгүп, чарчап акактап, жетип жыгылып, жетпей өксүп калып отурмай…

Даркан билги:

— Бул дүйнөнүн кызыгы ошол эмеспи?!

Кара каган жакасын карманып тооба кылат.

Көпкө термелип, унчукпай сүкүт тартып отурушуп, бир убакта Кара каган улутуна маани саамыктайт:

— Э, дүйнөнүн түшүн жооруган билгим… быягы Түп Бейжин, тыягы Мисир, Рум кыдырып, киши баласы эс тартканы жазылган эски кийиз китеп окудуң… жакшы менен жамандын чегин болжоп, ак менен каранын ажырымын ылгап, билгилердин билгисинен таалим көрдүң… Жооп берчи мунума – көп жашадык, көптү көрдүк, не таптык? Ой толгоп, баш жарылгыдай ой түбүнө жетпедик. Көрүп, көз жарылгыдай көрк чегине жетпедик. Бул эмнеден, дүйнөнүн жети кабатын аңтарган билгим?

Даркан билги көзүн сүзө теңселип, ойго батып отуруп, акырын сүйлөп жооп берет:

— Ойдун түбү, көрктүн чеги барбы, улуу каган?! Ой толгоп ой ыракатын, көрүп көрк үзүрүн сезүү киши баласынын жаратканы берген энчиси…

Экөбү тең унчукпай калышат. Түн койнунан уйкусураган кызыл көз үкүнүн «гү-гү-ү» деген чарчаңкы үнү жетет. Жакын эле жопарадан баласынан адашкан маралдын бакырганы угулуп, кайра тым болот.

Кара каган:

— Жөн эле, киши баласынын көңүлүнүн суктугу, топук кылбаган ачкөздүгү гана болуп жүрбөсүн?..

Даркан билги:

— Киши баласынын ниетинде эки башталыш касиет бар. Бири эси, бири жырткыч маглук мүнөзү. О, садагасы кетейин, Көкө Теңир башка маглук катарына киши баласын да өз кудурети менен өз нурунан, өз көз жашынан, өз деминен жууруп жараткан го! Киши баласы жер бетине кызыл эт бойдон пайда болуп, ошондо: «Э, Көкө Теңир, жаратканым! Учайын десем канатым болбосо, кармайын десем тырмагым болбосо, тиштейин десем азуум болбосо, сүзөйүн десем мүйүзүм болбосо, же корунарга коңулум, жылынарга түгүм болбосо не деп жараттың? Бу ою, чуңкуру, дөңү көп жериңин бетине корго келтирдиңби, о кудурети күчтүү Көкө Теңир?!.» — деп наалыш айткан го. Көкө Теңир жооп кылган: «Э, азизим, өз башыңды сыйпалап көр, жумуру жараттым, ичине бир татык эс артык салдым. Ошол бир татык эс ой толгоого дил берет, ой жорууга тил берет, качсаң кутултат, куусаң жеткирет, куш кылып көккө чыгарат, балык кылып сууга түшүрөт. Сени, азизим ыйык кылып, улук кылып, сени бул байманалуу дүйнөгө эге кылып жараттым!» деген го.

Кара каган:

— Аттиң ай, ошен этип киши баласы жерге түшкөндө, же жылкынын сүтүн эмсечи — сыпаа болот эле, же койдун сүтүн эмсечи – момун болот эле, же уйдун сүтүн эмсечи – боорукер болот эле, кырк эмчектүү көк карышкырдын сүтүн эмип – суктугу, ачкөздүгү ошондон калды… Кайсы башталыш касиетин түбөлүктүү десек ылайык?

Даркан билги:

— Эси киши баласына Теңири берген мээри. Киши баласы эси менен өсөт, эси менен жайылат. Эси улам алысын жакын кылат, улам оор жүгүн мойнунан алат, жан багуусу жеңилдеп, акыры кырк эмчектүү көк карышкырдын сүтүнүн кээри тазаланат, ошондо пейли кеңип, ниети агарат…

Кара каган:

— Ошентип эле оңой бүтсө кана, аттиң ай?! Бирак киши баласы башка-башка туулат. Башка-башка туулган соң мүдөө башка. Эси айла болуп, алысын жакын кылса, оор жүгүн мойнунан алса, куш болуп көккө учса, балык болуп сууга түшсө – жан багуусу оңой болуп калса — ошондо абалкы жан багуу муктаждыгы басып жаткан мүнөзүнө аны сайын жан кирип, жегендин үстүнө жесем деп, көргөндүн үстүнө көрсөм деп, дагы алкы бузулуп, талабы, каалоосу күчөп, өзү тойсо да көзү тойбой кетер дейм?! Ошондо жердин түгү, жердин курту түтпөс, суудан балык, көктөн куштан түгөнөр. Ошондо чалкыган кең аалам сөлү качып какырап, кариктин алаканындай бүрүшүп тарып, куну кетер, чиркин ай! Ойлоп бакчы, билгим, ушуну?

Даркан билги:

— Тунук эс карап турмакпы?! Жаман менен жакшынын, кара менен актын чеги, тирилигине эрежеси бар эмеспи?!

Дагы көпкө үн катышпай, экөбү тең ой толгоо тартып, өзүлөрүнчө үңкүйүп отуруп калышат. Таңдын атып келе жатканын сездирип, ортодо жаткан каухар таш улам нуру сөнүп, теребел жөн жарык боло баштайт. Кара каган өйдө карайт, чамгарактан жаркып келе жаткан көк көрүнөт.

Кара каган:

— Эй, ким билет?! Дүйнөнүн акырына кимдин көзү жетмекчи?! Мейли, эси башынан ашсын дейли, эси башынан ашса амалы, арам ою да көбөйбөй коймокпу?! Өзүм өлбөйүн деген өзүн сактоо зарылдыгы жок болуп кетмекпи?! Күчөбөйбү кайра, дагы көбүрөк куунап калгысы келбейби?! Жыргагысы келип турган киши баласы ар кандай эрежени акырын аттап, ар кандай тартиптен буйтап өтпөйбү?!

Даркан билги:

— Киши баласы эс берилген маглук дедик, ал жакшылыкка ийкемдүү, ынтымакка ыктоо, бирине бири үйүр, кумурска сыяк уюк куруп, өткөн күнүнүн таалимин кийиз китебине чийип, тириликтин узун жолун басып келет. Кечеги киши баласынан бүгүнкү киши баласы сыйдам, бүгүнкү киши баласынан эртеңки киши баласы сыпаа, эстүү. Түбөлүгү – эси…

Экөбү тең өз ойлору менен, өз кыялы менен жай термелип, мемиреген бейпил түнгө бой салып, теңирине тооба келтиришип, сүкүт тартып отуруп калышат.

Таң кылайып, өргөө ичи жарыгып, жарыкка каухар таштын нуру төнөт.

Жамы журтка кошулуп, каган менен билги да «Көкө Теңирдин жүзүн тосууга» тышка чыгышат.

Мура

Кыйырына көз жетпеген, ар жеринде майда дөңсөө, кеңирсиген кең талаа. Көк чалгын убак, сары каймактап кызгылт тартып, түркүн чечек ооматына келген. Те асман менен жер танабы бириккенсиген көк мунарыкка төнүп, бирине бири уланышкан бөксө адырмак ың-жыңсыз созулуп жатат.

Бир жакта көк ирим бай көл чалкыйт. Майда толкундары түрүлүп, бир караган көзгө желе тартып уча качкан аккуудай кылактайт. Түпкүрдөн дүңгүрөп, толкун учу алтын кумдуу жээкке жай келип, шарп-шарп уруп, кайра тымып, кайра оодарылып термелет.

Чарым булут токтогон боз асманда кайгып, кыйкылдап бир үйүр ак чардак учуп жүрөт. Ээндеп кылаалап, жумурткалоо камында жүргөн кош баш аккуу акырын, аста куркулдайт.

Бул бейпил магдыроону киши баласынын ачуу чаңырыгы тарс жарат. Ак чардак үйүрү көккө эргийт, көл кылаасында жумурткалап жүргөн кош баш аккуу чоочуп, тез канат ирмеп, көл бетинде жебе болуп созулат, жээктеги жылымыкка бой салып калкып жаткан кере кулач көк чаар балык шарп эткизе куйругу менен суу чаап, иримге сүңгүйт. Бөксө адырмактан имериле удургуп, уюлгуп сансыз жейрен, бөкөн үркүп чыгат. Жылан сымак атылган жебе оводо уламдан-улам ышкырат.

Кара жалдуу боз аргымакты ойноктотуп, саадактан жебени санабай сууруп, санабай тартып, өспүрүм киши баласы жейрен кууп чыгат.

Жебе огунан мертинип, эки тишти жаш жейрен кан жөткүрүп мөгдөп, эки көзү жалжылдап, өлүм алдына чарасыз, алсыз кош тизелеп жыгылат, кыйналыштуу акыркы жолу үн берип маарайт. Тууган энесин эстедиби, эмеле бирге жайылып жүргөн тукумдашын эстедиби, жардамга чакырдыбы? Жети бурам мүйүздүү энеси да, жытыгышкан тукумдары да, өз жаны көзүнө көрүнүп, киши баласынын ач чаңырыгы үшүн кетирип, кан жайкап жыгылган жаш жейрендин үстүнөн тумандай каптап, чууруп, так түйүлүп секирип өтүп кайрылбайт. Жаш жейрендин жан кыюу кыйноосун тартып онтогонуна, аянычтуу маараганына кайрымсыз киши баласы эрдемсип, кубанып, алдындагы демиккен аргымактын башын тартып, эңиле карайт.

Көк жылгындуу сайдын нары бетинен Кара каган, чымкый кара аргымак минген, жай бастырып чыгат. Те алыстан уюлгуган кум учуп, чаң көрүнөт. Көп буйдалбай кара жалдуу боз аргымагын элиртип, бир бөкөндү шыйрагынан үзөңгүгө басып, салпактаткан бойдон дагы бир өспүрүм киши баласы катуу келет.

Эки өспүрүмдүн өзүлөрү да, кийген кийими да, минген аты да эки тамчы суу сымак окшош, бойлору тең, карышкырдай жулунган, жалындай дуулдаган кайратман.

Кара каган:

— И, уу кандай, уландарым?

Эдил улан:

— Кыркты кырып, бирди алдым!

Эр улан:

— Текке кеткен жок тарткан жебем!

Кара каган бу биринен бири өтүп өрөпкүп, чакчарылып турган эгиз уулдарына ичи жылып, ичтен кубанат. Түбүндө чүлдүрөгөн муздак булагы бар, көлөкөлүү көк сөгөт талдын түбүнө байырлап түштөнүшөт.

Жан жигиттери аттарды нары аса байлашып, шапылдата бири жейрен союп, бири даулдата чоң от жагып, даам даярдап жатышат.

Эки улан биринен бири өтүп, уу кызыгын кеп салып, бирине бири мактанып, бирине бири кыр көрсөтүп отурушат. А атасы Кара каган ойлуу, эки уулун алдыртан тиктеп, уу кызыгын унуткан капкачан, башка нерсе дитинде турат. Ал оюн кантип баштарын билбегендей, эгер баштаса ой тегине, ой баркына балдар жете алабы дегендей көңүлүндө эки анжы күдүк. Те алысыраакта ак эчкиленип, жаркырап тийген күнгө күзгү сыяктуу чагылышып кетип, бай көл күү-күү толкуйт, кагандын ой толкунуна кошулуп, аны да күүлдөтө термегенсийт.

Кара каган ордунан туруп, көл жакка карай басат. Баамдуу уулдары каган атасынын оюнда бирдеме турганын сезишип, саал артта кошо ээрчишет. Кара каган көл кылаалайт. Тиги өйүзүнө көз жетпеген бай көл күр-шар толкуп жатат. Те алыстап, кошчу жигиттердин карааны көрүнбөй калган кезде айлананы аста карап, Кара каган токтойт. Эки улан каган атасынын оозун тиктешет. Кара каган:

— Ууга жараган жоого жарайт! Мына, эр жетип ууга жарап калдыңар, эми силерге журт бийлөө, жоого жароо кезеги келген мезгил. Тыңдагыла, уландарым, киши баласын тескеш, журт бийлеш эрежеси бу…

Эдил улан:

— Кулак сизде!

Эр улан:

— Кана, айтыңыз, каган ата!

Кара каган бу биринен бири өтүп өрөпкүгөн, өрттөй жалбырттаган эгиз уулуна ата эмеспи, ичтен кубанат, бирок ошону менен бирге булардын бийлөө даамын татканып калганын, аны атайын каган атанын өз оозунан угууга зарыгып жүрүшкөнүн да дароо сезет. Эми, каган эмеспи, бир жагынан ичи тарыйт, бу карышкырдай жулунган эки улан тең асылып, кагандык сыймыгын башынан жулуп кетише тургандай өңдөнүп, кооп санайт.

Кара каган:

— Каган болсоң – билгиң жакшы ой айтса «жакшы» деп баш ийкебе, жаман ой айтса «жаман» деп зекибе, жакшысын алып, жаманын таштап, өз оюң кылып, өз оозуң менен айт. Эч качан сураба, дайыма буйрук айта бил. Бирөөнү карап ачык күлбө, бирөөнү карап ачык ачууланба, сурданып жаачу күндөй бүркөө бол – шеги жок алдыңда бүгүлөт, шектүү, ичи кара, иши кара жанынан түңүлөт. Ушуну тутун, көргөндүн көзүнө, уккандын кулагына каган кадырың өсөт… Даңк чыгаргың келеби? Жакшылыктын баркы жок, жамандык кыл, киши баласынын башынан мунар кур, ошондо атыңды укканда ыйлаган бала сооронот, андан соң бирөөгө кокустан кылган кылдай жакшылыгың көргөндүн көзүнө, уккандын кулагына тоодой болот… Журт караткың келеби? Угуп алгыла, таштайсың таттуу уйкуну, таштайсың катындын жылуу төшөгүн, кийиз китеп кызыгын! Таттуу уйку, катындын жылуу төшөгү, кийиз китеп кызыгы бул максатка кедерги… Караган журтту энчиңе басып калгың келеби? Ал журттун эң оболу кийиз китебин отко сал, өтмүшүн ыр кылган, кийиз китеп окуган билгилерин жой, ошондо ал журт жыл өткөн сайын көзү жок көгөн, тили жок балык болот, асырап алган бала сыяктуу сени ата деп калат, ошондон соң минсең мал, жумшасаң кул… Эске туткула бекем. Бул жетимиш атабыздан калган мура, те урук башы каган бабабыздан калган сөз. Биз үчүн көлдөй ирим, талаадай кең, тоодой бийик – ыйык эреже!..

Эдил улан каган атасын кадалып тиктейт, эки көзү кыпкызыл:

— Каган ата, кимибизге айтылды бул сөз?

Эр улан:

— Таттуу уйку, катындын жылуу төшөгү, кийиз китеп кызыгы кимибизге калмакчы?

Эки уулун алма-телме тиктеп, токтолуп, каганды ой басат:

— Ырас, каган атагы бирөө…

Эдил улан:

— Мен болом каган!

Эр улан:

— А менчи?!

Кара каган, жообу жок, үңкүйүп нары басат. Көк ирим бай көл күршар толкуп жаткан, ак чардак көктө кыйкуу салып тынчсыз, каган ою уйгу-туйгу, ал кайрылып токтоп, эки уулун кадалып тиктейт, а эки уул кашайып, бири да бирине жол койгусу жок, «бирибизди гана танда» дегенин туйдуруп, көз тайгылтпай карашат.

Кара каган:

— Экөбүң тең туулгансың каганга ылайык! Көкжалсың экөбүң тең! Мен кара жанды карч уруп, бирөөгө кандуу кылыч таптап, бирөөнүн далысынан таптап, аргымак атты талыттым, Ата Журтун кеңиттим. Мына, оң канатым он сан кол, сол канатым он сан кол, бириң оң канатымы, бириң сол канатымы ал. Ташта таттуу уйкуну! Аттан, албарс кылыч өбөктөп, аргымак үстүндө куш уйку кыл, эл чап, журт тап. Ушун этсең – экөбүң тең сөзүңдү жыра тартарың, тизгиниңди талашарың жок, өзүн өзү билген, бириң анда, бириң мында тагдырды чүкөдөй өкчөп эл бийлеген улуу кагансың…

Эдил улан:

— Мен даярмын!

Эр улан:

— Мен кала берет бекемин?!

Кара каган бул ээн жерге көңүл ачыш үчүн, же аң кууп бирдемеден алаксыш үчүн келген эмес. Ал көптөн бери көңүлүн өйүгөн, эгиз уул улам эр жеткен сайын зарыл болуп бараткан «ата мура» сырын эки уулуна айтууга келген, айтып, эки уулдун кабагын, кабагы аркылуу дилин, эртеңкиге болгон умтулуусун, же жалакайлыгын, же түбүнө жетпей койбогон көктүгүн байкоого келген. Кара каган өзүнөн башкага ишенбейт. Көкө Теңир киши баласынын кейпинде жанында отурса каган ага да ишенмек эмес. Жети атасынан калган «ата мура» сыры ал үчүн баарыдан кымбат, баарыдан ыйык. «Керегеде кулак бар, кеп айтам десең ыраак бар!» деген макал дайым көңүлүндө болуп, Даркан билгиден да, Кул беренден да бөлүнүп, толкундуу бай көл жээгине «аң уулашты» шылтоо гана кылган. Эки улан анын «ата мура» сырынын маңызына карк болуп гана тим калышпай, экөбү уялаш бөлтүрүктөй тең умтулуп, тең жулунуп, биринен бири өтүп, кагандык талашып, эрегишип, эгешип турушканы каганга жагат.

Кара каган унчукпай көл боюнан кошко кайтат. Жан жигиттер жаш жейренди бүт этин шылып, майын кошо таза жуулган карынга салып, үстүнө батышынча суу куюп, чүйгүн болсун үчүн кийит от кошуп, тузун татытып, оозун ичеги менен бекем бууп, үч таяктын бириккен башына салаңдатып асып, түбүнө от жагып кайнатып, бышырып бүтүшкөн. Аңчылыктын бул өзгөчө тамагынан ооз тийүүгө күйбөй Кара каган кайра аттанат.

Чымкый кара аргымак аны теминдирбей алып учат. Эки улан «эмне» деп сурабай, биринен бири өтүп, каган атасынын артынан дүпүрөп жөнөшөт. Кан чокуган тажаал кара бүркүт кейиптенип, каган ат үстүндө эки мүрүсү үңкүйүп, оңбуй-солбуй аргымакка камчы уруп, үстөккө-босток теминип, аргымактан мурда алга обдулуп чабат. Эки улан эки жагында биринен бири калбай атаандашып, ага куйрук улаш кетишет.

Чаң жетпейт.

Күч

Кара каган ал күнү кол баштайт деген берен калтырбай, акыл айтып жол баштайт деген билги калтырбай түгөл жыйган. Сөзү, максаты, ортого салар кеңеши эч кимге белгисиз. Кара каган кабагын бүркөп, ичинде көп жылдан бери бугуп жаткан оюн, түбүндө көздөгөн максаты ошол учурда жүзөгө ашырууга мезгили келип калганына кымылдап, бирок өзү бирдеменин камына өтө күйүккөн өңдүү, өтө кайгылуу кебетеленип, кабагын атайын бүркөп отурат.

Эки жагында эр жеткен эки улан, чатырап күйгөн жалын сыяктуу кыпкызыл кийинишкен, көздөрү кашкөй ойноктоп, ошол тапта каган атасынын сөзүн жыра тартчу душманын да, тууганын да кийиздей тепсеп демин кесүүгө, такыр өйдө тургусуз кылып омурткасын омурууга даяр. Кече гана аларды баласынткан Кул берендей эр, Даркан билгидей окумал эми алардан сестенип, кут этишпей турушат. Кара каган мунун баарын байкап, эки уландын эр кайратына купуя ыраазы, тиги тең ата нөкөрлөрдүн айласыз көз сүзүп калышканын ичтен табалап, аны сайын көкүрөк көтөрүп, сөөлөт көрсөтүп, күндөгү түрүнөн өзгөчө айбаттуу. Баары каган оозун карашат.

Кара каган:

— Жол баштаган билгилерим, кол баштаган берендерим, баарың тыңда! Көптөн бери жүрөгүмө түпөйүл болуп түйүлгөн, бир зил кайгы бар шыпаасы табылбай жүргөн. Өзүм үчүн болсо бул кайгым, Көкө Теңирдин каабына тапшыргыла. Кимиң табасың, мени миң толгонткон зил кайгынын дабасын? Ортоңорго салайын…

Көпчүлүк:

— Сал ортого, улуу каган! Тапсак айталы, таппасак жазакер кыл, өзүң тап, билги барбы, берен барбы өзүңдөн өткөн эстүү, өзүңдөн өткөн кайраттуу?! Сенин эркиң – Теңирдин эрки! Биз кайыл…

Кара каган:

— Киши баласы көп маглуктун бири экенин ким билбейт?! Көкө Теңир киши баласына көктөн бир нокто, бир буурусун, бир айбалта, бир чөйчөк – ноктолоп мал үйрөтсүн, буурусун менен жер чийип эгин эксин, айбалта менен жырткычтан коргонсун, ушундан тапкан бир жанкеп ырыскысын топуракка оонатпай чөйчөккө салып оокат кылсын деген эмеспи. Ушул Көкө Теңир буйруган гана буюмду урунуп, киши баласы кең талаа, түнт токой, көк мелжиген тоо арасында бейпил, түбөлүктүү узун өмүр кечиргени оң. Э, не тапты даңктуу Бабил, кумурска сыяк уюк кылып, бийик, бекем там салып отурар куруп?! Каганы адисинен ашып, Көкө Теңир менен атаандашып, мунар куруп булутка чыгып, өзүн Теңирмин деп эсирген. Мунары көз ачып-жумганча урап түшкөн, отурарын кызыл жалын өрт каптап, эли тирилей дозокко кабылган! Башка күчтүү, тырмактуу маглук алдында киши баласы алсыз, чарасыз, ошон үчүн бирин бири кара тутат, бирине бири имерилет, чогулуп жүрөт, биринен бири сактанып, зарылынан таалим, эреже күтөт. О, Көкө Теңир, сактай көр, айласы болсо киши баласы баягы карышкырлык зилине кайра өтөт! Көп амалынын бири кийиз китеп. Кийиз китеп киши баласын балык кылып сууга түшүрөт дейт, куш кылып көккө чыгарат дейт. Мындай болсо киши баласы төрт аяктуу жырткыч маглук түгүл, өзүндөй киши баласы түгүл Теңирдин өзүнөн айбыкпай, улам көз жеткенине умтулуп, улам кол жеткенине бой уруп, алкы бузулуп, каары ашынып, ага кара жердин түгү, бити түтпөй өз башын өзү жутат, акыры бул жарыктык дүйнөнүн өзүн да топон сууга тепсетип, өрткө каптатып ойрон кылары шексиз. Көкө Теңир буйрубаганга умтулуу киши баласына күнөө, адисинен ашса акыры жаза. Ук баарың, кийиз китеп киши баласын Көкө Теңирдин ясагынан, чийининен чыгарып, түбүндө мына ушуга азгырарын!

Даркан билги:

— О, каган! Ишене албай турам угуп турган кулагыма, көрүп турган көзүмө, өзүңдөй көптү көргөн журт агасы кантип диттенип каршыгат киши баласына Теңири берген башка маглуктан жалгыз өйдөлүгү эсине?!. Кайт, эсиң барында кайт, билги каган, көңүлүңө уялаган аныгы карышкырлык оюңан!

Кара каган сөз тыңшабайт:

— Ук баарың! Ушул баштан кутулган оң бул азгырыктан!

Даркан билги:

— О, токто, этиет бол! Сен кагансың – жаман сөзүң тартылган жебе, шилтенген айбалта. Өз журтуң өзүңдөн бөөдө жабыр көрүп каларын ойлон. Өчүң болсо тирилей жерге мени көм, эс түбүнө айбалта чаппа, эс өз журтуңдун, өз тукумуңдун келе жагы…

Кут этишпей турган нөкөрлөр акырын күбүрөшүп, бир жааты «Көкө Теңирдин уланы» атыккан каган оюнан чыга алышпай, бир жааты билги сөзүн эп сезип, үн катуулап ортодон талаш чыга турган өңдөнөт. Кара каган каарланып ордунан турат. Баары дым болушат.

Кара каган буйрук кылат:

— Эч качан сөз менен талаш бүткөн эмес. Сөз чечпеген, ык чечпеген чие түйүн дайыма кылыч менен, күч менен кыя-кыя кесилип чечилген. Кийиз китеп өрттөлсүн! Карма, мына бу элден өзгөчө жалаң көк кийинген: «Көкө Теңирдин дилибиз, киши баласынын эсибиз» — деп жүргөн, өңкөй азыткыны ушул жерден жылдырба, бири калбай тирилей жерге көмүлсүн!

Каган буйругун эки кылуу же ойго экчеп көрүү түшүнө кирбеген берендер, бир жактан карышкырдай жулунган эки улан баштап, кийиз китепчилерди ошол замат кармашып, желкелеп, колдорун артына кайрып, кырка чөгөлөтөт.

Кул берен талаштын теги кайда экенин билбей таң болот. «Улуу каган адашабы акылынан?.. Не болуп жатат?.. Түш көрүп жатпайын өзүм?..» — деп дендароо, кымкууттан башы айланат.

Эми эле «ыйык ата», «көзү ачык» аталган кийиз китепчилер өлүмгө башы байланат. Каган эркин Теңирдин эрки деп билген жоогер берендер бирден басып тирилей жерге көмө башташат.

Даркан билги өчөшкөндөй, түпсүз ойго баткандай былк этпейт, ал кагандын ырайым бербесин да, көздөгөнүнөн кайтпасын да билет. Ошол учурда үстүнө тартылган топуракты улам көтөрүп тура калып, өксөп, Көкө Теңирди жардамга чакырган бир окумалдын үнү жер жарат. Эч ким солк этпейт. Шордуу окумал думугат, үстүнө көптөп топуракты калың тартып көмүп жиберишет, ыйынган үн жер алдынан акырын угулуп, онтогондой сыяктанып, кара жер түйшөлүп, молодон топурак кулап, эң акыры дым болот. Көкө Теңир үнүн укпайт, жардамга колун сунбайт, аны зордук өлүмдөн куткарып калбайт. «О, Көкө Теңир! Сен дагы күч жагында белемсиң?!» — деп калыстардын үрөйү учат.

Өлүм кезеги Даркан билгиге жеткенде Кара каган токтотот:

— Муну бизге көрсөткөн көп кызматын баалап, караламан кутанымдан өйдө кылып, өзүбүз «даркан» атандырганбыз, Дарканга тогуз айыбына өлүм жок?! Баба салты ушундай.

Кек

Күң токол өз өргөөсүндө, жатууга салынган төшөгүнүн башында жалаң көйнөкчөн, эки тизесине жаагын коюп, кара чачы далысына жайылган, өзү жалгыз отурат. Түн ичи, өргөөнү бармактай каухар таш үлбүрөп араң гана булаңгыр жарык кылат. Жаш жубандын сулуу жүзү муңайым, көңүлүндө өчпөс тагы, кетпес кайгысы бар өңдүү, эки көзүнөн жаш кылгырып, бирок чарасыз, катуу чеңгел тагдырына моюн сунуп ындыны өчкөн сыяктуу.

Те адырдан айгыр кишинейт, үйүрүн аңги талашып куушуп жүргөндөй, бир жактан бир жакка дүпүлдөп өтөт. Жылкынын алдын тосуп кыйкырган, сөгүнгөн угулат. Мемиреген жылуу, бейпил түн кайра жымжырт болот. Түн кыябы өтүп баратса да күң токол кыңкайып жамбаштабайт, көз илинтпейт.

Бир убакта жакын эле жерден сүтак сайрайт. Күң токол селт этип, сүтак үнү кайталанат, ордунан ыргып туруп, этеги желбиреп, эшикке умтулат. Тыш жак шырт деп, эшиктен жыла басып кең көкүрөк жоогер Кул берен кирет.

Күң токол ийилип, астанага чеке тийгизип, сый билгизип тосот:

— Кел, жаркын күнүм…

Кул берен кабагы салыңкы, ой баскан, күң токолдун бешенесинен акырын сүйөт:

— Баш кашырга чоло жок, элим. Каганың каарлуу! Тамга чийген кийиз китепчи атпай, Көкө Теңир ай, бири калбай тирилей кара жерге көмүлдү. Эсим жетпейт, не шумдук бу? Жерге көмүлгөн киши баласынын жер алдынан онтогону али да кулагыма угулат… И, корктуңбу, элим?

Күң токол:

— Эмнебиз калган эле корко турган?! Каган өз элинин каганы, тонунун жакасы, журтунун агасы. Мага эмне?! Мен үчүн ал каган эмес, мен үчүн ал буунунан күчү кеткен, этинен жылуусу качкан, жыты кеткен, шалдыраган бир кежир чал. Менин жаштык кумарым анын кагандыгынан жазылбайт. Мага өзүң керексиң, кең көкүрөк береним! Эмнеге санааркайсың? Каран күн ай, «кул» атың эр демиңди тебелеп, унуттуруп салган белем, акыры башта бир өлүм эмеспи?!

Кул берен баш көтөрбөй ойлонот:

— Кантейин, кулмун, каары уруп кагандын тууган элим түрө чабылган, туулган журтум тыйпыл болуп, кара жалын өрт алган?! А мен ырыс кыйды тай казан аскан кемегеге бекинип жан асырагам. Баары эсимде, бирок кылар айлам эмне?! Жалгыз сени ээрчип, жалгыз сени кара тутуп, жалгыз сени эл да, туулган жер да тутунуп, бу кара ажыдаар ордосунда «кул» атанып, ал атыма терикпей, ыргыткан ит шыбагасы менен күн көрүп жүрөм.

Кул берендин өлгөн кеги тирилет.

Күң токол:

— Ымыртта жолун жарык кылган эс каухары билгисин өзү тепсеп өчүрсө, анын эмнесине күйүнөбүз, бу кагандын өз башына түн түшкөнү, өз журтуна кеткет келгени! Э, катын чалынган туйгун, сайдырган берен экен. Кайсы күнү Кара каган олжо кылып ат соорусуна салганда, колумду кайрып төшөгүнө алганда, «күң токол» атка конуп, ошол күнү шагым сынган, ошол күнү жүрөгүм өлгөн. Сенин мага окшогон катынга теңелгениң уят иш. Ит болсоң ушул «кул берен» атыңа кутуруп, кагандын найзасын алып эр сайып, кошун баштап эл чаап жүрө бергениң өзүңө ылайык. Өлүмтүк жеп кара кузгун миң жыл жашайт, ала барчын кыраан бүркүт бир мерте кан чокуп бир күн өмүр сүргөнүн абзел көрөт экен го?! Тири кулдуктан өлү эркиндик артык экени билинген жокпу али сага, береним?! Тамга болуп маңдайыңа, таалайыңа басылган «кул» атыңдан тунук билгилик, өзүңдүн эр кайратың гана куткарат, береним, оңутту кетирбей ойлонуп бак…

Кул берен:

— Суусап турам өзүм да, кагандын кара канына. Кантейин ай, кылчактайм, каганды мен тындым кылсам, «жаш катыны» деп жаныңды кошо кыйып, сени кошо жер алдына жаткырарын билем. Не кылам?

Күң токол:

— Мени аяба, береним! Ырас, жаш токолдун тиги дүйнөдө да кызыгына батсын деп кыят менин жанымды, жарасын деп кол куушуруп кызматына төгөт сенин каныңды… Мейли, мен кайылмын, өзүбүз өлгөн менен, кагандын аягына коштоп көмгөн менен, эркин күн көксөгөн арбагыбыз тирүү калат!..

Көпкө унчугушпай калышат. Кул берен ойго эзилет. Күң токол көшөрүп жооп күтөт. Бир убакта Кул берен ордунан обдулуп турат:

— Мышык болуп калган элем, о зирегим, жолборс атымды эсиме салдың. Кулагы кесик кул болунган, тагдырына басынган аргасыз жан элем, эр кайратын көңүлүмө кайра киргиздиң. Мен эми кантип токтоно алам?!

Күң токол илешип кошо турат, бирде коркунуч басып, бирде өлүмгө баш байлап, тобокели көңүлүнө кайрат берип, бүткөн бою калтырайт:

— О, бизге кубат үмүтүбүз, береним! Эң оболу куу тырмактуу зымырык кагандын өзүн тындым кыл, аны менен да иш бүтпөйт, анын биринен бири өткөн, азезилдей жулунган эки тукумун ташка чак. Токтолбо, кагандыктын сага бапасы жок, билгиге ташта, кутулсак болду, кетебиз шамал менен жарышып, көк тиреген тоо таянып…

Кул берен артын карабай жулуна басып чыгып кетет. Күң токол отура калып, кош бөйрөгү бүлкүлдөп ушуга чейин аларга катуу багыт болуп келген тагдырына жалынып, үмүт да кылбай, үмүт да үзө албай эртеңки жарык, эркин күнгө тилек гана кылып, бетин басып үңкүйүп кала берет.

Кийиз китеп сакталган «билги салык» үңкүрү. Төрт бурчунда кара билик шам коюлган, кабат-кабат текче толтура кийиз китеп жыйылган, ным өтпөсүн деп ташына ак төөнүн жүнүнөн кийиз капталган, барагы музоонун терисинен найын өңдөлгөн.

Ой толгоосуна жооп издеген сыяктуу, Даркан билги улам бирин ачып, үңүлүп окуйт, кайра жабат, дагы өз оюнун көлүнө чөмүлөт.

Даркан билги:

— О, киши акылы, чеги жок, «кайда барам, кайда токтойм» дегиң жок… Кара каган жаман жорук баштады. Кантип токтолот? Башы бу болду, эми аягы эмне болот?..

Тили кесик кара кул кирет. Даркан билги көңүлү бөлүнүп, кайрылып карайт. Тили кесик кара кул «киши келди» дегендей жаңдайт, Даркан билги «киргиз» деп башын ийкейт. Тили кесик кара кул кайра чыгып кетет. Тыштан сүйлөнгөн үн угулат. Даркан билги нестейип, жанагы жоопсуз ойлорунан адашат. Эшиктен Кул берен кирет.

Кул берен:

— Эсенсиңби, ыйык ата?..

Даркан билги токтолуп, кара биликтин күүгүм жарыгынан Кул берендин түспөлүн тааныйт, таң калып тиктейт.

Даркан билги:

— Элиң эсен болбосо менин эсендигим не пайда, жериң эсен болбосо менин эсендигим не пайда, береним?! И, каганың каарына алып турганда, сенин кайрылып келип эсендик сураганыңа жол болсун?..

Кул берен:

— Жүрөк өйүгөн ой айдап, айла куруганда кылчактап не десең эркиң, түн жамынып келдим алдыңа, билги ата…

Даркан билги:

— Жүрөк өйүгөн ой? Ал эмне экен?..

Кул берен:

— Бирөө жүйөгө сыйбас жаман иш кылып жатса, көрүп көрмөксөн, билип билмексен болуп отуруу, ыя, билги ата, бул кандай, муну эмне десек болот?

Даркан билги:

— Жаныңда болуп жатса жамандык иш тымпыйып билмексен болуу, терс бурулуп көрмөксөн болуу — арамдык, күчтүүдөн күчсүздү арачалоо, карадан акты тазалоо – эстин иши, береним!..

Кул берен жалаң кылычын таянып, өзүнчө ой толгоо тартып, нары басат, бери басат. Даркан билги чоочулайт:

— Эмне болду мынчалык, даңктуу береним? Көкүрөгүң уйгу-туйгу, жүзүңө кан дүргүп, эсиң жар чапчыган толкун болуп, ыя, кайда урунарын, кайда токторун билбей миң бир эки аласалып, окторулуп турат?..

Кул берен:

— Эртең кара күн чыкса, өлгөнүм, кызыл күн чыкса толгонум!

Кул берен чыгып кетет.

Кара каган уктап жаткан. Улага жак шырп дей түшөт. Кагандын төшөгүнүн этегин баса жаткан жолборс комдонуп, уйкусурай оозун ачып эстенет.

Жер түйшөлгөнүн сезген кере кулач жылан атылчудай баш көтөрөт. Ошол замат эшиктен бирөө жылып кирет. Жолборс көзүн ачып, арылдап асылат да, кирген киши баласы оңду-солду кылыч шилтей, жылан ышкырып, түпкүчтөй түйүлүп, араң жарык өргөө ичинде кымкуут чимирилет. Кара каган ыргып турат. Баш жагына койгон каухар тоголонуп кетет. Жолборстун күркүрөп алышканы угулат. Караңгыда жалаң дамбалчан алдастап, Кара каган кош миздүү кылычын туш келди шилтейт.

Кара каган жаны эсен, абайлап эсине келет. Кайра качырып кол салган эч ким жок. Улага ченде өлөсө жарадар болгон жолборс кыркырайт, кимдир бирөө киши баласы сулап жаткансыйт, ызырына онтогонсуйт. Кара каган капшытта турган дабылды катуу согот. Ошол замат те обочодогу күзөтчү өргөө жактан чоочуган, карбаластап шашылган кобур үн чыгат. Бери чуркаган дүбүрт угулат.

Кагандын өргөөсүнө эки жоогери менен күзөтчү берен шашып кирет, колунда кара билик шам, иреңи учкан. Кара каган жулуна чаңырат:

— О, көзүң кашайгыр! Уктап калгансыңарбы баарың кара көзүңөр кашайып?!

Күзөтчү берен:

— Өлүп жатат эшикте күзөтчү эки берен… Не мүшкүл болуп кетти, о улуу каган?..

Кара каган жекирет:

— Уктап жаткан мен кайдан билем?! Ыя?!

Күзөтчү берен эңкейип, буралып онтоп жаткан киши баласынын бетине шамды жакындатат. Жарылып жолборс, чайналып Кул берен жатат. Күзөтчү берен эсинен тана түшкөндөй нестейип, көргөн көзүнө ишенбей, апкаарып токтоло калат.

Кара каган:

— Ким экен бул башсыз? Ким экен менин каныма суусаган?!

Күзөтчү берен чекесин жерге тийгизе таазим кылат:

— Көргөн көзүм ишенбейт, айтууга тилим күрмөлбөйт, о улуу каган!

Кара каган:

— Ким? Өз уулумдун бириби?..

Күзөтчү берен:

— Кул берениң окшойт ко?!

Кара каган келип карайт:

— Ошол өзү… Уругун кырып, кыздарын олжо кылганымда эрке токолумдун энчине басылып келген, кулагы кесик кулум эмес беле?! Эч качан кастыгы билинбеген, жан аябай кызматымда жүргөн, эшигимдеги итим сыяктуу мыңк этпес, күчү да, дили да мендик болуп калды го деген элем…

Кара каган жүзүн үйрүп, ындыны өчкөндөй тиги өлүп жаткан жолборстун башына үңүлүп, тизе бүгүп акырын отурат. Күзөтчү кара жанынан капкачан түңүлүп, же качып чыгып кете албай, же каардуу кагандын көңүлүнө аралжы түшүп колтугунан сүйөшкө жарабай, турган жеринде селдейет.

Кара каган жолборстун жалын сылап муңканат:

— О, ак жүрөк, ичкен ашына кара санабаган, куйтулукту билбеген макулугум! Каны бир тууганым сенче болбойт окшойт, жаны бирге деген досум сенче болбойт окшойт, төрүмдөгү уулум да, кешигимди берип, баласынып баккан кулум да, сенче купулума толбойт окшойт?! Көкө Теңир киши баласына берип миң кууланткан, ошонусу менен куураткан, «эс» деген балакеттен сага берген эмес, көзүңө жаман эмне көрүнсө, көңүлүңө эмне жакпаса ойлонуп отурбай, кууланып отурбай жара гана тартасың, жакшылык көргөн күпкөңдү ойлонуп отурбай, кууланып отурбай коргоп, кайгырбай өз жаныңды кыясың. Кош, жолугарбыз канжыгада, бул кымкуут дүйнөдө кутула албасам карызымдан, кутулармын тигил дүйнөдө, адилет Көкө Теңир алдында…

Эшиктен энтигип күң токол кирет, күзөтчү кагандын катынына таазим кылат.

Күң токол:

— Эмне чуу?..

Кара каган кайгылуу:

— Эмнесин сурайсың?! Өз көзүң менен көрүп ишен!

Күң токол каган эрин таң кала тиктеп, анан сулап жаткан Кул беренди көрүп: «А-а-а!..» — деп эсинен тана бир бакырып, үстүнө жыгылат. Кул берен жансыз. Күң токол солуктап кайра тура калып, жеңинен кичинекей шамшарды сууруп, каганды көздөй ыргытып уруп жиберет. Күзөтчү берен үлгүрүп, каганды төшү менен калкалайт. Шамшар күзөтчү беренге барып сайылат. Күзөтчү берен сөзгө келбей жыгылат. Турган жигиттер токол катындын эки колун кайрып басышат. Кара каган бир жагы үрөйү учуп, бир жагы болуп жаткан окуяга түшүнө албагандай таң болот.

Күң токол:

— Сен үчүн ууга чыладым эле шамшарымды! Аттиң! Бейкүнөөгө сайылды. Эмне карап турасың, канкор карышкыр, жара тарт мени беренимдин аяк жагына! Сени эми желкем көрсүн…

Кара каган жакшы көргөн токолунан мындай жорук күтпөгөн, эси эңгирейт, ага эңилип тиктей акырын сүйлөйт:

— Э, эсиң жайындабы?..

Уңшуп ыйлаган Күң токол басмырлаган итке атырылган мышык сыяктуу кагандын бетине асылат. Каган селт этип кетенчиктеп, кабагын түйүп, терс бурулуп кетет. «Э, өз уругунун суудай аккан канын унута алышпаган экен! Менин каган башым менен буларга көрсөткөн жакшы көңүлүм, берген мансабым жырык теңгеге арзыбаган экен го?! — деп эрдин кыбыратып, өкүнүч ойго кабылат.

Кара каган өчөшө катуу жаза буйрук кылат:

— Өргөөсүнө алпаргыла! Бетине көө жаап, чачын кыркып, өзүн өзү майып кылып оңой кутулуп кетпесин, эшигине катуу күзөт койгула. Мына бул кул ойношунун кебине сасыган топон тыгып, как төрүнө коюп бергиле. Бул жели ашынган кара бетке ырайым да ушу, жаза да ушу…

Күзөтчү жоогерлер Кул берендин өлүгүн, эстен танып турган күң токолду колдон, буттан тартып, дырылдата сүйрөп, эшикке жөнөшөт. Күң токолдун боздогону караңгыны как жарат, улам кардыгып, улам алыстап кетет. Кара каган нары караган бойдон былк этпей үңкүйүп, көлөкөдөй катып, турган ордунда туруп кала берет.

Чапкын

Бийик дөңдө Кара каган атчан турат, кийими да кара, аты да сүлүктөй кара, иреңи ойлуу, ички ой көлөкөсү кабагын басып, бет алдын көз сүзө тиктеп, баштаган ишине санаркоо, баштап алган соң кайтпай турган баш байлоо, өчөшүү сезилет.

Саал артта, бир жагында Эдил улан. Бир жагында Эр улан каган атасынын оюндагы толгоо аларда жок, эми гана уясынан атырылып чыгып, көзүнө эмне көрүнсө куушуруп чап салууга күүлөнгөн текечил бүркүттүн барчындары өңдөнүп, эки улан чапкын көксөп, кан көксөп, чыдамсыз өрөпкүп турушат.

Төшөлгөн калы болуп түркүн чөп, чечек жайкалат. Бир ныптада көк чалгын саргыл талаа керилип жатат. Те алыста кырка тоо баштары бүлбүлдөйт.

Каган турган бийик дөңдүн алдында тең жарылып, эки канат болуп, баары тегиз аттанган, баары тегиз жоо жарагы шай, эсепсиз көп кошун турат. Кишилердин акырын сүйлөшкөн кобуру, аттардын бышкырыгы, кишинегени, дагы саргыл талааны чаңытып келип жаткан колдун дүбүртү деңиздей тереңден аста дүңгүрөйт. Жакын ортодо жапан жаныбар көзгө чалынбайт, Теңирдин жай күнү улагын ээрчитип, тобу менен ийрилип, эркин жайылган бөкөн, жейрен түгүл киши баласынын дүбүртүнөн үркүп канаттуу чымчык тажыккан, жылан ийнине кирип жоголгон.

Оң канаттан, сол канаттан бирден кол башчы берен ат желдире дөңгө чыга келишип, белдеринде кынсыз кыңырак, ийнинде саадактары бирден кучак, аттан түшө тизе бүгүшөт:

— Оң канатың он сан колдун иргелген көйкашкасы даяр болду алдыңа, улуу каган!..

— Сол канатың он сан колдун өңкөй баатыры даяр болду алдыңа, ыйык каган!..

Кара каган тең жарылган кошунду карай тизгин кагат, астындагы эки көзү чакчайган кара аргымак элире басат. Эки улан эки жактан темине, бөлтүрүктөй жулуна ээрчийт. Кол башчылар аттарына үзөңгү теппей ыргып минишип, улам бири алдыга түшө бири коштоп кыйкырып, каган мартабасын даңаза кыла ураан таштап жөнөшөт.

Оң канаттын кол башчысы:

— Тең жарыл, улуу кошун! Журтубуздун агасы, тонубуздун жакасы, кагандардын каганы келе жатыры! О, иргелген көйкашкалар караңгыда алдыбызды жарыткан, жоомарттыгы калайыкты маарыткан, келе жатыры айкөл каган, Көкө Теңир менен сүйлөшкөн, киши баласынын акылын чүкөдөй өкчөгөн билги каган…

Кошун дүңгүрөп толкуйт, арткылары үзөңгүсүнө тура калып коштоп кыйкырып тосушат.

Сол канаттын кол башчысы:

— О, дүңгүрөгөн улуу журт! Каарына алса кара чаар кабылан, капылеттен качырып салган көк жолборс, дүйнөнү түгөл оп тарткан жетимиш кулач ажыдаар каган келе жатыры!

Миң дабыл бирдей согулуп, аттар ыргыштап ордуна тура албай, эрлер өрөпкүп, көк асманга туман болуп жебе тартылып, дуудан төшү түктүү кара жер теңселгендей болот.

Каракаган тең жарылып жардап турган кошунга бийик үн салып салам айтып, тааныган берендерге баш ийкеп, эки колун бийик көтөрүп, жулунган кара аргымактын үзөңгүсүнө тик тура эң арткыларга көз таштап, алардын да көзүн өзүнө тартып, көңүлүн алып, тең ортодон өтүп кетет.

Кара каган:

— О, кызыл жолборс баатырларым, өлүмдү тике караган! Берендерим, кылчактабай ар ишиме жараган! Оң кулагың менен ук! Сол кулагың менен ук!..

Чуу токтолуп, дабыл басылып, кошун каган оозун тиктейт.

Кара каган:

— Бүтө элек али кийиз китеп жаңжалы! Эми гана кезек келди аттанууга чоң чапкынга! Кайрат берсин Көкө Теңир, кийиз китеп деген, киши баласы тамга чийген жок болсун бул токумдай биртке жер жүзүнөн, аттангыла, бел байладым киши баласынын эң акыркы тагдыры үчүн…

Бирде алыстап, бирде жакындап дыбыр каккан добул үнүнө, коштогон кошундун дуу-дуусуна аралашып, баарынан бийик, баарынан өкүм зоңкулдап, каган үнү чаңдуу авада, кылкылдаган калың атчан кошун үстүндө учуп жүрөт. Кара кагандын талпынган жырткыч кара бүркүттөй коркунучтуу сөөлөтү ойноктогон чымкый кара аргымак менен бирге бирде андан, бирде мындан көрүнөт. Бирде муңкангандай, бирде бууракандай, бирде жалыныч, бирде катаал буйрук болуп угулат.

Кара каган:

— О, кош канатым, кошунум, бай көлдөй толкуган, кара селдей окторулган! Киши баласынын кейпине теңеп колго жасап, Көкө Теңирди кор кылган, кийиз китеп урунган, көкөлөтө мунар курган, Көкө Теңир буйрубаганга умтулуп, Көкө Теңир сызыгынан чыгып кишилиги бузулган журтту каптагыла, тепсегиле!..

Көп кол кайра толкуйт. «Көкө Теңирдин уланы» саналган каган эркине баш ийип, айткан карөзгөй жүйөсүнө алданып, ээрчип коштогон кыйкырык күчөйт. Кара кагандын кардыккан добушу кошун кыйырын аралайт.

Кара каган:

— Эй! Эй! Бириң калбай ук, бириң калбай туюн! Оң канатыңа Эдил улан башчы, сол канатыңа Эр улан башчы. Жолуңарды Көкө Теңир өзү ачсын, караңгыда жарык кылсын, каптагыла кара жамгыр сел болуп, тийгиле капилеттен булутсуз көктө чарт эткен чагылган болуп! Канын суудай төккүлө, буркан ташын сөккүлө, кийиз китебин отко ыргытып, табынган тамын бузгула, коргонун жерге жексен кылып көмгүлө…

Эрдемсинген берен ат ойнотуп: «Сенин эркиң – Теңирдин эрки, Теңирдин эрки – сенин эркиң!..» деген ураан таштайт.

Кара кагандын катаал үнү, кайрымсыз өкүмү кишиден кишиге, тоодон тоого жаңырыктап урунуп, аягы көк мунарык бүрккөн кең талаанын кыйырына тарайт. Жаңырык жеткен жерден оолуккан айбалтасын ала чаап, чоочунган кулагын басып, башын калкалап буйга издейт, канаттуу таажыгып, кайберен үркөт, өрөпкүгөн тажаал кыйкырык менен боздогон ый аралашат…

Ый

Жер түгү такыр, токой жалбырагын күбүгөн, мөл булактан суу азайып, бай көл тартылган күз…

Четке жалгыз тигилген кара алачук, ага кирген жойкун да, чыккан из да жок, нечен убактан бери күнүгө эртең менен жамы журт «Көкө Теңир жүзүн» тосууга жабыла эшикке чыкканда да кара алачуктан эч ким чыкпайт, четтеги бечаранын бейити сыяктуу ың-жыңсыз бойдон томсоргону томсоргон. Бирок эл тириликке кирген мезгилден тарта Теңирдин куттуу күнү үч маал алачукту тирилтип созолонгон ый чыгат. Кей күнү өксөп, кей күнү муңканып, кей күнү эстен ооган сымал солуктап дымыйт.

Ыйлуу күң токол!

Эч ким барбайт, эч ким алын сурабайт. Уккан киши баласы обочодон өз төрүндө отуруп, өз босогосунда туруп, эч кимге көрүнбөй анын кайгысын бөлүшүп боору ачыйт. Те тескейдеги эки торпогун ээрчиткен марал да, артынан өңүп жүргөн жолбун карышкыр да бери маңыроо тиктеп, чарасыз киши баласынын муңун тыңдайт.

Кара каган табалап ичин урунат. Бул күң жерге кирбесе, көккө чыгып кетпесе, жаны чыкпаса, кулдун кебин тиктеп көңүлү миң тала болуп, жүрөгүнө кайгы тузу куюлуп, те алда качан тукум курут болгон журтунун корун эстеп, кошогун кошуп, ыйын ыйлап, түбөлүккө ушинтип отура берсе – таш боор кагандын көңүлү ийикпейт, табасы канбайт, кайра көбүрөт, кайра өчүгөт, кайра дагы бир жаза ойлонуп табат.

Төрүнө Кул берендин кеби коюлган, күнүгө аны тиктеп, кадыресе кара тутуп имерилип, андан соң куру тулуп экенин туюп, өткөн кадырын эскерип ый кошок айтат. Ыйы – бир кездеги дүпүрөгөн өз журту, тууган энеси, акты үйрөткөн атасы, жылкычы балдар менен тең катар улуу тоо арасында, кең талаа бетинде үзөңгү кагыша жарышкан, азыр капилет түш гана болуп араң элес-булас эстелген эркин күнү. Муну кошсо көңүлү көтөрүлөт, ошол бактысына кайра аралашып, кайра ошол кездеги сүйүү, өкүнүч кыялдары эсине келип, кургаган тамырына кан жүгүрүп, кадыресе тирилет, денесине жашоо деми кайра келет. Анан тийген жоо, боо түшүп кырылган бир туугандарын, өзүнүн ат соорусуна салынганын, бөтөн үйгө кирип каган төшөгүнө уйпаланганын кошот да, азыркы бардык кишилик өмүрдүн үмүтсүз кезинде да, эт жүрөгү торго түшкөн бөдөнөдөй тыпырап, кантип чыгып, кантип канат серпип көккө эргип кетүүнү самайт. Эң акыры башына түшкөн кордугуна чыдап, чарасыз солуктап, ындыны өчүп басылат.

Жер жайнаган бир урук журттан калган жалгыз, эми ага «Көкө Теңирдин жүзүн» көрүү, андан ырайым тилөө ашык баш, ал үчүн эч мааниси жок, ал Көкө Теңирге таарынган, эшикке чыкпай терс карап, Кул берендин аягына үңүлүп, Көкө Теңирден сураганы өлүм гана: «Көкө Теңир жалгаса да, каарласа да өлүм берет» — деп ишенет. Кичинекей кара алачуктун ичинен өлүмүн өзү издейт. Сайынарга бычак жок, буунарга шоона жок, боюн таштоого бийик аска алыс, агайын десе суу бою эмес, кичинекей алачуктун ичин миң кайта тинтип, кайсаланып, акыры алсырап сулап жыгылат…

Бул күнү алачуктан ый чыкпай калат. Эмне болду? Ыйга көп уугуп көнүп кеткен киши балдары таң болот. Кара каган: «И, тагдырына багынган белем?!» — деп табасы эми канып, күңдү алдыга алып келүүгө жоогер жиберет.

Жоогер алачукка кирет. Көзүнө Кул берендин кеби муруту чычайып, куду тирүү өңдүү, атырылып кол салчудай көрүнөт. Жоогер жүрөк токтотуп, бүк түшүп жаткан күңдү ийнинен тартат, ою уктап калса ойготуу, күң былк этпейт, үнсүз катуу булка тартат, күң оодарылып түшөт, жансыз. Баягы кабагынан нур төгүлгөн сулуу жубан эмес, иреңи жаргактай керсары, чачы шыбактай куу болуп кеткен бир үрөй. Жоогер «кубулуп кеткен экен» деп ойлоп, бакырып алачуктан кайра чыга качат.

Түш

Түн. Кара каган төшөгүндө тынч уктап жатат, баш жагына коюлган каухар таш алсыз үлбүрөп, анын түйүлгөн кабагын араң жарык кылып турат, этек жагында бакма жолборсу мышык сымал «кыр-р, кыр-р» деп, көзүн ачып-жумуп, эстенип, болбурап үргүлөйт.

Те алыстан адырдан жылкы кишинеп кайра басылат, жакынкы токой ичинен сүтак сайрайт, түн бейпил, теребел магдырап уйку жыргалына көшүлгөн убак.

Кара каган капилеттен чочуп ойгонуп, жалаң дамбалчан, төшөгүнүн каттоосуна кынсыз жашырып койгон кош миздүү шамшарын жула турат. Кере кулач сур жылан кышылдап ышкырып, башын көтөрүп, эки жакты ойсоңдоп каранып, кызыл чаар жолборсу ордунан күркүрөп тура келет. Тыштан алактап корккон күзөтчү берен башбагат. Кара каган өргөө ичин бир имере тиктеп, өзүнүн эсен экенине көзү жеткен соң шамшарына таяна кайра төшөгүнө отурат. Жай сурамакчы болуп эңиле келген күзөтчү беренге «чыгып кете бер» деген ишара кылат. Күзөтчү берен чыгып кетет.

Кара каган чарчаңкы үшкүрөт:

— Э, Көкө Теңир… бул не деген белгиң?..

Кара каган кайра жатат, уйкусу келбейт, толгонот… Те бир убакта жакын эле жерден түн каракчысы кызыл көз үкү бакырганы угулат, Кара каган жүрөгү селт этип, аны да бир жамандыкка жоруп, тынчы кетип ордунан кайра турат. Өргөө ичин кыдырата тиктеп өзүнөн өзү корко баштайт.

Эртеси «Көкө Теңирдин жүзүн көрүү бүткөн соң, өңкөй билман нөкөрлөр эми «Көкө Теңир уланы каган жүзүн көрүү» үчүн ордого жыйылат. Кара каган ойлуу, каар белги кара таажы башында, ошол күнкү жыйынга кара жиндүү бакшыны, «билги салыктан» Даркан билгини да алып келүүгө буйрук кылат. Каган, оюнда эмне бар? Ким баамдайт? Ким даап сурайт? Эч ким батына албайт, каган кабагын үйрүйт, тынчын алган акыбалын чечилип ортого салбайт. Коён жүрөк кай бир нөкөр кара жанынан түңүлөт.

Көп өтпөй бир кездеги «ыйык ата» аталган эске жетик киши эшиктен жоогерлердин айдоосунда кирет, чачы өскөн, сакал-муруту чертилбеген, өтө жүдөгөн, караңгыда көп отурган эмеспи, көзү карыгып жарыкты тиктей албай мүңкүрөйт, улагадан өйдө өтпөй токтойт. Кара каган төрдө мандашын жазбай, былк этпей, бет алдын мелтейип тиктеп, кечеги билгисине атайы назар салбайт.

Кара каган:

— Түндө жатып түш көрдүм, түшүмдө бир ажайып иш көрдүм… Кадимкидей каган экем калың журт оозумду караган… Ырыска тунуп, эрмекке канжа соруп олтурсам… канжадан чыккан кара түтүн… көбөйгөндөн көбөйүп, чоюлгандан чоюлуп… каптай берди жер жүзүн… Каптагандан каптады, улуу тоолор билинбей, күндүн көзү көрүнбөй, эң акыры кара түтүн уюлгуп басып калды ордомду… Кара түтүн кара чаар жылан болуп, жалын бүркүп ышкырып… өз мойнума оролду… Сескенип ойгондум, бул Көкө Теңирдин не деп берген белгиси болгой?..

Же жакшылыкка, же жамандыкка болжоп жорууга эч ким батынбайт. Кагандын көңүлүнө аны сайын кооп кирип, иреңи сурданып, нөкөрлөрүнө кыжыры келип кыдырата тиктейт. Коркоктор өңдөн адашат, өзүнөн өзү кичирейет, эч ким чук этүүтө жарабайт.

Кара каган:

— Кана, кара жиндүү бакшым, сен жору. Жиндериңде тил болсо, кырк бир төлгө ташыңда бир керемет сыр болсо, жакшылыкты ашырба, жамандыкты жашырба, ачык айтып ак сүйлө, кыңырылбай так сүйлө!..

Кара жиндүү бакшы, башында шоңшойгон күлө, ар түркүн куш канатын сайынган, этек-жеңи самсаалаган, колунда дабылын шалдыркандуу таягы менен «дүңк!» бир уруп, ордунан ыргып турат. Бул «көзү ачык» атанган кара жиндүү бакшыны нөкөрлөр «не дейт, эми не түрлүү сыр көрсөтөр экен» дешип, үрөйлөрү учуп карашат. Кара жиндүү бакшы өргөө ичинде ким бар экенин такыр унутуп, эми эч ким көзүнө көрүнбөй, так түйүлүп секирип, «шалдыркандуу таягын көккө көтөрө силккилеп, дабылын дүңкүлдөтө уруп, ошол жактан бирөө түшүп келе тургандай чамгаракты мисирейе тиктеп, үнү коркунучтуу каргылданып, бүт денеси калчылдап, жин чакыра баштайт.

Кара жиндүү бакшы:

— Э-эй!.. Уа, карды салык кара нар, тарпаң уруп келе көр, келип көмөк бере көр… Тел мүйүздүү сур жылан, тегирчектей тегерен, э-эй, тез келе көр жебеден… Э-эй!.. Желден бүткөн балбан кыз, эки эмчеги салбаң кыз, желип чыгып келе көр, жердин жети катар түбүнөн…

Кара жиндүү бакшы чамгарактын желбоосуна секирип жабышып, өйдө карай тырмышып, өргөөнүн бир капшытынан бир капшытына селкинчек тээп өтүп, «карды салык кара нарын», «эки эмчеги салбаң кызын», «тел мүйүздүү сур жыланын» кыйкырып, керегенин башына илинет. Улам күчөп, жиндери чакырыгына келген сыяктуу, өзүнөн өзү кубат алып, кайраттанып, секиргени жепжеңил, кыйкырыгы бийик чыгат.

Кара кагандан башка бир киши баласы баш көтөрбөйт, баары эки ийнин кысып, кара жиндүү бакшынын назарына чалынбоо үчүн улам биринен бири пас, биринен бири бечара болуп, бирине бири ыктап, жүрөктөр бүлкүлдөйт. Кара жиндүү бакшы алардын үстүнөн жорудай калдактап каркылдап, так секирип аттап, капилет жерден кайрылып, кай бирөөнө үңүлүп тиктеп, башын чайкап кайра кетет. Бул – каганга ичи кара душманын издөө, нөкөрлөр жакшы билишет, кара жиндүү бакшы ошол тапта кимди көрсөтсө ага аёо болбойт, ал ошол замат айбалта менен бөлө чабылат.

Кара жиндүү бакшы каганга жакын отурган нөкөрдү имерип, бирде корккондой элтең, бирде кабагын түйүп, качырган ит сыяктуу ырылдап, улам сөөмөйү менен тике көрсөтүп зиркилдейт:

— Э-эй!.. Заары турат жүзүндө-ө, чаары турат көзүндө-ө!.. Э-эй!..

Эки көзү чекчейип, өңү кубарып, нөкөр ар кимге алактап каранып, жардам тиленип, кара жиндүү бакшынын айбатынан корунуп, көчүгү менен жылып кетенчиктеп, кагандын артына жашынат. Ким бирдеме дей алмак, ар кимдин жаны уучунда кыпылдайт. Кара каган кол шилтейт, ошол замат босогодо турган жоогер ал нөкөрдү кыйылганына карабай желкеден алган бойдон эшикке дырылдатып сүйрөп чыгып кетет.

Кара жиндүү бакшы аны сайын чакчарылып, нары-бери секирип, эки бутундагы чарыгын чечип ыргытып, ортодогу додологон чоктуу очокту барып кечет, мурдатан отко салдырып койгон кыпкызыл орокту алып, тили менен жалай баштайт, ороктон шырылдап буу чыгат. Кара жиндүү бакшы орокту кагандын башына тегеретип ыргытып, эң акыры куу арчага от коюп: «Алас, алас, ар кырсыктан алыс!» — деп күңкүлдөн, өргөө ичин кыдырат.

Бул көрүмдөн соң кара жиндүү бакшы соолугуп, чеке терин аарчып, эми көзү ачылган сыяктуу, жиндеринен бир жакшылык сыр уккан өңдүү көңүлү көтөрүлүп, кагандын алдына келип чөк түшөт. Кырк бир таш төлгөсүн кийизге жайып, төлгө тарта баштайт. Кара каган ага шектүү тиктейт. Кара жиндүү бакшы өз ийнин өзү тиктеп, анда отурган бирдеме менен кеңешкендей акырын күбүрөйт, төлгө таштан улам бирин экчейт. Кара каган чыдамы кетип ыкшалат.

Кара жиндүү бакшы:

— Төлгөң башы тогуз, аягы сегиз – телегейиң тегиз! Түшүң түш келбей туш келген иш. Э-э, каган болсоң түшүңдө, Көкө Теңир уланы, ким талашмак өзүңдөн, өңүңдө да кагансың го?! Канжа тартып олтурганың – дүйнөнүн кызыгына дагы батып, тирүүлүктө көңүлүңдү болтурганың эмеспи?! Кара түтүн – сансыз кол! Жердин жүзүн каптаганы – ишке ашканы улук билги оюңдун, нечен тайпа журттарды өкүмүңө каратары. Кара түтүн каптаганы ордоңду – калың дөөлөт уюганы, моюнуңа оролгону – тукумуңдун эч качан башынан ырыс, колунан каган бийлик кетпестиги!..

«О-хо-о, бали!» — дешип, нөкөрлөр коштоп: «Келе жагың кут болсун, о Көкө Теңир уланы!» — деп каганга куттук айтышат, кара башка күч келген бир абалдан өтүп жеңилденишет. Кара кагандын да кабагы ачылат.

Кара каган:

— И, айыпкер, эми сен жоруп көр!

Даркан билги:

— Канжаңдан чыккан кара түтүн – кара оюң. Жердин жүзүн каптаса – он канатың он сан кол күн чыгарга жеткен бейм, сол канатың он сан кол күн батарга кеткен бейм, кишиге Теңири берген эс кенчин тумчуктуруп, ууктуруп, тепсеп өткөн бейм?! Кара түтүн каптап калса ордоңду, өз мойнуңа кара чаар жылан болуп оролгону – өзүң кылган жаман жорук өз башыңа жеткени, жети атаң тиккен көк ордоң кара түнгө чүмкөлүп, тамга чиер бириң жок, кийинкиге аты калбай, изи калбай, жексен болуп кеткени!..

Кара каган нес болуп отуруп калат. Нөкөрлөр акшыя тиктешип, акаарат айтышып, Даркан билгиге жабылышат. Кара каган тыят.

Кара каган:

— Кайдан болсун мага айтар жакшы оюң?! Сен кыркылышкан душманымсың! Ишенбейм, душман не дебейт?! Э-э, түшкө да не кирбейт?!

«О-хо-о, ак сөз эмеспи, душман не дебейт?!» — дешип нөкөрлөр коштойт.

Кара каган күрсүнөт:

— Мейли, тогуз күнөө толо элек, буга өлүм келе элек…

Угузуу

Майда токойлуу, бал камыштуу өзөн бойлоп, жанжигит жоогерлерин коштотуп, бирин айдоочу, бирин көздөөчү кылып, Кара каган кыргоолго шумкар салып, сейилдеп жүргөн. Чымкый кара аргымак ооздугун кемирип, төрт аягы тыбырап ээлигип алган, колундагы ак шумкар улам көк тиктеп талпынып, теребелге ормондон каранып, кылт эткен илбээсинге бой урат, каган коё бербейт. Капыстан камыштын арасынан куйругу кере кулач болуп кызыл кыргоол жөргөлөп качып, жоогерлердин кыйкырыгынан чоочуп асманга тик көтөрүлүп, куду жалын сыяктуу чубалып жөнөлөт. Шумкар талпынат. Кара каган чаап баратып шилтеп жиберет. «Көздө-ө! Көздө!..» — деп жоогерлер кыйкырып, шумкар кеткен жакка жабыла чабышат. Ак шумкар кыргоолду жерге түшүрбөй көктө шыпырып кетет да, кайгып барып кырга конуп, басып отуруп алат. Кара каган өзү мурда жетип, аттан түшө калып, кыргоолду ажыратып, боорунан эки-үч чокутуп кан таттырып моокум кандырат да, кыргоолду чубалтып канжыгасына байланып, шумкарды кылайтып колуна кайра кондуруп, көңүлү уу кызыгына балкып кайтат.

Кара жол менен келе жаткан, бир ат минип, бир атын жетелеген жолоочу кездешет. Өзү торгой болуп жүдөгөн, аты ыргай болуп арыган. Иреңи каганга жылуу учурайт. Жолоочу атынан ооп түшүп, чекесин жерге тийгизип, каганга таазим кылат:

— О, Көкө Теңир уланы! Тамга чийген эл койбой, кийиз китеп билген жер койбой тегиз каптап өттүк биз. Суусу көңдөй сасыган, чиркейи түтүн болуп самсыган күн уясы ак деңиз, ак деңизге жеттик биз. Сүйүнчү айт деп каган атама Эдил улан жиберди…

Кара каган:

— Оозуңа май! Өзү Эдил улан эсенби?

Чабар:

— Оң канатын он сан кол жаагы катуу жоодо өлүп, агыны катуу сууга агып, найза бою кар басып, саны кемип, эр кайраты азайды, кайра тартар чама жок. Эдил улан табында, калган колду журт кылып, ошол журт менен бир кылып, өзү каган болмок чагында!..

Коштогон нөкөрлөр куттук айтышат. «О, улуу каган, жеткен белемсиң мурадыңа?!» — дешет. Кара каган жүзү жадырап кубанат, канжыгасынан кыргоолду өз колу менен чечип, чабарга ыргытат.

Кара каган:

— Ме, береним, бул сүйүнчүңдүн алды болсун! Эртең бир тайпа журтка бийсиң, өзүмдүн оң жагыма отура турган нөкөрүмсүң көрөр көз!..

Чабар дагы чекесин жерге тийгизе таазим кылып, Кара каганга ыраазылык билдирет. Кара каган ат тизгинин ордого бурат, чымкый кара аргымак төрт аягы көзгө араң илешип жөнөлөт. Канжыга толо илбээсин салбактап, нөкөрлөр биринен бири өтүп чабышып, артынан илешишет.

Бул кабар журтка дуу тарап, каган ордосуна жакын билгимин деген кары, беренмин деген өспүрүм дароо жыйылат. Кара каган маңдайы жазылып, эрдемсип, келген сүйүнүчтүү кабардан чабардын өз оозунан журтка айттырат. Эл дуулдайт.

Кара каган:

— Бүркүттүн уясы бир, чабыты башка! Мейли, кайрылбаса кайрылбасын, эсен болсун, буйругун тутар, кадырын билер журт тапса. Боз бээ чалып Көкө Теңир жолуна, айчылык алыс коюп бактин башын күлүк чаап, байгесине бала ээрчиткен күң сайып, тойлогула Эдил каган урматына!

Эшик ага берен тыштан кирип, сол канаттан чабар келгенин кабарлайт. Кара каган тез киргизүүнү буйрук кылат. Өргөө толо эл баары дуу этип, эшик жакты карашат. Эшиктен жол азабы жүдөткөн чабар кирип, чекесин жерге тийгизе каганга таазим кылат. Иреңи боз, кабагы салыңкы, эки көзүнөн жандан түңүлгөн коркунуч да, тобокел да көрүнөт. Кара каган чабардын кебетесинен бир шойконду сезет.

Кара каган:

— Тез сүйлө, берен! Жакшы кабар айт, кубанычыма кубаныч кош мингениңди жорго кылам, кийгениңди торко кылам, бир урук журтка эрке кылам. Угузсаң жамандык сөз – кулагыңа коргошун куям!..

Чабар койнунан эки кылдуу чертмегин сууруп алып, ошол замат ой басып, акырын күүлөйт, Болгон окуяны айтпай коюуга болбойт, айтайын десе мына каган ниети кара, эки жагы кыя жар болуп, чабар ортодон өткөөл жол издейт. Чабар акырын солгун, жай күңгүрөтүп күү баштайт. Эл жардайт, каган элтейип тыңшайт. Чабар унчукпай, эки жакты да карабай, эки кылды дирилдете терип, бүт дити менен чертет. Күү улам шаңданып, жоргонун жүрүшү, дуу-дуу канат күүлөгөн бүркүттүн учушу ыргагынан сезилип, толгон журттун, көпкөн бир киши баласынын өрөпкүгөн кыялы туюлуп, андан нары уюлгуп, тездеп кирген суудай, кара селдей шаңдаган эрдемсүү, андан жүлүн сыздаткан ый, өңгүрөгөн өксөө, ал жетпеген тагдыр алдында мүңкүрөө алмашылып муңканат.

Угуп отурган эл нестейет. Кара каган иреңи кубарып, же чертмекчини кой дей албай, же чертмек айтып жаткан кайгылуу кабарга чыдай албай, эт-жүрөгү болкулдап, каңырыгы түтөйт, көзүнөн кылгырып жаш төгүлөт. Чертмек орду толбос, сыныгы бүтөлбөс окуя, ый менен, көз жаш менен кайрый албас тагдыр жөнүндө сүйлөп, ыргагы өксүп-өксүп, тагдырга моюн сунуу, өлүмгө да акыл менен тике кароо, акыл менен өзүнө өзү кайрат айтуу деркерлигин эске салып, акыркы кайрыгы көтөрүңкү, демдүү кайрылат. Кара каган ордунан обдулуп турат.

Кара каган:

— Уай! Бу куу жыгачың эмне дейт, кокуй?! Чын эле айрылдымбы уданымдан, катыгүн?! Бас жаагын мунуңдун! Өзөгүмө жетти го…

Чабар күүнү токтотот.

Кара каган:

— Карма! Коргошун эритип куйгула кулагына! Эки жоогер чабарга карышкырдай жулунат.

Чабар:

— О, Көкө Теңир уланы! Мен ооз ачкан жокмун го, өзүң калыс бол, коргошунду чертмектин кулагына куй, чертмек айтты, чертмек угузду го?!

Сөз маанисине кунт коюп отурган эл ичтен макул болушат. Кара каган жүйө сөздөн өтө албай, же айтканынан кайта албай, коргошун эритип чертмектин кулагына куюуга буйрук кылат. Каган буйругу эки эмес, чертмектин кулагына боркулдап кайнап эриген коргошун куюлат, кош кылы чырт-чырт үзүлүп, башы түтөп күйүп кетет.

Кара каган:

— Эми сага өлүм жок, сүйлө, сөөгү кайда уландын?..

Чабар:

— Сол канатың он сан кол! Жерди жайпап кеттик биз, ашуусу бийик тоо аштык, агыны катуу суу кечтик, жолуккан журтту түрө чаап, канын суудай төктүк биз, салган тамын буздук биз, буркан ташын сөктүк биз… О, жердин чети көк деңиз, көк деңизге жеткенде уланды капилет жебе мерт кылды. Этин кыңырак менен кырдырып, сөөгүн чагырмак менен жуудуруп, булгаарыга ороп бүктөтүп, буура төөгө жүктөтүп, Ата Журтка апкелдик…

Тыштан чабардын жоогерлери Эр уландын булгарыга оролгон сөөгүн көтөрүп киришет. Кара каган ордунан туруп четин ачып, Эр уландын баш сөөгүн көрөт, кош бөйрөгүн таянып өкүрүп жиберет. Эл дуу көтөрө коштоп өкүрүшөт.

Кара каган:

— О, кулунчагым, куураганың ушубу?! Көңүлү жайдай толсун деп, жорго тандап мингиздим. Душманга сүрдүү болсун деп, болоттон саут кийгиздим. Тууганга үлгү болсун деп, ындынын тилин билгиздим. Эми ошонумдун бири жок, тирегим улан тири жок…

Өз басылса да өзгө басылбай өңгүрөп, кагандын көзүнөн өтүп, көңүлүн алып, эл көш дүңгүрөп өкүрөт, бир жактан катындар ый чыгарып, бири токтосо бири токтобой кошул-ташыл болуп, теребел уу-чууга толот. Кара каган эс жыйып басылат.

Кара каган:

— Э, журтум! Кеткен эми кайра келмекпи, кемиген эми кайра толмокпу?! Кантебиз, эрдин жолу ушундай, жаздыкта өлгөн жаманат, жоодо өлгөн салтанат! Эми кадырын мыктап кылгыла, арчадан табыт оюлсун, ал дүйнөгө барганда кызматын кылып турганга кул атпайдан бир тогуз, күң атпайдан бир тогуз жоролукка союлсун, аркан бою көр казып, аяк-башын кең казып, жоого минген тулпары, эмчектеги балалуу көңүлү жакын жаш-жары жанына кошо коюлсун. Даңаза кетсин далайга, алты ай аза күтүлүп, кара ашы кырк күн берилсин!..

Өрт

Те алыстан дүңк-дүңк этип кагылган добул үнү угулат. Даркан билги кийиз китептерин аңтаргылап, ынды, кыдан, мисир, рум арип үлгүлөрүн карап, журт тилине ылайыктап өзү чыгарган үн тамга үлгүсүн камыш калам менен өңдөлгөн жука ак териге чийип олтурган, баш көтөрүп тыңшайт. «Дүңк! Дүңк!» деген дабылга кошулуп: «Э-э-эй!» — деп кара жиндүү бакшынын бакырыгы эшитилет. Даркан билги итиркейи келип, кабагын үйрүп, жазууга кайра үңүлөт.

Шоокум улам жакындайт. Өзү каккан добулу, кара жиндүү бакшынын зиркилдеген, калчылдаган, балбалактаган добушуна аралашып, сел сыяктуу каптаган шабырт, кыжы-кужу кобур үн кошо келет.

Эшиктен тили кесик кара кул шашып кирет, эки көзү чекирейип, жаңдай албай дудаланат. Даркан билги эшикке карай умтулат. Аңгыча кара жиндүү бакшы үңкүрдүн оозунан караңдап көрүнүп, калчылдап, дабылын дүңкүлдөтө ургулап, чоң-чоң аттап секирип: «Гүгү-гүк! Гүгү-гүк! Гүк! Гүк!» — деп зиркилдеп сайрайт, иреңи сур, үнү заар, көңүлүндө жамандык, ал ичкери жулунуп кирет. Ооздору акактап ачылган, көздөрү чанагынан чыккан, самсаалаган өңкөй бакшы бакырып сайрашып, колдорунда чала күйгөн чычала, чычалаларын булгалап, тап берип каптайт. Кара жиндүү бакшы аны сайын акшыңдайт, үңкүр ичин чарк айланып жүгүрөт.

Кара жиндүү бакшы:

— Э-эй! Э, карды салык кара нар а-а-а, тарпаң уруп келе көр а-а-а… О, тел мүйүздүү сур-жылан а-а-а, тегирчектей тегерен, тез келе көр жебеден а-а-а-а… Э, желден бүткөн балбан кыз а-а-а, эки эмчеги салбаң кыз а-а-а-а, желип чыгып келе көр а-а-а, келип жардам бере көр а-а-а… Гүгү-Гүгү!..

Чычала кымкуут жаркылдайт, самсаалаган жиндүүлөр үңкүр ичин бырыксытып, ачуу кыйкырыгы, таягынын шалдырттаганы, дабылгынын карсылдата согулганы мээ каңгытат. Колунан тартып, темтеңдетип Даркан билгини өзүлөрүнө кошуп чимирилте баштайт, Даркан билги бакшылардын ортосунан такыр бошоно албай башы айланып шалдырайт. Тили кесик кара кул бакшылардын колунан Даркан билгини бошотууга жулунуп, бирин жыга муштап, бирин ыргыта тээп жан аябай кармашып, акыры жалгыздык кылып, бир бакшы артынан келип чычаласы менен так төбөгө чаап, эси ооп жыгылат. Кара жиндүү бакшы кийиз китептерди аралайт.

Кара жиндүү бакшы:

— Э-э, биерге жин уялап калыптыр а-а-а, о биерге пери уялап калыптыр а-а-а-а… Гүгү! Гүгү-гү! Гүгү!.. Э, желден бүткөн балбан кыз, эки эмчеги салбаң кыз жалын чачып өтө көр, жалмап, мойсоп кете көр, а-а-а-а…

Зиркилдеп, акшыңдап, бакшылар кийиз китептерге өрт коюшат, кийиз китептер күйүп, жалбырттаган сайын кыйылдап кыйкырышып, көңтөрүп сүйрөп, оттон аша секиришип: «Гүгү! Жалма! Мойсо» — деп, өчүгө карсылдата дабыл сабашат. Эсине келген тили кесик кара кул өрттөнүп жаткан кийиз китептерди карап, балача: «Ба-ба-ба, бу-бу-бу…» — деп, буулдап ыйлап отурат. Китеп салык көк түтүнгө толот. Кара жиндүү бакшы түтүн арасында, от арасында бир каткырып, бир эчкирип, өрөпкүп нары-бери булактап секирип жүрөт…

Коштошуу

Кең талаа сур, шамал чалкеш согуп, бай көл тынчсыз, теңселип күр-шар толкуп турат, асман боз чалып күндүн көзү көрүнбөйт.

Желмаян төөгө «каган дабыл» теңденген кары жоогер мелмилдеген сары майданга чыккан, колундагы токмогу менен он эки карыш зор дабылды алма-телме күрсүлдөтүп уруп, желмаян тайтаңдап логлоп, сары майданды имерилип жүрөт. «Каган дабыл» үнү баарыга тааныш, анын дүңгүрү алыска угулат, ал бекер согулбайт, согулса же каган жыйыны, же журтка жоо тийгени, жамы журт козголот. Туш-туштан аттуу, жөө, төө минген, шүдүңгүт минген эл «каган кабыл» согулган майданга самсыйт.

Сары майдандын бир четиндеги «каган дөбө» аталган өргөөдөй тоголок дөбөдө Кара каган турат. Бакма жолборсу жанында, айбалталуу, саадактары бир кучак өзгөчө ишенимдүү нөкөрлөрү дөбөнү этегинен үч сыйра курчаган.

«Каган дабыл» дөбөнүн түбүнө келет, дароо үнү басылып, майдан тыптынч болот. Ошол учурда те четтен сүттөй аппак кунанга жайдак мингизип, эки жактан жылоолоп, жакшы кийинген эки бий Даркан билгини алып бери басышат. Ошол замат «каган дабыл» кайрадан дүңгүрөп согулуп, эл түйшөлүп, жаң-жуңдан кулак тунат. Кайра каган былк этпей, иреңи бир аз кубарып, ичи күйкөлөктөп, Даркан билгини тиктейт. Ал күнү Даркан билгиге эң акыркы даркандык кадыр көрсөтүп, асман түстүү көк кийгизип, сүттөй аппак кунан мингизип, өлүмгө алып чыгышкан. Даркан билги сүттөй аппак кунандын үстүндө көк көгүчкөндөй кымпыйып, эки жакка жымыйып серп салып, иреңинде коркуу да, кайгыруу да жок, өлүмгө эмес шоокко келген өңдүү бейпил, көзү каган көзүнө чагылышат.

Кара каган:

— Э, адашкан билгим! Мына, көк кийип, сүттөй аппак мал минип, Даркан сыныңан жазбай, кемибей ол дүйнөгө жол тартып турасың, айтып кет журт алдында, жаңылганың не болду, бул дүйнөдө не кубанычың, не кайгың калды?

Даркан билги:

— О, карөзгөй каган! Мен жаңылган жокмун! Өзүм менен кетип барат кубанычым, кайгым гана калды бул дүйнөдө.

Кара каган:

— Журт калыс болсун, журт алдында ачык айт!

Даркан билги:

— Кайран журтту сенин кесепетиң урду! Эптеп жыйган эс мүлкүн отко салып өрттөп, башына түркөйлүктүн кара тул түнүн кайра чүмкөп таштадың – ушул менин кайгым…

Кара каган:

— Мен Көкө Теңирдин буйругунан ашык ишке умтулган, Көкө Теңирдин чийининен чыгарып, акыры келип киши баласынын башына балаа боло турган коркунучтуу үйүттү отко салып, бейчара киши баласын жокко кайгырбаган, барга мактанбаган, топуктуу, бейпил күнгө алдын ала кайра кайтардым. Киши баласы тойсо көкүрөк көтөрбөсүн, ач болсо ачмын деп бүжүрөбөсүн, табылганга канагат кылсын, топук кылсын. Кийиз китеп киши баласын Көкө Теңир буйрубаганга умтултуп, асманга кол сундуруп, көлгө көз тиктирип араанын ачат, алкын бузат. Ачтын тогу бар артында, токтун ачы бар артында, сууктун артында жылуу, жылуунун артында суук бар – Көкө Теңир өзү кыйыштырган, өзү эп келиштирген. Киши баласы ушул тирүүлүгүнө ыраазы болсун, Көкө Теңирге тооба кылсын. Мына ошондо «көрөм», «жыргайм» деген азаптан, жан кыйнамыш казаптан кутулат, кара жердин боорунда көчүп-конуп, күнү бейпил, дили бейпил болот.

«Даркан» атанган киши караламан сыяктуу же бели бүктөлүп, кыкылдата муунтулуп, же жаа огуна тепчилип, же кылычка бырчаланып өлтүрүлбөйт, тогуз айып кылгандан кийин гана таза кийгизип, жакшы малга мингизип, жанын кыйнабай, кордобой көз жумдуруу салт.

Сүттөй аппак кунанды жылоолоп турган эки кадырлуу бий Даркан билгинин билегинен кан тамырын курч кыңырактап кыркышат. Даркан билги колун тартып да койбойт, билги сөөлөтүн жазбай, былк этпей акыл токтотуп, эчтеме болбогондой бейпил кейипте туруп берет. Кан дирилдеп атып сүттөй аппак кунандын алтындай саргыч жалынан, зээринен ылдый кызыл гүл болуп төгүлөт.

Даркан билги:

— О, кайран көчмөн Гун толуп, толкуп жаткан бай көл эле, төрт тарабы төр эле, алдын жырып сел кылдың, кара сел болуп, башка журттун башына асмандан капилет түшкөн балээ болуп, акыры алды кайтпай, арты ийрилбей өзү түсөнүп, өзү алсырап, ага албай токтоп, майдаланып бөлүнүп, бөөт-чөөт болуп дымыйт, аздын иши ар дайым аз, акыры түбүндө караңгыда темселеп, түркөйлүгү шору, күчтүүнүн алдында бүгүлүп, көптүн алдында тепселип, кор болот…

Кара каган чакчарыла кыйкырат:

— Жо, менин элим дүйнөгө үстөм болот!

Даркан билги кагандан жүз үйрүп, элге:

— О, журтум, сен тыңда! Өзүңдө эсиң жок туруп, өзгөгө бирдеме үйрөтмөк – келеке, үстөмдүктүн акыры жек көрүнмөк. Кишилигиң – эсиң, бул касиетиң болбосо өңгө магулуктан ашыкча эмессиң, ошол көкүрөгүңдөгү нуруңдан адашпа, ачууңду эсиң менен тыйын, оң колуңдун шоктугун сол колуң менен карман, сол колуңдун туткагын оң колуң менен басын. Талаштын башына өзүң күбө, мен өтүп барам, каган да дүйнөгө устун болмок беле, акырына да өзүң калыс болорсуң. Кош, журтум, силерди өз ниетиңерге калтырдым…

Эл мелтиреп дымыйт.

Даркан билги улам каны азайып, иреңи кубарып, көзү сүзүлүп алсырайт. Эң акыры ал сүттөй аппак кунандын жалына өбөктөйт. Эки бий күтүп, акыры Даркан билгинин жаны кеткен соң акырын жерге алып, шаты табытка чалкасынан жаткызып, акырын ийиндеп, бир добуштан: «О, кайран Даркан! Кайран билги! О, эми сени кайдан табабыз?!» — деп салтты өтөп өкүрүшүп, жайын ортосунан алып жөнөшөт.

«Каган дабыл» дүңгүрөп согулат. Жер жайнаган көп жыйын бүт дуулдап өкүрүшөт, жер теңселгендей болот.

Эл өкүрүгүн чарт эткен чагылган кесет. Көк түнөрүп, кара нөшөр төгүп кирет. Жер бетин ымырт каптайт. Ире-шере караңгыда кара жиндүү бакшынын үнү зиркилдейт. «Гү-гү! Гү-гү!» — деп боройлогон шамал менен учуп, кара нөшөр менен журт башына төгүлөт. Эл өкүрүгү улам тайыздап, улам акырындап, те алыстан алсыз ыйга айланып, «каган дабыл» үнү аралашып солгундап, күңгүрөнүп караңгы түндүн койнуна сиңет…

1975

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.