*     *     *

Сүйүктүү кайненеге:

— Апа, мени канча жаман көрсөңүз да сизди баалайм жана сыйлайм! Ошол сүйүүмдү тастыктап мен сизге Миланга жолдомо сатып келдим!

*     *     *

Башкы дарыгер оорукананы кыдырып жүрөт.

— Коронавируска шектелген оорулуунун абалы кандай?

— Жакшы эле. Өзүнчө палатага жаткырдык. Атайын диета дайындадык.

—  Эмне деген диета экен?

— Жалаң эле печенье берип жатабыз.

— Эмнеге?

— Эшиктин кычыгынан печеньеден башка эч нерсе батпай атат…

*     *     *

— Уктуңбу, коронавирустан улам Олег Винниктин бүт концерти токтотулуптур!

— Жамандык болмоюн жакшылык жок деген ушул да…

*     *     *

Укканыма караганда ар бир коронавируста «Китайнаш» деген татуировка бар имиш.

*     *     *

— Сен коронавирус жуктуруп алдыңбы?

— Ооба.

— Аның кытайдыкыбы же ирандыкыбы?

— Таарынтып жатасың досум, меники таптаза итальянский!

*     *     *

Дарыгердин кабылдамасында.

— Менин  коронавируска карата тапшырган анализим чыктыбы, доктор?..

— Ооба… Жакындаба мага!

*     *     *

Коронавируска каршы вакцина ойлоп табылганда, эмдөөлөргө каршы болуп келген динчилдерге кызыктуу бир тандоо жасоого туура келет…

Которгон Кубанычбек АРКАБАЕВ

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.