Замандаштар! Биздин арабызда адамдардын боорукерлигин пайдаланып жан баккан, канчалаган сайда саны жок кайырчылар менен кошоматчылар толуп жүрүшөт!

Ойлоп көрсөң, жүрсө жүрө беришсин, алар менен сенин эмне ишиң бар? Алардын манерасы ошондой – жалпы элде кабыл алынган кадыр-барктан ылдый жүргөндү жактырышат. Алар жардам алып жатышпайбы. Ошентип нанын таап жеп жүрүшөт да. Алар менен ишибиз болбогон соң, анда эмнеге жөн жүрө бербей, чыйпылыктап, эмне үчүн кайгырабыз?

Ал эми Сократ соттун (ал соттун өкүмү менен уу ичип өлгөн) ага боор оорушун каалап, балдарын сот залына сүйрөп келген эмес, ал сотто мындай деп айткан:

“Мен сотто ардактуу эле адамдардын кемсинүүгө барышканын көп эле көрдүм, алар өлүм келгенде өздөрүн аябагандай жаман нерсеге кабылчудай титиреп коркушат; эмне, аларды өлтүрбөй койгондо таптакыр өлбөс болуп калышмак беле!? Менимче, ушундай адамдар шаарды уятка калтырып жүрүшөт”.

Балким силер башкалардын маскара болгону, коркоктугу менен биздин ишибиз жок деп айтарсыңар? Жок, досторум! Бул андай эмес. Ишибиз бар! Өзүңөр ойлоп көргүлөчү: эгер сиздин балаңыз көчөдө кайыр сурап жүрсө, үй-бүлөңүз үчүн бул уят эмеспи? Эгерде, сиздин досторуңуздун бири татыксыз, уят ишке барса, сиздин атыңызга көлөкө түшүрбөйбү? Ажолорубуздун жана алардын тегерегиндегилер эл ырыскысын уурдагандан коркпой, кайра кусуп бергенден коркуп чет жерлерде качып жүрүшкөндөрүчү?

Коомдун ар бир мүчөсүнүн кыймыл-аракеттери, жасаган иштери ошол жашап жаткан коомдун биримдүүлүгүнө, анын бир бүтүндүгүнө таасир берет эмеспи. Демек, бир адамдын кемсинүүсү, башкалардын көзүнө ар бирибиздин кемсинүүбүз, ар бирибиздин уят болгонубуз. Мейли, сен бийликтин адамы бол, мейли, карапайым жумушчу бол, баары бир.

Сырттан келген адамдар көчөдөгү оонап жаткан масты көрөбү же алты саны аман туруп, кайыр сурап жүргөн жигитти көрөбү, ошол көргөнүнө жараша элге баа берип кетишет эмеспи. А эмне үчүн башкалар көрөт деп уялган жоругубуздан, эч ким көрбөсө деле уялбайбыз? Кудай тааланын сыноо үчүн жиберген бир кичинекей вирусу келе электе эле дүрбөлөңгө түшүп, дүкөндөгү товарларды талаганыбыз коомубузга көлөкө түшүрчү коркоктук эмеспи? Ашыкча алган эки кап ун түгөнбөс болуптурбу же аны жегенде өлбөс жандарга айланабызбы? Андан көрө, тартипке баш ийип, акылдуу адамдардын кыл дегенин кылып, жаса дегенин жасасак оң го. Кокус ун алуу үчүн котолоп жүргөндөрдүн арасынан бирөө-жарымы таажывирусун тажынып жүргөн болсо кандай болот? Үйүңө ун алып келесиңби же коркунучтуу вирустубу?..

“Анда эмесе, Афинанын эр көкүрөк адамдары, кандай ардактуу болбойлук андай жаман иштерге барбайлык, жана андай иштерге барышка башкаларга да жол бербейлик. Эгерде биз бул ишти жасаган болсок – тескерисинче, силер анда бүт шаарды уятка калтырган адамды, өзүн түз алып жүргөн адамга караганда көбүрөк күнөөлүү деп тааныгандай болгула” – деп оюн жыйынтыктайт Сократ.

Эгерде, адам такыр эле айласы кетип, үмүтү үзүлгөн абалга жетсе, коом ага жардам бере албаса же бергиси келбесе, анда ошол коом күнөөлүү. Андай коом кемсинтүүгө жана шылдың болууга татыктуу!

Өлкөбүздүн татыктуу жарандары болгула, замандаштар! Жана бул чындыкты бардыгына жеткиргиле!

Платондун “Сократтын Апологиясы” деген диалогу боюнча жазылган макаладан.

Абийрбек АБЫКАЕВ

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.