«АТА-ЖУРТ КЫЙЫН КҮНГӨ КАБЫЛГАНДА, АЙЛАНСЫН АР БИР ИШКЕР ЧАГЫЛГАНГА!»

Урматтуу ишкерлер!

JIA Бизнес-ассоциациясы жана «Элим, Барсыңбы?!» коомдук кайрымдуулук фонду «Апаатка такаат!» аталышындагы коронавируска каршы социалдык долбоорду жарыялайт.

Дүйнөдөгү Саламаттык сактоо тармагынын тажрыйбасы коронавирус илдети көбүнчө жашы 60тан өтүп калган кары адамдардын ден соолугуна жана өмүрүнө кооптуу экендигин көрсөттү.

Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги берген тизмеге таянсак, Кыргызстанда 4500 жакын багар-көрөрү жок кары адамдардын бар экени белгилүү.

“Апаатка такаат!” долбоору ишкерлердин колдоосу менен өлкөбүздүн жарандарына COVID-19 коронавирусунун жайылышына бөгөт кылуу максатында жашы улгайган адамдарга жардам берүү максатын көздөйт: mask:. Аларга коронавируска каршы антисептикалык тазалоочу каражаттар жана эң негизги деп саналган азык-түлүктөр таратылат.

Сиздин кайрымдуулугуңуз ар бир муктаж үй-бүлөнүн бүгүнкүсү жана эртеңкиси үчүн абдан маанилүү!

Андыктан, колуңуздан келген жардамды төмөндөгү “Элим, барсыңбы?!” ККФнун эсебине которсоңуз болот!

ЭЛСОМ: 0770 00 40 44

Баланс: 0770 00 40 44

МБанк:  0770 00 40 44

3 Replies to “Ишкерлер чөйрөсү «Апаатка такаат» акциясын жарыялады”

  1. Мына, башыбызга сыноо келгенде элдик ынтымак ушундай болбогондо кандай болуш керек эле! Кыргыз эли ушунусу менен баарын жеңип келген тарыхта да.

  2. Кыргыз эл кыйын кезге кабылганда,
    Кыраандар айланган бейм чагылганга!

  3. Ушундай кыйын күндөрдө билинет элдик уул-кыздарыбыз бар экени! Бул көрүнүш да элибизге ынтымакка чакырып, биримдикке кадам шилтетет деп ойлоймун…

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.