Индустан элинин даркан уулу Махатма Гандинин (1869-1948) нацисттик Германиянын башчысы Адольф Гитлерге жазган каты бар экенин англис тилинде чыккан Written in History: Letters that Changed the World” деген китептен окуган соң билдим. Китептин түзүүчүсү чыгармалары элүүгө жуук тилге которулган англиялык тарыхчы, жазуучу, журналист  Саймон Себаг-Монтефиореники (Simon Jonathan Sebag-Montefiore). Анын кээ бир чыгармалары; анын ичиндеги Сталин жөнүндөгү изилдөөсү орус тилине да оодарылган.

Эгер сиз үчүн кызыктуу болсо, өйдөдө аталган китепте Микаланжело, Даңазалуу Сулайман, Н. Мандела, И. Сталин жана башка көрөсөн тарыхый инсандардын каттары да бар. Бирок, анда М. Гандинин экинчи каты китепте толук берилбептир. Ошон үчүн экинчи каттын кыскартылбаган түп нускасы Ганди атындагы фонддун сайтынан алынды. Экинчи кат эмне үчүн кыскартылганын аны окугандан кийин ким да болсо түшүнөт деген ойдомун…

Биринчи кат

Вардха, Индия

23- июль, 1939-жыл.

Гитлер мырзага

Берлин, Германия

Кымбаттуу досум,

досторум бардык адамзаттын жыргалчылыгы үчүн Сизге кат жазууну суранып жатышты. Мен алардын өтүнүчүнө көнгөн эмесмин, себеби кандай кат жазбайын ал мен тараптан аксымдык болорун сезгем. Бирок, бүгүн анын кесепетин жана мен үчүн эмнеге турарын эсептебестен, Сизге кайрылуум керектигин туйдум.

Бүгүн Сиз адамзатты жапайы доорго сүрүп салчу согушту болтурбай койгонго жөндөмдүү дүйнөдөгү жападан жалгыз адам экениңиз айдан ачык. Сиздин максатыңыз канчалык маанилүү көрүнбөсүн, ага жетүү үчүн ушундай бааны төлөө зарылбы? Сиз согушту усул катары пайдалануудан аң-сезимдүү түрдө баш тартып, бир далай ийгиликке жетишкен адамдын кайрылуусун угасызбы? Кандай болбосун, эгер Сизге кат жазып жаңылыштык кетирсем, ал үчүн кечирим сурайм.

Ак тилегим менен

М. К. Ганди

Индус улутчулдун огунан өлгөн Махатма Ганди мен пир туткан үч саясатчынын бири. Анын британ оторчулугуна каршы уюштурган күч колдонбой күрөшүү усулу – душманга  болсо да кишидей мамиле кылуунун теңдешсиз үлгүсү. Карапайым адамдай жөнөкөй жашап, манаптык куу чирендикти билбеген  бул улуу инсандын өмүрү Ата журтка, адамзатка кызмат кылуунун эң сонун ибараты. Экинчи Дүйнөлүк согуштун отун болтурбоо үчүн 1939-жылы 23-июлда нацистик Германиянын адыйы Адольф Гитлерге жазган каты ага бир мисал.

Бул чакта Үчүнчү рейх Австрияны өз амирине өткөрүп, анан Британия, Италия, Франция менен түзүлгөн Мюнхен келишимине жамынып, обол Чехословакиянын батыш бөлүгүн өөнөп, анан өзүн баскан. Абалдан пайдаланып, Венгрия менен Польша да Чехословакиянын айрым жерлерин кымтып алганга үлгүрсө, Словакия өзүн төбөлсүз өлкө деп жарыялаган. Гитлер “немис элинин жашоо мейкиндигин” кеңейтүүгө белсенип, азуусун айга жанып, укуругу Урумга жетип турганда, Махатма Гандинин фюрерге кат менен кайрылуусу бүгүн акылсыздыктай сезилиши ыктымал. Эгер Гандинин максаты уруш отун тутандырбоо болгонун эске алсак, бул чоң эрдик эмеспи!?  Кексе Ганди катты жазып жатканда, балким кыргыз элинин “Жылуу сөз жыландын ийинден чыгарат” деген макалы тейдеги накылды ойлогондур.

Экинчи кат

1940-жылдын 24-декабры

Менин досум,

Сизге мындай жолой менен кайрылып жатканым формалдуулук эмес. Менде душмандарым жок. Өмүрүмдүн акыркы 33 жылын расасына, терисинин түсүнө же диний ишенимине карабай, бардык адамдарга достой мамиле жасап, адамзаттын текши достугуна жетишүүгө арнадым.

Адамзаттын жалпы достук доктринасынын таасири астында жашаган жакшы бөлүгү сиздин иштериңизге (аракеттериңизге) кандай мамиледе экенин билгенге убактыңыз жана ниетиңиз болот деп үмүттөнөм.

Биз сиздин эр жүрөктүүлүгүңүздөн жана өз мекениңизге жан дилиңиз менен берилгениңизден эч күмөн санабайбыз, ошондой эле сиз – өз оппоненттериңиз сүрөттөгөндөй шумдуктуу жан экениңизге ишенбейбиз.

Ошентсе да, сиздин жазган эмгектериңиз менен айткан сөздөрүңүз, ошондой эле сиздин досторуңуз менен сизди пир туткандардын айткан-дегендери – сиздин аракеттериңиздин көбү шумдуктуу экенинен жана адамзаттын насил-нарк жөнүндөгү түшүнүктөрүнө туура келбегенинен төтөнчө универсалдуу достукка ишенген мен сыяктуу адамдарды эч күмөн санатпайт. Сиз ушундай жол менен Чехословакияны кемсинттиңиз, Польшаны зордуктадыңыз жана Данияны жалмап койдуңуз. Сиз мындай окуяларды изги иш катары көрөрүңүз мага маалым. Бирок, бул сыяктуу аракеттер кишини кемсинтип кордогондук экенин бизге бала чагыбыздан окутушкан. Ошон үчүн сиздин армияңызга биз ийгилик каалай албайбыз.

Бирок, биздин позициябыз уникалдуу. Биз британ империализмине нацизмден кем эмес каршылык көрсөтөбүз. Эгер каршылык көрсөтүүдө айырма болсо да, ал масштабында гана. Адамзаттын бештен бир бөлүгү британдарга изилдөөгө алынбай турган каражаттарды колдонуп баш ийдирилген. Биздин каршылыгыбыз британ элине зыян келтирүү дегенди билдирбейт. Биз аларды ишендиргенге умтулабыз, — согуш майданында жеңгенге умтулбайбыз. Биздин куралсыз көтөрүлүшүбүз британ башкаруусуна каршы багытталган. Биз аларды ишендиребизби же жокпу, ага карабай күч колдонбой кызматташпоо жолу менен алардын башкаруусуна мүмкүнчүлүк бербөө үчүн чечкиндүү аракеттенүүгө даярбыз. Бул усул түп насилинен өзүн актабайт. Анткени жабырлануучу кайсы бир деңгээлде уурунун айтканын айткандай аткарбаса же аргасы жоктон аткарууга көнбөсө, ууру максатына жетпеси эзелтен белгилүү.

Биздин башкаруучуларыбыз биздин жерибизге жана дене боюбузга ээ болушу мүмкүн, бирок биздин жаныбызга ээ боло алышпайт… Алар ар бир индусту: эркекти, катын-калачты жана баланы кырып салып гана жерибизге ээ боло алышат. Элдин баары мындай деңгээлде баатырлык жасай албайт жана чоң коркунуч көтөрүлүштүн белин майып кылышы ыктымал, бирок аргумент ал жөнүндө болбойт. Эгер Индустанда баскынчыларга тизе бүккөндөн көрө, аларга эч кандай жамандык кылбай туруп, өз жанын өздөрү кыйууга даяр түмөн сан эркек жана катын-калач табылган болсо, алар залимдиктин зомбулугунан эркиндикке чыгуунун жолун көрсөтүшмөк.

Мен мындай эркектер жана катын-калачтар Индустанда сиз күтпөгөндөй көп табылат деп айтчу болсом, мага ишениңиздер деп суранмакмын сиздерден. Алар акыркы 20 жылда буга зарыл машыгуудан өтүштү.

Биз соңку жарым кылымда британдардын башкаруусунан бошонгонго аракет кылып жаттык. Көзкарандысыздык үчүн кыймылы эч качан азыркыдай кубаттуу болгон эмес. Эң кубаттуу саясый уюм, мен Индустандын Улуттук Конгрессин айтып жатам, бул максатты ишке ашырганга аракет кылууда.

Биз күч колдонбой аракеттенип, абдан олуттуу ийгиликтерге жетиштик. Биз дүйнөдө эң мыкты уюштурулган зулумдук – Британ бийлиги менен күрөшүү үчүн ылайыктуу каражаттарды издеп жаттык. Сиз чакырык таштадыңыз. Азырынча алардын жакшы уюшканы немисиби же англисиби, белгисиз. Биз билебиз: британдардын эзүүсү биз үчүн жана дүйнөнүн европалык эмес расалары үчүн эмне экенин.

Биз эч качан британдардын башкаруусун Германиянын жардамы менен төңкөрүүнү каалабайбыз. Күч колдонбоо уюштурула турган болсо, дүйнөдөгү бардык эң зулум күчтөрдүн кошуунуна каршы тура алчу кубатка айланары айкын экенин биз билдик. Бул техникада, мен жогоруда айткандай, жеңилүү деген түшүнүк жок. Ал өзү: өлтүрбөй же зыян келтирбей “жаса же өл” деген. Аны албетте, бир тыйын акчасы жок эле жана сиздер кемелине жеткирген кыйратпоо, бүлүнтпөө илиминин жардамысыз пайдаланса болот. Сиздин бул эч кимдин монополиясы эмес экенин көрбөгөнүңүз, мени таң калтырды. Эгер англичандар болбосо, кээ бир башка державалар сиздердин усулуңуздарды жакшыртаары калетсиз жана алар сиздерди өзүңүздөрдүн куралыңыздар менен жеңет. Сиз өз элиңизге алар сыймыктангандай мурас калтыра албайсыз. Канчалык чебер пландалган болсо да, алар жасалган мыкаачылыктар тууралуу айтып, мактана алышпайт.

Мен, ошон үчүн сиздерди адамзат үчүн согушту токтотууга үндөйм. Сиздер өзүңүздөр менен Улуу Британия ортосундагы бардык талаштуу маселелерди өз ара макулдашып, эл аралык сотко өткөрүп берсеңиздер, эч нерсе жоготпойсуздар.

Эгер сиз согушта ийгиликке жетишсеңиз, бул сиздики туура экенин далилдебейт. Бул сиздин кыйратуучу күчүңүз чоң болгонун гана далилдейт. Эсиңиздерде болсун, эч кимге жан тарпаган эл аралык сот чечими гана кайсы тараптыкы канчалык туура экенин көрсөтөт.

Сиздер билесиздер: мен жакында ар бир британдыкты менин күч колдобой каршылык көрсөтүү усулумду кабыл алууга чакырганмын. Муну жасаган себебим: британдыктар мени дос катары да, козголоңчу катары да билишет. Мен сиз үчүн жана сиздин адамдар үчүн чоочун бирөөмүн. Менде сизге кайрылуу үчүн ар бир британдыкка кайрылган кездегидей кайратым жок. Бул сизге англичандарга тийешеси бардай таандык эмес. Менин азыркы сунушум алда канча жөнөкөй, себеби ал бир кыйла оңтойлуу жана тааныш.

Биз атүгүл Европа элдеринин жүрөгү тынчтыкты эңсеп турган бул сезон учурунда өзүбүздүн тынч күрөшүбүздү токтоттук.

Күч колдонбоо усулу бул дүйнөдөгү бардык эң зулум күчтөрдүн союзун жеңгенге жарамдуу. Сиздерди британдар болбосо, башка бир держава өзүңүздөрдүн эле куралыңыздар менен жеңери калетсиз. Сиз өз элиңизге алар сыймыктангандай мурас калтыра албайсыз.

Жеке сиз үчүн эч мааниси жоктур балким, бирок үнсүз кыйкырыгын мен угуп жаткан, себеби менин кулактарым алардын үнсүз кыйкырыгын тыңшайт – миллиондогон европалыктар үчүн мааниси чоң убакыт маалында сизден тынчтык үчүн аракет жасоону өтүнүү өтө эле ашыкча эмеспи?

Мен сизге жана Муссолини мырзага жалпы бир кайрылуу жасайын деп ниет кылгам. Аны менен Англиядагы Төгөрөк үстөл конференциясына өкүл болуп бараткан кезде, Римде токтоп таанышууну мага насип кылган экен. Ал да бул катты тийиштүү өзгөрүүлөрү менен өзүнө багытталган кайрылуу ирети кабыл алат деген үмүтүм бар.

Чын дилден сиздин досуңуз

М.К.Ганди

II

Махатма Ганди Адольф Гитлерге экинчи катын жазган тушта Экинчи дүйнөлүк согуш башталып, Европанын саясый картасы жаңы боёкко боёлуп калган. 1939-жылдын 23-августтундагы Молотов-Риббентроп пактынын натыйжасында фашисттик Германия Польшаны ээлеп, артынан эле СССР Батыш Украина менен Батыш Белоруссияны ээлеген жана жыл айланбай Литва, Латвия, Эстонияда совет бийлигин орноткон.

Арааны ачылган Германия болсо Дания, Норвегия, Бельгия, Нидерландия, Люксембург, Францияны басып алып, Советтер Союзуна кол салууга белсенип жаткан. Индустан Улуу Британиянын ээлигинде болчу. Ал эми Махатма Ганди Индустандын төбөлсүздүгү үчүн күрөшкөн кыймылдын жетекчилеринин бири жана сатьяграха философиясы менен дүйнөгө белгилүү эле.

Гандинин каты – тагдырга баш ийген адамдын эмес, тарыхты жасоого жана өзгөртүүгө көзү жеткен, баскынчы канчалык кубаттуу болбосун, жеңилүүгө мажбур болорун илим-билимдин күчүнө таянып түшүнгөн жана андай оюн өзүн дүйнөнүн жарым паашасы эсептеген фюрерге ачык билдиргенден тайманбаган даанышмандын каты. Мындай катты эңгезердей күчкө ээ фюрерге түгүл бир аз мансабы жогору адамга айталбагандарыбыз канча арабызда?

Амирбек Азам уулу

One Reply to “Махатма Ганди Гитлерге эмне үчүн досум деп кайрылган?”

  1. Бул Гандинин Гитлерге катын Бир Апендинин каты десек болот.Бул катты Гитлер окубаса деле керек. Окуса деле Гитлер Аны Бир апенди жазыптыр делила!
    Кат жакшы которулган!

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.