Биринчи сабак: Адабият – сөз өнөрү

Адабият деген эмне?

Адам адам болуп жаралып, оозго тил бүтүп, мээге ой уюп, кеп үйрөнгөндөн кийин анын дүйнөсүн сөз өнөрү – адабият аралай баштайт. Наристе чакта энебиз ырдаган бешик ырындагы: Алдей, алдей, ак бөпөм,

Ак бешикке жат бөпөм, — деген саптар менен сыйкырдуу сөз ааламына кошулабыз. Адабияттын пайда болушу тилдин жаралышы менен жашташ. Адам өз оюн тил аркылуу билдире баштагандан тартып эле кебинде адабий чыгарманын алгачкы белгилерин колдонгон, сөздү образдуу, көркөм айтууга жөнөкөй түрдө болсо да аракет кылган.

«Адабият» атамасы араб тилинен («адеп» деген сөздүн көптүк сандагы мааниси) алынган. Ал эми орус тилиндеги «литература» французча аталыш, түпкү чоо-жайы латынча («литера») сөздөн келип чыккан да, бизче «тамга» деген маанини берген, жазма адабиятка карата гана колдонулган. Негизгиси «литература» деген сөз да, «адабият» деген атама да дүйнөлүк маданий өнүгүштүн тарыхында жакынкы кылымдардан бери эле колдонула баштаган. «Литература» деген терминге биринчи болуп орус сынчысы В.Г.Белинский (1811-1848) негиз салган, ага дейре мындай түшүнүк «поэзия» деп аталып келген. Ал эми «адабият» деген кепти биз, кыргыздар, XX кылымдын башында анча-мынча, көбүрөк Октябрь ынкылабынан кийин гана колдонууга кириштик, ага чейин жеке түшүнүктө «дастан», «жомок», «казал», «макал» ж.б. маанилерде, өз-өзүнчө аталып келген.

«Адабият» деген термин тар жана кен мааниде колдонулат. Кең мааниде жалпы эле китептер, макалалар адабият деп аталат. Мисалы, медициналык адабият, саясий адабият. Ал эми тар маанидегиси көркөм чыгармаларга гана тиешелүү болот. Мына ушул түшүнүктү билдирген атамасында адабият деген өнөрдүн сөзгө негизделип, сөз менен ишке ашырылган, дүйнөнү, адамдарды көркөм образдар аркылуу таанып-билүүнүн өзгөчө формасы. Ал адам коомунда оозеки жана жазма түрүндө жашайт жана киши турмушун ар тараптуу чагылдырат. Мына ошол чагылдырууда сөздү негизги материал катары колдонот.

А.М.Горький (1868-1936) адабиятты «адамтаануу» деп атаган, В.Г.Белинский болсо «адабият – элдин аң-сезими, жарыгы, жемиши, алардын жашоо турмушу» деген. Ф.Энгельс (1820-1895) француз жазуучусу О.Бальзакты (1799-1850) окуп, саясий маселелер боюнча ошол кездеги бүт Европадагы буржуазиялык тарыхчылардын, экономисттердин, статисттердин[1] эмгектериндеги маалыматтарга караганда анын романынан көбүрөк жаңы нерселерди билгендигин жазат. Ал эми кыргыз элинде жомокчулар «Манастан» үзүндү айтканда күндүр-түндүр, жамгырга, карга, мээ кайнаткан ысыкка, кыш чилдесине карабай күндөн күн, түндөн түн узатып уккан.

Уламада айтылган Токтогул ырчыны душмандары Амир Темирге (1336-1405) кармап барып, ал жерден төөгө байлатып, чөлгө кууп ийген экен. Сатылган уулу Токтогул (1864-1933) Сибирге сүргүнгө айдалды. Жогорудагы мисалдардан айтарыбыз не? Көрсө, адабият деген кайсыл заманда болбосун, кайсыл элде болбосун турмушту чагылдырып, эл менен кошо жашап, журт ичинен азык алып, алардын көйгөйүн айтып, бирөөнү сүйүнтүп, бирөөнү күйүнтүп келет экен, айлана-чөйрөнү, коомду таанытып, адамдардын көзүн ачат экен.

Жазуучу турмуш, жашоо-тиричилик кандай болсо ошол калыбында гана фотосүрөтүн тарткандай кагазга түшүрбөйт, ал ага өзүнүн мамилесин билдирет, тилек-ниетин, жакшылык-жамандык жөнүндө түшүнүгүн аралаштырат. Сөз өнөрүндө адабий чыгарма жаратып аткан сүрөткер каарманынын ички дүйнөсүн да, сырткы дүйнөсүн да бере алат, башкача айтканда, жазуучунун сөз аркылуу адам турмушун ар тараптуу чагылдырууга мүмкүндүгү бар. Адабият – бул шарттуу өнөр, анда сүрөттөлүп аткан көрүнүштөр – турмуш жандандырылып, алымча-кошумчалар киргизилүү менен айрым нерселер ойдон чыгарылат, деги эле сөз менен чагылдырууга мүмкүн болбогон көрүнүштөр жок десек да болот.

Жазуучу чыгармасында мезгилге жана мейкиндикке баш ийбейт, кайсыл доор, кайсыл эл-жер болбосун ойдун күчү менен сүрөттөп, же баяндап жаза берет. Анын дагы бир өзгөчөлүгү – жалпыга ылайыктуулугу, дээрлик көпчүлүк үчүн түшүнүктүүлүгү, албетте, ар түрдүү курактагы, ар түрдүү катмардагы окурмандарга багытталышы, ылайыкталышы мүмкүн, бирок окурман кандайдыр бир деңгээлде кабыл ала алат.

Адабияттын ар кандай коомдогу кызматы: биринчиден, дүйнө таанытат, аң-сезимди байытат; экинчиден, эстетикалык ыракат берип, рухий жактан окурманды кубантат, кайгыртат, ыйлатат; үчүнчүдөн, адамдарга тарбия берет, бул же тигил жолго түшүүгө, турмуштан тутка табууга, өз ордун издөөгө көмөк көрсөтөт.

Адабият жана илим. Көркөм өнөрдүн башка түрлөрү жана адабият

Адамдын аң-сезими коомдук турмушту ар кандай ыкмада чагылтат. Биз күнүгө эле мектепти көрүп жүрөбүз, мына ошонун өзүндө илим да, көркөм өнөр да бар. Айталык ошол кандай, бийиктиги, узун-туурасы ж.б. ар түрдүү жактары канча өлчөмдө болушу керек, канча материал кетет, мына ушунун баарын илим изилдеп чыгат, анан архитектор чиймесин чийет, жалпы көрүнүшүн аныктайт.

Төлөгөн Касымбековдун (1931-2011) «Сынган кылыч» романында кыргыз жеринде Кокон хандыгынын бийлиги өкүм сүргөн мезгил көрсөтүлөт. Бул – адабий чыгарма, ошон үчүн жазуучу романында ондогон каармандарды иргеп алып, окуяны ошолордун айланасына топтоп, чыныгы болгон тарыхка алымча-кошумчасын киргизип, жалпылаштырып, көркөмдөштүрүп, көркөм сөздүн жардамында айтып берет. Ал эми ушул эле окуяны, мезгилди тарых илими фактылар, цифралар, архивдик материалдар менен маалымат катары көрсөтөт. Образдаштыруу, көркөмдөө алар үчүн анчалык маанилүү эмес Төмөнкүдөй бир схеманы карал көрөлү:

Таблица 1. – Турмуштун искусстводо көркөм чагылдырылышы

Схемадан көрүнүп тургандай турмуш чындыгы өнөр чыгармасы аркылуу адамдын аң-сезимине өтүү үчүн биринчи кезекте көркөмдүүлүктүн мыйзамдары аркылуу иш жүргүзөт да, курулуш материалы катары бири сөздү, экинчиси үндү, үчүнчүсү мармар, чопо, гипс сыяктуу нерселерди колдонот. Мына ушуларга карап искусствонун формалары жиктелет, алардын айрымдары тартууга (сүрөт, айкелчилик), кээси көрүүгө (театр, кино, телевидение), угууга (музыка) негизденет. Ушулардын ичинен адабиятты башкалардан айырмалап турган, анда турмуш чындыгын чагылдырып, көркөмдүктү түзгөн негизги белгиси – сөз. Ошон үчүн адабиятты сөз өнөрү дейбиз. Сөзсүз адабият болбойт.

Искусство менен илимдин айырмасы жөнүндө сынчы В.Г.Белинский минтип айткан: «Философ силлогизм менен сүйлөйт, акын образ, элес менен сүйлөйт, бирок ал экөөнүн тең эле айта турганы бир эле нерсе жөнүндө. Саясий экономист статикалык эсептер менен куралданып, коомдогу тигил же бул таптын абалы тигил же бул себептер менен же оңолду, же начарлады деп өз окуучуларынын жана угуучуларынын акыл-эсине таасир этип далилдейт. Акын турмушту жандуу, ачык-айкын сүрөттөө менен көркөм сөз аркылуу, коомдогу баланча таптын абалы түкүнчө себептер менен оңолду же начарлады деп өз окуучуларынын фантазиясына таасир этип, көркөм элес менен көрсөтөт.

Бирөө далилдейт, экинчиси элестүү чагылтат, экөө тең ишендирет, бирок бирөө логикалык далил менен, бирөө элестүү сүрөт менен. Биринчисин аз гана эл угат жана түшүнөт, экинчисин бардык эл түшүнөт [2]. Бул жерде айтылгандай искусствонун түрлөрүнүн, ошондой эле илимдин бири-биринен айырмасы бар, бири бирин толуктайт, «коомго илим да, искусство да бирдей керек, илим да искусствонун милдетин аткара албайт, искусство да илимдин милдетин аткара албайт» (В.Г.Белинский)[3].

Сабакты даярдаган профессор Абдыкерим МУРАТОВ

[1] Статист – коомдогу ар кандай көрүнүштөрдү сандык жактан изилдеп чыгуучу илимпоз.

[2] Белинский В.Г. Тандалган чыгармалар. Түз.: Ж.Абдраимов. – Ф.:Кыргызстан, 1973. – 204-б.

[3] Белинский В.Г. Тандалган чыгармалар. Түз.: Ж.Абдраимов. – Ф.:Кыргызстан, 1973. – 204-б.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.