Тофалар эл жомогу: Багыш менен кабарга[1]

Тайгадан багыш менен кабарга жолугуп калышат. Багыш айтат: – Сен эмне мындай кичинекейсиң, шалпаң кулак? Алдагы түрүң менен биздин бугулар тукумун бузуп! Сапсагай түгү үлпүлдөк кабарга, өйдөгө карап айтып турганы: – Сен колтоюп турганың менен, агер түгүбүздү санаша келсек, сенин жүнүң меникинен аз… Тайга боюнча өзүндөй чоң жаныбар жок экенине бекем ишенген багыш менменсинет. Ордунан копшолот, чоюлат, керилет. Башын бийик көтөрөт. Мүйүзү те асманды сүзчүдөн бетер калдаят. – Э-э, эмне дегиң бар, балакай, – дейт басынта сүйлөп. – Жүнүбүздү теңешип […]

Насыйкат: Макаренко жана биз

1988-жылдын 13-мартында көрүнүктүү педагог жана жазуучу Антон Семенович Макаренко жарык дүйнөгө келиптир. Ал өзүнүн кыска жашоосунда балдарды тарбиялоо багытында көп иштерди жасаган, анын эмгектери бүгүнкү күнгө чейин актуалдуулугун жогото элек жана мындан ары да элге кызмат өтөй берери айдан ачык. Ал темир жол мекемелеринин жумушчусунун үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келген экен. Кремчуг шаарындагы темир жол училищасына кирип, ал жердеги мугалимдердин бир жылдык курсун аяктайт. Ошол эле окуу жайында орус тили, сүрөт жана чийүү мугалими болуп эмгектенген. Түштүк темир жолдорундагы мугалимдердин курултайын […]

Иманбек Азизилла уулу: Эгемендик кадырын билбегендер СССРди эңсейт

Жакын арада эле бир кызыктай окуя болуп өттү. Бирөө «Ушул автобус СССРге барса чыгат белең?» десе экинчиси, «С удовольствием!» деп жооп кайтарды эле, каңырыгым түтөдү. Бир адамдын мурду канабай, колго тийген эгемендиктин кадыры ушунчалык эле төмөнбү деп кейип-кепчип кала бердим. Көз карандысыздыкка канча деген эл жетпей жүргөнү менен кыйласынын иши жок окшобойбу. Улуулардын «агезде ширеңке бир тыйын болчу» деп тамшангандарын армансыз угуп чоңойдук. Качан болбосун «илгери союз маалында…» деп кайтып келбес учурга кусалуу, сагынычтуу сөз баштаса, керемет кез болгон го […]

Коронавирус жөнүндө еврейлердин анекдоттору

Күлкү – ден соолуктун мүлкү дейт кыргыз. Күлкү көп ооруларды, анын ичинен вирустуу тумоолорду жеңери илимий түрдө да тастыкталган. Жакшы маанайда шатыра-шатман жүргөн адамдын иммунитети илдет менен жакшы күрөшөт. Күлкү көңүл тазартат. Жакшы маанай дүрбөлөңдөн сактап, айыгууга жардам берет. Демек көбүрөк жылмайып, ден соолукта бололу. Ушул максатта учурда жүрүп жаткан аты жаман тумоого карата чыгарылган еврей элинин күлкүлүү анекдотторун сунуштамакчыбыз. *     *     * — Фима, жөндөн-жөн эле дүрбөлөң болбочу. Коронавирус Кытайда жасалган. Демек сапаты жок, бат эле сынат. *     *     […]

Мустай Карим: Мен кеткенде жер козголбос, былк этпес

САЛАМ АЙТАТ ГҮЛДӨР МАГА Мен кайрылып келе жатам ыраактан Өз айлыма жетине албай сүйүнүп, Жата калып суу ичемин булактан, Бүлдүркөнүн терип жеймин ийилип. «Аманбы?! — дейт гүлдөр мага, — Аманбы?!» Мага карап баш ийкешкен түрүн көр. Мен аябай сагынгамын аларды, Мени дагы сагыныптыр бу гүлдөр. Мени гүлдөр коштоп жүрдү түгөнбөй Узак сапар мүшкүлүндө жүргөндө. Ошентсе да туш болбодум силердей Жыты аңкыган татынакай гүлдөргө. Бүгүнкүдөй дале менин эсимде: Турган эле гүлгө тунуп кең мейкин. Мен ошондо — эңги-деңги кезимде Сүйгөнүмө гүлдөр […]

Спектакль «Экөө» (двое) режиссер Уланмырза Карыпбаев

Театр юного зрителя им. Б.Кыдыкеевой поставил спектакль «Экөө» (Двое) по мотивам пьесы “Старая зайчиха” автор Николай Коляда, автор проекта Людмила Молдалиева, перевод пьесы с русского на кыргызский язык Тыныбек Сыдыков, режиссер-постановщик Уланмырза Карыпбаев, художник-постановщик Аблакова Мариям, музыкальный оператор Максат Сарбаев. Жанр – современная трагикомедия в одном действии, два персонажа женщина и мужчина, аудитория – для взрослых и для молодёжи, продолжительность 1 час. Немолодая актриса приезжает в провинциальный, северный городок по приглашению. Она и несколько ее подруг должны загримироваться под негритянок […]

Латыш эл жомогу: Экинчи үндүк

Помещик бир кембагалдан пасторго эки үндүк берип жиберет. Анысын тастыктаган катты да колуна карматат. Кедей жолдон үйүнө бурулат. Бул учурда анын үй-бүлөсү ачка отурган болчу. Атасынын жолдуу келгенин көргөн балдары сүйүнгөн бойдон курчап калышат. Аялы да жетине албай жүрөт, тимеле кубанычы койнуна батпайт. Кедей бул үндүктөр өзүнө тиешелүү эместигин айтмакчы болот, бирок балдарынын кубанычына суу сепкиси келбейт. Андан көрө пастордун каарына калууну туура көрөт. Ошентип бир үндүктү үйүнө калтырууга туура келет. Жолдо катар Кудайдан кечирим сурап, бул кыйындыктан чыгарууну өтүнүп, […]

Мусакун Сатыбалдиев: Пиза мунарасындагы кыз

АҢГЕМЕ Асман толгон жымыңдаган жылдыздардын бири таш бетиндеги көрүнбөс жаракадан сызылып чыгып, акырындап барып, бөрсөйүп толгон тамчыдай төмөн карай мөлт этти. Чың тартылган жаадан атылган жебе сымал, учуктай агыш изин артынан чубалжыта сүйрөй, көз ирмемдин ортосунда караңгылыктын кучагына сөндү. Калгандары кемигенин сездиришпей дүйнө капар жымыңдашат. Негедир «күзүндө жылдыздар көп учат» деген бир муңайым дирилдек ой анын көкүрөгүнө тепчиле түшкөнүн сезди. Жан-дүйнөсүндөгү эмелеки мелмилдеп көшүп жаткан көгүлтүр көл бети дүрбөлөңгө кабылып, төө өркөч толкундар бирине бири соктугуп, ортосунан чагылган оту жарк […]

Футболдогу кызыктуу фактылар

Футбол урааны «Оле-Оле-Оленин» түбү исламдан. Болгондо да “Аллах” сөзүнүн бузулуп айтылышы болуп саналат. 8-кылымда Испанияны басып алган араптар чакырган азан кандайдыр себептерден улам испандардын коррида оюну менен фламенко бийин коштоочу ураан катары колдонула баштап, кийин футболго өткөн. Хулио Иглесиас бала кезинде футболду жакшы ойноп, мадриддик «Реалдын» дарбазасын коргоого арзыган. Бирок 20 жашында авто кырсыкка кабылган Хулио майып болгон. Кийин гитара үйрөнүп, дүйнөлүк жылдызга айланган. Бразилиядагы футбол мелдештеринин биринде шамал парашютчуларды футбол аянтынын үстүнө айдап келгени аз келгенсип, конууга да мажбур […]

Динара Бейшеналиева: Акак жол, Ак жол, Ак дүйнө…

Жети миң нота казалбайт, Жети миң калем жазалбайт… Өмүр дагы бир жүзүн ачты мага.  Билем, жүзү көп анын.  Миңге чыксаң дагы ал өзүн сага таанытпайт.  Денебиз бирде биригип, бирде бөлүнүп, көлөкөмдөй ээрчип жүрсө да аярлай калып токтолуп, жетпей калсам кууп жетип көзүнө тигилип карабаганыма көп болгон.  Анткени ал – үлкөн. Үлкөндөрдү карап не кылам. Өз акыбалымды, өз амандыгымды аяктарыма арта салып, көп менен бара жаткам. Кайдадыр бара жаткам. Эки ийнимден бирөө силккендей капыстан токтодум. Кылчайып карасам өмүр экен. Көзүнө тиктедим. […]

Конкурска: Эки дос (№9)

ЖОМОК Илгери, илгери эки дос болуптур. Алар бала кезден чогуу ойноп, чогуу жүрүп чоңоюшат. Бир үзүм нанды бөлө жеген ынтымактуу достордон болушат. Жылдар суудай агып, бат эле жигит куракка жетишет, үй-бүлө күтүшөт. Достордун бири дыйканчылык менен алектенсе, экинчиси мал багууга шыктуу болот. Жашоо шарттары, кызыгуулары ар башка болгонуна карабай экөөнүн достугу чыңала берет. Ошондой күндөрдүн биринде малчы достун жандыгы тез эле көбөйө баштаганын дыйкан дос байкайт. — Оо дос! Мал-жаның күн санап өсүп жатат. Кубанып турам… Бирок? Бирок, жандыктарыңдын мынчалык […]

Бир ырдын сыры: Жусуп Турусбеков «Энеме» поэмасы

Поэма 1933-жылы жазылган. Бул мезгилде кыргыз жаштары окууга, билим алууга умтулуп, окуу жайларына кирип, айылынан, андагы энелеринен алыстай баштаган кез. Чыгарма 30-жылдар үчүн күтүлбөгөн окуя болду, себеби анда акындар жазып жаткан фольклордон бөлүнүп чыккан профессионалдык жазма адабиятка мүнөздүү стиль көрүнгөн, б.а., акын өзүн, өз тагдырын, темага карата өз түшүнүгүн ички сезим менен классикалык жазма адабияттын таасиринде жазган. Эң негизгиси мында жаңы замандын өзгөчөлүгү көрүнгөн, ал өзгөчөлүк эки каармандын: эне менен баланын бири-бирине болгон мамилеси аркылуу көрүнөт, эне – сабатсыз, бирок […]

Конкурска: Иттин пири (№80)

УЛАМЫШ Жайылган койлорду ээн эркин оттосун деп, аларды ээрчий жүрүп отурган Кыргызбай күндө келип кетчү жайыттан өтө эле алыстап кеткенин байкады. Тээ ылдыйдагы айылын, бозүйлөрдүн четиндеги өздөрүнүн кичинекей карала боз үйүн, ары-бери басып жүргөн айылдагыларды карап жатып, өздөрүнүн үйүнөн илээлеп жай басып чыккан атасын көрдү, ичи “тыз” деп алды. Үйдө атасы Осмон экөө гана апасы мындан беш-алты жыл мурда төрөттөн каза болгон, “кара басты” болду дешти, өзү да баласы менен удаа кете беришти. Көптөн бери атасы ооруп жүрөт, тамакка табити […]

Бурулкан Кенжебекова: «Маркумдар үнү» боюнча ой толгоо

Бир китепти бир нече жолу окуганда бир нече ой толгоолор, бир нече таасирленүүлөр болору шексиз. Көчкөн Сактановдун “Маркумдар үнү” романын буга чейин бир канча жолу окуган болсом да, азыркыдай кабыл алуум болбогону өкүндүрөт. Студент кезде адабий чыгармаларды талдоого алганда жаттап алган жадыбалдай “Азыркы кыргыз адабиятында, айдалбай турган дың айдоо талаасына окшоп, изилденбей турган чыгармалар толо”- деп тартынбастан айта салаар элек. Бирок, ушул айтылган сөздүн толук маанисин өзүбүз түшүнбөгөн экенибизди быйылкы жылы “Маркумдар үнүн” кайра кайталап окуп чыгууда ынандым. Чындыгында канча […]