Конкурска: Иттин пири (№80)

УЛАМЫШ Жайылган койлорду ээн эркин оттосун деп, аларды ээрчий жүрүп отурган Кыргызбай күндө келип кетчү жайыттан өтө эле алыстап кеткенин байкады. Тээ ылдыйдагы айылын, бозүйлөрдүн четиндеги өздөрүнүн кичинекей карала боз үйүн, ары-бери басып жүргөн айылдагыларды карап жатып, өздөрүнүн үйүнөн илээлеп жай басып чыккан атасын көрдү, ичи “тыз” деп алды. Үйдө атасы Осмон экөө гана апасы мындан беш-алты жыл мурда төрөттөн каза болгон, “кара басты” болду дешти, өзү да баласы менен удаа кете беришти. Көптөн бери атасы ооруп жүрөт, тамакка табити […]

Конкурска: Акыркы түн (№79)

АҢГЕМЕ Жан дүйнөсүн бороон уруп мөндүрлөп, Жүрөк сыздапмиң бөлүккө бөлүнөт. Тарт колуңду! Ыйлабасын аялзат, Сенин жүзүң, үйбүлөңдөн көрүнөт. (Автордон) Базарга аны-муну алууга келген Мээржан капысынан инисине жолугуп калды, ушунча алыстан келип, учурашканча үйгө барып чай ичип ал-жайды сурашпайт белең дегендей жөн салды сүйлөдү. — Баргым келбеди, — иниси көңүлсүз сүйлөдү, бая жайында келгенде дарбазаны ачкан жездеси Жуман аны көрүп: — Ал үйдө жок, – деп дарбазаны “тарс” эттире жаап алганда башка чапкандайболуп, ызаланып ыйламсырап кеткен.. — Ал эт алып келдиби? […]

Конкурска: Периште кыз (№78)

Күмүш түстүү күндөн көйнөк кийинип, Ай нуруна алгансыңбы киринип. Кара жаным кыйналат эй алдыңда, Көргөн кезде өлүп кайра тирилип! Тээ көктөгү жылдыздарга жуурулуп, Ай күн болуп жүзүң турат кубулуп. Мени карап күлө көрбө суранам, Көкүрөктөн жан кетпесин суурулуп! А көздөрүң көкүрөктү өрттөгөн, Сулуусуң ээ айлананы көрктөгөн. Мөлтүр тунук карегиңдин ичине Жан болбостур бул ааламда чөкпөгөн! Дилиң таза жерге жааган ак кардай, Чачтарыңчы – бейиштеги бактардай. Таңдай теше тамшандырган эриниң, Абдан таттуу, абдан ширин, ах кандай! Көз алдымда сулуу турса эх […]

Конкурска: Аттиң ай! (№76)

Аттиң ай, мен да жалгыз, сен жалгыз. Ааламдагы айда жалгыз, күн жалгыз. Бирикпейт эки кургур эмнегедир, Кылган бейм күнөө! — деген кечире алгыс. Күн ыйлайт төгөт жамгыр булутунан. Ай ыйлайт караңгыда улутунган. Кээде ачат кабак кашын жайдар мүнөз, А бирок кол кармашпайт унутулган. Ай келет күндүн бетин өпмөк үчүн, Он эки ай кырк жылда бир көрмөк үчүн. “Тутулду”, “тутулду” деп ичи тарып, Айдаган шамалдын көр кара күчүн. Ай тосту күндүн бетин жабыркатты, Чак түштө, көлөкөлүү болуп калды, Дегендер бир бирине […]

Конкурска: Жылан менен сырдуу балка (№75)

АҢГЕМЕ Балалык куракты бекер жеринен тунук булакка салыштырышпайт тура. Анткени, ошо кезде уккан-көргөн нерселериң сезимге өчкүс болуп сакталып калат экен. Бул окуя өз жашоомдо болуп өткөн. Атамдын да айткандары эсимде калыптыр. Ал кезде жай мезгили, август айы ортолоп калган. Күз келер убакка саналуу күндөр калса да, төбөдөн тийген күндүн аптабы тамагыңды кургатып, денеңден тер мончоктойт. Огородго орнотулган жер астынан чыккан суу түтүкчөсүнөн кыштыр-жайдыр суу агып турчу. Бул да болсо атамдын жасаган мээнети эле. Жайкы, жазгы убактарда огороддо эгилген эгиндерге пайдасы […]

Конкурска: Келин (№74)

АҢГЕМЕ Мемиреген бардык сырын ичке каткан айлуу тʏн. Бʏгʏнкʏ кʏндʏ кѳп кʏнʏнʏн бири катары кабылдаса да жʏрѳгʏн кандайдыр санаа  ээлеген  келин тʏгѳйʏн кʏтʏп жатты… Тагдырына моюн сунуп ал мындай кʏндѳргѳ кѳнгѳндѳй болсо да, кѳѳдѳнʏндѳ ушундай кʏндѳр тʏбѳлʏк уланып кетʏʏсʏнѳн коркот. Канчага кʏтѳт? Качанга чейин  ушул эки кишилик орун салып, бирок жалгыз жатат? Анда жалгыз,  бойдок жʏргѳн кʏндѳрдѳн айырмасы кайсы? Бирок… бирок андагы жалгыз жʏргѳн  кʏндѳн эми келечекте жалгыз жʏрѳр кʏндѳрдʏн айырмасы бар эмеспи. Эч качан жууп, кууп кетире алгыс  «наам» […]

Конкурска: Бөлкө (№73)

АҢГЕМЕ Сиңдим экөөбүздүн тар бөлмөбүздө бир эле керебет, сабак жазууга чакан үстөл, эки чемодан бар. Сиңдим тапшырмасын түзүк жазбаса, өзүмдү күнөөлүү сезем. Ошондуктан, сиңдим сабак жазганда, мен чемоданымдын бетине деле жазам, мага ошондой, негедир көбүрөөк жагат — саякаттап жүрүп, жазып жаткандай сезилет. Негизи мен өмүр бою саякаттап жүргөндөй сезим менен жашагым келет. Жаным жай албай, бир жерге токтоп тургум келбей, бат эле жан дүйнөм тынчсызданып, жашоо токтоп калгандай сезиле берет. Жалпы бөлмөдө, кечээ күндөн бери орус адам орун алды. Ал […]

Конкурска: Кайтып келген ата (№72)

АҢГЕМЕ Операция ийгиликтүү өттү.  Врачтар  Миргүлдүн башындагы залалдуу шишикти төрт саат күрөшүп, алып салышты. Дагы бир адамга өмүр тартуулаган врач ассистенти менен оор үшкүрө жеңилдей, операция залынан чыгып, оорулуунун туугандарына жакшы кабар айтты. Туугандар жабыла рахматын айтып, Миргүлдүн карыган апасы врачтын колунан өөп, батасын берди. Өз ишин жакшы билген, таптаза кийинген, ары келишимдүү Аскарга  оорулуунун аман-эсен айыгышы, алардын рахматы ар убак күчүнө күч кошор эле. Бүгүн да эненин батасын алган Аскар толкунданып, кесибинин ары оор, ары  ушунчалык жоопкерчиликтүү экенин туйду.  […]

Конкурска: Каяша (№71)

АҢГЕМЕ Терезени черткилеген жамгыр добушун тыңшап көпкө турду. Бала кезинде жамгырда, белине түшкөн узун чачын жая салып сыртка жүгүргөндү жакшы көрөр эле. Бирок апасы урушуп үйгө киргизчү. Айласы кеткенде терезеден карап, өтмө катардан суу болуп ойноп жүргөндөй кыялданчу. “Бала кезимде апам тыйса, андан соң күйөөм… Эми минтип өзүмдү-өзүм…» — деп ойлоно үшкүрүнүп койду. Андан соң демекчи… Турмушка чыккандан бир жыл өтпөй апасына даттанган. — Менин ар бир басыгымды аңдый берет. Эч жакка чыгарбайт. Жадагалса курбуларыма кошула албай калдым. Тажадым ушундан! […]

Конкурска: Адам барбы?.. (№70)

АҢГЕМЕ Асылдын айылга келгенине бир жумадан ашып калды. Лондон четиндеги Оксфорд университетинин шаарчасында биоинженерия тармагында илимий ишин жактап, жугуштуу ооруга каршы чыгарган вакцинасын эл аралык илимий коомчулук мыкты табылга деп атап, көңүлү жайында эле. Мындай даражасы менен эң кымбат эс алуучу жайларга энесин ээрчитип, Гаваилеп, жок эле дегенде океандагы кайсы бир аты шумдук аралга барганы акчасы деле мол. Бирок Асыл үчүн тоо койнундагы атасынын эски үйүнөн өткөн эс алуучу жай жоктой. Ушул үйдө уктаса гана уйкусу канып, денесиндеги ар бир […]

Конкурска: Термос (№69)

АҢГЕМЕ Жай кап ортолоп калган. Суусамырдын кыртыштуу чөбүн тойо жеп, бээлер бир элидей казы байлап, кулундары чирене оюн салып турган кез. Өскөн адатынча жайлоонун аркы башын көздөй оттоп кеткен айгыр өз үйүрүн таңкы саанга үйүрүп келгенден кийин, желеге туйлаган кулундарды байлап коюп, кемпири менен небере келинине саан үйүрдү таштады да, экөөнүн күрмөлүп бээ саап жүргөнүн бир сааттай карап отурду. Чоң жолго барып, кечинде түгөнүп калган май чырактын керосинин алып келгени атына кайра минди. Ылдыйды көздөй бир эт бышымдай бастырыш керек. […]

Конкурска: Алмуздактагы кечил (№68)

(Адамзат тарыхындагы тунгуч кечил тууралуу аңыз) АҢГЕМЕ Бирде какыраган как талааны аралап, бирде боз чаптуу адырларды аралап, бирде тунарып, бирде ылайланып агат бу өзөн. Как талаанын койнун гүлдөтүп агат, боз чаптуу адырлардын такыр боорун бүрдөтүп агат. Жараткандын амири менен кара жер – кара жер болуп бөлүнүп, мөлтүр суу – мөлтүр суу болуп, өз-өзүнчө бөлүнгөн күндөн тарта, ушинтип акканы аккан. Тээ бир эзелки замандарда, оболку адам тукуму эси жок чыккандан кылык-жоругуна иренжиген Кудай-таала каарын төккөн замандарда, жер бетин тегиз жайпап, ойду-тоону […]

Конкурска: Тагдыр жөнүндөгү ыр (№67)

(Ара жолдо калган жоокердин окуясы) Ж. М-нын жана анын тагдырлаштарынын арбагына арнадым. I Орус менен кыргызды айра таанып айырмалайм деп эзели башы оорубаган, бу кең ааламда “кыргыз” деген эл болоорунан кыпындай да кабары жок мынабу дүйнө капар Розенберг кыштагынын жайнаган жай тургундарынын көзүнө жөн эле бир сөлпөйгөн орус болуп көрүнгөн, согуштан кийин мекенине тирүү кайтуудан өлгүдөй коркуп, коркконунан мында корголоп калып калган мусаапыр орус болуп таанылган, ошентип, каркайып карыганынча качкан-безген орустун эсебинде жүргөн кайран М…, азан чакыргандагы аты мындагы немистердин […]

Конкурска: Бегана (№66)

АҢГЕМЕ Асаттин ысыгы биздин айылда башкача аптаптуу болуп, чөпканада саратандар чырылдап, уйларды каталактаткан көгөндөр ары-бери кыңылдап учуп, иттер кургаган тилин салаңдатып акактап көлөкөдөн чыкпай, түш ченде адамдар да көрүнбөй чарпаясын салкын жерлерге жылдырып, ага жакандөсүн сүйрөй барып, балышын коюп куш уйкуга кетчү. Энем айткандай, жаны тынбаган эле биз – балдар. Кыштагыбызга дайрадан кыялатып алып келген чоң арыктын ар-ар жерине жашыбызга жараша ар кыл кылып өз колубуз менен сууну тосмолоп көлмөлөрдү куруп алганбыз, ошолорго барып, ары сүзүп-бери сүзүп жайды өткөрөбүз. Анан […]