Лу СИНЬ: Жиндинин күндөлүгү

Кытайчадан которгон Үмүт КУЛТАЕВА Чыгарманын автору жөнүндө кыска сөз Лу Синь (鲁迅, Lǔ Xùn), кытай адабиятынын тарыхында азыркы кытай адабиятынын негиздɵɵчүсү эсептелет. Ал ХХ кылымдагы улуу жазуучулардын катарында турат. Лу Синь – котормочу, редактор, сынчы, азыркы кытай адабиятында майда жанрды өнүктүргɵн жазуучу жана акын. 1930-жылдан баштап, Кытайдагы солчул жазуучулардын Шанхайдагы лигасын башкарган. Лу Синь солчул идеяны жактырып, партияга өтпөгөнүнө карабастан, Мао Цзедун өмүрү өткөнчө анын күйөрманы болгон. Лу Синь Шаосин шаарында (провинция Чжэцзян) 1881-жылы 25-сентябрда туулган, ысмын бир нече жолу которгон. […]

Эразм Роттердамскийдин «Келесоочулукту даңазалоо» аттуу чыгармасындагы учкул ойлор

Эразм Роттердамский — Түндүктөгү Кайра жаралуу доорунда жашап өткөн көрүнүктүү жазуучу, философ, окумуштуу. Өз убагында гуманитардык илимдеринин көрүнүктүү ишмерлеринин бири болуп, “Гуманистердин князы” деген каймана атка ээ болгон. Адабиятта ал адамдардын түркөйлүккө чейин жеткен акмакчылыктарын, келесоолуктарын шылдыңдап күлгөн мыкты сатиралык чыгармалары менен таанылган. Анын эң көрүнүктүүсү “Келесоочулукту даңазалоо” аттуу чыгармасы. Мына ошол эмгектен 7 цитатаны сиздердин назарыңыздарга сунуш кылабыз. Эң эле жаман осол иштер топтошкон элдин көңүлүн көтөрөт, анткени көпчүлүк адамдар келесоолук оорусуна чалдыгышкан. Акылмандуулук адамды тартынчаак кылат, ошондуктан кадам […]

Конкурска: Пайдубал (№77)

АҢГЕМЕ Жумаш чалдын балдары тың чыкты. Кичинесинен зирек чоңойгон уул-кызы тез эле чет тилдерди үйрөнүп, бири Түркия, экинчиси Германия, үчүнчүсү Орусияга иштеп кетти. Алардын алган айлыгы аябай көп окшойт, атасын да марытышты. Көк эшектен түшпөй, колхоздун сугатынан башы көтөрүлбөгөн Жумаш карыяга Жапонияда чыккан, рулу тескери бир Жип алып беришти. Айылдагы жепирейген тамын буздуруп, эми минтип келиштире эки кабат там салалы деп кеңешип, ошого азыр улуу уулу немистин борборунан пул жибериптир. Эзели намазын таштабай, эч кимди алдабай, тынч өмүр сүргөн карыя […]

Максим Горький: Түрмө

АҢГЕМЕ Шаар үстүндө кара-сур булут былк этпей турат; көзгө араң илеше титиреген ипичке өрмөгү көчөлөрдү бүт чулгап, майда жамгыр ылайлуу жерге акырын гана себелеп жатат… Полицейскийлер туш-тушун шыкала тоскон эркек жана аялдардын калың тобу суу тротуарда үйлөрдүн нымдуу дубалына ыкташа буттарын жай шилтешип, ачык угулбаган уу-дуу алардан өйдөрөөк каалгып кошо жүрөт. Түнөрүп, кара-күүгүм тарткан өңдөр, бекем карышкан жаактар, үтүрөйө жерди тиктеген көздөр. Алсыздыкты сезүүдөгү оор ызаны эптеп ичте жашырыш үчүн кай бири ылаажысыз күлүмсүрөп, дайынсыз тамаша кылымыш болот. Кыжырданган кыйкырык […]

Рахат Аманова: «Менин муң-зарлаш сулууларым» котормолор жыйнагы боюнча сын

Котормо – бул шахмат.  Менимче ушундай. Ар бир котормочу кайсы бир чет элдик калемгердин чыгармасын өз тилине оодарып атып, миң алакетке түшөт. Бир эле чыгарманын сөздөрүн,  сүйлөмдөрүн туура таап ордуна коюш үчүн түмөн комбинациялардын түйүнүн чечип, жүрүшүн андан ары улантыш керек. Котормону талдоо иши андан бешбетер азап.  Түп  нускасы орусча болсо мейли, башка чет элдик жазуучу болсо аргасыз орусчага кимиси мыкты которду экен деп,  айласыз орус адабиятчыларын казып чыгасың. Анткени кашайып орусчадан башкага биздин тил да өтпөйт. Дүйнөлүк адабиятты орус […]

Алп акындар Садырбектин котормосунда

Эдуард АСАДОВ ОҢДОСОК БОЛОТ БААРЫН, БИЗ ТИРҮҮ КЕЗИБИЗДЕ Оңдосок болот баарын, биз тирүү кезибизде, Түшүнүп ар нерсени, өкүнүп, кечиришке, Душмандан өч албастан, жакынга кытмырланбай, Досторду, жерип койгон, кайтарып өзүбүзгө. Биз тирүү турган кезде, уруксат караш артты, Көрүүгө жолубузду, келүүчү мара жакты. Ойгонуп коркунучтуу түштөрдөн, баарын иргеп, Чек коюп жоголууга, жеткирбей аза чакты… Биз тирүү кезибизде… Чыкпайт ко адам четтен Сүйгөнүн кайрып алчу, кыйылып араң кеткен? Аларды кечирүүгө, бир өмүр жетишпедик, Кечирим сураш үчүн, «өлсөк да…» маа демектен… Качандыр кетишкендер, жок […]

Диляра Тасбулатова: Баш таңмай

Өгүнү акылдуу үч эркек менен отуруп калдык. Адегенде иш жөнүндө сүйлөшө баштадык эле, анан ататтагыдай ичкилик коштолуп, ырдаганга кирдик. Орус романстары деп койолучу. Жакшы, “жыргализм” болуп отурабыз. Ичимдигибиз кымбат, портвейн (биздин үч балта эмес, Португалиядан келген, экскюзив, билген кишиге). Жыргализм күчөп, ал эмес бирөө жетине албай: — Ох ата, катындар болбогону кандай жыргал а! — деп калбаспы. Мен бышкырып ийдим. Алар эсине келе түшүп, колумдан өпкөнгө жан талашат: “Ой кечирип кой, сен укмушсуң, сулуусуң  ж.б. ж.б.” Отуруш улана берди, ликер […]

Саят Камшыгер: Биз биргебиз канатында кыялдын

Адабият – бир улутта жаралып, эгер ал чыныгы адабият болсо, барып-барып жалпы адамзаттын орток казынасына, рухий байлыгына айланат. Демек, адабияттын түпкү максаты – ар тилде сүйлөгөн адамдарды жакындаштыруу, алардын достугуна көпүрө болуу. Мына ушундай эки элдин, казак менен кыргыздын ортосунда рухий көпүрө салууга умтулуп, ал үчүн далай иштерди жасап жүргөн бир жигит бар. Анын ысымы кыргыз журтуна аздыр-көптүр таанымал болуп калды. Бул жигит – акын, Казакстан Жазуучулар союзунун мүчөсү, «Мөлтүр булак» журналынын башкы редактору Саят Камшыгер. Саят азыркы кыргыз акындарынын […]

О`Генри: Жазгырып турар нан

АҢГЕМЕ Марта Мичем айым бурчта бөлкө нан саткан чакан дүкөн иштетет (үч тепкич ылдый түшкөн жерде, эшигин ачкан кезде анын үстүнө илинген коңгуроолор шыңгырап турчу жайда). Марта айымдын жашы  кыркка чукулдап калган, анын банктагы эсебинде эки миң доллардын тегерегинде акчасы (эки миң доллар ал кезде түзүк эле акча болгон – котормочудан), оозунда салдырган эки маңдай тиши, анан өтө сезимтал жүрөгү бар. Кээ бир жүдөп-какаган, шалтурук курбулары деле эр таап тийип кетишти, ал эми Марта айым алардан төөлүк өйдө болсо да […]

Диляра Тасбулатова: Бир кафе тууралуу эки аңгеме

I. Романстар жана финанстар Акыры бир  чыгынып, өзүмдүн “концертим” тууралуу сүйлөшүп алайын деген ой менен, бир кафеге кирип калдым (мен кээде өзүмдүн кыска икаяларымды кафеде окуп калмайым бар). Жарым жыл мурун ушул кафенин директоруна биринчи китебимди тартууладым эле. Директор жок экен, кийим илгичте иштеген адам менен маектештим: ал китеп окуп отурган экен, кафеде болгону үч киши – эркектер, НДС тууралуу катуу бакылдашып атышат, анан мен. Гардеробчу: — Сиз эмне романс ырдайсызбы? Жанында отурган жумушчу кейигендей: — Романс ырдайт финанстар, — […]

Диляра Тасбулатова: Кызыл чемодандын окуясы

Маршруткада баратам, кызыл чемоданым бар. Чемодан алдыга – шоопурдун жанында ээси жоктой жалгыз турат. Аңгыча шуулдаган бир аял кирип: — Кимдин чемоданы? — Меники, — дедим. — Ичинде эмне бар? — Китептер. — Кандай, китептер? — деди аял шек санагандай. — Бирдей. — Бирдей китептер барбы чемоданда? — Ооба, көрсөтөйүнбү? — Көрсөт. Мен чемоданды ачып, аял менин баары бирдей үч китебимди көрдү. — А эмнеге бирдей? — деди аял таң калгандай. — А балким алардын айырмасы бардыр? Салыштырып көрөйүн дедим. […]

Фёдор Достоевскийдин учкул сөздөрү

*      *      * Өмүрдүн маңызына караганда анын өзүн арбыныраак аздектөө абзел. *      *      * Эркиндик карманалбаган ээнбаштыктан калас, карманууга мажбурлаган эркке эриш-аркак. *      *      * Бүт нерсенин чеги бар, чектен аттап ары өткөн соң артка кайтууга ылаажы жок. *      *      * Бакыт бакыт эмес, аны жылоолоо бакыт. *      *      * Орус эли азап-шорунан ыракат тапкансыйт. *      *      * Кучактоону билген адам – куп жакшы адам. *      *      * Чын махабатка чылк жүрөктө же кызганыч сүйүүнү өлтүрөт, же сүйүү кызганычты өлтүрөт. […]

Жек Лондон: Киш жөнүндө аңыз

АҢГЕМЕ Илгери-илгери бир заманда дал Түндүк Уюл деңизинин жээгинде Киш деген бала жашаган экен. Ал өз элинин көсөмү катары айлында атак-даңкка ээ болуп, көп жылдар бою бактылуу турмушта өмүр сүргөн. Аны эли, көзү өткөндөн кийин да зор урматтап, Кишти ооздорунан түшүрүшкөн эмес. Андан бери бир топ жыл, бир топ ай, нечен кыш, нечен жай өттү, бирок Кишти унутпай, анын иштеген иштери жөнүндөгү аңызды абышкалар жаш кездеринде өздөрүнүн ата-бабаларынан кулагы чалган, эми алар бала-бакырасына айтып берип жатышат, ал эми жаштар болсо […]

Диляра Тасбулатова: Адабий сынчы Василий тууралуу эки аңгеме

Адабий жолугушу Ушул жайда апам ооруп калып, мен күн сайын ооруканага каттап калдым. Оорукананын короосундагы тамеки чегүүчү жерде эркектер отурат – бирөөнүн буту сынса, бирөөнүн колу, кайсы биринин башы таңылган. Алар менен сүйлөшө кетип, эртең өзүмдүн аңгемелеримди ала келип окуп берем деп убада берип койдум (китебим чыга элек эле). Эртеси барактарымды көтөрүп алып жети кишилик палатага келсем, катуу жабыркаган бир эле киши калыптыр, жанында апасы олтурат. — Менин угуучуларым кайда? — Бардыгын кубалап чыгышты, — деди (кабагы бүркөө). Апасын астейил […]