Мустай Карим: Мен кеткенде жер козголбос, былк этпес

САЛАМ АЙТАТ ГҮЛДӨР МАГА Мен кайрылып келе жатам ыраактан Өз айлыма жетине албай сүйүнүп, Жата калып суу ичемин булактан, Бүлдүркөнүн терип жеймин ийилип. «Аманбы?! — дейт гүлдөр мага, — Аманбы?!» Мага карап баш ийкешкен түрүн көр. Мен аябай сагынгамын аларды, Мени дагы сагыныптыр бу гүлдөр. Мени гүлдөр коштоп жүрдү түгөнбөй Узак сапар мүшкүлүндө жүргөндө. Ошентсе да туш болбодум силердей Жыты аңкыган татынакай гүлдөргө. Бүгүнкүдөй дале менин эсимде: Турган эле гүлгө тунуп кең мейкин. Мен ошондо — эңги-деңги кезимде Сүйгөнүмө гүлдөр […]

Конкурска: Периште кыз (№78)

Күмүш түстүү күндөн көйнөк кийинип, Ай нуруна алгансыңбы киринип. Кара жаным кыйналат эй алдыңда, Көргөн кезде өлүп кайра тирилип! Тээ көктөгү жылдыздарга жуурулуп, Ай күн болуп жүзүң турат кубулуп. Мени карап күлө көрбө суранам, Көкүрөктөн жан кетпесин суурулуп! А көздөрүң көкүрөктү өрттөгөн, Сулуусуң ээ айлананы көрктөгөн. Мөлтүр тунук карегиңдин ичине Жан болбостур бул ааламда чөкпөгөн! Дилиң таза жерге жааган ак кардай, Чачтарыңчы – бейиштеги бактардай. Таңдай теше тамшандырган эриниң, Абдан таттуу, абдан ширин, ах кандай! Көз алдымда сулуу турса эх […]

Бир ырдын тарыхы: Тынчтыкка үндөгөн миң турна

НАЗЫМ ХИКМЕТ (1902 – 1963) КИЧИНЕКЕЙ ӨЛҮК КЫЗ Эшикти ач! Жолоочумун, жалгызмын, Такылдатып эшиктерди алсызмын, Туюлбаган, көрүнбөгөн жансызмын, Өлүкмүн, кан-сөлү жок кансызмын. Хиросима шаарында төрөлгөмүн, Жети жашта табытка бөлөнгөмүн, Маркумдар менен чогуу он жыл бою Соолуган өмүрүмдү сүрүүдөмүн. Кундуздай кара чачым тытмаланып, Көздөрүм сыртка агып атырылган. Тулку боюм бир ууч күлгө айланып, Чаңга айланып, асманга сапырылган. Кабатыр болбосоңуз келгениме, Маркумга бул дүйнөнүн кереги не, Денеси күлгө айланган өлүк кыз да Кант үчүн таттуу сурап келмек беле. Ук жер шары! Улан-кыздар, […]

Сүйөркул Тургунбаев: Селки түнү

— Кечээ түн таң сүргөнчө бир боз бала жарады ишке, ырахат сүрөп жан-дениме, туйладым балык сындуу койнунда түшүп терге, бейиштин түнүнөн да ушул түн артык эле — дейт лаззат алган жыргап бул түндө бир ойсоке. КЫЗЫКЕ МЕНЕН ЖЕҢЕСИ Бозбу тоодон күн чыкты, Ботокөзүм кечээ эле болжураган кыз эле, Болдукандан үн чыкты! Ала-Тоодон күн чыкты, ана-мына дегенче, алакөөдөк кыздардын алаасына жүн чыкты. Дайдыр, дайдыр, дайдырдай, азыркы кыздар айгырдай, алакандай ыштанчан бий бийлешет кайгырбай! Өктөмканым өзү эле — өлжүрөгөн кыз эле, базар […]

Ныязалы Молдо: Жигиттерге насият

I Оо, жигиттер! Билгин Алла бирлигин. Канимет өлбөй тирлигиң, Такат кылып агарткын Карайган көңүл кирлигин. Кудуретин Кудайдын Аввал-акыр барлыгын Бандасина* буйруган Парсы* ажып* жарлыгын. Чаба көрбө ар жерде, Шариаттин* карлыгын. Ойлоп жүргүн ар жерде, Караңгы гөрдүн тарлыгын. Кадыр Мавлан Эгемдин* Кудайлыгы шериксиз, Падышадур ол Кудай-а Эч бир нерсе керексиз. Кадырлыгын мындан бил, Үстүбүзгө токтотту, Бул асманды тээксиз. II Эй, окшошу жок падыша Ойдо жокту бар кылды. Кыш сымстан* болгондо, Ой менен тоону кар кылды. Алмач өркөч ингендин Бир ботосун нар […]

Салтанат Орозобекова: Таалайы бар, тагдыры бар аркимдин

*     *     * Кыйсыпыр кылса дүйнөңдү… Кыямат-кайым, күнөөбү? Жектеген сайын көктөгөн, Жек көрүп барам сүйүүмдү. Шуу үшкүргөн боюнча, Шуулдап өттү көп жылдар… Жаңылып, жаздым баскыча, Жаралуу болуш керектир? Чачылып улам жыйналган, Бул дүнүйө агат түркүндөп… Бар кызыгын көргөзгөн Баратат өмүр күүгүмдөп. Чогулган сайын күкүмдөп, Сынганың канча быркырап… Айыбым менин, айыбым… Жашадым, сүйдүм буркурап. КӨК ДЕҢИЗ … Күйүп-жанып, күткөндөрүм аялуу мелмилдеген талаа болду аягы. Кетпей куса, көкүрөктөн сароору Бүтпөс болуп бир сыйкырдын аяны… Артып жүгүн, бу бири кем дүйнөнүн Сен өзүңчө, […]

Алп акындар Садырбектин котормосунда

Эдуард АСАДОВ ОҢДОСОК БОЛОТ БААРЫН, БИЗ ТИРҮҮ КЕЗИБИЗДЕ Оңдосок болот баарын, биз тирүү кезибизде, Түшүнүп ар нерсени, өкүнүп, кечиришке, Душмандан өч албастан, жакынга кытмырланбай, Досторду, жерип койгон, кайтарып өзүбүзгө. Биз тирүү турган кезде, уруксат караш артты, Көрүүгө жолубузду, келүүчү мара жакты. Ойгонуп коркунучтуу түштөрдөн, баарын иргеп, Чек коюп жоголууга, жеткирбей аза чакты… Биз тирүү кезибизде… Чыкпайт ко адам четтен Сүйгөнүн кайрып алчу, кыйылып араң кеткен? Аларды кечирүүгө, бир өмүр жетишпедик, Кечирим сураш үчүн, «өлсөк да…» маа демектен… Качандыр кетишкендер, жок […]

Молдо Кылыч: Кыз-жигит[1]

Кыз жетиге келгенде, Энесин кошот жергеге. Ойногону курчак, Кызыгып турат кылчактап Кызыл-тазыл нерсеге… Сегизинде секелек, Ыркын башка бөлгөнү. Тогузунда толгонот, Ойго түшүп ар неме. Дебилгелеп[2] сермелеп, Жакындашат күзгүгө. Он жашында обозго[3] Оюн жакка умтулуп, Көңүл коёт комузга. Он биринде оолугуп, Көңүлдөнөт абыдан Оюн менен күлкүгө. Кыял күтө баштаган, Он экиге келгенде Кыз-келинге жакындап, Эртели кеч өргөөдө. Он үч жашта ойлонбойт, Теңтушунан өңгөнү. Буладай болуп булайып, Ай тамагы кылайып, Он төрт жашта кыз бала, Тоту куштай булактайт. Толукшуган тууган ай, Он […]

Дооронбек Садырбаев: Калктанбыз – катын намыс эркектери

ЖООДО ЖОК ЭЛГЕ Чогулсак өңчөй кыргыз өтө шокпуз, Көкүрөк көктү тиреп өтө токпуз. Көптүрүп оозубузду сүйлөй келсек, Көп элди байкелеткен көкжал топпуз. Көөдөнү түктүүлөргө туш келгенде, Көбүбүз — “үйдө баатыр, жоодо жокпуз”… Жүргөн көп ар-намысын тебелетип, Жүнбаштын катынына жемелетип. “Каңк” этип каяша айтаар уулдар аз, Калаасын алгандарга эгелешип. Жактырат андан көрө жашаганды, Жатындаш эки-экиден тебелешип. Канчага азуулууга жем болосуң? Качан сен айбаттууга тең болосуң? Кайраты касташканын жалтандырган, Каадалуу качан кыргыз эл болосуң? Калкым деп кан жөткүргөн балдарыңа Кашайгыр качан арка-бел […]

Сүйөркүл Тургунбаев: Чырдуу дүйнө

Чым-Коргондо оорукана айыбы — чыры көп деп бир карыя наалыды: чырбаш доктур чыр чыгарат дайыма, бейтаптарга туура бербей дарыны. Үкөл менен жинин кагып коём деп, мазакташат сыркоолуу жаш-карыны. Чала сабат врачтардын жарымы — бейтаптардын убал-сообун ойлобой, эси-көөнү — өз оокаты, карыны. Чыры угулуп бүт өлкөгө Чым-Коргон митингге деп Бишкек карай агылды. Чым-Коргондон от алгандай бардыгы, Кумтөр, Андаш — алтын кендер чуулары — туш-туш жактан митинг, пикет арбыды, Япон, Чили, Америкте цунами, Кабул, Багдат, Каир, Дамаск тынчыбай, эчен жылдык согуштардан куурады […]

Токтосун Самудинов: Төрт сап ыр – төрт дөңгөлөк арабадай

БИЗ – КЫРГЫЗБЫЗ Алтындан баасы канча артык, Байлыктын башын – сөз дешкен. Балбанын – эшик кайтартып, Акынын – төргө өткөзгөн… Биз – кыргызбыз! ЖАЙЛООДО Даам деген – ырыскы, Ар илдетке дары деп, Бармак малган кымызды Тартып ийдим «бали!» — деп. БИЛИНЕТ Жаштын кандай экенин Сынап көрсөң бир ирет… Жообунан билинбей, Суроосунан билинет. ЖИГИТТИК Жигиттер! Жигиттикти сыйлагыла! Аялды… Гүл менен да урбагыла! ЖАШОО – ВЕЛОСИПЕД Жашоо деген – велосипед сыңары, Минер менен педалыңды бурайсың. «Алга! Алга!» — анын жалгыз урааны, Антпедиңби? […]

Сүйөркул Тургунбаев: Дербиш ыры

Тирүүлүк деген майдандын, жунгли — жаңгалдын түгөнбөгөн ыр-чыры — мүнөткө тынчып турчубу. Жаным-жаным дебегин жаның көккө житпей тынчубу. Үйүм-үйүм дебегин үйүң токой чырпыгы. Малым-малым дебегин, малың — тоонун чымчыгы. Келгениңдей жылаңач кетериң бил — бул чыны. Алп Атлант да болбогон Асман-Жердин түркүгү. Чырсыз жүрбөс адамзат, көроокат алат тынчыңы, кетип калсаң дүйнөнүн кемибейт бир чырпымы. КУДАЙ-ТЕҢИР ӨЗҮҢДӨ Ай, күнү бар дүйнөгө адам баёо жаралды, өзү жасап көп мүшкүл «Кудай кылды» — деп алды. Билбей жакшы, жаманды — сооп иш менен убалды […]

Конкурска: Жалган ырдын катарын жайнаткандар, жайнап… акын аталды (№61)

РЕКВИЕМ Акындар Т.Муканов менен Э.Тазабековго Жардан, достон көңүл калып муздаган, Жалгыз акын, сен эмессиң сыздаган. Аялдан жок, же баладан айтпаган Алыкул да жалгыздыкта узаган.. Дайым жалгыз. Жалгыз болот акындар… Дүйнөдөгү бардык нагыз акындар. Өз жанына өзү сыйбай калганда, Тартып кетет боз мунарык закымдар… Толкун жешип, какжыраган кайыктай, Көздөн кайым болгон алар кайыптай. Өзгөнү эмес, бир гана өзүн айыптай, Толгон акын тозот окшойт айыкпай. Көз жашыңдай ырың калаар көлдөгөн, Кез келгенде окуп алар чөлдөгөн. Кур атакты алган тирүү акындан Акын улуу […]

Конкурска: Ырымды окуп кейигендир бир кайран (№57)

*     *     * Бир сүйгөнүм жерден таап баш паана, бир сүйгөнүм жар болду эле башкага. Бул дүйнөдө буйрубаган сүйүүнү көргүм келбейт, оо дүйнөлүк жакта да. Бул дүйнөнүн ылдамдыгы ок ченем, билбейм эми дагы канча от кечем? Ашырдың го азабымды башымдан, сенде жүрөк, а менде эмне жок бекен? Көздөрүңө кадалды экен деги ким? бороон-чапкын болуп жатат өмүрүм. Сыр жашырган ак сандыктын ичинде, сыр идиштей дат басууда көңүлүм. Көкүрөктө муң болбосо ыр кайдан. Күндө азап чекчү болдум мындайдан. Кол жетпеген асылдарга жазылган, […]