Лу СИНЬ: Жиндинин күндөлүгү

Кытайчадан которгон Үмүт КУЛТАЕВА Чыгарманын автору жөнүндө кыска сөз Лу Синь (鲁迅, Lǔ Xùn), кытай адабиятынын тарыхында азыркы кытай адабиятынын негиздɵɵчүсү эсептелет. Ал ХХ кылымдагы улуу жазуучулардын катарында турат. Лу Синь – котормочу, редактор, сынчы, азыркы кытай адабиятында майда жанрды өнүктүргɵн жазуучу жана акын. 1930-жылдан баштап, Кытайдагы солчул жазуучулардын Шанхайдагы лигасын башкарган. Лу Синь солчул идеяны жактырып, партияга өтпөгөнүнө карабастан, Мао Цзедун өмүрү өткөнчө анын күйөрманы болгон. Лу Синь Шаосин шаарында (провинция Чжэцзян) 1881-жылы 25-сентябрда туулган, ысмын бир нече жолу которгон. […]

Төлөгөн Касымбеков: Талаштын башы

Эски накыл Тилөө Таң куланөөк, боору түктүү кара жер күдүрөйүп, те алыстан улуу тоо кыркалары ак чаңгыл тартып көрүнө баштаган убак. Жандуу атпай кыбырап, мугамыр киши баласы эрте туруп, малын көздөп, жаш эне чукуранган наристесине эмчек салып, кадуудан алты айры бугу үйүрүн баштап маңкайып, калың токой аралап, суу бойлоп жашаңга чыккан. Бир даары боз, бир даары көк, бир даары эскилиги жеткен кара – чачырап конгон көп алачук. Эңкейген кары, эмгектеген бала, эмчектүү эне – баары өз алачугунун эшигине чыгышкан, баары […]

Мусакун Сатыбалдиев: Пиза мунарасындагы кыз

АҢГЕМЕ Асман толгон жымыңдаган жылдыздардын бири таш бетиндеги көрүнбөс жаракадан сызылып чыгып, акырындап барып, бөрсөйүп толгон тамчыдай төмөн карай мөлт этти. Чың тартылган жаадан атылган жебе сымал, учуктай агыш изин артынан чубалжыта сүйрөй, көз ирмемдин ортосунда караңгылыктын кучагына сөндү. Калгандары кемигенин сездиришпей дүйнө капар жымыңдашат. Негедир «күзүндө жылдыздар көп учат» деген бир муңайым дирилдек ой анын көкүрөгүнө тепчиле түшкөнүн сезди. Жан-дүйнөсүндөгү эмелеки мелмилдеп көшүп жаткан көгүлтүр көл бети дүрбөлөңгө кабылып, төө өркөч толкундар бирине бири соктугуп, ортосунан чагылган оту жарк […]

Динара Бейшеналиева: Акак жол, Ак жол, Ак дүйнө…

Жети миң нота казалбайт, Жети миң калем жазалбайт… Өмүр дагы бир жүзүн ачты мага.  Билем, жүзү көп анын.  Миңге чыксаң дагы ал өзүн сага таанытпайт.  Денебиз бирде биригип, бирде бөлүнүп, көлөкөмдөй ээрчип жүрсө да аярлай калып токтолуп, жетпей калсам кууп жетип көзүнө тигилип карабаганыма көп болгон.  Анткени ал – үлкөн. Үлкөндөрдү карап не кылам. Өз акыбалымды, өз амандыгымды аяктарыма арта салып, көп менен бара жаткам. Кайдадыр бара жаткам. Эки ийнимден бирөө силккендей капыстан токтодум. Кылчайып карасам өмүр экен. Көзүнө тиктедим. […]

Конкурска: Иттин пири (№80)

УЛАМЫШ Жайылган койлорду ээн эркин оттосун деп, аларды ээрчий жүрүп отурган Кыргызбай күндө келип кетчү жайыттан өтө эле алыстап кеткенин байкады. Тээ ылдыйдагы айылын, бозүйлөрдүн четиндеги өздөрүнүн кичинекей карала боз үйүн, ары-бери басып жүргөн айылдагыларды карап жатып, өздөрүнүн үйүнөн илээлеп жай басып чыккан атасын көрдү, ичи “тыз” деп алды. Үйдө атасы Осмон экөө гана апасы мындан беш-алты жыл мурда төрөттөн каза болгон, “кара басты” болду дешти, өзү да баласы менен удаа кете беришти. Көптөн бери атасы ооруп жүрөт, тамакка табити […]

Казат Акматов: Газик

АҢГЕМЕ Оштогу курбусуна барып келгенден кийин Шеримбектин мурдагы жүрүш-турушундагы көндүм болгон эрежелер кескин өзгөрүп кетти. «Беломорду» таштап «Прибойго» өттү, сакал-мурутун чач тарачка алдырганды, обу жок эле гезит-журналдарды сатып алышты, уулума деп кез-кез үйүнө оюнчук кармай келишти да койду. Баарыдан да, кеч курун жолдош-жоросуна кошула калып, пивоканаларды кыдырып кетмей адатын таштаганына аялы ичинен тынып ыраазы. Бирок: «Сага эмне болгон» деп күйөөсүнөн дароо суроого батына алган жок. «Мейли, көңүлүнө бир нерсе түшкөн го, жакшылыгына ооп бараткан кишиге таң калгандай болбоюн» деп аялы […]

Ашым Жакыпбеков: Улуу тоо (шедевр)

НОВЕЛЛА «Эки адам тоого чыкса, бири көлчүктү көрөт, бири көлчүктөгү айды көрөт» Эл сөзү Менин таңкы салкыным Таластын керме тоосунун этек жагында Күркүрөөнүн башында кош чоку бар. Мен азыр ошол кош чокунун ортосунда ак мөңгүнүн салкынында отурам. Этектен бери эки саатча атчан жүрүп, зорго чыктым. Жаңы чыгып келгенде өпкөсүн кагып, тизелери титиреп турду эле, тору ат эми араң отко кирди. Чылбырын сүйрөп, суу жээгиндеги көк майсаңда жүрөт. Тайган чарчамак беле, шимшилеп жойлоп кетти. Мен алдагайда төмөн калган өрөөндү карайм. Бул […]

Конкурска: Пайдубал (№77)

АҢГЕМЕ Жумаш чалдын балдары тың чыкты. Кичинесинен зирек чоңойгон уул-кызы тез эле чет тилдерди үйрөнүп, бири Түркия, экинчиси Германия, үчүнчүсү Орусияга иштеп кетти. Алардын алган айлыгы аябай көп окшойт, атасын да марытышты. Көк эшектен түшпөй, колхоздун сугатынан башы көтөрүлбөгөн Жумаш карыяга Жапонияда чыккан, рулу тескери бир Жип алып беришти. Айылдагы жепирейген тамын буздуруп, эми минтип келиштире эки кабат там салалы деп кеңешип, ошого азыр улуу уулу немистин борборунан пул жибериптир. Эзели намазын таштабай, эч кимди алдабай, тынч өмүр сүргөн карыя […]

Максим Горький: Түрмө

АҢГЕМЕ Шаар үстүндө кара-сур булут былк этпей турат; көзгө араң илеше титиреген ипичке өрмөгү көчөлөрдү бүт чулгап, майда жамгыр ылайлуу жерге акырын гана себелеп жатат… Полицейскийлер туш-тушун шыкала тоскон эркек жана аялдардын калың тобу суу тротуарда үйлөрдүн нымдуу дубалына ыкташа буттарын жай шилтешип, ачык угулбаган уу-дуу алардан өйдөрөөк каалгып кошо жүрөт. Түнөрүп, кара-күүгүм тарткан өңдөр, бекем карышкан жаактар, үтүрөйө жерди тиктеген көздөр. Алсыздыкты сезүүдөгү оор ызаны эптеп ичте жашырыш үчүн кай бири ылаажысыз күлүмсүрөп, дайынсыз тамаша кылымыш болот. Кыжырданган кыйкырык […]

8-Мартка карата: Апамдын маасы-гөлөшүнөн уялганым ай

ЭССЕ Апам келиптир айылдан. Мактангым келди ага. «Иштеген жеримди көрсөтөм, жүрүңүз» деп эле ой-боюна койбой алып жөнөдүм. Опера-балет театрына. Өзүм театр алдындагы вокалдык студияда окуп жүргөнүмдө эле академиялык хордун солисттигине алышкан. Заңгыраган опера-балет театрынын босогосун аттагандан кийин билдим: апамдын маасычан келгенин. «Ии-ий, кокуй, – дедим ичимден… – Апамдын бул түрүн көргөн артисттер не дейт?» Ак куудай керилген балериналар, суйкайган сулуу актрисалар кирип-чыккан жаркыраган театр имаратынын төрүн аралап, апамдын маасы-гөлөшчөн жүргөнү эч коошпойт десең эй… Айылдан келген карапайым кара кемпир менин […]

8-Мартка карата: Сени сүйүп,  мен сүйүүгө айландым

ЭССЕ Сени сүйүп,  мен сүйүүгө айландым…   Аруу сезимдин акыйкаты ушул – сени сүйүп,  мен сүйүүгө айландым,  жаным…   Айлар,  жылдар өттү андан бери…   Дале бактылуумун… *     *     * Аял сүйүүгө айланганда ааламды айланып учуп калат, аягы жер үстүнө тийип-тийбей…  Көөдөнүнө батпай толкуган аруу сезимдери менен гана жашап калат, бул дүйнөнүн агы-көгүнүн кызыгы жоголуп, сүйүүсү менен көккө учуп кетет… *     *     * Ах-х…  жаным… Гүл жыттуу жаз, сүйүү, наздуу мен…  экөөбүз гана… Кудайдын эсеби бар экенине миң мертебе тан берем… Экөөбүз жазда […]

Казат Акматов: Шыбага

АҢГЕМЕ Үлпүлдөгөн жука байбиче Насипкан. Мүнөзү тынч, сүйлөгөнү угулар-угулмаксан. Төртүнчү кабаттан сыртка деле көп чыккысы келбейт, кээде гана балконго отуруп аба жутумуш болот. Бар аракети – эч кимге жолтоо болбой, үй ичиндеги майда оокатты тымызын бүтүрө бериш. Идиш-аяк жууйт, балдардын кийиминин жыртык-тешигин жазгап, эч ким жокто үйдүн ичин тазалап, эмеректердин чаңын сүртөт. Үй ичинде аны менен кобурашаар теңтуш жок. Уулу мына үч балалуу болду. Бир кезде ушул жалгыз уулу эрмек эле өзүнө. Кийин, бала чоңойгон соң энесинен өгөйлөп, зайыбына көбүрөк […]

Аскаралы Ражабалиев: Таир дегдеткен «ачылыш»

Акын Таир Аширбайдын ыр дүйнөснө тийип-качты ой. Биз, жыйрманчы кылымдын алтымышынчы-сексенинчи жылдарынын жаштары поэзия дегенде жантыгыбыздан жата калып, ыр жыйнактарды жаздыгыбыздын астына коюп уктачубуз. Акезде кыргыз «Поэзия» кемесинин капитандары – дулдул акындар Сүйүнбай, Сооронбай, Байдылда, Омор, Жолон, Турар, Рамис, Сагын, Табылды ж.б. таланттуу жандар эле. Алардын ар биринин колдорунда «ЫР» деп аталган сыйкырдуу таякчалары бар болучу.  А, Фрунзе менен Ош поэзия-поэтика салтанат курган калаалар эмес беле! Аттигиниң, бүгүн ошондой поэзия дооран сүргөн жомоктой кумарлуу күн-түндөрдүн бири жок. Жаштардын көбү интернеттин […]

Конкурска: Бөлкө (№73)

АҢГЕМЕ Сиңдим экөөбүздүн тар бөлмөбүздө бир эле керебет, сабак жазууга чакан үстөл, эки чемодан бар. Сиңдим тапшырмасын түзүк жазбаса, өзүмдү күнөөлүү сезем. Ошондуктан, сиңдим сабак жазганда, мен чемоданымдын бетине деле жазам, мага ошондой, негедир көбүрөөк жагат — саякаттап жүрүп, жазып жаткандай сезилет. Негизи мен өмүр бою саякаттап жүргөндөй сезим менен жашагым келет. Жаным жай албай, бир жерге токтоп тургум келбей, бат эле жан дүйнөм тынчсызданып, жашоо токтоп калгандай сезиле берет. Жалпы бөлмөдө, кечээ күндөн бери орус адам орун алды. Ал […]