Коронавирус жөнүндө анекдоттор

*     *     * Сүйүктүү кайненеге: — Апа, мени канча жаман көрсөңүз да сизди баалайм жана сыйлайм! Ошол сүйүүмдү тастыктап мен сизге Миланга жолдомо сатып келдим! *     *     * Башкы дарыгер оорукананы кыдырып жүрөт. — Коронавируска шектелген оорулуунун абалы кандай? — Жакшы эле. Өзүнчө палатага жаткырдык. Атайын диета дайындадык. —  Эмне деген диета экен? — Жалаң эле печенье берип жатабыз. — Эмнеге? — Эшиктин кычыгынан печеньеден башка эч нерсе батпай атат… *     *     * — Уктуңбу, коронавирустан улам Олег Винниктин бүт […]

Коронавирус жөнүндө еврейлердин анекдоттору

Күлкү – ден соолуктун мүлкү дейт кыргыз. Күлкү көп ооруларды, анын ичинен вирустуу тумоолорду жеңери илимий түрдө да тастыкталган. Жакшы маанайда шатыра-шатман жүргөн адамдын иммунитети илдет менен жакшы күрөшөт. Күлкү көңүл тазартат. Жакшы маанай дүрбөлөңдөн сактап, айыгууга жардам берет. Демек көбүрөк жылмайып, ден соолукта бололу. Ушул максатта учурда жүрүп жаткан аты жаман тумоого карата чыгарылган еврей элинин күлкүлүү анекдотторун сунуштамакчыбыз. *     *     * — Фима, жөндөн-жөн эле дүрбөлөң болбочу. Коронавирус Кытайда жасалган. Демек сапаты жок, бат эле сынат. *     *     […]

Токтосун Самудиновдун пародияларынан

АКЫНДЫК КЕҢЕШ Бүткѳндѳй жай сурашкан кептер ошо Ѳтүндүм: «Чаначтагы жармаңардан Куйгула, сагыныпмын… эгер болсо… Берем го чѳбүңѳргѳ мен да жардам». Сүйүнбай ЭРАЛИЕВ. Ысыктан тилим кургап, каным катып, Келаткам кең ѳзүңдүн алкымында. Кѳзүмѳн суусун учат жарым кашык, Кѳрүнбѳй күмүшүң да, алтының да. Кѳңүлүм толкуй түштү бир нерсеге, Аягым тепсегенде кѳк шиберди. Кудайга ыраазымын миң мертебе, Багыма туш кылдырган чѳпчүлѳрдү. Ойлосоң – жүрѳт ко деп Кыдыр колдоп, Тагдырың терс бурулуп кетет кээде. Кабылып калсам эгер эмне болмок, Уюшуп арак ичкен кесептерге?! Ыракмат, […]

Шайлообек Дүйшеев: Демократиянын ашы

Кыргыздын берен жигиттеринин бири, экс-вице-премьер-министр Базарбай Мамбетовдун ѳтүнүчү менен жарык кѳрүүдѳ. Шайлообек Дүйшеевдин ырлары мага ушунчалык жаккандыктан, айрым жерлерин эки-үч окугандан кийин эле эсиме тутуп калып, ушул күнгө чейин отурган жерлерде жатка айтып келатам. Мен мындан 20 жыл мурдагы “легендарлуу” редактор Мелис Эшимкановдун “Асаба” гезитин сүйүп окуган окурманы болом. Тилекке каршы, бүгүн ага теңдешчү бир дагы гезит жоктугуна ѳкүнѳм. Ошол гезитке Шайлообек байкенин чыгармалары ѳзүнүн аты менен да, кийин Хасан Каскадроп деген псевдоним менен да үзгүлтүксүз жарыяланып турган. “Демократиянын ашы” […]

Диляра Тасбулатованын икаялары

Падыша жана маскарапоз Бир интеллектуал, абдан таланттуу адам кино тууралуу макалаларыма караганда, менин икаяларым кызыктуу экенин чатыма жазып ийиптир. Апам ошол замат: — И-и, ушуну укмак элең, уктуңбу? Менин бир досум, ал да укмуш акылдуу неме эле, мен ким болууну каалаганымды сураганы эсиме түштү – маскарапозбу же падышабы? — Маскарапоз болууну да, — дедим мен. — Падыша болууну да, — деди  ал, өзү жөнүндө. Апам анда: — Кызык, мындай бир тест бар – ким болгуң келет: падышанын апасыбы же келесоонун […]

Диляра Тасбулатованын икаялары: Окурмандар жана жазуучулар

Музыка – ыйык Адабият – ал да ыйык анан театр сыяктуу жана башкалар. А юмор үчүн дайым эле тумшукка, тумшукка… Сулуулук дүйнөнү сактап калат Бир жолу  Россия Федерациясынын президенти жазуучуларды кабыл алыптыр: орус адабиятынын келечеги тууралуу сүйлөшкүсү келген го, сыягы. … Мен президент болсом, мен да жазуучуларды кабыл алып турмакмын. Маселен, өзүмдүн дачамда дегендей. Анан аларга өз “икаяларымды” окуп бермекмин. Ошондо Толстой (кадимки эле Лев Николаич) менинин икаяларымды угуп, кубаттап башын ийкеп турмак. Эми Лев Николаич  абийирдүү адам катары, принцип […]

Кубанычбек Аркабаев: Жаңы жылда жертөлөгө кеттим

Ошентип, чычкан жылы чыйп этип салам айтып, чочко жылы корк этип коштошордо жертөлөгө кетип тындым эй. Үстү жакта полду дүмпө-дүмп эттиришип бүт үй-бүлөм Жаңы жылды татыктуу тосуп алуу камында. Ырымчыл катыным кечээки алып келген бир колтук гезити боюнча майрамдык дасторкон даярдап бүтүп калды. Анда жалаң гана дандан жасалган салаттар, сыр кошулган тамактар жана чычкан акең менен келемишке эмне азык жакса ошонун бары коюлган да, мага жапжалгыз бир тамак жакса ошол гана жок. Жок, мен деле айттым: — Эй, араксыз кайдан […]

Акын Токтосун Самудиновдун пародияларынан

АЗЫР ЖАНА КѲП ЖЫЛДАН СОҢ… Сен ошончо мага бүткѳн таалайсың, Билем, азыр сен бирѳѳнү каалайсың. Анткен менен экѳѳбүздүн бактыбыз Бир экенин кийин гана баалайсың. Нурпаис ЖАРКЫНБАЕВ Айтчу элем го: «Мага бүткѳн таалайсың», Антсем деле сен бирѳѳнү каалайсың. Бою кодоо, башы кашка болсо да, Аны менден артыгыраак баалайсың. Мезгил деген байлап салар мал эмес, Азыр ойлон, кийин болот сага кеч. Жазмак түгүл, түшүнбѳгѳн ырларды Ошол неме ѳзүңдѳйгѳ пар эмес! Сен чыгасың тотукуштай сыланып, Аның болбойт дестеленген гүл алып. Мурдун кѳздѳй жиберсемби […]

Акын Токтосун Самудиновдун пародияларынан

ОЙ БАККАН АКЫНДАН – КОЙ БАККАН КОЙЧУГА Коюңдун теңин  таап, теңин таппай, Короого киргизе албай жатсаң керек. Менин да оюм ырга кирбей, батпай, Энтелеп этек элек, жеңим желек. Анатай ѲМҮРКАНОВ. Касың кѳп кош аяктуу, тѳрт аяктуу, Андайда үрккѳн койго «кырройт!» керек. Мен дагы не кыларым билбей калам, Жаңы эле жазарымда ыр ойт берет. Кээ бирде карышкыр болуп улугум бар, Мендейден кантип чыксын акын булбул?! Сен байкуш кой артынан араң келсең, Үйдѳ жок адатынча катын кургур. Ой багып, онтоп коюп мен […]

Акын Токтосун Самудиновдун пародияларынан

КАЛЕМДЕШТЕРГЕ Калемдештер! Достор, ага-инилер! Бириң – эже, карындашсың – бириңер… Жашоодо кѳп кѳрѳ албастар силерди, Жалгыз менмин, ыр жазсаңар – сүйүнѳр. Мээнет – жалпак, мезгил – күлүк. Шашкыла! Мелдешкендей кѳп-кѳп ырлар жазгыла! Ал ырлардан майлуу саптар табылар Майрык ѳтүк пародисттин бактына. ♦ ♦ ♦ ЭЛДҮҮ ТҮЛКҮ, ЭЛДИК АКЫН ТУУРАЛУУ Жѳн эле айтпай, салып айттым акылга, Ошон үчүн кайрат берген акынга «Ата журтту тоноп жатат уурулар», — Деп ыр жаздым гезиттерге жакында. Аны окуган базардагы жаш келин 2 кило картѳшкѳсүн апкелип: […]

Чүш, акындардан бырс этме…

Жылдызбек Турсунбаев: Чечип жондо чепкенди, Колго кармап өпкөмдү. Кыркка таяп калганда, Көрсөтөйүн тепкенди.             Мирлан Самыйкожо: Түшкөнсүдү так төбөмө түндүгүм, Түйүп кабак, жүрдүм кечке күн бүгүн. Чек арага атым коюп салыптыр, “Чоң каранын” билбейт окшойт кимдигин?!             Мирлан Алтымыш уулу: Теңиңе албай жүрөсүң, Сөз айтсам кыт-кыт күлөсүң. Буюрса боюм өскөндө, Карап тур мени сүйөсүң!             Алтынбек Исмаилов: Жүрөктү курчап ак жалын, Канча жол сен деп […]

Бырс этмелер: Белгилүү инсандардын азилдери

«Dе-факто» жөнүндө болгон окуя Белгилүү куудул Келдибек Ниязов Нарындын Акталаасына барып калат. Таң эртең менен махорка чегип аткан бир жигиттин көгөрүп-татарып жөтөлгөнүн көргөн куудул: – Ушинтип азап тартып чекпей койсоң эмне болот? – Эч нерсе эмес байке, көп болсо «Dе-факто» гезити келгенге чейин эле, – дейт. – А при чем «Dе-факто»? – «Dе-фактодон» башка окуй турган гезит калган жок. Биз аны үзбөй окуйбуз. Бирок бир жаман жери – мындан да калың болсо жакшы болмок. Дагы бир жаман жери – мурунку […]

Белгилүү инсандардын азилдери

Тукабыз арык беле, семиз беле? Ыраматылык төкмө акыныбыз Тууганбай Абдиевдин саламаттыгы жакшы болбой жүрүп, врачтарга көрүнгөнү барат. Колу жеңил деген дарыгер Тукабызды кароодон өткөрөрү менен эле: – Сизди союш керек, – дептир. Аны уккан Тукабыз да жөн сүйлөйбү: – Йе, кокуй… арык, семиз экениме карабай элеби? – деген экен. Саргашка эмне дейт? Амантай Кутманалиев колуна айлык тиери менен базарга барып, бирок алчусун алалбай кайра келип шылкыйып турса, Шекербек Адылов сурайт дейт: – Базарда эмне кеп? – Эмне кеп болмок эле! […]

Карыбек Байбосунов: Сомдун икаясы

Мен – кыргыздын карапайым сомумун. Жарык дүйнөгө тээ жакында эле, эгемендик кыргызга тийген маалда келдим. Дегеле башкалардан озунуп жети айлык кезимде «экстренный выпуск» болуп төрөлбөдүмбү. Антпесем болмок эмес экен: бир аз кечиккенимде, мени кошуна карышкырлар туудурбай туна чөктүрмөк. Муну биле жүргүлө. Оо адегенде «акайчик» деп «кличка» коюшуп, бул валюта сөрөй ара туулду, мал болбойт дешип көзү ачыктангандар оголе көп болду. Анан мен да жөн турбай телчиге баштадым. Тырышып, тарамыш болуп чыктым. Ал кезде бир табакка – бир бөтөлкө, беш киши, […]