Бир ырдын сыры: Жусуп Турусбеков «Энеме» поэмасы

Поэма 1933-жылы жазылган. Бул мезгилде кыргыз жаштары окууга, билим алууга умтулуп, окуу жайларына кирип, айылынан, андагы энелеринен алыстай баштаган кез. Чыгарма 30-жылдар үчүн күтүлбөгөн окуя болду, себеби анда акындар жазып жаткан фольклордон бөлүнүп чыккан профессионалдык жазма адабиятка мүнөздүү стиль көрүнгөн, б.а., акын өзүн, өз тагдырын, темага карата өз түшүнүгүн ички сезим менен классикалык жазма адабияттын таасиринде жазган. Эң негизгиси мында жаңы замандын өзгөчөлүгү көрүнгөн, ал өзгөчөлүк эки каармандын: эне менен баланын бири-бирине болгон мамилеси аркылуу көрүнөт, эне – сабатсыз, бирок […]

Үмүт Култаева: Эпиграммадан пародияга… (экинчи макала)

<<<<<< Биринчи макала Буга чейин белгиленгендей, Т.Самудиновдун чыгармачылык “үч бурчтугунун экинчи жагы” кыргыз улуттук адабияттын тарыхында белдүү юморист жана пародист катары адабий сындын өзгөчө түрү – көркөм сындын мыкты үлгүлөрүн  жараткандыгында. Албетте, илимий адабияттарда дайыма жазылып жүргөндөй, Т.Самудинов бул жанрды биринчи баштаган жок. Ал өзүнө чейин калемгерлерди чычалата чымчып, окурмандардын кумарын кандыра тамшандырган жана элдин калың катмарына тарап кеткен Мидин Алыбаевдин “Адабияттык парады” менен Салижан Жигитовдун “Дарбыздан дарбыган сөздөрүнүн” салтын улай,   бул жанрды жаңы сапаттык деңгээлге алып чыкты. Калемгердин адамдык […]

Рахат Аманова: «Менин муң-зарлаш сулууларым» котормолор жыйнагы боюнча сын

Котормо – бул шахмат.  Менимче ушундай. Ар бир котормочу кайсы бир чет элдик калемгердин чыгармасын өз тилине оодарып атып, миң алакетке түшөт. Бир эле чыгарманын сөздөрүн,  сүйлөмдөрүн туура таап ордуна коюш үчүн түмөн комбинациялардын түйүнүн чечип, жүрүшүн андан ары улантыш керек. Котормону талдоо иши андан бешбетер азап.  Түп  нускасы орусча болсо мейли, башка чет элдик жазуучу болсо аргасыз орусчага кимиси мыкты которду экен деп,  айласыз орус адабиятчыларын казып чыгасың. Анткени кашайып орусчадан башкага биздин тил да өтпөйт. Дүйнөлүк адабиятты орус […]

«Манас дух»: ирреализм, эскейпизм

Жедигер Саалайдын жакынкы күндөрү жарыкка чыкканы турган «Манас дух» китебинде атайы сөз кыла турган бир поэма бар, анысы «Арыба, Күн!» деп аталат. Чыгарма бир топ эле кызык чыгыптыр, кызыгы ушу – анда көп нерсе бар:миф, утопия, фантастика, эзотерика, мистика, ошондой эле маанидеги космизм жүрөт, аян, Жер балдары, Күн эли, Алтын доор сыяктуу мифологеммалар да жетишкидей. Кай бир жерлеринде кала берсе оккултизмдин шоорат-шобурту да угула калгансыйт.Биресе бул кадыресе иштей көрүнөт: дух – рух, онгон, арбай дүйнө – жөнүндө башка ыкмада сөз […]

Садык Алахан: «Гезитчи Дзюйо» жана ал жөнүндө

«Гезитчи Дзюйо” улуу калемгердин тырнак алды көркөм туундусу. Аталышы атпай журттун баарына дайын болгон аңгеме. Ооба, аталышы гана. Республиканын жаштарынын орус тилиндеги басылмасы болгон “Комсомолец Киргизии” гезитинин 1952-жылкы 6-апрелдеги санынын акыркы 4-бетине жарыяланган. “Гезит бети” дегенде азыркы жайнаган басылмалардын чакан форматын түшүнбөшүбүз керек. Ал кездеги басылмалардын бир бети бүгүнкү гезиттердин эки бетине барабар болгондугун эске алчу болсок “Гезитчи Дзюйо” көлөмү жагынан деле дурус эле аңгеме экендиги көрүнүп турат. Автордун ысым-жөнү жазылгандан кийин “студент сельхозинститута” деген кошумча маалымат берилген. Чыгарма “Из […]

Нуралы Капаровдун «Боргул» повести жөнүндө сөз

Адатта күчтүү чыгарма окуганда ким болбосун ошол чыгарманын ичине сүңгүп кирип,  каармандары менен кошо жашап калат адам,  алар ызаланса кошо ызаланып, күлсө кошо күлүп,  эгерим көрбөгөн, билбеген чыгарманын каармандары жаны бирге жакыныңа же жок эле дегенде өң таанышыңа айланат. Көптөн бери тили көөнө кыргызча кудум чоң атам-энемдей, атам-арамдай илгерки карыялар сүйлөгөндөй кулактын кужурун кандырган жаңы чыгарма окубаганга, Нуралы агайдын “Боргул” повестин окуп чыгып,  ырахатка баттым.  Окурмандарга Нуралы агайдын “Досума кат” деген китебин окуу буюрсун дээр элем.  Бирок… Ай, таң аай… […]

Ризван Исмаилова: Алыска барар аргымак дүбүртү

Жаш акын Мирлан Алтымыш уулунун ырларына талдоо. Адабиятка батыл аралашкан калемгерлер сейрек кездешет. Дээринде угуту, сөзгө көрөңгөсү, акындык шыгы, таланты барлары “чу” деген жерден өз үнүн, дареметин тааныта алат. Жаш акындардын бири Мирлан Алтымыш уулунун ырлары колума тийгенде, “бетке айткан сөздүн заары” жок дегендей, жымсалдабай, кагазга ороп этияттанбай эле шарт-шурт бетке айткан, курч мүнөздүү “Калкка сунуш” аттуу ыры окурман көңүлүн өзүнө бурганын айт. Ырдын өзгөчөлүгү – эгемендүүлүккө ээ болгон отуз жылдын,   отуз жылдагы окуялардын элеси кино тасмасдай көз алдыңызга тартылат […]

Кеңешбек Асаналиев: Башат – II

<<<<<< Башы Ар бир элдин тагдырында түбөлүк маанисин сактаган кандайдыр бир бурулуш окуялар болот. Кыргыз элинин тагдырындагы ушундай учурдун бири, бул XIX кылымда кыргыз-орус элинин ортосундагы байланыштын башталышы. Тилекке каршы, кыргыз элинин тагдырындагы бул эң маанилүү этап тарыхый жагынан тарыхый документтердин негизинде жеткире иликтенип, далилдүү аныктама бериле элек. Маселен, мурдараак бул окуя тарыхчылар тарабынан «Россияга кошулуу» («Присоединение к России») деп келинсе, кийинчерээк жаңыча түшүнүк менен «Россиянын составына кирүү» («Вхождение в состав России») деп мүнөздөлө баштады. Анан дагы, контекстке жараша «өз […]

Улут адабияты тууралуу үч суроого акын Тайир Аширбайдан жооп

Улуттук адабиятыбыздын ооматы качан келет? Деги келеби, же өтүп кеттиби? Жооп: Жылдын төрт мезгили улам кайра алмашкандай,  адабияттагы ооматтар кете берет,  эрте жазды сагынгандай келе берет. Элге да,  жерге да келкел жомоктогу бакыттын кушу сыяктуу бүгүн учса,  эртең сөзсүз коноору анык. Адабий майдандын ээлери – калемгерлер,  көркөм сөздүн чеберлери. Эгерде сөз баккан дыйкандар маңдай тер агызып,  катуу иштешсе,  Кудайдын бергени – ошол! Адабият – миң тамырлуу, көп бутактуу дарак. Поэзия,  Проза,  Драматургия жана Котормо – Адабияттын чыныгы перзенттери. Адабият таануу […]

Рахат Аманова: «Мен туйганды туйдубу мендей адам»

же Аида Эгембердиеванын «Ооматы» жөнүндө ой-толгоо Томас Манндын «Тонио Крегер» (1903) аттуу новелласында мындай сөздөр бар: «… надо умереть,   чтобы творить великое искусство. Умереть – для жизненных радостей и наслаждений,   отказаться от всего,   что делает жизнь обыкновенного человека осмысленной,   а не то,   так и счастливой.  Всецело предаваться искусству»,   «Он всецело предался… силе духа и слова,   с улыбкой,   господствующей над темной и немой жизни». Балким улуу шедеврлерди жаратууга бизге ушундай кадам жетишпей жатабы? Билбейм,  кыргызда адабият, искусство үчүн адамдык бак-таалайынан,   бүлө […]

Ризван Исмаилова: Уйкашса, жупташса эле ыр десеңиз, адашасыз

Макалада учур адабиятынын өкүлдөрү Бекмурат Келдибаев менен Маматыйса Абдыкаимовдун чыгармачылыгына карата сын айтылат жана бүгүнкү күндөгү адабияттын оош-кыйышы туурасында учкай кеп уланмакчы… Кийинки  учурда жаштардын жаңыдан чыгарууга бел байлаган ырлар  жыйнагын  дасыккан  калемгерлерге окутуп, же чыгармачыл  чөйрөдө талкуулатып,  кандай болбосун  бир канча пикирлерди угуп,  кемчилик  менен  мүчүлүштүгүн  оңдоого болгон аракетти  байкоо кыйын. Буга азыркы адабияттагы  калемгерлердин  убактысынын жоктугу же кайдыгерлиги, кандайдыр бир тааныштык же болбосо жеке мамиледен улам окубай туруп эле  баш сөз же каалоо жаза  коюу  өнөкөтүнүн  күч алганынан […]

Жолдош Турдубаев: Адашуудан коркпогон Абдысамат

Сөздү ырлардын «кийиминен» — сырткы формасынан баштайлы, анткени автордун салттуу уйкаштан качып, ыргакты атайылап бузуп, жаӊы нук издеген мүдөөсү ачык эле байкалат. Чыйырга сыйбас саптар Кышкы жол… Асфальтчылар тынч уктай берсе болот. Кыш келди да, шоссенин айыбын жамады. Үңүлүп карай келсең, кайсы жол да, кайсы талаа? – дайынын табуу кыйын, апапакай ар тарап – Аппак чөлдөй уч кыйырсыз жайылып. Машинеге жолдон чыгып кетпөөгө – бир ориентир – жол жээктеген бак дарак. Жаз жарыш, күз күрөштөн чарчаган, (Ойготкончо алгачкы жаз нөшөрү) […]

Рахат Аманова: Декабрь ичиндеги конкурстук чыгармаларга сын мамиле

Ааламтөрдөгү окурман журтун кайдыгер калтырбаган Олжобай Шакир уюштурган адабий конкурс быйыл кызуу башталды. А кишинин « ушул декабрь айындагы чыгармаларга адабий эксперт болуп бериң»  дегениине макул болуп, колдон келишинче декабрдагы чыгармаларды улам кайталап окуп, талдап, комментарий  жазып турдум. Дегинкиси бул айдагы чыгармалар да  дымагы күчтүү келди. Адегенде эле кыштын биринчи күнү  « Шералинин чокою»  менен « Бакыбай бакшы»  деген аңгемелер жарыяланып, кызуу талкуу башталды.  Анын эртеси эле 2-декабрда « Нурамандын ак чатыры»  жарык көрүп, окурман атмай чыгарманын күчүнө тан бердик. […]

Тайир Аширбай: «Кардагы из» муздакпы же жылуубу?

Нуралы Капаров  кыргыз журтчулугуна, адабият күйөрмандарына акын катары кеңири таанымал. «Тамызгы» (1986-ж.), «Көңүл ыргагы «(1991-ж.) ыр жыйнактары аркылуу  кыргыз адабият айдыңына аттанган акын «Досума кат «(2017-ж.) аттуу китебине чейин поэзиянын казанында катуу кайнады. Айтор, акындардын кара сөзгө кайрылуусу дүйнөлүк адабиятка жат көрүнүш эмес. А.С.Пушкиндин повесттери — эмне деген кереметтер! Тим эле ажары ачылып, ак шооласы чачылып турат. Рабиндранат Тагор 1913-жылда «Гитанжали» ырлар жыйнагы үчүн Нобель сыйлыгына эгедер  болсо да, кара сөздүн көсөмүнө айланды. Кайрадан Н.Капаровго келсек, акын катары агарып-көгөргөндөн кийин […]