Карантин убагында – адабият теориясынан сабактар

Биринчи сабак: Адабият – сөз өнөрү Адабият деген эмне? Адам адам болуп жаралып, оозго тил бүтүп, мээге ой уюп, кеп үйрөнгөндөн кийин анын дүйнөсүн сөз өнөрү – адабият аралай баштайт. Наристе чакта энебиз ырдаган бешик ырындагы: Алдей, алдей, ак бөпөм, Ак бешикке жат бөпөм, — деген саптар менен сыйкырдуу сөз ааламына кошулабыз. Адабияттын пайда болушу тилдин жаралышы менен жашташ. Адам өз оюн тил аркылуу билдире баштагандан тартып эле кебинде адабий чыгарманын алгачкы белгилерин колдонгон, сөздү образдуу, көркөм айтууга жөнөкөй түрдө […]

Балдар баш көтөрбөй китеп окушат

«Китеп – билим булагы» коомдук фонду уюштурган «Китеп сааты» долбоорунун жардамы менен учурда 500гө чукул бала китеп окуп, окуганына жараша белектерин алууда. Бул долбоорго башынан бери катышкан балдар ушул кезге чейин 9-10дон китеп окушту… Эмесе сөзүбүздү ушул долбоордун негиздөөчүсү Насыпбек Асанбаевге узатсак… — Айтсаңыз, бул долбоор кандай иштейт, каякта иштейт? Эмне артыкчылыктары бар? — Бул долбоордун иштөө ыкмасы өтө эле жөнөкөй.  Эч кандай деле укмуш формуласы, башка жактан алынган алгоритмасы жок. Тагырак айтканда, биз окута турган балабызга ар бир чейректе […]

Райан Холидей: Интеллектиңди өстүрүү үчүн китепти кантип окуу керек

Китеп окуу боюнча эң жакшы кеңешти мага кадрлардын квалификациясын жогорулатуу боюнча бир кинопродюссер айткан эле. Ал өзүнүн анчалык атак-даңкы жок болсо да, 100 миллиондон ашык альбомдорун сатып, кассага миллиард доллардан ашык акча түшүргөнгө жетишкен. Ал мага мындай деген: “Райан, китептин баарын окуй берген жетишсиз, улуу иштерди жасап лидер болом десең, лидер сыяктуу окуу керек”. Ал азыркы эч ким китеп окубаган заманда, колуна китеп кармап жүрүү эле, элден башкача ойлонгон кишинин белгиси деп айткысы келди окшойт. Балким ошондойдур, бирок колуңдагы бир […]

Мекенчил таалим – баа жеткис таберик

Бай терек бой кере бийик өсүшү үчүн тамыры тереңдеши, мөмөлүү дарак бутактары жайкалып, жемиши мол болушу үчүн тамыры кенен жайылышы керек. Бул үчүн багбан кыртышты табигый, нукура азыктар менен багып, семиртиши, бакты бир тамчы да зыяндуу зат кошулбаган мөлтүр тунук суу менен сугарышы зарыл. Өзөгүндө улуттук дөөлөттөр сакталган, эзелки рухий башаттын эскирбес касиети менен каныккан таалим да балдарыбыздын ар тараптан эркин инсан болуп жетилишине өбөлгө түзөрү бышык. Албетте, улуттун келечеги кең болушу үчүн өзүбүздүн көөнө дөөлөттөрдү дүйнөлүк озгур тажрыйба менен […]

Сабыр Иптаруулу: Кыргыздын билим бешиги – Мектеп

«Мектеп» – араб тилиндеги «мактаб» деген сөздөн келген. Анын төмөндөгүдөй маанилери бар: 1. Жаза турган жер; 2. Жазуучу такта; 3. Сабак берүүчү бөлмө; 4. Өзүнчө бөлүмчө; 5. Үкөгү бар үстөл; 6. Кеңсе, расмий жай. «Китеп» (арабча «китаб») – бул сөз да арабдын «катаба» деген этиш сөзүнөн келип чыгып, төмөндөгүдөй маанилерди билдирет: 1. Жазуу, түзүү; 2. Баяндоо; 3. Жазуу жүзүндө насаат айтуу; 4. Көрсөтмө берүү. «Мугалим» – арабдын «му-аалим» деген сөзүнөн келип чыгып, 1. Үйрөтүүчү, окутуучу; 2. Устат, чебер; 3. Кожоюн […]

Дилазык: Сабак жөнүндө уламыш

Узак убакыттан кийин классташтардын жолугушуу кечесинде бир мырза агайы менен учурашып: – Саламатсызбы, агай? – деди – Мен сиздин эсиңиздеминби? Мугалим: – Жок, – деди. — Кандайча?! Мен өспүрүм кезде, сабакта чогуу окуган баланын саатын уурдап алгамын. Ал сааты жоголгонун билгенде, ыйлап баштады. Сиз, саат табылмайынча баарыбызды текшерип, тинтүүгө ала турганыңызды айттыңыз. Ошондо мен уятымдан да, коркконумдан да эмне кылышты билбей, уурум кармалып, бүт мектепке шылдың болорумду сезип турдум. Баарыбыз көздөрүбүздү жумуп, дубалды беттеп турганга буйрудуңуз. Сиз чөнтөктөрүбүздү текшерип баштадыңыз. […]

Ө-өй, бери караң: бекер китепти колтукка кысып кетчүлөр!

“Кыргыз китеп” ишканасынын жетекчиси Талант Ормушев маек. — Талант мырза, алгач сиз жетектеген ишкана тууралуу окурмандарга жалпы маалымат берсеӊиз… — “Кыргыз китеп” ишканасы 2014-жылы Өкмөт буйругу менен Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдында түзүлгөн. Ал жылы бул ишканага Атамбеков деген жигит дайындалган. Ал болсо он бештей адамды жумушка алып алган. Кызыгы, жаӊы түзүлгөндө имараты ж.б. керектүү нерселери жок экен. Министрликтин бир бөлмөсүн сурап олтуруп атышкан, бирок ал жерден да кууп жиберишкен. Алгач уюштуруу иштерине деп 3 миллион сом бөлүнгөн экен, […]

Азамат Омош: Педагогдун бир мааниси кул экен

«Мугалим — мөмөлүү дарак» дешет. Албетте, мугалимден адеп «А» тамгасын үйрөнүп, анча-мынча тарбия алып, турмуштун чоң жолуна аттанганыбыз төгүн эмес. Бирок… …бирок ушу мен кээде теңирден тескери ойлонуп, коомго, аң-сезимибизге сиңип калган түшүнүктөргө антитүшүнүктөр менен карачу болуп калдым. Ошондой антитүшүнүктөрдүн бири мээме тынчтык бербей койду акыркы күндөрү. Бир эле собол эзет. Ал собол момундай: Мугалим деген ким? Мен өзүм жатак-мектепте (интернатта) окуганмын. Биздин мектепте 5-класска чейин класс жетекчибизден тышкары тарбиячыбыз болор эле. Анан улам жашыбыз улуулап отуруп, 5-классты бүткөндө жөн […]

Дүйшөн Шаматов: Мугалимдин аброю (2-макала)

Заманыбыздын көрүнүктүү эл агартуучулары, солдон оңго: Асылбек Жоодонбеков менен Дүйшөн Шаматов. <<<<<< 1-макала Эч кандай билим берүү системасы ошол системада иштеген мугалимдердин сапатынан жогору боло албайт. Мугалимдер жаштарга билим жана тарбия берүүчү инсандар экени талашсыз. Билим сапаты мугалимдин профессионалдык деңгээлинен көз каранды. Мугалимдер күчтүү болсо, өлкөнүн бакубат өнүгүп-өсүүсүнө түздөн-түз таасир берет. А билим деңгээлинин төмөндүгү мамлекет ичиндеги саясий, экономикалык жана руханий маселелердин күчөшүнө таасир этет. Керек болсо мамлекеттин коопсуздугу менен көз карандысыздыгы да билим берүү сапатына байланыштуу. Тилекке каршы, азыр […]

Дүйшөн Шаматов: Мугалимди системанын кулу кылбайлы (1-макала)

Мугалимдин статусу Акыркы учурда дүйнө алкагында эл агартуучулардын аброю төмөн түшүп кеткенинин себептери толтура. Ошондон улам мугалимдик кесипти тандагандардын да саны кыскарып, өзгөчө эркек мугалимдердин кескин азайуусу байкалууда (илимпоздор муну мугалимдик кесиптин феминизациясы атады). Бул теманы Ивета Силова, Алан де Янг жана башка илимпоздор кеңири изилдешкен. Ушул идеяларды айтуу менен Энди Харгревиз (1995) аттуу окумуштуунун ойлоруна токтолоюн. Ал айтат: “Мугалимдин жумушу ары түйшүктүү, ары татаал. Тилекке каршы, акыркы учурда глобалдашуу доорунда; либералдык саясатка байланыштуу, мугалимдерди эч ким баалабай, жада калса […]

Олжобай Шакир: Билим берүү жана илим министри Каныбек Исаковго достук кат

Урматтуу Каныбек мырза, бул катты Сизге расмий мазмунда жазып отурганым жок. Тек гана тилектештик, санаалаштык жана достук маанайда жолдоону чечтим. Бул катты санааркап отуруп жазгандагым… Адамзат тарыхында илим-билим эң башкы байлыктардын бири. А буга биздин калктын көңүлү анчейин! Биздин эл илим-билимди байлык санабайт. Эзелтен төрт түлүк малга, жылтыраган мүлккө саргайып санаа тартып келген пейил-куюнан кутула элек калкпыз али. Билимди мал-келге айырбаштап алуучу оокаттай көрөт бир. Сыртта 21-кылым экен дебейт. Жогорку окуу жайларда колоктоп жүргөн жаштардын баары эле билим артынан куугандар […]

Бакытбек Абдуллаев: Мугалим жок – келечек жок

Окуу жылы башталып, билим берүү көйгөйлөрү көтөрүлө баштады. Бир жагынан мектеп имараты жетишпей, контейнерде окууга мажбур болсо, бир жагынан окуу китептери одоно каталар менен басылып чыгууда. Катасы жок китеп эмес, катасы аз жана катасы көп китеп деп айтып калдык. Мурдагы министр да акыры кызматтан чегинүүгө мажбур болду. Жаңы министрди толгон токой маселелер күтүп турат. Министр алмашаса эле керемет болуп кетерин күтпөшүбүз керек. Эми бул кишиге командасы менен келип 3 жылга иштегени мүмкүнчүлүк берүү керек. Депутаттар туугандарын, тааныштарын ишке орноштуруп кой […]

Дүйшөн Шаматов: Билим берүүдөгү реформалар

Азыркы учурда коомчулук билим берүү жаатында жүргүзүлүп аткан реформаларга үмүт кылууда. Дүйнөлүк алкактагы реформаларды талдоодо курулай үмүт менен үстүртөн жазылган мыйзамдар билим берүү тармагын, анын ичинде мектептерди олуттуу өзгөртө албагандыгын айкын көрсөттү. Биз Кыргызстандын жагдайында ийгиликтүү реформалар кандай болушу керек деген суроого так жооп беришибиз керек. Калкыбыз, жаш муундун өкүлдөрү чыныгы адистерге абдан муктаж болуп турат. Ошондуктан билим берүү тармагында иштеген адистер ийри отуруп түз кеңешип, өлкөбүз үчүн зарыл, туруктуу жана жугумдуу реформаларды жүргүзүшүбүз керек. Ал үчүн эл аралык тажрыйбага […]

Людмила Молдалиева: Лебедь, Рак да Щука

(О некоторых проблемах народного образования) Прошедшее в конце августа заседание правительства, на котором рассматривался вопрос о деятельности министерства народного образования КР  и Академии образования, вселило надежду на улучшение качества образования нашего подрастающего поколения. Никогда не смотрю такие передачи, а тут включив телевизор, и увидев эмоциональное  выступление премьер-министра заинтересовалась. Все что там было сказано – это конечно, середина айсберга, не хочу сказать верхушка айсберга, потому что это будет несправедливо по отношению к тем, кто работает в этой сфере. Самое отрадное, что […]