Видео: Алла деген сөз микробдой жайылып кетти

Ажыкелердин оозун карап отурганча өз алдыбызча ой калчай турган кезең. Өнүгөөр элдер илимий ачылыштарды, илимий революцияларды жаратууда. А биз молдокелердин оозун караган караңгы калкпыз… Бүгүн бир да ажыкенин колунан бок келбейт. Илим гана сактай турганын аңдайлы… Диний фанаттардын армиясы элди коргой албайт. Бир гана илим коргойт. Андыктан кыргыз, илимдүү-билимдүүлөрдү тарбиялайлы!  

Уйкудагы улут: Караңгы калайык Чубак менен Абдышүкүрдү олуядай көрөт

<<<<< Башы Амирбек Усманов (Азам уулу): Өткөндөгү “Уйкудагы улут” талкуусунда акын Азамат Омош жана социолог Рахат Аманова бүгүнкү коом үчүн абдан маанилүү маселеге эки башка өңүттөн көңүл бурушкан эле. Бирок ал тема талкууланбай калды. Көйгөй көпчүлүккө түшүнүктүү болушу үчүн Азаматтын сөзүн эсиңиздерге сала кетейин дагы сөзүмдү улайын. “Ислам дини адамды билимдүү болууга чакырат, бирок исламдагы бул кырдаал буга караманча каршы келет. Биз бүгүн исламдын ички философиясын эмес, анын сырткы көрүнүшүнө басым жасап жаткандайбыз. Ал эми исламдын беткабын жамынган бүгүнкү биздеги абал […]

Абийрбек Абыкаев: Ислам дини менен кыргыз салтынын айкалышы… (2-бөлүк)

<<<<<< Башы Бардык нерсе ниеттен. Өмүрдүн ар бир күнү өткөн соң ал күндү жыйынтыктап: “Оо, жараткан Алла, бүгүнкү күнү өткөзгөн өмүрүмө, ушул күндү бергениң үчүн өзүңө ыраазымын” деген жөнөкөй эле сөздөрдү айтыш өтө кыйын экен. Атаганат десең, ар бир күн эле сен ойлогондой өтпөйт тура. Алдыга койгон максатыңа, тилеген тилегиңе барчу жолдо ар качандан бир качан тоскоолдук жаралып, тагдыр улам жаңы сыноосун жиберет. Жазмыштын кылганынан эч бир жан, кедейиби, байыбы кутула албайт көрүнөт. Ар биринин өз чаркына, арбайына жараша көйгөйлөрү […]

Абийрбек Абыкаев: Ислам дини менен кыргыз салтынын айкалышы… (1-бөлүк)

ОЙ ТОЛГОО Миң алакетке түшсөм да, тонналаган китептерди окусам да, кылбаган жумушум калбай тажырыйба топтосом да, кудай талант бербеген соң айтайын деген оюмду Шайлообек Дүйшеев сыяктуу сөздүн аңкыган жыттуу гүлдөрү менен көркөмдөп, ойкуштатып оюу салып, түрлөнтүп түр салып, бир окуп баштап алган киши аягына чыккыча баш көтөрбөй окулган “Агындыларын” жазгандай жаза албайм, ал сыяктуу сөз чебери боло албайм, кудай илхам бербесе, жашым азыр андан улуу болгонум менен Абай Кунанбай уулу 59 жашка жете жашап жазып калтырган “Кара сөздөр” сыяктуу терең […]

Араб кол башчысын даңктоо бизге зарылбы?!

VIII кылымдагы араб аскер жортуулдары жана Кутейба ибн Муслимге таандык деп жоромолдонгон Ноокаттагы бейит тууралуу блог. «Эл тамыры — Жер тамыры». Түгөлбай Сыдыкбеков Тарыхты үйрөнүүнүн зарылдыгы Тарых санжыраларда, эстеликтерде, китептерде, окуулуктарда, музейлерде эле жашабайт. Тарых элдин аң-сезиминде жашап, эртеңки келечегин да аныктайт, багыт берет. Ал эми келечек өлкө лидерлеринин даанышмандыгына, элдин билим деңгээлине, аң-сезимине, тутунган багытына жараша болорун Кыргызстандын соңку тарыхы айкын көрсөттү. Кыргызстанда эгемендик жылдары улутту уңгу жолго багыттоо, жарандарды өз маданиятына, салт-санаасына, тарыхына аяр мамиле кылып, урматтоого үйрөтүү […]

Араб акылмандарынан жашоого болгон 10 эреже

Ар замандын философиясы келечектеги муундардын ойлонуусуна жаназык болор ар кандай кыска, бирок көп нускалуу сөздөрдү калтырышкан. Өз кезегинде Чыгыш акылмандарынын санат кептери башкалардан так жана тереңдиги менен айырмаланат. Төмөндө араб акылмандарынын ар кандай шарттарда колдонсо болор 10 кеңешин сунуштайбыз.   Эгерде досум менин душманым менен достошсо, андай достон кол үзкөнүм оң. “Уу кошулган кантты жеп алгандан сактангыла, өлгөн жылаанга конгон чымындан сак бол” – деп жазган 11-кылымда Персиядан чыккан дарыгер жана философ Авиценна. Бул сөздү мааниси адамдарга этият мамиле кылып, […]

Олжобай Шакир: Кыргызды тотукушка айланткан ислам

“Элден айланса болот, элдин башын айлантса да болот”. Төлөгөн КАРЫКЕЕВ Кыргызстан билим берүү, агартуу жаатында эң артта калган мезгилде улуттун башын айландырма исламдын ырым-жырым, догмалары кадам сайын күчөп, кадам сайын түркөйлүккө кезигесиң бүгүн. Аң-сезимди тумандаткан исламдын зыяндуу түшүнүктөрүнүн калыптануу себептери да тереңде жатат. Ушундан улам калкты караңгылыкка тарткан күчтөрдүн гана күнү тууп турган кезең. Мурда эле ашынган мусулманчылыктын терс идеялары караңгы доордогу патриархалдык-феодалдык коомдо жашаган ата-бабаларыбыздын көзкарашына, кан-жанына сиңе түшкөн экен, ошол көчмөн коомдун муктаждыктарына жуурулушкан идеологиялык элестер, эми кайрадан […]

Алишер Навои менен күнүмдүк абыгер

Өзбек элиндеги болмуш Жаш жигит ата-энесинин көзү өткөн соң кара жандын камын ойлоп, күнүмдүк жумушта иштеп нанын таап жүрдү. Бала элпек, боорукер, зирек болучу. Базарда эки адамдын урушканын көрсө, дароо барып элдештиргенге аракет кылат. Бирөөнүн арабасы балчыкка тыгылып калса, ахалап-өхүлөп түртүп чыгарышат. Айтор, колунан келгенин кылып, элге эртеден кечке жардам берет. Акылман Алишер Навои баланын мээнеткечтигин элден угуп ичинен ыраазы болот. Алдынан чыгып калса баладан биринчи учурашат, баланын саламын күтпөй. Ушундай акылман белгилүү адам сый-урмат менен учурашканына аябай таң калат. […]

Дилазык: Адамдар жөнүндө терс ойдо болбо

Уламыш Мурад деген Султандын эч кимге таанылбай карапайым адамча кийинип, эл ичин аралап, алардын жашоолорун байкап көрө турган адаты боло турган. Ушундай түндөрдүн биринде Султан жанына жан сакчы башчысын ээрчитип келатып, жерде кыймылсыз жаткан адамды көрөт. Жакын барып караса, өлүп калган болот. Ары-бери өткөн эл ага көңүл бурбай өтүп кетип жатты. Султан алардын бирин токтотуп, суроо узатты: “Бул бечара эмне үчүн көмүлбөй жатат? Бул ким? Үй-бүлөсү барбы? Ага: “Бул бир жүргөн аракеч, аягы суюк, бузулган неме”.— дешти. Султан тактап кирди: […]

Чубак ажынын этнограф-тарыхчы Саул Абрамзондун маалыматын жокко чыгарар далили барбы?

«Февраль айынын акырына же март айынын башына туура келген Жаңы жыл майрамы милдеттүү түрдө өткөрүлгөн жана Ысык-Көлдө оруздама (персинин «Нооруз» деген сөзүнөн) деп аталат. Өзүнүн келип чыгышы боюнча кээ бир диний түшүнүктөр элдик салттар менен өзүнчө бир айкалышканы менен бул майрам диндик мүнөздөн оолак болгон. Анын негизги мазмуну жаздагы жаратылыштын жандануу идеясына байланыштуу. Майрамдын убагында буудайдан, талкандан, быштактан, дагы ушул сыяктуулардан — азыктын жети түрүнөн көжө бышырып, коңшуларын жана тууган-туушкандарын мейманга чакырышып, жакшылык тилектерин айтышкан. Кээде айылдын калкы чогулуп, от […]

Ислам санаттарынан: Текебердик – белиңе байланган ташка окшош, аны менен сүзө да, уча да албайсың

Чекит – бардык чийиндердин негизи. (Мансур аль-Халладж) Кимдир-бирөө өз акыйкатына жете алса, эч бир ишенимге байланмак эмес. (Ибн Араби) Эмне издегенин билбеген, тапканына да ишенбейт. (Атауллах Искендери) Үрөөн эк, өнүп чыкпаса топурак уялсын. (Нежип Фазыл) Окула турчу эң чоң китеп – адамзат. (Ажы Бекташ) Адамдардын эң төмөнү – өзүн мактагандарга ыраазы болгондор. *      *      * Сураганын бербесең таарынып, капа болуп, сага каарын төккөндөр чыныгы достор эмес. *      *      * Текебердикти көтөрүп жүргөн баштан акыл издеп таппайсың. *      *      * Адамдарга […]

Сабыр Иптаруулу: Кыргыздын тилеги – Ыйман

Жаттым тынч, Жаздыгым кенч, Тилим Куран, Тилегеним – ыйман… (Элдик айтым). Ыйман тууралуу сөз кылуу жеңил эмес. Себеби, анын мааниси баарыбызга белгилүү, түшүнүктүү сезилген менен, бул түшүнүктүн төркүнү дин, илим, турмуштук тааным салааларында ар түрдүүчө аңдалып, чечмеленип келет. Чыгаан аалым, залкар сөз зергери Х.К.Карасаев бул түшүнүккө мындай чечмелөө берет: «Иман арабдын сөзү. Ишенүү, уюу, берилүү деген мааниде… Алла бирөө гана жана Мухаммед Алланын эл ичине жиберген өкүлү деп ишенүү. Алла тааланын бардыгына жана анын периштелеринин бардыгына жана анын асмандан түшкөн […]

Искендер Ормон: Мусулмандар мусулманчылыкта артта калды

“…Кайсы-бир коом өз абалын өзгөртмөйүн Аллах ал коомду өзгөртпөйт..” Рад сүрөөсү, 11 “Европадагылар биз ишенген исламдын баалуулуктары менен жашайт экен…”  деп түрктөрдүн улуттук гимнин жазган улуу акын жана ойчул Мехмет Акиф Эрсой осмондук империянын акыркы күндөрүндө Европага болгон саякатынан кийин сөз кылганы бар. Ошол эле мезгилдин каарманы, азыркы Пакистан өз алдынча мамлекет болгонго чейинки аймактан чыккан  философ, акын жана жазуучу Мухаммед Икбалдын, “мусулмандар дүйнөгө өздөрүнүн исламдын өкүлү эмес экендигин жана мусулмандарга карап бул динди баалабаса туура боло тургандыгын түшүндүрө алса, […]

Олжобай Шакир: Өлүмгө чакырык таштаган таксырлар

“Диндин басып өткөн тарыхын карагыла, ал бизге эмне берди? Алардын бардык жердеги терс аяктыгынан жер үстүндө өлүктөр жайнап, кара жер кан жутту, шаарлар өрттөлдү, канча өлкөлөр ойрондолду, бирок дин адам баласын асылдандыра алган жок”. Клод Андриан ГЕЛЬВЕЦИЙ (1715-1771), француз философу Аргаң жок күлөсүң таксырларга. Коомчулукта ЛГБТ көйгөйү көтөрүлдү эле, селдечендер жер сабаган тукурукту баштады. Чубак ажы Жалилову чыкты гейлерди өлтүрүүгө чакырык таштап. Феминисттер уюштурган акция ушунчалык шаштысын алган экен, тезинен муну коомчулукка жайылткыла, депутаттарга талап койгула, атайы мыйзам кабыл алсын […]