Дооронбек Садырбаев: Оорусун Ата-Журттун мойнуна алып…

Бүгүн, 21-март — улуу акын Алыкул Осмоновдун туулган күнү НЕГЕ, НЕГЕ? Тагдыры төрөлгөндөн азуу жанып, Тар кыя сапар чектеп катуу багыт. Теңирден тилеп алган энесине, Тез эле оо дүйнөнүн мөөрүн тагып. Атасын андан кийин атказыптыр, Алыска акыреттик жолго салып. Ааламдын агын-көгүн биле электе, Азапты жаадырыптыр долуланып. Аз күлүп, арбын ыйлап жаагын жанып, Айылда жездесинин малын багып. Далбасын тирүүлүктүн кылган экен, Далай күн суусун алып, отун жагып. Өңүнө из калтырса, аптап күндөр, Өпкөсүн ызгаары күч суук кагып. Кендири кесилиптир кенедейден, Кээде […]

Платон демократиянын ордуна эмнени сунуш кылган

Платон демократияны жактырчу эмес экен. Ал анын кемчиликтеринин баарын көрүптүр: эки жүздүүлүк, жалганчылык, кошоматчылык, түркөйлүк. Анан ал анын ордуна эмнени сунуштаган? Карапайым элге өз жашоолору менен жашаганга мүмкүнчүлүк бериш керек. Ар бир адам эч нерсеге алагды болбой, өз иштерин бүтүргөнү жакшы – өтүкчү өтүгүн ултарсын, дыйкан эгинин сепсин. Ошол эле учурда ал аскерлерге согушканды, саясатчыларга мамлекетти башкарганды үйрөтпөсүн. Аскер адамы да, саясатчы да анын ишине аралашпайт. Ошондо ар бир адамда жетишерлик оокаты жана бейпил жашоосу болот. Эр жүрөктүү жана кайраттуу […]

Кыргызстандан СССРге каяша айткан аалым

Эркиндиктин узак жолуна, аны бизге жакындаткандардын жаркын элесине арналат. «Sapera auda» — «Билгенге умтул» — Горацийдин «Куш катына» кошулуп калган учкул сөз. Даанышман Кант аны «Өз акылыңды колдонууга эркиң жетсин» деп таржымалаган. «Эсимде: өз тарыхыбызды эстеп» ой дөбөсүнүн кезектеги долбоору Элмира Ногойбаеванын Кыргызстандагы алгачкы диссидент Кубанычбек Нурбековдун тагдыр жолуна токтолот. Айрым адамдардын тагдыры аркылуу тарыхтын буга чейин козголбой келаткан жабык барактарын ачууну улантабыз. Кыргызстандан деле диссиденттер чыкканбы? СССРде сейрек болсо да «диссиденттик» болгонун бизге чоң сыр кылып, университеттеги тарых факультетиндеги […]

Дилазык: Өзүңдөн башта

(Уламыш) Миямото Мусасиге жаш жигит келип, аны согуш өнөрүнө үйрөтүүнү суранган дешет. Ал сурайт: — Анын сага эмне кереги бар? — Мен күчтүү болуп, дүйнөнү өзгөрткүм келет! — деп жооп берет жаш улан. Миямото унчукпастан аны өз шакирти кылып кабыл алат. Ошентип ал улуу фехтовальщиктин шакирти болуп калат. Миямото ага өзү билген нерсенин бардыгын үйрөтөт, бирок бир дагы жолу анын “дүйнөнү өзгөртүүгө болгон планы тууралуу” сурабайт. Бир нече жылдан кийин шакирти аны таштап башка устатка кетет. Арадан он жыл өтөт. […]

8-Мартка карата: Таарынбай туруңуз, апа!

Убакыт абалкы шаанисин бузбай, мейкин экөө бирин бар, бирин жок кыла, тереңдерде, элестерде гана кымгууттана закымдаганы закымдаган. Кайда барат… таң?! Дал ошентип чар тарапка урунду-беринди болуп, бирде көк менен жер арасына батпай, бирде бут алдыда тебеленген кумурска кейип кийип… жүргөнүм жүргөн. Шонтип жүрүп канча өмүрлөр ыйлатып кайра сүйүнтүп – алдап-соолап атып, улам жылт коё берди. Дендароо кылган мезгил шарында агындыдай сулк аккан күндөрүм канча?.. Ошол, бирде тынбай шаркыраган дайрадай, бирде чаалыкпаган тулпардай сызган мезгилдин туяк алдында мени мен кылган апамдын […]

8-Мартка карата: Ал – менин апам

Бала кезимден ушу күнгө чейин эки нерсе – эки таберик апамдын жыты менен Савайдын  шамалы  магниттей  тартып келет. Кечээ эле ар ойдон  чаалыгып  отуруп,  «балким, апамды  шамал алып  кетпеди  экен?» деп ойлоп койдум. Себеби жан дүйнөмө жазылып калган бала кездеги жандуу  элестер  нукура  таза боёогу менен ошол ойду каңкуулагансып калды… Өзүмчө үй бүлө күтүп, балдарым чоңоюп калганда деле бирдемеден капа  болуп, көңүлүм чөксө, апамды  шылтоолоп кеч  кирип, түн  батып кетсе да, Оштон  айылыма  келип-кетем.  Айылдын  абасына  моокум кана, кээде тынчып, […]

8-Мартка карата: Апамдын маасы-гөлөшүнөн уялганым ай

ЭССЕ Апам келиптир айылдан. Мактангым келди ага. «Иштеген жеримди көрсөтөм, жүрүңүз» деп эле ой-боюна койбой алып жөнөдүм. Опера-балет театрына. Өзүм театр алдындагы вокалдык студияда окуп жүргөнүмдө эле академиялык хордун солисттигине алышкан. Заңгыраган опера-балет театрынын босогосун аттагандан кийин билдим: апамдын маасычан келгенин. «Ии-ий, кокуй, – дедим ичимден… – Апамдын бул түрүн көргөн артисттер не дейт?» Ак куудай керилген балериналар, суйкайган сулуу актрисалар кирип-чыккан жаркыраган театр имаратынын төрүн аралап, апамдын маасы-гөлөшчөн жүргөнү эч коошпойт десең эй… Айылдан келген карапайым кара кемпир менин […]

8-Мартка карата: Ал менин апам

Кыш. Чилде. Аяз — суугу чыкылдаган. Төрөт үй. Акушерка тыпылдаган. Бир аял толгоо тартып жатат ана, Кара тер маңдайынан чыпылдаган – Ал менин апам эле. Бир аял толгоо тартат. Жер айланат. Миң сыздап омурткасы. Жан далбаса. «Ыңга-аа!» деп тирүүлүккө салам айтам. Ачылган жарыктыкка ак дарбаза – Ал менин апам эле! Жарк этип Күн көрүндү күлүп турган, Жаркырап жарык болуп күйүп турган. Жер, Ай, Күн, жылдыз, чексиз космос болуп, Элжиреп тиктеп мени сүйүп турган – Ал менин апам эле! Төрөлдүм. Уул […]

Молдо Багыш: Жеңижокту жоктоо

Казалын баштап азатка, Кабарың кеткен казакка. Кадырың кантип айтпайын, Кошот деп элин каалашса. Кан Бакайдай Жеңижок, Кайгыңды тартып турабыз, Колдон келбес иш экен, Кадиксиз ажал талашса. Канча айтсам жетпейт санатым, Кут конгон жерим Таласым. Кайрыган калктын намысын, Кадимки айкөл Манасым. Кан Манастан кем эмес, Калкына айткан санатың. Кайгыртып кеттиң Жеңижок, Калың журт кыргыз баласын. Караңгыда чырагым, Кайрылып акыл сурарым. Канча түмөн кол келсе, Качырган баатыр Чубагым. Кан Чубактан кем эмес, Калкына кылган кызматың. Кадимки акын Жеңижок, Кадырың айтып турамын. Кайрылбай […]

Бир ырдын сыры: Алыкул Осмонов «Неге кечигет (1942-жылдын жазына)»

Ыр болгону алты куплет, ар куплетте төрттөн сап. Кой-Сарыда 1944-жылдын 28-декабрында жазылган. Таң калычтуусу – ыр 42-жылдын жазына багышталса да, ошол кезде акын жүрөгүнөн чыкпаган да, негедир үч жылга жакын дилинде катылып жүрүп, анан гана чыгармага айланган. Окурман үчүн «Неге кечигетти» түшүнүүдөгү башкы татаалдык – ырдын өтмө мааниде жазылгандыгы, метафоралуулугу. Бул – биринчиси. Экинчиси – бул чыгарманы жөн гана примитивдүү маалыматтык нерсе катары мамиле кылып койбой, классикалык поэзиядагы чыныгы лириканын нарк-насили менен кароо жөндүү. Адегенде алгачкы төрт сапты окуп чыксак: […]

Дилазык: Биз билбеген Леонардо да Винчи

Леонардо да Винчи (1452-жыл–1519-жыл) — Кайра жаралуу доорунда жашаган италиялык белгилүү архитектор, музыкант, ойлоп табуучу, бедизчи, гениалдуу сүрөтчү. Ал бардык жагынан төп келишкен генийалдуу адам болгон. Леонардо да Винчи ар кандай кызыктуу окуяларды ойлоп таап, уккулуктуу сүйлөй билген. Анын чыгарган уламыштары менен жомоктору, анын көзүнүн тирүүсүндө эле сүрөттөрүнөн кем эмес атак алып келген. Анда эмесе баалап көрүңүз. ЭШЕК «Суусаган эшек көлмөгө келди. Бирок көлмөдө өрдөктөр бири-бирин кубалап, канаттары менен чалпылдатып ойноп жүрүшкөн эле. Алар сууну капкара кылып булгап салышты. Эшек […]

Байыркы гректердин жашооңду түп тамырынан өзгөртүү боюнча кеңештери

Байыркы грек акылмандары жашап өткөндөн бери нечен кылымдар карыды. Бирок адамдардын маңызы дале ошол бойдон өзгөрүүсүз, тек алардын кеңештери азыркы күндө да маанисин жогото элек. Анда эмесе бир нече кеңештерине көз жүгүртүп көрөлү. Сөзсүз үйлөнгүлө! Эгер колуктуң жакшы чыкса, бактылуусуң, начар чыкса, философко айланасың. Муну айткан Сократ эркектерди үй-бүлө күткөнгө үндөйт. Эгерде тандооң ордунан чыкпай, начар аялга туш келсең, кайгыруунун кереги жок, бирок сөзсүз акылмандуулукка жетесиң. Убакыт – адамдагы болгон байлыктын эң баалуусу. Теофраст бул айтканы менен өмүрдүн ар бир […]

Олжобай Шакир: Жадаткыр достон айрылдым

(Эрнис АСЕК уулун эскерүү) Чейрек кылымдан ашуун убакыт теңтуш болдук. Далай мерте чөйчөк кагыштырдык. – Алып жибер эми, – дейт. – Алдым. Мага жетет ушунча, – дейм. – Мен канча жолу алдым… А сен оозуңдун эле учун тийгиздиң, карап отурбаймынбы. Кана дагы ал, – дейт кыйнап. Ал мени ушунусу менен көп жадатчу. А мен башынан эле ичимдиктен алыс экенимди сопсонун билет, бирок ал баягы эле жадатмалыгын койбойт. Соо кезинде сөзүбүз бүтпөйт. Ала күү болуп алса бүттү. Кыйнайт. Кыстайт. Кетип калам. […]

Наталия Логинова: Романдар менен чагымчыл каттарды гана жаза алган эмес

Чеховдун чыгармачылыгы менен акырындап таанышып жүрүп олтурдум. Бул адегенде бала чагымда, жашоомдогу алгачкы бапсагай сары итиме атын койгон “Каштанкадан” башталган. Кийин мугалим катары үчүнчү класстарга “Ваньканы” окуп берип жаткам. Класста чымын учса угулчудай жымжырттык өкүм сүрөт, ошондо акыркы саптарга жеткенде жүрөгүм кысылганын сездим: “Түгөнгөн менин өмүрүм, сандалган иттикинен да жаман”… китептен башымды көтөрдүм… – көчүгү жерге тийбеген тентектеримдин көз жаштары жаактарына ботала болуп шыбалыптыр… … Менин атамдын сүйүктүү жазуучусу – Чехов. — Эмне үчүн Чехов? – деп бир сапар кызыгып […]