Иманбек Азизилла уулу: Эгемендик кадырын билбегендер СССРди эңсейт

Жакын арада эле бир кызыктай окуя болуп өттү. Бирөө «Ушул автобус СССРге барса чыгат белең?» десе экинчиси, «С удовольствием!» деп жооп кайтарды эле, каңырыгым түтөдү. Бир адамдын мурду канабай, колго тийген эгемендиктин кадыры ушунчалык эле төмөнбү деп кейип-кепчип кала бердим. Көз карандысыздыкка канча деген эл жетпей жүргөнү менен кыйласынын иши жок окшобойбу. Улуулардын «агезде ширеңке бир тыйын болчу» деп тамшангандарын армансыз угуп чоңойдук. Качан болбосун «илгери союз маалында…» деп кайтып келбес учурга кусалуу, сагынычтуу сөз баштаса, керемет кез болгон го […]

Бурулкан Кенжебекова: «Маркумдар үнү» боюнча ой толгоо

Бир китепти бир нече жолу окуганда бир нече ой толгоолор, бир нече таасирленүүлөр болору шексиз. Көчкөн Сактановдун “Маркумдар үнү” романын буга чейин бир канча жолу окуган болсом да, азыркыдай кабыл алуум болбогону өкүндүрөт. Студент кезде адабий чыгармаларды талдоого алганда жаттап алган жадыбалдай “Азыркы кыргыз адабиятында, айдалбай турган дың айдоо талаасына окшоп, изилденбей турган чыгармалар толо”- деп тартынбастан айта салаар элек. Бирок, ушул айтылган сөздүн толук маанисин өзүбүз түшүнбөгөн экенибизди быйылкы жылы “Маркумдар үнүн” кайра кайталап окуп чыгууда ынандым. Чындыгында канча […]

Жамгырбек Бөкөшев: Илимпоз, философ, дипломат

Жумагул Сааданбековдун бейнесине айрым сүртүмдөр Саясат менен илим илгертен – Чыгышта да, Батышта да – эриш-аркак жашап келген. Саясат акылга, илимге таянып, иликтеп-изилдөө натыйжаларын эске алган жерде майнаптуу ишке ашып, максатына жеткен. Илим тигил же бул жагынан ар дайым мамлекеттеги саясаттын таасири астында болуп келген. Мындай жалпыланган ырастамаларды кайталап отурганыбыз азыркы Кыргызстандын белгилүү инсандарынын бири, коомдук-саясий ишмер, дипломат, илимпоз, жайдары тил менен айтканда “эл жакшысы” Жумагул Сааданбековдун ушуга чейин басыр өткөн өмүр жолуна баам салгандан улам. Жумагул Сааданбекович жашында элет […]

Дооронбек Садырбаев: Кыргызга ниет булгасам, кылымдар мени каргасын

АТА-ЖУРТ ЖЕТИМ КАЛАТ Кезинде өргөө кылдап конгон элден, Кешиги кыйлага азык болгон элден, Үркөрдөй үч-төрт үйлүү Апыртанда Кальптыр күңгөй-тескей толгон элден. Кыздары эр этектеп тарап кетип, Балдары башка иштерге жарап кетип. Кемпир-чал журт кайтарып отурушат, Кыйла жан кыбыланы карап кетип. Энелер от жагышса эрте туруп. Кыйкырса Маматкадыр кырга чыгып, Маамытбек козу өңөрүп келе берет, Айылда мейман барын болжол кылып. Баракан бакырса эгер ылдый карап, Өмүрзак өлүп-талып жанын сабап. Артынып азык-оокат жетип келет, Калса да Масыдагы базар тарап. Жамандык-жакшылыкта түтүн санап, […]

Төлөгөн Касымбеков: Жазуучу деген ким?

(Сөз эркиндиги калыстыктан эркин эмес) I Ырас, адам коомунда ар жердин, ар элдин өсүш, өнүгүш жолу, деңгээли элдин же жамандыгынан, же мыктылыгынан эмес, жашоо шартына жараша ар башка болгон соң, бу «адеби», адеп түшүнүгү да ар башка болуп келгени ырас. Демекчи, көп тайпанын ичинде өзүнчө тили пайда болгон, жүрүмү, мүнөзү, турмуш ыгынан алган үйүтү өзгөлөнгөн бир тайпанын «кыргыз» деген атын ушул күнгө дейре өзүнө тутунуп жүргөн элдин аз болсо да өзүнө жараша адеби, акыл нускалары боло келгени да ырас. Көп […]

Улуттук лидерди чыгаруу өзүбүздөн

Биздин шартта, биздин коомдо чоң саясатчы же улуттук деңгээлдеги лидер болуу абдан кыйын да, абдан татаал. Адам бийлик тепкичтерине көтөрүлгөн сайын анын калыс маалымат алуу мүмкүнчүлүгү азая берет. Мисима “… акмак байлыгы, бузуку эки жүздүүлүгү менен барктуу болот”. Оскар Уайльд Биздин шартта, биздин коомдо чоң саясатчы же улуттук деңгээлдеги лидер болуу абдан кыйын да, абдан татаал. Мен бүгүн кара нөшөрдөн кийинки козу карындай жамырап кеткен, ашказанын эле эмес, мээсин да май басып, ойлонуу жөндөмүнөн ажырап калган саясатчы сөрөйлөр тууралуу эмес, […]

Кеңешбек Асаналиев: Башат — I

Кыргыз маданиятынын тарыхында ушунчалык келишпес талаш-тартышка түшүп, ушунчалык кайчылаш көз караштардын кагылышына туш келген Молдо Кылычтын тагдырындай болгон эместир. Ырас, ушул катарда Касым Тыныстанов бар. Бирок анын өмүрү башкача тарыхый кырдаалга, башкача социалдык шартка кез келди. Эмне үчүн, Молдо Кылычтын поэзиясы бирде ачыкка чыгып, кадимкидей китеби жарыяланып, илимий изилдөөлөр, макалалар жазылса, бирде кайрадан «кара сандыктын» түбүнө түшүп, капаста камалды? Эмне учүн Молдо Кылычтын чыгармачылыгы кыргыз филологдорунун, тарыхчыларынын, философторунун ортосунда «көкбөрүдө» калып, акындын ансыз да татаал тагдыры ого бетер чийеленип, түйүндөшүп, […]

Людмила Молдалиева: На ответ из Министерства здравоохранения…

Господин Премьер-министр! Господин Министр здравоохранения! Большое спасибо за долгожданный ответ, подготовленный от имени начальника Управления организации медицинской помощи и лекарственной политики  Ешходжаевой А.С.,  но  подписанный другим неизвестным лицом. Как в известной пословице – «Ит итти жумшаса, ит куйругун жумшайт». Нам нужен был ответ от министра, мы обращались лично к Вам. Но Вы, видимо  очень занятой человек, отвечать некогда  на всякие обращения… решаете государственные задачи. Соблюдение общечеловеческих норм, а также элементарной этики руководящим чиновником   при подготовке  ответа  должны были начаться  хотя […]

Эсенбек Мамбетакунов: Улуу акылман жөнүндөгү эмгекке учкай сөз

Менин колумда филология илимдеринин кандидаты, доцент Назгүл Шаршеналиевна Турдубаеванын “Жусуп Баласагын жана анын “Кутадгу билиг”дастаны (дастандын изилдениши жана анын түрк тилдериндеги котормолору)”[1] деген  окуу куралы турат. (Бишкек. “Ариет-принт” басмаканасы, 2016. -168-б). Басманын берген маалыматына караганда, бул окуу куралы КР Билим жана илим министрлиги тарабынан сунуш кылынган. Ал эми китептин техникалык маалымат берүүчү бетинде “Жогорку окуу жайларынын филология факультеттеринин окутуучулары, студенттери, мектеп мугалимдери жана кызыккан окурмандар үчүн окуу куралы” деп жазылып турат. Бирок бул эмгекти Министрлик кандай статуста бекиткени белгисиз бойдон […]

Людмила Молдалиева: Не оставляй меня, мама…

«Государство обязано создать достойные условия для развития детей, улучшая их материальное положение, социальную поддержку и защиту», — так записано в  Указе Президента при объявлении 2020 года «Годом развития регионов, цифровизации и защиты детей» от 8 января 2020 года. Не успели «высохнуть»  чернила Указа, не  закончился еще первый месяц  наступившего нового  года, как пришли  страшные сообщения  о трагический гибели годовалой Ясины  на Иссык-Куле и двухлетнего мальчика из Сузакского района. Дети погибли не в результате теракта, стихийных бедствий или по неосторожности, или […]

Нурланбек Мусаев: Демократия жана Евробиримдиктин баалуулуктары – 4

Англия революциясы (1640) <<<<< Башы Америка материгинин ачылышы Англияда бир топ эле экономикалык өзгөрүүлөргө себеп болду. Феодалдык система алсыздап, өндүрүш күчөп, шаардан элет жерине бара баштады. Натуралдык экономикадан эл аралык экономикага өтө баштаган Англияда жаңы байыган буржуа катмары пайда боло баштады. Көбүнчөсү  алып сатуу менен иш кылган буржуалар өндүрүшкө өтүп Батыш Европа өлкөлөрү менен атаандаша турган продукция чыгарууга өттү. Орто кылымдардан бери (1200) Англияда “Чоң жер тилкелеринин ээлери” кеңеши бар болчу. Калктан жыйналчу салык сыяктуу иштерде король ошол кеңеш менен […]

Нурланбек Мусаев: Демократия жана Евробиримдиктин баалуулуктары – 3

<<<<< Башы Реформа-Лютеранство-Протестантизм Флоренциялык искусствочулардын жаңы ыкмалары, сүрөт, скульптура жана архитектурадагы жаңы ачылыштары Европада реформа аракеттерин баштатты. ХVI кылымдын биринчи жарымында католик чиркөөсүнө каршы чыккан протестантизм агымы пайда болду. Протестантизмдин негизги идеясы “орто кылымдагы католик чиркөөсүнүн алгачкы – чыныгы христиандыктан четтеп кеткендигине байланыштуу туура жолго түшүү, алгачкы таза христиандыкка кайтуу” болчу. Орто кылымда схоластик (чиркөө пикирин таңуулоо) католик чиркөөсүнүн индульгенция эрежеси бар болчу. Бул эреже боюнча күнөө кылган кишиден чиркөө кызматкери тарабынан акча алынып, ал жашыруун түрдө күнөөлөрүнөн арылтылчу, бул […]

Гульнар Эмиль: Анализ романа Арслана Койчиева «Бакшы менен Чынгызхан»

Не о Чынгызхане… По хорошему пахнет Булгаковым… «Мастер и Маргарита» в свое время был намек, это было зёрнышко веры в существование Создателя во время тотального атеизма, своего рода — Библия, которую переписывали от руки и читали шепотом… Читая данный роман, думаешь, уж если что-то Койчуев взял на вооружение от Булгакова, что же столь значимое хотел сказать автор читателям? Роман Арслана Койчиева «Бакшы менен Чынгызхан» я бы назвала Роман – ностальгией (кусалык). Ностальгия спрятанная глубоко в наших ДНК. Содержание книги вызывает […]

«Күн жолунда» – кундуу чыгарма

Аскарали Ражабалиевдин «Бейиштөр» деген аталыштагы китеби эссе, аңгеме-новелла, повесть, сын макала, эскерүүлөрдөн жана бир котормодон турат. Бишкектин «Улуу тоолор» басмасынан 2018-жылы чыккан. Көлөмү 28,5 басма табак, же 456 бет. Автор 1948-жылы Баткен районунун Көк-Суу (азыр тажиктер Сох деп алган) дайрасынын боюндагы Зарташ айылында туулган. Басма сөз тармагында иштөө менен өткөн кылымдын 80-90-жылдарында «Ай түшкө кирет», «Сагыныч кушу», «Кожошкен – ыйык турагым», бул кылымдын башында «Алтын-Бешик эл-жери», «Көпөлөк өрөөн» деген прозалык китептерин чыгарган, Баткен облустук театрында «Пейилиңен көр», «Сагыныч кушу» деген […]