Махатма Ганди Гитлерге эмне үчүн досум деп кайрылган?

Индустан элинин даркан уулу Махатма Гандинин (1869-1948) нацисттик Германиянын башчысы Адольф Гитлерге жазган каты бар экенин англис тилинде чыккан “Written in History: Letters that Changed the World” деген китептен окуган соң билдим. Китептин түзүүчүсү чыгармалары элүүгө жуук тилге которулган англиялык тарыхчы, жазуучу, журналист  Саймон Себаг-Монтефиореники (Simon Jonathan Sebag-Montefiore). Анын кээ бир чыгармалары; анын ичиндеги Сталин жөнүндөгү изилдөөсү орус тилине да оодарылган. Эгер сиз үчүн кызыктуу болсо, өйдөдө аталган китепте Микаланжело, Даңазалуу Сулайман, Н. Мандела, И. Сталин жана башка көрөсөн тарыхый […]

Тарыхый чындык: Советтер Союзу жалганчылар түзгөн империя эле

74 жылдык башкаруусунда коммунисттер элди тынымсыз алдап жүрүп отурушкан, алар азыр да бул жалганчыл уятсыздыгын улантышууда. Коммунисттик бийлик учурунда Совет адамынын кулагын күндө кубандырып турушкан. Бирок курсагы дайыма курулдап ачка жүргөн ал акыры келип, куру убадалардын курмандыгына айланган. Түшүнүктүү айтканда: коммунисттердин таңууланма идеологиялык үгүт-насааты жана алардын жок жерден ойлоп табылган жыргал жашоосу элдин чыныгы турмушу менен таптакыр дал келишкен эмес. Калп менен зордук-зомбулук коммунисттердин эл массасын басуучу жана аны эрксиздикте кармоочу эң негизги куралы болгон. Коммунисттик большевиктер 1917-жылы октябрда куралдуу […]

Тайпадагы талаш: Уйкудагы улут – I

Мурдагы кезеңдерде коомдогу кайсы бир актуалдуу темалар тегерегинде тегерек үстөл аталышындагы жандуу талкуулар болор эле. Азыркы күндө андай тегерек үстөлдөрдөн да ыңгайлуу форматта талаш-тартыштуу баарлашууларды уюштуруунун ыкчам жолдору арбын. Андай ыкмалардын бирин Фейсбук аркылуу “РухЭш” сайтынын “Казына” тобундагы адабий эксперттер менен алгачкы жолу уюштуруп көрүүнү эп көрдүк. Аны биз “Тайпадагы талаш” деп атадык. Темабыз – “Уйкудагы улут”. Эмнеге дээрсиз, азиз окурман! Сөз оролу биздин талкууда… Олжобай ШАКИР: Кээде ойлойм: көзүбүз чекчейип көрүп, кулагыбыз делдейип укканы менен… терең уйкудагы улутпузбу деп. […]

В Китае только в одном районе задержали около 22 тысяч кыргызов

В Китае в лагеря перевоспитания только из района Акчий отправили около 22 тысяч кыргызов. Об этом на пресс-конференции заявил представитель комитета защиты кыргызов в КНР Алманбет Осмон уулу. Всего, по его данным, в Акчие живут 40 тысяч кыргызов. По словам Алманбета Осмон уулу, задержания кыргызов никак не связаны с их религиозными взглядами. «Кыргызы в Китае никогда не были фанатиками ислама. Среди задержанных есть и лица, далекие от религии. Например, профессор Мамбеттурсун Мамбетакунов или мой брат журналист Нурманбет Осмон. Его обвинили в терроризме», — рассказал он. Представитель комитета защиты отметил, […]

Жетиген Асанбек: Өзүңдөн көр, шайлоочу!

Шайлоочу, кулак сал, кеп бар. Өлкөнүн эң жогорку үч бийлик бутагынын бири болгон парламенттин бир депутаты “Элитабыз” десе айлаң кетип күлүп атасыңбы? Эл аралык деңгээлдеги өлкөнүн жүзүн көрсөтүүчү жыйындарда биздин “жакшыларыбыз” эл караган бетиңерди жер каратып, мектепте жаман окуган балдардай кагаз карап эжелеп окуп атабы? Касиеттүү жериңдин кен байлыктарын ташып кете бергиле деген заң-закүндөрдү тыя алышкан жокпу? Табиятыңа аяр мамиле жасоо үчүн мыйзамдарды колдобой атышабы? Жолдогу коопсуздук деп чөнтөгүңдү каңтара кагып турган айыптарды коюп, азайткыла деген арыз-датыңарга укмаксан болуп, алты-жети […]

Путинизм доорунда сталинизм тирүү!

Демократиялык институттардын таасирин жоюуга кызыкдар күчтөрдүн аракети кызыды. Андай аракеттердин башында, албетте, демократиялык климатка териси жука Орусия турганы белгилүү. Расмий Москва адам эркиндигин чектей турган кандай мыйзамдарды кабыл алса, аны илгиртпей илип кетип, жагынгысы келген кыргыз бийлигиндеги бүгүнкү аракеттер эмнени каңкуулайт? Бийлик өкмөттүк эмес уюмдардын ишмердигин, жарандык коомдордун активдүүлүгүн көзөмөлдөө керектиги тууралуу мыйзам долбоорун демилгелеген Жогорку Кеңештин депутаты Бактыбек Райымкуловдун аракети – кооптоно турган коңгуроо. Кыргызстан мындан ары декократиялык принциптер менен өнүгөбү же тоталитардык системаны куруу жолуна баратабы? Бул маселе […]

Эсенбай Нурушев: Худшее побеждается только худшим?

Президентские выборы еще впереди, но ими уже восхищаются. По словам одной вельможи, «они станут рубежными, то есть, самыми честными в истории страны». «Судьбу выборов решит народ. Мы наконец-то этого достигли», – почти восторженно заявила она. Претенденты тоже уверены, что «на этот раз все-таки народ будет сам выбирать самого достойного». Один из них даже сказал, что «впервые за всю историю страны у нас намечаются честные выборы». Если это действительно так, то получается, что у нас до сих пор все президенты, и […]

Нурланбек Мусаев: Демократия жана Евро Биримдиктин баалуулуктары – 2

Ойлонуп көрсөңүз: гумандуу мыйзамдар, адилеттүүлүк, тең укуктуулук – жашоонун баардык катмарында каралган болсун. Мындай идеалдуу өлкө экономикалык жактан зор абалга кириптер болобу? Менимче болбойт. Жогоруда сыпаттаган идеалдуу мисалга өтө жакын болбосо да, Батыш Европа өлкөлөрү учурдагы заманыбызда эң адилеттүү, гумандуу өлкөлөрдү куруп алышты дегенге толук негиз бар. Анткени мунун баарын – жашоо стандарттары, мыйзам механизмдеринин иштеши, адам укуктарынын корголушу, коомдун бактылуулугу сыяктуу көрсөткүчтөрү менен ырастайт. Батыш Европа өлкөлөрү өз баалуулуктарын жайылтууну максат коюп, бүгүнкү күндө отузга чукул мамлекет Евро Биримдик […]

Ажого түшкөн көлөкө

“Жаман дос көлөкөдөй: күн ачыкта артыңан калбайт, күн бүркөктө жаныңан таппайсың”. Абай КУНАНБАЕВ Президент Сооронбай Жээнбековдун алдындагы миссия – Райымбек Матраимовдон тезинен кутулуу. Бул анын тарыхый миссиясы. Албетте, артта калган эки жылдык президенттик мөөнөтүндө азыркы президенттин баса белгилей турган эң чоң эрдиги – Алмазбек Атамбаев түзүп кеткен режимдин кыйраканын чыгарды. Күрөш бүттү. Бирок андан ары либералдык саясат жүргүзүп кетүүгө ага эмне тоскоолдуктар бар эле?.. АША курган саясий режим Кыргызстанды оңдурбай турган жол эле. Аны кыйратууга жараган Сооронбай Шариповичтин бул эрдигине […]

Саясий өрнөк: Зеленскийдин Жаңы жылдык куттуктоосу

«Кымбаттуу украиналыктар! Демейде Жаңы жылдык куттуктоолорунда президенттер бизге ИДПнын өсүшү, инфляциянын ылдыйлашы, имплементация, диверсификация жана башка түшүнүксүз терминдерди айтышат. Кыскасы, жашоо жакшырганын, бирок биз муну азырынча байкабай жатканыбызды айтып, ишендиргилери келет. Ошондуктан көп учурда президент кайрылып жатканда, добушту өчүрүп коёбуз. Тек, ал жомогун жобурап бүтүп, шампан, май чабак оролгон бутерброд менен оливьеге өткөнгө чейин күтөбүз. Бүгүн андай болбойт. Келгиле, ар бирибиз өзүбүзгө: “Мен киммин?” деген ыймандай суроону берип көрөлү. Украина президентиби, ооматы жүргөн адвокатпы, карапайым үй кызматындагы аялбы, могилянкалык студент-философпу, […]

Адамды бийлик бузбайт, бийликтегилер өздөрү бузук

Садхгуру (Жагги Васудев) – Индиядагы эң таасирдүү 50 адамдын бири. Анын рухий насыйкаты бизге эмне үчүн керек? Адатта бизде көндүм дооматтар көп айтылат: “Акаев, Бакиев, дагы башкаларды айланасындагылар, үй-бүлөсү бузду”, “Адамды байлык, бийлик бузат” ж.б.у.с. Ал эми Садхгуру ушундай пикирлерди чечмелеп, ырастап берет. Биринчи ирет – Садхгуру ким болду экен деп кызыкканымда, айрым негиздүү маселелерде көз карашыбыз кескин айырмаланды. Бирок, менимче так ушул маселеде чындыкты таамай тааныган. Адамга өз ички дүйнөсүнө үңүлүүгө чакырык таштаган бул тааным ага өзүн таанууга жардам […]

Людмила Молдалиева: Клятва Гиппократа?!

Обращение к Премьер-министру КР М. Абылгазиеву Министру здравоохранения КР К. Чолпонбаеву. Уважаемые господа! Бог дает жизнь каждому, но старость только избранным. Глубокую философию этого изречения понимаешь когда уходят из жизни  молодые… Ничто не предвещало беды. Окончена школа с золотой медалью, с красным дипломом  Медицинская  академия, начата учеба в клинической  ординатуре. Молодая, красивая, здоровая девушка, полная надежд и планов на будущее  вступала во взрослую жизнь. …19 ноября в 18 часов 51 минуту  на трассе в с. Ленинском, удар  джипа «Лексус Тойота» […]

Роза Отунбаева: Кыргызстан үчүн туруктуу өнүгүү максаттары

Алдыга милдет коюу Экинчи миң жылдыкта жалпы адамзат биригип, келечекке карай биргелешип кадам таштоонун жолдорун издөөгө белсенди. 2000-жылы бардык өлкөлөр жана калктар үчүн:  ачарчылык менен жакырчылыкты жоюу, универсалдуу баштапкы билим алууга жетишүү, гендердик теңчиликти илгерилетүү, аялдардын ролун күчөтүү, балдар өлүмүнүн санын азайтуу, эненин саламаттыгын чыңдоо, безгек, ЖИКС жана башка дарттар менен күрөшүү, табигый туруктуулукту камсыздоо жана акыркысы, өнүгүү үчүн бүткүл дүйнөлүк өнөктөштүк сыяктуу негизги сегиз миң жылдыктын максаттары кабыл алынды. Өлкөбүздөгү ошол тажрыйба уюштуруу жагынан анча таасирленте алган жок жана […]

Ууру ууруну карма деген заман

Жакында “Азаттыктын” Кыргызстандын бажы тармагындагы коррупциялык схемаларынын бетин ачып, жемкорлук менен күрөш жүргүзүү багытында көзөмөлсүз чыгып жаткан акча каражаттарына байланыштуу далилдүү фактыларды ачыкка чыгаруусу коомчулуктун бүйрүн козгогон резонанстуу окуя болуп калды. Анда коррупцияга аралашкан аткаминерлердин, мамлекеттик кызматта иштеген чиновниктердин ысымдары аталды. Бирок бийлик, күч органдары айтылган фактылардын негизинде иликтөө иштерин жүргүзбөй, аларды ачыкка чыгарунун ордуна жаап-жашыруу аракетинде болуп жаткандай түр калтырат. Ал тургай алардын изин жашырып, башка окуялар менен алаксытуу жагдайлары уланууда. “Дежур” журналисттер аркылуу “Азаттыктын” кабарчысы Али Токтакуновго негизсиз […]