Махатма Ганди Гитлерге эмне үчүн досум деп кайрылган?

Индустан элинин даркан уулу Махатма Гандинин (1869-1948) нацисттик Германиянын башчысы Адольф Гитлерге жазган каты бар экенин англис тилинде чыккан “Written in History: Letters that Changed the World” деген китептен окуган соң билдим. Китептин түзүүчүсү чыгармалары элүүгө жуук тилге которулган англиялык тарыхчы, жазуучу, журналист  Саймон Себаг-Монтефиореники (Simon Jonathan Sebag-Montefiore). Анын кээ бир чыгармалары; анын ичиндеги Сталин жөнүндөгү изилдөөсү орус тилине да оодарылган. Эгер сиз үчүн кызыктуу болсо, өйдөдө аталган китепте Микаланжело, Даңазалуу Сулайман, Н. Мандела, И. Сталин жана башка көрөсөн тарыхый […]

Роза Айтматова: Он томго батпаган чындык

Чыгыштын акылмандары айткандай, бу дүйнөдө үч нерсени: күндү, айды жана чындыкты жашырууга болбойт. Бул сөздүн чын экенине мен 1991-жылы Чоң-Таш айылынын жанындагы бөксө тоолордун биринде буга чейин белгисиз болгон мүрзө табылып, ал ХХ кылымдын 30-жылдарындагы сталиндик репрессиялардын жазыксыз курмандыктарынын жалпы боордоштук мүрзөсү  экени тастыкталганда ынандым. Бул чындык 53 жылдан кийин билинди. Ал кезде биз – Төрөкул Айтматовдун балдары,  атабыздын сөөгү кайда көмүлгөнүн эми таппай калдык ко деп буга баш ийип калган болчубуз. Азыр ойлосом, биринчи жолу ошол кездеги өлкөбүздүн башкы […]

Футболдогу кызыктуу фактылар

Футбол урааны «Оле-Оле-Оленин» түбү исламдан. Болгондо да “Аллах” сөзүнүн бузулуп айтылышы болуп саналат. 8-кылымда Испанияны басып алган араптар чакырган азан кандайдыр себептерден улам испандардын коррида оюну менен фламенко бийин коштоочу ураан катары колдонула баштап, кийин футболго өткөн. Хулио Иглесиас бала кезинде футболду жакшы ойноп, мадриддик «Реалдын» дарбазасын коргоого арзыган. Бирок 20 жашында авто кырсыкка кабылган Хулио майып болгон. Кийин гитара үйрөнүп, дүйнөлүк жылдызга айланган. Бразилиядагы футбол мелдештеринин биринде шамал парашютчуларды футбол аянтынын үстүнө айдап келгени аз келгенсип, конууга да мажбур […]

Кыргызстандан СССРге каяша айткан аалым

Эркиндиктин узак жолуна, аны бизге жакындаткандардын жаркын элесине арналат. «Sapera auda» — «Билгенге умтул» — Горацийдин «Куш катына» кошулуп калган учкул сөз. Даанышман Кант аны «Өз акылыңды колдонууга эркиң жетсин» деп таржымалаган. «Эсимде: өз тарыхыбызды эстеп» ой дөбөсүнүн кезектеги долбоору Элмира Ногойбаеванын Кыргызстандагы алгачкы диссидент Кубанычбек Нурбековдун тагдыр жолуна токтолот. Айрым адамдардын тагдыры аркылуу тарыхтын буга чейин козголбой келаткан жабык барактарын ачууну улантабыз. Кыргызстандан деле диссиденттер чыкканбы? СССРде сейрек болсо да «диссиденттик» болгонун бизге чоң сыр кылып, университеттеги тарых факультетиндеги […]

Тарыхый чындык: Советтер Союзу жалганчылар түзгөн империя эле

74 жылдык башкаруусунда коммунисттер элди тынымсыз алдап жүрүп отурушкан, алар азыр да бул жалганчыл уятсыздыгын улантышууда. Коммунисттик бийлик учурунда Совет адамынын кулагын күндө кубандырып турушкан. Бирок курсагы дайыма курулдап ачка жүргөн ал акыры келип, куру убадалардын курмандыгына айланган. Түшүнүктүү айтканда: коммунисттердин таңууланма идеологиялык үгүт-насааты жана алардын жок жерден ойлоп табылган жыргал жашоосу элдин чыныгы турмушу менен таптакыр дал келишкен эмес. Калп менен зордук-зомбулук коммунисттердин эл массасын басуучу жана аны эрксиздикте кармоочу эң негизги куралы болгон. Коммунисттик большевиктер 1917-жылы октябрда куралдуу […]

Омор Сооронов: Чүйдөн чыккан чоң акын

Көрүнүктүү адамдардын ысымдары окшош болгондо, бирде бирин экинчиси коштоп, атагын алыска чыгарса, дагы бирде бири экинчисине салакасын тийгизген учурлар да болот. Биз сөзгө алганы жаткан Ныязалы Молдого бул экөөнүн тең тиешеси жок. Анткени Ныязалы Молдо Эсенгул уулу жазма акын катары да, дин илимин өздөштүрүп, сопучулукка (суфизмге) баш койгон адам катары да өз мезгилинде Түндүк Кыргызстанда белгилүү инсан болгонуна карабастан, бул күндө таптакыр эле унутулуп калганы байкалат. Ныязалы Молдонун туулуп өскөн айылы Сынташта жашаган жаштар түгүл орто жаштагылар да «Ал ким […]

Бир ырдын сыры: Арстанбек Буйлаш уулу «Тар заман»

Арстанбек Буйлаш уулунун чыгармачылыгы кыргыз элинин тарыхындагы эң бурулуш учурга – Орусиянын басып алуусуна туш келди. Ошол тарыхый окуя «Тар заман» деген ырынын негизги өзөгүн түздү. Адабиятчы Батма Кебекованын маалыматы боюнча 1731-жылы казактардын кичи жүзү, 1740-жылы орто жүзү, 1846-жылы улуу жүзү Орусиянын карамагына кошулуп, «өлкөнүн административдик бөлүнүүлөрүнө, башкаруу системасына өзгөрүүлөр кирип, патриархалдык-феодалдык түзүлүштүн жол-жобосуна негизделген ата уулдарынын чексиз бийлиги чектөөгө алынат. Ушундай тарыхый кырдаалда замана поэзиясына болгон кызыгуу бир топ жанданып, Дулат Бабатай уулу (1802-1871), Шортанбай Канай уулу (1818-1881), Мурат […]

Горький менен Бунин достукка жамынган душмандар болгон

Горький менен Бунин бири-бирин байланыштырган жылдар жөнүндө дайыма эстеп жүрүшкөн. “Эмнеси болсо да, кымбаттуу Алексей Максимович, мен Сизди дайым жакшы көрөм” – И.Бунин. Каприде Горькийге белекке берилген китептеги жазуу. “Сүйүктүү жазуучум жана досум Иван Алексеевич Бунинге” – А.Пешков, 2-апрель, 1917-жыл, Петроград. Буниндин жашоосун жана чыгармачылыгын изилдеп жатып: “Бунин менен Горькийдин достугун эмнелер байланыштырып турган, ал чын ниеттен чыккан достук беле же анткорлукпу?” деген суроону бербей коюуга мүмкүн эмес. Кантсе да бул достук 1899-жылдын жазында башталып, 1917-жылдын апрелинде бүткөн… Горький жазуучулар […]

Омор Сооронов: Адалат күткөн акын

Молдо Багыш Сарыбай уулу[1] Совет доорундагы профессионалдык жазма адабият пайда болгонго чейинки кыргыз жазма акындарынын ичинен өз кол тамгасында жазылган араб арибиндеги ырлары бизге жеткен саналуу акындардын бири болуп саналат. Анын кол тамгасындагы жазмалары менен элден жыйналган айрым чыгармаларын араб арибинен азыркы тамгага көчүрүп, китеп кылып түзүп, жээн-небереси Малабек Токтоболотовдун демөөрчүлүгүнүн негизинде 1998-жылы биринчи жолу «Абак дептери» деген ат менен китеп кылып чыгарганбыз. Бирок мен даярдап, Малабек басмага өткөргөн кол жазмага, мага кабарлабай туруп эле, Абдымамбет Сариев дегенди жооптуу редактор […]

Нурланбек Мусаев: Демократия жана евробиримдиктин баалуулуктары – 5

<<<<<< Башы Жаңы доорго таасир калтыргандар Томаззо Кампанелланын “Күн өлкөсү”, Томас Мордун “Утопиясы” жана Никколо Макиавеллинин “Принц” китептери орто кылымдын аяк чендеринде, жаңы доордо коомду жакшы жакка өзгөртүүдө көп таасир калтырган чыгармалар болду. Ошол кездеги адамдын аң-сезимин жана кыялын дүрбөткөн бул чыгармалар тарыхтын өзгөрүүсүнө да чоң салымын кошту. Томаззо Кампанелла (1568–1639) Реджо-ди-Калабрия аймагынын Стило айылында туулуп, жыйырма жаштарында орто кылымдагы католицизмдин схоластикалык пикирлерине каршы болгон секталарга кирет. Философия менен алектенет, кийинчерээк Галилео менен таанышат жана “Галилеону жактоо” китебин жазат. Нурланбек […]

Василий Бартольд: Моңголдор – Чагатай мамлекети кыйраганга чейин[1]

Биз, Жети-Суу Чыгыш Түркстан менен бирге моңголдорго өз ыктыяры менен багынгандыгын, андыктан, моңгол жапырыгынан Кытай, Мавераннахр жана Батыш Азия сыяктуу эч зыян тартпаганын көрдүк. Жети-Сууда моңголдор келгенден кийинки жылдары болгон саякатчылар аны маданияты гүлдөгөн өлкө катары көрсөтүшөт. Ошондой саякатчылардын катарына 1212-ж. Чыңгыз-ханды батышка жасаган жортуулунда коштоп жүргөн кытайлык министр Елюй Чу-ңай кирет; ал 8 же 9 шаар баш ийген Алмалык жөнүндө эскерет, бардык жерде жемиш мол болгон; жашоочулар кытайлар сыяктуу дан өсүмдүктөрүнүн бардык беш түрүн өстүрүшкөн. Иленин батыш тарабында, Таласка […]

Саул Абрамзон: Кыргыз элиндеги нике жана үй-бүлө

Кыргыз үй-бүлөсү, жалпы эле башка үй-бүлөлөр сыяктуу, жаралгандан тартып узак мезгилдерге чейин түрлөнүп өзгөрүп келген. Ал да коомдук мамилелердеги кайра түзүлүүлөргө байланыштуу кайра өзгөрүүлөргө дуушар болгон. Бирок кыргыз үй-бүлөсүнүн тарыхын биз эч болбогондо бир-бирине туушкан кыргыз уруулары жөнүндө ишенимдүү айта алаар мезгилден гана баштоо – тарыхый келечекти жасалма тарытуу болор эле, анткени кыргыз уруулары өздөрүнө мүнөздүү коомдук жана үй-бүлөлүк мамилелери менен өз кезегинде белгилүү этникалык жалпылашуунун негизинде калыптанып, өздөрүнүн атабабалары болгон. Демек, кыргыз үй-бүлөлөрүнүн башаты эң байыркы доорго, алгачкы жамааттык […]

Үмбетей Түлө уулу: Кергиштеп турса – келин жоо

Үмбетей Түлө уулу (1706-1806) Ал жаш кезинен Букар ырчы менен дос, курдаш болгон деген дарек бар. Үмбетей жаш чагында кедейликтин азабын көп тарткан. Акындык даңкы чыкканда Абылай хан аны өз жанына алат. Ал Бөгөмбай баатырга шерик, анын ырчысы болгон. Хандын көңүлүнө карабай түз, адил өлөңдөрдү ырдаган. Ал жүз жашка чыгып каза болгон экен. Казактын ханы Абылай Абылай ханым бул кандай? Ак шумкарды асманга Учпас кылып тордоду. Кулагандай болду окшойт, Казактын бекем коргону. Кайгырбаңыз ханыбыз, Айтпаска чара болбоду. Баатырың өттү Бөгөмбай. […]

Татикара жырау: Жоодо – баатырмын, үйгө – бакырмын

Бизче Татыкара ырчы (1705-1780) – Абылай хандын кеңешчиси болуп, бир канча убакыт анын хансарайында болгон. Казактардын Олжобай, Бөгөмбай баатырлары менен калмакка каршы жортуулдарына катышкан. Өткүр мүнөз Татыкара хандын кемчиликтерин бетке айтып ырдаган. Ошондуктан ал хансарайдан куулуп чыккан. Улгайып калган кезинде жокчулук турмушту башынан кечирген, бирок ханга баш ийип барган эмес. Кечээ Токырайылы суунун боюнан Кечээ Токырайылы суунун боюнан Токол терек түбүнөн, Нил дария башынан Кумкент шаардын кашынан Пери кызы, перизат жан тууган Кара мерген атасы, Сөзүмдүн жок катасы, Кечээ бул […]