Роберт Кийосаки: Бай атам, кедей атам

Кириш сөз Менин эки атам бар эле, ошондуктан менде бири-бирине карама-каршы келген эки көз караштан тандоо мүмкүнчүлүгү болгон. Менин эки атам бар эле: бири бай, экинчиси кедей. Бири билимдүү, акылдуу, илимдин докторлугуна чейин жеткен даражалуу адам эле. Ал баклаврдын төрт жылдык окуусун эки жылда эле аяктаганга жетишкен. Стэнфорд, Чикаго жана Түндүк-батыш университеттеринде өкмөт эсебинен окуган. Экинчисинин сегиз класстык билими да жок болчу. Экөө тең өмүр бою маңдай терин төгүп эмгек кылышты, ийгиликтүү карьера жасашты. Экөө тең жакшы акча табышчу. Бирок, […]

Ишкерлер чөйрөсү «Апаатка такаат» акциясын жарыялады

«АТА-ЖУРТ КЫЙЫН КҮНГӨ КАБЫЛГАНДА, АЙЛАНСЫН АР БИР ИШКЕР ЧАГЫЛГАНГА!» Урматтуу ишкерлер! JIA Бизнес-ассоциациясы жана «Элим, Барсыңбы?!» коомдук кайрымдуулук фонду «Апаатка такаат!» аталышындагы коронавируска каршы социалдык долбоорду жарыялайт. Дүйнөдөгү Саламаттык сактоо тармагынын тажрыйбасы коронавирус илдети көбүнчө жашы 60тан өтүп калган кары адамдардын ден соолугуна жана өмүрүнө кооптуу экендигин көрсөттү. Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги берген тизмеге таянсак, Кыргызстанда 4500 жакын багар-көрөрү жок кары адамдардын бар экени белгилүү. “Апаатка такаат!” долбоору ишкерлердин колдоосу менен өлкөбүздүн жарандарына COVID-19 коронавирусунун жайылышына бөгөт кылуу максатында […]

Сократтын сөзү: Эмне үчүн кемсинип жүргөн адам, башкаларды кемсинтет?

Замандаштар! Биздин арабызда адамдардын боорукерлигин пайдаланып жан баккан, канчалаган сайда саны жок кайырчылар менен кошоматчылар толуп жүрүшөт! Ойлоп көрсөң, жүрсө жүрө беришсин, алар менен сенин эмне ишиң бар? Алардын манерасы ошондой – жалпы элде кабыл алынган кадыр-барктан ылдый жүргөндү жактырышат. Алар жардам алып жатышпайбы. Ошентип нанын таап жеп жүрүшөт да. Алар менен ишибиз болбогон соң, анда эмнеге жөн жүрө бербей, чыйпылыктап, эмне үчүн кайгырабыз? Ал эми Сократ соттун (ал соттун өкүмү менен уу ичип өлгөн) ага боор оорушун каалап, балдарын […]

Дилазык: Плутарх душмандын пайдасы жөнүндө

Душманыңдын сөзүн ук! Бейкут жашоо менен күн өткөзүү жакшыбы? Тегерегиңдин баары сени мактап, кошомат кылып турса жагабы? Мен ачык эле айта алам, мындай жашоо сөзсүз жакын арада көйгөйлөрдү жаратат. Адегенде көңүлүң жай болуп, көзүңдү май басат, өзүңө өзүң ыраазы болуп, айланаңда эмне болуп жатканын көрбөй каласың, өсүүдөн каласың, ишке жөндөмдүүлүгүң төмөндөйт. А жашоо улам жаңы тоскоолдуктарды жаратып, токтобой алга жылат. Кантип жарга барып такалганыңды билбей да каласың. Ошондуктан, сени көрө албаган душмандарыңды жакшылап таанып ал, алардын сен жөнүндө айткан сын […]

Аскаралы Ражабалиевдин повесть-поэмасы

Таланттуу жазуучу Аскаралы Ражабалиевди мен кыска-нуска таризде «Аскар ава» деп коём. Аскар ава… Ушинтип айтсам, чын жүрөктөн чыгат. Жайдары угулат. Аскар аванын чыгармачылыгын чейрек кылымдан бери жакшы билем. Анын «Сагыныч кушу» аттуу аңгемелер жыйнагын жана башка көркөм дөөлөттөрүн бир дем менен окуган жайым бар. Суу ичкендей жеңил эргип, сергигеним эсимде… Ал эми «Бейиш төр» деген салмактуу чыгармасын окумуштуу Абдыкерим Муратов тамыры терең иликтөөнү жазгандыгы сиздерге белгилүү. Абдыкерим агай кара сөзчү Аскаралы Ражабалиевдин көлөмдүү адабий эмгегин ар тараптуу ачып берди. Абдыкерим […]

Ыдырыс Исаков: Кыргыздын көйгөйү гей эмес & Коррупция!

Динге жана салтка эч кандай каршылыгым жок. Бирок фактыны, чындыкты мойнубузга ала билишибиз керек. Курманжан Датка өлүмгө тике кара дегендей, чындыкка тике карашыбыз керек. Мен гейларди жакшы көрүп, колдоп, үгүттөп аткан жокмун и колдобойм. Жанагы ашкере феминисттерге да кошула албайм. Бирок чынында чай куйганга алар милдеттүү деле эмес экенин мойнубузга алышыбыз керек деп билем. Каалабаса, көңүлү тартпаса сени менен жатпай койгонго да укугу бар. Ошондой эле укук эркекте да бар. Анан эмнеге теригип атасыңар? Чай куйбайм, кир жуубайм деди деп, […]

Дүйнө мынча кооз жана үлбүрөк

ЖЕ АРАБЫЗДА ЖАШАГАН КИЧИ ПРОЗАНЫН ЧОҢ ЧЕБЕРИ ЖӨНҮНДӨ Тагдырым мени Венера менен ал өзү эскергендей, 1997-жылы Бишкекте болуп өткөн жаш акын-жазуучулардын фестиваль-кеңешмесинде жолуктурду. Ага чейин деле атыбызды алыстан угушуп, балким адабий кечелерде көрүшүп жүрсөк керек эле. Бирок бул фестивалда лауреат болуп жетөөбүз табылганыбыз (Олжобай Шакир, Садык Гавай, Аида Эгембердиева, мен, Венера Бөлөкбаева, дагы экөө эсимден чыгып жатат) мамилебизди ого бетер жакындаштырды. Ошол учурдан тартып экөөбүздүн узак жылдарга созулган, кээде үзүлүп, кайра уланып турган достугубуз башталды. Буулукканда же жашоодогу кээ бир […]

Коронавирусту Кытай бийлиги атайы чыгарганын independent.co.uk агенттиги жарыялады

Кытайда өлүмгө тушуктурган коронавирус жаныбарлардан жукту деген кабар карандай калп. Бул эпидемия Кытай бийлиги тарабынан ойлонулуп табылган. Мындай маалыматты Кытай аскердик чалгындоосунун жогорку даражадагы офицери  independent.co.uk агенттигине жарыялады.  Кытай чалгынчысы жасалма Кытай коронавирус кризисинин чыныгы масштабы жөнүндө айтып берди. “Мен Кытай аскердик чалгындоосунун жогорку даражадагы офицеримин. Мен коронавирус эпидемиясы тууралуу чындыкты билем. Ал ММКлар айтып жаткандан да коркунучтуу. Мен Кытайдын Ухандагы аскердик чалгындоосунда  жогорку постту ээлеген  жаранымын. Ошондой эле Кытай Коммунистик партиясынын мүчөсүмүн. Партиялык  жетекчиликке  жакын  жогорку даражалуу чиновник болгондугума байланыштуу жашыруун  маалыматтарды […]

Тайпадагы талаш: Уйкудагы улут – III

Мурдагы кезеңдерде коомдогу кайсы бир актуалдуу темалар тегерегинде тегерек үстөл аталышындагы жандуу талкуулар болор эле. Азыркы күндө андай тегерек үстөлдөрдөн да ыңгайлуу форматта талаш-тартыштуу баарлашууларды уюштуруунун ыкчам жолдору арбын. Андай ыкмалардын бирин Фейсбук аркылуу “РухЭш” сайтынын “Казына” тобундагы адабий эксперттер менен алгачкы жолу уюштуруп көрүүнү эп көрдүк. Аны биз “Тайпадагы талаш” деп атадык. Темабыз – “Уйкудагы улут”. Эмнеге дээрсиз, азиз окурман! Сөз оролу биздин талкууда… <<<< Башы Рахат Аманова: Бизде азыр нацизм дагы,  фашизм дагы жок, болсо да примитивный белгиси […]

О`Шакир Садык Алахандын сөзүнө жыгылып берди

Амирбек Азам уулу: “Тайпадагы талаш: Уйкудагы улут…” талкуусуна кеч кошулуп атам, бирок талкууга назар салып турдум. Ошого каршы болбосоңор силер ортого салган мага кызыктуу көрүнгөн маселелер боюнча өз оюмду айтайын. Адабий сынды мыкты жазган авторлорго берилчү сыйылыкты Кеңешбек Асаналиев атындагы “Алтын тараза” деп эле атаган туура деп ойлойм. Ал эми сыйлыгына бир өкчөсү майрык өтүктү постаментке орнотуп койсо, абдан оргиналдуу болот. Айтпаса, өтүк майрык экенин эч ким да байкабашы мүмкүн. Хе-хе-хе… “Көпүрө” формасы жагынан, мен биздин Кыргызстандагы көпүрөлөрдү айтып жатам, […]

Тайпадагы талаш: Уйкудагы улут – II

Мурдагы кезеңдерде коомдогу кайсы бир актуалдуу темалар тегерегинде тегерек үстөл аталышындагы жандуу талкуулар болор эле. Азыркы күндө андай тегерек үстөлдөрдөн да ыңгайлуу форматта талаш-тартыштуу баарлашууларды уюштуруунун ыкчам жолдору арбын. Андай ыкмалардын бирин Фейсбук аркылуу “РухЭш” сайтынын “Казына” тобундагы адабий эксперттер менен алгачкы жолу уюштуруп көрүүнү эп көрдүк. Аны биз “Тайпадагы талаш” деп атадык. Темабыз – “Уйкудагы улут”. Эмнеге дээрсиз, азиз окурман! Сөз оролу биздин талкууда… Мурдакы бөлүгү мында>>>>> Олжобай Шакир: «Уйкудагы улут» темасынын алкагында ой оролун буга алып келгим бар: […]

Орозали Сайдилканов: Жигитовдун, Садырбаевдин арманы…

Адатта элге кебин айтар карыларыбыз жок деп күңк-мыңк болгондорду көп угабыз. А алар арабызда жүргөн кезде кадырына жетпейбиз. Акыл-насаатына кулак салбайбыз. Болбосо керээттүү кеменгер Салижан Жигитов, Ишенбай Абдуразаков, Дооронбек Садырбаев, Талип Ибраимов, Эмил Шүкүров өңдүү аксакалдарыбыздын кимисинин кебине кулак салдык?! Алардын акыл-парасаты кулагыбыздын сыртында калып келди го! “Өз элинин пайгамбары болбойт” накылын кудум биздин элге айтсак жарашар. Кеменгери ким, Кемчонтою ким – көп ажырата бербейбиз. Анткени Кемчонтойдой кем акылдар бүгүн эл жакшылары! Төрдө сый көргөн ошолор. Ошолордун оозун карайбыз. Ал […]

Улут адабияты тууралуу үч суроого жазуучу, котормочу Абибилла Пазыловдон жооп

Улуттук адабиятыбыздын ооматы качан келет? Деги келеби, же өтүп кеттиби? Жооп: Майда-чоң чыгармалар жазылып, басма сөздө, интернет баракчаларында басылып жатканынын өзү оомат. Башка шартты бизге ким берет?! Илгери, Пушкиндин заманында деле ушундай турбайбы. Калемгерлердин акча жыйнап, альманах түзүп, аны сатып, кирешесин ич ара үлөштүргөнү тууралуу маалыматтар бар. Агездеги адабий журналдардын нускасы да үч-төрт миңдин эле тегерегинде болуптур. Эң башкысы, ооматты орден, наамга туйтунуу, китеп артынан китеп чыгаруу менен чаташтырбасак дейм.  Ортодо илгери үмүтүбүз муңбаса, ишеничибиз сынбаса экен?! Окурмандардын кеңири катмарына […]

Улут адабияты тууралуу үч суроого жазуучу Аскаралы Ражабалиевден жооп

1. Ууттук адабиятыбыздын ооматы качан келет. Деги келеби же өтүп кеттиби? Жооп: Адабиятыбыздын ооматы өткөн кылымда сай-сайга батпай кирген суудай оргуштап, бүтүндөй кыргыз эли окурман болгон учурда бир келди. Алтүгүл дүйнөлүк окурмандарды азгырып, аалам чабыттаган бакытка туш болгон. Бүгүнкү жазмакерлердин милдети, ошол кел-кели келген ооматты качырып жибербей,  кыргыз кыртышында  биротоло  тамыр аттырып,  кетпес кылып калтырууда турат. Буга биздин, азыркы жазуучулардын таланты, дарамети жетеби? Маселе дал ушу жерде… Оомат жөн эле келе бербейт. Ал үчүн колуна калем алгандар Сзифчесиней* чымыркана мээнет […]